Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Трамп мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерин экстремизмди жоюуга чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн  лидерлерине кайрылып, Жакынкы Чыгышта “экстремизмди жоюу” максаты менен “мамлекеттердин коалициясын” куроого үндөдү. АКШ президенти мындай чакырыкты Эр- Риядда, Араб – Америка саммитинде сүйлөгөн учурунда жасады.

АКШ президенти убада кылгандай, алар “өз жашоо образын башкаларга таңуулабайт, бирок ишеним жана кызматташтык духунда башкаларга кол сунмакчы”.

“Бул – түрдүү диндер, секталар же цивилизациялар ортосундагы күрөш эмес, адам өмүрүн кыйууга умтулган варвар кылмышкерлер менен аны сактоону көздөгөн ак ниетүү адамдар ортосундагы күрөш. Бул- жамандык менен жакшылыктын” ортосундагы күрөш”,- деди Трамп.

Дональд Трамп АКШ президенти катары алгачкы чет элдик сапарынын алкагында Сауд Арабияга ишемби күнү келген. Араб – Америка саммити визиттин экинчи күнүндө өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ооганстан вице-президенти өлкөдөн чыгып кетти

Ооганстандын вице-президенти, генерал Абдул Рашид Дустум өлкөдөн чыгып кетти. Дустумдун кеңешчиси Ясин Хамоштун “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиришинче, ал Түркияга дарыланууга кеткен.

Кийинчерээк президенттин дагы бир шериги, анын партиясынан парламентте депутат болуп отурган Пхмад Таянж “Дустум жашырынган жок, ал дарылангандан кийин кайтып келет”, -деп билдирди. Аткаминердин саламаттыгы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.

Жаузжан провинциясынын экс-губернатору Ахмед Ишчи өткөн жылдын 25-ноябрында уурдалып, адегенде Достум өзү, андан кийин анын жан жөкөрлөрү ур-тепкиге алып, эркектик намысына шек келтирип, бир нече күн зомбулук көрсөтүшкөнүн айтып чыккан.

Ооган бийлиги 2016-жылы буга байланыштуу иликтөө жүргүзүп баштаган.

Бирок Дустум суракка алынган эмес.

2008-жылы ооган өзбектеринин лидери ушундай эле айыптоолордон соң, Түркияга качып кетип кайра келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эл аралык терроризмге каршы күрөшүүчү аскер контингенти түзүлөт

АКШ президенти Дональд Трамп катышкан араб жана мусулман өлкөлөрүнүн саммитинде Иран жана Сириядагы террорчуларга каршы күрөштө колдоо көрсөтө турган аскер контингенти түзүлөрү жарыяланды. Бул тууралуу Эр-Рияддагы эл аралык жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынган документте айтылат.
Сауд Арабиясындагы самиттке катышкан 50дөн ашуун өлкөлөрдүн башчылары Иран менен Сириядагы террорчуларга каршы операцияны колдой турган контингенттин түзүлүшүнө макулдуктарын билдиришти. Алдын ала маалыматтарга караганда, контингент 34 миң кишиден турат.

Самитте кабыл алынган “Эр-Рияд декларациясында” экстремисттик идеологияга каршы күрөшө турган Дүйнөлүк борбор түзүү зарылдыгы да жарыяланды. Борбордун башкы кеңсеси Сауд Арабиясында жайгашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Швеция хоккей боюнча дүйнө чемпиону болду

Швециянын курама командасы хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнунда Канада курамасын утуп алды. Мелдеш 21-майда Көлн шаарында өттү.

Оюндун негизги убактысында командалардын эч кимиси утушка ээ болгон эмес. Овертаймда дагы дарбазага топ кирген жок. Буллит сериясында гана ийгилик шведдерге жылмайып, 2:1 эсебинде жеңишке жетишишти.

Натыйжада Швециянын курама командасы хоккей боюнча дүйнө чемпионатында 10-жолу алтын медаль тагынды.

Ушул эле күнү Орусия коло медаль үчүн Финляндия менен ойноп, атаандашын 5:3 эсебинде утуп алды.

Хоккей боюнча кийинки дүйнө чемионаты 2018-жылы майда Данияда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рахмон исламофобиянын өсүүсүнө террорчулар шарт түзгөнүн билдирди

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Эр-Риядда өткөн мусулман өлкөлөрүнүн саммитинде экстремисттик жана террористтик көрүнүштөргө карата эки түрдүү мамиле болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, мындан улам «радикал топтор айрым коомдук деп аталган фонддор менен уюмдардын саясий-маалыматтык жана каржылык жардамдарынан пайдаланып жатат».

«Жыйынтыгында терроризм менен экстремизм таралуу чөйрөсүн кеңейтип, үрөйдү учурган көрүнүштөргө ээ болууда. Мындай чакырыктар бүтүндөй бир мамлекеттердин жок болуп кетүү коркунучун түзүп, болуп көрбөгөндөй кыйроолорго жана жүз миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келди», – деди ал.

Рахмон «экстремисттик жана террористтик топтор дүйнөнүн түрдүү бөлүктөрүндө зомбулукту жайылтуу жана диний-этникалык кагылышууларды уюштуруу менен исламофобияны жана мусулмандарды жек көрүү сезиминин калыптанышына мүмкүндүк түзүп жатканын» белгиледи.

Мамлекет башчы дүйнө коомчулугу терроризмди кубулуш катары көрсөтүп жаткан объективдүү, материалдык жана руханий байлыктарды толук аныктап чыгуусу керектигин белгиледи. Анын айтымында, «башка руханий факторлор менен катар жумушсуздук, жакырчылык жана калктын социалдык жактан корголушунун төмөнкү деңгээли радикализм менен терроризмдин пайда болушуна шарт түзүүдө».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев Трамп жана Тиллерсон менен жолукту

21-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ислам өлкөлөрүнүн башчылары жана АКШнын лидери катышкан Эр-Рияддагы саммиттин алкагында америкалык президент Дональд Трамп менен жолукту. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Назарбаев менен Трамп «эки тараптуу карым-катнаштын негизги багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык, саясий жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча байланыштарды бекемдөө мүмкүндүктөрүн» талкуулап, «эл аралык күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча пикир алмашышты».

Ошондой эле Назарбаев самиттин алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугуп, «эки тараптуу кызматташтыктын белгилүү бир аспектилеринин учурдагы абалы жана өнүгүү мүмкүндүктөрүн» талкуулады.

Назарбаевдин Трамп жана Тиллерсон менен болгон жолугушуусу боюнча мындан башка маалыматтар айтылган жок.

Эр-Риядда өткөн саммитте Назарбаев Кувейттин эмири, Катардын эмири, Бахрейдин падышасы, Абу-Дабинин мураскер канзадасы, Йемендин, Мавританиянын президенттери жана Пакистандын премьер-министри менен жолукту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирияда ИМ тобу өкмөттүк күчтөрдүн позицияларына чабуул жасады

Сирияда «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери 50дөн ашык кишини өлтүрүп, ондогон адамды жарадар кылышты. Каза болгондордун арасында кеминде 15 жай тургун бар.

Өлкөдөгү абалга мониторинг кылып жүргөн сириялык активисттер билдиришкендей, ИМ тобунун согушкерлери Хама провинциясында өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндөгү эки кыштакка чабуул жасашкан. Атышууда кол салгандардын 15тен ашыгы өлтүрүлгөн.

Ирактын өкүлү Фалех аль-Файад кечээ Дамаскта Сирия президенти Башар Асад менен жолугуп, террорчуларга каршы күрөшүү боюнча аскердик кызматташуу маселесин талкуулаган. Учурда Ирак учактары Сириядагы ИМ тобуна каршы аскердик операцияларды жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө «Ислам мамлекетинин» жоочулары Сириянын чыгышындагы жана Ирактын түндүк-батышындагы аймактардын кыйла бөлүгүн элеп турушат.

18-майда Женевадагы сүйлөшүүлөр маалында Асад режиминин өкүлдөрү Сириядагы конституциялык процесс боюнча «расмий эмес консультациялар» башталганын билдиришкен. Ошол эле маалда делегация башчысы Башар аль-Жаафари Дамаск башкалардын өлкө баш мыйзамын өзгөртүүгө кийлигишүүсүнө жол бербей турганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Иранда президенттик шайлоо өтүүдө

Иранда бүгүн, 19-майда президенттик шайлоо өтүүдө. Жалпысынан төрт талапкер ат салышууда.

Негизги жарыш азыркы президент Хасан Роухани менен мурдагы башкы прокурор Эбрахим Раисинин ортосунда болору күтүлүп жатат.

Роухани Ирандын өзөктүк программаларын токтотуу аркылуу эл аралык санкциялардан арылууну көздөгөн келишимге кол койгон. Ал жеңишке жетишсе, Батыш менен кызматташууну улантып, жарандардын эркиндигин камсыздоону убада кылууда. 68 жаштагы Роухани шайлоочулар атаандаштарына добуш берсе, туруктуулукка доо кетип, авторитаризм кайра күчөшү мүмкүн экенин эскерткен.

56 жаштагы Раиси Ирандын аятолласы Али Хаменеинин ишенимдүү адамы болуп эсептелет. Ал Иран чет өлкөлүк жардамга муктаж эместигин белгилеп, ислам революциясынын баалуулуктарын кайра жандантарын ишара кылганы бар.

Ирандын 80 миллиондук калкынын 55 миллиону добуш берүүгө укуктуу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бозгундагы тажик полковнигинин кызы алардын жашоосу азапка айланганын билдирүүдө

Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” террордук тобунун аскер министри Гулмурод Халимовдун жакындары соңку жылдары алардын жашоосу азапка айланганын моюндарына алышууда.

Гулмурода Халимовдун биринчи аялы жана төрт баласы Варзоб районунун алыскы айылдарынын биринде жашашат. Тун кызы Нилуфар Халимова 9-класста окуйт. Ал атасы Сирияга кеткенден бери тынымсыз суракка алынып жатышканын билдирди.

“Биз коркобуз. Психологиялык жана каржы жагынан алганда өтө оор абалга кептелдик”, – дейт Халимова. Апрелде мурдагы генералдын 18 жаштагы баласы камалгандан кийин түйшүк ого бетер күчөгөн.

Халимовдун биринчи аялы Назокат Муродова шаршембиде абактагы баласы менен көрүшүүгө уруксат беришпегенин айтты. Ал буга чейин уулу менен жолугууга бир нече жолу аракет жасаганын, уулу эмне себептен айыпталып жатканын эч ким түшүндүрбөгөнүн баса белгиледи.

Гулмурод Галимов Тажикстан Ички иштер министрлигинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы полковниги, көзгө атары болгон. 2003-2004-жылдары америкалык машыгуу борборлорунда терроризмге каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнгөн. 2015-жылдын апрелинде дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин Сирияда ачыкка чыккан.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Гулмурод Халимовго каршы үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон. АКШ анын кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу так маалымат бергендерге $3 млн сыйакы убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп Орусия менен байланышын иликтөөчү атайын комиссия түзүүгө каршы экенин айтты

АКШ президенти Дональд Трамп айланасындагы адамдардын Орусия менен байланышын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүгө каршы экенин билдирди.

Президент бейшембидеги брифингде бул кадам өлкөнү бөлүп-жарып жатканын белгиледи. Трамп Орусия менен эч кандай жашыруун сүйлөшүүлөр болбогонун жана ФБРдин экс-директору Жеймс Комиден мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусия менен байланышын иликтөөнү токтотууну өтүнбөгөнүн билдирди.

АКШ лидери Комини кызматтан алуу чечимин эки партия тең колдойт деп үмүттөнүп жатканын айтты.

Орусиянын АКШдагы өткөн жылкы президенттик шайлоого кийгилишүүсү боюнча ФБРдин иликтөөсүн жетектеген Коминин отставкасынан кийин өлкөдө тергөө түзүмдөрүнүн көз карандысыздыгы жана мындай чечимдердин мыйзамдуулугу өңдүү маселелер көтөрүлө баштаган.

17-майда АКШнын Юстиция министрлиги Трамптын шайлоо штабынын Москва менен ыктымал байланышын иликтөөнү ФБРдин мурдагы директору Роберт Мюллерге тапшырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню