Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Кытай бийлиги балдарга «мусулман» ысымдарын коюуга тыюу салды

Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян провинциясынын бийлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга диний мааниси бар мусулман ысымдарын коюуга тыюу салды.

Кытайда балдарга Ислам, Куран, Жихад, Саддам, Медина сыяктуу ысымдарды коюуга тыюу салынгандыгы тууралуу батыш ММКларынын билдирүүлөрүн 25-апрелде Синьцзян провинциясынын администрация өкүлү ырастады. Айтымында, бул өңдүү ондогон ысымга жакында эле Кытайдын Коммунистик партиясы сунуштаган “Этникалык азчылыктар үчүн ысым коюу эрежелери” жобосунун алкагында тыюу салынган.

Синьцзян провинциясынын административдик борбору болгон Үрүмчү шаарынын полиция өкүлү тыюу салынган ысымдар коюлган наристелер медициналык камсыздоого жана билим алууга мүмкүнчүлүк берген мамлекетттик каттоо системасына киргизилбей турганын билдирди.

Бул эреже аймактагы этникалык мусулман азчылыктарынын баарына, анын ичинде 10 миллиондой уйгур, 1,5 миллиондой казак, 150 миңдей кыргыз, беш миңдей татар, төрт миңдей тажик жана миңдеген дунган азчылыктарына тиешелүү болот.

Кытайдагы уйгурлар көптөгөн жылдардан бери өкмөттүн аларга карата жасаган мамилесине даттанып келишет. Кытайдын Коммунисттик партиясы өлкөдөгү тынч эмес аймактарга жетүү мүмкүндүгүн катуу көзөмөлгө алган. Андыктан Синьцзян провинциясы тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу текшерүү көптөгөн кыйынчылыктарды туудурат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачабы?

Акыркы маалда ири державалардын жүрүм-турумунан улам, дүйнө чоң чатак чыгып кетүү коркунучунун алдында турабы деген сөздөр көп айтыла баштады. Үчүнчү дүйнөлүк согуштун илеби жыттанып жатканын дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.

Ушул жуманын башында АКШнын жакында шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйгө бардык 100 сенаторду чакырып, Түндүк Кореянын маселеси боюнча чогулуш жасады. Буга чейин Ак үй Түндүк Кореянын ракеталарды сыноодон өткөрүп жаткандарына жооп катары согуштук учактарды ташуучу кемелерди окуу өткөрүү шылтоосу менен ошол аймакка жакындатып алып барган. Муну Түндүк Корея АКШ тарабынан жасалган шантаж деп сыпаттаган жана анысын токтотмоюнча ядердик жактан күчтөнө берерин жарыялады. 100 сенатордун чогулушунан кийин Ак үйдүн өкүлү учурда Түндүк Кореяга карата экономикалык чара көрүлүшү мүмкүндүгүн айтты.

Ошол эле маалда АКШнын жарандары тез арада Түштүк Кореядан эвакуацияланып жатканы боюнча маалыматтар чыкты. Өлкөдөн 230 миң америкалык чыгып кетүүгө даярданып жатышат. Эгерде АКШ менен Түндүк Кореянын мамилеси курчуп кете турган болсо, АКШ жарандары дароо чыгарылып кетүүгө даяр. Түштүк Кореянын борбор калаасы менен Түндүк Кореянын чек арасынын ортосу 60 гана чакырым. Бул аймак Түндүк Кореянын 12 миң артиллериялык куралдарына жеткиликтүү жерде жайгашкан. АКШнын ою боюнча согуш чыгып кетсе, бир сааттын ичинде КЭДР (Корей Эл Демократиялык Республикасы) Түштүк Кореяны көздөй жарым миллионго жакын ракета аттырат. Бул ракеталарда уулуу газдар да болушу мүмкүн, деп жазылат басылмаларда.

Буга чейин Япония дагы Түштүк Кореядан өз жарандарын алып чыгып кетүүгө даярдап жатканы жазылган. Биздин Тышкы иштер министрлиги дагы уктабай, мындай коркунучка даяр болуп турушу керектигин эскертип кетмекчибиз.

Жакында эле Трамптын шайлоодо жеңип чыгаарын алдын ала айткан португалиялык көзү ачык Горацио Вильегас АКШ, Россия, КЭДР жана Кытайдын катышуусу менен согуш ушул жылдын 13-майында башталып, жыл аягына чейин уланаарын айтты.

“Тынчтык кааласаң, согушка даяр бол” деп бекеринен айтылбаган. Биз да, кыргыздар, саясаттан кичине алаксып, эки жакты жакшылап көзүбүзду ачып карап, бардык нерсеге даяр болуп турганыбыз оң.

Булак: “Ачык саясат”

Македония парламентинде кагылышуу болду, оппозиция лидери ооруканада

Македонияда Улуттук биримдик партиясынын (ВМПО) 200дөй тарапкери парламентке кирип барышып, айрым депутаттарды ур-тепкиге алышты.

Жабыркагандардын арасында социал-демократтардын лидери, Струмица шаарынын мэри Зоран Заев жана үч албан депутаты бар. “Албан альянсынын” лидери Зиядин Села ооруканага жеткирилген. Жаңжалда көпчүлүк башынан жаракат алганы кабарланууда.

Демонстранттар социал-демократтар менен этникалык албандардан куралган көпчүлүк коалиция албан депутат Талат Заферини спикерликке шайлашына нааразы. Жыйырма жылдай парламенттик көпчүлүктө болуп, өкмөттү курап келген ВМРО 2016-жылкы шайлоодо көп мандат алса да оппозицияда калган.

Македония президенти Георге Иванов бардык партия лидерлерин 28-апрелде жолугууга, элин тынчтыкка чакырды.

Башкаруучу Улуттук биримдик партиясы менен оппозициялык Социалдык-демократиялык биримдик өлкөдөгү негизги саясий күчтөр болуп эсептелет. Македонияда 11-декабрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Узакка созулуп кеткен саясий кризистин тушунда жеңүүчү аныкталган эмес. Эки партия тең өкмөттү куроого талапкер болушууда.

Заев Ивановдон жаңы өкмөт куроону сураган, бирок президент социал-демократтар албан азчылыктардын кызыкчылыгын коргоп, өлкөнүн унитардык мүнөзүн коркунучка кириптер кылат деген жүйө менен макулдук берген эмес. Өлкөдө көп жылдан бери массалык демонстрациялар өтүп келет.

Албандар Македониядагы калктын төрттөн бирин түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШнын Коргоо министрлиги Дональд Трамптын коопсуздук маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата расмий тергөө иштерин баштады. Тергөө Флинндин башка өлкөдөн акча алууга укугу болгон-болбогонун текшерет. Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер тергөө иштерин кубаттай турганын билдирди. Флинндин салык декларациясына ылайык, ал орусиялык капиталга байланышы бар бир нече компаниядан «калем акы» алган же алар менен каржы мамилелерди түзгөн. Флинн Трамп президент болуп шайланганга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси менен телефон аркылуу санкциялар жөнүндө сүйлөшкөнүн жашыргандыгы үчүн 13-февралда кызматтан кеткен.

АКШнын Коргоо министрлиги Дональд Трамптын коопсуздук маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата расмий тергөө иштерин баштады. Тергөө Флинндин башка өлкөдөн акча алууга укугу болгон-болбогонун текшерет.

Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер тергөө иштерин кубаттай турганын билдирди.

Флинндин салык декларациясына ылайык, ал орусиялык капиталга байланышы бар бир нече компаниядан «калем акы» алган же алар менен каржы мамилелерди түзгөн.

Флинн Трамп президент болуп шайланганга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси менен телефон аркылуу санкциялар жөнүндө сүйлөшкөнүн жашыргандыгы үчүн 13-февралда кызматтан кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ирандагы кинофестивалда «Оралман» казак тасмасы мыкты деп табылды

Казакстандык режиссер Сабит Курманбековдун «Оралман» көркөм тасмасы Иранда өткөн 35чи «Фаджр» эл аралык кинофестивалында мыкты Азия фильми деп табылды.

«Оралман» баш байге үчүн 12 өлкөнүн 15 толук метраждуу тасмасы ат салышкан «Чыгыш панорама» конкурстук программасында көрсөтүлдү.

Анда Ооганстандан көчүп келген этникалык казактын үй-бүлөсүнүн тагдыры жөнүндө айтылып, жергиликтүү калк менен кайрылмандардын ортосундагы мамилелер баяндалат.

Тасманын режиссеру Сабит Курманбеков билдиргендей, сценарийдин негизин ата-энеси Ооганстанга качып барган этникалык казак — «Командир Уали» тууралуу «Азаттык» сайтынын макаласы түзгөн. Анын үй-бүлөсү жарым кылымдан ашык убакыттан кийин тарыхый мекенине кайтып келген.

Эл аралык «Фаджр» кинофестивалы Тегеранда 21-28-апрель күндөрү өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пентагон Майкл Флиннге карата тергөө иштерин баштады

АКШнын Коргоо министрлиги Дональд Трамптын коопсуздук маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата расмий тергөө иштерин баштады. Тергөө Флинндин башка өлкөдөн акча алууга укугу болгон-болбогонун текшерет.

Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер тергөө иштерин кубаттай турганын билдирди.

Флинндин салык декларациясына ылайык, ал орусиялык капиталга байланышы бар бир нече компаниядан «калем акы» алган же алар менен каржы мамилелерди түзгөн.

Флинн Трамп президент болуп шайланганга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси менен телефон аркылуу санкциялар жөнүндө сүйлөшкөнүн жашыргандыгы үчүн 13-февралда кызматтан кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШнын Коргоо министрлиги Дональд Трамптын коопсуздук маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата расмий тергөө иштерин баштады. Тергөө Флинндин башка өлкөдөн акча алууга укугу болгон-болбогонун текшерет. Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер тергөө иштерин кубаттай турганын билдирди. Флинндин салык декларациясына ылайык, ал орусиялык капиталга байланышы бар бир нече компаниядан «калем акы» алган же алар менен каржы мамилелерди түзгөн. Флинн Трамп президент болуп шайланганга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси менен телефон аркылуу санкциялар жөнүндө сүйлөшкөнүн жашыргандыгы үчүн 13-февралда кызматтан кеткен.

АКШнын Коргоо министрлиги Дональд Трамптын коопсуздук маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата расмий тергөө иштерин баштады. Тергөө Флинндин башка өлкөдөн акча алууга укугу болгон-болбогонун текшерет.

Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер тергөө иштерин кубаттай турганын билдирди.

Флинндин салык декларациясына ылайык, ал орусиялык капиталга байланышы бар бир нече компаниядан «калем акы» алган же алар менен каржы мамилелерди түзгөн.

Флинн Трамп президент болуп шайланганга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси менен телефон аркылуу санкциялар жөнүндө сүйлөшкөнүн жашыргандыгы үчүн 13-февралда кызматтан кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү

Кошмо Штаттар континент аралык баллистикалык Minuteman III ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Ал Калифорниядагы Ванденберг базасынан коё берилди. АКШ мындай жол менен өзөктүк мүмкүнчүлүгүн көрсөткүсү келип жатканын ишара кылды.

Ракетаны коё берүү – Түндүк Кореяда абал курчуган учурга туш келди. Пхеньян апрелде жаңы ядролук сыноолорун өткөрүүгө даярдык көрүүнү күчөткөн. Буга жооп иретинде АКШ аскерий кемелеринин тобун Корей жарым аралы тарапка жөнөткөнүн билдирген.

Ошол эле маалда Вашингтон бул жолку сыноолор Түндүк Кореядагы окуяларга тиешеси жоктугун, бир жыл мурун эле даярдык көрүлгөнүн билдирди.

Жыл соңуна чейин АКШ Түштүк Кореяга ракетадан коргонуу систамасын жайгаштырат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркияда «Гүленге байланышы бар» миңден ашык киши кармалды

26-апрелде Түркияда диний ишмер Фетхуллах Гүленге байланышы бар деген шек менен миңден ашык киши кармалып, тогуз миңге жакын полициячы жумуштан алынды.

Мамлекеттик Anadolu агенттигинин билдиришинче, шаршембиде түрк полициясы өлкөнүн бардык аймактарында рейддерди өткөрүп, жыйынтыгында 1120дан ашык киши кармалды. Бул бийликтин былтыр жайындагы ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетин уюштурууга айыпталып жаткан кыймылга каршы өткөргөн акыркы айлардагы эң ири операциясы болуп калды.

Агенттиктин маалыматы боюнча операцияга сегиз жарым миңден ашык полиция кызматкери катышты. Рейдден соң 9103 полициячы убактылуу жумуштан алынды. Бийлик алардын Гүлендин кыймылына байланышы бар-жогун териштирет.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу бул рейддерди – Гүлен кыймылын «кулатуу» боюнча максаттарга жетишүүдөгү маанилүү кадам деп атады. Кармалган шектүүлөр өз жактоочуларынын полицияга жумушка киришине жардам берип келген «жашыруун имамдар» болушкан деп болжолдонууда.

Сойлунун айтымында, «полицияга кирген» адамдар «альтернативдүү түзүм түзүү» аркылуу аны ичинен башкарууга аракет кылышкан. Гүлен Түркиядагы аскерлердин катышуусундагы төңкөрүш аракетине эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дамаскта ири жардыруу болуп, өрт чыкты

Дамаскта каттуу жардыруу болуп, анын жыйынтыгында аэропорттун аймагында өрт чыкты. Жардыруунун үнү шаардын бардык бөлүгүндө угулганын Сириядагы адам укуктарын коргогон миссиянын өкүлү Рами Абдуррахман билдирди.

Сирия өкмөтүнүн өнөктөшү деп айтылып келген Хезболла кыймылына байланышы бар Ливан телеканалы кабарлагандай, жардыруу Израилдин аба соккусунун жыйынтыгы болушу мүмкүн. Израилдин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы бул билдирүүлөр боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Алгачкы маалыматтар боюнча жарылуудан жабыркагандар жок.

Көтөрүлүшчүлөр тобу аэропорт жайгашкан чыгыш Дамасктагы байкоочуларына шилтеме кылып билдиришкендей, Иран колдоп жаткан көтөрүлүшчүлөрдүн пайдалануусундагы курал-жарак сакталган кампага беш сокку урулган.

Сирияда президент Башар Асаддын жана анын союздаштарынын күчтөрү менен оппозициялык күчтөрдүн ортосунда алты жылдан бери уланып келаткан жарандык согушта жалпысынан 400 миңден ашык киши өлдү. Асадды Орусия, Иран жана шийиттердин аймактык күчтөрү, анын ичинде Тегерандын жакын союздашы жана Израилдин душманы эсептелген Хезболла кыймылы да бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню