Menu

ВИДЕО

Видео - Европа Өмүрбек Текебаев менен Атамбаевдин тирешине кунт коюу менен көз салууда

Европага иш сапары менен барып кайткан кыргыз оппозициялык саясатчылары Равшан Жээнбеков жана Бегалы Наргозуев Европарламенттин, Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлигинин жана башка демократиялык институттар Кыргызстандагы саясый абалга, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына кандай көз салып жатышканын айтып беришти.

Булак: СентябрьТВ

 

Видео - Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлдөрү : Өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон басым жөнүндө айтышты

Кыргызстандын Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлдөрү  Адил Турдукулов, Бегалы Наргозуев жана Равшан Жээнбеков өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон басым жөнүндө айтып беришти.

Видео: Сентябрь

 

Видео - Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлдөрү Европага сапар жана өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон басым жөнүндө айтып беришти

Кыргызстандын Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлдөрү Адил Турдукулов, Бегалы Наргозуев жана Равшан Жээнбеков өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон басым жөнүндө айтып беришти.

Булак: СентябрьТВ

Видео - Ислам Каримовдун кайнисинин адвокаттары Өзбекстанды сынга алышты

Адвокаттар Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевди Ташкентке өткөрүп бербөөнү өтүнүп жатышат. 7-мартта алар Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, Өзбекстанды ишенимге татыксыз өлкө деп аташты.

23-февралда Киев шаардык соту Акбарали Абдуллаевдин камактагы мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу чечимин чыгарган. Учурда ал Украинанын Коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта. Татьяна Каримованын 33 жаштагы жээни Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын талабы менен Киев аэропортунда ушул жылдын 14-январында кармалган. Мекенинде ал жүздөгөн миллион долларды кымырып алган деп айыпталууда.

Бирок Акбарали Абдуллаевдин өзү бул айыптар боюнча 2013-жылдан 2016-жылга чейин Өзбекстанда жаза мөөнөтүн өтөгөнүн, учурдагы айыптоолор саясий негизде тагылып жатканын билдирүүдө.

Анын жактоочуларынын бири Оливер Уоллеш Абдуллаев Украинага мыйзамдуу келгенин, жанында паспорту жана Өзбекстанда берилген визасы болгонун билдирди. «Страсбург сотуна ылайык, эгер Өзбекстан ага карата адилет сот болорун, укуктук жардам берилип, кыйноолорго алынбай турганын убадаласа да, ал кепилдиктер жетишсиз болот. Европа соту Өзбекстанды ишенимге татыксыз деп тааныган», – деди ал.

Киев прокуратурасынын басма сөз катчысы Надежда Максимец Абдуллаев качкын макамын алуу үчүн документтерин тапшырганын жана акыркы өкүм чыгарууда ал эске алынарын билдирди.

https://www.youtube.com/watch?v=kkZBJvivEJA&feature=youtu.be

Видео - Ташкентте "Манас" рестораны өрттөнүп кетти

Өзбек ММКларынын кабарлашынча, 7-февралда Ташкент шаарында “Манас” рестораны өрттөнүп кетти. Кырсык болгон жерге жети өрт өчүрүүчү автоунаа барды. Күбөлөр жарылуунун үнүн укканын кабарлашты. Бирок Ташкеттин өрт коопсуздугу башкармалыгы бул маалыматты тастыктаган жок.

“Манас” ресторанында болгон өрттө жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Бул арада Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Ташкенттеги “Манас” ресторанынын кыргыз жаранына тиешеси барбы же жокпу, териштирип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди:

– 7-февралда Ташкенттеги “Манас” ресторанында жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 10:30да өрт чыкканын биздин элчилик кабарлады. Саат 11:30дарда өрт өчүрүлгөнү да кошо кабарланды. Элчиликтин маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Ресторандын интернеттеги расмий сайтында “Манас” арт-ресторанынын коноктору байыркы Кыргызстанга саякатка чөмүлөт, кыргыз ашканасынан, бешбармактан даам тата алат” деп жазылып турат.

https://www.youtube.com/watch?v=Q2emi75O8M8

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео: Узбекстан 24

Видео - Ташкентте "Манас" рестораны өрттөнүп кетти

Өзбек ММКларынын кабарлашынча, 7-февралда Ташкент шаарында “Манас” рестораны өрттөнүп кетти. Кырсык болгон жерге жети өрт өчүрүүчү автоунаа барды. Күбөлөр жарылуунун үнүн укканын кабарлашты. Бирок Ташкеттин өрт коопсуздугу башкармалыгы бул маалыматты тастыктаган жок.

“Манас” ресторанында болгон өрттө жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Бул арада Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Ташкенттеги “Манас” ресторанынын кыргыз жаранына тиешеси барбы же жокпу, териштирип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди:

– 7-февралда Ташкенттеги “Манас” ресторанында жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 10:30да өрт чыкканын биздин элчилик кабарлады. Саат 11:30дарда өрт өчүрүлгөнү да кошо кабарланды. Элчиликтин маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Ресторандын интернеттеги расмий сайтында “Манас” арт-ресторанынын коноктору байыркы Кыргызстанга саякатка чөмүлөт, кыргыз ашканасынан, бешбармактан даам тата алат” деп жазылып турат.

https://www.youtube.com/watch?v=Q2emi75O8M8

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео: Узбекстан 24

Видео - КСДПчы Иса Өмүркулов менен "Өнүгүүчү" Бакыт Төрөбаевдин кайым айтышы: "Иса Шейшенкулович, ушундан кийин сизге ким ишенет?"

Бүгүн, 24-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийлик добуштарды бурмалоого даярданып жатканын Бишкек шаарынын Октябрь районундагы фактыларды мисалга келтирүү менен баяндап жатканда залда, алдыңкы катарда олтурган КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “бул саясый шоу” деп сүйлөнүп олтурду.

Ага жооп кылып Бакыт Төрөбаев: “Иса Шейшенкулович, бул шоу эмес, бул фактылар! Ал сиздер кечээ, 23-ноябрда өткөргөн комитеттин төрагаларын шайлоо шоу болуп кетти. Ошону шоу деп айтса болот. Шайлоого камданбай эле олтурган Сайдулла Нышановду “сен талапкердигиңди кой, биз колдойбуз, өтөсүң!” деп алдап шайлоого алып чыктыңыз. Анан колдобой койдуңуз! Мына ушул шоу болот. Ушундан кийин Иса Шейшенкулович, сизге ким ишенет?”, – деди Бакыт Төрөбаев.

https://www.youtube.com/watch?v=B8NO8Bjb3-Q

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видеону Ютубга жүктөгөн Санжар Калматай

Видео - КСДПчы Иса Өмүркулов менен "Өнүгүүчү" Бакыт Төрөбаевдин кайым айтышы: "Иса Шейшенкулович, ушундан кийин сизге ким ишенет?"

Бүгүн, 24-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийлик добуштарды бурмалоого даярданып жатканын Бишкек шаарынын Октябрь районундагы фактыларды мисалга келтирүү менен баяндап жатканда залда, алдыңкы катарда олтурган КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “бул саясый шоу” деп сүйлөнүп олтурду.

Ага жооп кылып Бакыт Төрөбаев: “Иса Шейшенкулович, бул шоу эмес, бул фактылар! Ал сиздер кечээ, 23-ноябрда өткөргөн комитеттин төрагаларын шайлоо шоу болуп кетти. Ошону шоу деп айтса болот. Шайлоого камданбай эле олтурган Сайдулла Нышановду “сен талапкердигиңди кой, биз колдойбуз, өтөсүң!” деп алдап шайлоого алып чыктыңыз. Анан колдобой койдуңуз! Мына ушул шоу болот. Ушундан кийин Иса Шейшенкулович, сизге ким ишенет?”, – деди Бакыт Төрөбаев.

https://www.youtube.com/watch?v=B8NO8Bjb3-Q

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видеону Ютубга жүктөгөн Санжар Калматай

Видео - Ак үйдүн алдына "Атамбаев кетсин!" деп митингге чыккандардын он жылдап чечилбеген талабы жарым саатта чечилди

Бишкектин Ак ордо жана башка бир нече жаңы конуштарынын жашоочулары 21-ноябрь күнү Ак үй алдына келип, электрэнергиясы жок олтурушканына нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Анда “Атамбаев чыксын! Атамбаев кетсин!” деген кыйкырыктар тынымсыз жаңырып турганына карабай Атамбаев эл алдына чыга алган эмес. Акыры Ак үйдөн депутат Өмүрбек Текебаев митингичилерге чыгып келип, алардын арыз-муңун угуп, “свети жок жашоо – таш доордо, караңгылыкта, мүрзөдө жашоого тете” деп, элди бул деңгээлге жеткирген өкмөттү жакынкы күндөрдө парламентке чакырып, бул маселени чечүүгө убада кылган. Текебаев кирип кетери менен бийликтин өкүлдөрү элге чыгып, он жылдап чечпей келаткан маселесин жарым саатта чечип беришти. Кыязы Атамбаев элдин баары Текебаевди ээрчип кетпесин деп чоочуп кетсе керек. Атамбаев менен Текебаевдин тирешинен Ак ордолуктар утту.

Видео - Өмүрбек Текебаев: "Бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги, инвестклимат боюнча Кыргызстан Бакиевдин учурунда дүйнөдө 41-орунда эле, азыр Атамбаевдин учурунда 67-орунга түшүп кеттик"

“Урматтуу депутаттар! Кыргызстанда чын эле абал абдан чатак. Биз толук изоляцияда калгандай көрүнөт. Премьер-министр ондоп-жыйырмалап маселе койгону менен Таластын алмасын, Чүйдүн сүтүн, Нарындын этин коңшу өлкөлөргө чыгарганга мүмкүндүк болбой жатат. Челябинск менен Краснодардан помидор бизге келе баштады. Алма Казакстандан келе баштады. Сүт азыктары Белорусиядан жана Россиядан келе баштады. Эгер биздин ишенген айыл чарбабыз бүгүн эле олтуруп калса он жыл – жыйырма жылда да ал бутуна турбайт”, – деп билдирди кечээ, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

“Атамбаев 2012-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгып, анын негизинде программа кабыл алганбыз, алдыбызга чоң максаттарды койгонбуз. Ошол программада 2012-2017-жылдарда Кыргызстанда 350 миң жумушчу орундарын түзөбүз, жылына 70 миң жаңы жумушучу орунун ачабыз деп убада кылганбыз. Мына, Сооронбай Шарипович, сиз 1 жылдан бери премьер-министрсиз, 1 жылда канча жумушчү орун ачылды? Ачылган жок, тескерисинче жумушчу орундары кыскарды. Кийим тигүү продукциясын сыртка экспорттоо 23 эсе, 1-2 эсе эмес, 23 эсе кыскарды. Бул 10 миңдеген тигүүчү кыздардын жумуш орду Кыргызстанда кыскарды дегенди билдирет. Казакстанга болгон экспортубуз 60%га кыскарды. Россияга болгон экспортубуз 30%га кыскарды. Бул 10 миң деген, балким 100 миң деген жумушчу орду Кыргызстанда кыскарды дегендике жатат. Экономикабыз оңолуп, инвестиция келиши үчүн шарт түзушүбүз керек дейбиз, Сооронбай Шарипович, сиздин жаңы алып келген программаңызда жакынкы 2 жылда бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча алдыңкы 50 мамлекеттин катарына киребиз деп жазып, план коюп жатасыз. Элүү! Ал эми Атамбаевдин 2012-2017-жылдардагы Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясына таянган өкмөттүн программасында 2017-жылдын 1-январына чейин 30 өлкөнүн катарына киребиз деп бекитпедик беле? Кыргызстан 2010-жылы Курманбек Бакиевдин учурунда 41-орунда элек! Андан бери түшүп-түшүп олтуруп, 2015-жылы 102-орунга түштүк. Быйыл 2016-жылы 67-орундабыз. Өкмөт бул жерде эмне үчүн экенин айтыш керек. “Электр камсыздоо системасына кошулууга уруксат алуу боюнча Кыргызстан 161-орунга түшүп кеткен. Ошонун эсебинен артка кетип атабыз. Энергетиктерде коррупция! Пара бербесең электр камсыздоо системасына кошула албайсын. Муну мындай-мындай жолдор менен чечебиз, 1 жыл же 1,5 жыл бергиле, мобу бала жасайт” деп айтышыңар керек эле. Салык салуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө 145-орундабыз, андан чыгуунун жолдорун ачык айтыш керек эле. Келишимдердин аткарылышы жана сот чечимдери боюнча биз эң артта калдык. Мына ушулардан чыгуунун жолдорун айтып, анан алдыңкы 50 мамлекеттин катарына киребиз дегиле да. Анан жөн эле 50-орунга деп эле жаза бербей. Кыргызстанды 2012-2017-жылдарда өнүктүрүү стратегиясы боюнча планда биз 5 жылда коррупцияны жоюу боюнча алдыңкы 50 мамлекеттин катарына киребиз деп жазылган. Аны президент киргизген, Жогорку Кеңеш бекитип берген стратегиялык планда. А биз бүгүн 123-орунга түшүп кеттик. Бир жылдын ичинде, президенттин кетерине 1 жыл калды, элге отчет берерибизге 1 жыл калды. Бир жылда 123-орундан 50-орунга кире алабызбы? 1 жылда 350 миң жумушчу орун түзсөк жок дегенде ар бир үйдөн 1ден адам иштейт деген эсеп менен түзгөнбүз. Жумушчу орун түзөбүз дегенде биз 5 жылдын ичинде 50 миң гектар жаңы жерлерди өздөштүрөбүз деп, ошол жерлерди жаш үй-бүлөлөргө берсек ошол да жумушчу орду болот деп эсептегенбиз. Биз 5 жылда жылына 10 миң гектар жаңы жерлерди өздөштүрө алдыкпы?  Стратегия боюнча 2017-жылы Ички дүң продукция (ИДП) ар бир адамга 2500 доллардан болот деп айтылбады беле? Бүгүн ИДП ар бир адамга 1200 доллардан ашпай,  5 жыл мурун кандай болсо ошондон ашпай эле турат.  2017-жылы Кыргызстанда орточо айлык ар бир адамга 26000 сом болот деп бекитпедик беле быйылкы жылдын аягына чейин деп! Ошол бойдон эле 12000 сом бойдон турат. Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн сот системасы, укук коргоо органдары мыйзамдуу, адилет иштеш керек, бизде коррупция көп, инвесторлор келбейт дейбиз. 2010-жылдан бери Ички иштер министрлигинде 8 министр алмашты. Бул тогузунчусу (колу менен Улан Исраиловду көрсөтүп – ред.) Коргоо минисмтринде 5 министр алмашты, азыр келе турганы алтынчысы. Мен Убактылуу өкмөттү  кошуп айтып атам. Эгерде ал жерлерде иш билги адам туруктуу иштебесе реформа болобу? Негизи кадрлардын баарын президент өзү коюп жатпайбы! Биз партиялар гана жооп бербестен президент да жооп берет деп ушул жерден ачык айтышыбыз керек! Ал үчүн жоопкерчиликти биз албашыбыз керек. Мына Ички иштер министрин сиз тандадым деп жатасыз, андай эмес, президент өзү тандап койду. Деңгээлин көрдүңөр. Буга чейин 9 министр жасай албаган ишти ушул 1 жылда жасай алабы? Мен айткан жанагы индекстерди азайтып, 1 жылда ошол көрсөткүчтөргө киргизе алабы? Сооронбай Шарипович, сиз ушул жоопкерчиликтердин баарын өз моюнуңузга алып жатасыз! Азаматсыз! Бирок, биз бир чоң мамлекеттик кызматка келерде ушул кызмат эмгек китепчеме жазылып калат, балдарым “атам премьер-министр болгон” деп сыймыктанып айтып жүрөт, эптеп күн өтсө  болду деген логика менен келбешибиз керек. Бир да депутаттын суроолоруна сиз, министрлериңиз ачык, так жооп бере алады. “Көрөбүз, аракет кылабыз, буйруса үйрөнөбүз” деген гана жооптор. Бизге даяр өкмөт керек. Бизге даяр министрлер керек, чү дегенде эле ишти оңдоп кете турган. Эптеп күн өтсө болду деген позиция бүгүн жарабайт. Сиздин программаңызды окуп көрдүм. Ал жерде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бир да сөз жок. Бизде эң негизги долбоор ошол. Биз ал жолду 3 жыл мурун куруп бүтүшүбүз керек эле. Ошол жол курулуп бүтсө Кыргызстан туюктан чыгат. Казактар мунун арасында Кытайдан Казакстанга 2 темир жол куруп бүтүруштү, эми 3-сүн курганы жатышат. Кытайдан чыккан жүктөр жолдорго батпай алар улам-улам жаңы темир жолдорду куруп жатышат. А биз кургандын ордуна саясый оюн куруп, ал долбоорду артка жылдырып жатабыз. Мына Тышкы иштер министри күбө, быйыл февралда Ирандын Транспорт министри келгенде айтып жатат, “Кытайдан темир жол алып чыгып, Алай аркылуу Тажикстанга өткөрүп жиберелик, Афганистан аркылуу кетсин” деп. 3 жылдан бери Атамбаев министрдери менен кошо Кытайдан чыккан темир жолду Кыргызстандан буйтап өткөрүп кетүүгө аракет кылат. Ачык аракет кылат. Ошондо Ирандын Транспорт министри айтты “Уялбайсыңарбы? Өзбекстан аркылуу эле өткөргүлө темир жолду. Афганистан тарапта тынч эмес” деп. Мен расмий айтам, Кыргызстанды 2012-2017-жылдарда өнүктүрүү стратегиясында да, мыйзамда да, планда да Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун маршруту так аныкталган. Кытайдан Нарын аркылуу Жалал-Абадга өтүп, андан ары Өзбекстанга кетет деп. Эгер жол курулуп калса бизге 100 миллиондого доллар пайдага калат. Түндүк менен Түштүктү темир жол менен бириктиребиз. Мына азыр курулуп жаткан түндүк-түштүк альтернативалуу автожолуна кеткен 1 миллиард долларды ушул темир жолго бурганыбызда темир жолдун үчтөн бири бүтүп калмак. Бул түбөлүктүү долбоор! Ошондо Казакстан жана башка мамлекеттердин көзүн карабастан дүйнөнүн төрт тарабына чыга турган болот эле. Жок, Атамбаев “мен Өзбекстанга курдуртпайм, Тажикстан аркылуу курдуртам” деп өчөшүп, 3 жылдан бери көгөрүп олтурат. Бул долбоорго бут тосуп турат. Бул Кыргызстандын келечегин бууду дегендикке жатат. Биз конкуренциядан артта калсак 3-4 жыл ичинде Казакстанга жана башка өлкөлөргө алдырдык дегенге жатат. Акыры мажбур болушту. Жакында Ташкентке барганда ошол жол менен курабыз, ошол маршрут менен деп макул болуп келишти. Бирок, Сооронбай Шарипович, сиздин программаңызда муну ачык жазбастан, жымсалдап, тергеп, маршрутун ачык көрсөтпөй трансулуттук темир жол курабыз деп турат. Эгерде дагын Тажикстан аркылуу курабыз деген болсоңор бул чыккынчылыкка тете!”, – деди Өмүрбек Текебаев.

https://www.youtube.com/watch?v=Y1fQU60q6m8

Булак: Кyrgyztoday.kg

Меню