Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Өкмөт мүчөсү Жеңиш Разаков Майлуу-Суу шаары менен Аксы районунда болду

 

Кече, 22- майда КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков атайын расмий жумушчу иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жана Аксы районунда болду. Өкмөт мүчөсүнүн расмий жумушчу иш сапарынын башкы максаты Майлуу-Суу шаарындагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери менен таанышуу жана Аксы районундагы Авлетим айыл аймагына караштуу Афлатун дарыясындагы селдин алдын алуу жумуштарынын абалы менен жеринде таанышуу болду. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын ӨКМнин орун басары Равшанбек Рысбаев, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ шаардык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жалгыз аяк жол менен жөө өтүп барышып, жеринде жолугушту. Быйылкы жылдын 28-апрелинде түшкөн жер көчкүнүн көлөмү алгач 1 млн. куб. метрден ашуун жер массасын түзүп, Майлуу-Суу – Сары-Бээ айылдарын бириктирген автомагистралдын 500 метрин басып калган. Бүгүнкү күндө жалпы түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 7 млн. куб. метрге чукулдап калды. Учурда Сары-Бээ шаардык аймактык башкармалыгына караган Көгөй, Сары-Бээ жана Көпүрө-Башы айылдарынын 3500дөн ашуун жашоочуларынын Майлуу-Суу шаарынан тамак-аш азыктары менен турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарын ташуусу жалгыз аяк жол менен гана болуп калды. Жергиликтүү жашоочулар бул жалгыз аяк жолду “Өмүр жолу” деп атап алышты. Жалпы жонунан Майлуу-Суу шаары боюнча жер көчкүдөн 105 үй-бүлө жабыр тартышып, үйлөрүнөн көчүп чыгууга мажбур болушкан.  Азыркы мезгилде Түштүк Кара-Жыгач айылынан 23 үй-бүлө шаардагы атайын орто окуу жайынын жатканасына убактылуу көчүп чыгышса, Сары-Бээ шаардык аймактык башкармалыгына караштуу  45 үй-бүлө убактылуу чатырларда жашап жатышат. Өкмөт мүчөсү менен болгон элдин жолугушуусунда калк болгону эки өтүнүч менен бийлик өкүлүнө кайрылышты. Биринчиси, тез арада Майлуу-Суу – Сары-Бээ автомагистралын калыбына келтирүү жана 105 үй-бүлөгө тез арада турак-жайларын салуу үчүн жер участокторун ажыратып берүү өтүнүчтөрүн ортого салышты.

—    КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Майлуу-Суу—Сары-Бээ автомагистралын курууга 10 млн. сом каражатты бөлүп берди. Үч күндөн кийин бул жерге атайын техникалар келтирилип, жолдун курулушу башталат жана аны тез арада бүткөрүүнүн аракеттерин көрөбүз. Долбоор иштелип чыгылды. Жаңы жол Майлуу-Суу дарыясынын батыш жээгине салына турган болду. Бул жумушту Бишкек-Ош жол курулушунун дирекциясы ишке ашырат. Үч күндөн соң жолдун курулушу башталат,- деди КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков.

Жолдун курулушу саналуу күндөрдөн кийин башталаары туурасында жергиликтүү тургундарга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын транспорт жана жол министрлигинин жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраев кеңири маалымат беришти. Мындан сырткары турак-жайлары жер көчкүдөн улам кооптуу жана жашоого жараксыз болуп калган 105 үй-бүлөгө жакын арада жер участкалары бөлүнүп берилээри туурасында  бийлик өкүлдөрү ынанымдуу маалыматтарды беришип, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген ондогон суроолорго ынанаарлык жоопторду беришти.  КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков мамлекет тарабынан калктын башына түшкөн кыйынчылыктарды жеңүүгө бардык күч-аракеттер жумшаларын ишендирип кетти.

Ушул эле күнү Өкмөт мүчөсү Жеңиш Разаков баштаган бийлик өкүлдөрү Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагына караштуу Афлатун дарыясындагы сел кесепеттеринин алдын алуу, дарыянын жээктерин бекемдөө жумуштарынын жүрүшү менен дагы таанышты. Афлатун дарыясындагы суунун көлөмүнүн көбөйүүсү Бай Кашка-Терек жана Коргон айылдарындагы 79 үй-бүлөгө сел каптоо коркунучун жараткан. Жергиликтүү бийликтин уюштуруучулук иш-аракеттери жана ӨКМнин адистери менен техникалык жардам көрсөтүүлөрүнүн аркасында дарыянын суу алып кеткен жерлери өз убагында тосулуп, сел жүрүү коркунучтары учурда толугу менен жоюлду. Авлетим айыл аймагынын башчысы Нурмырза Абдрамановдун айтуусуна караганда айыл өкмөтү тарабынан селди тосууга 500 миң сомдон ашуун каражат сарпталып, техникаларды иштетүүгө күйүүчү майлар сатылып алынган.  КРнын вице-премьер-министри  Жеңиш Разаков КРнын ӨКМнин орун басары  Равшанбек Рыспаевге сел алуу коркунучу толук жоюлмайынча жергиликтүү бийлик менен тыгыз карым-катнашта иш алып баруу тапшырмасын койду. Бүгүнкү күндө Аксы районундагы Авлетим айыл аймагында 11 676 калк жашап жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп Рим папасы менен жолугушууда

АКШ президенти Дональд Трамп Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушууда.

Буга чейин Трамп менен Франциск миграция, климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерде пикирлери келишпей калган.

Мындан кийин Трамп Италия президенти Серджио Маттарелло жана премьер-министр Паоло Жентилони менен дагы жолугушат.

АКШ президенти Италияга Сауд Аравия, Израил, Палестин автономиясындагы иш сапарларынан кийин келди. Кечээ ал Иордандын Батыш жээгинде Израил менен Палестинаны мунаса табууга чакырган.

Кошмо Штаттардын президенти Италиядан соң Европа биримдиги жана НАТОнун жетекчилери менен жолугушат.

Андан соң кайра Италияга келип Сицилияда “Чоң жетилик” саммитине катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан Венадагы ЕККУнун конференциясына катышуудан баш тартты

Тажикстан делегациясы экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча ЕККУнун конференциясына катышуудан баш тартты. Иш-чара 23-24 майда Вена шаарында болот.

Конференцияга Башкы прокуратура, Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги жана Тажикстан коомдук уюмдарынын өкүлдөрү чакырылган.

Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булак кабарлагандай, делегация мүчөлөрү Австриянын борборуна чейин авиабилет сатып алышкан, бирок соңунда ЕККУнун конференциясына катышуудан баш тартышкан. Бирок мунун себептерин ачыкташкан жок.

2016-жылы декабарда Венада аймактагы сөз эркиндиги боюнча ЕККУнун жыйыны өткөн. Дүйшөмбү өз өкүлдөрүн жиберген эмес. Себеби Тажикстан тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен “Группа 24” уюмдарынын өкүлдөрү былтыр сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынына катышкандыгы үчүн нааразы болгон. Анда өлкөнүн расмий делегациясы эл аралык издөөдө жүргөн адамдарга сөз берилгенде каршылык иретинде жыйындан чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манчестерде темир жол бекети жабылды - полиция күмөндүү затты жардырды

Полициянын болжолдуу версиясы боюнча Улуу Британиянын Манчестер шаарынын концерттик залындагы жардырууну жалгыз жанкечти жасаган болушу мүмкүн. Теракттан 22 киши мерт болуп, 59 адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында ондогон кичинекей балдардын бар экени кабарланууда.

Жардыруу 22-май күнү кечинде – ырчы Ариана Гранденин концертинен кийин дароо болгон.

Сапёрлор Манчестер бекетинде кийинчерээк табылган күмөндүү затты жардырышты, бирок ал бомба эмес болуп чыкты. Кооптуу райондон адамдар эвакуацияланып, поезддердин кыймылы токтотулду.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Окуяга байланыштуу Мэйдин консервативдик партиясы жана башка саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн убактылуу токтотушту.

Манчестердеги теракт 2005-жылдан берки эң ириси болуп калды. Анда Лондондо коомдук транспорттогу жардыруулардан 52 киши өлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астана Түндүк Кореянын ракеталык сыноосун айыптады

Астана Түндүк Кореянын 21-майдагы ракеталык сыноосун кескин айыптайт. Бул тууралуу мамлекеттик «Казинформ» агенттигине өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди.

Анын айтымында, Түндүк Кореянын бул аракети БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын одоно бузуу болуп эсептелет.

«Казакстан тынчтык орнотуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерин жокко чыгарып, глобалдык жана аймактык коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан чагымчыл жана жоопкерчиликсиз аракеттерди туура эмес деп эсептейт», — деп билдирди Жайнаков.

Ал Астана Пхеньянды өзөктүк жана ракеталык программалардан баш тартууга жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын аткарууга чакырарын кошумчалады.

Түндүк Корея 21-майда орто аралыктагы балистикалык ракетасын сыноодон өткөрүп, ал ийгиликтүү болгонун билдирген. Ракета 500 чакырымдай учуп, Жапон деңизине барып түшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркия Вашингтондогу мушташка байланыштуу АКШга нааразылык билдирди

Анкара 16-майда Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин алдындагы мушташ маалында америкалык полициячылардын түрк атайын кызмат өкүлдөрүнө карата жасаган мамилесине байланыштуу АКШга нааразылык билдирди.

Акция армян жана күрт демонстранттары менен президент Режеп Тайип Эрдогандын жансакчыларынын ортосундагы кагылышууга чейин жеткен.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын элчиси Жон Бассты чакырып, ага нааразылык билдирди. Андан сырткары америкалык тараптан окуяны иликтеп, күнөөлүүлөргө айып тагылышын талап кылды.

Эрдогандын жеке жанчакчылары менен демонстранттардын ортосундагы мушташ 16-майда, акция катышуучулары Түркия элчилигинин алдына Күрдистан жумушчулар партиясынын желегин алып келгенден кийин башталган. Анда 9 киши жаракат алып, экөөсү кармалган. Ак үйдөгү сөзүндө Эрдоган күрт уюмдарын «террордук» деп атап, АКШны аларга каршы күрөшүүгө чакырган. АКШ жихадчыларга каршы күрөштө Сирия менен Иракта күрт уюмдары менен бирге аракеттерге барууда.

 

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нетаньяху АКШнын Жакынкы Чыгыштагы лидерликти колго алганын кубаттады

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушуусунда алгачкы ирет аймактагы тынчтыкка жетишүү мүмкүндүктөрүн байкаганын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Иерусалимде өткөн биргелешкен маалымат жыйынында Нетаньяху Трамп менен тыгыз кызматташтыкта иштөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. “Жалпы коркунучтар душмандарды өнөктөштөргө айлантат”, – деди Нетаньяху.

Өз кезегинде Трамп дагы Ирандын согуштук дараметин бекемдөөсүнөн кооптонгон араб өлкөлөрү менен Израилдин көз караштары жакындай баштаганын бир канча жолу белгиледи.

Маалымат жыйынында Нетаньяху АКШнын Иранга карата жасап жаткан саясатындагы өзгөрүүлөргө жогорку баасын берди. Ал ошондой эле Трамптын Сирияда химиялык куралдын пайдаланылышына каршы чыгуу чечимин кубаттай турганын кошумчалады.

“Биз туруксуз Жакынкы Чыгышта дуушар болуп жаткан коркунучтарга каршы туруу үчүн силер менен тыгыз кызматташабыз деген үмүттөмүн. Биргеликте биз Ирандын агрессивдүү амбицияларын токтотуп, анын өзөктүк куралга ээ мамлекет болуу аракетине тоскоолдук кыла алабыз”, – деди Нетаньяху.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манчестердеги жардыруудан 19 киши мерт кетти

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы жардырууда 19 киши мерт кетип, 50 чамалуу адам жараат алды. Жардыруу 22-майда, америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концертинен кийин болду.

Жардыруунун себеби азырынча белгисиз. Бирок жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, полиция муну терракт катары сыпаттоодо. BBC полицияга шилтеме кылып билдиргендей, жардыруу болгон жерден алыс эмес жайдан экинчи жардыргыч зат табылды.

Учурда жардыруу болгон жерде саперлор иштеп жатышат. Концерттик зал жана анын айланасындагы райондордо аскерий полиция күзөттө турат. Жакынкы темир жол станциялары жабылды.

Гранде ырдаган Manchester Arena Европадагы эң чоң концерттик зал. Жардыруу маалында 22 миң орунду зал элге жык толгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манчестердеги жардыруу болгон концертке 6 казакстандык студент барган

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалыматтар боюнча 22-майда Maнчестер Аренадагы жардырууда курман болгондордун арасында казак жарандары жок экенин билдирди. Казакстандын Лондондогу элчилиги жергиликтүү укук коргоо органдары менен дайыма байланышта.

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы жардырууда 19 киши мерт кетип, 50 чамалуу адам жараат алды. Жардыруу 22-майда, америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концертинен кийин болду.

Маалыматка караганда, ага алты казакстандык студент барган. Казак дипломаттары алардын экөө менен байланышып, медициналык жардамга муктаж эместиктерин, калган шериктери менен бирге үйлөрүнө аман-эсен жетишкенин билдирди.

ТИМ Улуу Британиядагы Казакстан жарандарына коопсуздук чараларын сактоону эскертти. Маалымат алышып-беришүү үчүн ыкчам линия ачылды. ТИМ казакстандыктарды Манчестердеги туугандары болсо кабарлашып, ал-жайларын билүүнү суроодо.

Британия бийлиги окуяны террордук акт катары кароодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп Махмуд Аббас менен жолугушуу үчүн Вифлеемге барат

АКШ президенти Дональд Трамп Израилдеги сапарынын алкагында Вифлеемге барып, Палестина администрациясынын президенти Махмуд Аббас менен жолугушууну пландоодо.

Трамп буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен кездешип, Иерусалимдеги Батыш дубалын зыярат кылган.

Трамп жөөттөрдүн ыйык жайына барган биринчи АКШ президенти болуп калды.

Алгачкы эл аралык сапарынын алкагында Трамп израилдер менен палестиналыктар ортосундагы тынчтык келишим боюнча жылышка жетишүүгө аракет жасоодо. Расмийлердин билдиришинче, Трамптын Вифлеемдеги 20 минуттук сапары – күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен коштолот.

Аббастын жардамчысы Хоссам Зомлот Трамп тарыхый келишимге жетишүүдө ортомчу болсо, ага өнөктөш болууга даяр экендиктерин билдирди.

Тынчтык сүйлөшүүлөрдүн акыркысы 2014-жылдын апрель айында, Палестин тарап Израил талаштуу аймактарда конуш куруу саясатын улантып жаткан шартта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү маңызсыз деп эсептегенден улам үзгүлтүккө учураган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню