Menu

ВИДЕО

Видео - “Бандит” операциясы учурунда Майлуу-Суу шаарындагы шектүү жарандын үйүнөн “Револьвер” тапанчасы, "ТОЗ", "ИЖ-16мм" куралдары октору менен табылды

“Бандит” операциясы учурунда, Жалал-Абад ОИИБнын изкубарлары тарабынан ок атуучу куралдарды сактагандыгы жана ок атуучу куралдарды жасагандыгы боюнча оперативдүү маалымат алынган. Ал  маалыматтардын негизинде жана Майлуу-Суу ШИИБнүн кызматкерлеринин жардамы менен  опертивдүү топ түзүлүп, 2016-жылдын 24-июнь күнү саат 14-00 чамаларында, Майлуу-Суу шаарынын Садовая көчөсүнүн тургуну 1953-жылы туулган Ф.А.нын үйүнө күбөлөрдүн катышуусунда, Жалал-Абад  областык сотунун санкциясы менен үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда төмөндөгү курал жарактар алынды.

https://www.youtube.com/watch?v=UvzxzlNlm_4

1948-жылы чыгарылган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал, 16 калибрдеги сайсыз курал, стволу жасалган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал, ТОЗ үлгүсүндөгү сайлуу куралдын кундагы, “Револьвер” тапанчасы, ИЖ үлгүсүндөгү пневматикалык курал, 20 даана 16 калибрдеги гильза, 6 даана “Револьвер” тапанчасынын огу, 10 даана 32 калибрдеги ок жана  анын 5 даанасы октолгон.

  1. Ружье катылган2Ружье катылган3
  2. Ружье катылган4Ружье катылган6
  3. Алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Видео - Ахматбек Келдибеков анын Болгарияда бизнеси, 500 машинасы бар деп маалымат таратып жаткан "5-канал", КТРК телеканалдарын сотко берет

Экс-спикер Ахматбек Келдибеков эки күндөн бери аны “Болгарияда бизнеси, 500 машинасы бар” деп каралап жаткан “5-канал”, КТРК телеканалдарын жана башка массалык маалымат каражаттарын орозо айында калп айтып, жалган маалымат тараткандыгы үчүн сотко бере тургандыгын билдирди.

Булак:Кyrgyztoday.kg

Видео - Чубак ажы Жалилов кыргыз жарандарына жума намаз күнү 2 сааттык түшкү тыныгуу берүүгө каршы чыккан Жанар Акаев сыяктуу депутаттар мусулман көрүстөнүнө коюлбаш керек дейт

Кечээ, 6-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, илим, билим жана маданият комитетинде “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Икрам Тазабеков иштеп чыккан мыйзам каралып, анда кыргыз жарандарына жума намаз күнү 2 сааттык түшкү тыныгуу берүү нормасы сунушталган эле. Бул сунушту 3 депутат колдоп, СДПКчы Жанар Акаев баштаган 6 депутат каршы чыгып, өткөрбөй коюшкан. Буга нааразы болгон Чубак ажы Жалилов бүгүн, 7-июнда атайын билдирүү жасады.

Булак: “Насаат медиа”

Видео- "Кырк чоро" ТИМдин алдында акция жасап, шейх Абдуллах Фалех Жаберди Кыргызстандан депортациялоону же камоону талап кылды

“Кырк чоро” бирикмеси КР Тышкы иштер министрлигинин алдына чыгып, нааразычылык акциясын өткөрүп, Кыргызстандагы «Табарак» кайрымдуулук уюмунун жетекчиси шейх Абдуллах Фалех Жабер кыргыз кыздарын $200 акчага сатып алып, булгап, туура эмес иштерди кылып жүргөнү видеотасмалар аркылуу далилденсе да кыргыз бийлиги унчукпай олтурганына ачууланды. Мусулманчылыкта мындай ыпластык өтө чоң күнөө болуп саналат. Бул кыргыз коомчулугун сыйлабай койгондугу аз келгенсип ислам дүйнөсүн дагы уяткарып жатат. Эгер мамлекет алсыз болуп жатса, Жаберди камай албай же депортация кылбай жатса анда коомчулук күч менен кууп чыгып, экинчи кайтып келгис кылышыбыз керек дешти кырк чоролор.
https://www.youtube.com/watch?v=6lx2518yZxs

Видео - Укук коргоочу Азиза Абдурасулованын Сөз эркиндиги форумунда сүйлөгөн сөзү

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, «Элдик саясат» полиси институту, «Улуттук кызыкчылык» тобу, «Кылым шамы» жана «Бир дүйнө» өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө укук коргоочу Азиза Абдурасулованын форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Меню