Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Кыздарды "отургузган" дарыгер соттолот

АКШнын Детройт шаарындагы ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштеген Джумана Нагарвалага кыздарды сүннөткө олтургузуп жүргөн деген айып тагылды. Прокуратуранын маалыматы боюнча, дарыгер 6-12 жаш аралыгындагы кыздардын жыныс мүчөсүнө атайын операция жасап келген. Эгер Наваргаланын бул аракети далилденсе, анда ал өмүр бою эркинен ажыралатылат. АКШ кыздарды сүннөткө олтургузууга 1996-жылы мыйзамдуу түрдө тыюу салган. Мындай окуя биринчи жолу 2006-жылы катталган. Эфиопиядан келген иммигрант өзүнүн эки жаштагы кызын сүннөткө отургузганы үчүн 10 жылга соттолгон. 2012-жылы АКШнын бийлиги өлкөдө жалпы саны 500 миңге чукул аялдар менен кыздар ушундай жагдайга туш болгондугу тууралуу статистиканы жарыялаган. БУУнун маалыматына караганда, мындай көрүнүштөр Египет, Эфиопия, Индонезияда кеңири тараган.

Булак: “Де-Факто”

Мунайдын баасы төмөндөдү

Бейшембиде мунайдын баасы беш пайызга арзандап, былтыр ноябрдагы деңгээлге жетти. Brent үлгүсүндөгү бензиндин наркы 48 доллар 38 центке арзандады. АКШда өндүрүлгөн мунай – 45 доллар 48 центти түздү.

Талдоочулар Ливиядагы касташкан куралдуу топтордун ортосундагы тынчтык келишимдин илгерилеши – мунай баасынын арзандашына түрткү болуп жатканын билдиришүүдө. Себеби буга чейин тынымсыз кагылышуулар ири мунай өндүрүүчү жайлардын ишине кедергисин тийгизип келген.

Ливияга ОПЕКтин квотасы берилген эмес, мындан улам тынчтык орнотулса, өлкөдө күн сайын бир жарым миллиондой баррель мунай өндүрүлүшү ыктымал.

Бул арада мунай өндүрүүгө тоскоол болгон саясий туруксуздукка Нигерия дагы чекит коюуга ниеттенүүдө.

Кошмо Штаттар дагы мунай иштеп чыгууну көбөйттү.

25-майда ОПЕКтин мүчөлөрү Венада чогулуп, мунай өндүрүүнү азайтуу боюнча макулдашууну жылдын соңуна чейин узартууну көздөшүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия: Сириядагы коопсуз аймактар АКШ коалициясынын учактары үчүн жабык болот

Сириядагы коопсуз зоналарга АКШ жетектеген коалициянын учактары киргизилбейт. Бул тууралуу Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө келген Орусия делегациянын өкүлү Александр Лаврентьев билдирди.

Анын айтмында, деэскалация зонасында авиация иштебейт, бул маселе азыр жабык. Ошол эле маалда ал коалициянын авиациясы ИМдин объектилергине каршы сокку ура аларын дагы кошумчалады.

Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн катышуучулары – Орусия, Түрия жана Иран 4-майда Сириядагы жай тургундар үчүн коопсуз зоналарды түзүү боюнча меморандумга кол коюшканын билдиришкен. Маалыматтарга караганда, кеп курал колдонууну толугу менен токтотуу, гуманитардык миссиялар үчүн коопсуздукту камсыздоо, Идлиб провинциясы, Хомстун айрым аймактары, Дамасктын жанындагы Чыгыш Гута анклавындагы негизги объектилерди жана инфраструктураларды калыбына келтирүү жөнүндө болуп жатат. Бирок бул меморандумдун тексти жарыяланган жок.

Александр Лаврентьевдин билдиришинче, меморандумда деэскалация зоналары тууралуу жазылган эмес, бирок бул аймактарда аскер учактарынын учуусуна тыюу салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Гринпис Эйфель мунарасына Марин Ле Пенге каршы баннер илди

Гринпис активисттери Эйфель мунарасына Франция президенттигине талапкер Марин Ле Пенге каршы баннер илишти. Баннерде “Эркиндик, теңдик, боордоштук” аттуу француздардын республикалык урааны жазылган. Бул тууралуу Reuters кабарлоодо.

