Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

АКШ Орусиянын таасирин азайтуу үчүн Европага газ жеткирүүнү көбөйтүү ниетинде

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШнын суюлтулган жаратылыш газын Европа өлкөлөрүнүн Орусиядан көз карандылыгын азайтуу максатында саясий курал катары колдонууну каалайт. Бул тууралуу Reuters Акүйдөгү булактарына таянуу менен билдирүүдө.

АКШ Европага суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдө америкалык компанияларга жеңилдиктерди берүүнү көздөөдө. Агенттиктин маалыматы боюнча, Тармп бул тууралуу Гамбургдагы “Чоң жыйырмалыктын” алдында 6-июлда Варшавада өтө турган “Үч деңиз” саммитинде айтат.

“Үч деңиз” тобуна Адриатика, Балтика жана Кара деңизде жайгашкан европалык 12 өлкө кирет. Алардын арасында Польша, Австрия, Венгрия, Латвия жана Эстония бар. Саммиттин башкы темасы – Европадагы орусиялык долбоорлорго карата альтернатива түзүү.

НАТОнун жогорку кызматтагы өкүлү Жеймс Жонс америка суюлтулган газын жеткирүүнү көбөйтүү – энергияны башкы курал катары колдонгон Орусиянын аймактагы таасирин азайтат деп эсептейт. Демилгени Республика партиясындагы Трамптын тарапташтары дагы колдоду.

Европа биримдиги жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан импорттойт, айрым өлкөлөрдө бул көрсөткүч 75% чейин жетет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Пхеньян кайрадан баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү

Шейшембиде Түндүк Корея кезектеги баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөрдү деп билдирди Түштүк Корея өкүлдөрү.

Жапон бийлигинин эсеби боюнча ракета коё берилгенден 40 мүнөттөн кийин Жапон деңизине – Жапониянын экономикалык эксклюзивдүү зонасына түшкөн. БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы одоно бузулгандыгы үчүн Токио Пхеньянга чечкиндүү түрдө каршылык билдирүүдө.

Пхеньян баллистикалык сыноолорун Кошмо Штаттардын Көз карандысыздык күнү майрамын жана “Чоң жыйырмалык” саммитин утурлай сынады. Иш-чарада АКШ, Кытай, Жапония, Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракеталык жана өзөктүк программаларын жоюу чараларын талкуулашмакчы.

Дүйшөмбүдө АКШ президенти Дональд Трамп Жапония жана Кытай жетекчилери менен түндүк кореялык өзөктүк программалар жөнүндө телефон аркылуу сүйлөшкөн. Өткөн аптада Түштүк Корея президенти Мун Жэин менен жолугушуу учурунда Трамп аны Пхеньяндын чагымдарына чечкиндүү түрдө жооп берүүгө чакырган.

Түштүк Корея июнда дагы бир катар ракеталык сыноолорун өткөргөн болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

CNN Трамптын кабарчыларды мазактаган видеосун айыптады

АКШ президентинин Твиттерде жарыялаган адаттан тыш видеосун журналисттер CNN жана башка медиалар менен Дональд Трамптын ортосундагы жаңжалды өөрчүтөт деп баалашууда.

Президенттин 2-июлда Твиттерде жайгаштырган видеосу мындан бир нече жыл мурун тартылган. Тасмадан ошол кездеги бизнесмен Трамптын рестлинг мелдешинде рингден кулап түшкөн балбанды сабап жатканын көрүүгө болот. Бирок спортчунун бети CNN деген электрондук беткап менен жабылган.

Америкалык ММКлар салттуу түрдө президенттер менен тартышып келишет, бирок Дональд Трамп журналистер менен кагылышууда жаңы кадамга барганы белгиленүүдө.

CNN кабарчыларга карата зобулукту колдогон президенттин позициясы аянычтуу экенин жарыялады. “Биз өз ишибизди жасоону улантабыз. Президент өз милдетин аткара баштоосу абзел” деп айтылат билдирүүдө.

Дональд Трамп АКШ президенти кызматына киришкенине алты ай болду. Коомдук пикирди сурамжылоолор көрсөткөндөй, америкалыктар арасында анын кадыр-баркы төмөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Араб өлкөлөрү Катарга берилген мөөнөттү 48 саатка узартты

Сауд Арабиясы, Бириккен Араб эмириги, Египет жана Бахрейн өлкөлөрү Катардын коюлган шарттарды аткаруусу үчүн берилген мөөнөттү 48 саатка узартышты. Мындай чечим дүйшөмбүдө Доха менен төрт араб өлкөсүнүн ортосундагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылып жаткан Кувейттин өтүнүчү менен кабыл алынды. Мурдагы мөөнөт боюнча Катар коюлган талаптар боюнча 3-июлда жооп бериши керек болчу.

Бул өлкөлөр Катарды терроризмди колдоого айыптап, Доха менен бардык дипломатиялык жана экономикалык мамилелерин токтотушкан. Коюлган талаптар аткарылбаса Араб өлкөлөрү Катарга жаңы санкциялар киргизилерин эскертишкен.

Алардын арасында “Аль-Жазира” телеканалын жабуу жана Иран менен дипломатиялык кызматташтыкты токтотуу шарттары бар. Андан сырткары алар Доха өз аймагындагы түрк аскер базасын жаап, Анкара менен бул багытта кызматташуусун токтотушу керектигин билдиришүүдө. Араб өлкөлөрүнүн ортосундагы бул жаңжалда Түркия Катарды колдоп чыккан. Каатчылык башталгандан бери ал өлкөдөгү түрк авиабазасына эки жолу кошумча күчтөр жана аскерий техника жеткирилди.

Катардын ТИМ башчысы араб өлкөлөрү талаптар аткарылбай тургандыгын билип атайын ушундай кадамга барганын билдирген. Доха өзүнө карата айтылып жаткан бардык айыптоолорду негизсиз деп эсептөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Башар Асаддын сүрөтү улуттук банкнотко басылды

Сириянын президенти Башар Асаддын сүрөтү алгачкы жолу улуттук акчада пайда болду. Борбордук банктын төрагасы Дураид Дургхам 2000 фунттук (3,9 доллардын тегереги) банкнот бир жыл мурун эле басылып чыкканын, бирок аны жүгүртүүгө киргизүү согуштан улам кийинкиге калтырылганын айтты.

Буга чейин улуттук валютада тарыхый инсандардын жана мурдагы президент, Башардын атасы маркум Хафез Асаддын сүрөтү гана басылып келген.

Жарандык согуш алты жылдан бери токтобой келаткан Сирияда валютанын куну өтө төмөндөдү. Жаңы акча басылып чыкканга чейин өлкөдө эң чоң валюта 1000 фунт болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ак үй: Трамп менен Путин июлдун башында Гамбургда жолугат

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен июлдун башында, «чоң жыйырманын» саммитинде жолугат. Бул тууралуу Трамптын улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер бейшембиде расмий билдирди.

Ал эки лидер талкуулай турган маселелер азырынча аныктала электигин белгиледи.

Бул Трамптын президент болуп келгенден кийинки Путин менен алгачкы жолугушуусу болот.

28-июлда бул жолугушуу тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирип, «Вашингтондогу русофобиялык маанай» Орусия менен АКШнын дүйнөлүк маанилүү көйгөйлөрдү биргеликте чечүүсүнө тоскоолдук кылып жатканын белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШда алты өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө киргизилген чектөө иштеп баштады

Алты мусулман өлкөнүн жарандарынын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салган эреже күчүнө кирди. Бул Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен. Жаңы чектөөлөргө ылайык, аталган өлкөлөрдүн жарандарына эгер алардын АКШда туугандык же жумуш боюнча байланышы жок болсо киргизилбейт.

Алты мусулман өлкөсүнүн виза алууга бел байлаган жарандарынын АКШда жакын үй-бүлө мүчөсү – жубайы же жолдошу, баласы же кызы, күйө баласы же келини, ошондой эле бир тууганы жашап турууга тийиш. Ошол эле учурда чоң ата-чоң энеси, ага-ининин балдары болсо, анда виза берилбейт.

Мурда пландалгандай, виза алуу алдындагы маектешүү жокко чыгарылбайт. Бирок АКШга баруу үчүн арыз тапшыргандардын баары Кошмо Штаттардагы туугандары же компаниялар менен жакшы мамиледе экенин далилдеп, текшерүүлөрдөн өтүшү шарт.

АКШда бозгундарды кабыл алууну 120 күнгө токтотуу жана жылына алардын санын 50 миң адамга чейин чектөө эрежеси дагы күчүнө кирди. Ошол эле маалда АКШда туугандары бар качкындардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нью-Йоркто Иранга таандык көк тиреген имарат конфискацияланды

Бейшембиде Нью-Йорктун сот арачылары шаардагы Иранга таандык 36 кабаттуу имаратты конфисакциялады. Манхэттендин чок ортосунда жайгашкан имарат расмий түрдө иран-америкалык “Алави” кайрымдуулук коруна таанык болгон.

Прокурорлордун ырасташынча, кыймылсыз мүлктүн чыныгы ээси – иран өкмөтү. Тегеран кайрымдуулук корунун атына жамынуу менен экономкалык санкцияларга карабай, имаратты пайдалануудан келип түшкөн кирешелерге ээлик кылып турганы айтылууда.

“Алави” ишин териштирүү тогуз жылга созулган. Фонд өкүмгө макул болбой, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди.

Наркы 500 миллиондон миллиард долларга чейин турган имаратты сатуудан түшкөн пайда эл аралык терроризмдин курмандыктарына компенсация төлөөгө жумшалат. Нью-Йорк арачыларынын чечими боюнча, бийлик Иранга таандык болгон башка кыймылсыз мүлктөрдү да алышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сириянын демократиялык күчтөрү ИМдин "борборун" курчоого алышты

АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун административдик борбору саналган Ракка шаарын курчоого алды.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, араб жана күрттөрдөн турган күчтөр согушкерлерге шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген акыркы жолду бууп коюшту.

“Ислам мамлекети” тобу Ракка шаарын 2017-жылдан бери көзөмөлдөйт. Шаарда 4 миң согушкер бар деп жоромолдонуп келет. Апта башында Сириянын демократиялык күчтөрү шаардын жанындагы Ал-Кадисия районундагы согушкерлерди сүрүп чыгарган.

Ал тапта Ирак күчтөрү Мосул шаарындагы тарыхый мечиттин аймагын согушкерлерден бошоткону белгилүү болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Памир жашоочулары ак илбирсти туткундан бошотушту

Памирдеги Бартанг айлынын жашоочусу “аңчылыктан” кийин күчүктөрү менен жергиликтүү тургундун кепесинде адашып калган ак илбирсти бошотту.

Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Бартанг айлынын жашоочусу Гайибназар Курбоншоев 28-июнда короодогу малга киргенине карабай, ак илбирсти бошотконун билдирди.

“Биздин кепелердин чатырында кернейлер жайгашкан. Алар аркылуу илбирстер ичкери киришет. Алар биздин малды кырышат. Мал биздин бар байлыгыбыз болгону менен ак илбирс Кызыл китепке киргизилген сейрек жаныбар экенин билебиз. Мындан улам жашоочулар аларга өчөшпөй, коё беришет”,- деди жергиликтүү тургун.

Америкалык “Пантера” уюмунун маалыматы боюнча, өткөн кышта илбирстер 70 баш малды жок кылган. Жалпысынан Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун аймагында 300дөй ак илбирс катталган. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Уникалдуу видео: ак илбирс кепеден качып чыгууда:

https://www.youtube.com/watch?v=_RcIJavvvm0&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню