Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Песков: Путин Трамп менен G20 саммитинде жолугушу мүмкүн

Орусия жана АКШнын президенттери июлдун башында Гамбургда өтө турган «Чоң жыйырмалыктын» саммитинде жолугушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусия мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ал CNN телеканалына берген маегинде Германиянын Гамбург шаарында өтчү саммит эки өлкө башчысы тең катыша турган алгачкы иш-чара болорун айтты.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен качан жолугарын билбей турганын айткан.

Трамп инаугурациясынан көп өтпөй Путинге телефон чалып сүйлөшкөн. АКШ жана Орусия президенттери бири-бири тууралуу жакшы пикирлерин айтып келишет. Кошмо Штаттарда Трамп жана анын айланасындагылар Орусия менен байланышта болгон деп сынга алынууда.

АКШнын атайын кызматтары Орусияны америкалык шайлоого кийгишүүгө жана Демократиялык партиянын компьютерлерине чабуул коюуга айыптоодо. Кремль болсо ал кинелерди четке кагып келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Стамбул менен Роттердамда нааразылык акциялары өттү

Түркияда жекшемби күнү наарызылык акциясына чыккандардын бири Нидерланддардын Стамбулдагы консулдугуна кирип барып, падышачылыктын туусун түрктөрдүкүнө алмаштырды. Күн мурун эки өлкө ортосундагы чыңалуудан улам коопсуздук маселесине байланыштуу консулдук убактылуу жабылган.

Голландиялык дипломаттардын үйлөрү жана консулдук имараты полициянын кайтаруусунда болгонуна карабастан демонстрант өкүлчүлүктүн чатырына чыгып кеткен. Ал тууну алмаштырган соң “Аллоху Акбар” деп кыйкырып, качып кеткен. Бир нече мүнөттөн соң Нидерланддардын туусу өз ордуна коюлду.

Стамбулдагы Нидерланддардын консулдугунун алдына жүздөй адам чыкты. Алар Нидерланддардын бийликтери Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учагын кондурбай койгонуна нааразычылык билдиришти. Акцияга чыккандар консулдуктун имаратынын алдына кара гүлчамбар коюп “Нидерланддар биздин чыдамыбызды сынабагыла” деп кыйкырып турушту.

Ушундай эле митинг Нидерланддардын Роттердам шаарындагы Түркиянын консулдугунун алдында өттү. Нидерланддардын тышкы иштер министри туунун алмаштырылышына байланыштуу билдирүү жасап, эки ортодогу кырдаалды “түшүнүксүз” деп атады. Нидерланддардын өкмөтү Анкара Түркиянын аймагындагы бардык дипломатиялык миссиялардын коопсуздугу үчүн жооп берерин эскертишти.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШнын атайын чабарманы: Мосулдагы бардык жоочулар "өлөт"

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын АКШ боюнча атайын чабарманы Мосулда калган жоочулардын баары тындым болорун билдирди. Бретт Мак Гурктун 12-мартта жасаган билдирүүсү ирак аскерлери Мосулдун батыш бөлүгүнүн үчтөн бирин ээлеп, шаарга барчу акыркы жолду жапкан маалда жарыяланды.

Ирак армиясы Мосулдун чыгыш бөлүгүн январда ээлеп, акыркы бир нече айда шаардын батыш бөлүгүндө өз позициясын бекемдеди.

Ал Мосулда калган жоочулардын баары өлөрүн, алардын качуусуна мүмкүнчүлүк берилбей турганын жарыялады.

Ирактагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Мосул шаарын ИМ тобу 2014-жылы ээлеп алган.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү Пешмергадагы күрддөрдүн аскер бөлүктөрү, араб-суннит уруулары, шиит элдик кошуунчулары менен бирге АКШ жетекчилик кылган коалициянын авиасоккуларынын колдоосу менен 2016-жылы экстремисттердин мизин кайтаруу боюнча операция баштаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

ЮНИСЕФ: Былтыр Сириядагы урушта 650дөн ашык бала курман болду

2016-жылы 650 бала Сириядагы жаңжалдын курмандыгы болду. БУУнун Балдар фондунун акыркы баяндамасына ылайык, бул үч жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Ошол эле маалда мектепте же анын тегерегинде кеминде эле 255 бала курман болгон. Дагы жүздөгөн бала дары-дармектин жана медициналык жардамдын жоктугунан көз жумганы айтылат.

ЮНИСЕФ маалыматы боюнча өткөн жылы 851 бала куралдуу топтордун катарында согуштук аракеттерге катышууга мажбур болгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Сириядагы 6 миллиондой бала гуманитардык жардамга муктаж, 250 миң бала курчоодо калган райондордо жашагандыктан көмөк ала алышпайт. Дээрлик эки миллиондой сириялык өспүрүм билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Сириядагы куралдуу жаңжал 2011-жылы башталган. Бул аралыкта 300 миңдей киши курман болду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Песков: Орусия Трамптын администрациясына нааразы

Москва АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына жана эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу боюнча аракеттердин жоктугуна нааразы. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ал CNN телеканалына берген маегинде Трамп өткөн жылы шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен кызматташтыкты жөнгө салуу каалоосун билдиргени менен, ал боюнча сүйлөшүүлөрдүн качан башталары бүдөмүк болуп жатканын айтты.

АКШда Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишкендиги тууралуу атайын кызматтардын баяндамасы кызуу талкууланууда. ФБР Трамптын жардамчыларына карата тергөө иштерин жүргүзүүдө. Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Орусиянын АКШдагы элчиси менен байланыштары тууралуу толук маалымат бербегендиктен отставкага кеткен.

Орусиянын шайлоого кийлигишүү ыктымалдыгын конгресстин беш комитети да иликтеп жатат. Песков бул чырдын айланасындагы аракеттер эки тараптуу мамилелерге олуттуу коркунуч жаратарын айтып, анын тез арада аякташын каалай турганын билдирди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөргөн жок

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын орун басары Дүйшөнкул Чотонов 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында болушат. Кечээ эки саясатчынын баш коргоо чарасын караган Бишкек шаар соту Биринчи май райондук сотунун аларды эки айга камоо тууралуу 27-февралда чыгарган чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Адвокат шаардык соттун чечимин мыйзамсыз деп атап, бүгүн,10-мартта апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылышарын кабарлады.

Текебаев 2010-жылы орусиялык Леонид Маевскийден миллион доллар пара алган деп айыпталып, 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Өзү муну саясий куугунтук деп сыпаттоодо. Ал кармалгандан бери Бишкекте жана Базар-Коргондо колдоочуларынын нааразылык акциялары өтүп жатат.

Партия лидеринин ишине тиешеси бар деп убагында өзгөчө кырдаалдар министри болгон, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов эки айга камалган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тереза Мэй: "Евробиримдиктен чыгууга убакыт келди"

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондон менен Евробиримдик Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди. Маалымат жыйынында сөз сүйлөп жатып британ өкмөт башчысы “Евробиримдиктен чыгууга мезгил жеткенин” айтты.

Мэйдин айтымында, европалык өнөктөштөр Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин так ишара кылышты. Уюмдан чыгуу боюнча расмий жараян марттын аягында башталат.

Улуу Британия 2016-жылы июнда Европа Биримдигинен чыгуу боюнча чечим кабыл алган. Февралда Коомдук палата өкмөткө Брекзит сүйлөшүүлөрүн баштоого укук берчү мыйзам долбоорун колдогон. Лорддор палатасы болсо документке өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жактырган. Мыйзамдын акыркы версиясы марттын аягына чейин кабыл алынары күтүлүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШнын беш штаты соттон Трамптын жаңы жарылыгына тыюу салууну өтүнүүдө

Америкалык беш штат президент Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгы Конституцияга каршы келерин билдирип, сотко доо арыз менен кайрылды.

Вашингтон штатынын башкы прокурору Сиэтл федералдык сотунан президенттин биринчи жарлыгы сыяктуу эле экинчисине да тыюу салууну өтүнүүдө. Анын пикиринде эки документ тең мигранттардын дин тутуу эркиндигин чектөөдө. Көзөмөл орган кабарлагандай, президенттин жаңы жарылыгы аткарылса, штат экономикалык эле эмес башка багытта дагы зыян тартат.

Биринчи жарлыкта АКШга жети мусулман өлкөдөн – Сирия, Ливия, Ирак, Йемен, Иран, Судан жана Сомалиден мигранттардын жана качкындардын кирүүсүнө тыюу салынган. Бирок документ өлкө Конституциясына карама-каршы келгендиктен, сот анын аткарылышына тыюу салган. Трамп кол койгон жарлыктын жаңы вариантында Ирак тизмеден алынып салынган. Визасы бар же АКШда убактылуу жашоо укугун алган калган алты өлкөнүн жарандарына салынган бөгөт дагы алынган.

Вашингтон штаты менен кошо Миннесота, Орегон, Нью-Йорк жана Массачусетс дагы жаңы жарлык боюнча сотко доо арыз беришти.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Түштүк Корея соту президентти бийликтен кетирүү чечимин колдоду

Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Пак Кын Хенин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча парламенттин былтыр кабыл алган чечимин колдоду.

Айым президент жогорку даражадагы ишкерлер өкүлү менен мамлекеттик аппараттын катышуусундагы коррупциялык жаңжалдын чордонунда калган. Буга байланыштуу өлкөдө масштабдуу каршылык акциялары орун алган.

Сеулда Пак Кын Хенин тарапташтары Конституциялык соттун чечимине каршы жүрүш жасашты. Yonhap агенттигинин маалымдашынча, кеминде эле эки киши өлдү. Алдыдагы 60 күндүн ичинде Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүшү керек.

Түштүк Кореядагы саясий истеблишменттин консервативдүү канатына таандык Пак Кын Хе Түндүк Кореяга каршылык көрсөтүүдө АКШ менен тыгыз кызматташууга артыкчылык берип келген. Ага жарыяланган импичменттин натыйжасында Түндүк Кореяга жумшак мамиле жасаган жана аймактагы америкалык аскерлердин кеңейүүсүнө тынчсызданган солчулдар бийликке келиши ыктымал.

Пак Кын Хе жана анын жакын жардамчысы Самсунг жана башка түштүк кореялык гигант индустриядан ондогон миллион доллар пара алууга айыпталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

БУУ өкүлү Өзбекстандын адам укуктары жаатындагы ийгиликтерин белгиледи

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд аль-Хусейн дүйнөдөгү адам укуктары жаатындагы абал тууралуу баяндама жасап жатып Өзбекстандын ийгиликтерин белгиледи. Бул тууралуу БУУнун радиосу кабарлады.

Анын айтымында, өлкөнүн жаңы президенти сот акыйкаттыгы системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, адилеттүү жана көз карандысыз соттук жараяндарды камсыздоого багытталган мыйзамдарды кабыл алууда.

«Жакында эле кабыл алынган укук тармагындагы реформалар тууралуу мыйзамда адилеттүү сот жараянын жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылчу шарттар камтылган. Бул мыйзамдардын ишке ашырылышы — жалпы Өзбекстан элинин жыргалчылыгына багытталган позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн негизги шарттар болуп эсептелет», – деди Зейд Раад аль-Хусейн.

Ал кабыл алынган мыйзамдардын натыйжасында камактагы айрым адамдардын, анын ичинде өзбек оппозиция лидеринин иниси, абакта 18 жыл жаткан журналист Мухаммад Бекжан эркиндикке чыгарылды деп эсептейт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню