Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

Азимбек Бекназаров: “Талкууга чыгарылган долбоордун авторлору курултайчылар эмес”

– Азимбек Анаркулович, талкууга түшүп, катачылыгы көп деп сындалып жаткан Конституцияны курултайчылар жазганбы?

– Талкууга чыгарылган долбоордун авторлору курултайчылар эмес. Мисалы, мен курултайчы катары, курултай институту бир гана президенттин алдындагы консультативдик уюмга айланышына каршымын. Курултай институту бир дагы мамлекеттик бийлик бутактарына кирбеген өз алдынча иш жүргүзгөн, биринчи кезекте президенттин өзүнүн ишмердигине жыл сайын баа берүүчү, башка мамлекеттик, коомдук өзгөчө маанилүү маселелерди талкуулоочу элдик аянтча. Батышчылардын митинги менен пикетинен айырмасы – ата-бабалардан калган салт, адат боюнча курултайга бардык региондордон, чет элде жүрүшкөн мекендештерибизден шайланып келген делегаттар катышып, тынчтык, боордоштук, бир элдик маанай менен көйгөйлүү маселелер ачык талкууланып, тийиштүү мамлекеттик бийликке кабыл алынган чечими милдеттүү каралуучу, дагы баса белгилейм, милдеттүү аткарылуучу эмес, милдеттүү каралуучу (!) сунуш катары жиберилет. Курултай институту эл менен бийликти жакындатат. Долбоордо “бир гана президент чакырат” кыязында жазылып, түшүнбөөчүлүк болуп жатат.

– Бул Конституция супер президенттик башкарууга ыкталганбы?

– Конституциянын долбоору 80 депутаттын аты менен чыкканы жана чийки, дүмбүлдүгү менен оппоненттерге асмандан издегени жерден табылгандай болду. Азыр Конституциянын долбоору эмес, “келечектин жолу, анын ичинде башкаруунун түрү, шайлоо системасы, курултай институту, эң башкысы, азыркы аракеттеги Конституциянын жаңыланышын колдойсуңбу?” деген гана жөнөкөй суроолор бийликтин бирден-бир ээсинен суралып, анан ошого жараша Конституция жазсак болмок.

– Неге талкууга түшкөн Конституцияга каршы чыккандар көп болуп, жөө жүрүштөр, митингдер уюшулуп жатат?

– Каршы чыккандар – азыркы партиялык-мафиялык башаламан башкаруу системасынан кынык тапкандар, акчасын берип коюп депутат болушуп, бирок эч бир иш кылбай, эч нерсеге жооп бербей байыгандар. Алар долбоорго эмес, “шайлоо партиялык тизме менен өтпөй калабы?” деп чочулагандар. “Курултай институту кирип, элге отчёт берип калабызбы?” деп корккондор. Үчүнчүдөн, азыркы анархиялык башкаруу системасын колдогондор! Алардын артында Батыштын бир катар уюмдары турат.

– Эмне үчүн курултай институту ишке кирсе, ал сиздер айтып жүргөндөй, баарынан отчёт алган институт эмес, “президентке кошомат кылгандардын уюгуна айланат” деген чочулоо көбүрөөк айтылып жатат?

– Долбоордо ошондой туура эмес жазылып, негиз берилип калды. Ошондой эле жаңыланууну каалабагандар үчүн шылтоо. Курултай институту азыркы Конституцияда да бар. Анын мыйзамын 10 жылдан бери кабыл албай, парламент каршы болуп келген. Алар азыр дагы каршы болуп жатат.

– Баса, бул Конституцияга батышчыл көз караштагы саясатчылар гана каршы чыгып жатабы, же Садыр Жапаров курултайчыларга басым коюп, мурунку президенттердин жолун жолдоп, Конституцияны алмаштыруунун айласын көрүп жатабы?

– Экөө тең бар. Курултай институту боюнча Садыр Жапаровдун оюн мүмкүн долбоордун авторлору долбоорго туура эмес жазып коюшу мүмкүн. Муну оңдосо болот. Бирок, батышчыл көз караштагы саясатчылар буга ачыктан-ачык жалпы каршы чыгышты. Демек, курултай институтун да эгемендиктин ээси болгон эл чечиш керек, референдумга коюлушу керек. Мен ишенем, 70-80 пайыз эл колдойт. Бишкекте жашаган “киргиздер” менен Батыштан каржыланган партия, уюмдар аны чечпейт.

– Айрымдар “Конституция алмашканы менен жашоо өзгөрбөйт” деген пикирлерин айта башташты го? Жаңы Конституция жакшы жашоого багыт алдырбайбы?

– Ар бир адам өз жашоосунда жандүйнөсүнө революция жасап, өзү өзгөртүүсү керек. Пайгамбарыбыз да айткан, “оболу инсан өзү өзгөрүлмөйүнчө, Алла Таала аны өзгөртпөйт” деп. Тилекке каршы, бийликке нааразы болуп революцияга чыккан элибиз, өзүнүн жандүйнөсүн өзгөртүү революциясын кылбай жатпайбы?! Ошол жандүйнө революциясын жасай турган мезгил келди! Садыр Жапаров элге референдумга жаңы Конституциянын долбоорун эмес, ошол элибиз түшүнгөндөй төрт эле суроону коюшу керек:
1. Азыркы аракеттеги Конституциянын жаңыланышын колдойсузбу?
2. Башкаруунун кайсы түрүн колдойсуз?
3. Депутаттар түз, тике конкреттүү региондун өкүлү болушун каалайсызбы же партиянын өкүлү болушун каалайсызбы?
4. Президенттен тартып айыл өкмөт башчысына чейин жыл сайын аткарган иши боюнча элдик курултайларда отчёт беришин каалайсызбы?
Мына ушул төрт суроого акчага сатылбай, терең ойлонуп жооп берген адам өз келечегине өзү жооп берген болот.

– Неге бул Конституция Бакиевдин заманын эске салат? Көпчүлүк муну “Бакиевдин жетпей калган максатын ишке ашыруу үчүн жазылды” деп жатышат го? Эгер курултайчылар жазганы чын болсо, Бакиевдерге ыктап жазышканбы?

– Бакиевдин мезгилинде конституциялык реформа боюнча 2005-2007-жылдары катуу саясый күрөш жүргөн. Бакиев “башкаруунун үч түрү боюнча долбоор жазгыла, элге салам” деп 2006-жылы мени баш кылып жумушчу топ да түзгөн. Парламентте болсо оппозиция бир Конституция (ноябрь), бийлик дагы бир Конституция (декабрь) алдырганга жетишкен. Анан Бакиев тар чөйрөдө азыркыдай эч кимге белгисиз адамдарга долбоор даярдатып, аны 2007-жылдын аягында референдум аркылуу кабыл алдырып алган. Ошон үчүн Жапаровдун оппоненттери аны “Бакиевчил” деп сындап жатышат. Бирок ошол сынчылар деле Акаевдин акыркы 2003-жылкы Конституциясын тар чөйрөдө даярдап, кабыл алдырышкан. Ал үчүн «эмгек сиңирген юрист» наамын алышкан. Ал эми Жапаровдун белгисиз, тар чөйрөдө Конституциянын долбоорун даярдатып, “референдумга чыгарам” дегени – Акаевдик, Бакиевдик, Убактылуу өкмөттүк, Атамбаевдик жол! “Сен жаңы жолду танда!” деп мен деле сындадым. Анткени, Конституция – ким бийликке келген президенттердики же алардын менчиги эмес! Конституция – жалпы элдики, аны менен жалпы эл жашайт, мамлекет иштейт. Ал эми президент – убактылуу келип кете турган кызмат. Тилекке каршы, ар бир президент Конституцияны өзүнүкү кылганы үчүн өздөрү кеткенде Конституциясы да “кетип” жатпайбы…

– Текебаевдин мандаты Конституцияга каршы чыкканы үчүн алындыбы, же ич ара кармаш күч алдыбы?

– Негизи, партиялык тизме боюнча кезек улам кийинкиге берилет. Кайра башынан берилбейт. Текебаев экинчи жолу мандат алганда, “кезек экинчи ирет жетиптирби?” деп таңгалып, “партиялык-мафиялык өлкөлөрдө боло береби?” деп жооп бергем…

Булак: “Азия ньюс”

Айбар Султангазиев: “Алты миң адам ВИЧке кабылмак”

Республикалык СПИД борборунун маалыматына таянсак, 1996-жылдан бери Кыргызстанда 10173 адам айыкпас дарт менен катталган. Алардын 64 пайызын эркектер, 36 пайызын аялдар түзөт. Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиевге кайрылдык.

– Бир жылдан бери “COVID-19” деп атып, көп ооруларды эстен чыгардык. СПИД боюнча учурда Кыргызстанда абал кандай?

– ВИЧ боюнча жыл сайын 600-700 жаңы адамдар катталат. СПИД борборунун статистикасына таянсак, 10 миңден ашык адам бар. Мурунку жылдарда жалаң баңгизат пайдаланган адамдар көп катталчу. Акыркы 3-4 жылдан бери 70%ы жыныстык жол менен жугуп жатат. Биздин миграцияда жүргөндөр, бул жакта оору жугузганын билбегендер бири-бирине жайылтышат. Адамдар дартка чалдыкканын билбей жүрүп ооруканага барганда, аялдар кош бойлуулук боюнча каттоого турганда гана дарт бар экени билинет. Болбосо, симптомдору жок, ага чейин билинбейт.
Биздин мамлекет башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы иш алып барууда. Биздин аракетибиз менен бирге СПИД менен күрөшүү үчүн жакшы каражат бөлүнүп жатат. Жылына дары алууга 63 млн. сом бөлүнөт. Учурда 4 миңден ашык адам дарыланууда. Ошонун жарымын мамлекет камсыздаса, жарымын глобалдык фонддон үч жылдык келишим менен грант алабыз. Улуттук СПИД борборунун жана биздин аракетибиз менен дарыларды арзан алып жатабыз. Бир айлык курс 7 доллар турат. Башка мамлекеттерде бул дарылар он эсе, жүз эсе кымбат. Дүйнө жүзү боюнча бул эң жакшы дарылар.

– Мындай дарылануу кандай жыйынтык берүүдө, же өлүмдөр да көп кездешүүдөбү?

