Menu

РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен кызматташуу келечегин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын олуттуу колдоосун баса белгиледи.

Өлкөнүн инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташуу болгонун канааттануу менен айтты. Президент стратегиялык максаттарды жана алдыдагы реформаларды ишке ашырууда өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигине токтолду.

Садыр Жапаров экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча Министрлер кабинетинин алдына коюлган максаттар тууралуу айтып берди. Ал үчүн инвестициялардын агымын көбөйтүү, экспорттун көлөмүн жогорулатуу, өлкөнүн обочолонушуна жана азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүшүнө жол бербөө сыяктуу бир катар чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыруу керек.

Президенттин айтымында, фискалдык, транспорттук-логистикалык, ошондой эле тышкы соода саясатын өнүктүрүүнү камтуу менен экономикалык реформаларды жүргүзүү пландаштырылууда.

«Орто мөөнөттүү мезгилдеги экономиканын негизги артыкчылыктуу тармактары энергетика, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана туризм болуп эсептелет. Ошондой эле келечектүү багыттардын бири —  „билим экономикасынын — креативдүү экономиканын“ өнүгүүсүн камсыз кылуу зарыл», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Мындан сырткары, саламаттыкты сактоо системасын, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, өлкө калкынын бардык топтору үчүн жашоо сапатынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк банкка көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, энергетика, транспорттук-логистикалык инфратүзүм, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарбасы, туризм тармактарында, ошондой эле Баткен облусун калыбына келтирүү иштеринде мындан ары да жигердүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде Банк тарабынан коронавирус пандемиясынын экономикага тийгизген кесепеттерин жоюуга колдоо көрсөтүлөрүн маалымдады.

Ошондой эле Кыргызстан жарандарын массалык эмдөө планын колдой турганын билдирип, жакынкы айларда Дүйнөлүк банк ДСУ тарабынан жактырылган коронавируска каршы вакциналарды сатып алууга 20 миллион АКШ долларын бөлүп берерин кошумчалады.

Анна Бьерде энергетика тармагындагы реформаларды канааттануу менен белгилеп, бул багытта тармактын финансылык абалын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде өндүрүштү кеңейтүү, тармакты реформалоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, башкарууну күчөтүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын айтты.

Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти ар кыл тармактарда биргелешкен бардык долбоорлорду ишке ашырууда өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга кызыкдар жана даяр экенин билдирди.

Кумтөр алтын кенин казып жаткан Канадалыктардан $150.000 -$200.000 маяна алышкан 13 кыргыздын ысымдарын таптык

Биздин колубузга 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин, алгач Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, андан кийин президент Алмаз Атамбаев жана ал дайындаган мураскери, президент Сооронбай Жээнбеков “Кумтөр” алтын кенин иштеткен “Центерра Голд инк” чет элдик компаниясына Кыргызстан тараптан өкүл болуп дайындалган жана $150-$200 миң доллардан маяна алышкан кыргыздардын ысымдары тийди.

Ушул, жогоруда аты аталган 3 президенттин каалоосу менен “Кумтөрдөн” $150-$200 миң доллар маяна же ооз басырык алышып, 11 жылдан бери кыргыз алтынын чет элдиктердин талап-тоноосуна көз жумуп келе жаткан төмөндөгү баатырларга назар салыңыздар:

  1. Ибраев Карыбек Эмилжанович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  2. Муралиев Амангелди Мурсадыкович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  3. Ниязбек Алдашев, 2011-жылдын 23-июнунан 2012-жылдын 22-июнуна чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  4. Шакиров Кылычбек Абидинович, 2013-жылдын 31-июлунан 2016-жылдын 17-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  5. Садыров Калинур Алымбекович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  6. Орозбаев Эмилбек Мусинович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  7. Сагынов Бектур Өскөнбаевич, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  8. Кубатов Эдуард Жумакадырович, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  9. Кыштобаев Нурлан Жумабекович, 2016-жылдын 17-майдан 2018-жылдын 1-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  10. Өскөмбаев Аскар Кубанычбекович, 2018-жылдын 1-майынан 2020-жылдын 4-декабрына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.
  11. Касенов Дүйшөналы Рахимович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин $200 миң доллардан маяна алып келет.
  12. Көбөнбаев Максат Шайлообекович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин $200 миң доллардан маяна алып келет.
  13. Тенгиз А.У. Бөлтүрүк, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин $200 миң доллардан маяна алып келет.

Жогоруда аты аталган баатырлар 2010-жылдан кийинки кыргыз президенттери менен премьер-министрлеринин кызыкчылыктарын көздөгөн жана алардын сүрөмөсү, жөлөп-таяшы менен ушундай кызматтарга жана маяналарга жетишишкен.

Биздин “Кумтөр” алтын кениндеги булактарыбыз мындай маяналарга туйтунган жалпысынан 50дөн ашык кыргыз жарандарынын ысымдарын берүүгө убада кылышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2011-жылы Кыргызстанды Роза Отунбаева башкарып турганда УКМКчылар кыйнап өлтүргөн бажычы Ф.Физиевдин өлүмү боюнча чечим чыгарды

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанда кыйноолордон улам каза болгон Фирусхан Физиевге байланыштуу корутунду чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова тастыктады.

Корутундуда Кыргызстан жабырлануучунун кыйноолору жана өлүмү боюнча ыкчам, калыс жана натыйжалуу иликтөө жүргүзбөгөндүгү жана натыйжалуу укуктук каражаттарды камсыз кылбагандыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, 2011-жылы 1-августта Тажикстандын жараны Банюша Резазаде “Кылым Шамы” укук коргоо борборуна КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында каза болгон агасы Фирусхан Физиевдин өлүмүн иликтөө өтүнүчү менен кайрылган. Буга чейин күбө ага Физиевди Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери сабап өлтүргөнүн айткан.

«Ал мага 29-июнда саат 23:45 чамасында аны жана уулу УКМКга камакка алынып, аны сабап, күнөөнү мойнуна алууну талап кылышкандыгын, жарым сааттан кийин Фирусханды колуна кишен салып алып келишкенин айтты. Аны имараттын алдына алып барышып, ошол жерден аны УКМКнын 15 кызматкери мыкаачылык менен ур-токмокко алышкан, андан кийин аларды имараттын ичине киргизип, ар кайсы бөлмөлөрдө уруп-сабап турушкан, Алар жуунуп туруу үчүн гана эшикке чыгып турушкан. Ошол учурда ал Фирустун токмок жегенин көргөн. Фирусту таңкы саат бештер чамасында тез жардам унаасы менен УКМКдан алып кетишкен “, – деп Резазаде суракта айткан.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, тез жардам тобу Физиевдин өлүмүн каттоо үчүн келишкен.

“Денедеги көкалалар, баштын, бетинин, моюндун, буттарынын сыйрылышы, мээнин контузиясы, кабыргалардын, төш сөөктөрдүн, көкүрөк омурткалардын сынышы, ички органдарына кандын куюлушунун бардыгын Физиев бир учурда алган эмес. Денесиндеги жаракаттарды ал өлүмдөн бир аз мурун алган, алар травмалык шоктун өнүгүшүнө алып келген жана жалпысынан ден-соолукка олуттуу зыян келтирилген, натыйжада өлүмгө алып келген “, – деп айтылат медициналык экспертизанын корутундусунда.

Физиев көзү өткөнчө Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы инспектору болгон. Ал 44 жашта болчу.

Кармалган адамды кабыл алуу жайына алып барган УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн эки кызматкерине кылмыш иши козголгон. “Кылым шамынын” кызматкерлери жана жабыркаган тарап кылмыш ишин иликтеп чыгып, айыпталуучулар Физиевдин өлүмүнө күнөөсү жок деген бүтүмгө келишкен.

Учурда чыныгы кылмышкерлер аныктала элек жана кылмыш үчүн эч ким жазага тартыла элек.

“Кылым шамы” Физиевдин карындашына юридикалык жардам көрсөттү. Мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, укук коргоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз жөнөткөн. Комитет Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын бир нече беренелери бузулган деп тапты.

Видео - УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев АКШнын элчисинен кармалган Раим Матраимовду эмес, АКШда жашынып жүргөн Аскар Шадиевди кармоого жардам берүүнү өтүндү

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин Райымбек Матраимовдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан экинчи ирет кармалышына карата тараткан билдирүүсүнө байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге “NewTV” телеканалы атайын суроо узатты.

– Камчыбек Кыдыршаевич, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сиз жетектеген атайын кызмат экинчи ирет кармап, камакка алды. Ошого байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги дагы бир жолу атайын билдирүү таратып, анда “АКШ Райымбек Матраимовдун жемкорлукка жана кылмыштуу жол менен киреше табууга карата айыпталып кармалышын кубаттайт жана анын башка кылмыштуу мүлктөрүн, кирешелерин аныктоого көмөк көрсөтөт” деп айтылган. Андыктан УКМК жемкорлукка каршы күрөшүп жаткан негизги орган катары АКШнын сунган колун сумсайтпай, биргелешип иш алып баруу аракетин көрөсүздөрбү?

– Ооба, Америка Кошмо Штаттары биздеги элчилиги аркылуу ушундай билдирүүсүн экинчи ирет жар салды.

Албетте, биз укуктуу өлкө болгондуктан бардык мыйзамсыз аракеттер, коркунучтар, чакырыктар менен күрөш жүргүзүп жатканыбызга АКШ эле эмес, башка дагы өлкөлөрдүн кубатташы жагымдуу көрүнүш жана биз аны туура кабылдайбыз.

Анткен менен АКШ бийлигинин мындай тариздеги билдирүүлөрү сөз жүзүндө гана калып, иш жүзүндө натыйжасыз болуп жатат.

Мындай дегеним, эгерде АКШ чындап эле биздин жемкорлук менен күрөшүүдөгү астейдил аракеттерибизди колдосо, анда Кыргызстанда оор беренелер менен жемкорлукка айыпталып соттолгон Аскарбек Шадиевди бизге дароо өткөрүп берсе талапка ылайык болмок.

Тескерисинче, Шадиев бүгүнкү күндө АКШда ээн-эркин жашап, жада калса ишкердик менен алектенип жүргөндүгүн билебиз.

Эгерде АКШ бул иште чын ниеттен жардам көрсөткүсү келсе, ушул кадамы менен көрсөтсүн.

Эгер Шадиевди кармап келүүгө шарт түзүп берсе, керек болсо мен өзүм барып, кармап алып келүүгө даярмын.

Ал эми жемкорлук менен аёосуз күрөшүү биздин ички ишибиз.

Буйруса, биз өлкөбүздө адилеттикти жана акыйкаттыкты орнотуунун үстүндө талбастан тынымсыз аракеттерибизди өз алдыбызча күчөтө бермекчибиз!

Буйруса, жакынкы эле аралыкта биздин өлкөбүздө, коомубузда жемкорлук, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу терс көрүнүштөрдүн тамыры кыркылып, коркунучтуу илдеттердин жок болуп бараткандыгын элибиз сезе баштайт.

Булак: “NewTV” 

Фото - УКМК: Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча "Кыргызалтын" ААК Башкармалыгынын Төрагасы кармалды

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК ККК “Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын Төрагасы “У.Э.А.” тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган «У.Э.А.» алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган.

2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда “У.Э.А.” кармалды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “Кыргызалтындын” жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде “У.Э.А.” Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Башкы прокуратура: Абдил Сегизбаев боюнча 6 кылмыш иши тергелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан алты кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу 11-февралда Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, биринчи иш “Белизгейт” окуясына байланыштуу. Башкы прокуратура Сегизбаев 2016-жылы октябрь-ноябрь айларында Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын үч депутаты жөнүндө жалган маалымат тараткан деп эсептейт.

Экинчи иш – Бишкектин Көк-Жар конушунда атайын кызматта иштегендер үчүн салынган үйдөн бир прапорщикке үч бөлмөлүү батирдин берилишине байланыштуу.

Үчүнчү иш – УКМКнын үч кызматкери энчилүү курал менен сыйланышы тууралуу.

Төртүнчүсү – Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелери тууралуу маселеге байланыштуу.

Бешинчи иш – көзөмөл органынын маалыматына караганда, атайын кызматтын айрым жетекчилеринин 2017-жылы бюджеттин эсебинен чет өлкөлөргө барып келгени боюнча.

Мындан тышкары, Сегизбаев боюнча дагы бир иш жашыруун тергелип жатканы маалым болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге бир гана айып боюнча кабарлама тапшырылганын 11-февралда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда анын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирген:

“Азырынча ага бир гана иш боюнча кабарлама тапшырылган. “Белизгейт” боюнча. Башка эч кандай кабарлама болгон эмес”.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өмүрбек Суваналиев, генерал: ““Көзү ачык” Светлана Драганга ишенип алып, президенттикке дүрбөп чыгышкандар бүгүн ара жолдо калышты”

“Эсиңерде болсо, 14-октябрда Россиялык “көзү ачык” Светлана Драган кыргыз журналисттерине интервью берип, ал кезде буркан-шаркан түшүп кайнап жаткан кыргыз саясатынын келечегине көз чаптырып:  “ноябрдын аягында өтө курч окуялар болуп, өлкөдө саясый ситуация кескин өзгөрүп кетет, Садыр Жапаров президент болбой калышы мүмкүн, жаңы саясый лидер чыгат” таризинде божомол айткан, ошого ишенип алышкан көп саясатчылар дүрбөп, президенттикке аттанышкан”, – деп билдирди КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары Өмүрбек Суваналиев.

“Азыркы октябрда өтүп жаткан окуялар бул жөн эле башталышы, өтө курч окуялар ноябрдын аягында, болжол менен 30-ноябрда болот. Ага чейин, 20-ноябрларда азыркы саясый күчтөр “баары баарына каршы” принциби менен бири-бири менен тирешип, каршылаша башташат. Азыркы пикирлештер, саясый коалициялар бири-бирин сатышып, чилдей тарашат, муну баары бир чоң агрессияга алып келет. 24-ноябрда террористтик мүнөздөгү агрессивдүү аракеттер болушу мүмкүн, өтө курч абал 30-ноябрда түзүлөт, анын алдында бийлик үчүн өтө курч күрөш жүрөт…  25-26-ноябрларда Садыр Жапаров аскердик мүнөздөгү аракеттерди жасайт.., ноябрдын аягында… Ал ноябрдын аягында жасагандар аны легитимдештиргенин мен көрбөй турам, тескерисинче ал криминалдык драмага, бийликти басып алууга окшош… 8-9-декабрларда ал адамдагы коркуу сезимин дегеле жоготуп коёт, бирок өзүн сактап калат. Ошентсе да алгач өзү бириктирген күчтөрдүн арасына бөлүнүп-жарылуу алып келип, чачыратат, жаңы партнёрлорду табат…  9-декабрда өлкөдө кайрадан революциялык кырдаал түзүлөт… Бирок мен 2021-жылдын биринчи жарымында Садыр Жапаровду Кыргызстанда мамлекет башкаруучу катары көрбөй турам… Дегеле азыр өздөрүн кубаттуу күч катары көрсөтүп жаткандар өздөрүн-өздөрү жок кылып, февраль-марттан кийин лидер катары мен аларды көрбөй жатам…”, деп божомолдогон Светлана Драган.  Муну уккан саясатчылар “Садыр Жапаров болбой калса анда жаңы лидер мен болуп калбаймбы” деген үмүттө эле жанталашып, 63 киши арыз жазып, президенттикке жулунушту. Бирок ноябрда Драган айткандай эч нерсе болгон жок. Ал эми Садыр Жапаров тескерисинче күндөн-күнгө популярдуулугу өсүп баратат. Айрым алгач Садырды сындап чыккан президенттикке талапкерлер өздөрүнүн талапкердигин алып салып, Садырды мактап киришти… Региондор Садырды колдоп жатышат… Мындай учурда президенттикке талапкер болуп катталгандар да өздөрүн жоготуп коюшту. Азыр региондорго үгүткө Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров гана чыгып жатышат. Башка талапкерлер социалдык тарпмактарда гана “чача-пача” деп чыйылдашууда. Ал эми Мекенчилдер партиясы кууп чыккан “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү өздөрүнүн штабдарын кайра ачып, эч ким суранбаса деле Садыр Жапаровго иштеп жатышат. Рекламдык баннерлери бар ишкерлер да эч ким суранбаса деле баннерлерине Садыр Жапаровду илишип, үгүттөп жатышат… Анан президенттикке талапкерлер эмне кыларын билбей эсин жоготушуп, баары бир утуларын сезишип, Драгандын айтканына ишенип дүрбөп чыкканын эми түшүнүп, ара жолдо калышты. Саясый компанияларда “көзү ачыктарга” ишенбей, олуттуу саясый аналитикага ишениш керек”, – деди генерал Өмүрбек Суваналиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эрика Марат, профессор: “Раим Матраимовду Магнитскийдин тизмесине АКШ өкмөтү ушундай каалаганы үчүн эмес, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн толтурган документтеринин натыйжасында киргизилди”

“Магнитскийдин Глобалдык Актысынын тизмесине айрым инсандар АКШ өкмөтүнөн кимдир бирөөлөр иликтеп, ушундай чечим кабыл алганы үчүн киргизилбейт, адатта муну жергиликтүү жана эл аралык жарандык коомдун өкүлдөрү өздөрүнүн  тыкыр аракети менен далилдүү толтурулган документтеринин негизинде жасайт”, – деп жазды АКШнын Коргоо улуттук университетинин профессору, илимдин доктору, кыргыздын кызы Эрика Марат Раим Матраимовдун АКШдагы Магнитскийдин тизмесине киргизилгенин өзүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасында комментарийлеп.

“Журналисттердин сапаттуу журналисттик иликтөөлөрүнүн негизинде  активисттер Матраимов боюнча документтерди  өтө тыкан жыйнашкан. Бул өлкөнүн өнүгүшүндө ММКлар менен жарандык коомдун маанилүү экенин көрсөтөт”, – деп жазат Эрика Марат.

“Тамашасы жок эле айтам, бардык клептократтар менен адам укугун бузуучулар мындан ары Кыргызстандан АКШнын жана Евросоюздун кара тизмелерине киргизүү үчүн арыз берүүнүн эффективдүү каналы ачылганын билип жүрушү керек”, – деди профессор.

“Азырынча Борбордук Азиядан Магнитскийдин Глобалдык Актысынын тизмесине Гүлнара Каримова менен Раимбек Матраимов гана киргизилди. Бирок адам укугун бузгандардын арасында бул тизмеге киргизүүгө татыктуу инсандар өтө көп. Демек бизден дагы жаңы кейстер болот”, – дейт Эрика Марат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинен Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиевди кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жигиттери “Потап” менен “Тоша” сүрүп чыгарган

“Жөн эле эсиңерге сала кетейин дедим, бул сүрөттө “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын депутаттыкка талапкерлер тизмесине кирүүгө жанталашып, аларга кудайындай сыйынып жаткан Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиев. Эми мындан кийин бул “крокодилдердин” бир да сөзүнө ишенбегиле”, – деп билдирди бүгүн,16-декабрда журналист Адил Турдукулов Twitter социалдык тармагындагы баракчасында.

Эске сала кетсек, бирболчу Акылбек Жапаров менен атамекенчи Каныбек Иманалиев чынында эле 19-августта “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын шайлоо алдындагы съездине катышып, партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесине киргизилген эле.  Бирок партиянын көмүскөдөгү теңтөрагасы Раим Матраимовго көмүскөдөгү экинчи теңтөрагасы Камчы Көлбаев телефон чалып, “Табылга” партиясынын мүчөлөрү: “Потап” каймана аты менен белгилүү Талант Сарбагышев (Чолпон-Ата шаарынын мэри) менен “Тоша” каймана аты менен белгилүү Туганбек Чолпонбаевди (Каракол шаардык кеңешинин депутаты) тизменин арт жагынан алды жагына жылдырууну суранат.

Раим Матраимов тизменин алдындагы Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиевди ыргыта чаап, 17-катарга Талант Сарбагышевди жана 29-катарга Туганбек Чолпонбаевди коёт. Ошентип Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиев талаада калышат. Анткени ал учурда башка партиялардын баары эбак эле тизмелерин түзүп, съезддеринде бекитип да алышкан эле.

Бул эки баатыр бүгүн да ызы-чуунун үстүндө жүрүүдө: Акылбек Жапаровдун аялына жаздырган бир бизнесинен 200 млн сомдук салык жашыруу такталып, азыр аны элдин казынасына төлөп берүүдө. Ошондой эле Акылбек Жапаров Максим Бакиевге караштуу Канттагы МИСИни кантип өзүнө жаздырып алганын же Жаныш Бакиевге караштуу Жеңиш аянтынын бет маңдайындагы мейманканага кантип ээлик кылып келе жатканын да калайык калкка түшүндүрүп, кайтарып берсе жакшы болот эле.

Ал эми Каныбек Иманалиев тарыхый эстелик катары таанылган “Эркин Тоо” басмаканасын алдамчылык жол менен “прихватташтырып” алганын мойнуна алып, эл эсебине өткөрүп берсе укук коргоо органдары козгогон кылмыш иши да жабылып калат беле.

Баса, депутаттар Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиев кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Раим Матраимовдун ысымдарын оозангандан да коркушабы, айтор коомчулук булардын оозунан бул ысымдардын чыкканын али уга элек.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео - Медер Алиев, юрист: "2010-жылы Конституцияны эбегейсиз мыйзам бузуулар менен кабыл алышкан"

“2010-жылы Конституция кабыл алынып жатканда эбегейсиз мыйзам бузуулар болгон. Ал декрет менен кабыл алынган. Мыйзамда декрет деген түшүнүк жок. 2010-жылы Конституция мыйзамда жок нере менен кабыл алынган” – деди юрист, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Медер Алиев жергиликтүү телеканалга берген маегинде.

“Экинчи маселе. Ал убакта Жогорку Кеңеш жаманбы-жакшыбы турган, алар деле Конституцияны кабыл алганга макул болчу. Бирок, декрет менен негизсиз таратылган. Ал эми азыр жагабы жакпайбы мыйзамдуулукту сактап, парламент калды. Парламент Конституциялык реформага түрткү берди. Азыркы Конституциялык реформага каршы чыккандар “2010-жылы Конституция жалпы коомго түшүндүрүү иштери жүргөн. элдин 90% колдогон” дешет. Ал убакта Кыргызстандын түштүгүндө кандуу окуялар болуп жаткан. Мындайча айтканда, ал убакта эл Конституция менен алек болууга мүмкүнчүлүк жок болгон. Эч ким аны окуган эмес, изилдеген эмес. Эптеп эле тынчтык орносун деп эл добушун берип койгон. Конституция деген бул коомдук келишим да. Жалпы коом өзүнүн идеяларын айтып, ошол документти түзөт. Ошондо, кичинекей топ өзүнүн пикирин элдин үстүнө жүктөп койду. Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы ушул менен жашайыңар деп. Бул деген адамгерчилик сапатка жатпайт да” – деди ал.

 

Меню