Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Түштүк Корея соту президентти бийликтен кетирүү чечимин колдоду

Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Пак Кын Хенин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча парламенттин былтыр кабыл алган чечимин колдоду.

Айым президент жогорку даражадагы ишкерлер өкүлү менен мамлекеттик аппараттын катышуусундагы коррупциялык жаңжалдын чордонунда калган. Буга байланыштуу өлкөдө масштабдуу каршылык акциялары орун алган.

Сеулда Пак Кын Хенин тарапташтары Конституциялык соттун чечимине каршы жүрүш жасашты. Yonhap агенттигинин маалымдашынча, кеминде эле эки киши өлдү. Алдыдагы 60 күндүн ичинде Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүшү керек.

Түштүк Кореядагы саясий истеблишменттин консервативдүү канатына таандык Пак Кын Хе Түндүк Кореяга каршылык көрсөтүүдө АКШ менен тыгыз кызматташууга артыкчылык берип келген. Ага жарыяланган импичменттин натыйжасында Түндүк Кореяга жумшак мамиле жасаган жана аймактагы америкалык аскерлердин кеңейүүсүнө тынчсызданган солчулдар бийликке келиши ыктымал.

Пак Кын Хе жана анын жакын жардамчысы Самсунг жана башка түштүк кореялык гигант индустриядан ондогон миллион доллар пара алууга айыпталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

БУУ өкүлү Өзбекстандын адам укуктары жаатындагы ийгиликтерин белгиледи

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд аль-Хусейн дүйнөдөгү адам укуктары жаатындагы абал тууралуу баяндама жасап жатып Өзбекстандын ийгиликтерин белгиледи. Бул тууралуу БУУнун радиосу кабарлады.

Анын айтымында, өлкөнүн жаңы президенти сот акыйкаттыгы системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, адилеттүү жана көз карандысыз соттук жараяндарды камсыздоого багытталган мыйзамдарды кабыл алууда.

«Жакында эле кабыл алынган укук тармагындагы реформалар тууралуу мыйзамда адилеттүү сот жараянын жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылчу шарттар камтылган. Бул мыйзамдардын ишке ашырылышы — жалпы Өзбекстан элинин жыргалчылыгына багытталган позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн негизги шарттар болуп эсептелет», – деди Зейд Раад аль-Хусейн.

Ал кабыл алынган мыйзамдардын натыйжасында камактагы айрым адамдардын, анын ичинде өзбек оппозиция лидеринин иниси, абакта 18 жыл жаткан журналист Мухаммад Бекжан эркиндикке чыгарылды деп эсептейт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Дональд Туск Еврокеңеш төрагалыгына кайра шайланды

Дональд Туск Европа Кеңешинин башчысы болуп кайра шайланды. Ал бул кызматты 2019-жылга чейин ээлейт. Евробиримдиктин 9-марттагы саммитинде уюмга мүчө 28 өлкөнүнүн ичинен 27си анын экинчи мөөнөткө шайланышын колдоду.

Тусктун кайра шайланышына Польша каршы чыкты. Европа Кеңешинин төрагалыгына чейин ал бул өлкөдө премьер-министр болгон. Башкаруучу “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы Туск оппозицияны колдорун жана өкмөттүн кулашын каалай турганын айтты.

Польшанын премьер-министри Дональд Туск 2014-жылы 31-августа Херман Ван Ромпейдин ордуна Европа Кеңешинин төрагалыгына шайланган.

57 жаштагы Дональд Туск 2007-жылдан бери Польшанын өкмөтүн башкарган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШнын Сирияга кошумча деңиз аскерлерин жөнөткөнү кабарланууда

Ракканы “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотуу боюнча операцияга деңиз аскерлеринин кошумча күчтөрү тартылат. Бул тууралуу The Washington Post өз булактарына таянуу менен билдирүүдө.

АКШнын Сириядагы күчтөрүн бекемдөөсү – президент Дональд Трамптын ИМ тобуна каршы күрөшүүдө жаңы план иштеп чыгуу талабы менен байланыштуу эмес. Деңиз аскерлерин жөнөтүү – учурдагы пландын бир бөлүгү.

Бул арада адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзгөн сириялык борбор 9-мартта Ракканын түштүк-чыгышындагы авиасоккудан 23 жай тургун, алардын ичинен 8 бала набыт болгонун билдирди. Борбордун маалыматы боюнча бомбалоо эл аралык коалициянын учактары тарабынан жүргүзүлгөн. АКШ аскерлери жихадчыларга каршы күрөштө жай тургундардын курмандыктарын болтурбоо үчүн бүтүндөй күчтөрүн жумшап жатканын баса белгилешүүдө.

Эл аралык коалициянын ИМ тобуна каршы Ирак жана Сириядагы “Тайсалбас чечкиндүүлүк” операциясы 2014-жылы башталган. Учурда 500дөй америкалык аскер бар.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео - Кабулдагы госпиталга кол салууда мерт кеткендердин саны 30дан ашты

Кабулдагы аскерий госпиталга кол салууда каза болгондордун саны 30дан ашып, жараат алгандар 70ке жетти. Бул тууралуу Ооганстандын Коргоо министрлигинен билдиришти. Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алды.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, шаршемби күнү жанкечи АКШ элчилигинен алыс эмес жерде жайгашкан 400 орундуу госпиталдын аймагында өзүн жардырган. Андан соң дарыгерлердей кийинген куралдуу үч жоочу ичкери кирип барып, ооруканадагыларга карата ок чыгарган. Имаратты жоочулардан бошотуу операциясы алты саатка созулуп, жыйынтыгында кол салгандардын баары жок кылынган.

Терактты Ооганстандын президенти Ашраф Гани, Бириккен Улуттар Уюму жана АКШнын Ооганстандагы элчилиги айыптады.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Пентагон: Орусиянын канаттуу ракеталарын өркүндөтүүсү НАТОго коркунуч жаратууда

АКШнын Коргоо министрлиги Орусияны жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталар системасын өркүндөтүү менен курал-жарактардын санын кыскартуу тууралуу келишимди бузуп жатат деп айыптады.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн штабынын төрага орун басары Пол Сильванын айтымында, Москванын аракеттери НАТОнун Европадагы объектилеринин көбү үчүн коркунуч жаратат. Бирок ал кеп кайсыл ракеталар жөнүндө болуп жатканын тактап айткан жок.

Февралдын ортосунда The New York Times гезити Орусия орто аралыктагы өзөктүк куралдар боюнча АКШ менен ал кездеги СССР ортосунда 1987-жылы кабыл алынган келишим шарттарын бузуп, канаттуу ракеталардын жаңы системасын өркүндөтө баштаганын жазган. Анда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал маалыматтарды четке каккан.

Орто жана алыскы аралыктагы ракеталарды жок кылуу тууралуу мөөнөтсүз келишим 1988-жылдын 1-июнунда күчүнө кирген. Анда АКШ менен СССР 500 чакырымдан 5500 чакырымга чейин уча алчу жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды сынабоо жана өндүрбөө милдеттенмесин алышкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

"Кадровый дипломатка" жогорку ишенимдер көрсөтүлүүдө

Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, өлкөбүздүн БУУдагы, Женева шаарындагы жана башка эл аралык абройлуу уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматын аркалап келген Данияр Мукашевге мындан ары Лихтенштейн княздыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматы жүктөлдү. Кызматтык карьерасын ТИМдеги төмөнкү кызматтарды аркалоо менен секирик жасап келе жаткан бул «кадровый дипломатка» кезегинде тышкы иштер министри болуп жүргөн дасыккан дипломаттар бийик бааларын бергени бар. Дипломаттар арасында Данчик аталчу бу жигит экс-депутат, банкир Муратбек Мукашевдин тун уулу экени белгилүү. Тышкы саясаттын ийне-жибине чейин билген, көп тилди өздөштүргөн мындай зирек жигиттер өсө берсин.

 Булак: “Азия ньюс”

Түркиядагы тажик мигранттары мекенине келүүдөн кооптонушууда

Түркияда иштеген тажик мигранттары өз мекенине кайтуудан кооптонуп жатышат. Укук коргоо органдары Түркиядан келген тажикстандыктарга шектенүүсүн күчөттү.

Сайфиддин Эмомов Түркиядагы шаарлардын биринде наабайканада иштейт. Эки жылдан бери мекенине келе элек. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик анын туугандарын суракка алып, жашаган жери тууралуу маалымат алууга аракет жасашууда. Себеби анын экстремисттик топторго кошулуп кеткени жөнүндө айың кептер тараган. Тажикстанга келгенде актыгын далилдей албай калуудан кооптонууда. “Башында аялымдын дагы бул жакка келүүсүнө уруксат беришкен эмес. Бирок биз кандайдыр бир топтун же партиянын мүчөсү эмеспиз, Түркияда легалдуу иштеп жүрөбүз. Бизге кысым көрсөтпөй, мекенибизге ээн-эркин келүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурайбыз”, -деди Сайфиддин.

Хатлон облусунун 26 жаштагы жашоочусу Шахбоз Рахимов дагы бир жарым жыл мурун Орусиядан депортация болгон соң, Түркияга иштеп келүү үчүн кеткен. Укук коргоо органдары туугандарынан ал тууралуу маалыматтарды сураштырышууда. Рахимов жазда мекенине келип үйлөнмөк. Бирок укук коргоо органдарынын сурагынан кабатыр болууда.

Тажик укук коргоо органдары Түркия акыркы учурда тажик оппозициячыларынын баш калкалаар жайына айланып, Сириядан Иракка алып барчу жолго айланды деп эсептешет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Германия: Калининграддагы ракеталар - Европанын коопсуздугуна сокку урууда

Москванын Калининградда – Балтика деңизинин жээгиндеги орусиялык анклавда туруктуу ракета жайгаштыруусу Европадагы коопсуздукка коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри “Интерфакска” берген маегинде билдирди.

Былтыр Орусия Калининградга өзөктүк куралдары менен баллистикалык ракеталарын көчүрүп барып, С-400 абадан коргонуучу системасын жайгаштырган. Москва бул аскердик машыгуунун бир бөлүгү экенин айткан, бирок Батыш дислокация туруктуу болушу мүмкүн деп кабатыр.

“Калининградда “Искандер” ракетасынын туруктуу жайгашуусу кооптонууга негиз жаратып, Европанын коопсуздугуна сокку урууда. Ошондуктан биз Калининградда эмне болуп жатканына өтө дыкаттык менен көз салуудабыз”,- деди Зигмар Габриэль.

“Искандер-М” комплексинин айрым ракеталары кое берилгенден кийин 700 чакырым аралыктагы бутасын жок кылууга кудуреттүү. НАТО Польшага төрт миң аскер жайгаштырып, 400 немис аскерин Литвага жолдогон. Бул аракетти Орусия сынга алган. Габриэль Германия жана НАТОнун башка аскерлери Прибалтикага биринчи барбаганын, Орусияныкына караганда алардын аскерлеринин саны алда канча аз экенин баса белгиледи.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШ Кытайдын Пхеньян менен сүйлөшүү сунушун четке какты

Кошмо Штаттар Корей жарым аралындагы аскердик эскалацияны токтотуу жана Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү тууралуу Кытайдын сунушун четке какты. 8-мартта Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШ менен Түштүк Кореяны жыл сайын өткөрүлчү аскерий машыгууларын токтотууга, ал эми Түндүк Кореяны ядролук жана ракеталык сыноолорун өткөрбөөгө чакырган.

Пентагондун расмий өкүлү Гарри Росс ал аскерий машыгуулар ачык өтүп жатканын жана коргонууну камсыз кылуу максатын гана көздөй турганын билдирди. Ал машыгуулар ондогон жылдардан бери жыл сайын өткөрүлүп келерин кошумчалады. «Түштүк Кореяны Пхеньяндын агрессиясынан коргоо боюнча биздин аракеттер менен милдеттенмелерибизди Түндүк Кореянын БУУ тараптан киргизилген санкцияларды бир канча жолку бузуусуна теңештирүүгө болбойт», — деди Гарри Рос.

АКШнын БУУнун алдындагы элчиси Никки Хейли дагы Кытайдын сунушун четке кагып, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү деңгээлде рационалдуу эмес адам экенин билдирди. «Биздин ишибиз рационалдуу адам менен байланыштуу эмес. Түндүк Кореянын ордуна башка бир өлкө болгондо сүйлөшүүлөргө бармакпыз», — деди Хейли.

Ал АКШ учурда Түндүк Кореяны токтотуу үчүн анын аракеттерин баалап жатканын билдирди. Анын айтымында, бардык варианттар караштырылууда. Алардын ичинде Ким Чен Ындын «позитивдүү аракеттерге» баруу ыктымалдыгы да бар.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню