Menu

ВИДЕО

Краснодардагы "вагнерчилердин" көрүстөнүндө борбор азиялыктардын жайлары табылды

Бир нече күн мурун өзбекстандык мигрант “Вагнер” көрүстөнүнө коюлган мусулман аскерлеринин белгилерин видеого тартып алып, соцтармактарга жайгаштырган.

Автор видео кайсы жерде тартылганын так айтпаса да, “Озодлик” көрүстөндөрдүн геолокациясына таянып, ал Краснодар крайындагы Горячий Ключ шаарындагы мүрзө экенин аныктады.

“Вагнер” жоочулары көмүлгөн жайларда өзбек, тажик жана кыргыз ысымдары кездешет.

“Эгерде кимдир бирөө бул жерде көмүлгөн мусулман согушкерлеринин үй-бүлөлөрү менен тааныш болсо, аларга бул мүрзө жөнүндө кабарлап коюңуз. Анткени бул көрүстөн тууралуу көбү билишпейт”, — деген видеонун автору.

Буга чейин “Озодлик” Орусиянын башка аймактарындагы “вагнерчилер” көмүлгөн жайларда өзбек мигранттарынын да мүрзөлөрү бар экенин, буга чейин бир нече жалданма жоокерлердин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга коюлганын маалымдаган.

Соңку видеодогу кадрларга таянуу менен “Озодлик” Горячий Ключ шаарындагы “вагнерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялык жалданма жоокерлеринин тизмесин түздү:

  • Мусалиев Элбек Рамзанович, 26.11.1976 – 05.05.2023
  • Санчар Махмадзода, 27.11.1997 –​ 20.04.2023
  • Сабыров Сабр Сабырович, 19.07.1990 –​ 08.05.2023
  • Талипов Даньяр Анварович, 31.10.1991 –​ 20.04.2023
  • Хидоятов Сайидакбархон Хамидуллохон угли, 31.05.1993 –​ 27.03.2023
  • Поянов Эшпулат Хуррамович, 22.06.1993 –​ 08.03.2023
  • Абдурахманов Джумахон Валиевич, 05.09.1975 –​ 05.04.2023
  • Жумабеков Кадыргали Кангалиевич, 14.03.1982 –​ 17.03.2023
  • Жусупов Тимур Задгереевич, 07.04.1992 –​ 07.04.2023
  • Назиров Азиз Собир угли, 13.10.1992 –​ 07.01.2023
  • Адашев Дилмурод Акрамжон угли, 31.01.1995 –​ 23.03.2023
  • Мирзакулов Дилшодбек Махаммадалиевич, 10.02.1984 –​ 10.01.2023
  • Давлетов Самат Аманжолович, 11.08.1974 –​ 27.02.2023
  • Масоев Ахлиддин Абдулфайзович, 13.08.1989 –​ 07.01.2023
  • Бегатанов Исломжон Икрамжонович, 17.03.1988 –​ 18.01.2023
  • Сулейманов Абдугаффар Абдусатторович, 09.09.1986 –​ 12.12.2022
  • Мухторов Отабек Одилжон угли, 18.09.1996 –​ 06.12.2022
  • Тиллабоев Кароматулло Рахматович, 27.03.1992 –​ 13.02.2023
  • Умаров Бобурбек Джурабой угли, 03.12.1992 –​ 25.11.2022
  • Наркулов Захиджан Хурваевич, 09.12.1971 –​ 22.02.2023
  • Силапов Саиднияз Оразмурадович, 05.02.1985 –​ 17.03.2023

Быйыл март айында The New York Times гезитинин журналисти Кристиан Триберт Горячий Ключтагы “Вагнер” көрүстөнүндө мололор кескин көбөйгөнүн жазган.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 14-июлунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы – С.А.С., ошондой эле, уюштуруучусу Т.К.Б. кармалды, алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 мл. сом зыян келтирилген. 

Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдавар» автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ: Токтогулдун көк бөрү командасынын капитаны бангизат жана колдо жасалган тапанча менен кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «гашиш» баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.
ИИМдин БМЖКККнын  кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан «баңгизатын сатуучу» мурда соттолгон  жаран 1981-жылы туулган Ж.Э. аныкталган. Шектүү жаран Ж.Э. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун Көк бөрү ат оюндары боюнча курама командасынын капитаны.
Бишкек шаарынын аймагында кылмыштуу топтун жана алардын белгисиз шериктеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында “МАК-2023” ведомстволор аралык операциясынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Кара-Курай” аталышындагы рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында   2023-жылдын 7-июль күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э.  башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-814” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.  Унааны текшерүү учурунда табылган банкада  баңгизат  жасоочу аппараттар – ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана  «Hony-Bag Basic KIT 5» фирмасынан чыгарылган темирден   жасалган тор бар болгон.
Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жаран Ж.Э.  жашаган жеринде ИИМдин БМЖКККнын издөө итин тартуу менен тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү тегерек формадагы зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында бул зат 62,32 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты болуп чыкты.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 7-июль күнү   Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тергөө судьясы тарабынан шектүү Ж.Э. карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

 

УКМК: Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү бирөөнүн “Мерседес S500” унаасын жана $17000 күч колдонуп тартып алгандыгы үчүн кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. атту жаран кармалды.

Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранынан “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.С.Т. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Бийликти күч менен басып алууга жашыруун даярданган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 6-июлунда КР УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.  

Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.

Маалымат үчүн: Кармалган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: «Ансыз деле төңкөрүш керек». «Революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик созду тушунбойт. Муштумду тушунот. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Бараарда революцияга башынарды кылычка сайып барыныздар»; «Барыныздар Кастет, дубинка, Сухой пайок алып алыныздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды корсон эле башка чап дароо ойлонбой»; «дубинка, Коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом орттоп салгылачы кулун асманга сапырып. Болду артка жол жок согушса согушабыз акмактар адырандаган сарт менен уйгур зектер».

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97беренесинин негизинде КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу  жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

А.Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан А.Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыкыс байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан.

УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан тобунун активдүү мүчөсү "Чач" ишкерлерге "салык" салууга аракет кылгандыгы үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 2023-жылдын 5-июлунда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу жаран М.Э.М. кармалды. Ал КР ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган.

Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармоо учурунда жеке тинтүүдө М.Э.М.ден 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

КР УКМК кармалган М.Э.М.дин кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына (03722) 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну сурайт.

Президенттин кудасы, депутат Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, экс-депутат Алиярбек Абжалиевди кескин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы, азыркы президент Садыр Жапаровдун кудасы Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, экс-депутат Алярбек Абжалиевдин жүрүш-турушун кескин сынга алып,  Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору даярдала турганын билдирди.

Ал 27-июнда “Азаттыкка” курган маегинде мурдагы президентке мамлекеттин эсебинен коротулуп жаткан каражат эсептелип жатканын айтты.

“Анын өзүнө гана эмес, үй-бүлөсүнө, жакындарына да мамлекеттик жеңилдик берилген. Мен бул маселени парламентте көтөрүп, мыйзам алып чыгып, президент Садыр Нургожоевичке да кайрылып, бул кишинин экс-президент деген макамын алдырганга аракет кылам”, – деди Түмөнбаев.

Кыргызстанда экс-президенттерге мамлекеттен берилген жеңилдиктерди азайтуу боюнча мыйзам долбоору былтыр даярдалып, парламентте биринчи окуудан өткөн. Депутат Жеңишбек Токторбаев сунуштаган долбоорго ылайык, экс-президенттерге турак жай, автоунаа берүү, коопсуздугун камсыздоо жана бир катар шарттарды алып салуу каралган. Бирок муну демилгелеген депутат быйыл жыл башында “мыйзам кайра даярдалат” деген негизде аны чакыртып алган.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

 

УКМК: Жеке ишкерлерди опузалап пара талап кылган бажычылар камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы  “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган.

Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. 

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: Жалал-Абад облусунда көчө автожарыштарынын уюштуруучулары жана катышуучулары кармалды

Облус тургундарынан, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынан келип түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу КР УКМК органдары тарабынан Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы менен бирдикте унаабейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду.

Бул топ ири суммадагы акча ойнотулган мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Ошол эле учурда унаабейбаштар коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп сандаган өзгөчө кырдаалдарды жаратып, бир нече ирет жол кырсыктары катталган. Мына ушундай жарыштардын биринин кесепетинин айынан бир кырсык катталган-Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу бузулган.

Натыйжада, 2023-жылдын 2-июнунда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз унаажарыш өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ жана 16 унаа кармалган.

Унаатранспорт каражаттарын текшерүүдө жасалма мамлекеттик номурлар аныкталып, айнекти мыйзамсыз караңгылатуу фактылары катталып, унаажарыштын айрым катышуучулары медициналык кароодон өткөндө алкоголдук ичимдиктерди ичүү фактылары аныкталган.

Бардык унаалар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун ИИБнын айыптоочу жайына жайгаштырылып, мыйзамсыз жарыштын катышуучуларына тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, административдик айып салынды.

УКМК: Бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт койулду. 

Алынган маалыматтардын жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды. 

Такталгандай, негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучукатары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды.

Аталган Н.Р.С.тин жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн.

Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн.

Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн.

2023-жылдын 5-июнунда КР УКМК 30дан ашык катышуучу алынып келинди, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А. күнөөсүн мойнуна алышкан. 

Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган. Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню