Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Президент Трамп «энергетикалык үстөмдүк» стратегиясын сунуштайт

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшембиде өлкөдө мунай, газ жана көмүр казууга, ошондой эле энергоресурстардын экспортуна дем берүүгө багытталган аракеттердин планын сунуштайт. Максаты – кошумча жумуш орундарын түзүү жана союздаштарды арзан отун менен камсыз кылуу. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Трамп өз сунуштарын бейшембиде Энергетика министрлигинде айтат. Анда “Энергетикалык үстөмдүк” Трамптын президенттигинин башкы тезиси болору айтылууда. Азырынча президенттин кандай конкреттүү сунуштар менен чыгары кабарланган жок. Болгону Трамптын энергетикалык тармактагы мамлекеттик көзөмөлдү азайтууну жана көмүрсуутекти экспорттоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү максат кылганы гана белгилүү.

АКШнын энергетика министри Рик Перринин билдиришинче, жаңы стратегиянын маанилүү бөлүгү суюлтулган газды экспорттоо болот. Андан сырткары АКШ көмүрдүн экспортун көбөйтүп, көмүр менен иштеген электр станцияларынан чыккан зыяндуу заттарды азайтууга шарт түзгөн технологияларга инвестиция тартууга ниеттенүүдө. Перринин айтымында, келечекте Украина америкалык көмүрдү импорттошу мүмкүн. АКШнын жаңы администрациясынын планында атомдук энергетиканы өнүктүрүү маселеси дагы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркия Гүлен менен байланышы бар деп шектелген тажикстандыкты кое берди

Түркия бийлиги диний ишмер Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп шектелип жаткан Тажикстандын 26 жаштагы жаранын кое берди. Тохир Саидзода былтыркы аскердик төңкөрүш жасоо аракетинен бир ай өткөндөн кийин кармалып, дээрлик 9 айдан бери камакта жаткан.

Анкара өткөн жылдын 16-июлуна караган түнү болгон аскердик төңкөрүш аракетине Гүленди айыптаган. Ал Түркияда таасирдүүлүгү жагынан президент Эрдогандан кийинки экинчи киши деп эсептелет. Учурда ал АКШда жашайт.

Тажикстандагы түрк лицейинин бүтүрүүчүсү жана Анталиядагы Эл аралык университеттин мурдагы ассистенти Тохир Саидзода кезектеги соттук териштирүүлөрдөн кийин бошотулганын айтты. Анын иши боюнча акыркы чечим октябрга белгиленген кийинки сот отурумунда кабыл алынышы керек.

Тохир Султонзода өткөн жылы августта Анталияда ижарага алып жашап жүргөн батирде кармалган. «Батирдеги тинтүүдөн кийин полициячылар мени камакка алуу тууралуу ордер беришти. Менин күнөөм жок экендиги жана Фетхуллах Гүленге эч кандай тиешем жоктугу тууралуу түшүндүрмөмдү эч кимдин уккусу келген жок», – деди Тохир Султонзода.

«28 кишиге ылайыкташкан камерада 42 шектүү адам жатчу. Анда белгилүү окумуштуулар, ийгиликтүү ишкерлер, прокурорлор, судьялар болгон. Сурак маалында тергөөчүлөр шеригиңдин аты-жөнүн айт деген гана талапты коюшкан. Анда өтө чыңалган абал болчу, мага камактагыларды суракка алып жаткан полициячылар өзүлөрү да камалып калышы мүмкүндүгүнөн коркуп турушкандай сезилген», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Жогорку Соту Трамптын иммиграциялык буйругун колдоду

АКШнын Жогорку Соту президент Дональд Трамптын иммиграциялык буйругун токтотуп койгон мурдагы соттук инстанциялардын өкүмүн жокко чыгаруу чечимине келди.

Соттун 26-июндагы кол коюла чечими Трамптын алты мусулман өлкөсүнүн жарандарын АКШга 90 күнгө киргизбөө тууралуу буйругу жарым-жартылай иштейт дегенди билдирет.

Себеби Жогорку Сот чет өлкөлүктөрдүн бир категориясын коргоону чечти. Ага ылайык, АКШнын жараны же мекемелери менен чыныгы байланышын далилдеген чет өлкөлүктөр Америкага тоскоолдуксуз кире алышат.

Жогорку Сот кол коюла элек чечими боюнча аргументтерди октябрь айында уга турган болду.

Президенттин буйругу Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемендин тургундарына тиешелүү.

Дональд Трамп иммиграциялык буйругу соттордун колдоосуна ээ болсо, 72 сааттан кийин күчүнө кирерин өткөн аптада билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШнын кол башчысы Ооганстанга күтүүсүз барды

Американын башкы кол башчысы – штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин жетекчиси генерал Жозеф Данфорд күтүүсүз сапары менен Ооганстандын борбору Кабулга келди.

Бир нече күнгө созула турган бул визиттин алкагында Данфорд ооган расмийлери, АКШ баштаган эл аралык коалициянын лидерлери менен жолугат.

Эл аралык күчтөрдүн Ооганстандагы миссиясы 2014-жылы аяктаган. Бирок андан бери ооган күчтөрү коопсуздукту камсыз кылууда кыйынчылыкка кабылып келет. Мындан улам АКШ Ооганстанга кошумча 3-3,5 миң аскер жөнөтүүнү пландап жатканын америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Учурда Ооганстанда 8 миңдей АКШ аскери бар. Алар көбүнчө ооган күчтөрүн машыктыруу жана аларга кеңеш берүү менен алек болушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лавров менен Тиллерсон телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусия ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сүйлөшүү америкалык тараптын демилгеси менен ишке ашкан. Анын жүрүшүндө Лавров менен Тиллерсон Сирия каатчылыгын жөнгө салуу жана террордук топторго каршы күрөштү күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Лавров Вашингтонду «Сириянын террорчуларга каршы операция жүргүзүп жаткан өкмөттүк күчтөрүнө карата чагымга жол бербөөгө” чакырды. АКШнын Мамлекеттик департаменти азырынча бул сүйлөшүүлөр боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Лавров менен Тиллерсондун бул сүйлөшүүсү бир жума ичиндеги экинчиси болду жана эки тараптуу алакалар начарлаган маалда өтүүдө.

Вашингтон Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизе тургандыгын билдиргенден кийин өткөн жумада Москва АКШнын жогорку кызматтагы өкүлдөрү менен сүйлөшүүсүн токтотуп койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түрк бийлиги эки өзбек бозгунун жашыруун түрдө Өзбекстанга кайтарып берди

Түркия бийлиги Стамбулда жашаган эки өзбек качкынды 22-июнда Өзбекстанга жашыруун түрдө кайтарып берди. 38 жаштагы Эркин Авазов менен 34 жаштагы Абдулла Эрматов эки ай мурун радикалдуу ислам топторуна тиешеси бар деген шек менен камалышкан. Алар өзбек бийлигинин суроосу менен Түркиядан экстрадицияланышты.

Түрк полициясы өзбек качкындарын апрелде Пендик районундагы антитеррордук рейддердин жүрүшү учурунда кармаган. Өзбекстанда алар диний экстремизм айыбы менен издөөгө алынышкан.

Эркин Авазовдун Түркияда жашаган аялынын айтымында, күйөөсүнүн радикалдуу топторго катышы жок. Ал жолдошу документтеринин жоктугуна байланыштуу кармалганын жана жашыруун түрдө Өзбекстанга жөнөтүлгөнүн билдирди.

Эркин Авазов 2014-жылы аялы жана балдары менен бирге акча табуу максатында Орусиядан Түркияга келген. Экстрадицияланган экинчи бозгун туурасында маалымат жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Асад аскерлеринин жихадчыларды жеңүүсүнө каршы эмес

Эгер Сирия өкмөтү менен анын союздаштары чынында эле «Ислам мамлекетинин» үстүнөн жеңишке жетип жаткан болсо, анда АКШ башында турган эл аралык коалиция алардын аракеттерин кубаттоого даяр. Бул тууралуу өткөн жума соңунда коалициянын Багдадда жүргөн өкүлү, генерал Райан Диллон Вашингтон менен болгон видеобайланыш маалында билдирди.

Анын айтымында, АКШнын максаты – кайсыл жакта болбосун «Ислам мамлекети» тобунун отряддарынын үстүнөн жеңишке жетүү.

Генерал Сирия өкмөтү, анын союздаштары Иран менен Орусия дагы экстремисттерге каршы күрөшүүнү каалашса, анда АКШда буга байланыштуу эч кандай көйгөй жаралбай турганын белгиледи.

Вашингтон менен Сириянын ортосундагы мамилелер Барак Обаманын администрациясы тушунда кыйла начарлап кеткен. АКШ анда «Асад бийликтен кетиши керек» деген гана позицияны карманып келген. Associated Press агенттиги кабарлагандай, анткен менен акыркы айларда Асад Сириядагы өз позицияларын бекемдей алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

BuzzFeed: Орусия АКШдагы элчиси Сергей Кислякты чакыртып алууда

Бул тууралуу жекшембиде BuzzFeed интернет басылмасы өз булактарына шилтеме кылып билдирди. Кисляктын АКШдан чыгып кетүүсү июлдун ортосуна пландалып, 11-июлда анын урматына коштошуу кечеси белгиленген.

Дипломаттын ишмердүүлүгү Орусиянын АКШдагы демократиялык жараяндарды бузуу фактыларын иликтеп жаткан Конгресстин бир канча комитетинин көңүл борборундагы негизги маселеге айланган. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында Кисляктын кийинчерээк Башкы прокурор болуп дайындалган сенатор Жефф Сешнс жана Трамптын кеңешчиси, күйөө баласыЖаред Кушнер менен жолукканы аныкталган. Анда Ак үй менен Кремлдин ортосунда жашыруун байланыш каналдарын түзүүнүн келечектери талкууланган. Бирок Сешнс дагы, Кушнер дагы бул жолугушуулар тууралуу өз учурунда билдиришкен эмес.

Май айында Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитети ТИМ башчысынын орун басары Анатолий Антоновдун Орусиянын АКШдагы элчиси кызматына талапкерлигин колдогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Израиль авиациясы Сирия армиясына сокку урду

Ишембиде Израилдин аскерий аба күчтөрү Сирия армиясынын Голан дөңсөлөрүндөгү бөлүктөрүнө сокку урду. Израиль армиясынын өкүлү ага чейин Сирия тараптан 10дон ашуун снаряд атылып, аталган дөңсөнүн израиль бөлүгүнө түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, алар жаңылыш кое берилген снаряддар болгон жана израилдиктерге эмес, согушкерлерге багытталган. Анткен менен калыптанып калган тажрыйбага ылайык, Израиль ок атууларга жооп кайтарган. Анын жыйынтыгында Сирия армиясынын эки танкы жана пулемет орнотулган жайлары талкаланган.

Сириянын ММКлары соккудан эки киши каза болгонун кабарлашты. Өлкөнүн Коргоо министрлиги израиль аба соккулары исламчылардын Кунейтра шаарына жакын жердеги чабуулу башталган маалда жасалганын жана Израиль режимдин каршылашы эсептелген согушкерлерге жардам берип жатканын билдирүүдө.

Израиль ишемби күнкү өз аймагына карата снаряддардын кое берилишине байланыштуу Голан дөңсөлөрүнүн аймагындагы абалга байкоо салуу боюнча БУУнун күчтөрүнө даттанды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстандык студент кыз Эрдогандын жансакчысын өлтүрдү деп шектелүүдө

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жансакчысы Рамазан Өзчеликтин өлүмүнө өзбекстандык Фарида Байрамова аттуу студент кыз шектелүүдө. Аны Стамбулдун Бейликдузы райондук полициясынын Террорго каршы бөлүмү суракка алып жатат.

Өзбекстандын 25 жаштагы жараны Фарида Байрамова 19-июнда кармалган. Анын батиринен Түркия президентинин күзөт башкармалыгынын кызматкери Рамазан Озчелектин сөөгү табылган.

Алар тогуз ай мурда таанышып, жолугушуп жүрүшкөн. Байрамованын айтымында, Озчелек мобилдик телефондон «орус рулеткасы» оюну тартылган тасма көргөндөн кийин аны туурап өзүнө ок чыгарган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Байрамов менен Озчелектин телефонунан эч ким «орус рулеткасы» тартылган тасма көрбөгөнү аныкталган. Түрк тергөөчүлөрүнүн ММКларга билдиргенине караганда, өлкө башчынын жансакчысына берилчү тапанча менен «орус рулеткасын» ойноого мүмкүн эмес.

Фарида Байрамова Малатья шаарындагы университеттин фармацевтика факультетинин студенти. Жайкы эс алуу маалында ал Стамбулдагы батиринде жашап жаткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню