Сирия оппозициясынын өкүлдөрү бомбалоолор уланып жаткандыгына нааразылыгын билдирип, Астанадагы кезектеги сүйлөшүүлөргө катышуусун убактылуу токтотту. Бул тууралуу France-Presse агенттиги өз булактарына шилтеме кылып билдирди.
«Жайкын тургундарга карата урулуп жаткан аба соккуларынан улам көтөрүлүшчүлөрдүн делегациясы жолугушууларды токтотот. Ал ок атуулар Сириянын бардык аймагында токтогонго чейин уланат», — деп билдирген агенттиктин булагы.
Казакстан ТИМинен Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүнө катыша тургандыгын билдиришти.
Маалыматка караганда, оппозиция өкүлдөрү БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура жана АКШ делегациясынын мүчөлөрү менен жолуккандан кийин жыйындар залынан чыгып кетишкен. Жалпысынан сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Астанага 19 кишиден турган ондон ашык оппозициялык топтун өкүлдөрү келишкен.
3-майда Астанадагы жолугушуулар жабык форматта өттү. 4-майда пленардык жыйын жана жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтөт деп күтүлүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”