Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: "Кыйынчылыктар али алдыда, мыйзамдуу жолго эки-үч айдан кийин түшөбүз"

– Равшан мырза, эркиндикке чыкканыңызга кубанычтабыз! Өткөн күндөргө өкүнбөйсүзбү? Сизди камоого ким кызыкдар болду? Ким көрсөтмө берди?

-Тилекке каршы, биздин сот системасы, укук коргоо органдары толугу менен бийликке көз каранды. Ошондуктан саясый буйрук менен күнөөсүз адамдарды, бийликке каршы тургандарды камап коюу аябагандай жеңил. Түрмөдө өткөн бир жыл мен үчүн чоң сабак, олуттуу сынак, эбегейсиз тажрыйба болду. Ал күндөргө өкүнбөйм. Эч кимге кек да сактабайм. Авторитардык мамлекеттерде, мисалы, Россияда, Беларуста, Казакстанда мындай маселелер көп кездешип жатат. Биз саясатта жүргөндөн кийин мындай нерселер болуп турат. Колубуздан келишинче башка саясатчыларды мыйзамсыз каматпаганга жардам беришибиз керек. Биринчи кезекте сотту адилеттүү жүргүзүүгө, бийлик акыйкаттуулугун кылганга аракеттенип, ак адамдарды жөн жерден камабаганга шарт түзүшүбүз зарыл. Бул үчүн мыйзамдык жолдорду издешибиз керек.

– Дасыккан саясатчы катары учурдагы коомдук-саясый, экономикалык абал тууралуу оюңуз?

– Учурда коомдук саясый акыбал оор бойдон калууда. Биринчиден, бийлик алмашканы менен экономикалык-социалдык каражат маселеси мурдагыдай эле чечилбеген, оор бойдон сакталууда. Бүгүнкү күндө бюджетте каражат жок. Экономика толугу менен кризисте турат. Социалдык абал, жумушсуздук, жакырчылык, пандемиянын кайра каптап келе жатканы, кыштын жакындаганы – абалды мурдагыдан да бир топ курчутуп бара жатат. Бийликке болгон ишеним бат эле өзгөрүп кеткен жок. Бийлик алмашканы менен оор акыбал чечилбей, адамдарда нааразылык мурдагы деңгээлде эле сакталууда. Ошондуктан жаңы өкмөт, бийлик биринчиден, социалдык, экономикалык абалды чечип, каражат издегенге көбүрөөк көңүл бөлүп, кичинекей ишеним бар кезде кандайдыр бир реформаларды жасаганга аракет кылуулары керек.

– Кайрадан эле мурдагыдай шайлоого баруудан өзгөрүү болобу? Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров конституциялык реформага барбаган соң чоң өзгөрүү болуп кетпестигин, партиялык системага нааразылыгын, Конституция бузулганын айтты…

– Шайлоо күнүнүн датасы белгиленди. Эми азыр мыйзамды, Конституцияны өзгөрткөнгө да мүмкүнчүлүк жок. Анткени, парламент араң эле чогулуп иштеп жатат. Кайрадан шайлоону өткөрүп алып, анан жаңы келген парламент кандайдыр бир маанилүү өзгөрүүлөрдүжасоого мүмкүнчүлүк түзөт. Айрыкча Конституцияны өзгөртүүгө убакыт ченелүү болуп калды. Азыр бир мандаттуу шайлоодон кечиктик. Шайлоо босогосун 3%га, күрөөнү 1 млн. сомго түшүрүп, «форма-2ни» жок кылса, кандайдыр бир деңгээлде таза шайлоо өтүшүнө шарт түзүлөт деген үмүт бар.

– Жаңы өкмөт тарабынан кызмат сунушташтыбы? Мындан аркыга кандай пландарыңыз бар?

– Биринчиден, мага эч кандай сунуш болгон жок. Кандайдыр бир реформаларга, өзгөрүүгө жардам керек болсо жардамымды аябайм. Колдон келсе парламентке барып, ал парламенттен сунуштар болсо, ишке ашырганга мүмкүнчүлүктөр болот. Азыр бизде убактылуу өкмөт. Көп маселе алдыда. Чечилбеген көп кыйынчылыктар бар. Алардын баардыгы жаңы парламент келгенден соң өз нугуна түшө баштайт. Мыйзамдуу жол эки-үч айдан соң гана пайда болот.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Каниметов менен Орозалиев экс-президенттин татыктуу генералдары

5-октябрь түнү Акүй алынып, өкмөт мүчөлөрү жапырт качып, кыйын күнгө кабылганын көрдүк. Элге ок чыгарган ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев да безип кеткен. Ошондо орун басарлары Мирлан Каниметов менен Алмаз Орозалиев калышыптыр. Сооронбай Жээнбеков эки полковникти чакырып, отставкага кетип баратканда генералдык чин-даражаларды ыйгарып салды. Көрсө, булар экс-президент үчүн татыктуу кадрлар экен, эч жакка «куйрук түйүшпөптүр». Сокеге караан болушуп, аягына чейин туруп беришти. Тополоңдун аркасы менен жылдыздарын да чоңойтуп алышты. Азаматтар!

Баргы Кусейинов

Булак: “Азия ньюс”

Балбак Түлөбаевге эскертүү берген Эркин Мамбеталиев «Аврорага» тартип орнотуптур

Төңкөрүштөн кийин «Аврора» санаторийин жергиликтүү тургундар басып алууга аракет кылышып, бир топ пикир келишпестиктер жаралат. Эки жаат болуп мушташууга аз эле калышыптыр. Ал жерге Ысык-Көл облусунун губернатору Балбак Түлөбаевдин барганы, ызы-чуу чыгаргандарды «алтындарым», «кулундарым» деп эркелеткени таңгалдырды. Ал ошол арада «Авроранын» директоруна үстөмдүк көрсөтүүгө далалат жасап, бирок майнап чыкпаптыр. Дал ушундай келишпестиктен соң, айтылуу Эркин Мамбеталиев ачууланып, Балбак Түлөбаевге телефон чалып, эскертүүсүн айтканын эшиттик. Ошондон кийин аталган жайда башаламандык токтоп, тартипке келип калган.

Булак: “Азия ньюс”

Абылгазиев радио жыштыгы боюнча коррупциядан кутулуп кетеби?

Интернет жыштыгынан чыккан чыр эсиңердеби? Бул боюнча Мухамметкалый Абылгазиев коррупцияга айыпталып, өкмөт башчылыктан кеткенин тез эле унутуп койдук. Аны мурдагы бийлик «табакташы» катары калкаласа, азыркылар кантишет болду экен? Ооба, ошол радио жыштыгынан мамлекеттин казынасына миллиондогон каражаттар түшпөй калганын депутаттар айтып чыгышкан. Чоң резонанс жаралган да. Анан эле Абылгазиевдин отставкасы менен «жабылуу аяк жабылуу бойдон калганын» кандайча түшүнөбүз? Жаңы бийлик дал ушундай эбегейсиз коррупциялык каңшаарлардын бетин ачып, эл астында күнөөлүүлөрдү жазалай алабы?

Баргы Кусейинов

Булак: “Азия ньюс”

Аида Касымалиева канчалык актанса да агарбай койду эй!

Башта Алмазбек Атамбаевдин арты менен депутат болгон Аида Касымалиева шефин сатып кетип, вице-спикерге чейин көтөрүлдү. Бул саам Сооронбай Жээнбековдун башын аттап кетүүгө батына албады окшойт. Себеби, түбөлүккө жууса кеткис «саткынчы» деген мөөр «бир жерине» урулат да. Дал ушул жагын ойлоп, өзүн туруктуу саясатчы көрсөтүүгө жандалбастап, Сокеге болушумуш этип, упай топтогонго аракет жасады. Бирок, коомчулук астында Касымалиева баары бир туруксуз, амалкөй, жалаа жапкыч катары сүрөттөлүп атат го? Саясатта бир мүдүрүлүп алсаң, канчалык актансаң да агарбайт турбайсыңбы…

Баргы Кусейинов

Булак: “Азия ньюс”

Ташиевди дебатка чакырган Райымкуловду ап-аптан койсок...

Кечээ жакында эле «Мекеним Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого аттанган Бакыт Райымкулов опурулуп, Камчыбек Ташиевди дебатка, кайым айтышууга чакырып жүргөн. Өзү «Республика -Ата Журттан» депутат болгонун унутуп калып… Кызыгы, алдыда кайрадан шайлоо, Бакыт мырза кайсы партияга жармашат болду экен? «Мекеним Кыргызстандан» аттай-чаттай качып чыкса керек. Бир четинен УКМКтөрагасы Ташиевден жалтактап, экинчи жагынан саясый туруксуздугу тынчын алып, ушул күндөрү кыйналып жаткандыр. Ап-аптап койчу жан барбы?..

Баргы Кусейинов

Булак: “Азия ньюс”

Бабанов канча миллион доллар менен башын сактап калган?

Саясый коомчулук ичинде кызуу кеп жүрүүдө. Өмүрбек Бабанов 1 же 2 миллион доллар берип, башын сактап калдыбы? Кызык бекен? Кимге берет? «Кызылдаргабы» же «караларгабы»? Ооба, ушундай бүйүр кызыткан сөз ээрчип калды. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт… Эсиңерде болсо, төңкөрүш болуп кеткенден кийин Алмазбек Атамбаев түрмөдөн чыгып, Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Жеңиш Молдокматов, Рыскелди Момбеков ж.б. саясатчылар реванш алуу үчүн Ала-Тоо аянтына келишип, көпчүлүк кабыл албай сүрмө топто качышат. Атамбаев айрым тарапташтары менен камалса, Исаков, Ибраимов дайынын билгизбей кетишти. Бабанов «суудан кургак» чыга келсе, Казакбаев ТИМди жетектеп отуруп калды. «Саясаттын кайсы сырын билесиң?» дегендей, түшүнбөй калгандар абдан көп.

Баргы Кусейинов

Булак: “Азия ньюс”

 

"БШК төрайымы Шайлдабекова жана мүчөлөрүн сот жообуна тартуу зарыл"

«БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кайрадан парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө моралдык укугу барбы?» деген суроо бүгүнкү күндүн темасы болуп турат. Биз ушундай жаатта белгилүү адамдарга собол таштадык.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

– БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баштаган баардык мүчөлөрүнүн кайра парламенттик шайлоону өткөрүүлөрүнүн эч кандай укуктары жок, моралдык дагы юридикалык дагы! Алардын баарын токтоосуз кызматтан кетирип, сот жообуна тартуу керек болчу. Анткени, так ушулар тарыхтагы эң ыплас шайлоону уюштурушуп, 5-октябрдагы көтөрүлүшкө себеп болушкан. Баардыгы күнөөлүү. Бирок, күнөөсүн бир гана Атыр Абдрахматова кызыбыз сезип, өз арызы менен кетип калды. Уяты бар экен. Так  ушул кызыбыздын күнөөсү эң аз болчу. Калгандары карандай наадандык, зордук жана калп менен шайлоону өткөрүп келишти го? Эгер ушул эле курам кайра барса, анда шайлоонун жыйынтыгы нөл болду дей бергиле. Революциячыл күчтөр али ойгоно элек. Аягы эми өтө жаман болуп калуусу мүмкүн…

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

– Менин оюмча, биз баарыбыз бу жерде күбө болбодукпу, «жаштардын революциясы болду» деп. Ушул революциянын нааразычылыгы (көпчүлүгүнүн) БШКнын кылган ыплас ишинен чыккан. Ошондо уюшулган «элитанын» төрт партиясы өткөн, калгандары калган. Мына ушунун баары элдин кыжырын келтирип, бийликке бүгүнкү күндө Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдерди апкелбедиби? Бирок, жаш муундар талпынган жагынан натыйжага жетпей калды. Ошондуктан, азыр максат менен чыккан балдардын, алардын талабы менен БШКга нааразычылыгын көзү менен көрүп, кулагы менен уккандан кийин учурдагы мораль эмес, бүгүнкү күндө бийлик шайлоонун алдында баарын жаңыртыш керекпи? Ушундай олуттуу суроо турат. Ал эми БШК төрагалыгына көптөгөн мыкты азаматтарыбыз бар. Ошол эле «Чоң казатты» түптөгөн Турат Акимовду сунуштамакмын. Артында эч бир «калбыры» жок, таза жигит. Баардык жагынан бышып жетилип, даяр турат. Эгер бу жигит БШКга келсе, кийинки шайлоолор таза өтүшүнө жол ачат эле.

Игорь Шестаков, саясат талдоочу:

– БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованы ээлеген кызматынан 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин эле кетириш керек болчу. Ошондо эле Өмүрбек Бабанов шайлоодогу көптөгөн мыйзам бузууларды, анын ичинде добуш сатып алуу, админресурстарды колдонуу жактарын айтып, көрсөтүп бергенине караган эмес. БШК төрайымын кызматтан кетирмек тургай, тескерисинче, ошондогу бийлик бекемдеп берген. Бул тарых толук үч жылдан кийин кайталанып отурат. БШКнын төрайымы бу жерде баардык майда-баратына кийлигишпеген чыгар. Кеп анда эмес, кеп БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматта турганда шайлоолордун кайсынысы болбосун легитимдүү боло алат. Мунун далили болуп 5-октябрдагы элдин толкунун айтсак болот. Анткени, эл парламенттик шайлоонун таза өтпөгөнүнө нааразы болуп, шайлоого тийешеси жок президентти отставкага кетирүүгө мажбурлады, БШКнын айынан. Ошондуктан БШК төрайымын сөзсүз кызматтаң алуу керек, эч бир моралдык укугу жок. Анын ордуна Атыр Абдрахматованы төрайым кылып шайласа, элдин ишенимин актап, шайлоону таза өткөрүп берет беле? Бул кыз ошол эле 2017-жылы президенттик шайлоонун таза өтпөгөнүн, легитимдүү эмес экенин айтып чыккан. Муну да эске алып коюшса дейт элем.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Министр Нуржигит Кадырбеков креслосунда көпкө отурбай калды окшойт

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун интернеттеги өмүр баянында «АКШда Канзас университетин аяктаган, Япониядан магистратурада окуган» деп жүрөт. Ал «Ош университетин бүтүргөм» дегенден уялат окшобойбу?.. Өмүр баянында болсо «акын, жазуучу, дипломат, колумнист, сегиз чет тил билет» деген маалыматтар жайнайт. Мунун чын-жалганын ким билсин?

Ачыгын айтсам, Нуржигит Кадырбековдун ырлары да, кара сөзүда «чыгарма жазам» деп аракет кылып жүргөн үйрөнчүк талапкердин деңгээлинде. Анан да бир-эки китеп чыгарып алыпэле «жазуучумун», «акынмын» деп мактана берсе болобу? Ар нерсенин башын чөп башылаган Нуржигит Кадырбеков ислам темасында маек куруп, жаштарга акыл айтып, дааватчылык кылганы аз келгенсип, бир күнү карасам теледе тердеп-кургап балдарга каратэден сабак өтүп, машыктыруучу болуп алыптыр. Аны менен эле токтобой, бул эргул лексиколог болуп кеткенсип, «кайнененин камырынан» деген сөздү чечмелемиш болуп, теледен сүйлөп жатканына таңкаласың. Анткени, ал ошол сөздүн маңызын өзү деле жакшы түшүнбөйт. Ошон үчүн тажатып, кызыксыз сүйлөйт, кыскасы, «маңыз» деп койсок болот. Эми ушунун баарын ал жан-дили менен берилип жасаган жок, бул ага пиар үчүн гана керек. Болбосо, эч кандай пайдасы жок болсо, ал анын бирин жасамак эмес. «Эл көрсүн» деп баарын эфирге чыгарып жатканы да ошондон. Ишмердүүлүктүн баардык жагынан «чала молдо дин бузат» болуп жүргөн дилетант Нуржигит Кадырбековдун «өнөрлөрүн» өкмөт башчы Садыр Жапаров өзү баалап көрөт го? Министрликтен айдап жиберсе туура болмок!

Дамир Калыбеков

Булак: “Азия ньюс”

Гүленчи Алмаз Бейшеналиевден жакшылык күтүүгө болобу?

Жаңы дайындалган билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев тууралуу ар түрдүү пикир айтылып жатат. Журналист Бекбол Айдаров аны «белгисиз илимпоз» деп атаган. Дипломат Бакыт Аркарбаев «Садыр Жапаров чоң жаңылыштык кетирди, эл аралык мамиле бузулат» деп тынчсызданганын билдирген. Публицист, дипломат Кубан Мамбеталиев жаңы министрди коргоп жазды. Ооба, министрдин колунда «илимпоз» деген документи бар, бирок ал жакшы окумуштуубу же жаман окумуштуубу – бул башка маселе. Кубан Мамбеталиевдин мактоосуна арзыган киши жок дегенде жоон орто болот чыгар…

Бирок, ишеним көрсөтүлгөн министр А.Бейшеналиев гүленчилердин «Себат» мектебинин бүтүрүүчүсү, алардын Ала Тоо – Ататүрк университетинин проректору болуп иштеген. Бул боюнча дипломат Бакыт Аркарбаевдин айткандары туура. Анткени, гүленчилер Түркияда мамлекеттин ичинде «мамлекет» курушкан. Алар күчтөнүп, 2016-жылы төңкөрүш уюштурууга барышканын кайда жашырабыз? Мындай «көтөрүлүү» аракеттери алдыртан билинип, орустар маалыматты түрктөргө беришкен, ошол себептен ал ишке ашпай калган. Гүленчи Мерт Алтынташ Орусиянын Түркиядагы элчиси Авдрей Карловго Анкарада кол салып, атып өлтүрүп, ишке ашпай калган козголоң үчүн өч алган. Ушул себептен Режеп Тайып Эрдоган Фетхуллах Гүлендин Түркиядагы, Россиядагы, Азербайжандагы, Түркмөнстандагы, Африкадагы лицейлерин, университеттерин жаап, Кыргызстандагы жабылбагандарын «террордук уюмдар» деп жарыялап, ага тийешеси бар кишилердин баардыгын кара тизмеге киргизген, алардын арасында Алмаз Бейшеналиев да үй-бүлөсү менен бар экени жалганбы? Ошол себептен, Кыргызстандын билим берүү системасынын башында гүленчи тургандыктан, мындан ары Түркия биз менен билим берүү жана илим тармагында кызматташуусун токтотот көрүнөт…

Гүленчи, «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүнөн, ячейкаларынан миллиондогон акча, кырк кен байлыктын лицензиясы чыгып, анын ашынган алкы бузук коррупционер экенин ашкерелеген, Жемкор Дүйшөнбек Зилалиев да Түркияда гүленчилердин уюгу болгон полиция академиясынын бүтүрүүчүсү катары таалим-тарбиясын алган. Бири-бири менен чырмалышкан бул «мусулман массовдору» деп сыпатталып жүргөн гүленчилердин өкүлү Дүйшөнбек Зилалиев алардын ким экенин жакшы көрсөттү. Эми министр Алмаз Бейшеналиев эмнелерди көрсөтөт болду экен?..

Болотбек Матосмонов

Булак: “Азия ньюс”

Меню