Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Стокгольмдогу терактка шектелген адам депортация болмок

Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан 39 жаштагы Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов буга чейин Швеция бийлигине өлкөдө туруктуу жашоо макамын берүү өтүнүчү менен кайрылган. Өтүнүчү четке кагылган соң депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланган.

Стокгольмдо 7-апрелдеги террористтик кол салууга тиешеси бар деген шек менен эки адам кармалган. Алардын бири «Ислам мамлекети» террористтик тобунун идеаларын жактап келген Өзбекстандын 39 жаштагы жараны. Полиция ал Швеция борборундагы кылмышка түздөн-түз катышкан деп эсептөөдө.

“2014-жылы ал өлкөдө туруктуу жашап туруу макамын сурап кайрылган, бирок 2016-жылы июнда анын өтүнүчү четке кагылган. 24-февралда депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланган”, – деди Стокгольм полициясынын өкүлү Ян Эвенссон.

Полициядан шектүү экстремисттик уюмдарга, анын ичинде «Ислам мамлекетине» жантартып келгенин белгилешти. Швециянын укук коргоо органдары анын ыктымал шериктерин издөө иштерин улантып жатышат. Ян Эвенссон теракт боюнча «бештен кем эмес» киши кармалганын билдирди.

Кол салуудан төрт адамдын, анын ичинде эки швециялык, бир британиялык жана бир бельгиялык жарандын өмүрү кыйылган. Жаракат алган он адам дагы деле ооруканада, алардын төртөөсүнүн жарааттары оор.

7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп, андан кийин соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Анын айдоочусу жашырынып калууга үлгүргөн.

Никки Хейли: Асаддын бийликтен кетиши АКШ үчүн башкы маселеге айланууда

АКШнын сырткы саясатында Сириядагы бийликтин алмашуусу биринчи планга чыгууда. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли билдирди.

Ал Си-эн-эн телеканалына берген маегинде АКШ үчүн дагы деле «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүү башкы маселе экенин, бирок бийликте Башар Асад турганда Сирия жаңжалын жөнгө салуу мүмкүн болбостугун белгиледи.

7-апрелдин таңында АКШ Сирия авиациясынын тынч тургундарга каршы химиялык курал колдонуусуна жооп катары өкмөттүк аскерлердин Шэйрат аскер-аба базасын аткылаган. 9-апрелде Орусия менен Ирандын президенттери Владимир Путин жана Хасан Рухани телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШнын бул аракеттерин сынга алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Сириядагы химиялык чабуулга карата бир тараптуу чара көрүлүшү мүмкүн экенин эскертти

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы абал боюнча жамааттык чечим кабыл албаса, Кошмо Штаттар бир жактуу аракеттерге барат. Бул тууралуу Кеңештин жыйынында АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли билдирди.

Сириядагы химиялык чабуул боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны натыйжасыз аяктады. Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктерден улам Идлибдеги химиялык чабуулду иликтөө боюнча АКШ, Улуу Британия жана Франция сунуштаган резолюцияга боюнча добуш берилген жок. Хейлинин айтымында, Сирия өкмөтү, Орусия жана Иран жаңжалдын жайгарылышына кызыкдар эмес.

4-апрелде сирия оппозициясы Хан-Шейхунда ондогон адамдар өлгөнүн билдирген. Жергиликтүү медиктер анда нервдерди шал кылчу газ пайдаланылган болушу мүмкүн деп шектенишүүдө. Учурда курмандыктардын саны 72 кишиге жеткени кабарланууда. Бул үчүн көтөрүлүшчүлөр Сириянын өкмөттүк күчтөрүн айыпташууда.

Резолюция долбоорунун авторлору чабуулду айыптап, Химиялык куралга тыюу салуу уюмун кол салуу боюнча болушунча тезирээк жыйынтык чыгарууга үндөштү.

АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү химиялык чабуулга Сирия президенти Башар Асаддын тиешеси бардыгын билдиришүүдө. Орусия 4-апрелде Сирия аба күчтөрү ок-дарылар жана ууландыруучу заттар сакталган кампага сокку урганын билдирди. Москванын версиясы боюнча, ал ок-дарылар Ирактагы жана Сириядагы террорчуларга жеткирилип турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Сириядагы химиялык чабуулга каршы жооп берүү маселесин кароодо

АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстин айрым мүчөлөрүнө Сириядагы ыктымалдуу химиялык чабуулга жооп иретинде аскердик аракеттерди көрүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу CNN кабарлады.

Телеканалдын булактарынын билдиришинче, акыркы чечим азырынча кабыл алына элек, президент бул жагдайды Американын Коргоо министрлиги менен кеңешүүдө.

Шаршембиде Трамп Идлиб провинциясынын Хан-Шейхун шаарындагы ыктымалдуу химиялык чабуулду “коркунучтуу окуя” деп атап, буга тиешелүү деңгээлде жооп берүү керектигин айткан. Ал ортодо БУУнун Коопсуздук кеңешинде АКШнын атайын өкүлү Никки Хейли Сириядагы абал боюнча жамааттык чечим кабыл алынбаса, бир тараптуу түрдө чара көрүлөрүн айтып опузалаган.

4-апрелде сирия оппозициясы Хан-Шейхунда ондогон адамдардын курман болгонун жарыялаган. Жергиликтүү медицина кызматкерлери нервди шал кылуучу газ колдонулган деп шектенишүүдө. Учурда каза болгондордун саны 86 кишиге жетти. Козголоңчулар, АКШ жана батыштын бир катар өлкөлөрү чабуул үчүн Сирия президенти Башар Асадды күнөөлөшүүдө. Дамаск айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сириядагы химиялык курал боюнча резолюцияга добуш берүү кийинкиге калтырылды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын түндүгүндөгү химиялык курал колдонууну айыптаган резолюцияга добуш берүүнү кийинкиге калтырды.

Коопсуздук Кеңешинде вето укугу бар Орусия резолюциянын кабыл алынышына каршы чыккан. 6-апрелде тараптар бир пикирге келген жок. Сүйлөшүүлөр уланууда.

АКШ, Улуу Британия, Франция тарабынан даярдалган документте химиялык чабуул үчүн күнөө Башар Асадга жүктөлгөн. Дамаск айыптоолорду четке кагууда. 2-апрелде сириялык авиация тарабынан колдонулган химиялык куралдын кесепетинен 90го жакын киши курман болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ: Сирияга Асаддын химиялык чабуулуна жооп катары сокку урулду

7-апрелдин таңында АКШ Сириянын өкмөттүк аскерлеринин Шэйрат аскер-аба базасын аткылады. Чабуул президент Трамптын буйругу менен Сирия авиациясынын тынч тургундарга каршы химиялык курал колдонуусуна жооп катары жасалды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон билдирди.

Тиллерсон Дамаск жапырт кыйратуучу куралды буга чейин да колдонгонун, анын айынан жай тургундар, аялдар жана балдар курман болуп жатканын белгиледи. Айтымында, Сириянын өкмөттүк күчтөрү тарабынан мындай соккулар 25чи жана 30-мартта Хама провинциясында да жасалган.

Тиллерсон Орусия Сириядагы химиялык куралдар сакталган жерлерди аныктоо, аларды кайтаруу жана акырындык менен жок кылуу боюнча 2013-жылдагы келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбаганын эске салды. Анын пикиринде, мындан улам Сириядагы кыйратуучу куралдын колдонулушунда Орусиянын да жоопкерчилиги бар.

АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жефф Дэвис соккулар Хомс провинциясындагы Шэйрат аэродромуна жасалганын билдирди. Жалпысынан 59 канаттуу ракета аскер учактарын жана алардын жер төлөсүн, күйүүчү жана жардыргыч заттар сакталган кампаны, ракетага каршы системаларды жана радарларды бутага алган.

“Бул соккулар Асаддын карасанатайлык менен жасаган актысына жараша жооп болду. Шэйрат аэродрому химиялык куралдарды сактоочу жер жана Сириянын аба күчтөрүнүн базасы катары пайдаланылып келген. АКШнын чалгындоо кызматынын баамында, 4-апрелдеги химиялык чабуулдарды Шэйраттагы учактар жасаган”, — деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Сирия аба мейкиндигиндеги АКШ менен кызматташуусун токтотту

Орусия Сириядагы операциялар маалында авиациянын коопсуздугун камсыздоо боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимди убактылуу токтотууну чечти. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Идлиб провинциясындагы химиялык чабуулдан кийин АКШнын Сирия авиабазасына сокку уруусуна жооп болду.

Мекеме соккулар алдын ала даярдалганын жана АКШ Идлибдеги окуяларды «күчүн көрсөтүү үчүн шылтоо катары» пайдаланганын билдирди. Москва абалды талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин шашылыш жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Буга чейин Кремль АКШнын Сирияга ракеталык сокку уруусу көз карандысыз өлкөгө каршы агрессия болуп эсептелерин жана дүйнө коомчулугунун назарын Ирактагы жай тургундар арасындагы көптөгөн курмандыктардан башка жакка буруу аракети экенин билдирген.

7-апрелде АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен Американын аскердик кемелери Сириянын өкмөттүк аскерлеринин Шейрат аскер-аба базасын аткылаган. Соккулар Сирия авиациясынын жай тургундарга каршы химиялык курал колдонуусуна жооп болгону кабарланган. Чабуулдун жыйынтыгында ондогон жай тургун набыт болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп «цивилизацияны коргоо үчүн» ИМ тобун жок кылууну убадалады

АКШ президенти Дональд Трамп союздаштары менен бирге «Ислам мамлекети» тобун жок кылууну убадалады. “Биз «Ислам мамлекетин» жок кылып, цивилизацияны коргойбуз. Бизде башка жол жок”, — деп билдирди Трамп Иордания падышасы Абдалла Экинчи менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында.

Президент Трамп Идлиб провинциясынын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуул тууралуу билдирүүдөн кийин Сирия президенти Башар Асадга болгон мамилесин өзгөрткөнүн белгиледи. Анын айтымында, өкмөттүк армиянын химиялык куралдарды колдонушу «бардык чектен ашып кетти».

4-апрелде сирия оппозициясы Хан-Шейхунда ондогон адамдар өлгөнүн билдирген. Жергиликтүү медиктер анда нервдерди шал кылчу газ пайдаланылган болушу мүмкүн деп шектенишүүдө. Көтөрүлүшчүлөр кол салууга Сириянын өкмөттүн күчтөрүн айыпташты. Кошмо Штаттар менен Евробиримдик өлкөлөрү дагы химиялык чабуулдарга Сирия президенти Башар Асаддын тиешеси бар деп эсептешүүдө. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли эгер БУУнун Коопсуздук кеңеши тиешелүү чара көрбөсө, анда Сирия өкмөтүнө санкциялар киргизиле тургандыгын билдирди.

Орусия 4-апрелде Сирия аба күчтөрү ок-дарылар жана ууландыруучу заттар сакталган кампага сокку урганын билдирди. Москванын версиясы боюнча, ал ок-дарылар Ирактагы жана Сириядагы террорчуларга жеткирилип турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирияда химиялык чабуул: 58 адам каза тапты

Бириккен Улуттар Уюмунун Аскердик кылмыштар боюнча эксперттери Сириянын Идлиб провинциясында кеминде эле 58 адамдын өмүрүн алган химиялык чабуул тууралуу маалыматты иликтейт.

БУУнун Аскердик кылмыштар боюнча комиссиясы 4-апрелде Идлибде химиялык курал колдонуу ыктымалдыгын айыптап, окуяны иликтөө башталганын кабарлады.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура бардык белгилери боюнча химиялык чабуул аба аркылуу жасалганын билдирди.

Бүгүн, 5-апрелде БУУнун Коргонуу Кеңеши бул боюнча чукул жыйын өткөрөт. Британ мониторинг тобунун маалыматтары боюнча 4-апрелде Сирия өкмөтүнүн же орусиялык учактардын Хан-Шейхундагы аба соккуларынан кеминде 58 киши өлдү, алардын арасында 11 бала бар.

Орусиянын Коргоо министрлиги Идлибде аба соккуларын жасабаганын маалымдады. Сирия президенти Башар Асад химиялык курал колдонулганын четке кагып, бул үчүн козголоңчуларды күнөөлөөдө.

Буга чейин БУУнун иликтөөчүлөрү Башар Асаддын аскерлери 2014-2015-жылдар аралыгында жок дегенде үч жолу хлорин химиялык заты курал катары колдонулган деген тыянакка келген.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини химиялык чабуул жасагандар жоопко тартылышы керектигин айтты:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эрдоган: Түркия Сирияда жаңы операцияларды баштайт

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара террордук деп эсептелген сириялык топторго каршы жазында жаңы чабуулдарды баштай турганын жарыялады. Өткөн аптада Түркия “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларына жана Түркия менен чектеш райондордогу күрд козголоңчуларына каршы башталган “Евфрат калканы” операциясы аягына чыкканын билдирген.

Эрдоган чек арага жакын аймактардагы операциялар Күрдистан жумушчу партиясы (РКК) менен “Элдик коргонуу отряддары” (YPG) сыяктуу түзүмдөргө каршы багытталарын маалымдады. YPG ИМ тобуна каршы күрөшүүдө Кошмо Штаттардын өнөктөшү болуп эсептелет, бирок Түркия бул түзүмдү террордук деп эсептейт.

“Террорчуларга жетүү үчүн биз башка аймактарда жаңы операцияларды баштоого даярдык көрүп жатабыз”—деди Эрдоган 3-апрелде. Ал жаңы операциялар кайсы жерде болорун так айткан жок.

Буга чейин Сириянын Ракка шаарындагы ИМ тобунун таянычына Түркия менен биргеликте чабуул жасоо боюнча АКШнын пландары ишке ашкан эмес. Вашингтондун YPG түзүмдөрүн кубаттоосу буга себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню