Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

Ташболот Балтабаев: “Эч нерсеге жооп бербеген бийлик системасынан эл жадап бүттү”

– Ташболот агай, эмнеге кыргыз саясатчыларынын көпчүлүгү президенттик тактыны эңсешет? Бу жолу президентти кандай критерийде тандашыбыз керек?

– Кыргызда креслого жеткен мода, же болбосо даражалуу кызматтын креслосу чоң акчага жол ачат окшойт. Ошон үчүн кыргыз саясатчыларынын көпчүлүгү президент болууну самашат. Ошондой болсо да бу сапар президентти сүйлөгөн сөзүнө эмес, жасаган ишине карата тандообуз керек. Алтургай жети атасына чейин иликтеп чыгуу да ашыкча болбойт.

– Жаңы бийликке келгендер конституциялык реформанын зарылчылыгын айтса, айрым саясатчылар “конституциялык реформаны шашпай жасоо керек” деген пикирде. Негизи Кыргызстанга конституциялык реформа керекпи?

– Албетте керек. Жолго ат менен чыксаң, атың жакшы болуп, ээр токумдар туура отурушу керек. Антпесе, начар ат тез эле ташыркап, чарчап калат. Ээр токумдар туура отурбаса, атты жоор кылат. Муну ар бир адам билет. Тилекке каршы, “кесипкөй саясатчымын” деген адамдар да “Конституцияны өзгөртпөй эле жакшы адамды бийликке отургузсак, оңолуп кетебиз” деп ойлошот. А мен андай пикирге кошула албайм. Конституция бул – пайдубал. Начар пайдубалга алтын кирпичтен койсоң да дубал көпкө чыдабай урайт.

– Каныбек Иманалиев “депутаттардын Конституцияны өзгөрткөнгө моралдык дагы, юридикалык дагы укугу жок” деди го?

– Бүгүн кырдаал форс-мажор абалда турат. Негизи парламенттен башка орган референдум жарыялаганга укугу жок. Парламенттин мөөнөтү да өтүп баратат. Кыскасы, кыйчалыш кырдаалга туш келдик. Эми эмгек сиңирген юристтер ушул вариантты табышыптыр. Кабыл албастан башка айла жок.

– Мүмкүн абалга шылтабай, мамлекеттик башкаруунун жолун тандап алып, жоопкерчиликти бир адамга жүктөгөнүбүз туурадыр…

– Албетте, жоопкерчиликти бир адамга жүктөгөн туура болот. Антпесе жеп-ичип, эчтекеге жооп бербеген бийлик системасынан эл жадап бүттү. Бирок, диктатура болуп калбайбы? Ушундай маселе да бар. Себеби, кыргыздын бийликте турган адамга жагынмай адатын тез арада жоготуу мүмкүн эмес.

Булак: “Азия ньюс” 

Сабыр Мукамбетов: “Текебаев түрмөдө бүрүшүп жатканда ооруканага чыгарткам”

– Сабыке, досуң Өмүрбек Текебаев кызын турмушка узатыптыр. Кандай тойлодуңар?

– Ээ Суке, мен барган жокмун. Чакырган жок. Соцтармактан окудум.

– Кандайча барбайсың? Отуз жыл дос болуп жүрсөңөр, анан сени чакырбай койдубу? Же Турсунбек Акунча чукулабаган жердин баарын ойдуң беле?..

– Ой, жок. Андай чуу чыкса окуйт элең го? Баягы “карышкыр кой-эчкилер менен дос болмок беле?” деп тамашалап жүргөнүңөр чын окшойт… “Дурайынды” керек болсо түрмөдө бүрүшүп жатканда ооруканага чыгарткам. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдон сурасаңар айтып берет…

– Деги эмне балээ болду?

– Жаңы досторду тапкандыр. Бирок, ошол жаш шайлоолош командасы да Өмүкени таштап кетишкенин уктум. Менин иним Бакыт Рысбаев эле калыптыр. Элден чыкканы ушулбу?..

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

 

Карганбек Самаков саясый куугунтук көргөн эмес, ал элди сыздаткан...

2015-жылы депутат Карганбек Самаков жер аферасы, коррупция боюнча камакка алынган эле. Ал Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (дыйканчылык тилкелерин үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Дагы жүздөгөн гектар жерлерди ээлеп алууга шектелип, жаңжал чыкканы эсиңердеби? Энчисин жулдуруп жиберген карапайым калк митинг, нааразычылык акциясына чыгышкан. Бакиев доорунда Жаныш менен Карганбек биригип алышып, элдин шоруна калганын кантип танабыз? Аныгында, Самаковдун күнөөлөрү далилденип, соттолгону ырас. Кызыгы, соңку убакта “саясый куугунтук көрдү” деген жарлыкты таңуулашып, жаңы бийликтен жардам сураган шылуундар чыгууда. Эгерде Садыр Жапаров элди сыздаткан Карганбек Самаковдун актатып жиберсе, анда рейтинги түшүп, Чүй боорундагы катмардан кадырын жоготот.

Булак: “Азия ньюс”

Алмамбет Салиевди кимдер издеди? Ал Ошто жашынып жүрүптүр

Мурдагы президенттик аппараттын башчысы Алмамбет Салиев күч органдарына, сот системасына кураторлук кылып, саясый куугунтуктарды жүргүзүүдө тымызын иш алпарып турган. Садыр Жапаров жана башка бир топ саясатчылар жылдап түрмөдөн чыкпай жатпадыбы, демек, кыянаттыкты кырааты менен келтирген эмеспи? Андан сырткары, үч жыл ичинде мыйзамсыз, адилетсиз камакка алууларды Салиев тескеп, башкы “дирижерлукта” ойногонун генералдар, полковниктер айтып атышат. Бул эргулга “мыйзамсыз баюу” беренесин колдонуп, ишмердигин текшерүүгө алышса, бир топ былык иштери чыкчудай. Коррупцияга жана аферага айыпталып, камалып кетиши мүмкүн. Эгерде таза болсо качмак эмес. Андыктан, Алмамбет Салиевди тезинен кармап, камап, мамлекеттен жеп-ичкенин “кустурса” болбойбу? Коомчулук күтүп атат. Же жең ичинен “соодалашып” кетеби? Ансыз да айрым күчтөр издеп атыптыр го? “Караларбы”? Кыскасы, бул шектүү мыйзам алдында жооп бериши зарыл! Ошто жашынып жүргөнүн жакын адамдары эле каңкуулашты.

Булак: “Азия ньюс”

Мамлекетти 30 жылдан бери тоногон чиновниктерди "кустура" алабызбы?

Өлкө президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, мамлекеттин байлыгын менчиктештирип, коррупциялык иштерге аралашкан чиновниктерге кайрылды. Алар сыйы менен жеп-ичкендерин казынага кайтарышпаса, катуу жазалоо болорун да эскертти. Бул демилге ишке ашабы?» деген собол таштадык. Маселе бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп турат.

Турат Акимов, саясый талдоочу:

– Эми буга кошуп туруп, 2-3 кишини реалдуу түрдө катуу кодолоп койсо, маселе ишке ашып калышы мүмкүн. Бирок, бул жерде катуу жазалоо керек. Ходорковскийдей процесстер керек, ошондо эл ишенет. Эгер муну Садыр бир гана пиар катары айтып койсо, анда ишеничтен чыгып, өзү шерменде болуп калат. Аныкталган коррупционерлерди катуу жоопко тартуу абзел. Үч-төрт адамды мисал катары, үлгү катары жүргүзүп кетсе, ишенич пайда болот. Мына ушундай учурда уялгандан болбосо да, корккондон акчасын төгүп, жеп-ичкенинен кутулушка, эптеп-септеп «кусушка» көп эле кишилер аракетин кылышат. Анткени, учурда доор алмашып турган кез. Азыр жаштар бийликке келе баштайт. Эски ууру-кескилерге кечирим жок болот. Бул процесстин баары люстрация, тазалануу жана «Чоң казат» айткандай, 30 жылдык приватизациянын адилеттүүлүк тыянагын чыгаруу кажет. «Акаевден кийин туулдум» же «Бакиевден кийин туулдум» деп биздин келечек муун жылаңач калбаш керек. «Бактыбыз, элибиз, жерибиз жок» деп калып калуу кыргыздын түпкүлүктүү элине жарашпайт. Ошон үчүн мунун баары боло турган иш. Болгону аны иш жүзүнө ашыруу гана калды. Эгерде зор аткарса, баардыгы болот. Кайсы бир себептер менен ой-чабыт башка жакка кетип калса, анда бул бийлик менен демилгелүү маселе ишке ашпай калышы мүмкүн. Бирок, кийинки бийликтер буга албетте барат. Анткени, тышкы карыздарды жапканга каражат табыштын жолу жок калган. Кыргызстан түбөлүк уурулук, коррупциялык мамлекетке айланып, бизге келечекте келүүчү жардамдан да көп аксап калабыз. Андыктан, өз напсибизди өзүбүз тыйбасак, тартипке салбасак, адилеттүүлүктү орнотпосок, мамлекетибиз ыдырап кетиши мүмкүн!

Кубан Чороев, экономика эксперти:

– Кыргыз мамлекетинин практикасында мындай маселе буга чейин болгон эмес. Ошондуктан азыркы күндө бул демилге канчалык негизде өз натыйжасын берерин айтуу кыйын. Бирок, биздин жаңы кылмыш-жаза кодексинде ушундай жолдорго негиз бар. Бул Американын, Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбаларында колдонуп келет. Ушуга катар КМШ мамлекеттеринин ичинен мындай тажрыйба Грузияда да болсо керек. Чынын айтканда, биздин кьшмыш-жаза кодексин реформа кылып атканда гуманизацияга жол издеп, ушундай ыкмаларга кандайдыр бир негиз берүү туура. Мен ойлойм, муну дагы көрсө болот. Мындан мамлекет, коомубуз пайда тапса керек. Албетте, кылмыш жообуна тартылып аткандар ушундай төлөмдөрдү жасап, мамлекетке келтирген зыянды ордуна койсо, аларга да жеңил жол болот. Экинчи жактан, өлкөбүзгө да пайдасы көбүрөөк тиймек. Демек, биз карап көрүшүбүз керек, мүмкүн жакшы натыйжасын берет.

Арзыбек Кожошев, экс-экономика министри:

– Мындай практика дүйнө жүзүнүн кээ бир мамлекеттеринде болгон. Алсак, Малайзия мамлекетине мындан 4-5 жыл мурун премьер-министрлик орунга токсондон ашкан Махатхир Мохамад аксакал келип, ал дагы ошол «жеп-ичкендерге» ушундайча кайрылган. «Жеп-ичкен акчаңарды кайтарып койгула, койбосоңор, аңда катуу жазаңарды көрөсүңөр!» дегенден кийин 2-3 айдын ичинде 50 млрд. доллар топтолгон. Ал жакта шарты кандай болгонун билбейбиз, ал эми бизде айтылган менен ишке ашышы өтө спецификалуу нерсе. Себеби, конкреттүү түрдө кимдерге кайрылды? Асановгобу, Үсөновгобу? Ушундай да. Ошолор өздөрүн билиши керек. Эгерде тизмеси бар болсо, ал кандай таризде түзүлгөн? Бул жагы көп суроо туудурат. Бирок, муну ошол тизмени алып туруп, «Баланчаев, Түкүнчөев, силердин чогулткан байлыгыңардын изин таптык» десе, анда башка маселе болушу мүмкүн. Анткен менен ар бир адамдын жеке менчиги, кол тийбес кепилдиги бар. Ошон үчүн айтылгандан кийин кандайдыр бир механизмдерин иштеп чыгуу кажет. Ал механизмдер кандай натыйжа берип баштайт? Мына ошондон кийин гана коомчулук өз баасын берет деген ойдомун.

Булак: “Азия ньюс”

"Коомчулук тарабынан катуу сынга алынган кадрлар кызматтарга дайындалууда"

“Учурдагы кадрдык дайындоолорго сын пикир күчөп баратат. Кандай оркойгон кемчиликтерди көрүп атасыз? Мисалы, кимдердин кызматка келүүсүнө каршысыз? деген собол таштадык.

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

– Бүгүнкү күндө Кыргызстан өтө кыйын, өтө татаал кырдаалда жашап жатат. 5-октябрда болгон окуядан кийин ар кайсы партиядан түзүлгөн өкмөт мүчөлөрү келди. Алардын арасында «Чоң казат», «Ыйман нуру», «Мекенчил», «Республика», ж.б. партиялардын мүчөлөрү иштей баштады. Бирок, ушул өкмөт мүчөлөрү алдыда боло турган парламенттик шайлоого чейинки 2-3 ай убакыт ичинде өлкөнү каатчылыктан алып чыгып кете алат дегенден алысмын. Буга эл да, коомчулук да ишене бербейт. Анткени, булар убактылуу келген өкмөт мүчөлөрү. Экинчиден, көптөгөн башкармалыктар, андан тышкары министрлик, ведомство жетекчилеринин орун басарлары, баягы эле Жээнбековдун койгон кадрлары иштешүүдө. Үчүнчүдөн, коррупциялык схемалар менен шугулданган, ушул жагынан өзгөчө мамлекеттик кызматтарды тейлеген транспорт, ГРС, бажы, салык системаларында бири-бирине тыйын ташыган, тебелеп-тепсеп жүргөн кызматкерлердин алигүнчө ошол жерде жүргөндөрү кейиштүү абалды жаратууда. Салык менен бажы системасына жаңы келген жетекчилер коомчулук тарабынан абдан катуу сынга алынып, алар буга макул болбой аткандарын соцтармактарда билдирип атышат. Демек, мындай жагдайлар дагы деле эч нерсе өзгөрбөгөнүн, эч бир реформанын башатын түзө албай аткандарынан кабар берип атат.

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

– Акыркы учурдагы дайындоолор кызык болууда. Төңкөрүшкө катышкан, ысык-суукта жанында жүргөн, тууганчылык, жердешчилик жана башка саясый күчтөр менен соодалашуу таризинде жүрүп жаткандай. Ыкчам дайындоолор шайлоого даярдык жана админресурсту пайдаланууга умтулуу болжонуп жатканынан кабар берет. Учурда дайындалган кадрлар «шайлоодо сиз айткандай иштеп беребиз» деп убадалашкан өндүү. Учурдагы дайындоолордон кесипкөйлөрдү, эмгегин баалаган кадрларды көрбөй турам. Бул күндөрдүн эртеңи кандай болору бүдөмүк. Алсак, бажы башчысына Кадыржан Семетеев келди. Бул адам Эркин Мамбеталиевдин жакын адамы турбайбы. «Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин» деген кептин маңызын чечмелеп көрбөйлүбү?..

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер:

– Мен азыр коомдо болуп аткан нерселерге катышкан жокмун. Элде «Камчыбек Ташиев менен Жылдызкан Жолдошова Садыр Жапаровду апкелип, президенттин милдетин аткаруучу кылып койду» деп айтылып атыптыр. Жок, мекендештер, андай эмес. Садыр Жапаров мени аралыштарган жок, ушуну билип койсоңор. Эгер Садыр Жапаров Исхак Раззаковдой таза иштебесе, анда мен биринчилерден болуп каршы чыгуума туура келет. Сталин «кадрлар баарын чечет» деп айткан. Бул да бекеринен эмес чыгар. Ошон үчүн Садыр Нуркожоевич айланасына эң таза кадрларды апкелиш керек. Кайсы гана орун болбосун, кичине-чоңу дебей. Азыр карап, байкап көрсөм, президенттин милдетин аткаруучу Садыр инимдин айланасына эл билбеген, калың журт ынанбагандар пайда болуп атканы мени таңгалдырып атат. Чукул арада ошолордон тазаланбаса, аягы жакшылыкка апкелбейт. Эми баарын айткан жокмун, арасында жүрүшөт…

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Сүйөркул Чокморов: "Ак үйдөн жоголгон Сүймөнкул инимдин эки картинасына ыйлап атам"

Өлкөбүздө 5-октярдан 6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоого карата нааразы болгон эл аянтта чогулуп, акыры эски бийликти уратып, Акүйдү басып алган. Басып эле албай, ал жакты болушунча өрттөп, президенттин кабинетине чейин кирип барып, андагы буюм-тайымдарды, жадагалса баа жеткис картиналарды алып кетишкен. Анын ичинде СССРдин эл артисти, актёр, сүрөткер Сүймөнкул Чокморовдун «Ажайып табиятта кыргоол» жана «Гүлдөгөн мезгил» картиналары ушу кезге чейин дайыны жок. Сүймөнкулдун бир тууганы Сүйөркул Чокморов агабыз менен чакан маек курдук.

– Сүйөркул ага, иниңиздин эки картинасы Акүйдөн жоголуп кеткенинен кабардар болсоңуз керек?

– Ооба, баа жеткис картиналар эле. Ичим аябай ачышып, эстеген сайын ыйлап атам. Тимеле Акүйдүн тамтыгын кетиришиптир. Кимге кереги бар эле? Сүймөнкулдун картиналары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейде илинип турчу да. Аны атайын Сооронбай Шарипович жактырып, иш бөлмөсүнүн жанына илдирген болчу. Президент инимди урматтап, чыгармачылыгын өтө жогору баалап, сыйлап, ар качандан бир качан оозунан түшүрбөй айтып келген. Алып кеткендер музейге алып келип беришсин же мага апкелсин. Жанымды коёрго жер таппай калдым…

– Бул картиналар кайсы жылдары, кандай учурда жазылган?

– Төлөмүш Океев экөө биздин айылда кыргоолдорго аңчылык кылганды жакшы көрүшчү. Айылдын төмөн жагында водозабор бар. Тегеретесине буудай, жүгөрү айдалып, аны күзгө жакын оруп-жыйуу бүткөн мезгилде кыргоолдор көбөйүп, талаадагы буудай, жүгөрүнүн дандарын терип жешчү го сыягы. Болжолумда өткөн кылымдын 70-жылдары эки картина бир мезгилде тартылган. «Ажайып табиятта кыргоолду» жарым жылга жакын тартты. Ал эми «Гүлдөгөн мезгилди» болсо эки күндүн ичинде бир дем менен тартып койду. «Цветение» картинасына айылга чукул жерде жайгашкан «Зеленхоздун» чарбасы дем берди көрүнөт. Жаздын күнү болчу. Баары гүлдөп турган. Бак-дарактар, декоративдик өсүмдүктөр ар-түркүн гүлдөр көз жоосун алып, адамзатты кайдыгер калтырбай турган мезгил болчу. Ошол жерден шаарга кетип баратып үйгө кайра келип эле сүрөт тартчу боёк-соёкторун алып жөнөп атканын көргөн жайым бар. Анан эле бир заматта чиймелеп койду.

– Сооронбай Жээнбеков иниңизге жакшы көңүл бөлгөнүн айта кеттиңиз?..

– «Эстелигин тургузабыз» деп андагы президент Атамбаев каражат жоктугун айтып, биз болсо марафон өткөрүп баштаганбыз. Ошко барганбызда Сооронбай Шарипович өтө чоң жардам кылып, бир жарым миллион сомго жакын марафондон чогулттурган. Сүймөнкулдун сүрөт көргөзмөсүнө өз алдынча келип кеткенин билет элем. Кийин 80 жылдыгында филармонияда да өзү келип аябай жакшы маанайда мени менен учурашып, көпкө чейин колумду коё бербей амандашканбыз.

– Мурдагы президент эмнесинен жазды деп ойлойсуз?

– Менимче, эл аянтка чыгып, шайлоого нааразычылыгын билдергенден кийин эле алдыга келген үч партияны шайлоого катыштырбай, «жаңы шайлоо кылам» деп койсо эле эл жыргап калмак. А так, жакшы эле президент болду. Эми мунусуна да шүгүр дейли, тынч кетти. Жалко…

– Чын эле ыйлап атасызбы?

– Ооба да. Табылып калса экен. Мага эле алып келсин. Түшүнүү менен кабыл алабыз. Ыйымды басышсын. Сооронбай Шарипович өзү марафондо Оштун мен-мен деген аткаминерлерин Султан Ибраимов атындагы театрда чогултуп, «Сүймөнкулдан эч нерсебизди аябайлы!» деген сөздөрүнүн аркасы менен көп каражат чогулган.

Булак: “Азия ньюс”

Кундуз Жолдубаева: "Садыр Жапаровдун эң башкы миссиясы- келе жаткан шайлоону таза өткөрүү"

– Төңкөрүштөн соң Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта кандай бааланууда? Мындан ары мамлекет катары аброюбузду көтөрө алабызбы?

– Азыркы бийликти бир дагы чет өлкө расмий тааный элек. Дүйнөлүк басылмалар «Кыргызстанда убактылуу бийлик орноду» деп жазып жатышат. Ооба, Садыр Жапаров эл шайлаган президент эмес, ал өткөөл мезгилде жөн гана өлкө башчынын милдетин аткаруучу. Анысы аз келгенсип, азыркы бийликти «криминал менен байланышы бар» деп чочулап, Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Орусия каржылык жардам көрсөтүүнү токтотту. Башка мамлекеттер деле көмөк көрсөтүүгө анчейин кызыкдар эместей. Мыйзам бузулбай, адам укуктары сакталып, эл аралык келишимдерди аткарып, коррупция менен чыныгы күрөштү жүргүзүп, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону ачык, таза өткөргөндө гана аброюбузду көтөрө алабыз. Болбосо, Кыргызстан туруксуз өлкө катары дүйнө жүзүнө таанылып отурат.

– Учурдагы кадр саясатына карата сын-пикирлер курчуп баратат. Баягы эскилер, кошоматчылар, о.э. «кол ийрисине тарткан» тажрыйбасыз адамдар тартылып атабы? Же кырдаалга жараша профессионал кадрларды тандоого мүмкүнчүлүк болбой калдыбы?

– Дал ушул кадрдык саясат мурдагы президенттердин түбүнө жеткен. Куда-сөөк, дос, ака-үкаларды, тааныш-билиштерди коюп жатышып, өздөрүнө өздөрү өкүм чыгарышкан десек болот. Бүгүн да баягы эле таз кейпибизге түштүк. «Аңгектен качсаң дөңгөккө» дегендей эле болуп калды. «Таза, жаш жүздөр келсин» деген ураанды эстеп да койгон киши жок. Жөн гана сөз түрүндө айтылган чакырык жана убада бойдон калды. Өкүнүчтүү… Люстрация менен реставрацияны алмаштырып алгандай эле болуп калды. Бу да болсо чоң көрсөткүч. Кайрадан мамлекеттик кызматтарга эски кадрлардын келиши коомчулукта сын-пикирлерди жаратып жатат. Бул президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жана анын айланасындагыларга коңгуроо. Бийлик атаандаштыктан коркпошу керек. Команда күчтүү, өз позициясы бар адамдардан турса, ийгилик болот. Жээнбековдун бийлигинин катасы мына ошондо болгон, жалаң чабал кадрларды топтоп алып, акыры кыйрады. Профессионалдарды тартууга, албетте, мүмкүнчүлүк бар. Кырдаалды эске алып, тескерисинче, баардыгын тазалаш керек эле. Эмне үчүн эл толкуду? Ошол «чимкирик» саясатчылардын кесепетинен жаны- кашайып эшикке чыгып, элдин кызыкчьшыгын 2000 сомго теңеп койгон Жээнбеков кланын ээрден оодарып түштү. Бирок элдин жеңишин бир саясый топ жалгыз өзүнө энчилеп алды. А эл мүдөөсү ошол бойдон көз жаздымда калды. Мунун арты эмне менен бүтөрүн унутушпаса. Ошол эле мурдагы президенттердин тагдырын эстеп, бийликти узурпациялоодон коркушпайбы?..

– Жаңы бийлик көчө мыкчыгерлеринин күчүнөн сырткары пиар-идеологиялык, аналитикалык табылгаларга таянса, балеим караңгыдан жол тапкандай чыракты күйгүзөт беле?..

– Азыркы бийлик «күч менен баарын чечсе болот экен» деген түшүнүктү идея кылып алгандай туюлуп жатат, чынын айтканда. Ар бир кадам терең ойлонулуп, акыл калчап чечилиши абзел. Ооба, Садыр Жапаровдун коомдо аброюнун өсүшүнө соцтармактардагы жеңил пиар өбөлгө түздү. Улуттук-патриоттук идеологиянын негизинде өзүнө күч топтоду да. Анан кыргызым негизи жароокер келет эмеспи, башынан оор кыйынчылыктарды өткөргөн саясый туткунду бир заматта элдик баатырдай көтөрүштү. Эми ошол ишенимди кармап калуу оңой иш эмес. Улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп иш алып баруу шарт. Ал үчүн сөзсүз олуттуу стратегия керек. Чечкиндүү кадамдар ташталып, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасап, системанын реформасын ишке ашыруу кажет. Анан ошол ишти элге туура жеткирүүдө пиар-стратегия болуусу зарыл. Бирок, жеңил пиардан алыс болуш керек. Ал убактылуу гана жемишин берип, кайра тескери таасирин бериши болуп турган эле иш.

– Мындан ары парламенттик, президенттик шайлоолор бар. Туруктуулукту камсыздап, саясый чоң иш-чараларды өткөрүүгө кудуретибиз жетеби?

– Шайлоолорду өткөрүүгө милдеттүүбүз. Андан качып кутула албайбыз. Бирок кеп башкада. Эгерде туура эмес кадрдык саясат уланып, 5-октябрдан кийин коюлган талаптар аткарылбаса, таза шайлоонун ийгиликтүү өтүшүндө күмөн бар. Ошол эле «форма-2», шайлоо босогосун 7 пайыздан ылдыйлатуу, үч партия – «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын күнөөсүн аныктап, таймаштан четтетүү  деген сыяктуу кадамдарга барбасак, кайра эле өткөн шайлоодогу маселелер жаралат. Анда эл кайра толкуп, туруктуулукту сактоо кыйын болот.

– Учурда Алмазбек Атамбаев баш болуп, командасынан дагы кимдер камакта кармалышууда? Алардын бүгүнкү саясатка көз караштары, дегеле акыбалдары кандай?

– Экс-президент менен катар абакта президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, жансакчылары Дамир Мусакеев жанан Канат Сагымбаевдер. Дамир Мусакеевдин иши боюнча кассациялык арыз 7-октябрда эле тапшырылган. Бирок дагы да иш Жогорку сотто карала элек. Бул көрүнүш көп нерседен кабар берет. Эмне үчүн ошол эле Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, Талант Мамытовдордун иши чагылгандай тез каралып чыгып, акталышты да, Мусакеевдин иши ордунан жылбай турат? Мыйзам баардыгына бирдей иштеш керек эле. Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевдерди 9-октябрь күнү «массалык башаламандыкты уюштурду» деп камакка алышты. Анда эмнеге ошол эле аянтта чагым уюштурган башка адамдарды кармашпайт? Жадагалса ок атылып, экс-президентке кол салуу аракети болгон. Ошол аткан кишинин тасмасы интернетке жайылды. Кана, аны издеп тапканга күч органдары аракет кылып жатабы? Ал күнү аянтта башка партиянын дагы өкүлдөрү болгон. Алар тынч жүрмөк тургай, мамлекеттик кызматтарга барышты. 5-6-октябрдагы массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип «Социал-демократ» партиясынан жаш талапкер Темирлан Султанбековду гана камашып, кайра үй камагына бошотушту. Ошол эле иш боюнча генерал Курсан Асанов дагы абакта. Ал күнү башка да партиялардын лидерлери аянтта жүргөн. Бүтүндөй эл толкуган. Анан эле келип, бийликке ыңгайсыз адамдар куугунтук көрүшүүдө. Садыр Жапаровдун сөзү иши менен коошпой жатат. (Ажонун сөзү эки болбош керек. Мына, Сооронбай Жээнбеков эки сүйлөп жатып, акыры бийликтен айрылды). «Саясый куугунтук болбойт» деген убада кана? Калыс, баардыгына бирдей мамиле болуш керек мыйзам чегинде. Ошондо гана бийлик элдин ишенимине татыйт.

– Сапар Исаков менен Албек Ибраимов көтөрүлүштү ийгиликтүү пайдаланышты окшойт. Кайда качып кетишкен?

– Алардын кай жерде экендиги жадагалса жакын туугандарына да белгисиз. Биз Сапар Исаковдун коопсуздугуна санаа тартып жатабыз. Анын кабары 10-октябрдан бери белгисиз. «Жанында эч кандай документтер дагы жок болчу» деп жатат жубайы. Амандыгын гана тилеп турабыз. Башка күчтөрдүн («каралардын») колуна түшүп калбагай эле….

– Кой-Таш окуясы боюнча сот процесстери көңүлдөн сырт калып калгандай. Келечектеги саясый кырдаалга баш оору жаратышы ыктымалбы? Мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчиликтери каралабы?..

– Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши толугу менен ойдон чыгарылып, Жээнбековдун бийлигинин саясый заказы болгон. Оор жана өтө оор беренелер менен айыптар коюлуп, тергөөнү бир тараптуу жүргүзүшкөн. Анысы аз келгенсип, соттук териштирүүнү жабык кылып коюшкан. Эмнеге? Анткени коомчулукка чындыкты жеткирбөө амалдарын кылышкан. Ошол эле атайын операцияга мыйзамсыз буйрук берген адамдардын жоопкерчилиги каралган эмес. УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев парламенттин трибунасынан: «Атайын операциянын беш варианты бар болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков менен макулдашылып, ушул вариант тандалган» деп айткан. Анда Сооронбай Жээнбековдун дагы жоопкерчилиги каралышы керек. Бирок, азыр ага экс-президент макамын берип, кол тийбес кылып коюшту. Ошол эле иш ордун таштап качып жүргөн Опумбаевдин жоопкерчилиги каралабы? Кашкар Жунушалиев качып кетип кутулабы? Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары, Жээнбековдордун заказынын башкы аткаруучусу Эркебек Аширходжаевди болсо министрдин орун басары кылып дайындап коюшту. Кой-Таш боюнча соттук отурумда атайын операциянын кыйрашы үчүн жоопкерчиликти каза болгон Үсөнбек Ниязбековго түртө салуу аракети болуп жатат. Анын өлүмүнүн чыныгы жагдайларын иликтеп чыгууга кызыкдар эместиги көрүнүп эле калды. Биринчи аны «Калашников» автоматынан ок жеп көз жумду» дешип, адам кармашты. Бир аз убакыттан кийин экспертизанын бүтүмүн каалагандай чыгарып, Алмазбек Атамбаевге илип жатышат. Мындан башка толгон-токой жагдайлар бар. «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен айыптоо акылга сыйбаган нерсе. Атамбаев Кой-Ташта отуруп алып, кантип бийликти басып алууга аракет кылыптыр? Башка беренелер менен дагы айыптар ошондой эле. Кыскасы, бул иш толугу менен кайра тергелип чыгышы керек.

– Парламенттик шайлоого катышууга ниетиң барбы?

– Чынын айтсам, акыркы саясый окуялардан кийин шайлоого катышмак тургай, «Кыргызстандан кетип эле калыш керек экен» деген ой келди. Мындай көз караш менде гана эмес, башка көптөгөн ой жүгүртө алган жаштарда, кесипкөй адистерде да пайда болду. Албетте, бул өкүнүчтүү. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун эң башкы миссиясы – келе жаткан шайлоону таза өткөрүүгө өбөлгө түзүү. Ошону менен тарыхта калат. Таза, жаңы жүздөрдүн бийликке келишине мүмкүнчүлүк берүүсү кажет. Антпесе, кайра эле баягы акчалуу шылуундар шайланып келип, Үмүтбекке окшогон жаш балдардын өмүрүн садага чаап, Кыргызстанды каалагандай калчай беришет. Жаштар азыр бир муштум болуп түйүлүп, өлкөнүн келечегин колго алуусу абзел!

Асланбек Сартбаев

Булак: “Азия ньюс”

Балбак Түлөбаевге эскертүү берген Эркин Мамбеталиев «Аврорага» тартип орнотуптур

Төңкөрүштөн кийин «Аврора» санаторийин жергиликтүү тургундар басып алууга аракет кылышып, бир топ пикир келишпестиктер жаралат. Эки жаат болуп мушташууга аз эле калышыптыр. Ал жерге Ысык-Көл облусунун губернатору Балбак Түлөбаевдин барганы, ызы-чуу чыгаргандарды «алтындарым», «кулундарым» деп эркелеткени таңгалдырды. Ал ошол арада «Авроранын» директоруна үстөмдүк көрсөтүүгө далалат жасап, бирок майнап чыкпаптыр. Дал ушундай келишпестиктен соң, айтылуу Эркин Мамбеталиев ачууланып, Балбак Түлөбаевге телефон чалып, эскертүүсүн айтканын эшиттик. Ошондон кийин аталган жайда башаламандык токтоп, тартипке келип калган.

Булак: “Азия ньюс”

Тулеевдин карааны менен Бакиевдин режими орногондой коркунуч каптады

Бишкек мэриясын ээлеп алган Нариман Түлеев соттуулугу өткөн августта алынганын, эми Жогорку соттон чындыкка жетүү, акталуу үчүн жан сабай турганын билдирди. 2012-жылы күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок эле соттолуп кеткенин кошумчалады. Каарманыбыз бир топ жыл түрмөдө отуруп чыкканы белгилүү… Айтор, соңку убакта кадрдык өзгөрүүлөр коомчулуктун ар кандай талкуусун жаратып, жазмакерлерди эриктирбей жаткан чак. Айрымдар Нариман Түлеевди «каралардын» колдоосу аркылуу келгенин айтышууда. «Эл оозунда элек жок» дейт. Ээрчиген сөздү эч ким тыя албайт. Дал ушул жагы чынбы, жалганбы? Айла канча, мезгил көрсөтсүн. Эң өкүнүчтүүсү, Түлеевдин карааны менен Бакиевдин режими орногондой элес калып, элибиз үрпөйө түштү…

Булак: “Азия ньюс”

Меню