Menu

ВИДЕО

Видео - «Интерфакс»: Петербургдагы терактты жанкечти жасаган

Санкт-Петербургдагы жардырууну жанкечти жасаган. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып билдирди.

«Шектүүнүн тек-жайы аныкталды. Болжолдуу маалыматтар боюнча ал ортоазиялык 23 жаштагы адам болгон», — деп билдирди агенттиктин булагы.

Орусиянын Улуттук антикоррупциялык комитетинин акыркы маалыматына ылайык, 3-апрелде Санкт-Петербургда болгон жардыруудан 11 адам мерт кетип, дагы 45 киши жаракат алган. Окуя боюнча тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

epa05886217 A handout photo made available by megapolisonline.ru via VKontakte (VK) shows victims shortly after an explosion in a metro of Saint Petersburg, Russia, 03 April 2017. According to reports, at least 10 people were killed and dozens injured in an explosion in the city’s metro system. The cause of the blast was not immediately known. Russia’s National Anti-Terrorist Committee said that the explosions hit a train between Sennaya Ploshchad and Tekhnologichesky Institut stations, media added. EPA/megapolisonline.ru HANDOUT — BEST QUALITY AVAILABLE — ATTENTION EDITORS: GRAPHIC CONTENT — HANDOUT EDITORIAL USE ONLY/NO SALES/NO ARCHIVES

Батыш өлкөлөрү жана саясий ишмерлери жардырууну айыптап, окуяга байланыштуу Орусияга көңүл айтышты.

Петербург метросундагы жардыруу болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат үчтөрдө “Технологический институт” жана “Сенная площадь” метро станцияларынын ортосундагы поездде болгон. Кийинчерээк “Площадь Восстания” станциясында жарылбай калган бомба табылып, зыянсыздандырылган. Окуя болгон маалда Санкт-Петербургда Владимир Путин Беларус президенти Александр Лукашенко менен жолугуп жаткан.

4-апрелде Санкт-Петербургда үч күндүн аза күтүү жарыяланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы Садыр Жапаров тууралу видеотасманы таратты

Бүгүн, 4-апрелде КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы N47-түзөтүү абагынын ооруканасында дарыланып жаткан оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров тууралу видеотасманы таратты.

 

Видео - Адахан Мадумаров: "Бүгүн биз мыйзам эмес, кара күч үстөмдүк кылган, каракчылар заманында жашап жатабыз"

Бүгүн, 3-апрелде саясатчы Адахан Мадумаров абактагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун айланасындагы жагдай боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, билдирүү таратты. Анда өлкөдгү саясый ситуацияга баа берип жатып: “Бүгүн биз мыйзам эмес, кара күч үстөмдүк кылган, каракчылар заманында жашап жатабыз”, – деп билдирди.

Видео: Адахан Мадумаровдун баракчасынан алынды.

Видео - Садыр Жапаров оор абалда жеткирилген N47-абактын алдына тарапкерлери чогулуп жатышат

Бүгүн, 2-апрелдин таңында N1-абакта кармалып жаткан оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровго кол салуу болуп, мойнундагы жана колундагы вена кан тамырлары кесилип, оор абалда N47-абактагы ооруканага жеткирилген жана операция жасалган.

Азыр оорукананын алдына Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогулууда.

Видео: Дайырбек Орунбековдуку

 

Видео - "Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов бүгүн парламентте өзүн "Ак жол" фракциясынын депутаты деп тааныштырды

Бүгүн, 30-мартта КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында парламенттин “Бир бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов микрофонго чыгып, сүйлөрдүн алдында өзүн: “Ак жол” фракциясы, Улугбек Ормонов” деп тааныштырды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Улугбек Ормонов 2010-жылдын 7-апрелиндеги куралдуу мамлекеттик төнкөрүшкө чейин Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын лидери болгон. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Бир бол” фракциясынын тизмесине кирип, 2016-жылы май айында депутаттык мандат алган.

 

Элнура Кулуева, журналист: "Жетим баланы ичке уруп, бүк түшүрүп камап салышты. Кайсыл бийликте ушундай көрүнүш болду эле?"

Кечээ Садыр Жапаровдун уулу Ринаттын видеосу, баарыбызды шок кылды. Эне жүргөбүздү эзди, заманбызды курутуп, боорубузду оорутту. Эне жүрөгү деген… эне жүрөгү экен да. Билген кишиге бийлик жетим баланы эки айга кылмышкер деп камап койду. Ооба Ринат жетим бала. Бул боюнча Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл эже буларды айтып берди.
– Ринат баламдын сабалып, алсыз, аптыгым ыйлап жатканын видеодон көрүп, жүрөгүм жанчылып ыйладым. Ренат 10 жашында бир күндө ата-энесинен ажыраганда… ушунтип аптыгып, бугу көкүрөгүнө толуп ыйлаганы көзүмө келе түштү. Ринат Садырдын бир тууганынын баласы. Ринаттын ата-энеси автокырсыкка учурап, каза болушкан. Ал автокырсыкта 10 жаштагы Ринат жана кичинекей карындашы машинанын ичинде болчу. Элестетип көргүлөчү,.. 10 жаштагы бала… ата-энесинин кан болуп, өлүп жатканын көрүп, апасы менен атасын томолотуп, бир жерге жаткырып, үстүлөрүн жаап, башы жарылган кичинекей карындашын бекем кучактап, жардам келгиче, аптыгып эч жакка жылбай ыйлап олтурганын…  Мына ушундай чоң жоготууну, чоң трагедияны наристе жүрөгү менен баштан кечирген бала. Кичинекей карындашы башынан жаракат алып, 4 айдан кийин араң эсине келген. “Бир тууганымдан калган жалгыз туяк”- деп Садыр Ринатты өзүбүзгө алып багып алганбыз. Атасы жогун билип, Садырды аталап, ага өзгөчө жакын. Ринат үчүн Садыр идеал. Сыймыктанат. “Садыр атамды неге камашат? Ал кимге зыян кылды. Атам келсе тосуп алабыз”-деп аябай кубанып жүргөн. Куугунтуктун да чеги болот го. Кордогондун да чеги болот. 12 жаш баланы сурагы жок 2 айга камап коюшту. Бу эмне деген өч алуу. Кайсыл бийликте ушундай көрүнүш болду эле? ……
Мына чындык… Ринаттын окуясын угуп олтуруп, көз алдыма Дача-СУдагы аба кырсыгынан улам жетим калган эки бала Султан менен Жакшылыкты эстеп кеттим. Ата-энесинен бир күндө ажырган жетим балдардын тагдыры замандын бүтүндөй тагдыры болуш керек. 10 жашынан жетим калган Ринат өлкөгө коркунуч туудурган террорчубу же адам өлтүргөн кылмышкерби?  УКМКнын имаратынын терезесин талкаладыбы, же болбосо тосмодон аттап, Ак үйгө кол салдыбы? Ринат болгону атасын тосуп алганы келген бала. Ушул жетим баланы ичке уруп, бүк түшүрүп, атасы үчүн абакка 2 айга камап салыш керекпи? Жетимди кордогон күнгө жетип калдыкпы? Ансыз деле абакты ашкабак, тоок уурдаган жаш балдарга толтуруп, эми минтип баш көтөрүп, сын айткан саясатчылардын жакындарына толтурабызбы? Минтип да, тигинтип да таразага тартып көрөм: жөн эле айтып берчү жомок эмес, бул чындык. Бир жетим баланын тагдырына бүт замандын тарыхын салып карайт окшойбуз. Турмуш баарыбызды бир түйүнгө байланыштырып, камырдай жууруп салган күндө да эчтекесин жашыра албайсың. Энелер үн каткылачы….Үнүбүз 7 кабаттагыларга кантип жетпесин!

https://www.youtube.com/watch?v=KigQZttfrfY&feature=share

Элнура Кулуева, журналист

Видео - Өзбек оппозициясынын лидери Мирзиёевди колдой турганын билдирди

Бийликтин басымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон Өзбекстан элдик кыймылынын төрагасы, оппозициячы Мухаммад Салих 23-мартта видеокайрылуу жасап, президент Шавкат Мирзиёевди колдой турганын билдирди.

– Мен Шавкат Мирзиёев Конституцияны бузуп президенттик ыйгарым укуктарга ээ болуп жатканда сындап чыккам. Азыр да аны туура эмес болгон деп эсептейм. Бирок анын президент катары аткарып жаткан иштеринин көбү, анын ичинде көптөгөн жылдар бою унутта калган элге кайрылып, анын көйгөйлөрүн уга баштагандыгы менде кайрадан үмүт отун жандырды. Бүгүнкү күндө өзбекстандыктар Мирзиёевден олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатат, алардын ичинде мен дагы бармын, – деди Мухаммад Салих.

Ошол эле маалда ал президент Шавкат Мирзиёевди элдин колдоосуна жана ишенимине таянып, өлкөдө саясий жана экономикалык реформаларды баштоого чакырды.

– Өлкөдө Мирзиёевдин экономикалык реформаларды жасоосуна тоскоолдук кылып жаткан топтор көп. Бирок бүтүндөй мамлекеттин күчү президенттин колунда. Ал кайраттуулук менен мамлекетти алардан тазалашы керек. Бул үчүн бир нече жыл талап кылынбайт, тез аранын ичинде башташы керек, – деди Салих.

Өзбекстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Эрк» партиясынын түптөөчүсү Мухаммад Салих 1991-жылдын декабрындагы президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болгон. 1992-жылы өлкөдөгү репрессияларга нааразычылыгын билдирип, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырып берген. 1993-жылы «мамлекетке чыккынчылык кылуу» айыбы менен камакка алынган. Бирок дүйнө коомчулугунун басымы менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, Ташкентен чыкпоо шарты менен бошотулган. Бирок ошол маалда Түркияга качып кетүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, бүгүнкү күнгө чейин Стамбулда жашап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Атамбаев 2005-жылы 24-мартта Мелис Эшимканов менен бирге жүрүш баштаган жерине келип, анын дарегине акараат сөз айтты"

Кечээ, 24-мартта Алмаз Атамбаев Бишкектин Иса Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2004-жылдын 24-мартындагы элдик революцияга арналган гүлбакчага барып, дарак олтургузуп, 24-март элдик революциясын эскерди.

Бул жерде 2005-жылы 24-мартта ыраматылык Мелис Эшимкановдун тарапкерлери чогулуп, парламенттик шайлоодо жеңип алган депутаттык мандатын бербей жаткан Акаевдик режимге каршы нааразычылык акциясын баштаган эле. Ага колдоо иретинде Алмаз Атамбаев келип кошулуп, жалындуу сөз сүйлөгөн жана Эшимкановго биригип ошол жерден Ак үйгө чейин жөө жүрүш жасашкан. Бирок, ошол күнү да эч ким Акаев күтүүсүздөн качып кетип, бийлик куларын билген эмес. Атамбаев депутаттыкка талапкер Мелис Эшимкановду колдоого гана келип кошулган болучу.

Эшимканов менен Атамбаев Ак үйгө жете келгенде ыраматылык Баяман Эркинбаевдин жигиттери делген, башына көк чүпүрөк байланган жаштар Ак үйгө кирип кетип, алардын артынан кирип бараткан жөө жүрүштүн катышуучуларын Атамбаев “кирбегиле, камаласыңар, атыласыңар!” деп кыйкырып, өзү кирбей койгон. Бирок, азыр “киргем, мен революция жасагам” деп айтып жүрөт.

Эми, 20017-жылы 24-мартта ошол, мындан 12 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта Мелис Эшимканов өз тарапкерлерин топтоп, Акаевдик режимге каршы чыккан жерге келип, ал жерди өзүнө энчилеп алгандай, көзү өтүп кеткен кишиге акараат сөз айтканы туурабы?

https://www.youtube.com/watch?v=T5mNQU_dzDw

Видео: Санжар Калматай

Видео - Курманжан Датка фондунун сыйлыктары тапшырылды

Бейшемби, 23-март күнү Ош шаарында Курманжан Датка коомдук фондунун түзүлгөнүнүн 20 жылдыгы белгиленип, анда айрым тарыхчыларга, коомдук ишмерлерге Курманжан Датка сыйлыктары тапшырылды.

https://www.youtube.com/watch?v=a432HqLodXU&sns=fb

Видео: 7-канал

Видео – Бүгүн Бишкекте митингичилерге ок атылып, кууп таркатылды

Бүгүн, 25-мартта экс-депутат Садыр Жапаровдун чек арадан кармалышына байланыштуу анын тарапкерлери УКМКнын алдында нааразычылык акциясын өткөрүшүп, Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылышты. Натыйжада, милиция элге каршы резина ок жана газ менен атышып, митингди кууп таркатышты. Жүздөгөн митингичилер сабалып, 200дөй адам кармалды.

https://www.youtube.com/watch?v=SdNEpRqd0nA

Видео: Наш Бишкек

Меню