Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Трамп менен Лавров Сирия боюнча тынчтык планын талкуулайт

Бүгүн, 10-майда АКШнын президенти Дональд Трамп иш сапары менен Вашингтондо жүргөн Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавровду кабыл алат.

Бул Трамптын президент болуп шайлангандан кийинки Орусия ТИМ өкүлдөрү менен алгачкы жеке байланышы болот.

Трамп менен Лавров Сириядагы абалды жөнгө салуу маселесин, анын ичинде Сирияда төрт «коопсуз аймакты» түзүү боюнча 4-майда Астанада кол коюлган меморандумду талкуулашат. Ага Орусия, Түркия жана Ирандын өкүлдөрү кол коюп, Сирия оппозиция өкүлдөрү каршы болушкан.

«Лавров АКШ борборуна Сириядагы зомбулукту токтотуу боюнча Орусиянын планы менен барат», – деп жазылган АР агенттигинин билдирүүсүндө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «түрдүү глобалдык темалар» боюнча АКШ менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди талкуулашат. Анда ФБРдин башчысы Жеймс Коминин күн мурун иштен алынышы тууралуу да сөз болушу мүмкүн. Коми Орусия менен Трамптын администрациясынын байланышы тууралуу айыптоолорду иликтеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Сириядагы «коопсуз аймактар» резолюциясынын БУУга алып чыкты

Орусия Сирияда «коопсуз аймактарды» түзүү тууралуу резолюция долбоорун БУУга алып чыкты. Анда аймактарда аскердик аракеттерге жана авиациянын учуусуна тыюу салынат. Документке 8чи же 9-майда добуш берилиши мүмкүн.

Резолюциянын долбоору Сирияда төрт «коопсуз аймак» түзүү тууралуу 4-майда Астанадагы жолугушуу маалында кабыл алынган меморандумга негизделген. Орусия, Иран жана Түркия дипломаттары коопсуз аймактар президент Башар Асаддын армиясынын күчтөрү менен көтөрүлүшчүлөр ээлеген аймактар чектешкен жерлерде түзүлөт деген макулдашууга келишкен. Кеп Идлиб провинциясы, Хомс провинциясынын түндүгү, Латакия, Алеппо жана Хама аймактары өңдүү Сириянын бир катар бөлүктөрү жөнүндө болууда.

Куралдуу оппозициянын өкүлдөрү меморандумду колдогон эмес. Алардын айтымдарында, Орусия дагы деле Башар Асадды жана анын союздаштарын мурдагы макулдашууларды аткарууга көндүрө алган жок.

Расмий Дамаск меморандумду кубаттап, бирок «террорчуларга» каршы куралдуу каршылык көрсөтүүсүн уланта бере турганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ооганстандагы түркмөндөр «Талибан» менен ИМ тобуна каршы биригүүдө

Ооганстандын түндүгүндө жашаган этникалык түркмөндөр «Талибан» кыймылы менен «Ислам мамлекети» тобунун кол салуусунан коргонуу үчүн элдик кошуундарга биригүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, акыркы кездери этникалык топтордон турган коргонуу кошуундарынын жана аларга кошулган жергиликтүү тургундардын саны кыйла көбөйдү. Бул аймактагы коопсуздуктун начарлашына байланыштуу.

«Акыркы айларда коопсуздуктун абалы кескин начарлап кетти. Буга байланыштуу жергиликтүү калк колго курал алып, кошуундарга биригүүгө аргасыз болушууда. Азыр Шордепе районунда эле 10дон кем эмес топ бар», – деп жазды басылма.

Куралдуу топтордун биринин командири Абдул Менан алардын катарында эле 27 эркек жана 2 аял өлгөнүн айтты:

– Бизде мүлктөрдү, уйларды сатып, анын акчасына курал-жарак алып «Талибанга» жана «Ислам мамлекетине» каршы чыгуудан башка аргабыз калган жок. Биз аларды күч менен кууп чыгабыз.

Түрдүү маалыматтар боюнча Ооганстанда 1 миллионго жакын этникалык түркмөн жашайт. Алар өлкөнүн жалпы калкынын 2-3% түзүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рим папасы АКШнын ири бомбасынын аталышын сындады

Рим папасы Франциск аскер адамдары «Бардык бомбалардын энеси» деп атап жүргөн АКШнын ири бомбасынын аталышын сынга алды. Ал Ватиканда студенттердин алдында сүйлөп жатып эне деген сөз адам өлтүргөн куралдарга байланыштуу болбошу керектигин айтты.

“Эне деген өмүр берет, а тигил курал адамдарды өлтүрөт. Биз болсо ал бомбаны эне деп жатабыз. Эмне болуп баратабыз деги?” – деп суроо салды ал.

Өткөн айда АКШ расмий GBU-43 деп аталган ал бомбаны Ооганстандын чыгышындагы «Ислам мамлекети» тобунун объектилерине таштаган. Соккулар тууралуу билдирүүлөрдө анын «Бардык бомбалардын энеси» деген аталышы көп айтылган.

Папа Францисктин бул сыны анын АКШ президенти Дональд Трамп менен 24-майда болчу жолугушуусунун алдында айтылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйнө лидерлери Эммануэль Макрондун жеңишин кубатташууда

39 жаштагы Эммануэль Макрон Франциянын тарыхындагы эң жаш президент болуп калды. Ал шайлоодогу жеңишинен кийин өлкө жарандарына кайрылып, европалык баалуулуктарды сактай тургандыгын убадалады.

АКШ президенти Дональд Трамп Эммануэль Макронду “ири жеңиши” менен куттуктап, жаңы француз лидери менен биргелешип иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин өкүлү Макрондун президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишин «күчтүү жана бирдиктүү Европанын жеңиши» деп атады.

Эммануэль Макронду президенттик шайлоодогу жеңиши менен Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дагы куттуктады. Британ премьеринин расмий өкүлү Франция Улуу Британиянын жакын союздашы экенин белгилеп, ортодогу приоритеттердин кеңири спектри боюнча кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Макрон менен ушул жылдын мартында жолуккан Лондондун мэри Садик Хан «француз эли коркунуч менен бөлүнүп-жарылууну эмес, үмүт менен биримдүүлүктү тандап алганын» билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстандык пианист Америкалык Опера ырчысы менен баш кошту

Кыргызстандык белгилүү пианист Азамат Сыдыков менен америкалык опера ырчысы Николете Раллистин (Nikoleta Rallis) үйлөнүү тою өттү. Бул туралуу музыкант социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. А.Сыдыков М.Абдраев атындагы республикалык музыкалык мектептин фортепиано классын аяктаган. Учурда Нью-Йорк шаарында жашайт. Ал 2009-жылы дүйнөдөгү эң мыкты пианист деп табылган. Италияда өткөн эл аралык пианисттер сынагында 2 номинация боюнча баш байгени жана 1 орунду ээлеп, алтын кубок жана алтын диплом алган. Ошондой эле, көптөгөн эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышуу менен алдыңкы орундарды ээлеп келет.

Булак: “Де-Факто”

АКШ "Ислам мамлекети" тобунун Ооганстандагы лидеринин өлтүрүлгөнүн тастыктады

Нангархар провинциясында  ооган жана америкалык аскерлердин операциясы учурунда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жергиликтүү уюгунун лидери Абдул Хасиб өлтүрүлдү. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Операция 27-апрелде жүргүзүлгөн. Бирок Хасибдин өлгөнүн Пентагон расмий түрдө 7-майда тастыктады.

АКШ аскерлеринин маалыматы боюнча Хасиб жоочулардын көптөнгөн кол салууларын уюштурган, алардын арасында марттын башында ооган куралдуу күчтөрүнүн госпиталына жасалган чабуул дагы бар.

Апрелдин ортосунда АКШ алгач ирет Ооганстанга өтө кубаттуу өзөктүк эмес авиациялык бомбасын таштаган. Жыйынтыгында “Ислам мамлекети” тобунун 36 согушкери жок кылынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирия оппозициясы коопсуздук зоналары боюнча меморандумга каршы чыкты

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы жай тургундар үчүн коопсуз аймактарды түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Буга чейин «Коммерсант» басылмасы курал колдонууга толугу менен тыюу салуу, гуманитардык миссиялар үчүн коопсуздукту камсыздоо жана Сирияда кыйраган негизги объектилерди жана инфраструктураларды калыбына келтирүү жөнүндө кеп болуп жатканын билдирген.

Астанага келген сириялык куралдуу оппозициянын лидерлери бул меморандумга кол койгон жок. Алар сүйлөшүүлөргө Иран өкүлүнүн келишине нааразычылыгын билдиришти. Куралдуу оппозиция Башар Асаддын режимин колдогону үчүн Тегеранды күнөөлөп келет.

Сирия оппозициясы өз көзөмөлүндөгү аймактарды бомбалоону токтотууну талап кылып, 3-майда Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышкан эмес. БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура аларга кайрылгандан кийин гана 4-майда кайтып келишкен.

2011-жылы Сирияда башталаган жарандык согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

FIBA хиджаб менен ойноого уруксат берди

Эл аралык баскетбол федерациясы (FIBA) мусулман спортчу айымдарга хиджаб кийүүгө уруксат берди.

FIBA конгрессинин чечими 1-октябрда күчүнө кирет.

Спортчу айымдар жүзүн жаппаган жана оюн учурда жолтоо кылбаган баш кийимдерди кийүүсү керек.

Жаңы тартип боюнча командадагы бардык оюнчулар бирдей түстөгү хиджабдарды кийүүлөрү шарт.

2014-жылы сентябрда Катардын баскетбол боюнча курама командасы хиджабсыз ойноо талабы коюлгандыктан, Азия оюндарына катышуудан баш тарткан. Хиджабга тыюу салуу – коопсуздук талаптарына негизделген болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Хекматияр талиптер менен сүйлөшүүдө ортомчу болууга даяр

Ооганстандын белгилүү аскер башчыларынын бири Гүлбеддин Хекматияр өкмөт менен түзүлгөн тынчтык келишимден бир нече ай өткөн соң, 4-майда Кабулга кайтып келди. Өлкө жетекчилиги аны президенттик сарайда кабыл алышып, чоң салтанат өткөрүштү.

Салтанатта Хекматияр талиптерди өкмөттүк аскерлер менен каршылашууну токтотууга чакырды. Ал талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө ортомчу болууга даяр экенин билдирди. Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Гани Хекматиярдын кайтып келиши менен өлкө тынчтыкка карай чоң кадам таштаганын айтты.

“Кабулдун касапчысы” ысымы менен белгилүү мурдагы премьер-министр Хекматияр Нангархар провинциясынан Ооганстандын борборуна куралдуу унаа кербендин коштоосу менен келди. Кербендин коопсуздугун камсыздоо үчүн куралдуу күчтөр тартылган.

Хекматиярдын «Хизб-и-Ислами» тобу 1979-жылы советтик аскерлерге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ал сентябрда Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин өкмөтү менен тынчтык келишимине кол койгон. Бул келишимге өлкөнүн көптөгөн жарандары жана батыш укук коргоочулары нааразы болушкан.

Акыркы 20 жыл куугунтукта жашаган Хекматияр 1990-жылдардагы жарандык согушта өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар үчүн айыпталып келген.

https://www.youtube.com/watch?v=gYXAnWD9Ep0&feature=youtu.be

 

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню