Кечээ, 1-июнда сегиз миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелип ӨКМдин алдындагы Авиациялык мекеменин кызматкерлери кармалгандыгы тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.
Пара алууга шектелип ишкананын директорунан тышкары, анын орун басары жана юристи ӨКМдин имаратынан колго түшүрүлдү/
Ушул жылдын 31-май күнү Бишкек шаардык прокуратурасы ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча (КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси) кылмыш ишин козгогон.
Аталган мекеменин кызматкерлери анын соттогу ишин оң жагына чечип берүүгө убада кылып, 25 миң доллар талап кылгандыгы боюнча бир жаран прокуратурага арыз жазган.
“1-июнь күнү унаа гаражынын аймагындагы ӨКМдин кызматтык имаратынын ичинен сегиз миң доллар өлчөмүндөгү пара алып аткан жеринен мекеменин директору, анын орун басары жана юристи колго түшүрүлдү”, — деп айтылат билдирүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
https://www.youtube.com/watch?v=9bdmvXVXdNI