– Убагында дары ичип, дарыланып турса, өлүм болбойт. Убагында дарыланбай, кайрылбай койсо, ошолордун арасында сөзсүз өлүм болот. Бир чети эпидемия акырындап өсүп жатканы байкалууда. Бирок СПИД борборунун, дарыгерлердин аракети болбосо, илдет он эсе көп өсмөк. 600 адамдын ордуна жыл сайын алты миң адамдан чыкмак. Дарылануу, профилактикалык программанын көмөгү чоң болууда.

Ачылбай калган байчечекейлер

Ош облусунда көптөгөн бейкүнөө бөбөктөр ВИЧке чалдыкканы тууралуу маалыматыбыз бар. 1200дөн ашууун адам ВИЧке чалдыккан болсо, анын ичинен 400гө жакынын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Ошто ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдардын өздөрүнө дарты айтыла баштаганы интернет булактарына жарыяланды. Анткени оору жуккан балдардын алды бой жетип барат. Алардын үй-бүлө күтүп, жубай тандоосу ар бир энени ойго салып келет. Дарыгерлер турмуш куруу маселеси пайда болгондон бери бул илдеттин жайылуусун азайтуу үчүн ВИЧ илдеттүү жаштарды тагдырлаш адамдарга баш кошууга чакырып жатышат. Ушу тапта ВИЧке кабылган 23 жаштагы жигит жогорку окуу жайды аяктап, үйлөнөйүн деп, бирок өзүнө тагдырлаш кызды жолуктура албай кыйналууда. Анткени мындай адамдар тагдырлашына жолукса, бири-бирин кемсинтпей, туура түшүнүп, үй-бүлөсү бекемирээк болот го деген үмүт бар. А канчасы жалгыздыкта ачылбай калган байчечекейлердей күңүрт жашоодо күн кечиришет…

ВИЧке кабылуу бир адамдын эмес, бир үй-бүлөгө, жакын адамдарына да бүлүк салат. Ар бир күнү дары менен жашоо, коомдон кысынып жашоо азабы бар.
Жакынкы жылдары бир үй-бүлөдө болгон кайгылуу окуяны окуганым бар. Анда эне байкуш ал окуяны төмөндөгүдөй эскерет.

“Улуу кызымдын сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси келип, кызыма сөйкө салып кетишкен болчу. Бир күнү “кызың да ВИЧ менен оорушу мүмкүн” деп кызымды текшертпестен салган сөйкөсүн чечип кетишти. Ансыз деле жалгыз бой, азаптуу турмушта жашаган мага кудалардын бул кадамы өтө эле оор тийди. Бир баламдын азаптуу тагдыры экинчи балама таасир этип жатканына ызаланып, жанымды коёрго жер таппай келем. Уулум менен сүйлөшүп отуруп калганда, ал чоңойгондо аскер кызматкери болгусу келерин айтат. Бейкапар баламдын мындай чоң максаттары аткарылбай каларын эстегенде, куйкаланып, дагы канча күндүк өмүрү калганын ойлоп санаа тартам…” дейт. Энеге мындан өткөн кайгы барбы? Азап барбы? Кыздын эртеңи, уулдун эртеңи туман…
Тирүүлүккө, жарык дүйнөгө эмнеге келдик? Ушундай азапты тартуугабы? Алдын алуу, сактануу, билимдүү болуу, акыл калчап иш жасоо көп нерседен сактайт. Сак бололу!

СПИД оорусунун жугуу жолдору кайсылар?

ВИЧ – бул адамдын иммунодефицит вирусу. Ал адамга кан аркылуу баңгизаттарды колдонууда, жыныстык катнашта жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондой эле дартка чалдыккан энеден балага гана жугушу мүмкүн. Учурда ВИЧ инфекциясына жаш өспүрүмдөр көп чалдыгууда.

Оорунун негизги белгилери?

Оорунун белгилерин бир гана жол менен аныктоого болот. Ал үчүн алгач атайын борборго барып, кан тапшыруу керектелет. Ооруну сыртынан же кандайдыр бир белгилер аркылуу билүүгө мүмкүн эмес. Алгач адамга жукканда айлап, жылдап да белгисин билдирбей жүрө берүүсү мүмкүн. Бирок, вирус жуккандан кийин ал түрдүү ооруларга жол ачат. Мисалы, тез-тез сасык тумоого чалдыгып, же ар кандай оорулар менен ооруй берсе, анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүп коюшу шарт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс” 

“Өлкөбүз артка кетти. Кадр саясатында башаламандык уланууда”

“Төңкөрүштүн шары менен бир топ жогорку кызматтарга “адашкандар” келип алышканы оркоюп көрүнүүдө. Көчөдө жана соцтармакта кыйкыргандардын заманы келгени ушулбу? Кадрлар иштей албай атышса кантип өнүгөбүз? Бул жагынан ырааттуу саясат жүргүзсө болот беле?” деген собол салдык.

Эмил Токтошев, ЖК депутаты:

– Кандай гана мамлекеттик кызмат болбосун профессионалдар келмейин иш алдыга жылбайт. Соцтармактарда отуруп алып сындап, акыл айткан башка, ал эми чындап системаны ичинен көргөн, тажрыйба алган адистердин жасаганы бөлөк да. Биз жасаган иштерине көңүл бурбай, соцтармакта кооз жазылган сөздөрүнө ишенип алып атабыз. Мамлекеттик кызматтарды экспериментке берип, “иштеп көрсүн” деген болбойт! Бизде убакыт жок. Күндөн-күнгө сазга батып бара жатабыз. Сөзсүз катуу талаптар болуш керек: иш стажы, адистиги, коомдук жасаган иштери, жашы, мамлекеттик тилди билүүсү ж.б. Кадрдык башаламандык акыры келип ар кимдин өзүнүн башына тийген муш болуп атканын көрүп-билип туруп, кайра эле ошол каталарды кетирип атышат.

Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер:

– Биздин өлкөдө ушуну менен 3-революция болду деп айталы. Оңолбойт окшойбуз. Анткени, баягы эле сапатсыз адамдарды бийликке алып келип иштетебиз. Бирок, билими, тажрыйбасы жоктор кантип иштейт? Кантип мамлекетти алдыга жылдырабыз? Ушул маселелер абдан орчундуу болууда. Биздин жетекчилик кызматтарга ар кайсы адамдардын сунушу менен жакшы тарыхы жок адамдар келип атышат. Айрымдары криминалга малынган, кээ бирлери мурунку коррупционерлер дегендей… А кээ бирлери жумушту аркалап кете албай куулуп кеткендер кайра эле ошол жумушка келип атышат. Ошолордун баарын эл көрүп атат да, демек, алардан иренжип, “баягылар эле бир жерди айланчыктап жүрүшөт. Булар бизди жыргатпайт” деп үмүттөрү өчүп бараткансыйт.

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

– Бизде 30 жылдан бери мамлекеттик кадр маселеси, кадр саясаты оң жолго коюлуп, туруктуу иштеп кете алган жок. Негизи мамлекеттик кадр саясаты – бул илимий, атайын институт катары өзүнчө стратегиясы, концепциясы жазылган система болуш керек. Ар бир кызматка билимдүү, профессионалдуу кадрларды алып келүү, аларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча ар кандай шарттарды түзүш керек болчу. Мыйзам катары ал институттар ыплас, коррупцияга малынган, же ишти жөндөп кете албаган адамдарга жол бербеген система болуусу шарт. Тилекке каршы, бизде мындай иштер жүргүзүлгөн жок. Көбүнчө баардык жерде адамдан көз каранды болгон система түзүлүп калган. Ал жерге кайсы адам келсе, анын көз карашына карата иш жүргүзүлөт. Эгерде ал адам иштегенди билбесе, жакындарын апкелип, ошол системага отургузуп, ал жерди чириткенге шарт түзүлүп калган. Ошондуктан бизде буга чейинки революцияларда оппозиция өзүнүн тарапташтарын апкелип, аларды колдогон адамдарга ар кандай кызматтарды берген жаман салтка айланып кеткен. Президент дагы башкаруу бийлик бутактарына өзүнүн адамдарын коюп келет. Адистигин караган жок. Билсе да, билбесе да баары бир. Ушундай маданият орноп калды. Биз ошондой жаман үлгү менен инерция сымал кетип атабыз. Ушундан улам биздин өлкөдө башаламандык орноодо. Негизи мындай көрүнүш мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө чоң жолтоо болуп атат.

Анарбек Усупбаев, “Манас ордо” коомдук фонддун жетекчиси:

– Биздин мамлекет эгемендик алып, Аскар Акаев келгенден баштап оңолгон жокпуз. Эмнеликтен? Ошол эле кадр маселесинин айынан. Кадрлардын баары ууру-кески болуп чыкпадыбы. “Мен-мен” деген лөктөр Кумтөрдү талап-тоноп баштагандан кийин берки чабактар “а эмнеге бизге болбосун?” дешип, коррупцияга белчесинен батышты. Кадрлардын көбү билимсиз. Өздөрүнүн ким экенин билбейт. Эптеп бир окуу жайдын дипломун пара берип алып койгон. Союз учурунда ушундай беле? Ал убакта кадр маселеси – идеологиянын өзөгү болчу. Ар бир кадрды тандоодо, аны өстүрүүдө эң ылдыйкы тепкичтен баштап тажрыйба топтоп, бышып жетилип калганда жогору жакка жылдырчу. Азыр анын бири жок. “Адашкандар” эле келип атат. Өз ишин билбейт. Бир да жолу жетекчилик кызматта иштебегендер бизди башкарышууда. Анан кантип оңолобуз? Даяр оокатка келип алып, кээ бирөө “какап” атат, кээ бирөө “чакап” атат. Өлкөдө кадр маселесин оңдош үчүн парламентаризмди калтырып, президенттикти жоюш керек. Көрүп атпайбызбы, президент келип, айланасына ага-тууган, жээк-жааттарды чогултуп алып, түшпөс ханга айланып атат.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия Ньюс” 

Табылды Акеров: “Бул Башмыйзам Садыр Жапаровду кулатууга багытталгандай...”

– Табылды мырза, жаңы бийлик сунуштаган Конституция талкууга түшөр замат “Бакиевдин юристтери жазган” деген сөз айтыла баштады. Анын чындыгы барбы?

– Конституциянын долбоорун ким жазса да өтө сабатсыз адамдар болгон. Бул адамдар өздөрү жасап жаткан аракеттерине жооп бергиси келбейт. Себеби, Конституцияны жазган адам элден коркпой, жүзүн жашырбай, өзүнүн ким экенин ачык көрсөтүшү керек. Ал эми бул долбоорду жазган адамдар өмүр бою пастыкта, бирөөнүн көзүн карап оокат кылып келаткан, көрсөтмөсүн аткарган, өз көлөкөсүнөн корккон адамдар экени көрүнүп турат. Эгерде бул Конституциянын долбоорун жазган адамдар өз аракеттерине жооп бере алса, анда алар мыкты Конституциянын долбоорун жазып, элинен жашынбай, сыймыктануу менен «Урматтуу элим, мен силерге жаңы Конституциянын долбоорун жаздым. Менимче, мыкты эле жазылды көрүнөт. Аны окуп, талкуу кылып көргүлөчү? Мен баардык мүмкүнчүлүгүмдү, күчүмдү, энергиямды жумшадым. Кем-карчын оңдоп, аны кабыл алып алалы. Бул биздин келечегибизди аныктаган, мыкты документ” деп айта алышмак.
Жаңы жазылган Конституциянын долбоору бизди Акаев, Бакиевдердин мезгилине кайтарып жатат. Өлкө президенттик башкарууга кабылып, аткаруу бийлиги толук бойдон президенттин көзөмөлүндө эле калгандай. Премьер-министрдин жарытылуу дагы ыйгарым укугу жок. Президент өкмөттү, парламентти толук өз бийлигине баш ийдирип, өзү каалагандай башкара тургандыгы байкалууда.

– Эмнеге депутаттар үн катпай жатат?

– Балким, парламент бул Башмыйзам менен атайылап Садыр Жапаровдун бийлигинин кулашын камсыз кылып жатабы, ошон үчүн унчукпай билмексен болуп отурушабы? Ушундай ойго да кептелип жатам…

– Коомчулукта “октябрдагы толкундоолор ушундай Конституцияны жаздыруу, ушундай башаламандыкты алып келүү үчүн болду беле?” деген кептер да көп айтыла баштады го?

– 5-октябрда революция болгон жок. 5-октябрда төңкөрүш болду. Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон 15 саясый партиянын митингге чыкканынан пайдаланып, бийликти үчүнчү тарап басып алды. Коомдун алдыңкы күчтөрүнүн кысымынын негизинде бийлик чала-була болсо да легитимдешкендей болду. Бирок, бийликти толук бойдон бир колго топтоо, узурпациялоо уланып жатат.

Булак: “Азия ньюс”

Жээнбековду туулган күнү менен куттуктаган Исаевден үлгү алалы

16-ноябрда Сооронбай Жээнбеков 62 жашка толду. Президент болуп турса куттуктаганы барган чоңдор каз-катар тизилишип, кошоматтыктын жогорку “дымагын” көрсөтүшмөк. Бул саам андай болбоду. Кечээги саясаттагы достору, командасындагы “көрүнүктүүлөр” жылуу сөз айтканга жарашпаптыр. Баары Садыр Жапаровго шыйпаңдашып, сөөк аңдыган иттердей эле сагалап кетишкен да. Мындай жагдайда президенттикке талапкер Канатбек Исаев бийиктигин көрсөтүп, Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктап барды. Оомал-төкмөл жашоодогу баалуулуктун маңызы адамгерчиликте, жигиттик туруктуулукта, тунук акыл-эсте эмеспи. Дал ушул жогорку үлгүнү Канат мырза далилдеп, ээрден оогон Жээнбековдун көңүлүн көтөрүп, көсөмдүгүн көрсөттү. Мындай көрүнүштөн саясый элитабыз сабак алышы парз.

Эске салсак, өткөн парламенттик шайлоодо, төңкөрүшкө чейин эле эски бийлик “Кыргызстан” партиясынын ондогон тарапташтарын кызганычтан улам камакка алганы, куугунтук көрсөткөнү маалым. Душманындай эле кысым жасашканы факт. Бирок, Канатбек Исаев алардын баарын кечирип, Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетип атканда колдоо көрсөтүп, жөлөп-таяды, эми болсо туулган күнүндө кубаныч тартуулады. Эң башкысы, жылуу эле сөз да…

Булак: “Aryba.kg”

Жамбыл Камчиев: “Доллар ерунда! Жер-жерлерге банк ачабыз”

– Жамбыл аке, талапкерлигиңизди койдуңуз дейли, эл оозунда элек жок эмеспи. “Ушу Жамбыл эмнени кыйратып ийет экен?” дегендер да жок эмес. Кепти ушундан баштайлы?..

– Эгер мен бийликке келип калсам, эң ириде 1993-жылкы Конституцияны кайтарып апкелем. Ошондо 1994-1995-жылдан берки бүт эл аралык келишимдер жокко чыгат. Кумтөрдү 100% Кыргызстанга иштетем.

– Кумтөрдө кыйраткан деле алтын калбаганын айтып атышат го?

– 1 кило алтын болсо да күрөшөбүз!

– Коррупцияны эмне кыласыз?

– Мамлекеттик кызматта иштегендин баардыгы, мектеп босогосунан премьер-министрге чейин конкурстун негизинде жумушка алынат.

– Биздин мамлекеттик түзүлүш президенттик башкарууга өтөбү же?

– Президенттик башкаруу деп айта албайм. Сунуш киргизет элем, 1993-жылкы Башмыйзам боюнча 105 депутат бир мандаттуу, можаритардык система боюнча келет. Ошолор Башмыйзамды өзгөртүүнү каалашса жаңысын алып чыгышат да. Партиялык тизме менен келгендер Конституцияны өзгөрткөнгө эч кандай акысы жок, укугу да жок.

– Кытайдын карызын кантебиз?

– 1994-жылы 21-ноябрда конституционный совещание болгон, Акаев өткөргөн. Аны колдогон 157 адамдын кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлкүн конфискация кылып, мамлекетке өткөрүп, мамлекет аларды сатып, Кытайдын карызына төлөйт. Кен байлыктын баары мамлекеттики болот. Эч качан жеке менчикке өтпөйт.

– Доллардын баасы көтөрүлүп кетти, муну эмне кылабыз?

– Доллар ерунда! Жер-жерлерге банк ачабыз. Бир триллион сом акча чыгарып туруп, ар бир айыл өкмөттө банк болот. Жеке менчик банктар жок болот. Безпроценттный акчаларды таркатат. Доллардын курсун кармап туруш үчүн ар бир адамга 12 кв/метр жана 6 сотых участоктон ашырбай, андан ашканына салык салынат. Ошону менен сомдун курсу бир орунда “былк” этпей турат.

– Жанагы “Глобус”, “Народный”, “Фрунзе” дүкөндөрү эмне болот?

– 250 кв/метрден ашкандарына салык салынат…

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Бийлик эсине келбесе, Кыргызстан Армениядан жаман абалга кептелет!

Азербайжан президенти Ильхам Алиев бийликке жаңы келгенде “армяндар басып алган Карабакты кайтарып алабыз” деп элине убада кылган. Жеринен ажыраган азербайжандар үчүн 90-жылдар каран түшкөн мезгил эле. Согуштан кийин эл арып-ачып турган. Ал бийликке келгенден бери өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүп, бай мамлекетке айландырып, 40 күн мурда башталган Карабакты бошотуу операциясы ийгиликке жетишип, патриот президент Ильхам Алиев берген убадасына туруп, элдин ишеничин актады.

Армения болсо жеңилди. Ызаланган армяндар парламенттин, өкмөттүн имаратына киришип, төрагасын сабап, ызы-чуу, тополоң болуп, оппозициячыл партиялар бийликти кулатууну көздөп жатышат. Кандай болгон күндө да Армениянын жеңилиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, бул согушка алар даяр эмес болгон. Азыркы учурдагы Армения Кыргызстан сыяктуу эле ыңырчагы ырдап, керегеси кердеген кембагал, жарды өлкө. Алкы бузук коррупционерлердин айынан экономикасы оңолбогон өлкөдөгү өпчап турмушка нааразы болгон бир топ армян парламентине кирип барып спикер, премьер-министрине кошуп он чакты депутатын ит аткандай атып салышкан. 2003-жылы өткөн президенттик шайлоодо “добуштар фальсификация болду” деп эл нааразы болуп митингге чыгып, анда ондон ашык демонстрант өлүп, жүздөгөн кишилер жаракат алган. Ушул кылмышы жана башка коррупциялык иштери үчүн экс-президент Р.Кочарян камакка алынып, отуруп чыккан. Андан кийинки президент С.Саргсянга да эл нааразы болуп, кууп кетирген. Армениянын президенттеринин бири да элдин ишеничин актаган эмес.

Армениянын калкынын теңинен көбү жумушсуздуктун айынан эмгек мигранты болуп өлкөдөн чыгып кеткен. Өлкөнүн тышкы карызы 5.5 миллиард АКШ долларын түзөт. Көмүскө экономика гүлдөп өнүккөн, коррупция андан бешбетер чайлап-коолап, чырмооктой басып кеткен.

Согушта жараланып, алсыраган Армения чоң саясый, социалдык-экономикалык, гуманитардык кризиске кабылды. Бул жеңилүү үчүн 2018-жылы көчө демократиясынын шарданы менен өкмөт башына келген батышчыл саясатчы Н.Пашинянды күнөөлөгөндөр да бар. Чындыгында Армениянын трагедиясына 30 жылдан бери казынаны уурдаган коррупционерлер, олигархтар, мафия, уурулар, криминалдар күнөөлүү. Себеби, бийлик менен криминал жуурулушуп кеткен Арменияда өнүгүү болбой эле экономикалык кризистен башы чыккан жок. Коррупциялашкан бийлиги армиясына кам көрбөсө, жаңы курал менен жабдыбаса, эски беш атар менен куралданган армян аскери азербайжандын заманбап армиясына, “акылдуу” дрондоруна эч качан каршы тура алмак эмес.

Ачуу чындыкты моюнга алышыбыз керек, Кыргызстандагы саясый-экономикалык, социалдык абал Армениядагыдай эле. Элин, жерин саткан ар-намысы жок президенттердин айынан Кыргызстанда да баласы атасынан ашкан коррупционерлердин династиялары пайда болуп, көмүскө экономика гүлдөп, бажы, салык, сот системасы чирип бүткөн. Энергетикада “Ширшовдун схемасы” дагы деле иштеп жатат. Каржысы донорлор берген жардамдын эсебинен кармалып турат. Тышкы карызы 5 миллиарддан ашып кеткен, Кытай болсо “берген карызымды кайтар” деп коколоодо. Бюджеттин таңкыстыгы 35 миллиард сомдон ашык. Тамак-аш азыктары күндөн-күнгө кымбаттап, инфляция болуп, карапайым эл аны жонтериси менен сезип жатат. Пандемия күндөн-күнгө күчөп, өлкөнү каптады, эпидемиологиялык абал өтө оор.

Эгер бийлик эсине келип, тез аранын ичинде стабилдүүлүктү камсыз кыла албаса, экономикада, каржы системасында чечкиндүү кадамдарды жасай албаса, коррупционерлер, олигархтар, криминалдардын жазасын бербей, алар менен коюн-колтук алышып, ушундай темп менен жүрө турган болсо, эл нааразы болуп, кайрадан көчөгө чыгып, башаламандыктар болушу мүмкүн. Себеби, эл андай адилетсиз, эки жүздүү бийликке жол бербейт. Укуктук талаадан чыгып кеткен Кыргызстан ошондо цивилизациялуу өлкөлөрдүн катарынан кетип, мамлекеттүүлүгүн согушу жок, сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүз эле, өзүнөн өзү жоготуп алуу коркунучу Дамокл кылычындай башыбызда салаңдап турганын жакшы аңдай албай жатабыз.

Аскар Медетов

Булак: “Азия ньюс”

Каныбек Осмоналиев: “Конституциялык реформадан кийин парламенттик шайлоого баралы”

– Каныбек агай, Фейсбуктагы баракчаңызга “эски башкаруу системасын сактоону эңсегендер жаналакетке түшүп жатышат. Бул өтө коркунучтуу оюн! Элдин мүдөсүн угуп коюңуздар” деп неге жаздыңыз?

– 5-6-октябрдагы жалпы элдик тополоң эмнеден келип чыкты эле? Ушул абалды унутпасак болот эле. Супер президент болуп алган экс-президент шайлоону каалашынча майкандап, өзүнө баш үйүртмө кылып алган үч партияга дароо эле 100дөн ашык депутаттык мандатты ыйгарып алды го? Анан жаны ачышкан эл көчөгө чыкты. Негизги талап – бийликчилдердин митайымдык менен тоноп алган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болду. Катуу турушту. Элге карай ок атып кутура башташканда, жаалданган эл мурдагы мүдөөсүн башкача кылып көтөрдү. Натыйжада, президенттин жоголушун талап кылышып, башкаруу бийлигин өзгөртүүнү айта башташты. Акыры жек көрүндү бийликти дыргаяктатып кууп салышты. Дагы нысап берип, коррупцияны жактап туруп алган төбөлдөрдү аяп коюшту. Катуу жазалашкан жок. Ошого дагы каниет кылбай, эскилер жең ичинен интрига кыла башташты. Ушул абалды көрүп туруп, анан кантип унчукпай коё аласың? Мурдагы бийлигин эңсеп кайрадан баш көтөрө башташты. Ар кандай чала саясатчыларды азыркы бийликке каршы тукуруп жатышат. Ушул коркунучтуу жол экендигин айтып жатам. Алар үчүн конституциялык реформа кылып туруп, бийликти элге кайтарып берүү өлүм менен барабар. Ошондуктан, жаналакетке түшүп, каршылыктын баардык формаларын колдонуп киришти. Расмий бийлик бул жагына катуу көңүл буруп, элдин бийлигин коргоп калуусу абзел! Мен жогоруда айткан элдин мүдөөсү – бул жаңы бийлик формасы болуп эсептелет.

– Айтканыңызга ынаналы, бирок жаңы бийликтин конституциялык реформасынан да чочулаган саясатчылар чекеден чыгып жатат го?

– “Шайлоолорду мурдагыдай эле өткөрө салалы” дегендер негизинен кимдер? Алар өткөндөгү БШК тарабынан жараксыз болуп таанылган шайлоонун “күжүрмөн жоокерлери”. Алар адамдык абийирди төгүп коюшуп, партиялык тизмелерди түзүүдө эбегейсиз акчаларды пара катары алышкан уятсыз коррупционер-уурулар. Эми “шайлоо жараксыз” деп табылгандан кийин алган акчаларын ээлерине кайтаруу керек да? Кулкунга кирип кеткен “пулдарды” эми кайдан таап беришет? Бир гана жол – тезинен кайра шайлоо өткөртө коюп кутулуу. Аларга парламентаризмдин баалуулугу дагы, элдин тагдыры дагы бир тыйын! Эптеп карыздан кутулушса болду. Ошондой жол менен эптеп парламентке өтө коюшса, кайрадан жыргал замандары баштала тургандыгын күнү-түнү эңсеп жатышат. Анүстүнө бийликти кысып, соодалашып, өздөрүнүн кара ниет кылмыштарын андан ары улантууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондуктан, конституциялык реформаны мыктылап жасап алып туруп, анан жаңы парламентти кураганыбыз эле оң болуп турат.

Булак: “Азия ньюс”

Коррупцияга белчеден баттык, кантип тазаланаар экенбиз?

“Жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери жемишин береби? Же пиар, популизмдин деңгээлинде калабы?” деген суроо салдык. Чынында эле бир караганда коррупция менен болгон күрөш башталгансыйт. Же бул жөн эле көзгө көрүнгөн маскарапозчулукпу?..

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты:

– Бүгүнкү күнү бийлик “коррупция менен күрөшүп атабыз, учурда коррупция менен шектелген иштердин айыбын ачып, акча каражатын мамлекетке түшүрдүк” деп атат. Бирок, мунун баарын ачыкка чыгарып, “мамлекетибиздин карызына момунча акча которулду. Бюджетке тигинче акча түштү” деп кандайдыр бир сумманы айтканда гана бийликтин иштеп атканы билинет. Ооба, мунун канчасы чын, канчасы шоу экенин азырынча айтуу кыйын. Бирок, ал каражаттар чын эле коррупционерлерден өндүрүлдүбү же мындай эле айтып коюштубу? Албетте, булар жаңы эле ишке кирише башташты. Бир ай, же болбосо президенттик шайлоо башталгыча чындыгында ушундай иштерди алпарып, мамлекетке бир чоң пайда кылса, алдыда келаткан президенттик шайлоодо элдин ишенимине күмөн жаратпайт эле. Эгерде бул иш жөн гана сөз менен болуп, популизмге ыкталган болсо, шайлоодо алар үчүн чоң минус экени айныксыз!

Акбөкөн Таштанбеков, коомдук ишмер:

– Системалык коррупцияны демонтаж кылыш керек! Тамырын, топурагын (почвасын) жок кылыш керек! Эми көрөбүз эсепке канча миллиард түшкөнүн, ошондо баа берсе болот. Башы жаман эмес. Эмнеге жаман эмес? Анткени, эгемендик алгандан берки бийликтегилердин коррупция менен ушундай ыкмада күрөшкөнүн элибиз билбейт. Албетте, мындай ыкма бүткүл дүйнө жүзүндөгү кээ бир мамлекеттерде колдонулуп, аябагандай чоң эффект бергенин билет элек. Бирок, биз кыргызбыз, аны да эстен чыгарбоо керек деп ойлойм.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс” 

Бектур Асанов: “Президенттик күрөшкө аттангандан кийин орто жолдон ойт бербейм"

Саясатчы Бектур Асанов президенттикке талапкерлигин койду. Эр ортону элүү жашты багынтып, иштесе ишке тойбой турган чагы экен. Алдыга койгон жакшы максаттарына учкай токтолду. Баарын эле айтып-жайып отуруп калбай, иш жүзүндө көрсөтөрүн, сөзгө туруктуулугун айта отурду.

– Бектур мырза, президенттикке талапкерлигиңди коюп атыпсың, бул жөн жерден эмес болсо керек?

– Сөзсүз түрдө жөн жерден эмес. Муну айтып коюшум шарт. Саясатта 30 жылдан бери аралашып келатам. Ысыгын да, суугун, андан да катаал нерселерин көрдүм. Студент кезимде эле Кыргызстандын жүргүзүп аткан саясаты көңүл чордонумда эле. Ал эми официалдуу түрдө саясатка аралашканыма 20 жылдан ашты. Ушунча жылдардан бери илим, билим, тажрыйбанын баарын эске алып, президенттик шайлоого өз талапкерлигимди коюп атам. Себеби, зериккендин оокаты эмес, баардык жагынан баралыма келип турган убак. 51 жаш – жаш бала эмес, улгайып, алдан-күчтөн тайыганды айтпай тек коёлу, мамлекет үчүн, эл-жер үчүн жан аябастан кызмат кыла турган мезгил. Ошондой эле терең ойлонуп, ага-тууган, жээк-жат, дос, пикирлештердин кеп-кеңеши менен коюп атам.

– Шайлоонун шайтан оюндары болот эмеспи, аягына чейин барасыңбы же орто жолдон чыга кетмей болобу?

– Далай жолу шайлоонун шайтан оюндарын көрдүк, анын аягы жакшылыкка алып келбесине көзүбүз жетти. Өзүңүз билесиз, менин андай жаман ойт берме жагым жок экенин. Табиятымдан сөзгө турбоо, айнып кетүү, интригага берилүү жагы жок, түз жүрөм. Ал жагынан кабатырланбай эле коюшса болот. Шайлоонун аягына чейин барам.

– Канчалык шансың бар?

– Шайлоодо канчалык шансым бар экенин эл аныктайт. Биз колдон келишинче аракетибизди жасайбыз. Эң негизги максатыбыз – идеяларыбызды, максатыбызды, ойлорубузду элге жеткирип, болушунча элди ынандыруу. Буюрса, баары жакшы, өз нугунда болоруна терең ишенем.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Меню