Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Фотобаян - Түркиянын Ван аймагында жашаган кыргыздарга дагы 80 турак үй салынып берилди

Вандагы этник кыргыздар үчүн салынган турак үйлөр үчүн чүчүкулак иш-чарасы өткөрүлдү.

Вандын Эржиш районуна караштуу Улупамир айылында жашаган кыргыздар үчүн кыскача ТОКИ деп аталган элди турак жай менен камсыздоочу башкармалыгы тарабынан Йозгаттын Йенифакылы районунда салдырылган 80 турак үй үчүн чүчүкулак иш-чарасы өткөрүлдү.

Йенифакылыдагы «Аднан Каражебей» атындагы Анадолу лицейинин залында өткөн чүчүкулак иш-чарасына эл өкүлдөрү, муниципалитет башчысы Ялчын Карадавут, ТОКИнин жооптуу кызматкерлери жана Улупамир айылынан келген кыргыздар катышты.

Чүчүкулак кармоодон мурда сөз сүйлөгөн эл өкүлү Абдүлкадир Акгүл, Анадолунун кайрымдуу адамынын кыргыз туугандарын кучак жайып бооруна кыса турганын белгилеп: «Биз да эл өкүлү катары ар түрдүү жардамды жасоого даярбыз»,-деди.

Йенифакылынын муниципалитет башчысы Ялчын Карадавут да Талаа-айыл долбоорунун алкагында ТОКИ тарабынан Вандын Эржиш районуна караштуу Улупамир айылында жашаган кыргыз түрктөрү үчүн Йенифакылыда 80 турак үй салынганын белгилеп өттү.

Турак үйлөрдүн июнь, июлдарда тапшырыла турганын айткан Карадавут: «Келээрки жылда да 224 турак үй тапшырылат. Кыргыз туугандарыбыздын келиши менен районубуз социалдык, маданий жана экономикалык жактан жанданаат. Турак үйлөрдүн кыргыз туугандарыбызга жана районубузга оомат алып келишин тилеймин»,-деп айтты.

Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана жардамдашуу коомунун Анкарадагы өкүлү Мошал Гүвен да, Йенифакылыга жүк болуш үчүн эмес, жүгүн көтөрүшүү үчүн келгендерин айтты.

Гүвен: «Бул жерге келе турган туугандарыбыз жумушсуз болгону, жашоо кыйынчылыгын тартканы, жашай албай калганы үчүн эмес, ар бир түрк атуулу сыяктуу өлкөнүн бир жеринен башка жерине жайгашуу, жашоо укугуна ээ болгону үчүн эң оболу Йенифакылы калкынын макулдугу жана чакыруусу менен келишти»,-деп айтты.

Сөз сүйлөөлөр бүткөн соң үй алууга укуктуу болгондор чүчүкулак менен белгиленди.

TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA5.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA1.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA2.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA4.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA5.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA1.jpg

Булак: ТРТ

Видео - “Шоопур” президент Николас Мадурону эли ташбараңга алышты

Мындан үч күн мурун, 11-апрелде Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз өлкөсүнүн Сан-Феликс районуна иш сапары менен барганда жергиликтүү калк президентти таш бараңга алгандыгын El National басылмасы жазып чыкты.

Мурунку шоопур Николас Мадуро 2013-жылы Венесуэланын президенти Уго Чавес рактан каза болгондон кийин анын мураскери катары бийликке келген. Бирок оппозиция шайлоо таза өтпөгөнүн, Уго Чавестин мураскери Николас Мадуро шайлоонун жыйынтыктарын бурмалап, мыйзам бузуу менен президент болуп алганын айтып, тынымсыз күрөшүп келет.

Президенттин Сан-Феликс районуна иш сапарын түз эфирде чагылдырып берип жаткан мамлекеттик телеканал ташбараң башталары менен өз берүүсүн көрүүчүлөрдү эскертпей туруп токтотууга аргасыз болгон.

Жергиликтүү чиновниктердин планы боюнча президент Мадурону алдын-ала тандалып, даярдалып, жолдун четине жайгаштырылган “дүжүр” жарандар ысык кол чабуулар жана сый-урмат менен тосуп алышмак. Ал эми социалист-президенттин саясатына жана өлкөдөгү экономикалык кризиске нааразы жарандар жолдон алысыраак жерде полициянын күчү менен кармалып турган. Бирок президент жакын келгенде нааразы жарандар полициянын курчоосун жарып өтүшүп, президентке карай таш жаадырып ыргыта башташкан. Президент Мадуронун көп сандаган жан сакчылары шефин брондолгон машинага тыга салышып, араң качып кутулушкан.

Президент Николас Мадуро азыркы күндө анын бийлигин сынга алган 134 оппозиционерди түрмөгө камап олтурат. Өлкө экономикалык жана саясый терең кризиске кабылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, таш бараңга алуу адаты Кыргызстанга да жат эмес. Мындан бир нече жыл мурун Талас облусунун тургундары кээ бир спортсмен жарандарды уурулук менен айыптап, таш бараңга алып өлтүрүшкөн. 2007-жылы премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барганда жергиликтүү калк Жерүй алтын кенинин чет өлкөлүктөргө сатылышына каршы болуп, таш бараңга алышкандыктан, Атамбаевдин машинасы талкаланып өзү качып кутулган. Ал эми былтыр, 2016-жылы президент Алмаз Атамбаев Ош шаарына барганда эл алдына чыгып сүйлөп, бийликти сындаган оппозицияны таш бараңга алууга чакырган.

https://www.youtube.com/watch?v=Jfvxp2H1lQs

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: youtube.com

 

 

АКШнын бомбалоосунан ИМдин 36 жоочусу жок кылынды

Ооганстандын Нангархан провинциясына АКШ тарабынан ташталган эң чоң өзөктүк эмес бомбанын натыйжасында “Ислам мамлекети” тобунун кеминде эле 36 жоочусу жок кылынды. Бул тууралуу Ооганстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары жер астындагы үч өтмөктү, курал-жарак, ок-дарыларды жок кылууга мүмкүн болду. Аскерлердин маалыматына караганда, чабуулда жай тургандар жабыр тарткан жок.

Нангархар провинциясынын губернатору Гулаб Мангаль кабарлагандай, жоочулар бомбаланган өтмөктөрдүн комплексин аскердик түрмө катары колдонушкан жана маанилүү жыйындарды өткөрүп турушкан.

АКШ “бардык бомбалардын энеси” аталган GBU-43B бомбасын бейшемби күнү кечинде таштаган. Биринчи жолу ал 2003-жылы сыноодон өткөн, ошондон бери колдонула элек болчу. Бомбанын жарылуу күчү 11 тонна тротилди, кыйратуу радиусу – 140 метрди түзөт.

Ооганстан президентинин администрациясы операция буга чейин өлкө бийлиги менен макулдашылганын маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Киевде өтчү «Евровидение-2017» сынагына катышуудан расмий баш тартты

“Евровидениенин” уюштуруучулары Орусия 2017-жылы ыр сынагына катыша албай тургандыгын билдиришти.

«Украина орусиялык ырчы Юлия Самойлованынын өз аймагына кирүүсүнө тыюу салгандан кийин Орусияга эки вариант сунушталган: сынакка видео байланыш аркылуу катышуу же башка талапкерди тандоо. Бирок «Биринчи канал» бул эки сунушту тең четке кагып, сынакты көрсөтүүдөн баш тартты. Бул быйыл Орусия «Евровидение» сынагына катыша албайт дегенди түшүндүрөт» деп жазылган билдирүүдө.

Орусия эл аралык сынакка катышуу үчүн “Flame is Burning” деген ыры менен ырчы Юлия Самойлованы тандап алган. Ал бала кезинен бери эле майыптар арабасында отурат.

22-мартта Украинанын Коопсуздук кызматы Юлия Самойлованы өлкөгө киргизбөө тууралуу чечим кабыл алган. Ага ырчынын 2015-жылы Киевдин уруксатысыз Крым жарым аралына барып ырдаганы негиз болгон. Украинанын бул кадамын сынактын уюштуруучулары сынга алышкан. Кремль болсо аны саясий чечим деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп АКШ-Орусия алакасы жакшырат деген ишенимин билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп алдыда Орусия менен Кошмо Штаттар ортосундагы алака-катыш жакшырат деген ишенимин билдирди. Ал Твиттердеги баракчасына “АКШ менен Орусия ортосундагы мамиле жакшы болот!” деп жазды.

Шаршембиде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен бирге Вашингтондо өткөргөн маалымат жыйынында Трамп Батыш менен Орусиянын мамилесинин жакшы жакка өзгөрүшүн каалай турганын билдирген.

“Эгер биз жакында эле талкуулагандай, НАТО жана биздин өлкө Орусия менен ынтымакташа алса жакшы болор эле. Азыр биз Орусия менен таптакыр келише албай жатабыз. Балким учурда биздин мамилебиз эң төмөнкү чекитте тургандыр, бирок биз окуялардын кандай өнүгөрүн байкайбыз. Путин – Орусиянын лидери. Орусия – күчтүү өлкө. Биз абдан күчтүү өлкөбүз. Кандай болорун көрөбүз”, – деген анда Трамп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Ооганстандагы ИМ тобуна өзөктүк эмес ири бомба менен сокку урду

Америкалык аскерлер Ооганстандын Нангахар провинциясында дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомбаны колдонду. Пентагондун билдирүүсүнө караганда, GBU-43 бомбасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:32де «Ислам мамлекети» согушкерлери пайдаланып келген Ачин районундагы туннелдер комплексине ташталды.

Аскер мекемесинин басма сөз катчысы Адам Стамп тарыхта бул GBU-43 бомбасын алгачкы жолу согуштук багытта колдонуу болгонун билдирди. Айтымында, анын жарылуу күчү 11 тонна тротил өлчөмүн түзүп, кыйратуу радиусу 140 метрге жетет.

Ооганстан президентинин администрациясынан операция өлкө бийлиги менен алдын ала макулдашылганын билдиришти.

Бомбанын башка жаңжалдуу аймактарда колдонулушу боюнча суроого АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү жооп беришкен жок.

