Белгилүү америкалык куудул, юмористтик берүүнүн алып баруучусу Кэти Гриффин АКШ президенти Дональд Трамптын башы кесилген видеосу үчүн CNN телекомпаниясындагы келишиминен кол жууду.
Гриффиндин шейшембиде жарыялаган видеосун CNN телекомпаниясы “жийиркеничтүү” деп атады. Компания аны быйыл Жаңы жыл алдында Таймс-скверде өтө турган атайын оюн-зоок программасын алып барууга чакырбай турганын жарыялады. Нью-Мексико штатындагы кумаркана дагы Гриффиндин 22-июлга белгиленген иш-чарасын жокко чыгарды.
Трамп Гриффиндин видеосуна жооп иретинде Твиттерге мындай нерсе жараткандыгы үчүн ал уялуусу керектигин жазды. Биринчи айым Мелания алып баруучуну айыптаган жеке билдирүү менен чыкты. “Эне, өмүрлүк жар жана инсан үчүн бул сүрөт өтө коркунучтуу. Дүйнөдө болуп жаткан ырайымсыздыктарды карап отуруп, бул сыяктуу сүрөттү жараткан кишинин акыл-эси сообу деп ойлоого аргасыз болосуң”,-деди ал.
Куудул Гриффин Трамп тууралуу видеосу күлкүлүү эмес, өтө коркунучтуу болуп калганын моюнга алып, кечирим сурады.
56 жаштагы актриса, “Эмми” сыйлыгынын лауреаты Трамптын дарегине көптөн бери кескин сындарды айтып келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”