Menu

ВИДЕО

Видео - Президенттик шайлоо кайсы күнү өтүш керек - 27-августтабы же 19-ноябрдабы?

«Ата-Мекен» фракциясынын билдирүүсү боюнча, Конституцияга ылайык Президенттик шайлоо 27-август күнү өтүш керек, ал эми БШКнын айтуусу боюнча 19-ноябрьда өтөт. Бул талаш маселеде эмне үстөмдүк кылат – мыйзамбы же Конституциябы? Бул суроого бүгүн, 20-апрелде саат 21:00дө «Сентябрь» ТРКсында БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев менен БШКнын экс-мүчөсү Канатбек Азиз жооп беришет.

Эки окумуштуу, юридика илимдеринин докторлорунун теледебаты Президентти шайлоо күнүн белгилөө боюнча  өтөт. Эки окумуштуу тең коомчулуктун алдында дебатка катышаарларын билдиришти. Теледебат түз эфирде көрсөтүлөт. Бардык каалоочулар суроолорун «Сентябрь» телеканалынын Facebook баракчасында калтырса болот, же болбосо  модератор Тимур Саралаевге жөнөтө алышат.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1478036795592104/

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын Президенттик шайлоо күнү жөнүндө шашылыш билдирүүсү

“Президенттик шайлоону 2017-жылдын 19-ноябрына белгилөө бул Конституцияга түзмө-түз карама-каршы келет” – деп билдирген “Ата Мекен” саясий партиясы өзүнүн шашылыш билдирүүсүн таратты.

https://www.youtube.com/watch?v=ujc9jeDkzSY

 

Видео - Бакыт Төрөбаев: "Эгер мен президент болуп шайланып калсам резиденцияда жашабайм, резиденцияны аксакалдар эс алуучу борбор кылып жарыялайм"

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Ысык-Көл облусунда болуп өткөн аймактык конференциясында партиянын лидери Бакыт Төрөбаев  «Өнүгүү-Прогресс» партиясы берген убадасын дайыма аткарарын белгиледи. Бул туурасында партиянын пресс-кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, партия парламентке келээрдин алдында 60 машино-трактордук станция (МТС) ачарын убадалаган. Көп өтпөй эле Ысык-Көл облусунун Дархан айылында 60-чы МТС ачылды. Партия лидеринин айтуусу боюнча, мындай МТСтер Кыргызстандын ар бир айылында болушу зарыл.

«Бул МТСтердин аркасы менен миңдеген дыйкандар үй-бүлөлөрүн багып жатышат. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн аймактарды көтөрүү керек. Эгер аймактар күчтүү болсо, анда мамлекет дагы күчтүү болот», – деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары аталган партия туурасында жайылган жалган, ушак маалыматтар боюнча дагы партиянын лидери Бакыт Төрөбаев билдирүүлөрдү жасады.

«Биздин партиябыз туралуу айтылып жаткан ушактар чындыкка жатпайт. “Партияны Максим Бакиев каржылайт. Бакиевдердин партиясы” деген сөздөр жалган. Аталган партия Бакиевдердики эмес, бул элдин партиясы. Мен муну кудайдын алдында туруп айтып жатам. Андай ушактарга ишенбегиле», – деди Бакыт Төрөбаев.

Фракция лидери жолугушунун алкагында эгерде президент болуп шайланып калса, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясын кары-картаңдар эс ала турган эс алуучу жайга айлантаарын айтты.

«Эгер мен президент болуп шайланып калсам азыр президент жашаган резиденцияны аксакалдар эс алуучу борбор кылып жарыялайм. Мен ал жерде жашабайм. Менин өзүмүн үйүм бар. Мен өзүйүмдө жашайм. Жумушка үйүмөн барам. Мен силер ичкен сууну ичем, мен силер баскан жолду басам, мен силер жашаган үйдө жашайм. Силер баскан тротуарда басам. Силер баскан баткакта басам, Кыргызстан азыр турган баткакка мен да кирип, Кыргызстанды баткактан алып чыгам. Чогуу алып чыгабыз. Силер мага ишенгиле, мен силерге ишенем. Ак ниетим менен элиме кызмат кылууга даярмын. Биримдик жана ынтымакта жеңишке жетүүгө мүмкүн», – деп белгиледи Төрөбаев.

Ал эми конференцияга Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген 500дөн ашуун делегаттар президенттикке аттанып жаткан Бакыт Төрөбаевди колдой тургандыктарын айтышты. Белгилей кетсек, ушундай эле партиялык конференция буга чейин  Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген делегаттардын катышуусунда Ош шаарында болуп, алар дагы партия лидерин толук колдой тургандыктарын билдиришкен.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Видео - "Ата-Мекен" партиясы: "Президенттик шайлоо Атамбаев айткандай 19-ноябрда эмес, мыйзам боюнча 27-августта өтүш керек"

Атамбаев буга чейин БШКнын төрайымын кабыл алып, президенттик шайлоону 19-ноябрга белгилөө боюнча айткан эле, бирок президенттик шайлоону президент эмес, Жогорку Кеңеш дайындайт. Андыктан 17-апрелде “Ата-Мекен” фракциясы мыйзам боюнча шайлоо 19-ноябрда эмес, 27-августта өтүшү керектигин билдиришип, Жогорку Кеңешке токтомдун долбоорун киргизди.

Булак: “Сентябрь”

Видео - Ферганада эки кылымдык эски мечит эмерек цехине айланды

Фергана облусунда эки кылымдык тарыхы бар мечит эмерек жасоочу цехке айланууда. Көп жылдан бери айылдагы жалгыз мечит ремонт көрбөй, абалы начар болчу. Өз булактардын билдиришинче, Фергана бийлиги бош турган мечитти аз камсыз үй-бүлөлөрдүн пайдалануусуна берүүнү чечкен.

Кичик байбача айлынын жашоочуларынын айтымында, мечит 2010-жылдан бери иштебей калган. Эми аны жергиликтүү ишкерлердин бирине берүү чечими кабыл алынды.

– Акыркы жолу бул жерде 2010-жылы Айт намаз окулган. Мындан кийин ал жабылып калган. Аз күн мурун имаратты мааледеги жаш жыгач устага беришти. Учурда анын ичи чаң, ал мечиттин ичинде эмерек жасай турган цех ачты. Мечит 200 жылдык тарыхка ээ эле, – деди жергиликтүү жашоочу.

Мечит Кичик байбача айлындагы жалгыз сыйынуучу жай болгон:

– Мында адамдар намаз окушчу. Бирок беткапчан душмандар Ташкентте жардыруу уюштургандан кийин ал мечитти жабуу чечими кабыл алынган. Учурда жергиликтүү тургундар 10-15 чакырым жол жүрүп башка мечиттерге барышат. Азыр мечит ачып бергиле десек, бизди душман катары кабыл алышып, бийликтин саясатына каршы чыгып жатат деп ойлоп калуулары мүмкүн, – деди айылдагы аксакалдардын бири.

Өзбекстан Дин башкармалыгынын расмий маалыматы боюнча республикада 2050 мечит расмий түрдө каттоодон өткөн. 3 миллион киши жашаган Фергана облусунда 200дөй мечит бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Атамбаев Түркиядан "электр жабдыктарын" чыгаруу менен алектенгенби?

Түркияда Атамбаев тарабынан сатылган электр-эсептегич чыгарган завод Кыргызстандагы 33 млн. евролук чоң тендерди уткан түркиядагы түбү молдовалык компания жана ошол эле молдовалык компаниянын Кыргызстанга “акылдуу эсептегичтерди” алып келүүсү жөн эле дал келүүбү же кандай? Бүдөмүк суроолор көп.

Булак: “Сентябрь”

Видео - Азимбек Бекназаров: "2010-жылы апрелде мен 3 миңдей банк ячейкаларынын 20сын гана ачканга катышкам, калганы эмне болгонун билбейм"

2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн куралдуу төңкөрүштүн катышуучусу, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, акыркы убакта анын дарегине карата мамлекеттик бийлик тарабынан жасалып жаткан “кара пиарларга” каяша айтты.

https://www.youtube.com/watch?v=SKVYyYuj5VA

Булак: TV.KG

Видео - Жалган маалымат тараткан президенттин аппараты кечирим сурады

Алмаз Атамбаевдин 5-апрель күнү КР Генпрокурору Индира Жолдубаеваны чакырып, “мен 2003-жылы Түркиядагы ишканамдын акциясын 35 миллион долларга саткамын, мен байлыгымдын келип чыгышын ачыктадым. Эми башкалар да ачыктасын” деген маалыматы жалган чыгып калгандыктан президенттик аппарат кечирим сурады.

Булак: Сентябрь

Видео - “Шоопур” президент Николас Мадурону эли ташбараңга алышты

Мындан үч күн мурун, 11-апрелде Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз өлкөсүнүн Сан-Феликс районуна иш сапары менен барганда жергиликтүү калк президентти таш бараңга алгандыгын El National басылмасы жазып чыкты.

Мурунку шоопур Николас Мадуро 2013-жылы Венесуэланын президенти Уго Чавес рактан каза болгондон кийин анын мураскери катары бийликке келген. Бирок оппозиция шайлоо таза өтпөгөнүн, Уго Чавестин мураскери Николас Мадуро шайлоонун жыйынтыктарын бурмалап, мыйзам бузуу менен президент болуп алганын айтып, тынымсыз күрөшүп келет.

Президенттин Сан-Феликс районуна иш сапарын түз эфирде чагылдырып берип жаткан мамлекеттик телеканал ташбараң башталары менен өз берүүсүн көрүүчүлөрдү эскертпей туруп токтотууга аргасыз болгон.

Жергиликтүү чиновниктердин планы боюнча президент Мадурону алдын-ала тандалып, даярдалып, жолдун четине жайгаштырылган “дүжүр” жарандар ысык кол чабуулар жана сый-урмат менен тосуп алышмак. Ал эми социалист-президенттин саясатына жана өлкөдөгү экономикалык кризиске нааразы жарандар жолдон алысыраак жерде полициянын күчү менен кармалып турган. Бирок президент жакын келгенде нааразы жарандар полициянын курчоосун жарып өтүшүп, президентке карай таш жаадырып ыргыта башташкан. Президент Мадуронун көп сандаган жан сакчылары шефин брондолгон машинага тыга салышып, араң качып кутулушкан.

Президент Николас Мадуро азыркы күндө анын бийлигин сынга алган 134 оппозиционерди түрмөгө камап олтурат. Өлкө экономикалык жана саясый терең кризиске кабылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, таш бараңга алуу адаты Кыргызстанга да жат эмес. Мындан бир нече жыл мурун Талас облусунун тургундары кээ бир спортсмен жарандарды уурулук менен айыптап, таш бараңга алып өлтүрүшкөн. 2007-жылы премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барганда жергиликтүү калк Жерүй алтын кенинин чет өлкөлүктөргө сатылышына каршы болуп, таш бараңга алышкандыктан, Атамбаевдин машинасы талкаланып өзү качып кутулган. Ал эми былтыр, 2016-жылы президент Алмаз Атамбаев Ош шаарына барганда эл алдына чыгып сүйлөп, бийликти сындаган оппозицияны таш бараңга алууга чакырган.

https://www.youtube.com/watch?v=Jfvxp2H1lQs

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: youtube.com

 

 

Видео - Атамекенчи Аида Салянова менен СДПКчы Анвар Артыковдун кайым айтышы

Кечээ, 13-апрелде КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында 2010-жылдын 7-апрелиндеги революционерлердин мародерлугу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, СДПКчы Анвар Артыков отчет берип, аны талкуулоо учурунда атамекенчи депутат Аида Салянова экөөсү кайым айтыша кетишти.

https://www.youtube.com/watch?v=dFoYdu8L3fE&feature=push-u&attr_tag=4aatBuvGOBB_4Fx1-6

Видео: Зарылбек Шермаматов

Меню