Акция үгүт иштеринине уруксат берилген акыркы күнү – бүгүн өттү. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 7-майда болот.

Гринпистин француз бөлүмүнүн өкүлү Жан-Франсуа Жюйяр активисттер мындай жол менен улутчулдукка жана авторитаризмге каршы чыгышканын билдирди. Алар эркиндик, теңдик жана боордоштук сыяктуу баалуулуктарды коргоонун маанилүүлүгүн эске салууну чечишкен.

Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына “Алга” кыймылынын лидери Эммануэль Макрон менен “Улуттук фронт” оңчул радикал партиясынын башчысы Марин Ле Пен чыккан.

Добуш берүүнүн алдындагы акыркы дебаттардын жүрүшүндө француздардын 63 пайызы Макрондун аргументтерин ынанымдуу деп табышса, 34 пайызы Ле Пенди кубаттаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин менен Эрдоган Сирия маселесин талкуулады

Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркия мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган Сирияда тынчтыкка жетишүүнүн жолдорун талкуулашты. Эки лидер тең ок атууну токтотууга жана дипломатиялык аракеттер менен жаңжалды жөнгө салууга умтула тургандыктарын билдиришти.

Путин Сирияда жарандык адамдар үчүн коопсуз аймактарды түзүү идеясы кошумча иликтөөлөрдү талап кыла турганын белгиледи.

Өз кезегинде Эрдоган Түркия менен Орусия биргелешкен аракеттери менен Жакынкы Чыгыштагы абалга олуттуу таасир эте ала тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода мамилелерин жөнгө салуу тууралуу дагы сөз болду. Түркия Орусияны айыл-чарба азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюуга чакырды. Бирок Путин «объектидүү себептерге» байланыштуу айрым чектөөлөр калтырыла турганын айтты. Жооп катары Анкара Орусияны Түркияга буудай, жүгөрү жана өсүмдүк майын бажы төлөмүсүз алып кире ала турган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Путин чектөөлөр биротоло калбай турганын айтса, Эрдоган алар тезирээк алынат деген үмүтүн билдирди.

Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович жакынкы убактарда азык-түлүк жеткирүүгө киргизилген чектөөлөрдүн көбү алынарын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чемпиондор лигасынын жарым финалында «Ювентус» «Монакону» жеңди

Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. Анын жыйынтыгы УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды.

«Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди.

Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт.

Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну дагы болду.

Анда Амстердамдын “Аякс” командасы өз талаасында франциялык “Лионду” 4:1 эсебинде утту.

Бул жуптун ортосундагы жооптук беттеш 11-майда өтөт.

Европа лигасынын жарым финалынын алкагында бүгүн испаниялык “Сельта” жана англиялык “Манчестер Юнайтед” командалары беттешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирия оппозициясы коопсуздук зоналары боюнча планды кайра кароону сунуштоодо

Сирия оппозициясы ок атышууну токтотуу режиминин бузулушу жана коопсуздук зоналарын түзүү маселелерин талкуулоо үчүн Астанада калуу ниетинде. Бул тууралуу 3-майда Сириянын улуттук коалициясынын (SNC) расмий өкүлү Ахмад Рамадан билдирди.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура жана Орусиянын өкүлү Александр Лаврентьев оппозиция делегациясын бүгүнкү сүйлөшүүлөргө катышууга кайрадан үндөштү.

Лаврентьев куралдуу оппозиция гарант-өлкөлөрдүн колдоосу менен террордук уюмдарга каршы согушкудай төрт зона түзүү каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, зоналарды түзүү байыстуу оппозиция менен террордук уюмдарды бири-биринен ажыратууга шарт түзүп, куралдуу тирешүүлөрдүн деңгээлин төмөндөтөт. Сирия ТИМи 3-майда коопсуздук зоналарын түзүү боюнча планды жактай турганын ырастаган. Бирок SNC өкүлү Ахмад Рамадан 3-майда сунушталган демилге кайра иштелип чыкпаса кабыл албай турушуканын айткан.

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү өтүп жатат. Кечээ куралдуу сирия оппозициясы сүйлөшүүлөргө катышпай койгон жана өкмөттүк күчтөрдүн чабуулун токтотууга үндөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп палестиналыктар менен Израиль арасында ортомчу болууга даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Палестина менен Израилдин  арасында ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу Трамп Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббасты Аүйдө кабыл алуу учурунда билдирди.

– Мен Израиль жана Палестина бир келишимге жетишүүсү үчүн кызматташууга даярмын. Бирок келишимдер Кошмо Штаттардын же башка өлкөлөрдүн басымы менен кабыл алынбашы керек. Палестиналыктар жана израилдиктер эки элге тынч жашоо мүмкүнчүлүгүн берген макулдашууга жетишүү үчүн кызматташуусу кажет,-деди Дональд Трамп.

Аббаз тараптар “тарыхый тынчтык келишимине” жетүүгө кудуреттүү экенинен үмүт артты.

Дүйшөмбүдө Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС радикал тобу программалык саясий документин жарыялады. Анда Израилге карата мурдагыга караганда кыйла жумшак позициясы көрсөтүлгөн. Документте ХАМАС 1967-жылга чейинки чек ара боюнча Палестина мамлекетин түзүүгө жана качкындарды Израиль аймагындагы өз үйлөрүнө кайтууга чакырган. Израиль өкмөтү ХАМАСтын бул саясий программасын эл аралык коомчулукту «келеке кылуу» аракети деп атады.

Палестина да, Израил да Иерусалимди борбор шаар деп санашат.

Трамп Израилге иш сапары менен ушул жылдын соңунда барат деп күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меркель менен Путин жолугушту

Германия канцлери Ангела Меркель менен Орусия президенти Владимир Путан Сочиде 2-майда жолугушуп, актуалдуу эл аралык маселелерди талкуулашты. Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында эки лидер тең Украина чыгышындагы чатакты жөнгөрүү боюнча Минск келишиминдеги милдеттерин аткаруу бардык тараптарга маанилүү экенин билдиришти. “Бүгүн биз чатакташкан тараптар Минск келишимин бекем сакташы зарылдыгын дагы бир жолу бышыктадык” деди Путин. Ал эми Меркель Москва менен Берлин “чатактын себептери боюнча ар башка ойдо” экенин айтат. Ал чек арасында, анын ичинде жикчилдер менен Орусия ээлик кылып турган аймактарында көзөмөлдү толук орнотуу Киевге өтө маанилүү экенин белгилейт. Эки лидер Сириядагы алты жылга созулган жарандык согушту да талкуулашты. Путин чатакты басууда эффективдүү чечим табыш үчүн АКШнын көмөгүнө ишенип турганын билдирди. Меркель Орусиянын өзүндөгү коррупцияга каршы митангде кармалгандар, Чеченстанда кумсалар куугунтукталууда деген маалыматтар боюнча да сүйлөшкөндөрүн кошумчалады. Мындан тышкары лидерлер 7-8-июлда Гамбургда өтүүчү “Чоң жыйырманын” саммитине даярдыкты да талкуулашкан.

Булак: “ПолитКлиника”

Видео - Кабулдагы жардыруудан 8 киши мерт кетти

Кабулдун борборундагы жардыруудан 8 киши мерт кетти, 25и жаракат алды.

«Toyota Corolla» маркасындагы автоунааны башкарган жанкечти НАТОнун Ооганстандагы бронетранспортер кербенин сүзгөн.

Ооганстан ИИМинин басма сөз катчысы Наджиб Доништин билдиришинче, терактан 8 киши өлдү, 25и жаракат алды.

Бул кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкер экенин өзүнүн медиа канаты аркылуу тараткан билдирүүдө жарыялады.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы, капитан Билл Салвин чабуул учурунда үч америкалык аскер жаракат алганын айтты. Ал минага каршы брондолгон унаалардын тышы гана бираз жабыркаганын кошумчалады.

Жардыруу АКШ элчилиги, Жогорку Сот жана Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жайгашкан жерде болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню