Menu

ВИДЕО

Видео - Кыргызстандык Брюс Ли катышкан "Лучше всех" шоусу теледен көрсөтүлдү

Россиянын “Биринчи” каналынын Максим Галкин алып барган “Лучше всех” шоусуна Кыргызстандык Брюс Линин ыкмаларын мыкты өздөштүргөн Нурмухаммед Ташмаматов катышып келген. Ал катышкан эфир кечээ 28-майда кечки саат 20:00 дө көрсөтүлдү.

Эске салсак, Жалал-Абаддын кулуну Нурмухаммед Ташмаматов апрель айында Россиялык телеканалдан телеберүүгө катышууга чакыруу алган.

https://www.youtube.com/watch?v=Ke64iYMCjoU

 

Видео - Депутат Аида Саляновага каршы сот иши башталды

Бүгүн, 29-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-генпрокурор,  азыркы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага каршы биринчи соттук тескөө башталды.

Ал Жазык кодексинин “кызматын кыянатчылык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда. Анын ишин төрагалык кылуучу сот Мирлан Термечиков карайт.

Эске салсак, 2016-жылдын 26-декабрында Аида Саляновага карата кылмыш иши козголгон. Баш прокуратура жана УКМК Салянова Юстиция министри болуп туруп, 2010-жылы апрель окуясынан бери изделүүдө жүргөн Алексей Елисеевге адвокттык лицензияны мыйзамсыз узартып берген деп айыптоодо.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Жакшылык Бердибек уулу

Видео - АКШнын Биринчи айымы Меланья Трамп Сицилияда элдин алдына баасы $51,5 миң доллардык күрмө менен чыкты

АКШнын Биринчи айымы Меланья Трамп Италиянын Сицилиясында элдин алдына баасы 51,5 миң доллар турган күрмө менен чыкты. Бул тууралу CNN телекомпаниясы билдирет.

Америка президентинин жубайы Италиялык дизайнерлер Dolce & Gabbanaнын күзгү сериядагы прет-а-порте коллекциясынан 3D Flowers күрмөсүн сатып алган. Бул күрмө кеңири сатыкка али чыга элек. Президент Дональд Трамп “Чоң жетиликтин” Таорминдеги саммитине катышып жаткан учурда Меланья жаңы күрмөсү менен элге чыккан. Анда президенттердин аялдары Сицилиядагы Таормин аралын аралап саякатташкан. G7 саммити Италияда 25-27-майларда өтүп жатат. Дональд Трамп менен Меланья Трамп (кыз кезиндеги фамилиясы Кнавс)  2005-жылы үйлөнүшкөн. 2006-жылы Бэррон Уильям аттуу уулдуу болушкан.

Дональд Трамп азыркы учурда 9 күндүк турне менен расмий иш сапарында жүрөт. АКШнын президенти буга чейин Сауди Аравия, Израиль, Ватикан өлкөлөрүндө болуп, Брюсселдеги НАТОнун саммитине да катышкан.

Видео - Ахматбек Келдибеков президенттикке аттанды

Кечээ, 25-майда экс-спикер Ахматбек Келдибеков Алай районуна барып, эл менен жолугушуп, президенттик жарышка жердештеринен бата алып кайтты. Алайлыктар кыргыздын эзелки салтын эске алып, хандыкка аттанып жаткан уулуна ак боз ат мингизишип, ак кийизден чапан жаап, жылкы союп кан чыгарып ак батасын беришти.

Видео Дайырбек Орунбековдуку

Видео - Трамп НАТОну Орусиядан тараган коркунучтарга көңүл бурууга чакырды

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлерин террорчулукка каршы күрөшүү үчүн дагы көбүрөөк аракет жасап, миграция жана Орусиядан тараган коркунучту башкы маселе катары кароого чакырды.

– Келечектеги НАТО террорчулукка жана миграция маселесине, ошондой эле Орусиядан тарап жаткан коркунучтарга, НАТОнун чыгыш жана түштүк чек араларына көңүл бурушу керек, – деди Трамп 25-майда НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде сүйлөп жатып.

АКШ президенти Манчестердеги теракты айтыптап, мамлекеттер терроризмди жеңүү үчүн биригет деген үмүтүн билдирди.

НАТО лидерлери менен жолугушуу учурунда Трамп “терроризмди дүйнөдөгү биринчи душман” атап, террордук топтор менен күрөшүүдө АКШ болуп көрбөгөндөй прогресске жеткенин билдирди.

Учурдагы эсептер боюнча НАТО чыгымынын 70% Кошмо Штаттар көтөрөт.

АКШ президенти НАТОнун башчысы Йенс Столтерберг жана Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда альянстын 28 мүчөсүнүн 23ү каржылык милдеттемелерин аткарбай жатканын айтты.

Учурдагы эсептер боюнча НАТО чыгымынын 70% Кошмо Штаттар көтөрөт.

Коргонуу үчүн кеминде ички дүң өнүмдүн 2% жумшалсын деген эрежени былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Британия, Польша, Эстония, Греция гана аткарган, Латвия, Литва, Румыния буга бир аз жакындаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео - Петропавлда жол куруучулар беш айдан бери маяна алыша элек

Петропавлдагы «К-Дорстрой» компаниясынын жыйырмага жакын жумушчусу былтыр декабрдан бери маяна берилбей жатканына даттанууда. Алар тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышканын билдиришти.

Компанияда темир уста болуп иштеген Константин Степанов иш берүүчү 20 миң теңге бересе экенин билдирди. Анын айтымында, компания маянаны апрелде берүүнү убадалап, бирок сөзүнө турган эмес.

Түндүк-Казакстан облусунун мамлекеттик эмгек инспекциясынын башчысы Кайрат Пшенбаев 20 киши арыз менен кайрылганын маалымдады. Компания Астанада каттоодон өткөндүктөн борбор калаанын эмгек инспекциясы бул ишти териштирүүсү керек.

Облустук прокуратура жумушчулардын арызы боюнча текшерүү жүргөнүн кабарлады. Маяналарды төлөө үчүн «К-Дорстрой» компаниясына 25-майга чейин убакыт берилди.

«К-Дорстрой» компаниясы жол куруу иштери менен алектенет. Ал Петропавл – Бесколь жана Петропавл аэропорттундагы жолдорду оңдоп- түзөө иштерине катышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=j0y5Fxb5CmY&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видеоклип - Алмаз Атамбаев - "Я вас люблю"

Алмаз Атамбаев 22-майда youtube социалдык тармагында “Я вас люблю” деген ырынын жаңы клибин жарыялады. Былтыркы жылдан бери Атамбаев жети ырына клип чыгарып, анын ичинен эки ыр кыргыз тилинде, 5 ыр орус тилинде жарык көрдү.

https://www.youtube.com/watch?v=LKXfSP7gwvI

Видео - Сурхандарья базарындагы өрттөн улам 3 миңдей адам жумушсуз калды

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы Денауск районунда ири кийим-кече базары өрттөнүп, 3 миңге жакын адам жумушсуз калды. Бул маалыматты аталган базардын жетекчилиги ырастады.

Соодагерлердин биринин айтымында, базардагы 1200гө жакын дүкөн өрттөнүп, анда иштеген 3 миңдей адам ишсиз калды.

Базарда өрт 19-майда кечинде болгон. Өз булактар кабарлашкандай, 21 адам жеңил жарааттарды алышкан. Укук коргоо органдарынын маалыматтарына караганда, өрттүн чыгышына электр зымдарынын иштен чыгышы себеп болгон. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда.

https://www.youtube.com/watch?v=ctwXrcElU-A&feature=youtu.be

 

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Меню