Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Видео - Кара пери Лола Чуил моделдер дүйнөсүндө пайда болгондо ак жуумал сулуулар тынчсызданып, түн уйкусун жоготушту

“Кара Барби” моделдер дүйнөсундө пайда болгондо, бардык ак жуумал моделдер тынчсызданып, түн уйкусун жоготушту. Анын аты Лола Чуил, ал Лос-Анджелесте жашайт. Лола өзүнүн кара-тору өң-келбети жана көгүлтүр көздөрүндөгү сулуулук менен дүйнөнү багындыра баштады.

Лола Чуил Инстаграммда “Кара Ханна Монтана” (@theblackhannahmontana) деген ник менен өзүнүн сүрөттөрүн дүйнөлүк желеге жүктөй баштагандан аз гана убакыттын ичинде анын чыгармачылыгына көз салган адамдар көбөйүп, 311 миңден ашык колдонуучу анын аккаунтуна катталган.

https://www.youtube.com/watch?v=ST61d0dftgo&feature=push-u&attr_tag=x3yCSEPLiVksFMEs-6

АКШ президентинин кызы Иванка Трамп Германиядагы "аялдар саммитине" катышат

АКШ президентинин кызы Иванка Трамп келерки шейшембиде дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн саммитинде Германия канцлери Ангела Меркель жана Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагард менен жолугат.

Иванка атасы, Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын коомдук жардамчысы болуп дайындалган. Ал Меркель жана Лаград менен бирге ишкер аялдарды глобалдык колдоо боюнча эки күндүк саммитке катышат.

Быйыл Чоң Жыйырмалыкка мүчө өлкөлөрдүн аялдарынын саммитине Гремания төрагалык кылууда. Берлиндеги иш-чарага Канаданын тышкы иштер министри Кристина Фриленд жана Нидерланды ханышасы Максима дагы келет.

Акүй тараткан маалыматка караганда, Иванка Трамп Берлинде Siemens академиясына дагы барат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ахмадинежад президенттик шайлоого катышпайт

Ирандын экс-президенти Махмуд Ахмадинежад президенттик шайлоого катышууга уруксат алган жок. Бул тууралуу иран медиасы кабарлоодо.

Иранды 2005-2013-жылдары башкарган Ахмадинежад президенттик шайлоого катышуу үчүн 19-майда каттоодон өткөн. Бирок кечээ, 20-апрелде Иран ТИМинин Шайлоолорду өткөрүү штабы жарыялаган акыркы тизмеге ал киргизилген эмес.

Тышкы саясатта Ахмадинежад эскичил көз карашты карманып келген, ал Буштун администрациясын кескин сындап, Ирандын Орусия жана араб дүйнөсү менен байланышынын бекемделишин кубаттаган. Мындан тышкары ал бир нече жолу Израилге карата кескин билдирүүлөрдү жасаган. Холокосту четке кагуучулардын бири.

Буга чейин аятолла Али Хаменеи Ахмадинежаддын шайлоого катышуусуна каршы чыккан. Ал экс-президенттин талапкерлиги карама-каршылыктарды жаратып, өлкөгө зыян алып келерин айткан.

Иранда президенттик шайлоо 19-майда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Иранда 137 аял президенттик шайлоого катышуу ниетинде

Иранда 137 аял президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер катары каттоодон өттү. Алардын арасында 73 жаштагы Азам Телагани дагы бар. Чүмбөттөнгөн, темир таянгычтардын жардамы менен араң баскан Ислам революциясынын аялдар коомунун төрайымы 14-апрелде эле каттоодон өткөн.

Ал биринчи жолу 1997-жылы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, тарых барактарына жазылган. Себеби ага чейин бул өлкөдө аялдардын президенттик пост үчүн күрөшүүсүнө жол берилген эмес. Анын бул кадамы Иран Ислам Республикасындагы аялдардын кодулануусуна каршы, коомчулуктун назарын бурууга багытталган.

137 аялдын ичинен эң эле белгилүүлөрүнүн бири – Талегани айым. Ал президенттикке талапкер болууга эки ирет катталып, бирок белгисиз себептерден улам Сакчылар кеңешинин иргөөсүнөн өтпөй калган.

Азам Талеганинин президенттик шайлоого катышууга аракет жасоосу – Сакчылар кеңешинин катаал саясатына карата жасалган чакырык. Талапкерлерди иргеген орган буга чейин өлкө Конституциясына таянуу менен бардык аялдарды шайлоодон четтетип келген.

— Иран калкынын 50 пайызын аялдар түзөт. Мындан улам өлкө жок дегенде бир аял талапкерге татыктуу, — деди Азам Талегани немис маалымат агенттигине берген маегинде.

Азам Талегани – белгилүү революциячыл динаятчы Махмуд Талеганинин кызы. Ал Сакчылар кеңеши талапкерлигин четке какса дагы “сынбай” турганын жана аялдардын укуктары үчүн күрөшүүнү улантарын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУнун Коргоо кеңеши Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын 16-апрелдеги ракеталык сыноолоруна жооп кылып өлкөгө каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн. Кеңештин мүчөлөрү 20-апрелде кабыл алынган билдирүүдө Түндүк Кореянын аракеттерин бир добуштан айыптап, өлкөнү мындан ары өзөктүк жана ракеталык курал колдонуудан баш тартууга чакырышты.

АКШ тарабынан даярдалган документтин долбоорунда Корея жарым аралындагы абалды «сүйлөшүү» аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салуу тууралуу Орусиянын сунуштары да эске алынган.

Түндүк Корея боюнча резолюциянын мурдагы вариантын Москва 19-апрелде четке каккан. Ошол эле маалда Пхеньяндын башкы союздашы эсептелген Кытай аны колдогон болчу.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Пхеньянды өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөргө көндүрүү үчүн ага басым жасоо формаларын табуу зарылдыгын билдирген. Буга жооп катары 20-апрелде Түндүк Корея ММКларында АКШны «күлгө» айлантчу кубаттуу сокку жасоо боюнча жаңы опузалар пайда болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Париждеги чабуул үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Париждин борборундагы полицияга кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. BFM TV телеканалы кабарлагандай, Елисей аянтында болгон атышуудан бир полициячы мерт болуп, экөөсү жаракат алган. Кол салган адам тартип сакчылары тарабынан ошол жерде атылып өлтүрүлгөн.

ИМ тобу чабуулга жоопкерчилик алгандыгы тууралуу өзүнүн пропагандалык Amaq агенттиги аркылуу билдирди. Анда кол салган адамдын аты жөнү Абу Юсуф аль-Бельжики (бельгиялык) болгону да айтылган.

Буга чейин Франция президенти Франсуа Олланд кол салууну «террордук чабуул» деп атаган. Окуяга байланыштуу Фракцияга АКШ президенти Дональд Трамп көңүл айтты.

Маалыматка караганда, шектүү айдап жүргөн унаа Париждин чыгыш бөлүгүндө жашаган үй-бүлөгө катталганы белгилүү болду. Учурда ал аймакта тинтүү иштери жүрүүдө.

Кол салуу 20-апрелде болгон. Анда кылмышкер автоунаасы менен келип, аянтта турган полициячыларга карата ок чыгарган. Париждеги террордук чабуул өлкөдөгү президенттик шайлоонун биринчи туруна үч күн калганда болууда. Айрым талапкерлер аймактарга пландалган сапарларын токтотуп, Парижде кала тургандыктарын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эл аралык сот Орусиядан крымдык татарлардын укугун сактоону талап кылды

БУУнун Гаагадагы эл аралык соту Украинанын доо арызын карап, Орусиядан крымдык татарлардын укуктарын сактоону жана крым-татар элинин Межлисинин ишмердүүлүгүнө киргизилген чектөөлөрдү алууну талап кылды. Межлис Орусияда экстремисттик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Андан сырткары сот аннексияланган Крымдын жашоочуларына украин тилинде билим алуу мүмкүндүгүн камсыздоону талап кылды.

Ошол эле маалда Кремлдин Донбасстагы жикчилдерди колдоп жаткандыгына байланыштуу Орусияга карата чараларды көрүү тууралуу Украинанын талаптары канааттандырылган жок. БУУнун эл аралык соту Киев тарабынан берилген далилдер мындай чараларды көрүү үчүн жетишсиз деген чечимге келди.

Украина Орусияга каршы доо арыз менен Эл аралык сотко 2017-жылдын январында кайрылган. Киев Москваны Террорчулукту каржылоого каршы аракет жана расалык басмырлоонун бардык түрүн жоюу тууралуу БУУнун конвенциясын бузууга айыптоодо. Доо арыз Кремлдин Донбасстагы куралдуу жаңжалдардагы ролуна жана Орусия бийлигинин аннексияланган Крымдагы аракеттерине байланыштуу. Москва айыптоолордун бардыгын четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШда белгилүү теле алып баруучу сексуалдык ыдык үчүн жумуштан алынды

Америкалык Fox News телеканалы кабелдик каналдар арасында эң популярдуу саясий шоу эсептелген «Фактор О’Райли» берүүсүнүн алып баруучусу Билл О’Райлини жумуштан алды.

Тараптардын ортосундагы макулдашууга ылайык, О’Райлинин телеканалдан кетишинин так себептери айтылган жок. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкендей, алып баруучу Fox News телеканалындагы кызматкерлерге карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталып иштен кеткен. Бул окуядан кийин каналга жарнама берген компаниялар кескин кыскарган.

«Мен негизсиз жалаа жабуулардан улам кетүүгө аргасыз болуп жатканыма капамын. Бүгүнкү күндө көптөгөн таанымал адамдар кабылып жаткан реалдуулук мына ушундай. Fox News телеканалында өткөргөн жылдарымды жана андагы укмуштуудай ийгиликтерибизди дайыма сыймыктануу менен эстеп жүрөм. Ошондой эле туруктуу көрүүчүлөрүмө болгон ыраазычылыгымды өмүр бою сактайм. Fox News телеканалына болсо жалаң жакшы нерселерди гана каалайм» – деп билдирди О’Райли.

New York Times гезитинин билдиришинче, О’Райли кызматкерлерге карата 15 жылдан бери сексуалдык ыдык көрсөтүп келген. Жетекчилик менен бирге ал дооматтарды тышка чыгарбай, жабырлануучулардын “оозун” басуу үчүн 15 миллион доллар коротушкан. Алып баруучунун жооругун асылууга кабылган аялдардын бири айтып чыккан.

Билл O’Райли АКШ президенттеринен, анын ичинде Барак Обама менен Дональд Трамптан бир канча жолу маек алган. Февралда анын Владимир Путинди «адам өлтүргүч» деп атоосу коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жараткан. Кремль телеканалдын кечирим суроону талап кылган. Жооп катары О’Райли алты жылдын кийин кечирим сурашы мүмкүн экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Reuters Сирияда дагы эки орусиялык жоокердин өлгөнүн кабарлоодо

Сирияда келишим менен кызмат өтөгөн эки аскер – 41 жаштагы Алексей Сафонов менен 46 жаштагы Владимир Плутинский каза болгону кабарланууда.

Сафоновдун марттын ортосунда өлгөнүн Reuters агенттигине анын туугандары билдиришти. Ага чейин ал Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушкан. Плутинский Пальмира үчүн урушта мерт кеткен.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча январдын аягынан тарта марттын башына чейин Пальмира үчүн салгылашууда эле 21 орусиялык аскер кызматкери курман болгон, бул Орусия Коргоо министрлигинин расмий билдирүүлөрүнө караганда төрт эсеге көп.

Орусия Сирияда аскердик операцияларын баштагандан бери расмий түрдө 28 жоокеринин мерт болгонун ырастаган. Жалпыга маалымдоо каражаттары өлгөндөрдүн арасында каттоого алынбаган “Венгера тобунун” аскерлери бар экенин билдирип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИМ тобу Ирактагы америкалык кеңешчилерге каршы химиялык курал колдонду

Ирактагы аскер бөлүктөрдүн биринде АКШ менен Австралиядан барган аскердик кеңешчилерге каршы ууландыруучу иприт газы колдонулду. CBS телеканалынын маалыматына караганда, химиялык чабуулду «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жасаган.

Телеканал чабуулдан ирактык аскерлер гана жабыркаганын билдирүүдө. АКШ менен Австралиядан барган кеңешчилер медициналык жардам сурап кайрылышкан эмес. Муну менен акыркы бир нече күн ичинде «Ислам мамлекети» тобу экинчи жолу химиялык чабуул жасоодо. 16-апрелде Associated Press агенттиги жихадчылар белгисиз ууландыруу затын колдонгонун билдирген. Анда алты киши жабыркаганы жана тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Январда ирак аскерлеринин Мосулга жакын аймакта «машыгуу ракеталарын» жана иприт тапканы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, исламчылар ракеталар менен машыгып, аларды согуштук аракеттерде колдонууну пландашкан.

Иприт газы — химиялык куралдын негизин түзөт. Ал дем алуу органдарына зыян келтирип, адамдын дем алуусун оорлотот. Иприт менен ууланганда анын таасирин басаңдатчу дары каражаттары жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню