Menu

ВИДЕО

Видео - Ферганадагы бала бакчада чаян табылды

Өзбекстандын Фергана районундагы №30 бала бакчада чаян табылды. Бул тууралуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячыларынын бири билдирди.

“Жакында бала бакчанын бөлмөлөрүнүн биринен уулуу чаян таптык. Балдарга сарсанаа болуп, түнкү нөөмөттө мен дээрлик уктабайм. Аларга бир нерсе болуп кетеби деп корком”, -деди ал.

Тарбиячы бала бакчанын абалы өтө начар экенин, мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жатканын баса белгиледи.

Ал бала бакчадагы бөлмөлөрдүн бириндеги чаяндын видеожазуусун жөнөткөн:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Видео - Өмүрбек Бабанов: “Атам дайым жанына алып жүрчү, анын эки сөзү жүрөгүмдө калды...”

“Кичинекейимен атам мени дайыма жанына салып жүрчү. Иш кандай жүрүп жатат, кандай тапшырмалар берилип жатат, ошолорду билсин десе керек” – деп эскерет Өмүрбек Бабанов өзүнүн атасы жөнүндө.

“Институтту бүтүп келгенде атам менин жүрөгүмө калган эки сөз айтты: “Балам, биздин эң жоң жетишкендигибиз, мен ушу фамилияны калтырып кетип атам, колуңан келсе сен эч качан биздин фамилияны жерге таштабашың керек, бул эң чоң байлык” деди. Ал сөздү мен кийин атам кеткенден кийин түшүндүм, 2005-жылы мен парламентке чыгып атканда эл мага атамдын аркасынан добуш берди, алар “сен жашсың, сени жакшы тааныбайбыз, биз сага атаң үчүн добуш беребиз” дешти” – дейт Өмүрбек Бабанов.

https://www.youtube.com/watch?v=FQmU9Cp1nkg&feature=push-u&attr_tag=h4ndY8iUqeoY0wlG-6

Видео - Россияга иштейм деп кетип, дайынсыз жоголгон кыргыз жараны изделүүдө

Кечээ, 19- май күнү КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны Д.Г. арыз менен кайрылган.

Арызында айылдашы Кыргызстандын жараны Атамкулов Замирбек Турсунбаевич 03.09.1977-жылы туулган , Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун Кызылжар айылынын тургуну, 2013-жылы сентябрь айында Россияга
иштегени кеткен боюнча бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгону айтылган.

Замирбек кээ бир маалыматтарга карагандаазыркы учурда Екатеринбург шаарында жүрөт. Эки жыл мурда атасы Турсунбай көзү өтүп, азыркы күндө апасы жалгыз “таң атса кеч кирбей, кеч кирсе таң атпай” зарыгып жол карап уулу Замирбекти күтүп олтурган кези.

Замирбекти таанып-билгендер болсо же жүргөн жери боюнча маалыматыңар болсо КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кабарлап коюңуздарды суранабыз.

Замирбек, эгерде өзүңүз окуп калсаңыз төмөндөгү видео кайрылууну көрүп, тезинен карыган апаңыз менен байланышыңыз дейт элек.

Маалыматыңыздар болсо төмөндөгү номерге чалып кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз:
8926 890 87-00

https://www.facebook.com/aliev.askat/videos/658421737700738/

Подача электроэнергии по Иссык-Кульской области полностью восстановлена.

Аварийные отключения в Иссык-Кульской области в результате стихии –
ураганного ветра с порывами до 22 метров в секунду с дождем
прошедшего 18.04.2017г. были устранены в 12:40 минут 19.04.2017г. Только
отдельным потребителям сел Ак-Кочкор, Мундуз и Ан-Остон Джеты-
Огузского района электроэнергия обеспечено в 16:00.

Видео - Садыр Жапаровдун жакындары 7-8 жылга кесилеби?

1-май райондук сотунда Садыр Жапаровдун эки айга камакка алынган 12 тарапкеринин алгачкы соту өттү. Соттук отурум ачык делгени менен ММКлар отурумга киргизилген жок. Ал эми соттук процесс дээрлик 1,5-2 саатка созулуп, 12 киши кайрадан убактылуу кармоочу жайга калтырылды.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1510284319034018/

Булак: “Сентябрь”

Видео - Түрк президентинин жан сакчылары АКШда демонстранттар менен мушташты

Вашингтондогу Түркия элчилигинин алдында болгон кагылышта эки киши кармалып, тогузу жараат алды. Элчиликтин алдына миттингге чыккан күрт жана армян демонстранттары аларга 16-майда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын тарапташтары жана өлкө башчысынын жеке жансакчылары кол салганын айтышууда.

Костюмчан бир нече киши демонстранттарды ур-тепкиге алышкан. Түркия делегациясы алар акцияга чыккандардын чагымчыл аракеттерине каршы жооп кайтарганын билдирди.

Кагылышууга тартип сакчылары кийлигишүүгө аргасыз болду. Вашингтон полициясынын маалымат катчысы Дастин Штернбек мушташкандардын бирине полицияга кол салуу боюнча айып тагылганын маалымдады.

Окуя Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ак үйдө АКШнын лидери Дональд Трамп менен жолугуп, Сириядагы күрт козголоңчуларын куралдандыруу боюнча Вашингтондун чечимин сынга алгандан кийин болду.

Эрдоган Жакынкы Чыгышта “террордук уюмдарга орун жок” деп кошумчалады. Бир апта мурда Кошмо Штаттар Сириядагы күрттөрдөн куралган Элдик коргонуу кошуундарын курал менен камсыздай турганын билдирген. Анкара бул уюмду Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар террордук топ деп эсептейт.

https://www.youtube.com/watch?v=0jh4pzxKZFY&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Дүйшөмбүдө батирлер арзандоодо

Дүйшөмбүдө жаңы курулган көп кабатуу үйлөрдөгү батирлердин баасы кескин төмөндөп, арзандоо 15-20 пайызга жетти.

Эки жыл мурда жаңы курулган үйдөгү чарчы метрдин баасы 700-800 доллардан төмөн эмес болсо, бүгүнкү күндө батирди чарчы метрин 300 доллардан сатып алууга болот. Айрым курулуш компаниялары үйдүн жайгашкан районуна жараша чарчы метрин 450 доллардан 700 долларга чейинки баада сунуштап жатышат.

Экономист Шамсиддин Жалолов батирлердин баасы 15-20 пайызга, айрымдары эки эсеге төмөндөгөнүн белгилөөдө. «Банк системасында талаптагыдай насыя саясатынын жоктугунан, ошондой эле кичи жана орто бизнеске түзүлгөн тоскоолдуктардан улам, биз турак-жай баасынын 80-90 пайызга арзандашына быйыл эле күбө болуп калышыбыз толук мүмкүн», – деп эсептейт ал. ​

Дүйшөмбүдөгү «Зарафшони Сино» курулуш компаниясынын өкүлү турак-жайдын арзандашын эмгек мигранттар которгон акчанын азайгандыгы менен байланыштырууда. «Биздин сатып алуучулардын көбүн Орусияда иштеген эмгек мигранттары түзүшөт. Алар болсо акча дээрлик жок экенин айтып жатышат», – деди ал.

«Лола» курулуш компаниясынын өкүлү доллар курсунун жогорулашы менен арматурага болгон баалар төмөндөгөнүн белгиледи. «Мурда арматура 1200 доллар болчу. Баасы доллардын курсуна жараша эсептелчү. Андан сырткары азыр жумушчулардын маяналары да төмөндөдү, анткени эмгек базарында сунуштар өтө көп», – деп билдирди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - ЛГБТ-активисттер Кадыровго каршы Эл аралык сотко даттанышты

Франциялык ЛГБТ-активисттер Гаагадагы Эл аралык сотко кайрылып, Чеченстанда кумсалардын куугунтукталышын иликтөөгө чакырышты. Үч ЛГБТ-кыймылдын атынан жолдонгон арыз республика башчысы Рамзан Кадыровго каршы жазылган.

Арыздын текстинде Кадыров «геноциддин логисти» деп аталган. Активисттер кумсалардын жашыруун түрмөлөрүн уюштурууга Чеченстан башчысынын тиешеси бар деп эсептешүүдө.

Чеченстанда кумсалардын массалык түрдө кармалып жана кыйноого алынып жаткандыгы, арасында өлүп калгандары да бар экендиги тууралуу “Новая газета” жазган. Республика бийлиги журналисттерди жалган жалаага айыптап, редакциянын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр айтылган.

16-майда Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова куугунтуктоолорго кабылып жаткан адамдар тууралуу «Новая газетанын» маалыматтары Тергөө комитетине берилгенин билдирди. Буга чейин журналисттер тергөөчүлөр эч кандай аракет көрбөй жаткандыгын айтып даттанышкан.

Чеченстандын укук коргоо органдары текшерүү гезитке жарыяланган фактыларды аныктабаганын билдиришүүдө. Укук коргоочулар менен бир катар батыш өлкөлөрү Орусия бийлигинен бул иштин тыкыр иликтенишин талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню