Menu

ВИДЕО

Видео - Казакстандын жети облусун суу каптап, алты киши өлдү

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борборго жакындап, Астана суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылып жатат.

Маалыматтарга караганда, суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолду жууп кетти. Бүгүнкү күнгө карата андагы багыттардын жарымын гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.

Баарынан да Акмоло облусундагы Атбасар шаарында абал оор экени кабарланууда. Анда өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 үйдү жана жакында эле оңдоодон өткөн мектепти суу каптаган. Дагы 130 үйгө суу келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.

Ташкын суу Астананын чек жактарына да жакын келгени айтылууда. Борборду суудан сактоо үчүн Астана суу сактагычындагы суу агызылып, ал шаардын тегерегиндеги айылдарга каптап жатат. Андан сырткары сел суунун деңгээлин теңдеп, агымдарын бөлүштүрүп турган борбордук контррегулятордун ишине да коркунуч жаратууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Садык Шер-Нияз: "Дача СУдагы авиакырсыктан жабыркаган жүк ээсине $36 млн компенсация, ал эми каза болгон 45 адамга $600 миң гана төлөп беришкен"

Кечээ, 21-апрелде “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында Соорнбай Жээнбеков жетектеген КР Өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча  отчету угулган. Депутат Садык Шер-Нияз жыйындын жүрүшүндө Өкмөт мүчөлөрүнүн ишин сынга алып, 16-январда болгон авиакырсыкка байланыштуу жасап жаткан Өкмөттүн иштери канааттандырарлык эмес экенин айтты.

“Дача СУдагы авиакырсыктан жабыркаган жүк ээсине 36 миллион доллар компенсация төлөп беришкен, ал эми каза болгон 45 адамга болгону 600 миң гана доллар которушкан. Ошондо жүктүн баасы 45 адамдын өмүрүнө караганда алда канча кымбат турабы? Биздин жапа чеккен ар бир жаранга канча доллардан компенсация өндүрүп бергени жатасыңар?”, – деп сурады депутат Садык Шер-Нияз Транспорт жана жол министри Жамшит Калиловдон.

“Жүктүн ээси товарын алдын-ала камсыздандырып койгон экен, ошондуктан 36 миллион доллар алды. Ал эми биздин жарандардын өмүрү камсыздандырылбаган. Ошондуктан азырынча алгачкы транш катары 600 миң доллар төлөп беришти. Бирок, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Канчадан өндүрө аларыбызды азыр айта албайм”, – деп жооп берди Калилов.

“Эгерде биздин жарандар самолетко жүргүнчү болуп түшкөндө өз өмүрлөрүн камсыздандырышмак. Алар өз үйлөрүндө бейкапар уктап жатканда үстүлөрүнө самолет кулап түшүп жатпайбы?  Мындай учурда өкмөт ар бир жапа чеккен жаранга мүмкүн болушунча чоң компенсация өндүрүп бериши зарыл.  Германияда 50 миңден болсо Америкада жапа чеккен ар бир адам үчүн 600 миң доллардан компенсация төлөп беришет экен. Силер ар бир жапа чеккен кыргыз жараны үчүн мынча доллардан компенсация өндүрүп беребиз деген максатыңар алигиче жок болсо, максатсыз эмнеге жетишмек элеңер? – деди депутат.

“Комитеттин жыйынында Транспорт министринин орун басары “Жүк ээсине 36 миллион доллар компенсация төлөндү, дагы 20 миллион доллар төлөө жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми каза болгондор менен жапа чеккен жарандарга 600 миң доллар төлөп беришти. Ушуну менен бүтөт го, ошого баратат” деген. Ошондуктан биз бул маселени көтөрүп жатабыз”, – деди фракция лидери Алманбет Шыкмаматов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - Цирктин мейманканасы талашка түштү

21-апрелде Сот аткаруу департаменти менен Мамлекеттик цирктин кызматкерлери цирктин жанында жайгашкан мейманканада көп жылдан бери мыйзамсыз жашап келаткан отуздан ашуун үй бүлөнү күч менен чыгарууга аракет кылышты. Цирктин жетекчилиги ал жерде жашаган 56 үй бүлөнүн 15и гана циркте иштерин билдирет. Калган тургундар Свердлов райсотунун чечиминин негизинде имаратты бошотууга милдеттендирилген. Жашаган тургундар башка үй-жайы жоктугун айтып бошотуудан баш тартышса, айрымдары 25-майга чейин уруксат сурашууда. Жатаканада ушул тапта ата-энеси менен жашаган 118 бала бар.

Булак: “Азаттык”

Видео - Кара пери Лола Чуил моделдер дүйнөсүндө пайда болгондо ак жуумал сулуулар тынчсызданып, түн уйкусун жоготушту

“Кара Барби” моделдер дүйнөсундө пайда болгондо, бардык ак жуумал моделдер тынчсызданып, түн уйкусун жоготушту. Анын аты Лола Чуил, ал Лос-Анджелесте жашайт. Лола өзүнүн кара-тору өң-келбети жана көгүлтүр көздөрүндөгү сулуулук менен дүйнөнү багындыра баштады.

Лола Чуил Инстаграммда “Кара Ханна Монтана” (@theblackhannahmontana) деген ник менен өзүнүн сүрөттөрүн дүйнөлүк желеге жүктөй баштагандан аз гана убакыттын ичинде анын чыгармачылыгына көз салган адамдар көбөйүп, 311 миңден ашык колдонуучу анын аккаунтуна катталган.

https://www.youtube.com/watch?v=ST61d0dftgo&feature=push-u&attr_tag=x3yCSEPLiVksFMEs-6

Видео - Дүйшөмбүдө тажик-өзбек бизнес форуму өттү

Дүйшөмбүдө тажик-өзбек бизнес форуму өтүп, кызматташуу боюнча 10 документке кол коюлду. Алардын басымдуу бөлүгү өзбек автомобиль өндүрүшүнө тиешелүү.

Форумга эки өлкөдөн 500гө чукул ишкер катышты. Иш-чаранын алкагында өзбек өндүрүшүнөн чыккан товарлардын көргөзмөсү өтүп, 1500дөн ашуун аталыштагы продукциялар коюлду.

Форумдун максаты – соода алакаларын жакшыртуу, машина куруу, энергетика, тоо-кен өндүрүшү, курулуш, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм тармагында биргелешкен ишканаларды түзүү болуп саналат. 2016-жылы Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү алты эсеге көбөйүп, 70 миллион долларды түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Ооган айдоочулары Тажикстанга барчу жолду жабышарын эскертишти

Ооган айдоочулары Кундуз шаарындагы маанилүү транзиттик жолду бөгөшөрүн айтып, опузалашууда. Бул трасса аркылуу Тажикстанга Пакистандан жүк ташышат. Тажик бийлиги жол ачык экенин, бардык жеңил жана жүк ташуучу унаалар чек арадан тоскоолдуксуз өтүп жатканын ырастоодо.

Күн мурун ооган айдоочулары ооган-тажик чек арасындагы Шерхонбандар портуна чогулуп, Кундуз шаарында тажик визасын ала албай жатышканына нааразычылык билдиришкен. Айтымдарында, алардын унаалары жүктөрү менен бирге Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдө буйдалып калууда. Эгер бул маселе чечилбесе, айдоочулар Кундуздагы транзиттик жолду жабышарын эскертишкен. Бул жол аркылуу Пакистан менен Ирандан Тажикстанга курулуш материалдары, картошка, шекер жана тропикалык жемиштер ташылат.

http://www.centralasian.org/a/28442703.html

Маалыматка караганда, Тажикстандын Кундуздагы элчилиги жабылып калгандан бери тажик визасын алуу оорлошту. Буга байланыштуу айдоочулардын көбү Тажикстандын Кабулдагы элчилигине барышууда.

Бул арада Тажикстандын Ооганстандагы элчилиги ооган айдоочуларынын нааразычылыктары тууралуу кабардар эместигин маалымдап, маселе караларын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - "Депутаттар, Президенттен коркпогула!" -деп кайрылды эл өкүлдөрүнө митингдин катышуучусу Гульнара Джурабаева

Бүгүн 20 апрель 2017 жылы Ак-үйдүн алдында бийликтин мыйзамсыз иштерине, айрым саясатчыларга, коомдук ишмерлерге, карата көрсөтүлгөн басымга каршы митинг болуп өттү. Митинг активдүү катышуучуларынын бири БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева болуп жаткан саясий куугунтуктолоолор кайталанып жатат деп айтты.

«2009 жылы так ушундай абал түзүлгөн. Ошол убакытта өлкө башчысынын шайлоосу өтүп жаткан жана ал бийликке каршы чыккан азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерин мыйзамсыз камап коюшкан. Ошол Бакиевдин бийлигинин бул аракеттерине каршы болуп биз, 4 аял ушул Ак үйгө келип каршылыгыбызды көрсөткөнбүз. Ошондо биз өзүбүздү кишен менен дарбазага бекиткенбиз. Бийлик тараптан Атамбаевге болгон басымга каршы чыкканбыз, аны коргогонбуз. Бүгүн биз кайра чыктык, бирок азыр абал тескеринче болду. Азыр биздин акциябызга дагы ошол убактагыдай эле тоскоолдук көрсөтүлүп жатат бийлик тарабынан. Бийликтин азыркы болуп жаткан аракеттерин көрүп абдан капа болуп жатам» – деди Джурабаева.

Анын айтуусу боюнча, өткөн жылдардагы жасалган иштер акталган жок.

«Атамбаевдин бийлигинин ушундай абалына келгендигине, өзумдүн дагы күнөөмдү көрүп жатам. Ошондо Атамбаев үчүн бийликке каршы митинге эмне үчүн чыктык эле деп. Кыргыз элинен кечирим сурайм, ошондо Атамбаевди колдоп коргогондугум үчүн. Мен мындай абалга жетээрин билген эмесмин. Мен бул президентке өз добушумду бергем, а бүгүнкү күндө биздин сөз эркиндигибизди чектеп жатат» – деп ызааланды Джурабаева.

Гульнара Джурабаева, азыркы күндө эл кимге ишенбей калгандыгын айтты.

«Элдин бардыгы эч кимге, эртенки күнгө ишенбей калды. Бардыгы бөлүнүп кетти. Бийлик биздин бөлүнүшүбүздү каалап жатат. Биз ага жол бербешибиз керек. Эске салып кетсем, 2008 жылы биз азыркы бизге басым көрсөтүп жаткан милиция кызматкерлеринин укуктары үчүн күрөшкөнбүз. Алардын аялдары бизди чакырып бизден жардам сурашкан. Ал аялдар эмне кылаарын билбей – бир тараптан милицияга митингке чыгуугага тыюу салышкан, башка тараптан мындай жашоого ыразы болбогондорун айтышкан. Чындыгында айтканда укук органдарынын реформасы жасалган жок. Укук органдарынын кызматкерлери үчүн эч кандай шарттар түзүлүп берилген жок. Бийлик аларды укук бузууларга түртүп жатат. Укук органдары толугу менен саясатташып кеткен, алар өз чечимдеринде көзкарандысыз эмес» – деди ал.

Джурабаева бул абалга жеткенибиздин жараандардын дагы күнөөсү бар болгондугун айтты.

«Биз депутаттардан көзкарандысыз болушун талап кылышыбыз керек. Мен эл өкүлдөрүнө кайрылып кетет элем – Депутаттар, биз парламенттик мамлекетте жашап жатабыз. Президенттен коркпогула! Соттор, Президенттин Аппаратынан коркпогула! Мыйзам чегинде жана өзүнөрдүн намысыңар менен иштегиле!», – деп кайрылуу жасады БШК мүчөсү Гульнара Джурабаева.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1478297535566030/

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео - Мавлян Аскарбеков: Милиция кызматкери хан-сарай салыптыр дагы, эч ким үйүнүн алдынан өтпөсүн деп жолду тосуп коюптур

Коомдук ишмер Мавлян Аскарбеков Facebook социалдык тармактын баракчасында  “Жал” кичи районда салынган чон хан сарайдын ээси туралуу маалымат жайгаштырыптыр.  Мавляновдун айтуусу боюнча, аталган үй Ахунбаев көчөсүнөн бурулганда, Тыналиев көчөсү, 29 участокто жайгашкан.

“Аталган хан-сарайды милиция кызматкерлери кайтарат экен. Ал эми үйдүн ээси буга чейин МАИ кызматында иштеген экен. Аты жөнү азырынча белгисиз. Эми ушул адам өзүм билемдик менен үйүнүн алдына асфальт салыптыр дагы, эч ким өтпөсүн деп коомдук жолду тосуп коюптур. Бул торолгонду кошуналар арызданып атып эки жолу сүрдүрүшүптүр, бирок буга карабай бул адам кайра таш алып келип жолду тороп койгон. Ошентип башка көчөгө кете турган жолду өз алдынча, мыйзамга баш ийбей тосуп койгон. Эмне үчүн тородун десе – “Менин асфальтымды өткөн машиналар бузат” – деп айткан экен. Кошунулардын арыздарына карабай, шаардык мэрия, акимдери, депутаттары бул маселени бүгүнкү күнгө чейин чече албай турушат, – деп билдирди Аскабеков.

Мавлян Аскарбеков бул маселе боюнча, шаардык администрацияга кайрылды.

“Эгерде сиз бул кызматты ээлеп жатсаңар, анда ушундай коррупционерди издеп табып кылмыш жобуна тартууңарды талап кылам. Мени жолду жаппаганым үчүн  5 суткага жабышкан. А бул милиция кызматкери тосмолор менен жолду жабып койду. Мыйзамга ылайык 5-10 жылга эркинен ажыратса болот”, – деп айтты ал.

https://www.facebook.com/mavlian.askarbekov/videos/10208993064049270/

Булак: Kyrgyztoday.kg 

Меню