Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Пуэрто-Рико АКШга кошулууга макулдугун билдирди

Пуэрто-Рико жашоочулары жекшембиде өткөн референдумда көпчүлүк добуш менен АКШга 51-штат катары кошулууга макул болушту.

Бул чечимди шайлоочулардын жарым миллиону кабыл алды. Бюллетендеги калган эки вариантты – толук суверенитеттүүлүк жана азыркы макамды сактап калууну 7600 жана 7700 киши жактады. Шайлоочулардын болгону 23 пайызы референдумга катышты, мындан улам анын жыйынтыктарынын мыйзамдуулугуна күмөн санаган бир катар партия байкот жарыялашты.

Кариб аралынын калкынын тандоосу АКШ Конгрессинин эки палатасы менен президент колдогондо гана мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет. Пуэрто-Риконун губернатору демократия принциптерин жактаган Вашингтон бул сапар өз пикиринен кайтса тушүнүксүз болорун айтты.

Туура жүз жыл мурун Пуэрто-Рико жашоочуларына АКШ жарандыгы берилген. Бирок алар президенттик шайлоого катыша алышпайт жана Конгрессте ыйгарым укуктары чектелүү бир гана өкүлү бар. Аралдын жашоочулары федералдык киреше салыгын төлөшпөйт, ошол эле маалда башка штаттарга караганда борбордон аз дотация алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Макрондун партиясы шайлоодо алдыга озууда

Франциядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында өлкө президенти Эммануэл Макрондун “Алга, республика” кыймылы Улуттук ассамблеядагы 577 орундун 400үн алуу менен абсолюттук көпчүлүккө ээ болушу мүмкүн. Мындай божомолдорду жекшембиде өткөн добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгына таянып социологдор чыгарышууда.

Жалпы өлкө боюнча Макрон кыймылынын талапкерлери менен анын союздаштары добуштардын 32 пайыздан ашыгын алып, жакынкы атаандашы — оңчул «Республикачылар» партиясынан дээрлик эки эсеге озуп кетишти.

Францияда шайлоо партиялык тизме боюнча эмес, мажоритардык система боюнча өтүп жатат. «Алга, республика» кыймылынын талапкерлери 400дөн ашык округда экинчи турга өтүштү. Эксперттер алардын көбү экинчи айлампада жеңишке жетишет деп болжолдошууда. Чоңдугу жагынан экинчи орундагы фракцияны “Республикачылар” түзөт деп күтүлүүдө. Болгону 14 гана пайыз добушка ээ болгон ашкере оңчул «Улуттук фронттун» иши оңунан чыкпай калды, бирок анын лидери Марин Ле Пен округдардын биринде жеңишке жетүү мүмкүндүгүн сактап калууда. Парламенттин мурдагы чакырылышында көпчүлүктү түзгөн социалисттер андан да аз добуш алышты. Алар солчул «Багынбас Франция» кыймылы сыяктуу эле парламентке ондогон талапкерин өткөрүү мүмкүндүгүн сактап калышууда.

Шайлоонун биринчи айлампасында добуш берүү укугуна ээ жарандардын 50 гана пайызы катышты. Бул өлкө тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч болгону айтылууда. Добуш берүүнүн экинчи айлампасы 18-июнда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан менен Кытай кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол коюшту

Астана менен Бээжин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Казакстандагы сапары учурунда бир нече келишимдерге кол коюшту.

Казакстанга түз инвестиция тарткан кытай-казак кызматташуу фонду бир нече салыктын түрүнөн бошотулду. Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда Нурсултан Назарбаев Астана Кытайдагы 51 өндүрүш ишканасын Казакстанга көчүрүү боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

Кол коюлган документтердин арасында Хоргос дарыясындагы селден коргоочу плотина куруу, биргеликте кино өндүрүү, Казакстандын билим берүү жана илим министрлигине суперкомпьютерлерди берүү тууралуу макулдашуулар бар. Мындан тышкары Казакстан Каржы министрлиги менен Кытайдын салык администрациясы салык маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. “Казакстан” телекомпаниясы менен Кытайдын CCTV телеканалы дагы ушундай эле макулдашууга жетишишти.

Казакстан менен Кытай жер казынасын пайдалануу боюнча келишимди дагы үч жылга узартышты.

ШКУ саммитине келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Астанада эл аралык EXPO көргөзмөсүнүн ачылышына дагы катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамптын адвокаты Жеймс Коминин айыптоолорун четке какты

ФБРдин мурдагы жетекчиси Жеймс Коми Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана президент Дональд Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын бул өлкө менен ыктымал байланыштары боюнча иликтөө жүргүзгөндүгү үчүн кызматынан алынганын билдирди.

Жеймс Коми 8-июнда Сенаттын чалгын иштери комитетиндеги коомдук угуу маалында Орусия менен болгон байланышты иликтөө Трамптын кыжырына тийгенин жана бул анын отставкасынын себеби болгонун айтты.

Президенттин жеке адвокаты ФБРдин мурдагы директорунун сөзүн дароо четке какты. Марк Касовиц Комини мамлекет башчысы менен болгон жашыруун маегин ачыкка чыгарууга айыптады.

Сенаттагы көрсөтмөсү алдында кагаз жүзүндө тараткан билдирүүдө Жеймс Коми президент Трамп кызматка киришкен бир аптадан кийин, 27-январдагы кечки тамакта андан ага “лоялдуулук зарылдыгын” жана “лоялдуулукту күтөм”, – деп айтканын белгилеген.

Коми ошондой эле президент Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флин боюнча иликтөөнү жабуу жөнүндөгү өтүнүчүн “көрсөтмө” иретинде кабылдаганын баса белгилеген.

ФБР ал учурда Флиндин Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтеп жаткан.

Флин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилик кызматты бир айдан аз ээлеп, 13-февралда бошотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Британ консерваторлору парламенттеги көпчүлүктөн ажырашты

8-июнда өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Улуу Британиянын Консервативдик партиясы Коомчулук палатасындагы көпчүлүк ордун жоготту.

Палатада көпчүлүк үчүн 326 орун керек. Добуштарды эсептөө аяктай элек, бирок азыр эле Тереза Мэйдин партиясы 318ден 322 орунга чейин алары түшүнүктүү болуп калды. Консерваторлордун башкы атаандашы эсептелген Лейбористтер партиясы 267 мандатка ээ болот. Бул өткөн шайлоонун жыйынтыгынан 35 орунга көп.

Бир нече жума мурда эле радикалдуу солчул көз караштарды карманган Жереми Корбин жетектеген башкы оппозициялык партиянын мындай жеңишин эч ким күткөн эмес. Корбин Мэйди отставкага кетүүгө чакырууга да жетишти. Премьер болсо анын партиясы алган салыштырмалуу көпчүлүк ага өкмөт башчы кызматта иштөөсүнө мүмкүндүк бере тургандыгын айтты.

Терезе Мэйге түндүк ирландиялык Демократиялык юнионисттик партиясы жардамга келиши мүмкүн: ал британ парламентинин төмөнкү палатасында Түндүк Ирландияга берилчү 18 орундун 10на ээ болууда. Юнионисттер консерваторлор менен сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти. Мындай жол менен алар Мэйге бир аз да болсо көпчүлүктү камсыз кылууга шарт түзүп берет. Анткен менен Мэйдин ыктымал отставкасы тууралуу ушактар дагы деле айтылууда.

Шайлоо өнөктүгү маалында консерваторлор Брюссель менен сүйлөшүүлөрдө катуу позицияны кармануу керектигин белгилеп келишкен. Жереми Корбин башында турган лейбористтер ЕБ менен эркин соодалашуу аймагын сактап калууга аракет кыла тугандыктарын айтышкан. Либералдык демократтар болсо брекзит боюнча жаңы шайлоолорду өткөрүү керектигин айтса, Шотландия улуттук партиясы Шотландиянын көз карандысыздыгы тууралуу дагы бир жолу референдум өткөрүү зарылдыгын белгилеп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев: Индия менен Пакистандын ШКУга кошулуусу уюмга жаңы дем берет

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин ачылышында сөз сүйлөгөн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы бул жолугушуу уюмдун жаңы тарых барагын ачарын билдирди.

Саммитте Индия менен Пакистандын ШКУга кошулуу жараяны аяктап, уюмдун толук кандуу мүчөсү деген макам ыйгарылат. Учурда альянска Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Назарбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары соңку ирет алты тараптуу форматта чогулуп жатканын айтты. Анын пикиринде, Индия менен Пакистанды толук кандуу мүчө катары кабыл алуу – уюмга жаңы дем берип, эл аралык мартабасын көтөрөт.

Казакстан президенти ШКУ 16 жыл ичинде көп кырдуу өз ара байланыштын жигердүү аянтчасы болгонун баса белгиледи.

Түштөн кийин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөр болот. Жыйынтыгында Астана декларациясы, экстремизмге каршы күрөш боюнча конвенция, эл аралык террорчулукка каршы туруу боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүүсүн кошкондо жалпы 11 документ кабыл алынат.

ШКУ төрагалыгы Казакстандан Кытайга өтөт. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитине биринчи жолу катышып жатат. Иш-чарага Индия жана Пакистандын премьер-министрлери келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жапония парламенти императордун тактан баш тартуусун колдоду

Жапония парламентинин жогорку палатасы император Акихитонун тактан баш тартуусу жана бийликти мураскерине өткөрүп берүүсү тууралуу мыйзамды жактырды.

Кабыл алынган документке ылайык, бул жараян үч жылдан ашпаган убакытка чейин созулушу керек. Мыйзам учурдагы монархка гана тиешелүү болот.

Өткөн жылы августта 83 жаштагы император Акихито калкка кайрылып, жаш курагы жана саламаттыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын улуу баласы, канзаада Нарухитого өткөрүп берүү каалоосун айткан.

Бул акыркы 200 жыл ичинде жапон монархы тактыдан баш тарткан алгачкы учур болот. Бийликти өткөрүп берүү кийинки жылдын аягына чейин ишке ашат деп күтүлүүдө.

Буга чейин мыйзам долбоорун жапон парламентинин төмөнкү палатасы жактырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп каатчылыкты жөнгө салууда Катарга жардам берүүгө даяр экенин айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани менен болгон телефондук сүйлөшүүсү маалында араб өлкөлөрүнүн ортосундагы каатчылыкты жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Ал ошондой эле Катарды исламчыларды каржылоо агымдарын токтотуунун үстүнөн иш алып барууга чакырды.

Күн мурун Трамп «Твиттердеги» баракчасына Катардын изоляциясы «терроризмдин аякташынын башталышы» болорун жазган. Буга карабастан АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондун Катарга карата саясаты өзгөрбөй тургандыгын билдирди. Бирок мекемеден Трамптын бул билдирүүлөрү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

5-июнда Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Ливия өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтотушкан. Араб лидердери Доха радикал исламчылар менен Иранга колдоо көрсөтүп жатканын билдиришүүдө. Өз кезегинде Катардын бийлиги дипломатиялык мамилелерди токтотуу чечимин негизсиз, ал эми терроризмди колдоо айыптарын далилсиз деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тегерандагы кол салуулар үчүн «Ислам мамлекети» жоопкерчилик алды

Тегерандагы теракттар үчүн «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алды. Кечээ аятолла Хомейнинин мавзолеянин алдындагы жана парламенттеги кол салуудан 12 киши өлүп (анын ичинде төртөөсү кылмышкерлер), 42 адам жаракат алган.

Ирандын ички иштер министринин орун басары Хосейн Зольфахаринин айтымында, парламентке көчө тараптан куралдуу төрт адам кирип барып, күзөтчүлөргө карата ок чыгарышкан. Жыйынтыгында күзөтчүлөрдүн бирөөсү каза болуп, экинчиси «жанкечти курун» тагынган террорчулардын бирин атып өлтүргөн. Калган үч кылмышкер имараттын жогорку кабаттарынан атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан жок кылынган.

Хомейнинин күмбөзүндөгү кол салууда террорчулардын бири өзүн жардырып, бир нече киши жарадар болгон. Кол салгандардын дагы бирөөсүн коопсуздук органдары атып өлтүрүшсө, экөөсү колго түшүрүлгөн.

2015-жылы буга окшогон кош теракт Тунистин борборунда болгон. Аскер кийимчен белгисиз адамдар өлкө парламентинин жыйындар залына кирип барып Калашников автоматтары менен ок чыгарышкан. Кийин жакын жайгашкан Бордо музейине качып барып, 30га жакын адамды барымтага алышкан. Анда кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп ФБР башчылыгына талапкерди тандады

АКШ президенти Дональд Трамп адвокат Кристофер Рэйди Федералдык тергөө бюросунун башчысы катары тандаганын маалымдады. Талдоочулардын баамында Рэйдин кадыр-баркы эки партияда тең жогору, мындан улам анын талапкерлиги Сенат тарабынан тоскоолдуктарсыз эле өтүп кетиши мүмкүн.

Президент Конгресстеги партиялаштарын алдын ала эскертпестен, бул чечимин Твиттерде жарыялады.

Рей 2003-2005-жылдары Башкы прокуратуранын Тергөө комитетин жетектеген. Мурда прокурор катары 11-сентябрдагы терактка тиешеси бар террордук түйүндөрдүн бетин ачуунун үстүндө иштеген. Учурда King & Spalding деген юридикалык фирмада эмгектенет.

Федералдык тергөө бюросунун мурдагы директору Жеймс Комини президент Трамп кызматтан өткөн айда бошоткон. Анын кызматтан алынышы ФБР Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан учурга туш келди.

Жеймс Коми бүгүн 8-июнда Сенаттын чалгын иштери боюнча комитетинде кызматтан алынышынын жагдайлары боюнча көрсөтмө берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню