Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Дүйнөнүн адабий картасында Кыргызстан «Жамиля» повести менен белгиленген

The Independent британ басылмасы дүйнөнүн адабий картасын түздү. Анда Кыргызстан дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повести менен көрсөтүлсө, Казакстан “Кылым карытар бир күн” (“The Day Lasts More Than a Hundred Years”) романы менен белгиленген.

Дүйнөнүн адабий картасында ар бир өлкө эң белгилүү же маанилүү чыгармалар менен көрсөтүлгөн.

Өзбекстан Том Бисселдин «Деңизге умтулуу» китеби, Тажикстан Андрей Волостун «Хуррамабад» романы, Түркмөнстан Ак Вельсапардын «Айпи тууралуу жомок» жана Орусия Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» чыгармасы менен белгиленген.

Жалпысынан картага 197 өлкө түшүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШнын биринчи айымы аялдардын укуктарын кеңейтүү керектигин билдирди

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп «аялдардын укуктары менен мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү» колдой турганын айтты. Мындай билдирүүсүн ал дүйнө жүзү боюнча адам укуктарын коргоо менен алектенген активисттерди сыйлоо салтанатында жасады.

«Аялдар эрдиги» (“Women of Courage”) аталышындагы конференцияга атайын конок катары чакырылган Мелания Трамп салтанатта сыйланган 13 аялдын ишине жогорку баасын берип, дүйнөдөгү көп түрдүүлүктү кабыл алууга чакырды.

“Биз эски коркунучтарды жеңип, бардык жактагы адилетсиздикка каршы туруп, адилеттүүлүк үчүн күрөш жүргүзүшүбүз керек. Дүйнө коомчулугунун лидери катары биз аялдардын укуктарын, ошондой эле бардык катмардагы жана этникалык топтордогу адамдарга болгон сый-урматты кеңейтүү багытында ишти улантышыбыз зарыл. Биз акыры баарыбыз бир расадан, адамзат тукумунан экенибизди дайыма эстеп жүрүшүбүз керек», — деди АКШнын биринчи айымы.

Франс Пресс агенттиги белгилегендей, Мелания Трамптын «көп түрдүүлүктү» колдошу бир канча жолу «Биринчи кезекте Америка» деп жар салып, калгандарын коркунуч катары баалаган президент Дональд Трамптын администрациясынын көз карашы менен дал келбейт. Шаршембидеги салтанатта сыйланган аялдардын үчөөсү Трамптын администрациясы жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө койгон Ирак, Сирия жана Йемен өлкөлөрүнөн болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жанкечтинин Багдаддагы кол салуусунан 15 киши мерт кетти

Жанкечтинин Ирак борборундагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеги чабуулунан мерт кеткендердин саны 15 кишине жетти. Дагы 45 адам түрдүү жаракаттарды алышты.

Бийликтин маалыматына караганда, кол салган адам күйүүчү май куюлган жүк унаасын жардырып жиберген. Каза болгондордун кеминде үчөөсү полиция кызматкерлери, калганы жай тургундар.

Азырынча теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок Ирактагы башкы таянычы эсептелген Мосул шаары өкмөттүк күчтөрдүн курчоосунда турган «Ислам мамлекети» тобунун мүчөлөрү буга чейин бул өңдүү кол салууларды ишке ашырып келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Иванка Трамп атасынын атайын кеңешчиси болду

АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп президенттин атайын кеңешчиси кызматын ээледи жана өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик кызматтар үчүн каралган этикалык эрежелерди сактоого милдеттүү болот. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө жазылган.

Билдирүү сенатор-демократтар президенттин кызынын ишине байланыштуу кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Федералдык этика башкармалыгына жолдонгон катты жарыялагандан бир нече сааттан кийин чыкты.

Сенаторлор президенттин кызынын ишкердик кесиби жана кеңешчи болуусу этикалык эрежеге жатабы деген суроо салып жатышат.

Иванка Трамп сын-пикирлерге жооп катары атасынын администрациясында расмий кызматты ыктыярдуу түрдө аркалоону чечкенин билдирди. Ал иши үчүн маяна албай турганы айтылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Анкара Сирия түндүгүндөгү аскерий операциясы аяктаганын билдирди

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аскердик операциясынын ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Ошол эле маалда ал жакынкы убактарда Сирияда жаңы операциялардын башталуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

«Мындан ары ИМ же башка топтор тарабынан биздин коопсуздугубузга коркунуч туулса, анда жаңы операциялар башталат», — деп билдирди Йылдырым.

Түркия куралдуу күчтөрүнүн өткөн жылдын августунда башталган «Евфрат калканы» операциясынын жүрүшүндө түрк аскерлери, танктары жана аба күчтөрү Сириянын Түркия менен чектешкен аймагындагы көтөрүлүшчүлөр тобун калкалап келген. «Сириянын эркин армиясы» аталган көтөрүлүшчүлөр тобу «Ислам мамлекетине» жана Анкара «террористтик уюм» деп эсептеген күрт көтөрүлүшчүлөрүнүн өкүлдөрүнө каршы күрөшүүдө.

30-мартта «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Түркияга АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги мамлекеттик тилдин абалы менен таанышууда

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” №155 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” ишке ашырылышын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №958 жана 2013-жылдын 5-мартындагы №114 токтомдорунун аткарылышынын абалы менен жеринде таанышуу максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын буйругу менен түзүлгөн 2 топ 2017-жылдын февраль айынан бери мамлекеттик мекеме-уюмдардын иш-кагаздары менен жеринен таанышуу ишин жүргүзүп келе жатат.

Жогоруда белгиленген максат менен бүгүн 30-мартта КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарында жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш кагаздары менен таанышуу башталды. Жыйынтыгы боюнча кенен маалымат текшерүүнүн соңунда берилмек

НАТОнун башкы командачысы Украинага курал-жарак жеткирүүнү сунуштады

Орусия тарабынан колдоого алынып жаткан жикчилдерге каршы күрөшүү үчүн Украинага заманбап курал-жарак берүү зарыл. Мындай сунушун НАТО күчтөрүнүн башкы командачысы жана АКШ күчтөрүнүн Европадагы кол башчысы, генерал Кертис Скапарротти билдирди.

“Менин жеке пикиримде, коргонуу үчүн биз Украинага заманбап учуучу куралдарды жеткирүү мүмкүндүктөрүн карап чыгышыбыз зарыл”, – деди Скапарротти АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр комитетинин угууларында.

Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы Украинага бронежилет, түнчүндө көрүү каражаттары, кургак тамак –аш, дары дармек жагынан жардам көргөзгөн. Бирок администрация Орусия тараптын согушту ырбатуу ыктымалдыгынан чочулап, Украинага танктарга каршы ракеталарды жеткирүү тууралуу Конгресстин чакырыктарына каршылык билдирип келген.

Скапарротти Орусия менен чектешкен Грузия менен Украина Москванын арам ойлуу иштерине, анын ичинде куралдуу аракеттерине каршылык көрсөтүп жаткандыгын билдирди. Генерал күчтөнүп жаткан Орусия өнөктөштөн келишпес каршылашка айланып баратканын белгиледи.

Өз сөзүндө АКШнын Өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр комитетинин мүчөсү Мак Торнберри Орусиянын башкы максаттарынын бири «тарыхтагы эң ийгиликтүү аскерий альянс» эсептелген НАТОну алсыздантып, аны бөлүп-жаруу экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Британия ЕБден чыгуу жараянын расмий түрдө бүгүн баштайт

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкөнүн биримдик курамынан чыгуу каалоосу тууралуу Европа биримдигине расмий кат жолдоду.

Reuters агенттиктин кабарчылары ЕБ кеңешинин президенти Дональд Тускка бүгүн берилиши керек болгон каттын көчүрмөсү менен таанышканын билдирүүдө. Эми Туск катты алгандан кийинки эки күндүн ичинде ЕБдин 27 мүчөсүнө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эрежелерин жөнөтүшү керек.

Сүйлөшүүлөрдүн эки жылга созулуп, Улуу Британиянын 1973-жылдан бери мүчө болуп келген биримдик курамынан 2019-жылдын мартында биротоло чыгары күтүлүүдө. Британия калкы 9 ай мурда өткөн референдумдун жыйынтыгында өлкөнүн ЕБдин курамынан чыгышын колдогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Германияда Талибандын командири делген ооган жараны кармалды

Германияда америкалык жана ооган аскерлерин өлтүргөн деген шек менен 30 жаштагы ооган жараны кармалды.

Федералдык прокуратуранын 28-марттагы билдирүүсүн ылайык, Абдулла П аттуу жаран террордук уюмга мүчө болгон жана адам өлтүргөн деген шек менен Бавариянын түштүк штатында 23-мартта кармалган.

Билдирүүдө ошондой эле шектүү 2002-жылы «Талибан» кыймылына кошулуп, 2004-жылы командирликти атасынан өткөрүп алганы айтылат.

Прокурорлордун маалыматына караганда, ал чет өлкөлүк жана ооганстандык аскерлерге каршы көптөгөн миссияларга, анын ичинде 16 америкалык жана ооган аскеринин өмүрүн алган аскерий конвойго кол салуу операциясына да катышкан.

Шектүү 2009-жылы Пакистан качып, 2011-жылы мигрант катары Германияга барганы кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алдыңкы державалар БУУнун өзөктүк куралга тыюу салуу аракетине каршылык билдиришти

Дүйшөмбү кечинде АКШ, Орусия, Британия Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча демилгесине каршылык билдирип чыгышты.

“Мен үчүн эне жана аял катары өзөктүк куралсыз дүйнөдөн баалуу эч нерсе жок. Биз баарыбыз реалист болушубуз керек. Түндүк Корея Улуттар Уюмунун буйругу менен өзөктүк куралдан баш тартат дегенге кимдир бирөө ишенеби?” – деп суроо салды АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли.

Өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча өткөн биринчи талкууну отуздай өлкөнүн өкүлдөрү бойкот кылышты. Орусия АКШ сыяктуу эле бул суроонун Башкы ассамблеянын күн тартибине киргизилүүсүнө каршы добуш берди. Кытай так жооп берген жок.

Өзөктүк куралга тыюу салуу сунушун дүйнөдөгү жүздөй мамлекет колдошууда. Ошондой эле бул демилгени колдогондордун арасында Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш, Рим Папасы Франциск жана ондогон гуманитардык уюмдар бар.

Демилгеге каршы чыккандар бул демилге ишке ашпасын белгилешип, буга караганда өзөктүк куралдын жайылуусуна бөгөт койгон натыйжалуу система иштеп чыгууну сунушташууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню