Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен болгон Астанадагы жолугушуусунда өлкөнүн өнүгүүсүн Кытай менен байланыштырарын билдирди.
Мамлекет башчы Кытайды «жакынкы коңшу» гана эмес, «ишенимдүү мамилелерден» куралган «дос жана өнөктөш» деп атап, эки өлкө ортосунда чечилбеген маселе жок экенин белгиледи. «Экономика тармагында чет өлкөлүк түз инвестициянын, бөлүнгөн насыянын көлөмү жана биргелешкен ишканалардын саны боюнча Кытай Казакстандын негизги өнөктөшү болуп калды. Эң башкысы – биз энергетикалык кызматташуу маселелерин чечип алдык. Өлкөдөгү мунайдын 25 пайызын кытайлык компаниялар өндүрүшөт. Учурда алар келишимдерди узартуу маселесин коюп жатышат. Биз аны карап чыгабыз, анткени алар жакшы өнөктөштөр», – деди Назарбаев.
Ал ортодо бүгүн Астанада Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев менен Кытайдын улуттук мунайгаз корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Илинь жер казынасын пайдалануу келишимдерин узартуу тууралуу меморандумга кол койгондугу белгилүү болду.
Нурсултан Назарбаев Астана 51 өндүрүш ишканасын Кытайдан Казакстанга көчүрүү боюнча иштер уланып жатканын айтты. Андан тышкары казак лидери өлкө «Бир алкак – бир жол» программасын колдой тургандыгын жана ал Казакстандын «Нурлы жол» программасына шайкеш келерин айтты.
«Биз силердин Кытайды өнүктүрүү, аны дүйнөдөгү татыктуу орунга көтөрүү пландарыңарга жакшы көз караштабыз. Кытай жыл өткөн сайын өзүнө ылайык болгон абалды ээлеп келет жана биз дайыма силердин жаныңарда чогуу болобуз», – деди президент.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”