Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Европа соту жумушта хижаб кийүүгө тыюу салууну мыйзамдуу деп тапты

Европа соту мусулман аялдардын жумушта хижаб кийүүсүнө тыюу салынышын мыйзамдуу деп тапты. Соттун чечими хижабдын айынан иштен алынган Франция менен Бельгиянын эки жашоочусунун доо арызынын негизинде чыкты.

Сот жумуш берүүчүлөр хижабга тыюу салуу менен Евробиримдиктин мыйзамдарын бузбайт, кандай гана чектөөлөр болбосун ишкананын ички тартибине негизделиши керек деген чечим чыгарды. Ошондой эле тыюу “түз дискриминация” эместиги белгиленди.

2004-жылы Франция, андан соң Бельгия адегенде диний символикаларды жумушка алып келүүнү тыйган. Кийинчерээк ал чектөө окуучуларга, аларды мектепке коштогон ата-энелерине тараган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШда Трамптын жарлыгына моюн сунбаган шаарлар көбөйүүдө

АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо жана депортациялоо боюнча федералдык бийлик менен кызматташуудан баш тарткан шаарлардын саны артууда. The Ohio Jobs & Justice Political Action Committee коомдук уюму билдиргендей, өлкөдө “баш калкалоочу калаалардын” саны бешжүздөй.

Уюмдун маалыматы боюнча Трамптын саясатына жооп иретинде дагы отуз мэр мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациядан коргоого ниеттенип жатат.

Ошол эле маалда мурда “баш калкалоочу” аталган Аляска, Огайо жана Флоридадагы төрт шаар көз караштарын өзгөрттү.

АКШ президенти Дональд Трамп январда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жашырган шаарларды федералдык бюджеттен каржылоону токтотуу боюнча жарлык чыгарган. Бирок Акүй муниципалитеттердин иммиграция боюнча саясаттарын өзгөртүүдө каражат эмес, жергиликтүү активисттердин басымдары негизги күч болорун моюнга алууда.

Федералдык өкмөт маалымдагандай, “баш калкалоочу шаарлардагы” полиция Иммиграциялык кызмат депортациялоону пландап жаткан эки миңдей мигрантты бошотуп жиберген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда терроризмди каржылагандардын «кара» тизмеси жарыяланды

Тажикстандын Улуттук банкы оор кылмыш кылган деп изделип жаткан 200дөн ашык адамдын жана тыюу салынган 15 уюмдун тизмесин жарыялап, жарандары жана коммерциялык уюмдарды алар менен кызматташпоого чакырды. Ал уюмдар Жогорку сот тарабынан террористтик жана экстремисттик деп табылган.

«Кара» тизмеге – Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы, «Группа 24», «Эркин Тажикстан», «Мусулман агаиндер», «Ислам мамлекети», «Аль-Каида», «Жамаат Ансоррулох», «Өзбекстан ислам кыймылы» сыяктуу уюмдар, ошондой эле мыйзамсыз маңзат, курал-жарак жана адам сатууга тиешеси бар адамдар киргизилген.

Улуттук банктын өкүлү тизмени жарыялоонун максаты — ири суммадагы каражаттардын изин жашырууга байланышы бар адамдар менен уюмдардын активдерин тоңдуруу болуп эсептелерин билдирди. Анын айтымында, тизме мыйзамсыз жол менен алынган акчалардын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык Financial Action Task Force уюмунун талаптарынын негизинде түзүлдү.

«Эл аралык каржы институттар бул тизмени карап, Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын, «Группа 24түн», «Эркин Тажикстандын» эсептерин тоңдурушу керек. Өз кезегинде Тажикстан кызматташтыктын алкагында терроризмге байланышы бар адамдардан акчалардын түшүүсүн көзөмөлдөп турат. Мындай тизмелер каржы терроризмин жана башка кылмыштардын алдын алуу максатында башка өлкөлөрдө да түзүлүп келет», – деп билдирди ал.

Январда өлкөнүн Улуттук банкы текшерүү үчүн Башкы прокуратурагы жалпысынан 7 миң шектүү каржы операциясынын тизмесин жөнөткөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сирияда согуштук мүлк жоготкон орус аскерине кылмыш иши козголду

Согуштук мүлктү жоготкондугу үчүн Сирияда келишим боюнча кызмат өтөп жаткан Орусия армиясынын катардагы жоокери Артем Хилького карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын «Коммерсант» гезити жазып чыкты. Буга чейин Сириядагы орус аскерлерине карата кылмыш иши козголгондугу боюнча расмий кабарланган эмес.

Жоокердин мүлктү кандай шарттарда жоготкону айтылган жок. Басылманын маалыматы боюнча ал Сирияда жүктөрдү коштоо менен алектенген Таман мотоаткычтар дивизиясынын курамында кызмат өтөгөн. Гезит Хилько ишенип берилген атайын мүлктү уурулук же жол кырсыгы өңдүү катардагы себептерден улам жоготкон деп болжолдоодо.

Жоокер өзүнө тагылган күнөөнү моюнуна алып, ишти өзгөчө тартипте кароону өтүнгөнү кабарланууда. Бул берене боюнча эң катаал жаза — эки жылга чейин эркинен ажыратуу.

Иш тергелип бүткөн. Сот жыйыны өтө турган жерди Москва аймактык аскер соту аныктайт деп күтүлүүдө. Орусия аба күчтөрүнүн Сириядагы аскердик операциялары 2015-жылдын сентябрынан бери уланууда. Ага учактардан сырткары согуштук кемелер да катышууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейн: "Пакистан эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүнү колдойт"

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Исламабаддагы расмий иш сапарынын алкагында  Пакистан Ислам Республикасынын  Президенти Мамнун Хуссейн менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын азыркы абалы жана эл аралык уюмдардын алкагындагы алакалар тууралуу баарлашып, соода кызматташтыгын жандантуу маселесине да токтолушту.

Байыркы Улуу Жибек жолунун боюнда орун алган эки мамлекет үчүн экономикалык байланыштардан тышкары, экстремизмге жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү багытында да кызматташуу керектигин айткан Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Кыргыз тарап CASA-1000 жана “Кытай – Пакистан: Экономикалык коридор (CPEC)” долбоорлорун тез арада ишке ашырууга кызыкдар”,- деди.

Ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан акыркы реформалар тууралуу маалымат берген Төрага: “Парламенттик демократияга багыт алган Кыргызстан үчүн Пакистандагы демократиялык жетишкендиктерден үлгү алуу өтө маанилүү. Андыктан, биз биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды уюштуруубуз зарыл”, – деп билдирди.

Андан тышкары, жолугушууда саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланып, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар пакистандык студенттер үчүн билим алууга өтө ыңгайлуу экендиги айтылды.

Өз кезегинде алгачкы кыргыз парламенттик делегациясынын расмий иш сапары эки мамлекет ортосундагы байланыштардын жаӊы барагын ачат деген Пакистан Ислам Республикасынын  Президенти Мамнун Хуссейн: “Пакистан Кыргызстан менен кызматташууга  кызыкдар. Айрыкча парламенттик демократиялык багыттагы жаӊыланууларды колдоого даяр”, – деди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Нургазы Нишанов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов жана Эмил Токтошев бар

Орусия, Иран жана Түркия Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнө катышарын тастыкташты

Орусия, Түркия жана Иран Астанда өтө турган Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катышарын ырасташты. ТАСС Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановго шилтеме берип билдиргендей, Астана башка өлкөлөрдүн  макулдугун дагы күтүп жатат.

Астанада 23-24-январда өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө Орусия, Иран жана Түркия биргеликте согуштук аракеттерди токтотууну камсыздоого сөз байлашкан.

Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча Сириядагы куралдуу оппозиция Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн датасын жылдырууну талап кылууда. Алар мындан тышкары оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда ок атышууну токтотуу келишимин толугу менен сактоону жана мажбурлап көчүрүүнү токтотууну суроодо.

Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын 14-15-мартта өткөрүү пландалууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

ЕБ Орусияга киргизилген жеке санкцияларды жарым жылга узартты

Европа Кеңеши Украинанын аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүүгө себепкер болгон жеке жана юридикалык жактарга карата 2014-жылы киргизилген санкцияларды дагы жарым жылга узартты.

Санкция жарыялангандар тизмесинде Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин, президенттин кеңешчиси Сергей Глазьев, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов жана алып баруучу Дмитрий Киселев бар.

Биримдиктин санкциясы 157 жеке жакка, 37 уюм жана мекемеге тиешелүү. Алардын арасында Крымда иш жүргүзгөн компаниялар, аскерий бөлүктөр бар.

Европа Биримдиги 2014-жылы Крым аннексияланып, Донбасста уруш башталгандан кийин Орусияга каршы жеке жана экономикалык санкцияларды киргизген. “Кара тизмеге” илингендер Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кире алышпайт жана алардын европалык банктардагы активдери тоңдурулган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ч.Турсунбеков: "Парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы бардык иш-чараларды колдоого алышыбыз керек"

13-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттык делегация Пакистан парламентиндеги кыргыз-пакистан достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Иш-чарада парламенттер аралык мамилелерди достук топторунун тыгыз кызматташтыгы аркылуу кеӊейтүүгө болору айтылып, тараптар байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Төрага Чыныбай Турсунбеков парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстан үчүн Пакистандын бул жааттагы тажрыйбасы өтө зарыл экенин белгилеп: “Күндөн-күнгө парламенттик достук топторунун жана депутаттардын кызматташтыгы жигердүү өнүгүп барат. Себеби, эки мамлекет үчүн ар тараптуу алакалардын мааниси чоӊ.  Андыктан, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы бардык иш-чараларды жана долбоорлорду колдоого алышыбыз керек”, –  деди.

Ал эми кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун мүчөсү, депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеӊештин ишмердүүгү жөнүндө маалымат берип, парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылды.

Ошондой эле достук топтору мыйзам чыгаруу жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгына токтолушту.

Эске салсак, кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, А.М.Султанов, И.Ю. Карамушкина жана К.С.Нурматовдор кирет.

Видео - Орусия Түштүк Осетиянын аскерлерин өз армиясына тартууда

Орусия өкмөтү Түштүк Осетиянын куралдуу күчтөрүнүн айрым бөлүктөрүн орус армиясынын катарына кошуу боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Жакынкы күндөрү президент Владимир Путин документке кол коёт.

Документке ылайык, бул бөлүктөрдө Түштүк Осетиянын аймагында туруктуу жашаган, орус паспортторуна ээ жарандар кызмат өтөйт. Ошол эле маалда аскердик каттоого алар Түндүк Осетиянын аскер комиссариаттарында турушат.

Орусия Коргоо министрлиги Түштүк Осетия үчүн өзүнүн орто жана жогорку аскер окуу жайларында кадрларды даярдап берет.

Буга чейин орус өкмөтү ушундай эле келишимди Абхазия менен түзүүнү колдоп, документти Мамдумага сунуштаган.

Түштүк Осетия менен Абхазия Грузиядан бөлүнүп, көз каранды эместигин жарыялаган.

Грузия Түштүк Осетия менен Абхазияны жикчил аймагы катары санаса, Орусия аларды көз карандысыз өлкө деп тааныган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню