Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Жапония өзбекстандык медайымдарды ишке чакырууда

Маселе Өзбекстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Азиза Абдухакимова менен Жапониянын социалдык камсыздоо корпорацияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу маалында талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин жыл соңуна чейин миңге жакын медайым Жапонияга иштөө үчүн жөнөтүлөт деп күтүлүүдө. «Жапонияда балдардын төрөлүү саны азайып жатат. Ал жакта улгайган адамдарды караганга киши жетишсиз. Бул тартыштыктын ордун толтуруу үчүн жапон корпорациялары өзбекстандык медайымдарды жумушка алуу программасын ишке киргүүзүнү каалашат», – деди Өзбекстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин өкүлү.

Анын айтымында, жапон делегациясы узак мөөнөттүү кызматташууну жолго коюуга ниеттенүүдө. Учурда жаш курагы, тажрыйбасы өңдүү жумушчуларга коюлчу бир катар талаптар талкууланууда.

«Тандоодо жумушчунун медициналык билимге ээ болушу анча маанилүү болбойт. Жапондуктар иштөө үчүн бир нече айга созулган атайын курстардан өтүү гана жетиштүү экенин айтышууда. Алар эгер жапон тилин билсе азыр деле 35 медайымды алып кетүүгө даяр экендиктерин билдиришти», – деди министрликтин өкүлү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандагы айрым медициналык окуу жайларга жапон тилин киргизүү мүмкүндүгүн жөнүндө да сөз болду.

Жапон корпорациялары негизинен ооруканалардагы, карылар үйлөрүндөгү жана санаторийлердеги улгайган адамдарга кызмат көрсөтүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нью-Йоркто автоунаа топтолгон элди сүзүп, 18 жаштагы кыз каза болду

Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянтында автоунаа топтолгон элди сүзүп, 18 жаштагы кыз каза болду. Дагы 22 киши түрдүү жаракаттарды алышты.

Унаанын айдоочусу кармалды. Ал өткөн жылы мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалган 26 жаштагы Ричард Рохас аттуу жергиликтүү тургун болгон.

Полиция, ММКлар жана күбөлөр окуяны теракт эмес деп эсептешүүдө.

Бирок Таймс-Сквер аянты курчоого алынып, полиция иликтөө жүргүзө баштаганы маалым болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Видео - Түрк президентинин жан сакчылары АКШда демонстранттар менен мушташты

Вашингтондогу Түркия элчилигинин алдында болгон кагылышта эки киши кармалып, тогузу жараат алды. Элчиликтин алдына миттингге чыккан күрт жана армян демонстранттары аларга 16-майда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын тарапташтары жана өлкө башчысынын жеке жансакчылары кол салганын айтышууда.

Костюмчан бир нече киши демонстранттарды ур-тепкиге алышкан. Түркия делегациясы алар акцияга чыккандардын чагымчыл аракеттерине каршы жооп кайтарганын билдирди.

Кагылышууга тартип сакчылары кийлигишүүгө аргасыз болду. Вашингтон полициясынын маалымат катчысы Дастин Штернбек мушташкандардын бирине полицияга кол салуу боюнча айып тагылганын маалымдады.

Окуя Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ак үйдө АКШнын лидери Дональд Трамп менен жолугуп, Сириядагы күрт козголоңчуларын куралдандыруу боюнча Вашингтондун чечимин сынга алгандан кийин болду.

Эрдоган Жакынкы Чыгышта “террордук уюмдарга орун жок” деп кошумчалады. Бир апта мурда Кошмо Штаттар Сириядагы күрттөрдөн куралган Элдик коргонуу кошуундарын курал менен камсыздай турганын билдирген. Анкара бул уюмду Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар террордук топ деп эсептейт.

https://www.youtube.com/watch?v=0jh4pzxKZFY&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Иранга карата санкцияларды жумшартты, бирок ракеталык сыноолору үчүн жаза берди

Кошмо Штаттар 2015-жылдагы “өзөктүк келишим” боюнча, Иранга карата санкцияларды жумшартууну улантууда. Ошол эле маалда Тегерандын ракеталык сыноолоруна байланыштуу каржылык чектөөлөр киргизилди.

Чектөөлөр Иран коргоо министрлигинин эки аткаминерине, бир иран жана үч кытай компаниясына жана бир Кытай жаранына тиешелүү.

Бул чечимди Мамдепартамент жана Каржы министрлиги 17-майда Конгресске сунуштады. Билдирүүдө АКШ Жакынкы Чыгыштагы абалды туруксуздаштырууга шыкакчы болгон Ирандын аракеттерине каршы турары айтылат.

Тегеран Сириядагы жарандык согушта Башар Асад режимин, Йеменде козголоңчу хутсилерди жана Ливанда радикалдуу “Хезболла” тобун колдойт.

Трамп шайлоо кампаниясы учурунда эгер Тегеран өзөктүк программаларын токтотсо, соода-экономикалык санкцияларды акырындык менен алуу тууралуу келишимди жокко чыгарышы мүмкүн экенин билдирген.

19-майда Иранда президенттик шайлоо өтөт. АКШ менен өзөктүк келишимге кол койгон азыркы президент Хасан Роухани дагы экинчи мөөнөт үчүн ат салышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп: "Бир дагы президентке мага жасалгандай жаман мамиле болгон эмес"

АКШ президенти Дональд Трамп тарыхта бир дагы саясатчыга ага жасалгандай жаман мамиле болбогонун билдирди. Шаршембиде АКШ Конгрессинин мүчөсү Эл Грин Өкүлчүлүк палатасында сөз сүйлөп жатып Дональд Трампка импичмент жарыялоого үндөгөн.

17-майда Нью-Лондон шаарында Жээк коргоо академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сөз сүйлөп жатып, Трамп ФБР директору Жеймс Комини отставкага кетиргенден кийин Акүйдө жаралган кырдаал тууралуу айтып берди.

Коми 2016-жылдагы шайлоо кампаниясы учурунда Трамптын штабы менен Кремлдин ыктымалдуу байланышы тууралуу маалыматты иликтөөнү жетектеген. Февралда президенттин улуттук коопсуздук кеңешчиси Майкл Флинн Трамптын инаугурациясына чейин орусиялык элчи менен байланышкандыгы үчүн отставкага кеткен.

АКШ Сенатынын чалгындоо жана юридикалык комитети, ошондой эле Өкүлчүлүк палатасын көзөмөлдөө комитети Жеймс Коминин иштен алынышы тууралуу материалдарды сурашкан. Буга чейин америкалык басылмалар Трамп Коми менен жолугуп, иликтөөнү токтотуу боюнча суранганын маалымдашкан. Акүй айыптоолорду четке кагууда.

Чалгындоо комитети Орусия боюнча маселени угуу үчүн ФБРдин мурдагы директорун чакырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия америкалык баалуу кагаздарды сатып алууну көбөйттү

Орусия мартта АКШнын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алууга 13 500 миллиард доллар жумшады. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги кабарлагандай, бул позицияда Орусиянын камдыгы 100 миллиард долларга көбөйдү.

Мекеме эгер Орусиянын Швейцария, Люксембруг жана Кайман аралдарындагы офшордук эсептериндеги америкалык баалуу кагаздарын эсепке алынса, бул сумма мындан дагы жогорушу мүмкүн экенин белгиледи.

Орусия баалуу кагаздарды сатып алууну үч айдан бери улантууда. Бул мунай баасы көтөрүлүп, рубль кунун бекемдеп жаткан маалда Орусиянын чет өлкөлүк резервдерин көбөйтүү дераметин чагылдырат. Орус валютасынын наркы былтыр 14 пайызга жогорулган.

2015-2016-жылдары рублдин куну өтө төмөндөп кеткен. Талдоочулар Москва чет өлкөлүк баалуу кагаздарын сатуу менен абалды жөнгө салганын билдиришүүдө. Мунайдын наркы төмөндөгөнгө чейин орусиялык активдер 150 миллиард долларды түзгөн. 2015-жылы ал 66 миллиард долларга чейин төмөндөгөн. Көп өлкөлөр валюталык резервин америкалык баалуу кагаздар менен сакташат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - ЛГБТ-активисттер Кадыровго каршы Эл аралык сотко даттанышты

Франциялык ЛГБТ-активисттер Гаагадагы Эл аралык сотко кайрылып, Чеченстанда кумсалардын куугунтукталышын иликтөөгө чакырышты. Үч ЛГБТ-кыймылдын атынан жолдонгон арыз республика башчысы Рамзан Кадыровго каршы жазылган.

Арыздын текстинде Кадыров «геноциддин логисти» деп аталган. Активисттер кумсалардын жашыруун түрмөлөрүн уюштурууга Чеченстан башчысынын тиешеси бар деп эсептешүүдө.

Чеченстанда кумсалардын массалык түрдө кармалып жана кыйноого алынып жаткандыгы, арасында өлүп калгандары да бар экендиги тууралуу “Новая газета” жазган. Республика бийлиги журналисттерди жалган жалаага айыптап, редакциянын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр айтылган.

16-майда Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова куугунтуктоолорго кабылып жаткан адамдар тууралуу «Новая газетанын» маалыматтары Тергөө комитетине берилгенин билдирди. Буга чейин журналисттер тергөөчүлөр эч кандай аракет көрбөй жаткандыгын айтып даттанышкан.

Чеченстандын укук коргоо органдары текшерүү гезитке жарыяланган фактыларды аныктабаганын билдиришүүдө. Укук коргоочулар менен бир катар батыш өлкөлөрү Орусия бийлигинен бул иштин тыкыр иликтенишин талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ак үйдө Трамп менен Эрдоган жолукту

Ак үйдө АКШ жана Түркия президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган жолукту. Биргелешкен маалымат жыйынында эки лидер тең негизинен терроризмге каршы күрөшүү тууралуу айтышты.

Трамп Түркияда террордук уюм деп таанылган Күрдистан жумушчу партиясы жана «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өңдүү террордук топторго каршы күрөшүүдө Вашингтон Анкарага колдоо көрсөтүүсүн уланта тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Эрдоган террордук уюмдар жок кылынышы керектигин айтып, андай уюмдардын катарына күрттөрдүн «Демократиялык союз» жана анын куралдуу канаты эсептелген Элдик коргонуу отряды да кирерин билдирди. Түркия президенти бул уюмдар менен кызматташууга болбой турганын белгиледи.

Өткөн аптада Вашингтон мүчөлөрүнүн көбү күрттөрдүн коргонуу топторунан турган «Сириянын демократиялык күчтөрүнө» аскердик жардам көрсөтүү планын жактырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбү Кабул түрмөсүндө жаткан үч тажик аялды экстрадициялоо ниетинде

Тажикстан Ооганстандан түрмөдө жаткан үч аялды – жоочулардын жесирлерин жана эки баланы экстрадициялоо ниетинде. Алар 2016-жылы күйөөлөрү өлтүрүлгөндөн кийин камалышкан.

Маалыматтарга караганда, абактагы аялдардын туугандары Ооганстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигине кайрылып, экстрадициялоону өтүнүшкөн.

Ооган тарап кабарлагандай, камактагы аялдар Талибан жана “Ислам мамлекети” тобуна мүчө болгондуктары үчүн күнөөлүү деп табылышкан.

Дүйшөмбү камактагы жарандарын кайтаруу боюнча Кабулга кат жөнөттү.

Тажикстан менен Ооганстан 2010-жылы камактагыларды алмашуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Ооган бийлиги маселе каралып жатканын, бирок аялдарды алардын макулдугу менен гана экстрадициялоо мүмкүн экенин баса белгилөөдө. Ооган ТИМиндеги өз булактын кабарлашынча, Кабулдагы түрмөдө жаш балдары менен 7 тажикстандык аял отурат. Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү камактагылар менен сүйлөшүп чыгышкан, бирок алар экстрадициялоого азырынча макулдуктарын берише элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шарапова «Ролан Гаррос» мелдешине чакыруу алган жок

Франциядагы «Ролан Гаррос» теннис мелдешинин уюштуруучулары орусиялык спортчу Мария Шараповага чакыруу жолдонбогонун билдиришти.

30 жаштагы орусиялык теннисчи спортко 15 айлык тыюудан кийин кайтып келген. Былтыр анын канынан мельдоний заты табылып, допинг текшерүүдөн өтпөй калган.

Дүйнөлүк рейтингде Шарапованын учурдагы 211-оруну ага мелдешке автоматтык түрдө катышуу укугун бербейт. Буга байланыштуу ал Франциянын теннис федерациясы мелдештин өзүнө болбосо да тандап алуу оюндарына атайын чакыруу берет деп үмүттөнүп жаткан.

Учурда Шарапова Римдеги мелдештин экинчи туруна катышууда. «Чоң туулга» турниринин беш титулуна ээ спортчу эми Уимблдон мелдешине жолдомо алуу үчүн жок дегенде Италиядагы мелдештин жарым финалына өтүшү керек болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню