Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

«Иттин өлүгү» Алмамбет Салиевдин кабинетине көмүлгөнбү?..

Өкмөт башчылыктан Мухамметкалый Абылгазиев радио жыштыгындагы коррупцияга шектелип, кызматынан кеткенден кийин камалуусу боюнча кеп тараган болчу. Аппарат жетекчиси Самат Кылжыев, бөлүм башчысы Азамат Араев ж.б. сурак беришкен. Миллиондогон каражаттар айтылганы менен изи суугандай көрүнүшкө кептелгенбиз. Көрсө, «саңырсыган жыт» президенттин аппарат башчысы Алмамбет Салиевге барып такалып, андан ары шамал үйлөп кеткендей эле болгон. Эгерде Абылгазиевди, Кылжыевди, Араевди ж.б. камашканда, булар Салиевге көрсөтмө беришип, «иттин өлүгү» каякка көмүлгөнү ачыкталмак беле?..

Булак: “Азия ньюс”

 

Каныбек Осмоналиев, профессор: "Садыр Жапаров таш менен урганды аш менен уруп, айкөлдүк кылды"

– Садыр Жапаров Конституция боюнча президенттик шайлоого катыша албайт экен. Ал элге берген убадаларын аткарууга 2-3 айлык мөөнөт жетеби?

– Жок, албетте, 2-3 ай убакыт жетпейт. Садыр Нургожоевич реалдуу эле убадаларды берип жатат. Ар убадасы терең ойлонулган. Бирок, эми эл ошол жаңы шайлоолордо Садыр Жапаровду жана анын командасын жапатырмак колдоп, парламентте конституциялык көпчүлүктү түзө тургандай шартты түзүп бериши керек. Парламентке Садырдын өзүнө окшогон элдин патриот уул-кыздары келсе, анан баардык убадалар аткарылат. Анын ичинде терең өзгөрүүнү талап кылган конституциялык реформа дагы болот.

– Садыр Жапаров бир эле мезгилде президент, премьер-министр да болду. Бирок, талаштуу жагдайлар тууралуу кыйытып жатышат го?

– Жагдай ошого алып келбедиби? Садыр жоопкерчиликтин баарын мойнуна алды. Канча кыйын болсо дагы кайыл болуп жатат. Бул жерде мыйзам бир дагы бузулган жок. Тигилер качып атса эмне кылмак? Анын үстүнө эл Садырга гана ишенип калды. Депутаттар эми аман эле болушсун да. Алардын қөпчүлүгү өздөрүнүн чыныгы жүзүн ашкере кылышты. Саясаттан оолактагандары эле оң.

– Текебаев айтмакчы, “дос секретарь” Камчыбек Ташиевдин УКМКны жетектегени туура эле болдубу же татыктуу кадр таппай өзү жетектөөгө аргасыз болдубу?

– Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жаңы тарыхында алдыңкы деңгээлдердеги өз күчү жана татыктуу эмгектери менен эл оозуна алынган жаш саясатчылардын катарына кирет. Анын мекенди сүйүү сезими элге кеңири белгилүү. Азыркы коррупцияланышкан Кыргызстанда Ташиев УКМКга келгени эң туура болду. Ал эч бир кылмыштуу иштерге аралашпаган, таза жана патриот инсан. 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад окуясындагы чыныгы эрдиктери эле кандай күчтүү болду! Карапайым элдин сүймөнчүлүгүнө айланган саясатчы катары таанылды. Бул кишиге азыр кимдер каршы же душман болуп жатат? Алар баягы эле паракор, ууру-коррупционерлер жана өлкөнүн чыккынчылары. Ошолор биринчи кезекте жүрөктөрү түшүп, жалданма адамдарга каралатып киришти. Бирок, Камчыбек мырза алардын кылмыш иштерин жакында эле ачыкка чыгарып жазага тартат. Өзү кечээ айтпадыбы! Мен буга терең ишенем. Ошондуктан, азыркы премьер-министр Садыр Жапаров эң туура жана жакшы ойлонулган чечимге барды. Прогрессивдүү көз караштагы адамдардын баары эле Камчыбек Ташиевдин УКМКга ушундай оор кезеңде башчы болуп келүүсүн колдоп жатышат.

– Убаданы ченебей берди го. Аткара алабы?

– Башында кыйын эле болот. Анткени, бул коопсуздук кызматы буга чейин жалаң гана саясий оюндар менен алек болуп келген. Чалгындоо жана контрчалгын иштерин таштап коюшуп эле, өлкөдөгү көз карандысыз көз караштагы инсандарды камоо, жазалоо чараларын ырайымсыздык жана булганыч ыкмалар менен аткарып отурушкан. Элдин үшүн алган конторага айланып алышкан. Камчыбек мырза мунун баарын ичинен жакшы билет. Менин оюмча ал киши УКМКны түп тамыры менен жаңылап, карапайым элдин коопсуздугуна гана кызмат кыла турган мекемеге айлантат. Анын азыр берип жаткан убадаларын тез арада эле аткарылат деп ойлом.

Айкөкүл Мырзабекова

Булак: “Майдан.кж”

Сооронбай Жээнбековдун мурастары жана сабактары

Ошентип Сооронбай Жээнбеков ыктыяры менен мамлекет башчылыгынан кетип, өз ыйгарымын Кыргызстандын жаңы тарыхындагы алтынчы президентке (милдетин аткаруучу) өткөрүп берди. Анын мамлекеттигибиздин тарыхындагы орду, ролу кандай боло тургандыгын, эмнелерге жетишип, кандай кемчиликтерге жол койгондугун, албетте, тарых аныктайт, тарых гана акыркы адилет, калыс баасын берет, азырынча ага карата антипатия, симпатия менен жүргөндөр эч кандай калыс, обьективдүү боло алышпайт. Анткени, азырынча ага карата субьективдүүлүк күчтүү. Бирок, ага байланышкан антипатия, симпатияларга аралашпай, анын бийлигинин убагында үч жыл жашаган адам катары өз көз карашыбызды, байкоолорубузду ортого салсак болот. Аны талашсыз чындык деп айта албайбыз, чындыкты мезгил гана аныктайт, бирок “убагында айтылбаган сөз карып” дегендей, азыркыдай алабарман мезгилде билгенди, көргөндү, ынанганды айтып туруу да парыз.

Экинчи Абсамат Масалиев

Мамлекеттигибиздин тарыхына из калтырган адам жөнүндө ар кандай пикирлердин, көз караштардын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш, мармелад деле элдин баарына жакпайт. Бирок, С.Жээнбеков жөнүндө кандай карама каршы пикирлер айтылбасын, анын ага чейинки мамлекет башчыларга салыштырганда таза, ыймандуу ынсаптуу инсан болгондугу эч кимде талаш туудурбайт. Ал бармактайынан таза келаткан жан. “Прихватташтыруу” убагында чоң совхоздун директору болуп т-руп, өзүнө ашыкча эч нерсе албай, жакындарына да үлүшкө тийгенден башка ашыкча бербей, бардыгына калыс, тең бөлүштүргөн адам кийин түз жолдон чыгып кетпейт экен.

Чындыгында ал бакыйган чоң облустун жетекчиси, өкмөт башчысы болуп иштегенде мамлекеттин казынасына кол салбады. Топуктуу болуп жүрүп чоң кызматтарга келсе, анысын бузбай ыйманы менен ыктыярдуу түрдө мамлекет башчылыгынан да кетти. Бул жагынан ал экинчи Апсамат Масалиев болду. А.Масалиев дегенде биз кристаллдай тазалыкты, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин биримдиги үчүн бардыгына кайыл болгон альтруисттик мыкты сапаттарды гана эмес, белгилүү деңгээлде пассивдүүлүктү, эч кандай кутумдуктарды, оюндарды билбеген баёолукту, бир позицияга келип алса, андан таптакыр кайтпаган кежирликти да түшүнөбүз. Тилекке каршы, Сооронбай Жээнбековдо да андай кемчиликтер болду. Эгерде суу жукпаган шылуундардан же өз бийлигин сактап калуу үчүн бардыгына даяр турган жанкечти саясатчылардан болсо, ал 5-октябрдагы кырдаалдан; атаандаштарынын көбүн алдап, жыйынтыктарды бурмалатып, же бирин-экинчилерине кагыштырып, оңой эле суурулуп чыгып кетмек.

Бирок, ал андай ыплас иштерге барбады. Айланасындагылардын айрымдары кандай кысым-басымдарды көрсөтүп, ар кандай жыландардын баштарын чыгарышкандыгына карабастан абийирин, колун жаман нерселерге булгабай таза бойдон кетти.

Анткени, С.Жээнбеков саясатка биротоло булганып, баңгилер нашаасыз тура албагандай, бийликсиз жашоолорун элестете албай калган, ал үчүн баардыгына барганга даяр тургандардан эмес, чоң сяасатка деле чындап кызыкпаган, ага кокустан эле келип калган, бийликтин, байлыктын артынан түшпөгөн, баарынан тынчтыкты, биримдикти жогору койгон топуктуулардан болчу.

Айрым мамлекеттердин башчылары кысым, басымдар, тополоңдор менен бийликтеринен кеткенде заматта карып, алдастап кетишет. Ага мисал катары Сербиянын мурдагы президенти Слобадан Милошевичти көрсөтүүгө болот. Ал бийликтен кеткендин эртеси эки эсе карый түшкөнү убагында айтылган. Бирок, С.Жээнбеков ар кимдерге док урунбады, опузалабады, алдастабады, эч кимден жардам сурабады. Бардык процедураларды аткарып, башын бийик көтөрүп татыктуу кетти. Эгерде анын ордунда Атамбаевге окшогон башка бирөө болсо,- Кыргызстанга кандай өнөрлөрдү көрсөтмөк, аны элестетүү да кыйын. Мүмкүн, түптүз эле жарандык кагылышууларга кирип кетмекпиз. Сооронбай Жээнбековдун бул жоругу кийинкилерге сабак болушу керек.

Экс-президенттин плюстары

Сооронбай Жээнбековду жакынкы, алыстагы өнөктөш өлкөлөрдүн, кошуна мамлекеттердин жетекчилери эң эле жылуу кабыл алып, урмат менен мамиле жасашты. Ал кыска убакыттын ичинде Түркия, Казакстан ж.б. кошуналар менен мамилени оңдоп, блокаданы ачты. Атамбаев – журналисттер менен тынбай чатакташып, аларды ири көлөмдөгү айып пулдарга жыкканды, саясый атаандаштарын маскаралап, шылдыңцап, ар кандай аттарга кондурганды адат кылып алса, С.Жээнбеков андай пастыктарга түшпөдү.

Күчтүү аймактарсыз – күчтүү мамалекет болбойт! – деген ураандын алдында бардык көңүлдү аймактарга топтоп, аларды өнүктүрүүгө аракеттенди. Өлкөнү санариптештирип, алдыңкы маалыматтык технологияларды киргизүүдө, “Таза суу”, “Коопсуз шаар” ж.б. долбоорлорун ишке ашырууда сезилерлик ийгиликтерге жетишти. Бишкектин негизги көчөлөрүнө видеобайкоочу жабдуулар орнотулгандан кийин жөө жүргүнчүлөр үчүн кесилиштерден өтүү кыйла жеңилдеп, автокырсыктар кескин азайгандыгына өзүбүз күбө болдук.

Сот реформасын илгерилетүүдө алгылыктуу жылыштар болду. Эң негизгиси, ири коррупциялык афераларды ашкерелеп, уурдалгандарды кайтаруу боюнча “чоң казатты” баштады. Кадрлар маселесинде Атамбаев жан сакчыларды, катчыларды, НПОшниктерди, тийиштүү даярдыктары жана билимдери таптакыр жокторду жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындай бергендей, баш аламандыктар болбоду.

Эң башкысы -экономика жана элдин турмушу

Улуу реформатор, жаңы Кытайдың архитектору Ден Сяопинь “кандай түстөгү мышык болсо да, чычкан кармаса болду” деп айткан. Анын сыңарындай, мамлекет башчысынын ишинин башкы сын-ченеми -экономика жана элдин турмушу болуп саналат. Экономиканы өнүктүрүп, элдин турмушун жакшырта албаган жетекчинин, ал кандай кооз ураан-чакырыктарды жамынбасын, эч кимге кереги жок. Кудай Кыргызстанды андайлардан алыс кылсын.

Эмне дебейли, мурдагы президент айыл чарбасын жакшы билген адам эле. Ошон үчүн ал аймактарды өнүктүрүүгө басым жасоону чечкен. Анын тышкы саясаттагы гана эмес, эл чарбасындагы эң башкы жетишкендиктери – 2018-2019-жылдарда Кытай, Россия, Еврошериктештик сыяктуу ж.б. өлкөлөр менен Кыргызстандын экономикасына жалпы көлөмү 16 миллиард долларга барабар инвестицияларды тартуу боюнча келишимдерге кол коюуга жетишкендиги болуп саналат. Ал долбоорлордун айрымдары ишке ашырылууда, калгандары ар кандай себептер менен кый-мылга келтириле элек. Эми аларды түрткүлөп, ишке ашыруу азыркы жана кийинки бийликтегилердин энчилерине туш келди. Пандемия болбогондо, алардан башкалар да ишке ашырыла баштамак. Пандемия бюджетибиздин төрттөн бир бөлүгүн жеп кетти. Ал да жетпей баратканда С.Жээнбеков жалпы көлөмү 480 миллион долларга барабар грант, кредиттерди тартууга жетишти. Азыр пандемиянын экинчи толкуну башталды. Мындан аркы абалыбыз кандай болот, дагы кайдан кошумча каражаттар табылат, ал азыркы бийликтегилердин көйгөйү болуп саналат.

С.Жээнбековдун дагы бир эмгеги, ал -мурда улуттук окумалдар арасында көп айтылып келген менен ишке ашпаган “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясын түздү.

Мурдагы президенттин минустары

Ачыгын айталы, С.Жээнбеков дасыккан саясатчы болгондугунан уламбы же натурасы ошондойбу, ага харизма, демилгелүүлүк, сөздүн жакшы маанисиндеги популисттик, чечкиндүүлүк жетишпеди. Ал коррупцияга каршы күрөштү баштаган менен аны системдүүлүккө, превентивдүүлүккө негизделген чаралардын комплексине айландыра албады. Аны түп тамырынан демонтаждоого аракеттенбестен кокустук көрүнүштөр менен чектелип келди. Ошондон улам билим берүү, саламаттыкты сактоо, сот, прокуратура, мамлекеттик сатып алуулар сыяктуу негизги тармактардагы чийеленишкен коррупциялык көрүнүштөр талкаланып кыркылган, тамырлары жулунган жок. Ал жол коопсуздугун көзөмөлдөө, мамлекеттик каттоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда чындыгында коррупцияны аз да болсо азайтууга жетишти. Калган жактарга тиши өтпөдү же эрки болбоду, аларга каршы кандай күрөш баштоону билбеди. Руханий-маданий жааттарда улуттун мыкты өкүлдөрүнүн жан дүйнөлөрүн өзүнө тартып, жалпы элдик резонансты жараткыдай демилге, ураандар менен чыгып, лидер экендигин көрсөтө албады. Ошон үчүн эл ага чечүүчү учурда кайдыгер бойдон калды.

Түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттердин бардыгы латын алфавитине өтүшкөн жана өтүшүүдө. С.Жээнбековдун латын алфавитине каршы чыгып, кириллицаны жактаганы эң чоң жаңылыштык болду. Эгерде биз да акырындап латын алфавитине өтпөсөк, түрк дүйнөсүнөн биротоло сыртта кала тургандыгыбызды, деги эле тамгаларыбызды латындаштыруу компьютердик иштерде, чет тилдерди үйрөнүүдө ыңгайлуу боло тургандыгын, орус тили алда качантан бери эле инновациялык жактан перифериялык тилдердин бирине айланып бараткандыгын, ал аркылуу чоң дүйнөгө кирүүгө мүмкүн болбой калгандыгын ал түшүнбөдү.

Кемчиликсиз адам, жетекчи болбойт. Салыштырып алганда, мурдагы президенттин позитивдүү жагы көп. Анын эл арасында башын бийик көтөрүп, коомдук турмушубузга активдүү катышып жүргөнгө моралдык укугу жетишерлик.

Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: “Майдан.кж”

Акзыйнат Эшпаева, Токон Эшпаевдин кичүү кызы, ырчы: "Атамдын жуула элек, кийип жүргөн көйнөгүн бир топко чейин жыттап, куса болуп жүрдүм"

Аккордеондун кубулжуган үнүнө авазы шайкеш келип, кыргыз музыкасына жаңылык киргизип кеткен Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу, аткаруучу Токон Эшпаев көзү тирүү болгондо азыр 70 жашты багындырмак экен. «Чаткалым», «Акманым», «Ак тилек», «Керме-Тоонун кыздары» деги койчу ушул сыяктуу керемет чыгармалары менен эсибизде калган Токон Эшпаевди кимдер гана билбейт. Ал ырчы обончу гана эле эмес, жакшы өмүрлүк жолдош, мыкты ата болгондугун балдары айтат. Кыздары да ата жолун улап, чыгармачыл чөйрөдө жүрүшөт. Биз анын кичүү кызы Акзыйнат Эшпаева менен маек курдук, ал бизге атасы тууралуу буларды айтып берди.

Акзыйнат сен Кыргыз Эл артисти Токон Эшпаевдин кызы эмессиңби, ал киши тууралуу эмне айта аласың?

– Атам кыргыз искусствосуна зор салымын кошуп, кыргыз элинин сый-урматына татып, мыкты обондорун мурас кылып калтырып кетти. Ал киши менен дайыма сыймыктанам, элдин баары сыйлап турушаар эле. Бирге иштешкен кесиптештери, жоро-жолдоштору “Токон тек гана ырдады. Жулунуп, байлыкка чуркабады. Карап турсаң момун, сахнага да басмырт маанайы менен чыгып, анан ырдаганда залды жарып салчу. Ар бир ыры керемет эле. Бир калыпта жүрчү” деп эскерип калышат. Атам чын эле ушундай адам болчу. Сыртта сыйлуу, залкар адам болсо, үйдө бизге мыкты ата болду. Чын эле бирөөгө катуу айта алчу эмес. Ашкере боорукер, бала кыял, мээримдүү, баласаак эле. Мээримдүү көздөрү, жылуу сөздөрү менен мыкты ата катары эсимде калды. Аттиң, ушул сөздөрүмдү атамдын көзү тирүүсүндө айтсам болмок, ага жетишпей калдым. Эми гана бой жетип, чоңое баштаганымда кете берди. Анын үстүнө атама ашыкча сөз айткандан да тартынчу элем.

– Эң кичүүсү болгондуктан, эрке болсоң керек, сени эмне деп эркелетчү эле?

– Ооба, мен алты бир туугандын эң кенжеси болгондуктан, эркелеп өстүм. Атам мени “мамакозу” деп эркелетип, бир дагы жолу мага үнүн өктөм чыгарып сүйлөгөнү эсимде жок. Балким мен кичинекей болгонгобу, айтор мени урушчу деле эмес. Антейин десем, өзү табиятынан момун, көп сүйлөбөгөн адам болчу. Үйдө деле өзү менен өзү болуп, анчамынча бузулган, сынган нерселерди оңдоп, кыбырап жүрө берер эле. Атымды да атам өзү коюптур. Улуу эжебиздин аты Аксаамай. Актилек деген байкем бар, анан Акмаанай эжем. Аларга уйкаш болсун деген ойдо Акзыйнат деп койсо керек.

– Көзү тирүү 6олгондо 70 жашка чыкмак экен, туулган күндөрүн белгилечү беле?

– Ажалга айла жок экен, жармашкан оору менен алышып жүрүп, эрте эле арабыздан кете бербедиби. Көзү тирүү болсо азыр 70 жашка чыгып, чоң той берип, юбилейин өткөрмөк экенбиз деп эскерип отурабыз. Мен каникул башталаары менен Ошко жөнөчүмүн. Атамдын туулган күнү жай айларына туш келгендиктен, жыл сайын бардыгыбыз чогулуп, туулган күнүн тосуп алчубуз. Каникул бүтүп Бишкекке жөнөөрүмдө атам жолго өзү узатып чыгаар эле. Ага мен дагы көнүп алгам. Көзү тирүү турса деле кетип атып бышактап ыйлай берчүмүн, атама деген кусалыгым канча жүрсөм да тарачу эмес. Ичим ачышкан бойдон кетчү элем. “Сабактарыңды жакшы оку, жалкоо болбо, көп уктаба. Эң негизгиси текеберленбей, жөнөкөй адам бол”-деген сыяктуу акыл-насаат кептери менен узатып кала берчү. Ошентип мектепте окуп жүргөн кезимде өтүп кетти. Өтүп кеткенден кийин айылда бир топ жүрүп калдым. Окуум башталгандыктан, кыркылыгы өткөндөн кийин шаарга кетиш керек болду. Баягы узатып чыккан атам жок, абдан жаман болдум. Ал учурду сөз менен жеткире албайм. Атамдын жуула элек, кийип жүргөн көйнөгүн ала келип, бир топко чейин жыттап, куса болуп жүрдүм.

– Токон Эшпаев деген атты жалпы кыргыз журтчулугу билет, талантын сыйлайт. Ушундай инсандын кызы болгонуңа сыймыктансаң керек?..

– Ушундай улуу таланттын, жакшы адамдын кызы болгонума шүгүр келтирем, сыймыктанам. Залкар адамдын кызы болуу албетте сыймык, бирок жөн гана эң мыкты адамдын кызы болуш андан өткөн сыймык. Атактуу болгонуна карабай жөнөкөй эле. Мындай инсандын кызы болуу сыймыктуу болгону менен ошончолук жоопкерчилиги да бар. Аны ар бирибиз сезип турабыз. Бир туугандар ичинен Акмаанай эжем экөөбүз эл алдына чыгып жүрбөйбүзбү, ошол себептен атабыздын атын булгап албайлы деп турабыз.

Булак: “Майдан.кж”

Кыргыз улутунун келечегине жаштар тараптан коркунуч туулабы?

Же биздин тарбиянын максаты – ар намыстуу, улутман, патриот муундарды остуруп чыгаруубу же улутсуз, тарыхый тамырсыз, космополит маңкурттарды уядан учуруубу?

1. Өз чүрпөсүнүн өз эне тилинде тили чыгыш укугуна кыянаттык кылуу же баласын табигый шыбагасынан ажыраткан ата-эне 

Биздин Ала-Тообуздун ичинде кыргыздардын арасында кимдер арбын? Өзүнүн кыргыз экенине эсеп бербеген, улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү, улуттук ар намысы, улутмандык сезими ойгонбогон, көр-тирликтен башканы ойлонбогон Эшмат, Ташматтар арбын. Чиним бар деп чиренген чиновниктердин, чочоңдогон чоңдорубуздун арасында улут кызыкчылыгын ойлонбогон “Абыке-Көбөштөр” арбын. Дагы кимдер көп? Улуттук дөөлөттөрүн, “Манасын” тааныбаган, өз тарыхый тамырына чоочун космополиттер, чет жактан келген модалардын жана жат идеологиянын “этегине намаз окуган”, өз коломтосуна түкүргөн, эне тилине кайдыгер маңкурт жандар да аз эмес. Бишкектен автобустарда, троллейбустарда өзүнүн 3-4 жаштагы чүрпөсү менен орус тилинде сүйлөшүп бараткан кыргыз энелерди жолуктурабыз. Кыпчып айта кетели, кеп бул жерде орус тилинде эмес, кеп эненин өз кулунунун өз эне тилинде тили чыгышына укуктуу экенине көз жумуп, баланы табигый шыбагасынан ажыратып жаткандыгында. Кыргыз чүрпөнүн тилин кыргызча эмес, орусча чыгарган эне улуттук аң-сезимден таптакыр ажыраган маңкурт же нигилист эмей эмне? Бул жалгыз факты эмес. Анан калса, өз элин, жерин, эгемендүүлүгүн сатып жиберүүгө даяр “көзкамандар” да жок эмес. Мындай адамдык типтер, айрыкча, глобалдашуунун шарттарында майда этносторду, бутуна жакшы тура элек кичине улуттарды чоң улуттар, чоң державалар ассимиляциялап “жутуп” коюу коркунучунун кырдаалында, кыргыз мамлекети үчүн кооптуу жана опурталдуу. Мындай улуттук руху бүлгүнгө учураган типтер улам арбый берсе, эгемендүүлүгүбүздү жоготуш, бөлөк мамлекеттерге кул болуп калыш оңой.

2. Ата-бабалардын ар намыс кодекси кайда? Же кыргыз коомунун алдында айкүрүнөн турган маселе

Кыскасын айтканда, глобалдашуунун шарттарында өзүнүн улуттук пайдубалын, улуттук иденттүүлүгүн бекемдөө үчүн кыргыз мамлекетине кыргыз рухун, Манас рухун алып жүргөн мекенчил жарандар аба менен суудай зарыл болуп турат.

Андыктан кыргыз коомунун алдында бүгүн билимдүүлүк, илимдүүлүк сапаттар менен кошо өзүндө улуттук руханиятты алып жүргөн, көкүрөк – көөдөнүндө ата-бабалардын ар намыс кодексин көтөрүп жүргөн уңгучул, улутман, патриот жарандарды тарбиялоо, өстүрүп чыгаруу, муундардын улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүсүн калыптандыруу маселеси өзгөчө курч түрдө, айкүрүнөн туруп жатат.

Улутту кантип сактайбыз? Дүйнөлүк көчкө кантип кошулабыз? Бул чоң суроо өлкө башчыларынын көңүл чордонунда турушу зарыл. “Дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, багытыбыз, эртеңки күнүбүз кандай болот? Биздин дүйнөлүк сахнада ордубуз, алган багытыбыз болушу керек”,- деп улуу Ч.Айтматов бекеринен толгонгон, санааркаган эмес. Экономика, чарба, жемкорлукка каршы күрөш менен алек болгон жакшы. Бирок дүйнөлүк сахнада татыктуу кыргыз улуту болуш үчүн муундарды улуу Манас руху менен сугарып, татыктуу кыргыз кылып тарбиялоо деген чоң саясатты эстен чыгарбай, аны стратегия катары кармануу күн тартибинде турат.

3. Улуттук тарбиясы кучтүү калктар же Кыргызстандагы немис улуту мусулман, орус же кыргыз болуп кеткен жок

Мына карайлычы, Германиядагы немис каерде болбосун немис бойдон калат. “Мен немисмин!”-деп сыймыктанат. Туура да, немистер кылымдап калыптанган, түпкү негиздери бекем, улуттук таалим-тарбиясы күчтүү улут. Германиялык адам качан болбосун, кайсы жерде болбосун ар дайым немис тили, немис менталитети менен бирге. Маселен, кыргызстандык немистер канча жыл Ала-Тоодо жашаса да, кыргыз же орус болуп, мусулман болуп кетишкен жок го.

Кавказ аймагындагы грузиндер, армяндар да ушундай. Булардын өздөрүнүн улуттук өзгөчө алфавиттери да бар. Билимдүү – илимдүү да, грузин дайыма грузин, армян дайыма армян. Өздөрүнүн улутук жүзүн ар качан бекем сакташат.

4. Түркиянын билим-тарбия идеологиясы кандай?

Кыргызстандагы түркиялык адам, кыргыз тилин суудай билсе да, ар дайым түрк болуп жашайт. Эмне үчүн мындай? Себеп дегенде, бул өлкөлөрдүн жарандары тырмактай бала кезинен үй-бүлөдө, бала бакчада, мектепте өз эне тили менен, өз улуту менен сыймыктанууга, улуттук ар намыска, мекенчил сезимге тарбияланат. Өз чөйрөсү улуттук сезимди, улуттук касиетти, улутмандыкты баланын кан-жанына кенедейинен сиңирип коёт. Аталган мамлекеттерде улутту улут катары сактоо саясаты күчтүү. Маселен, Түркиянын билим-тарбия системасынын башкы жобосун жана максатын карап көрөлүчү. Бул өлкөнүн билим берүү мыйзамында мындай деп жазылган: “Түрк улуттук билим берүүсүнүн максаты – түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн прициптерине, революциясына жана Башмыйзамда көрсөтүлгөн Ататүрк патриоттуулугуна (мекенчилдигине) ылайык түрк улутунун улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалулууктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн, үй бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн жана дайыма өркүндөтүүгө аракет кылган, инсан укуктарына жана Башмыйзамдагы негизги принциптерге таянган демократиялык, граждандык жана социалдык укуктук мамлекет болгон Туркия жумуриятынын алдындагы милдет жана жоопкерчиликтерин билген, ошондой эле аларды аракетке келтирген мекендештер катары калыптандыруу”.

Ошол эле Түркияда мектеп мугалиминин антында: “түрк улуттук патриоттулугуна, баш мыйзамдын негизги принциптерине берилүү менен иштээриме, окуучуларымды ушуга ылайык тарбиялоого ар намысым жана абийирим менен ант берем”-деп жазылган. Кыскасы, бөлөк өлкөлөрдүн билим берүү башкы документтеринде демократиялык идеалдар менен катар жаштарды өз улутунун, өз мамлекетинин баалуулуктарынын негизинде тарбиялоого багыттар ачык-айкын жазылат. Бөлөк мамлекеттер мына ушинтип, окуу-тарбиянын башкы максатын өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарынан жана муктаждыктарынан чыгып аныктайт. Мындан улам эмнени айтууга болот? Демек, Түркиянын билим-тарбия системасынан өз калкын түрк улуту катары сактоо жана өнүктүрүү философиясы, ар бир түрк жаранын өз мекенинин патриоту катары калыптандыруу саясаты ачык байкалып турат.

5. Кыргызстанда ак калпак кыргызды улут катары сактоо саясаты барбы?

Ушул контексте Кыргызстандагы бүгүнкү абалга кайрылып көрөлүчү. Бизде кыргыз улутун кыргыз улуту катары сактоо, өнүктүрүү, кыргыз балдарды кыргыз кылып тарбиялап өстүрүү саясаты барбы? Бар болсо, ал саясат туруктуу түрдө, активдүү түрдө жүргүзүлөбү? Мындай саясат бизге окшогон, жаңыдан өз алдынчалыкка ээ болгон, бирок тоталитаризмдин учурунда маңкуртгук илдетке көбүрөөк чалдыккан өлкөдө өзгөчө интенсивдүүлүк менен жүргүзүлүшү керек. Илгери Манас атабыз өз ата-бабаларынын баатырдык тарыхы менен мактанып: “Биздин элди сурасаң, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөтөнчө журт олуя, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган”- деп сыймыктанып турчу экен.

А биздин бүгүнкү кээ бир өспүрүмдөр “эгер сен кайра төрөлүп калсаң ким болууну каалар элең?”-деген телевидениенин суроосуна: “немис болгум келет, англичанин болууну каалайм, орус болгум келет”- деп жооп берип отурушат. Алар бир гана кыргыз болууну каалабайт. Суроо туулат, Манас атадай, Бакай атадай, Чолпонбай Түлөбердиевдей кыргыз болуу жаман нерсеби? Тайлак баатырдай, Курманжан даткадай, Кыдыр Акедей, Жусуп Абдрахмановдой, Ишенаалы Арабаевдей, Искак Раззаковдой, Зууракан Кайназаровадай, Кожомкул балбандай, Чынгыз Айтматовдой, Султан Ибраимовдой, Таштанбек Акматовдой кыргыз болгуң келбейби? Булар керек болсо кыргыз гана эмес, жалпы адамзат сыймыктанчу инсандар эмеспи.

6. Муундарга улуттук баалуулуктардын негизинде тарбия берүү стратегиясы жок өлкө

Кыргыз эли Азиядагы эң байыркы, бир кезде өзүнүн империясын курган, өзүнүн жазуу – сызуусуна эгедер болгон, ак жаркын, жеңиштерге да, трагедияга да бай тарыхы бар каарман, жоокер эл болгон. Кыргыз болуу сыймыктуу экендигин жогоруда Манас атабыз адилет белгилеген. Бирок союз кезиндеги тоталитардык-коммунисттик үстөмчүл идеологиянын тушунда тарыхый тамырларыбыз кыркылып, тексиз, сабатсыз, караңгы кыргыз деген басынткан империялык шовинизмден коркуу сезими ушунчалык каныбызга сиңип калган деңиз, бүгүнкү күнгө дейре катардагы жарандарыбыздан тартып, өйдө жактагы чоңдорубузга чейин “улут”, “улутту сүйүү” деген сөздөн чочулап турабыз. Кыргызым дебе, улутчул дешпесин, интернационалист бол дешет. Бизде улуттук кадыр-барк сезими (чувство национального достоинства) көп учурда өзүнүн уктаган, селейген абалын улантууда. Мына ушундан улам муундарды улуттук нарк-дөөлөттөрдүн негизинде тарбиялоо концепциясы кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик деңгээлде расмий түрдө кабыл алынбагандыгы бекеринен эмес деп айткыбыз келет. Мындай стратегия жок. “Манас” жөнүндө мыйзам кабыл алынганы менен ал иштебей, унутта калтырылгандыгы баарыбызга маалым.

7. Билим берүү системабыз улуттук ар намысты, мекенчилдикти, патриотту эмес, жалпы эле “дүйнөнүн граждандарын” тарбиялайбы?

Биздин билим берүү боюнча мамлекеттик доктриналарыбыз, концепцияларыбыз, мыйзамдарыбыз, улутманды, патриотту, мекенчилди эмес, жалпы эле “дүйнөнүн граждандарын” окутуп тарбиялоого көбүрөөк эсептелген. Маселен, Грузияда жанагындай грузин баланы грузин кылып тарбиялоо, Түркияда түрк урпагын түрк кылып калыптандыруу, ал аркылуу улутту сактоо, улуттун улут катары келечегин куруу саясаты жүрсө, Кыргызстанда кыргызды кыргыз кылып тарбиялоо, өстүрүү педагогикасы жана идеологиясы жолго коюлбаган. Буга көңүл бурулбайт. Мына ушундан улам жогоруда кыргыз өспүрүмдөрдүн “эгер кайра туулуп калсам немис, англичанин, орус болгум келет”- деп атышканы бекеринен эмес.

Өзүнүн улуттук тарыхый тамырын тааныбаган, өзүнүн бир боор улутуна таандык болгондугу менен сыймыктана албаган өйдөдөгү өспүрүм балдарды бир жагынан күнөөлөп болбойт дегим келет. Күнөө бул жерде ошол балдарды кичинекейинен “тарбиялап” келе жаткан чоңдордо, жеткинчектердин акыл-эсинде тарыхый эстутумду, өз учурунда жаратып, түзө албаган, алардын жан дүйнөсүнө патриоттук, атуулдук-граждандык, улуттук ар намыс сезимин сиңире албаган биздин коомдук тарбия системабыздын алсыздыгында дээр элем. Бул балдар жалгыз эмес.

8. Чыныгы кыргыз болуу деген эмне?

Кыргыз болуу деген эмне? Кыргыз болуу деген ата-бабалардын кылымдардын сыноосунан өткөн руханий салттарын улоо, Манас, Бакай, Кошой аталардай чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, жоголгон жокту тапкан, мекенчил атуул болуу деген сөз.

Кыргыз болуу деген Курманбек баатырдай, Жаңыл мырзадай, эли-жерин коргогон патриот болуу, элинин, мекенинин бүгүнкү эркиндигин, эгемендүү мамлекеттүүлүгүн патриот аталар сыяктуу эң жогорку баалуулук катары ыйык тутуу жана мамлекетинин гүлдөп өнүгүшү үчүн кара жанын карч уруу деген сөз.

Кыргыз болуу деген сөз, ак калпак калктын цивилизация бузбаган, илгертен келе жаткан адептик-ыймандык, моралдык – этикалык дөөлөттөрүн, маданий нарктарын, каада-салттарын, көчмөндүк оюндарын көкүрөк көөдөнүндө көтөрүп жүрүү, жүрүм-турумунда алып жүрүү деген сөз. Кыргыз болуу деген сөз, кыргыз тилин жүрөгүндө алдейлеп, туу кылып көкөлөтүп, алып жүрүү, “өзгө тилди канча жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм”- деп сыймыктана чын дилинен төгүлүү деген сөз.

Кыргыз болуу деген сөз, ата-бабалардын тарыхы менен сыймыктануу жана бекем тарыхый эс тутумга ээ болуу, улут аралык, эл аралык ынтымак, достукка бекем болуу деген сөз.

Албетте, кыргыз деген дүйнөлүк илим билимди, инновацияларды адам укугун демократиялык принциптерди да, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү да өздөштүрөт. Бирок ал өзөгүндө кыргыз болуп, кыргыз касиеттерин сактап жашайт. Демек, баланы кыргыз кылып тарбиялоо эң сонун нерсе, эң сонун мүдөө турбайбы.

Тилекке каршы, биздин өлкөдө ушундай улутмандык таалим-тарбия саясаты туруктуу, системалуу жүрбөй келди. Ушул мааниде бардык тарбия институттарына, билим берүү системасына багыт болуп бере турган мамлекеттик стратегия иштелип, кабыл алынбай кечикти. Улуттук идеология жок болсо, коомдо багыты жок башаламандык өкүм сүрөт экен да.

9. Россия менен Казакстандын өрнөгү

Коңшу Казакстанда, Россияда муундарды патриотизмге тарбиялоо концепциялары, программалары 20- кылымдын 90-жылдарында эле мамлекеттик деңгээлде кабыл алынып, андан бери карай улам өркүндөтүлүп, колдонулуп келе жатат. А бизде эмне үчүн бул жок? Бир жагынан айтсак, кантип болот? Ажо дегендер өлкөдөн качып, түрмөгө тутулуп, премьер-министрлерибиз ат тезегин кургатпай, жыл сайын алмашып отурса, кайдагы тарбия стратегиясы болот? Ишенген кожолоруң сууга агып жатса, кайдагы улутту сактоо саясаты жүрөт?

10. Улуттук сыймыктан, кыргыз рухунан ажыраган жаштар – келечегибиздин шору болобу? Же бүгүнкү тарбиянын ачуу чындыктары

Бүгүн таалим-тарбия жаатынан эмнени көрүп отурабыз? Көз алдыбызда китеп окуу маданиятынан ажыраган, көркөм адабият окубаган, башына интернеттен алынган ар кандай маалыматтардын үймөгүн толтуруп алган, “компьютер баштуу” (Мухтар Шаханов), чөнтөк телефон маңкурттары, рухий сулуулукка, асылдыкка, адамдык наркка умтулууну киреше бербес тармак деп эсептеген, дүйнөгө жалаң коммерциянын ыңгайынан кароого ык алган, өз эне тилин жерип, чет өлкөнүн тилине кудайындай сыйынган, улуттук нигилизм жагына оогон жаштар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыгып келди. Мындай кыргыз рухунан, улуттук сыймыктан кагылган жаштар кыргыз улутунун жакынкы келечегинин шору болушу толук ыктымал. Биздин акындарыбыз: Умтулуп алга кетсең да, Уюткуң сакта кыргызым Капиталга жетсең да, Каадаңды сакта кыргызым, Өйдөлөп канат каксаң да, Өзөгүң сакта кыргызым. Көкөлөп учуп чыксаң да, Көрөңгөң сакат кыргызым – деп какшап эле ырдап атышат. Бирок, буга үй-бүлөлүк деңгээлде да, өкмөттүк деңгээлде да кулак сагышпайт. Тескерисинче, кыргыз үй- бүлөлөрүндө ата-энелердин кыргызча окутууну чанып, өз чүрпөлөрүн орус бала бакчасына, орус, англис класстарына, мектептерине өткөрүү тенденциясы күч алууда. Натыйжада эмнелерге күбө болуудабыз. Шаарлардагы жалаң кыргыздар жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда кыргыз чүрпөлөрдүн орусча кужурап ойноп жатышканын көрүп отурабыз. Ал жерде бир да орус жок. Албетте, бөбөктөрдүн тил билгени жакшы. Бирок алардын кыргыз болбой, киргиз болуп тарбияланып жатканы тынчсыздандырат. Бул фактынын өзү кыргыз үй-бүлөсүндө улуттук ориентирдин жоктугунун, үй-бүлөдөгү кыргыз рухунун деградациясынын, өлкөнүн улуттук идеологиясынын жоктугунун натыйжасы.

Практика далилдеп жатат. Эгер таалим-тарбия өзүнүн этникалык кыртышынан, улуттук көрөңгөдөн жана салттан ажыраса, мунун натыйжасы, жемиши катары маңкурткул, тамырсыз космополит, өз коломтосуна чоочун “көзкамандар”, жалпы эле “дүйнөнүн гражданы” же нигилист келип чыгарына күбө болуудабыз. Улуу Манас Атабызга Москва шаарында эстелик тургузулгандыгы үчүн Бишкектик Бахтияр аттуу жигиттин өлкөнүн президентине каршы джихад жарыялагандыгын эске түшүрөлү (“Вечерний Бишкек”, 26.05.2017). Төбө чачты тик тургузган бул эмне деген тарбиясыздык, не деген маңкуртчулук жана көзкаманчылык. Мына, карагын, өзүбүздүн Олжобай менен Кишимжандын, Семетей менен Айчүрөктүн, Акмөөр менен Болоттун, Аксаткын менен Кулмырзанын, Манас менен Каныкейдин, кийинкиси Канат менен Заринанын, өзүбүздүн чыгыштагы атактуу Лейли менен Мажнундун, Фархат менен Шириндин укмуштуу сүйүүлөрүн майрам күнү кылбай, батыштан экспорттолгон “Валентин күнүн” майрамдоо, өз улуттук баалуулуктарын, өз тамырын, тебелеп-тепсеп, өз баркын билбей, өзгөлөрдү белимчидей тууроо – ата-тегин билбеген кулчулук эмеспи.

Жаштарыбызда өздөрүнүн тагдырын бир тууган мекени, Ата-Журту менен бекем байланышта карабаган тенденция өсүп бара жатат. 2011-2012-жылдарда Кыргызстандын бардык жети областында социологиялык изилдөөгө тартылган 1410 жаш адамдын баалуулук ориентациясында “мекенчилдик” акыркы орундардын бирин ээлеген (8,3). Жаштар өз өлкөсүнүн рухий мурастарын үйрөнүү жагынан да пассивдүүлүктөрүн көрсөтүшүүдө. Ошол эле социологиялык изилдөө жаштардын, мисалы “Манас”’эпосун айрым үзүндүлөр түрүндө гана үсүл-кесил билерлигин аныктаган (Романов Б., Исаев К., Сыргабаев С. Кыргызстан жаштарынын социалдык бейнеси- бейнеси -Бишкек, 2012, 47-бет).

11. Улутубуздун ички биримдигине шек кетүүдө же кыргыз мамлекети өз жарандарынын тарбиясына качан идеологиялык багыт берет?

Кыскасын айтканда, улуттук баалуулуктарга негизделген таалим тарбия багыттамасы мамлекеттик деңгээлде документтештирилип, системалуу түрдө жолго салынбагандыктан улам өлкөдө келип чыккан вакуумду массалык маданияттын арзан стандарттары жана стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр тарбия “арабабызды” Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып урпактарыбыздын социалдашуусу ыраатсыз, башаламан өтүп жатат. Бүгүн кыргыз жаштарынын бири “Хизбут-Тахир” болсо, экинчиси христианин, үчүнчүсү буддист, төртүнчүсү баптист, дагы бири иоговдук сектанын мүчөсү, дагы бири диндик экстремисттик-террордук уюмдын катарында. Жаштарыбыз ар түркүн диндик багыттарды, агымдарды тутунуп, бири-бирине чоочун диндик ишенимдер боюнча ич ара топторго ажырап, калкыбыздын ички биримдигине шек кетип жатат. Булар кооптуу, коркунучтуу тенденциялар. Ушундай жагдайлардан улам күйүп-бышкан акындык жүрөктөн төмөнкүдөй ыр саптары жаралып отурбайбы:

Аскербегиң ары жок,

Башка динге өттүбү?

Байкесин ээрчип Батмакан, Баптизмге көчтүбү?

Сарыгул балаң арабдын, Сакалын барып өптүбү? Мойнуна крест тагынган, Паранжыны жамынган,

Улут безер уул-кызы,

Уу жуткузуп кеттиби?

Чынар болот дегендин,

Чырагы минтип өчтүбү?

Жашы менен карысы,

Сотканы тиктейм баарысы. Экранда даң салат, Киллерлердин жарышы.

Киши өлтүргүч кинолор, Жаштардын болду дарысы, Кыргызың үчүн буларың, Кызыктын болду нагызы. Китептер калды окулбай, Китептин чыкпайт дабышы. Тарбияга ушубу,

Өлкөңдүн берген багыты? Сагызгандын уясы,

Сайда калды кыргызым. Тукумга берген тарбияң,

Кайда калды, кыргызым. Көгүчкөндн уясы,

Көлдө калды кыргызым, Башаламан тарбияң,

Чөлдө калды кыргызым?…

Советбек Байгазиев, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, профессор-публицист

Булак: “Майдан.кж”

Камчыбек Ташиев УКМКнын ишин жөндөп кете алабы?

Бекболот Талгарбеков, экс-министр:

“Коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрөөрүнөн шек санабайм”

– Камчыбек Ташиевдин криминалдар менен коррупционерлерге жарыялаган күрөшүнөн майнап чыгабы?

– Камчыбек Ташиевдин чоң саясатта жүргөнүнө он беш жыл болду. Депутат, министр, парламентте фракция жетекчиси катары өзүн көрсөтө алды. Жетекчилик мыкты сапаттары бар. Анык профессионал, койгон максаттарын турмушка ийгиликтүү ишке ашыра алат. Мен шакиртимдин саясатта тазалыгы менен өзгөчө сыймыктанам. Эмгек жолунда элдин, мамлекеттин чөнтөгүнө эч кол салбады. Казынадан бир сом уурдабады, бир кирпич же бир сотка жер менчиктештирип албады. Ошол себептен, биздин терең коррупцияга баткан өлкөбүздө Камчыбектин улуттук коопсуздук кызматын жетектеши эң туура болду. Учурда ал Садыр Жапаров экөө зор иштерди баштап, улуу максаттарды коюп жатышат. “Баары ойдогудай болот”- деп айтуудан алысмын. Кыйынчылыктар жетиштүү. Бирок, коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрөөрүнө, анын деңгээли бир топ ылдыйлаарынан шек санабайм. Таза жана эрки күчтүү инсандар гана коррупция жана криминалга каршы күрөшүүдө жеңишке жетише алышат.

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер:

“Эң башкысы – Камчыбек Ташиев мамлекетибиздин патриоту”

– Жусупжан агай, коомчулукта Камчыбек Ташиевдин Улуттук коопсуздук кызматына жетекчи болуп дайындалганын бири колдосо, бири сындап жатат. Ал ишенимди актай алабы?

-Камчыбек Ташиев Кыргызстандын ысык-суугуна чыдаган жана мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө алдыңкылардан болуп, өз салымын кошуп жүргөн жарандарыбыздын бири! Эң башкысы мамлекетибиздин патриоту! Менин оюмча Камчыбек иним ишенип берилген кызматын өтөөсүнө чыгат. Чоң ишеним менен берилген кызматтын ажарын ачат деген ниеттемин! Көбүн эсе сырттан баш баккан жана каржыланган эл бузарларга чукул көңүлүн бурса керек деп ойлойм.

– Берген убадаларынын өтөөсүнө чыгып, коррупционерлер менен криминалга каршы күрөшкөнгө күчү жетеби?

– Камчыбек иним эл ишенимин актоо үчүн коррупция менен күрөштү күчөтүп, криминал менен аёсуз күрөшөт. Ошондой эле элдин канын соргон коррупциянын түпкүрүндөгү күрөө тамырын кыркышы керек. Камчыбек Ташиев үчүн алдыда өтө чоң сыноо турат. Жаңы жумушунда ийгилик колдосун, кажыбас кайрат, эрк тилеймин жана этият болуусун каалайм.

Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер:

“Убакыт берип, ишине ийгилик каалайлы”

– Самсаалы мырза, Камчыбек Ташиев Мамлекеттик Улуттук коопсуздук кызматына жетекчи болуп дайындалды. Жооптуу кызматты аркалаганы туура эле болдубу?

– Туура же туура эмес деп айтыш али эрте. Убакыт берип, ишине ийгилик каалайлы. Кызматына киришип жатып, журналисттерге берген жооптору жакты. Эл үчүн, мамлекет үчүн иштейм деген ниети билинип турат. Баягы атың ачкүр ковид менен ооруп айыкканда айткан сөзү да эсимде. Негизи кайсыл жерде болбосун адам аракеттенсе эле жыйынтык чыгат. Азырынча сын айткандан оолак болуп, убакыт бергенибиз оң болоор.

– Камчыбек Ташиев коррупция жана криминал менен курөшө алабы?

– Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп жакшы иштегени көп эле жерде айтылып жүрөт. Андан бери да башынан далай нерсе өттү. Криминал жана коррупционерлер менен күрөшө алат деп ойлойм.

Турсунбек Акун, шайлоо боюнча мониторинг борборунун жетекчиси:

“Камчыбек Ташиев элдин ишенимине ээ болгон өжөр, баштаган ишин аягына чыгарган таза адам”

– Турсунбек мырза, коомчулукта Камчыбек Ташиевдин УКМКны жетектегени боюнча түрдүү кептер айтылып жатат. Анын ошол кызматты аркалаганга 6асып өткөн жолу, кылган кызматы жол береби?

– Камчыбек мырза, биринчи күндөн баштап, Садырдын жанында болуп, достук милдетин аткарды. Досчулуктун мыкты үлгүсүн көрсөттү. Негизи Камчыбек Ташиев УКМКны жетектегени туура эле болду. Досуна жардам бериш үчүн да ошондой жооптуу кызматты аркалашы керек эле. Анын генералдык чини бар. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп да жакшы иштеген. ӨКМ деле кандайдыр бир деңгээлде аскердик уюм болуп эсептелет. Камчыбек Ташиев өзү да патриот. Ош окуясында патриоттуулугун даана көрсөткөн адам. Элдин таламын талашкан, элдин ишенимине ээ болгон өжөр, баштаган ишин аягына чыгарган, “ичти, жеди” деген сөз ээрчибеген, күрөшчүл таза адам. Эми шашып кетпей ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөп, токтоо болуп, бардык маселеге салмактуу чечим чыгарса, сөзсүз түрдө иштеп кетет. Ишинен да оң жыйынтык чыгарат. Мен бул дайындоону колдойм. Камчыбек Ташиевди туура эле дайындоо болду деп эсептейм. Ал тургай Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде Ташиевдин мезгилинде коррупцияга каршы чыныгы күрөш, тазалануу болгон, коррупционерлердин бетин ачкан деген жакшы сөздү калтырып кетет деген үмүтүм бар.

– Коррупционерлерди эселеп кустура алабы?

– Чынында коррупция менен күрөшүш өтө татаал. Оор процесс. Бирок, акчаларды уурдап коомго, мамлекетке зыян келтирген чиновниктерди катуу жазалап, алардан кустуруу же болбосо өндүрсө, мамлекет үчүн чоң иш кылган болот эле. Эми Садыр Жапаровдун командасындагы эң жакын жана ишенимдүү адамы болгон Камчыбек Ташиев айткан сөздөрүн, берген убадаларын аткарбаганга акысы жок. Анткени, убадаларды эл алдында берди.

Бейшенбек Абдырасаков, экс-депутат:

“Камчыбек Ташиев коррупционерлерди кустуруп, кытайдын карызын төлөтсө, кыргыздын тарыхында Исхак Раззаковдой болуп калат!”

– Бейшенбек мырза, Камчыбек Ташиев Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына туура эле дайындалдыбы?

– Камчыбек Ташиев аталган кызматка туура эле дайындалды. Баары бир бирөө келип баарын тазалаш керек эле. 30 жылдан бери баары аралашып кетти. Коррупционерлер, каралар, бийлик баары аралашып кетти! Мамлекет- мамлекет болбой эле бандиттик ОПГ болуп калды.

– Эми берген убадаларын аткарып, криминалдар менен күрөштү күчөтүп, коррупционерлерди кустура алабы?

– Берген убадасын аткарбаганга укугу жок. Эл ошону талап кылып жатат. Өтө оор кырдаалда келип, жоопкерчиликти мойнуна алды. Тарыхтын, элдин, мыйзамдын астында өзүнүн миссиясын так аткарыш керек! Шайлоо астында лозунгу ушундай болчу. Эми жагдай жакшы шарт түзүп берди. Туура, так аткарып, коррупционерлерди кустуруп, Кытайдын карызын төлөтсө, Кыргыздын тарыхында Исхак Раззаковдой болуп калат! Аткаралбаса баягылардын бири болот. Тарых, убакыт көрсөтөт.

– Сыймык Жапыкеев Финполицияга жетекчи болду. Эми 10 олигархты кустуруп, Кытайдын карызын төлөтүп коём деген убадасын аткара алабы?

– Сыймыктын колуна эми бийлик тийди. Эми убадасын аткарышы керек. Аткарбаганга айласы жок. Эл талап кылып жатат. Аткарбаса тигилердей эле болуп өзү да аралашып кетти деп жаман атты болуп калат.

– Мамлекеттин карызын фонд ачып төлөйлү дегендерди колдойсузбу?

– Фонд ачып төлөсө болот, бирок тыштан алган каражатты жөнөкөй эл жеген жок да. Ошондон улам 30 жыл бийликте жүргөн коррупционерлерге төлөтүш керек. Акаев 3 млрд, Бакиев 5 млрд, Атамбаев 5 млрд, Жеенбеков 5 млрд, Райым миллион 5 млрд төлөшү керек. Ушулардын жанында чогуу жүрүп, жегендер да төлөшү керек. Кыргызстандын 70 жыл чогулткан байлыгын 70 киши 7 күндө бөлүп алып, 90 пайыз элди жакыр кылып коюшкан. Ошолорго иш козгоп кустурсак эле Малайзиядай күчтүү мамлекет болобуз.

Айкөкүл Мырзабекова

Булак: “Майдан.кж”

Бийиктикти багынтуу оңой эмес

Альпинизм-Кыргызстанда

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанга жылына эки миңге жакын альпинистгер келет. Чет элдик альпинисттер тоого чыгаар алдында биринчи кезекте жергиликтүү малчыларга таянышат. Алар тоого коштоп барышат. Андан сырткары өкмөт альпинисттер чыны менен тажрыйбалуубу? Тоого аман-эсен барып келе алабы деген суроолордун айланасында иликтөө жүргүзөт. Тоого чыгуу үчүн уруксат алууда керек. Ал үчүн мамлекетке акча төлөшөт. Эгер мындай ураксат кагаз болбосо, анда жергиликтүү бийликтер альпинистти тоого чагарышпайт. Россиялык альпинист Кыргызстандагы Хан-Теңгри тоо чокусуна 34-жолу чыгып, рекорд орнотту. 63 жаштагы Глеб Соколов «Ак илбирс» наамынын бир нече жолку ээси. Бул сыйлык КМШ өлкөлөрүндөгү бардык 7 миң метрлик тоо чокуларын багындырган альпинистгерге ыйгарылат. Соколов планетанын эң бийик жери -Эверестке чыкканы менен дагы белгилүү.

Эверестти 26 саатта багынтты

Испаниялык альпинист Килиан Хорнет дүйнөдөгү эң бийик тоо Эверестти багындыруунун тездиги боюнча рекорд койду. Ал 8848 метрлик чокуга кислород баллону жана коопсуздук троссу жок эле 26 саатта чыгып барган. Анын команда мүчөлөрүнүн айткандарына караганда альпинист 5100 метр бийиктикте жайгашкан базалык лагерден өрдөп кеткен. Хорнет эми Эвересттеги башка дагы ар бир атактуу чокуга рекорддук убакытта чыгып барууну көздөөдө. Жергиликтүүлөр Эверестти непалдыктардын бири сегиз саатта эле багындырганын айтып келишет. Бирок аны эч ким ырастай элек. Демейде альпинисттер чокуга эки-үч жумада гана көтөрүлүшөт. Анда да ушу кезге чейин болгону 200 киши кислород баллону жок чыккан.

Бийиктикти багынтуудан мурун уруксат ал!

Негизги талаптардын бири -Эверестке 6500 метр бийиктиктен жогору чыгуу үчүн тажрыйба талап кылынат. Тажрыйбасы жок альпинисттерге татаал чокуларга барууга уруксат бербеш керек деп жатышат. Ошондой эле тоого чыгуу үчүн төлөнгөн каражаттын суммасын дагы көтөрүү сунушталды. Деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикке чейин баруу үчүн 35 миң долларга чейин, 8 метрден жогору болгон башка чокуларга чыгуу үчүн 20 миң доллар төлөм киргизүү каралууда. Непалда дүйнөдөгү эң бийик делген 14 тоо кыркасы жайгашкан. Комиссия мындан кийин альпинисттер милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү керек деген талапты койду. Эксперттердин сунушуна ылайык, Эверестти багындырууну каалагандар алды менен ден-соолугу тууралуу медициналык документтерди тапшырышы шарт. Ошондой эле тоогу чыгуунун алдында альпинисттердин базасынан дагы медициналык текшерүүдөн өткөрүү каралып жатат. Андан тышкары Эверестке чыгууну каалаган альпинисттер тажрыйбалуу гиддердин кызматын колдонуп, Эверестке чыгуу үчүн топ түзүү боюнча үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, сертификатка ээ компаниялар менен иштешиши керек. Өкмөттүк атайын комиссия быйылкы жазгы сезон учурунда Эвересттин 8848 метр бийиктигине чыгууга аракет кылып жатып, 11 киши каза болгондон кийин түзүлгөн. Алардын үчөө тоонун түндүк тарабынан, тагыраагы Тибет тарабынан чыгып баратып кырсыкка учураган. Калгандары Непалдын аймагынан катталды. Адатта мындай адам өлүмүнүн көбү кар көчкүнүн кесепетинен же маршруттан адашып кеткенден улам болот. Эверестти багындырууга болгон альпинизмдин тарыхында 280 киши каза болгон. Курман болгондордун дээрлик жарымы көчкү алдында калган. Ар бир бешинчиси маршруту үзгүлтүккө учурагандан улам көз жумган. Курч гипоксиядан жана башка оорулардан каза болгондор 16 пайызды түзөт.

Эң шамдагай, ыкчам альпинист

Дүйнөлүк Альпинизм Федерациясынын акыркы рейтинги боюнча 2018-жылдагы эң ыкчам альпинист катары ирандык Реза Алипур таанылды. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, «Азиянын гепарды» аталган ирандык жаш альпинист Реза Алипур 324,68 упай менен франциялык Basa Movawa жана орусиялык Дмитрий Тимофеев атуу атаандаштарынан озуп, ыкчамдык жактан 2018-жылдагы биринчиликти алды. Реза Алипур Ирандын Казвин шаарында туулган жана анын ыкчамдык жактан дүйнөлүк рекорду 5,48 секунд болуп катталган.

Ал мындан 5 жыл мурда Кытайда өткөн ДЧда 6, 24 секунд рекорд коюу менен алтын медалга ээ болуп, «Азиянын Гепарды» деген наамга татыган.

Булак: “Факты.кж”

"Дос секретарь"- "Босс" УКМК болду

«Ата Мекендин» атасы Текебаев айткан «Дос секретарь» Ташиев Камчыбек УКМКнын төрагасы болуп дайындалды. Бул дайындоо менен президенттин милдетин аткаруучу Жапаров мурунку өлкө башчыларынын жолоюна түшкөндөй эле бодду го. Болбосо бул кызматка татыктуу кадрлар жок эмес. Же бардык бийлик бутагын бир колго алып, ойлогон оюн ишке ашырып, «чындап» иштейин деп чечтиби? Жаңы дайындалган УКМКнын жетекчиси көчүгү креслого тийип-тийбей туруп журналисттерге пресс-конференция бергенге да үлгүрдү. Бакылдап сүйлөгөн Камчыке ал ортодо кара дүйнө өқүлдөрүнө «урматтуу» деп кайрылганга үлгүрдү. Ал өз сөзүндө «Урматтуу бандиттер! Силерге бир аз убакыт берем. Өлкөдөн чыгып кеткиле же мыйзам чегинде жашагыла, болбосо келип камералардан орун алгыла. Кыргызстан бандиттердин жана коррупуционерлердин өлкөсү эмес! Мындан ары уурулар 2-3 жол тандабас менен кортеж болуп жүрүшпөйт. Алар бекинишет же өлкөдөн качышат »- деди. Качан эле УКМК каралар менен күрөш жүргүзүп калды эле, каралар менен ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы күрөшчү эле го деп биз олтурабыз. УКМК деп аты айтып тургандай эле улуттун коопсуздугун ойлогон, коргогон мамлекеттик кызмат эмеспи Камчыбек Кыдыршаевич? Же көптөн бери жете албай жүргөн кызматка жетип, алабармандыкка алдырып койдуңузбу?

Булак: “Факты.кж”

Ташиев президенттик шайлоого катышпайт

Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. УКМК төрагасы Ташиев:

Мага ишенип, мени бул кызматка дайындып жатышат. Буга чейин кайсы бир компанияларда менин үлүшүм болгон болсо баарын өткөрүп берем. Башка бардык иштеримди жыйыштырып, элим үчүн, мыйзам чегинде берилүү менен кызматымды көрсөтөм. Ишимдеги ар бир ийгилим -ошол менин жеңишим!

Булак: “Факты.кж”

Текебаевдин канча жүзү бар?

Конституциянын атасы делген Текебаев арыз жазып кайра көптөн күткөн депутаттык мандатка ээ болду. Алгачкы эле жыйында кыраатын келтире сөз сүйлөп, президенттин милдетин аткаруучу Жапаровго сөөмөй кезеп, алдыда боло турган президенттик шайлоого катыша албай турганын эскертип жатты эле. Андан көп өтпөй эле Жапаровдун президенттик шайлоого катышууга жолу бар деп жыландын башын кылтыйтты.

Булак: “Факты.кж”

Меню