Шейшембиде Сан-Францисконун федералдык соту президент Дональд Трамптын мигранттар башкалкалаган шаарларды айрым программалар боюнча федералдык каржылоодон ажыратуу тууралуу жарлыгына бөгөт койду.
Судья Уилльям Оррик Сан-Франциско жана Калифорниядагы бир канча округдан турган доочуларды колдоду. Алар президенттин жарлыгы шаарларга “орду толгус зыян” алып келерин жана кийинки соттук баскычтардагы териштирүүлөрдө ал антиконституциялык деп тааныларын билдиришкен
Учурда бир канча сотто жергиликтүү бийликти мыйзам бузган мигранттарды иммиграциялык кызматка өткөрүп берүүгө мажбурлаган Дональд Трамптын жарлыгынын мыйзамдуулугу каралууда.
АКШдагы бир канча шаар жарлыктын талаптарын аткаруудан баш тартып, жергиликтүү полицияга иммиграциялык кызматтар менен кызматташууга тыюу салып жатышат. Соттор бул маселеде борбордук жана жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарынын чегин аныкташы керек болот. Азыркы федералдык мыйзамда муниципалитеттерге мигранттын макамы тууралуу гана маалымат берүү талабы бар.
Бул америкалык соттор тарабынан бөгөт коюлган президенттин миграцияга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган үчүнчү жарлыгы. Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн жети өлкөнүн жарандарына виза берүүнү убактылуу токтотуу жана өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу тууралуу алгачкы эки жарлыкка эки ай мурда бөгөт коюлган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”