GBU-43 – АКШнын аскер аба күчтөрү тарабынан 2000-жылдардын башында иштелип чыккан фугас тибиндеги өзөктүк эмес авиация бомбасы. Ал «Бардык бомбалардын энеси» деген аталышка да ээ.

Бир жума мурда Кошмо Штаттар Сирия өкмөтүнүн Шайрат авибазасына 59 канаттуу “Томагавк” ракетасы менен аба соккуларын жасаган. Тиешелүү буйрукту АКШ президенти Дональд Трамп берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Стокгольмдогу терактка шектелген жаран 2015-жылы Сирияга кетүүгө аракет жасаган

Стокгольм борборундагы терактты жасоого шектелген өзбек жараны 2015-жылы исламисттердин катарында согушуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Reuters агенттигине Өзбекстан коопсуздук кызматындагы булак билдирди.

Агенттиктин билдиришинче, шектүү Рахмат Акилов – этникалык тажик. Швецияга келгенден кийин ал “Ислам мамлекети” экстермисттик тобунун таасирине кабылган. Ал түрк-сирия чек арасында кармалып, качкын макамы болгондуктан кайра Швецияга депортацияланган.

Быйыл февралда өзбек укук коргоо органдары Акиловду диний экстремизмге айыптап, эл аралык издөөгө берген.

Ekot швед радиосу кабарлагандай, Акилов динге деле өтө берилген эмес, бирок Стокгольмдун четиндеги көмүскө иштеген мечитке барып турган.

39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Сирия боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето койду

Орусия Асад тарабынан химиялык курал колдонулду деп шектелип жаткан Сириядагы чабуулду айыптаган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето койду. Орусия Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болгондуктан, Батыш өлкөлөрүнүн сунушу өткөн жок.

Резолюция Дамасктан окуя болгон күнү жасалган бардык аба операциялар тууралуу маалымат талап кылган. Батыш өлкөлөрү тарабынан даярдалган документ керектүү он добуш топтогон. Буга байланыштуу Орусиянын өкүлү Владимир Сафронков вето койгон. Сириядагы Башар Асаддын режимин айыптаган резолюцияларга Орусия ушуну менен жетинчи жолу каршылык көрсөтүүдө.

Резолюция үчүн Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү “макул”, экөө – Орусия менен Боливия каршы добуш берсе, үч өлкө, алардын ичинен Кытай добуш берүүдөн карманды.

Орусия Сириядагы химиялык куралдын колдонулушуна оппозиция жоопкерчиликтүү деп эсептейт. Бирок АКШ бардык фактылар Асаддын режими күнөөлүү экенин көрсөтүп жатканын ырастоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тиллерсон: АКШ менен Орусиянын мамилеси төмөнкү точкада турат

русия президенти Владимир Путин Тиллерсонду кабыл алды. АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Сирия жаңжалын жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү 11-апрелде Москвага келген. Ал 12-апрелде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, сүйлөштү. Путин менен кезигери мурда белгиленген эмес.

Тиллерсон Трамптын администрациясындагы Москвага келген алгачкы эң жогорку аткаминер.

Жолугушуу Сирия жаңжалына байланыштуу АКШ-Орусия мамилеси кайрадан чыңалган учурда туш келди. Путиндин кабыл алуусунан кийин Тиллерсон маалымат жыйынында Орусия менен АКШнын мамилеси “төмөнкү точкада” турганын билдирди. Ал эки өзөктүк держава мындай ымалада болбошу керектигин баса белгиледи.

Мамлекеттик катчы Украинанын чыгышында тынчтыкты камсыздоодо Москва менен Вашингтондун сөзгө келүүсү кыйын болорун баса белгиледи. Ага карабай, байланыш каналдары дайым ачык экенин ишара кылды.

Лавров Тиллерсон менен болгон сүйлөшүүлөр “олуттуу” жана “өтө ачык” болгонун жана АКШ менен Орусиянын кызматташуусу бүтүндөй дүйнөгө пайда алып келерин айтты. Мындан тышкары Лавров Батыш өлкөлөрүн АКШ менен Орусиянын диалогун бузууга айыптады.

Путин Трамп келгени Орусия-АКШ мамилеси начарлаганын айтты

Орусия президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп бийликке келгени Орусия менен Кошмо Штаттардын ортосундагы ишеним төмөндөп кеткенин билдирди.

Путиндин маеги АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алардын алдында жарыяланды.

Путин өзгөчө аскердик деңгээлдеги мамилелер өтө начарлап кеткенин баса белгиледи.

Орусия президенти Сириядагы ондогон адамдын өмүрүн алган химиялык кол салуу үчүн Башар Асад күнөөлүү эмес экенин баса белгиледи. Путиндин айтымында, бул боюнча Орусия эки вариантты карап жатат: Биринчиси – сирия авиациясы химиялык курал өндүргөн цехке чабуул жасаган маалда ууландыруучу зат чыккан болушу мүмкүн. Экинчиси – чабуул оюн иретинде атайын уюштурулушу ыктымал.

Кошмо Штаттар жана башка өлкөлөр мунун чындыкка дал келбей турганын айтып четке кагышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню