Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Путин Стоунга Сирия жөнүндө фейк видео көрсөткөн

Орусия президенти Владимир Путин режиссер Оливер Стоунга Сириядагы орус авиациясы деп көрсөткөн кадрлар чындыгында 2013-жылы Ооганстанда тартылган америкалык видео болуп чыкты.

Бул тууралуу Conflict Intelligence Team (CIT) көз карандысыз иликтөө тобу билдирет.

“Путин менен интервью” сериалында Орусия президенти Стоунга мобилдик жабдуусу аркылуу Сириядагы орусиялык учкучтардын иши жөнүндөгү видеону көрсөтөт. Чындыгында кадрларда “Апач” америкалык тик учагынын Ооганстандагы аракетин байкоого болот. Кийинчерээк бул видео Донбасстагы украин учкучтарынын үнү менен коштолгон деп билдирет CIT.

Стоундун төрт сериалуу “Путин менен интервью” даректүү тасмасы Орусия президентинин маегинен турат. Режиссер жалпысынан 20 сааттык интервью жазган. Фильм аз мурун амеиркалык Showtime кабелдик каналы аркылуу көрсөтүлдү. Орусияда фильмдин премьерасы 19-июнда Биринчи каналда болду.

Оливер Стоун – белгилүү америкалык режиссер жана сценарист, үч “Оскар” сыйлыгынын жеңүүчүсү. Ал Фидель Кастро, Уго Чавес, Эво Моралес тууралуу тасмаларды жараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Брюссель вокзалында "жардыруу" болду

Брюссель автобекетинде полиция жардыруу делген окуяны иликтөөдө. Видеобайкоодогу тасмалардын биринде эки метрге жетпеген уюлгуган түтүндү көрүүгө болот.

Брюсселдин аскер кайгуулу автобекеттин имаратында жанкечти кемерин курчанып жүргөн делген шектүү кишиге ок чыгарды. Анын өлгөн-өлбөгөнү тууралуу расмий маалымат жок.

CNN телеканалы менен NBC News радиосу шектүү жок кылынганын билдиришүүдө.

Армия жана полиция бөлүктөрү кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдашууда.

https://youtu.be/ceIXF-Gbl6M

Бельгиянын борбору Брюсселдеги бул сыяктуу окуялар өзгөчө көңүл бурдурат. Акыркы жылдары европалык башка шаарларда жардыруу уюштуруп, кол салган бир нече террорчу дал ушул Брюссель менен байланышта болушкан. Журналисттер Брюсселди “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун француз тилдүү бөлүмүнүн “борбору” катары эсептешет. Бул эл аралык террордук топ Парижде жана Брюселдеги кандуу кол салуулар үчүн жоопкерчилик алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ: Орусия Украинанын чыгышынан кетмейинче санкциялар алынбайт

АКШнын Орусияга карата киргизген санциялары Москва өз күчтөрүн Украинанын чыгышынан чыгарып кетмейинче алынбайт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер президент Дональд Трамп менен Украина башчысы Петр Порошенконун жолугушуунан кийин өткөн брифинг маалында билдирди.

Шейшембиде АКШнын Каржы министрлиги жаңы санкциялык тизмесин жарыялаган. Ага бир катар орусиялык компаниялар кошулган. Андан сырткары Крымда жана өздөрүн «ДНР» жана «ЛНР» деп атап алышкан аймактарда иштеген бир нече банкка дагы чектөөлөр киргизилген.

Дүйшөмбүдө Конгресстин Өкүлдөр палатасы эл аралык иштер комитетине Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жөнөткөн — жаңы чектөөлөр Кремлдин АКШдагы шайлоого катышуу ыктымалдыгына жооп катары киргизилүүдө. Документ Сенат тарабынан өткөн жумада жактырылган.

Жаңы санкцияларга Орусиянын транспорт жана мунайгаз тармактарында иш алып барган мамлекеттик ишканалары туш болушу мүмкүн. Ошол эле маалда Орусияга карата чектөөлөрдү мыйзам кылуу каралууда. Бул аларды Конгресстин жактыруусуз жоюу же жумшартуу жол-жоболорун оорлотот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ учагы Сирияда Ирандын дронун атып түшүрдү

Сирияда АКШ башында турган эл аралык коалиция өкмөттүк күчтөргө таандык учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, бортунда курал-жарак бар дрон Сириянын Ирак менен чектешкен түштүк-чыгыш аймагындагы коалиция күчтөрүн көздөй учуп бараткан.

Америка командачылыгынын билдирүүсүндө дрон коалициянын аскерлерине чабуул коюу ниети байкалгандан кийин атып түшүрүлгөнү айтылат.

Окуя 8-июнда ушуга окшогон өкмөттүк күчтөрдүн учкучсуз аппараты атылып түшүрүлгөн аймактын айланасында болду. Анда дрон коалиция күчтөрүнүн гарнизонуна жакын жерге бомба таштоого үлгүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лондон: мечиттин жанындагы кол салууга шектүү адам кармалды

Лондондун Финсбери-Парк аймагындагы мечиттин алдында унаасы менен адамдарды тебелетип кеткен адам терроризм жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу шаардык полицияга шилтеме кылып BBC билдирүүдө.

Укук коргоо органдары дүйшөмбүгө караган түнү болгон кол салуунун жагдайларын териштирүүнү улантып жатышат. Анда жүк унаасын башкарган адам мечиттин айланасындагы зыяратчыларды тебелетип кетип, жыйынтыгында бир адам өлүп, ондогону жаракат алган.

47 жаштагы кишини жергиликтүү тургундар кармашып, полицияга өткөрүп беришкен.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дүйшөмбүдө кол салууну айыптап, аны «мусулмандарга карата жасалган террордук чабуул» деп атаган.

Бул Улуу Британияда болгон соңку үч айдагы төртүнчү кол салуу. Буга чейинки үч террордук чабуул 34 адамдын өмүрүн жалмаган. Баш-аягы 150дөн ашык киши жараат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУ: дүйнөдө качкындардын саны 65,6 миллионго жетти

БУУнун маалыматы боюнча, 2016-жылы качкындардын жана башпаанек сурагандардын саны рекоррдук көрсөткүчкө — 65 миллион 600 миң адамга жеткен. Бул 2015-жылга салыштырганда 300 миң кишиге көп.

БУУнун эксперттери белгилешкендей, орточо эсеп менен өткөн жылы ар мүнөт сайын 20 адам же ар үч секунд сайын бирден адам үйүн таштап кетип турган. Маалыматка караганда, качкындардын көбү – беш жарым миллион адам – Сириядан чыгышкан.

Баяндаманын авторлору Түштүк Судандагы абалдын чыңалуусуна дагы көңүл бурушкан. Анда кагылышуулардан улам былтыр дээрлик 800 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен.

Бир канча күн мурда БУУнун качкындар иштери боюнча мекемесинин башчысы Филиппо Гранди дүйнө коомчулугун качкындарды кабыл алуу үчүн каралган жерлерди 13 эсеге көбөйтүүгө үндөгөн. Айтымында, учурда бир миллиондон ашык киши башка жерге жайгаштырууга муктаж.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Камера видеонаблюдения на Токтогульской ГЭС до сих пор не работает !

Экс. премьер-министр Джоомарт Оторбаев поручил установить видеокамеры на Токтогульской ГЭС с постоянным онлайн-доступом. “Данное мероприятие является одной из мер по усилению прозрачности работы энергокомпаний и повышению доверия населения к проводимой политике правительства по реформированию сектора энергетики. Необходимо показать общественности, что бесконтрольные спуски и продажа воды из Токтогульского водохранилища невозможны”, – пояснил глава правительства.

Согласно поручения главы правительства 10 ноября 2014 г. ОАО «Электрические станции» устанавливает единственную веб-камеру онлайн режима, на гребне плотины  Токтогульской ГЭС с правой стороны, которая частично охватывает панораму верхнего и среднего водосбросов.

Однако директор департамента эксплуатации и ремонта “Электрических станций” Аалы Тыныбеков заявлял, что с помощью камер видеонаблюдения отследить слив воды на Токтогульском водохранилище технически невозможно.

Для полного показа поверхностного и глубинного водосбросов надо было установить еще 3 камеры: по одной с правой и с левой сторон и одну напротив главного фасада плотины   Токтогульской ГЭС.

Слив воды или холостые сбросы воды производятся под покровом ночного времени, а именно с 00-00 до 6-00 часов, даже если камера работает, то ничего не видно.

– Это же прямая видеосъемка, – пояснила пресс-секретарь  ОАО «Электрические станции» Тагжана Айдаралиева. – Если нет изображения, подождите несколько минут и все заработает.

На сайте ОАО «Электрические станции» в отделе Токтогульской ГЭС онлайн: водосбросы- показаны фотографии   главного фасада плотины   Токтогульской ГЭС и вид сверху с верхнего бьефа плотины. Отсутствует формат изображения в режиме онлайн.

Это очередная ложь и обман руководства ОАО «Электрические станции» в лице начальницы пресс-службы  Тагжаны Айдаралиевой. Но самое главное поднимая вопрос о работе веб камеры, они специально уводят и уходят от стратегической и актуальной проблемы -холостые сбросы воды или экспорт эл.энергии.

Хотелось напомнить «мадам в красном платье» Тагжане Айдаралиевой лгать и врать в священный месяц Рамазан очень большой грех. Лучше покайся, милая женщина !

По неподтвержденным данным, по заверению одного из руководителя ОАО «Электрические станции» начался экспорт эл.энергии в соседние государства.

 

Независимый эксперт  ТЭК                         Р.Умбеталиев

Вашингтон: АКШ жана эл аралык коалиция Сирияда өзүн коргоого укуктуу

АКШ администрациясы Сирияда радикал исламчыларга каршы аба кампанияларын жүргүзүп жаткан коалиция күчтөрү өздөрүн коргоого укуктуу экенин билдирди. Муну менен Вашингтон  Орусиянын эскертүүсүнө расмий түрдө жооп берди. Буга чейин Москва коалициянын учактары бутага алынышы мүмкүн экенин жарыялаган.

Дүйшөмбүдө Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер АКШ өзүнүн жана союздаштарынын кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык зарыл кадамдарга бара турганын билдирди.

Жекшембиде америкалык F-18 согуштук учагы Сириянын бомбалоочу Су-22 учагын атып түшүргөн. Ал сирия оппозициясынын позицияларын бутага алып, Ракка шаарынан алыс эмес аймактагы ИМ тобуна каршы операцияларды өткөрүп жатканы кабарланган.

АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, учак эскертүүлөргө көңүл бурбай койгондон кийин атылып түшүрүлгөн. Пентагондун билдирүүсү боюнча АКШ учактары ИМ тобуна каршы сокку уруп жаткан америкалык экипаждардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдонулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ЕБ Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын даярдайт

Европа биримдиги Борбор Азия боюнча стратегиясынын 2019-жылдын аягына чейинки жаңы долбоорун даярдайт. Мындай чечим 19-июнда Люксембургда ЕБге мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчылары тарабынан жактырылды.

ЕБдин Борбор Азия боюнча 2007-жылы кабыл алынган стратегиясы аймактагы мурдагы советтик республикалар — Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстан менен өз ара саясий алакалашуу моделин элестетет. Азырынча жаңы стратегия боюнча конкреттүү эч нерсе чечиле элек болгону менен ЕБдин чет өлкөлүк иштер боюнча кеңеши бир канча тармакты белгилөөдө.

Документте аймактагы адам укуктарына, анын ичинде гендердик маселелерге байланышкан чакырыктарды эске алуу менен Кеңеш кайрадан борборазиялык өлкө башчылары менен укук үстөмдүгү жана адам укуктары боюнча маңыздуу сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанилүү деп эсептей тургандыгы айтылат. Анда ошондой эле «сырткы жана ички кысымдардан көз карандысыз болгон эркин медиачөйрөнүн болушу» дагы маанилүү экендиги белгиленген. Документке ылайык, ЕБ Борбор Азиядагы ынтымактуу коңшулук алаканы сактоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө салым кошуусу үчүн аймактагы иштерге Ооганстандын жигердүүрөөк катышуусуна жетишүүгө аракет кылат.

Энергетикалык маселелерде ЕБ Азербайжандан Европага газ ташууга арналган Түштүк газ коридорун узартуу милдеттенмесин алат. Андан сырткары документте Брюсселдин өз тажрыйбасын пайдалануу менен Борбор Азиядагы энергетикалык долбоорлорду улантуу, ошондой эле европалык каржы институттары менен болгон инвестициялык кызматташтыкты колдоо ниети бар экени белгиленет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Брюсселде Улуу Британиянын ЕБдан чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Брекзит боюнча британ министри Дэвид Дэвис менен Евробиримдиктин делегация башчысы Мишель Барнье брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты. Тараптар Лиссабон келишиминде каралган жол-жоболордун шарттарын, жадыбалын аныктоого тийиш.

Сүйлөшүүлөрдүн башында тараптар Британиянын 28 мүчөлүү блоктон чыгуусунун жадыбалын жана артыкчылык бериле турган маселелерди аныктоо аракетин көрүшөт.

Дэвистин айтымында, сүйлөшүүлөр жагымдуу жана конструктивдүү негизде башталды.

Барнье экспаттардын макамы жана Ирландия менен Түндүк Ирландиянын чек ара маселелерин биринчи кезекте талкуулоого макул болду.

“Ажарышууну жөнгө салуу” айрым эсептер боюнча 50 миллиард фунт стерлинг (57 миллиард евродон ашуун) чыгым менен коштолот. Бирок Financial Times эсептөөлөрүнө караганда, биримдикке мүчө өлкөлөр талаптарды катаалдаштырганына байланышуу брекзист үчүн Британия 100 млрд евро жумшашы ыктымал. ББСнин өз булактарынын маалыматы боюнча, алгач Британиянын блоктон чыгуу шарттары, андан соң болочок кызматташуу жана соода келишимдери талкууланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню