Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

АКШ бир нече кыргыз компаниясына санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилди.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган”, – деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Буга кошумча АКШ Орусиядагы бир катар ишканаларга жана Бириккен Араб Эмираттарындагы бир компанияга да санкция салды.

20-июлда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү Бишкекте былтыр ачылган RM Design and Development ишканасы жана “ГТМЕ Технологии” жабык акционердик коому Кыргызстандан Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга туш болгон микрочиптерди жөнөтүп жатканын көрсөткөн. RM Design and Development компаниясынын кожоюндары бул товарлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. “ГТМЕ Технологии” ишканасынын жетекчилиги “коммерциялык сыр” деген жүйө менен Орусияга жөнөтүлгөн микрочиптер тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Өзбекстан-Пакистан-Ооганстан (Транс-Ооган) темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы башталды

Ташкентте Өзбекстан, Пакистан жана Ооганстан өлкөлөрү Транс-Ооган темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасына киришти. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар каражат тартуунун механизмдерин, курулуш, техникалык маселелерди жана долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтүн талкуулашууда.

Транс-Ооган темир жолунун курулуш долбоору 2018-жылы жарыяланып, иш 2021-жылдын сентябрында башталышы керек болчу. Бирок Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан кийин долбоорду жүзөгө ашыруу кечеңдеген.

2022-жылы июлда Өзбекстан, Пакистан жана Ооганстан “Термез-Пешовар” транс-ооган темир жолун куруу боюнча практикалык иштерди баштаганы маалымдалган.

“Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу долбоорунун сметалык баасы 5 миллиард долларды түзгөн. 2022-жылы декабрда “Пакистан темир жолунун” катчысы Зафар Ранжа долбоордун жаңы сметалык баасы 8,2 миллиард долларды түзгөнү тууралуу билдирүү тараткан.

Дээрлик 600 чакырымдык темир жол салынса, Өзбекстан менен чөлкөмдөгү өлкөлөр Пакистандын деңиз портторуна чыга алышат.

Долбоор толук кандуу ишке кирсе, Өзбекстандан Пакистанга азыркыдай 35 күндө эмес, 3-5 күндө товар жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Стандарт деңиз контейнерин көздөгөн жерине жеткирүүнүн баасы үч эсе арзандайт. Бул жол менен жылына 10 миллион тоннага чейин жүк ташууга болот.

Германия ИИМи борборазиялыктардын кармалышы боюнча маалымат берди

Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер полиция Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган жети кишини кармоо менен террордук актынын алдын алганын билдирди.

“Жети кишини камакка алуу менен коопсуздук органдары исламчыл терроризмге олуттуу сокку урууга жетишти. Муну ишке ашырган бийлик органдарына, биринчи кезекте биздин министрликке жана Федералдык Кылмыш полициясына, ошондой эле чечүүчү салым кошкон ички чалгындоо кызматына ыраазычылык билдирем”, – деди Фезер.

Өткөн жумада Германиянын Башкы прокуратурасы Германия менен Нидерландда теракт уюштурууну көздөгөн жети борборазиялык кармалганын билдирген. Анда алардын бешөө тажик, бирөө кыргыз жана дагы бирөө түркмөн жарандары экени кабарланган. Маалыматта кармалгандар бири-бирин көптөн бери билгени, Германияга Украинадан согуш башталгандан көп өтпөй барганы жазылган.

Борборазиялыктар 2022-жылы террордук уюм түзүп, Германияда бутага алчу жерлерди караштырып, курал-жабдык табуу аракетин көрүп жүргөн деп шек саналууда. Прокуратура билдиргендей, кармалган маалда алардын кайсы бир жерге кол салуу боюнча так пландары болгон эмес.

Reuters агенттиги жазгандай, кармалгандардын арасында Аброржон аттуу кыргызстандыктан башкасынын баары 2022-жылдын апрелинен тарта “Ислам мамлекети” террордук уюму үчүн да акча чогултуп, бир нече ирет чет өлкөдөгү эсептерге каражат которууга да жетишкен.

Германия менен Нидерландда борборазиялык жарандар террорчулук шеги менен кармалды

Германия менен Нидерланд полициясы террордук чабуулдарга даярданган деп шек менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тогуз жаранын кармады.

Германиянын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыргызстандык, түркмөнстандык жана беш тажикстандык жаран кармалган. Алардын шериктери: тажикстандык жана кыргызстандык жубайлар да колго түшкөн.

Кармалгандар террордук уюм түзүүгө жана анын ишине катышууга, ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмун колдоого шектелишүүдө.

Маалыматка караганда, кармалгандар бири-бирин көптөн бери билишкен жана баары Германияга Украинадан, ал жакта согуш башталгандан көп өтпөй барышкан.

Алар ошол эле 2022-жылы террордук уюм түзүп, Германияда бутага алчу жерлерди караштырып, курал-жабдык табуу аракетин көрүп жүрүшкөн. Прокуратура билдиргендей, алардын кармалган маалда кайсы бир жерге кол салуу боюнча так пландары болгон эмес.

Шектелгендердин соту 6-7 июль күндөрү өтүп, алардын бөгөт чарасы каралат.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кармалган кыргызстандыктар тууралуу азырынча маалымат бере элек.

"Вагнердин" жоочулары Липецк жана Воронежден чыгып кетүүдө

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын куралдуу күчтөрү ишембидеги козголоң аракетинен кийин Липецк жана Воронеж облустарынан чыгып кетүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин кайда экени белгисиз.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, “Вагнердин” жоочулары аймак аркылуу “ырааттуу түрдө жана эч кандай маселе жаратпастан” чыгып жатат. Гусев “Вагнердин” аскерлери аймактан толугу менен чыгып кеткенден кийин жарандардын жолдордо жүрүүсүнө коюлган чектөөлөр алынарын билдирди. Губернатор келтирилген зыяндын ордун толтурууга чара көрүүнү убада кылды.
Липецк облусунун бийлиги “вагнерчилер” толугу менен аймактан чыгып кеткенин кабарлады. Облуста соңку кырдаалга байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынып, транспортук кыймыл калыбына келтирилди.
Чеченстандын атайын күчтөрүнүн “Ахмат” батальонунун командири Апты Алаудиновдун айтымында, анын аскерлери Украинадагы “атайын аскердик операция болгон аймакка” кайтып жатышат. Буга чейин “Ахмат” “Вагнердин” куралдуу козголоңуна каршы Ростовго жөнөтүлгөн, бирок ал келгенде кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилип калган.
Ростов-на-Дону шаарынын мэри Алексей Логвиненконун айтымында, “Вагнердин” оор бронетехникасы 10 миң чарчы метр жолдун аянтын жарактан чыгарган. Түштүк аскер округунун штабы жайгашкан Буденнов проспектиси эң көп зыян тарткан. Шаар бийлиги эки күндүн ичинде жолдорду оңдоп берүүнү убада кылды.
Липецк облусунда “Вагнердин” техникасын тоскоол болуу үчүн экскаваторлор менен жолдор казылган. Учурда ошол жолдорду дагы оңдоо иштери жүрүп жатат.

Москвада мигранттарды жапырт текшерип жатышат

Орусиядагы мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт бөлүмдөргө алып кетип жатканын билдирди.

Учурда интернетте полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тарап жатат.

Разыкуловдун айтымында, Москвадагы “Текстильщики” метросунун алдындагы бир эле кармоочу жайда 150 мигрант кармалып турат. Алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыздар, жыйырмага чукулу гана Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 5 миң рубль айып пул салынып, ишин сотко өткөрүшүүдө.

Тышкы иштер министрлиги 24-июнда таркаткан маалыматка ылайык, Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги аларга укуктук кеп-кеңештерди уюштурууда. 23-июнда элчилик Орусиянын Ички иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунун жетекчиси А.Лагода жана Москва шаары боюнча соттук пристав О.Писакин менен жолугушкан. Аталган борбордо кармалып турган аялдар (25 адам) кармоо шарттары боюнча даттануулары жок экенин билдиришкен.

Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” аттуу рейддин биринчи этабы жүрүп жатат. Экинчи этабы октябрь айына пландалган. Иш-чара март айында ЖККУга мүчө өлкөлөр менен макулдашылганы маалымдалган.

Волгограддагы Курандын өрттөлүшүнө каршы Чеченстанда митинг өттү

Сүрөттө Волгоградда Куран өрттөгөн 19 жаштагы Россия жараны Никита Журавель

Чеченстандагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери менен студенттер Куран китебинин өрттөлүшүнө каршы Грозный шаарында өткөн митингге катышууга милдеттендирилген. Бул тууралуу “Кавказ.Реалии” басылмасы калаа тургундарына шилтеме кылып кабарлады.

Волгоград шаарындагы мечиттин алдында мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Куран китебин өрттөө учуру тартылган видео социалдык түйүндөргө 19-майда жарыяланган.

Грозный шаарындагы митингде сүйлөгөн Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов “мусулмандардын сезимине акаарат келтирген” акцияны Украинанын жана Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары каржылаганын билдирди. Ошол эле маалда ал бул сөздөрүнө эч кандай далилдерди келтирген жок.

Чечен бийлигинин маалыматына караганда, митингге жалпысынан 60 миң киши катышты. Алар колдоруна Рамзан Кадыровдун сүрөттөрүн жана “Ыйык китепке тийбе!”, “Менин диним – менин жашоом!” деген жазууларды кармап турушту.

Грозный шаарында окуган студенттердин бири “Кавказ.Реалии” сайтына билдиргендей, окуу жайдын жетекчилиги алардан түшкү саат экиге калаанын борборуна чогулууну талап кылган. Тургундар өлкөдөгү мамлекеттик мекемелер менен мектептер да жогору жактан ушундай тапшырма алышканын билдиришти. Алар митигге бир нече адамдан жөнөтүүгө милдеттендирилген.

Жергиликтүү ЖМКлар кабарлагандай, 23-май күнү эртең менен “Чеченстандын жүрөгү” деген мечитке да миңдеген тургун чогулуп, Курандын өрттөлүшүнө нааразылык билдиришкен.

“Динге ишенген адамдардын сезимине акаарат келтирүү” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Волгограддын 19 жаштагы тургуну Никита Журавель кармалган. Ал күнөөлүү деп табылса үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дүйшөмбү күнү жергиликтүү сот аны эки айга – 20-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Сотто Журавель мусулмандардан кечирим сурап, өз кылганын “өтө жаман иш” деп атаганы кабарланган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Журавель Куранды украин атайын кызматынын тапшырмасы менен 10 миң рубль үчүн өрттөгөн. Мындан тышкары ал шаардагы аскердик объектилерди видеого тартканын да мойнуна алган.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин бул ишти Чеченстандын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү тууралуу буйрук чыгарды. Анын айтымында, буга “Чеченстандын тургундарынан аларды жабырлануучу деп таануу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келгени” себеп болду.

Сингапурдун президенти Ташкентке катардагы аба каттамы менен учуп барды

Сингапурдун президенти Халима Якуб 23-майда Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды.

Маалыматка караганда, Якуб Астанадан Ташкентке Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын катардагы каттамды аткарган Airbus A320 учагы менен барды. Ташкент аэропортунда аны Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Зулайхо Махкамова, тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана Ташкент мэринин милдетин аткаруучу Шавкат Умурзаков тосуп алды.

Сингапур президенти 25-майга чейин созула турган сапарынын алкагында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев баштаган бир катар расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, эки өлкөнүн бизнес-форумуна катышат деп күтүлүүдө.

Быйыл январда Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Сингапурга барып келген.

“Википедиядагы” маалыматка ылайык, адатта Сингапурдун президенти, премьер-министри жана башка расмий адамдары чет өлкөлүк сапарларга катардагы аба каттамдары менен учуп барышат.

Орусияда ОМОН 100дөн ашык тажикстандык студентти сабады

Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында билим алып жаткан тажикстандык студенттер ОМОН тарабынан катуу сабалганын билдиришти.

Азырынча бул окуя боюнча Орусия менен Тажикстандын бийлик органдары эч кандай комментарий бере элек.

Студенттердин айтымында, окуя 19-май күнү эртең менен Техникалык университеттин жатаканасында болгон.

“ФСБ кызматкерлеринин коштоосунда келген ОМОНчулар алгач жатаканадагы видеобайкоо камераларын өчүрүп, андан соң эч кандай мыйзам бузбаган студенттерди ур-токмокко ала башташты. Алар беткап кийип, тапанча жана электр шокерлер менен куралданган. Колдоруна кастет сыяктуу атайын колкаптарды кийип алышкан. Жатаканада башка улуттагы студенттер да бар болчу, бирок эмнегедир тажикстандыктарды гана сабашты. Кийин баарын тизип алып документтерин текшеришти”, – деди тажикстандык студенттердин бири.

Ал ОМОНчулар алты тажик студентин кармап кетип, сурактан кийин кайра кое беришкенин билдирди.

“Ур-токмоктон улам 15 студент олуттуу жаракаттарды алды. Алардын айрымдарына операция талап кылынууда”, – деп кошумчалады ал.

Студенттер 20-майда Тажикстандын Орусиядагы элчилигине телефон чалып, жардам сурашкан.

Буга чейин “Озоди” радиосу акыркы апталарда Орусияда тажик мигранттарына карата рейддер күчөгөнүн кабарлап, аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканы тартылган бир нече видеотасманы жарыялаган.

Өткөн жумада Москва облусундагы Котельники шаарынын тургундары мигранттардын “ээн баштыгын” токтотуу өтүнүчү менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасашкан. Алар шаарда “тажик анклавы” түзүлгөнүн жана “жашоо кооптуу болуп калганын” айтышкан.

19-майда Президентке караштуу улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөн Путин мигранттар Орусиянын эрежелери менен салт-санаасын сыйлашы керектигин айткан.

Орусияда эмгек мигранттарына каршы күч колдонгон "рейддер" көбөйдү

Санкт-Петербург полициясы шаардагы “Лахта борбордун” курулуш талаасында иштеп жүргөн мигранттардын тобун кармап кетти.

Окуя 19-майда түшкү тыныгуу маалында болгон.

“Тажикстандык жана өзбекстандык мигранттар тамактануу үчүн сыртка чыгышкан. Ошол учурда полиция кызматкерлери келип, 15-20 кишини кармап кетишти. Мигранттардын колу-бутун кайрып, начар мамиле кылышты. Бирок албетте алардын эч кимиси полицияга каршы даттанбайт, баары коркуп турушат. Эгер даттанса депортация болуп же иштен кетип каларын жакшы билишет”, – деди аты-жөнүн айткысы келбеген мигранттардын бири.

“Озоди” радиосу жарыялаган видеотасмада мигранттарды автобуска салып жаткан полиция кызматкерлери алардын бирин жерге кулатып, колун кайрып жатканын көрүүгө болот. Топтолгон мигранттар анын бардык документтери жайында экенин жана полициянын бул аракети мыйзамга каршы келерин айтып, нааразылык билдиргенде гана аны тургузуп, автобуска салып кетишкен.

Орусиянын бийлиги “Газпром” корпорациясына таандык “Лахта борбордо” иштеген мигранттардын кармалышы боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Бул акыркы күндөрү Орусияда мигранттар кармалган алгачкы учур эмес. Буга чейин Екатеринбург шаарында “Мыйзамсыз мигрант” деп аталган рейд жүргүзүлгөнү кабарланган. Шаардык полиция бөлүмүнөн анын максаты – “миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо” экенин билдирген.

Орусияда иштеп жүргөн тажик жарандары да акыркы кездери мигранттардын документтерин текшерүү жана кармап кетүү фактылары көбөйгөнүн билдирүүдө. Алардын бири “Озоди” радиосуна 19-20-май күндөрү Котельники шаарындагы мигранттарды кармап кетүү учуру тартылган видеотасманы жөнөткөн.

Тажикстандык укук коргоочу Мухаммаджон Собиров акыркы күндөрү ага мигранттардын кармалганы боюнча бир нече кайрылуу болгонун билдирди. “Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды кармоо учурлары көбөйдү. Кармоолор 19-майда Тынчтык проспектисинде жайгашкан мечиттеги жума намазынан кийин башталды. Мындай көрүнүштөр башка мечиттерде да болгону кабарланууда. Азыр Орусияда абал оор. Бийлик түрдүү шылтоолор менен мигранттарды кетирип, алардын ордуна өз жарандарын ишке орноштурууга аракет кылып жатат”, – деди укук коргоочу.

Собировдун айтымында, 20-майда мындай “рейддердин” биринде “бардык документтери жайында болгон жана эмгек келишимдери бар” бир нече мигрант кармалган. “Биз эки тажик жаранынын иши боюнча доо арыз бердик. Жыйынтыгында аларды камакка алуу тууралуу төмөнкү баскычтагы соттун чечими жокко чыгарылып, мигранттар кое берилди”, – деди укук коргоочу.

Буга чейин Орусиянын бийлиги 17-майда Москва облусунун Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын “ээн баштыгын” токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон. Алар шаарда “тажик анклавы” түзүлгөнүн жана “жашоо кооптуу болуп калганын” айтышкан.

Өткөн жылы Москва шаарынын өзүнөн эле 400 миңге жакын мигрант өз мекендерине депортацияланганы кабарланган.

Меню