Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Түштүк Кореянын прокуратурасы экс-президентти камакка алууга ордер сурады

Түштүк Кореянын прокурорлору өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хени камакка алууга ордер сурап, ал пара алуу үчүн «кызмат абалын жана президент деген макамын ашкере пайдаланганын» жана мамлекеттик иштер боюнча жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгуусуна жол бергенин билдиришти. Пак Кын Хе коррупциялык чууга кабылгандан кийин марттын башында бийликтен кеткен.

Азырынча Сеулдун райондук соту прокурорлордун кайылуусу боюнча комментарий бере элек. Аны камакка алуу чечимин чыгарардан мурда сот экс-президентти суракка чакырары күтүлүүдө.

65 жаштагы Пак Кын Хе пара алууга, жашыруун маалыматты ачыкка чыгарууга жана кызмат абалын ашкере пайдаланууга айыпталууда. Ал Түштүк Кореянын демократиялык жол менен шайланып, мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирилген алгачкы президенти. Анын кызматтан алынышын өлкөнүн Жогорку соту марттын башында колдогон.

Конституцияга ылайык, эми президенттик шайлоо 60 күндүн ичинде өткөрүлүшү керек.

Пак Кын Хеге карата импичмент жарыялоого анын ири компаниялардын топ-менеджерлерине басым жасап, айрым маселелер боюнча өкмөттүн макулдугу үчүн аларды ондогон миллион долларды берүүгө мажбурлаган деп айыпталышы себеп болгон. Учурда президенттин милдеттерин өлкөнүн премьер-министри Хван Гёан аткарууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШнын колдоосундагы аскерлер Сириядагы стратегиялык авиабазаны ээлешти

АКШнын колдоосундагы күрт-араб альянсынын билдиришинче, анын аскерлери «Ислам мамлекетинин» жоочуларын Сириянын түндүгүндөгү стртегиялык авиабазадан сүрүп чыгарышты.

“Сириянын демократиялык күчтөрү» Табка аскерий аэропортун толугу менен көзөмөлдөп турат. Андагы коопсуздукту толугу менен камсыз кылуу үчүн аэропортту миналардан тазалоо иштери жүрүүдө», — деп билдирген альянстын өкүлү Талал Селло AFP агенттигине.

Эми аэропорт ИМ согушкерлеринин жакынкы плотинанын аймагындагы позицияларына чабуул коюу үчүн база катары пайдаланылат.26-мартта жоочулар коалициянын аба соккуларынан улам ал плотина жырылышы мүмкүндүгүн эскертишкен. Бирок коалиция өкүлдөрү ИМдин ал билдирүүсүн четке кагып, плотинанын түндүгүндө суу агызуу аймагын SDF курт-араб альянсынын аскерлери көзөмөдөп турганын билдирген.

БУУ Табка плотинасы жарылса Сирияда кыйратуучу суу ташкыны болушу мүмкүндүгүн эскерткен. Америкалык учактар менен аскерлер плотинадан 40 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Ракка шаарына багыт алган SDF аскерлерине асманда жана жерде колдоо көрсөтүүдө. Күрт-араб альянсы ИМдин Сириядагы жалгыз таянычы болгон Раккага кол салуудан мурда аны курчоого алуу аракетин көрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чеченстанда аскер бөлүгүнө кол салуудан 6 жоокер каза болду

Чеченстанда жумага караган түнү аскер бөлүгүнө кол салуу болуп, алты жоокер каза болду. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине Орусиянын Улуттук гвардиясынан кабарлашты.

Мурдараак ТАСС агенттигинин булагы куралдуу адамдардан турган топ Улуттук гвардиянын жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн аймагына кирүүгө аракет кылганын айткан. Кол салууга жалпысынан сегиз киши катышып, алардын алтоосу өлтүрүлдү. Экөөсү из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул маалыматтарды Улуттук антитеррористтик комитеттен ырасташты.

«Лайфтын» маалыматына караганда, кол салгандар Улуттук гвардиянын офицерлеринин жатаканасына кирип барууга аракет кылышкан.

Аскер бөлүктүн аймагында толук аскердик даярдык режими киргизилди. Азырынча кол салуу үчүн жоопкеричиликти эч ким ала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ММКлар Мамдуманын экс-депутатын өлтүргөн делген адамдын аты-жөнүн жарыялашты

Украинанын “Обозреватель” басылмасы Орусиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Денис Вороненковду өлтүргөн делген адамдын сүрөтүн жана аты-жөнүн жарыялады. Басылманын маалыматы боюнча, экс-депутатка Павел Паршов деген адам кол салган. Азырынча бул маалымат расмий булактар тарабынан ырастала элек.

Паршовдун аты-жөнү украин ИИМи тарабынан изделип жаткан кылмышкерлердин тизмесинде бар. Ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого айыпталып, 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн. Украина ИИМинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, Паршов Днепропетровск шаарында (азыркы Днепрде) 1988-жылы туулган.

Буга чейин Вороненковду өлтүргөн адам Украинанын жараны экендиги жана анын жанынан Украинанын Улуттук гвардиясы тарабынан берилген күбөлүк табылганы кабарланган.

Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Денис Вороненков бейшемби күнү Киевдин борборунда өлтүрүлгөн. Жансакчы менен атышуу маалында кол салган адам жаракат алып, кийин ооруканада көз жумган.

Украина президенти Петр Порошенко орусиялык экс-депутаттын өлүмүн Орусия тараптан жасалган “мамлекеттик терроризм актысы, мында орусиялык атайын кызматтын ачык изи бар” деп атады. Денис Вороненков өткөн жылы күзүндө Орусиядагы куугунтуктоолордон чочулап Украинага көчүп келген. Декабрда украин жарандыгын алып, Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке каршы козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лондондогу теракттын курмандыктарынын саны төрт адамга жетти

Лондондогу кол салуунун курмандыктарынын саны төрт адамга жетти. Жаракат алган 30дан ашык кишинин бирөөсү көз жумду.

Кол салган адам полиция тарабынан ошол жерде эле атылып өлтүрүлгөн. Анын Лондондун чет жагында жашаган 52 жаштагы Халид Масуд атту жаран экени аныкталган. Ал буга чейин терроризмге байланышы жок бир канча кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары өткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип 8 киши кармалды. Полициянын Лондондогу жана Бирмингемдеги рейддери уланууда. Британ борборунда полиция күчөтүлгөн тарипте иштеп жатат.

22-мартта Халид Масуд жеңил унаасы менен парламент имаратынын жанындагы Вестминстер көпүрөсүндө бир нече адамды сүзүп, андан соң полициячыга бычак менен кол салган. Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Полиция Лондондо теракт жасаган кишинин атын атады

Улуу Британиянын парламент имаратынын жанында полиция кызматкерине кол салып, жөө адамдарды унаасы менен сүздүрүп кеткен террорчунун тек жайы аныкталды. Бул тууралуу Лондондун полиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чабуулду уюштурган 52 жаштагы Халид Масуд Британияда төрөлүп, соңку учурда Уэст-Мидлендс графтыгында жашаган. Ал мурда зомбулук жана курал сактаганы үчүн соттолгону белгилүү болду.

Халид Масуд 22-мартта Лондондогу парламент имаратынын жанында машинасы менен жөө кишилерди сүздүрүп, кийин парламентти кайтарган полициячыны бычактаган. Натыйжада үч адам өлүп, 40 адам жабыркаган. Алардын жетөө оор абалда ооруканада жатат. Чабуул койгондун өзүн полиция жок кылган. Британ полициясы кол салууга байланыштуу жети кишини камакка алды.

Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алды. Кол салуу Брюсселдеги терактка бир жыл болгон күнү жасалды – бир жыл мурда Бельгия борборунун аэропорту менен метросундагы жардыруулардан 35 киши мерт болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Мосулдагы жарылуудан 100дөн ашык адам мерт кетти

Мосулдун батыш бөлүгүндө адамдар жашаган кварталдагы жарылуудан 100дөн ашык киши мерт кетти. Жарылуу экстремисттер тарабынан орнотулган миналардан улам болгону кабарланууда.

Бригадалык генерал Мухаммад аль-Жабуринин билдиришинче, Ирактын өкмөттүк күчтөрү менен «Ислам мамлекетинин» жоочуларынын ортосунда кармаш жүрүп жаткан Мосул эль-Жабури районундагы жарылуудан кийин 108 адамдын сөөгү табылды.

Көз карандысыз «Мосул назары» уюму ИМ согушкерлери жай тургундарды үч үйгө камап, көчөгө бомбаларды орнотуп, чатырларга көзгөатарларды койгонун билдирди. Уюмдун маалыматы боюнча жарылуудан 130 киши курман болду.

Американын аба күчтөрүнөн колдоо алган Ирак армиясы өлкөдөгү экинчи ири шаардын чыгыш тарабын жүз күндүк кармаштан кийин январь айында бошоткон. 19-февралдан тарта өкмөттүк күчтөр ИМ жоочуларын экстремисттик топтун Ирактагы акыркы таянычы болгон Батыш Мосулда кысымга алуусун баштаган.

БУУ өкүлдөрүнүн айтымында, учурда 400 миңдей жай тургун Эски шаарда калууда. Алар тамак-аш менен суунун жетишсиздигинен жабыркап, согуш болуп жаткан оор шартта күн кечиришүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Түркияда сойкукана түйүнүн уюштурган өзбекстандык аял кармалды

Түркия полициясынын Стамбул жана Кожаэли шаарларындагы рейдинин жүрүшүндө Өзбекстандан барган аялдарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган 19 киши кармалып, 21 аял сексуалдык кулчулуктан куткарылды.

Бул рейддер менен кармоолор Ататүрк аэропортунда Ташкентке учуп кетүүгө аракет кылган Өзбекстандын М.Ш атуу жараны кармалгандан дээрлик эки ай өткөндөн кийин болууда.

Аталган шаарларда өткөрүлгөн алгачкы рейддерде он төрт адам, анын ичинде үч аял кармалган.

Алардан үч тапанча жана ок-дарылар алынган. Андан сырткары эки компьютер табылып, ичинен сойкулук менен алектенүүгө мажбурланган аялдардын кардарлары тууралуу маалыматтар алынган.

Сойкуканаларда күч менен кармалып турган аялдардын көбү Түркияга Өзбекстандан барышкан. Аларды бул өлкөдө бала багуучу же кары адамдарды кароо жумуштары менен камсыз кыла тургандыктарын айтып алып келишкен. Бирок кийин карызга батырып, паспортторун тартып алып, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан. Сексуалдык кулчулуктан куткарылган аялдардын бардыгы тең мекенине жөнөтүлдү.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Тиллерсон: ИМге каршы күрөш — Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы башкы максаты

Акүйдүн жаңы администрациясынын Жакынкы Чыгыштагы башкы максаты — «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүү. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон антитеррористтик коалицияга мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин Вашингтондо өтүп жаткан жолугушуусу маалында билдирди.

Тиллерсон НАТОго мүчө өлкөлөр терроризмге каршы күрөшүүгө көбүрөөк аракет жумшашы керектигин белгилеп, союздаштарды коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырды.

Коалицияга мүчө өлкөлөрдүн толук курамдагы жолугушуусу 2014-жылдан бери алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Жыйындын максаты — Ирак менен Сириядагы «Ислам мамлекетин» жок кылуу боюнча эл аралык аракеттерди активдештирүү жана исламчыларга байланышы бар топторго басым жасоону күчөтүү болуп эсептелет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Дүйнө лидерлери британ парламентинин жанындагы терактты айыпташты

Көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери Лондондогу терактты айыпташты. Акыркы маалыматтар боюнча, кол салуудан төрт киши мерт кетип, 20га жакыны жаракат алды.

22-мартта Улуу Британия парламентинин жанындагы Вестиминстер көпүрөсүндө жеңил унаа бир канча адамды сүзүп кеткен. Андан соң анын айдоочусу бычак менен парламент алдында нөөмөттө турган полициячыга кол салган. Полициянын маалыматы боюнча, теракттын курмандыктарынын саны төрт адамга жетти. Алардын ичинде полиция кызматкери менен кол салган адамдын өзү да бар. Алардан сырткары дагы 20га жакын адам жаракат алган, арасында бир нече мектеп окуучусу да бар. Учурда экөөсүнүн абалы өтө оор.

Полиция эки чабуулду тең бир адам жасаганын билдирди. Кылмышкер атылып өлтүрүлдү, анын адамдарга кол салуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз, тергөөчүлөр террористтик акты болушу мүмкүн деген версияны да караштырып жатышат.

Кол салуу Брюсселдеги теракттарга бир жыл болгондо жасалып отурат. Былтыр бул күнү Бельгия борборундагы аэропортто жана метродо жардыруулар болуп, 35 киши мерт кеткен.

22-марттагы кол салуу — 2005-жылдын июлунан берки Лондондо болгон эң ири теракт. Анда шаардагы метронун үч поезди жана бир автобусу жардырылып, 52 адам мерт болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню