Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат»

 

— Табылды мырза, бийликке каршы үн катып жаткан Өмүрбек Текебаевдин 2 айга камакка алынышы саясий абалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

– -Бул суроого алды менен кечээки ЖКнын отуруму жакшы мисал болуп берет го дейм. Айрым калбыры бар депутаттар үн каталбай коркуп жатпадыбы. Айрымдары бийликтин сөзүн, көзүн карап, күнкарамага айланып жатпадыбы. Эл көрүп алып күлүп жатат. Бүгүн президент Атамбаевге тике карап, чындыкты көзүнө айта ала турган бир эле Текебаев болчу. Ошого аны саясий негизде кандай гана болбосун оюндан чыгаруу керек деген операциясы жүрүп жатат. Муну Акаев, Бакиев деле жасап келген. Аны баарыбыз билебиз. Башкасын айтпасак да “Матрешкагейтти” эстесек жетиштүү. Бүгүн болсо “Мародерство”, “ Белизгейт” эми “Маевскигейт”. Менимче, эми бийликке эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ал президенттик шайлоолорду өзү каалагандай өткөрөт. Масленин баары ошондо.

— Текебаевге жан тарткан саясатчылардын басымдуу бөлүгү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болууда. Башка саясий күчтөр сырттан байкап тургандай элес калтырууда. Бул кармаш Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн ортосунда боло турган болуп калды окшойт. Кайсыл тарап элге жакыныраак боло алат?

— Ооба, 31-августта А. Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн кескин сынга алып, тирешке жол ачты. Бирок, саясатчылар президенттик шайлоолор алдында өзүнчө ар бир кандидаттын тегерегине топтолушат. Башкача айтканда бир эле УӨ эмес, башка да күчтөр пайда болот. Бүгүн эле өлкөдөгү баардык патриоттук күчтөрдү бириктирген күчтүн пайда боло тургандыгы айтылды. Президенттикке барам деп жарыя кылган Т. Сариев, Б. Төрөбаевдердин тегерегине да бир топ саясатчылар топтолуп жатат дегендей.

— Башкы “Атамекенчиге” көрсөтмө берген орус ишкери Маевский өз өлкөсүндө ызы-чуулуу иштерге аралашканы, арты таза эмес экени маалым болду. Ал М. Бакиев менен тааныш болгон экен. Кийин Россиядан куулган Березовскийдин адамы болгону да айтылды. Ошондой адамдын көрсөтмөсү менен Текебаевге кылмыш ишин ачып, камакка алуу акылга сыйчу ишпи?

— Кыргызстанда абийири, ар- намысы күмөндүү адамдарды пайдаланып кылмыш ишин ачуу, саясатчыларды сындыруу көнүмүш болуп калды. Мына “атамекенчилер” үчүн “ мошенниктер”, мурда отуруп чыккан адамдар катары таанылган А. Юсупов, Рыкунова, Маевскийлер колдонулуп жатпайбы. Белизгейтте да эл аралык деңгээлде “мошенник” аталган компания колдонулбадыбы. Бирок, ушунун баарын көрүп туруп, саясатчылар унчукпай олтурушпайбы. Эртең эле бийлик алмашып кетсе, өзүлөрү ошондой абалга кептелип калаарын билбей жатышат. Анан калса, биздин саясатчыларда ар-намыс дегенден эч нерсе жок. Депутат болуп алып, Президент аппаратынын кызматкерлерине жүгүнүп кирип, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасап берип жатпайбы.

— Маевскийдин видео көрсөтмө берүүсүнө ФСБнын макулдугу жок биздин УКМК жетише алат беле? Бул ишке ФСБ да кызыкдар деп шек саноого болобу?

— Ооба, менимче Маевскийди ФСБнын жардамысыз арыз менен кайрылтуу кыйынга турмак. Анан калса, ал экс-депутат. Госдумада байланыштары бар дегендей. Биздин СНБ орус тараптын макулдугусуз башка өлкөнүн гражданинине, фракциянын лидерине каршы арыз жаздыра албайт. ФСБ дароо эмне үчүн биздин башыбыздан ашып түшүп иштеп жатасыңар деп чыкмак. Маевский ФСБ жана башка укук коргоо органдарынын колунда, башкача айтканда алардан көз каранды адам. Орусияда репутациясы өлгөн, бир канча жолу соттошуп, азыр да сотто жүрүп жаткан адам катары айтылууда. ФСБ ага “макул” биз бул ишиңди бүтүрүп берели, сен болсо кыргыз оппозиционерине каршы көрсөтмө бер деп көндүрүп коюштары мүмкүн да. Анан калса, Маевский өзү деле эмне үчүн биздин коопсуздук кызматына ишениши керек эле. Ошондуктан, менимче бул макулдашылган. Кайсы бир деңгээлде макулдукту алыш учун акча да берилген. Себеби, Орусияда деле биздегидей коррупция күч. Ошол эле учурда Маевскийге да көп нерселер убадаланышы мүмкүн. Мисалы, “Мегакомду” арзаныраак сатууга. Же акциясынын кайсы бир процентин сатууга дегендей.

— А. Атамбаев “Маевский 6 жыл мурун арыз менен кайрыла албай эми кайрылыптыр. Себеби, бүгүн ал бийликке ишенип, укук коргоо органдарына кайрылып жатат” дегендей айтты. Сиз кандай ойлойсуз, эмнеге ал 6 жылдан бери арыз менен кайрылган эмес? Бул жерде кандайдыр бир саясат жатса керек, кандай дейсиз?

— Өзүңүздөргө белгилүү “Ата-Мекен” фракциясы буга чейин дайыма коалицияда болуп келген. Бирок, акыркы коалиция түзүлгөндө “Ата-Мекен” кирбей калды. Мына ошондон баштап бийлик “Белизгейт” операциясын уюштурду. Андан майнап чыккан жок. Анан Саляновага кылмыш ишин ачты. Анан Шыкмаматовго, эми Текебаевди камап олтурат. Башкача айтканда ушул согуштун жүрүп жатканын көргөн соң, тиги Маевский деген шылуун арыз жазып, бир чоң нерсени утуп алууну көздөп жатат. Албетте, Маевский бул оюнга дароо эле көнө койгон жок. Бул үчүн Маевский өзүнүн тылын бекем кылып алган. Мисалы, анын артында ФСБ же Госдуманын депутаттары турушу мүмкүн. Же болбосо ФСБнын отставкадагы генералдары турушу ыктымал. Алардын бул структурада крышалары бар.

— Кыргызстанда кимде-ким взятка менен шектелсе, анда взятканы сунуштаган адам да камалышы керек. Бул жерде орус гражданини үчүн мыйзамдар иштебей жатат. Эмне учун? Путин менен макулдашылган эмеспи?

— Мен жогоруда айткандай Маевскийдин «крышасы» бар. Ошондуктан, Маевский биздикилер менен өзүнүн коопсуздугу тууралуу өтө так келишип алган болсо керек. Ал келип арыз жазат, очный ставкага катышат. Анын бул кызматы үчүн биздикилер ага кылмыш ишин ачпайт. Эгер ачса, ал тескери сүйлөп, менден суранышкан, мага акча сунушташкан деп көп нерселерди айтып, коопсуздук кызматынын абийирин аштай төгүп коюшу мүмкүн. Ооба, айрымдар бул ишти Путин менен макулдашылган деп жатышат. Себеби, Маевский Госдуманын экс-депутаты. Ага Кыргызстандын укук коргоочулары эмес, Коопсуздук кызматы кызыгып жатат. Ошол өңүттөн алып, Маевскийди көндүрүш үчүн Путинден макулдук алынган деп жатышат.

— Эмнеге орус жараны Маевский тандалган?

— Себеби, Текебаев өтө популярдуу саясатчы. Аны сындырыш үчүн кыргыз жаранын колдонуу кооптуу. Кыргыз жаранынын артында тууган- уругу бар дегендей. Ал кайсы бир учурда баарын айтып салышы ыктымал. Маевский бир колдонулуучу тряпкадай эле да. Ал кайсы бир кызматтарды кылып берет, анан кетип калат. Биздикилердин проблемасы болбойт. Кыязы, ушундай негизден Маевскийге токтолушкан го дейм.

— Маевский сотко келбей коюшу мүмкүнбү?

— Ооба. Маевский сотко келбей коюшу толук мүмкүн. Анан калса, Маевскийдин айткандарын сотто далилдөө кыйын. Мисалы, ал акчаны эки бөлүп жибергем дейт. Биринчисинде 300 миң долларды Модинге берген. Ал дагы бирөөнө берген. Бирок, ал бүгүн жок. Кайтыш болуп калган. Акча каякка кеткени белгисиз. Анан калса, Маевский ошол 300 миң долларды Кыргызстанга кантип киргизген? Бул маселе да так эмес. Эч документсиз. Экинчи жолу 700 миңди Москвадан жөнөткөм дейт. Ал акчанын Кыргызстанга киргени тууралуу эч далилдери жок. Ошого ал сотко толук келбей коюшу мүмкүн. Бирок, биздикилерге саясат керек да. Максат эптеп Текебаевди сындыруу учун ага асылып, аны жулмалап, тынч койбош керек болуп жатат да. Эркин дүйнөнү кыдырып, коррупциялык документтерди чогулткан Текебаевден көрө, СИЗОдо олтурган Текебаев артык болуп калды көрүнөт.

— Путиндин келиши менен Маевскийдин көрсөтмө берүүсү аркылуу Текебаевдин камакка алынышы бир мезгилге туура келип калбадыбы. Бул атайын жасалган ишпи?

— Бул бекер болгон жок. Муну менен бийлик Текебаевден өтө коркоорун, аны камоо өтө маанилүү экенин билгизип койду. Эң негизги максат Текебаевди камоо экени билинип калды десем жаңылбайм. Менимче эң негизги себеби, президенттик шайлоолор жакындап келатат. Орусия кандидаттарды караштырып, акырындык менен тымызын консультацияларды жүргүзөт. Балким, Текебаевдин өзүнө да кызыгып калабы деген коркунуч болду. Же Текебаев көрсөтүп, сунуштаган кандидатты жактырып калышпасын деген коркуу бар. Кыскасы, Текебаев негизги конкурент деп аны оюндан чыгаруу негизги максат болду көрүнөт.

— Путин келсе президенттик шайлоого старт берилет деп айтылып жүрдү эле. Орус президентинин иш сапары учурунда мураскер тууралуу сөз козголду деп ойлойсузбу?

— Жок, сөз козголгон жок деп ойлойм. Текебаевдин камалышы менен саясий процесстер башка нукта өнүгүшү мүмкүн. Атамбаев буга чейин деле айтып келбеди беле, мураскер болбойт деп. Кыязы, мындан ары саясий процесстер эки нукта өнүгөт. Биринчиси, Атамбаев өзү экинчи мөөнөткө барат. Экинчи жол, Атамбаев мураскер калтырат. Бирок, ал үчүн көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Митингдер кыргыздын мүнөзүн өзгөрттү

Митингдер бизге Бакиевди берди, Атамбаевди берди, эки жолку чоң морадерчулукту жана 86 адамдын ажалын берди бирок, бир да сабак бербей койду. Митингдер кыргыз элинин аң-сезимине эркин ойлонууну же демократиялуу ой жоруудан мурда агрессияны көбүрөөк сиңирди, бири-бирин сыйлабоону көбүрөөк үйрөттү, чындыктын, мыйзамдыктын алдында тоготпостукту жана бетбактыкты үйрөттү.

Митингдер ошого көндүрдү. Кыргыздын мүнөзү өзгөрдү. Чындыкка эмес, аянттагы элдин санына, караанына, кыйкырыгына карап баа бергенге үйрөттү. Эл баарыдан мурда кара күчкө жүгүнүп калды. Митингдер кыргыздын касиетине ОБОНчулардын образын кошту, танк менен тепсетсең да кеп сиңире албаган ажаандыкты үйрөттү. “Бул эне эмес, бул кыргыз эмес!” деп кыргыздар кыргызга түкүрдү. Кыргыздан кыргыздар түңүлдү. Эзелкинин уй мүйүз тарткан жыйындарынын, туура сөзгө сынган касиеттин ашмалтайы чыкты! Анткени эки тарап уй мүйүз тартып бирикпейт, анткени туура кепке сынбай калдык. Түндүк менен түштүккө эмес эми “тигилер” менен “биздикилерге” бөлүндүк. Кыргыз короосуна ушундай жаңы бороон кирди. Бийлик – түрмө менен, эл ыңкылап менен коркуткан заман болду. Ак үйдүн СССРден калган күчү менен сүрү бар эле… бүгүн аны түз эле атканага теңеп сөгүнчү болдук. Каратаман калк ак үй менен аянттын ортосунан чындыкты ажыраткандан, издегенден адашты. Чарчадык, тажадык деген байкуш элдин ого бетер алты айласын кетирди: ак үй менен аянттын “чоңдору”. Кызыкчылыктын жана саясий кумардын апогейине жеткенде “Калайык, Ата-Мекен коркунучта!!!” деп жар салышты. Бийлик, эки ыңкылапты көргөн бийлик – жакаңды карматып кечээки мурдунун учундагы катаны кайталагандан тажабады. Ажо, эки ыңкылап жасадым деген ажо – бир үмүт шамын жагалбай, башкаруу жолун табалбай койду. Ыңкылаптын маани-маңызы бузулду. Ыңкылап ал болгону өчөшкөн саясатчылардын бири-биринен өч алышкан күрөшүнө айланып барат… Аянттын айрым жасалма ораторлору дагы эле болсо “сен от жүрөк” деп жаштарды далыга таптап окко айдоого даяр турушат. Ыңкылап үчүн кан төгүү бул “өлгөндүн өз шору” деген арман болоорун биздин турмуш ырастады. Кайдыгерлик жаман бирок бүгүнкүдөй сая­сий кыл чайнашта бир жагына от бүркпөй, ынтымак менен сабырга үндөгөн тарабында көбүрөөк болсок экен! Элдер, саясат менен бийликке – “бир келген дүйнөдө деп, атасынын көрү деп, мен да татып көрөйүн”, “мен да элден калбайын”- деген принципти адат кылып келгендей сезилет. Элге деңгээл менен эмес, саясий жана адистик билим менен эмес башка жол менен, “сыйлоо” ме­нен кызмат кылуу амалдуу ыкмага айланды. Интеллигенция

деген уюткуну кеп кылуудан калдык. Анткени ал деңгээлде биз жукардык. Ишенген кожолор бир тараптуу сүйлөп жулкунуп чыккан мүнөттө ишенимден чийилчү болду. “… Алды, артыңдан тал кармаар “ учур келди. Элге бүгүн улуу кептен улап, Манастап ураандасак таасирдүүбү же мечитке жыйнап такыбалар насаат айтса жакшы сиңеби, билбей калдык. Не дегенде Кыргыз эли башынан кечирген эреже салт, философиябыз да, тутунган динибиз да бизди бириктирбей келет. Биз батышты карайбызбы же чыгыштыбы, кай жагы болсун баарынын бир эле сыры бар экенин ал – мыйзам экенин унуттук. Өнүгүүнүн он түркүн системасы болгон менен жандырмагы – мыйзамын кастарлап, сыйлоодо экенин эстен чыгардык. Мамлекетке салыкты келесоолор төлөй берсин деген “кыйындыгыбыздан” арыла элекпиз. Демократия дейбиз. Ар демократиянын өз чындыгы бар. Өз кан-жанынан, тарыхынан чыккан чындыгы бар. Биздин тарых Европа менен Америкада өткөн эмес. Биздин демократиябыз ар коктудан келип кепке келише алганыбыз, аксакал экен деп төргө өткөзө алганыбыз, ич күйсө да эринди тиштеп эпке келгенибиз ошол биздин де­мократия. Эзелкинин эрежесинен чыкпай, ичкен касамынан коркконубуз ошол биздин – демократия. Качан бул касиетибиз сакталып турса – де­мократияны демократия дебей манасыя дейсиңби, ханасыйа деп коёсуңбу анын айырмасы жок. Демократия бул күндө жашооңду аралап, тирилигиңди түзүп турушу керек. Ал колуна кармалып, тишке салсаң чайналып тургандай кан болуп денебизде айланышы керек. Кыргызга жаман көрүнүштүн баары Батыштан, Европа менен Америкадан келген дейбиз. Бирок каргаша болуп башка иш түшсө бүт чындыкты, адилеттикти ошол жактан издейбиз. А адилеттүүлүк – гумандуулук менен ыймандуулук бар жерде болот. Биз адилеттүүлүк түзө албаган өлкөдө жашайбыз. Батыш бүгүн согуш болуп атат деп Жакынкы Чыгыштан, ачкачылык болуп атат деп Африкадан агылган жүз миңдеген качкындарды жайгарып, үй- жай берип багуу менен алек. А биз кыргыздар, башканы кой, тажик менен афгандык кыргыздарды кой “түштүктөн кел­ген кыргыздар” деп жеришип отурабыз. Болбосо, “курама кылып – журт кылган” ал – башкадан мурда биздин сапат болушу керек эле.

“Ар бир революция таарыныч менен башталып таарыныч менен бүтөт” дейт. Элге бүлүк салып ыңкылап кылаарын кылып алып кайра бурч-бурчтан таарынгандар чогулуп аягы жок айлампага түшпөсөк экен. Дүйнө коомчулугун мындай коёлу мобуреки коңшу өзбек менен казак туугандарга күлкү болбосок экен. Дүйнө картасында кыргызга сабак болчу сыйкырдуу сандар турат, ал: 30 миллионго чукул уйгур менен 50 миллион күрд элинин чийилген картасы, эш туткан өлкөсү жок экендиги. Бул чыркыраган чындык. Эмесе, Кыргызды кудай бүтүн кылсын аруулайын Ала-тоосунда.

Булак: “Ачык саясат”

КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков «ойгонду»

Жаз келгенде аюу чээнден чыккандай эле таасир калтырды. Спикерлик кызматтан түшкөнү президентке таарынып эч бир ооз ачкан эмес.

Атамбаев менен Текебаевдин кармашы апогейине жетип камалганга дейре түк үн катканга жараган жок. Анан Текебаев «алдамчылык», «коррупцияга» шектелип камалгандан кийин, параламентте «кынтыксыз аброй» туурасында кайра-кайра айтып катуу күпүлдөдү. Муну менен Текебаевде «кынтыксыз аброй» жок болгон, эми мыйзам алдында жооп берсин жасаган кылыгына дегенди туюндурду. Текебаев парламентте күпүлдөп турганда эмнеге мындай оюн айткан эмес деп таң калгандар жок эмес…

Булак: “Фабула”

Түрк жараны кыргыз кызынын колунан өлдү

Түркияда 34 жаштагы Айгүл аттуу кыргыз аял 31 жаштагы түрк жаранын бычак менен жүрөк тушка сайып, азыр тергөө абагында отурат. Окуя 1- март күнү кечинде Түркиянын Манавгат деген шаарында болгон. Маалым болгондой кыргыз келин менен түрк жараны ортого бир бөтөлкөнү коюп, бөлө тартып отурушкан. бир маалда экөөнүн ортосунда чыр чыгып, келин түрк жаранына үч жолу бычак сайган. Оор жарааттан улам, түрк жараны ооруканага жетип көз жумган. Ага дарыгерлер эч жардам бере алышкан эмес.

Булак: “Фабула”

Жапаровго кылмыш иши козголобу?

УКМК Садыр Жапаровду күбө катары сурак алууга кызыктар экенин өзү чет өлкөдө жатып кабарлады. Мындан улам, чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу, Кыргызстанга 25-март күнү бараарын айтып, ошондо өзү УКМКга бараарын жар салды. Бирок андан көп өтпөй, мени чек арадан киргизбөө боюнча УКМК тапшырма бериптир деп айкырып чыкты. Буга байланыштуу “Мага кылмыш иши козголгон жок. Козгойбуз деген ниеттери бар болсо керек? Мейли билгенин кылышсын»-деген билдирүү таратты.

Булак: “Фабула”

Атасынын коргоочусу катары Ай-Данэк Текебаева оозго алынууда

Биринчи очогунда бакыт болсо, үлгүлүү үй-бүлөнү жарата алсаң, андан соң коомдук иштерге, саясатка аралашканың маанилүү боло турганы анык. Ошондо гана ийгиликгүү баскычтарга, бийиктикке көтөрүлөсүң. Митингдерден күбө болдук. Камактагы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл айым абдан күйүмдүү жар экенине көзүбүз жетти. Ал эми Өмүкенин тун кызы Ай-Данэктин билдирүүлөрү, интервьюлары интернет айдыңында эң көп окулуп атканына баа бердик. Көпчүлүк катмар Ай-Данэктин орундуу сөздөрүнө, кайратына ыраазы болушууда. Бул кыз атасынын эң башкы коргоочусу экен! Мына ушундай көрүнүштөн соң, аны миңдеген интер­нет сүйүүчүлөрү колдошуп, жылуу маанайдагы каалоолорун жазышууда. Мындай зээндүү кызы турганда Өмүрбек Текебаев түрмөдө убактылуу жатса дагы бактылуу болсо керек…

Булак: “Азия ньюс”

Акеси болбосо, үкасы бар

Эгерде президенттик шайлоого КСДПнын бирдиктүү талапкери катары премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чыкпай калса, бут тосуулар жаралса, анда түштүк картасына таасир эте турган оюн башталат экен. Соке кызматын тапшырып берип, үкасы Асылбек Жээнбековду шайлоого аттандыра турганы каңкуулана баштады. Асылбек мырза да чоң саясатта болуп-толуп турган фигура катары бактысын сыноого бел байлайт экен. Эгер акесин “кидайть” этишсе… Айтор, КСДП ичинде интрига барган сайын катуулайт окшойт…

Булак: “Азия ньюс”

Күйөө баласы 77 жаштагы кайын энесин өлтүргөн

Бишекте 77 жаштагы кайын энесин өлтүрүп, өз аялын да өлдү деп таштап кеткен Руслан аттуу жаран кармалганын милициядан кабарлашты. Маалым болгондой окуя 23- январда болгон. Анда 42 жаштагы Елана аттуу аял Руслан аттуу жарандык никедеги күйөөсү менен арак ичип, андан соң Руслан Еленанын апасынан акча талап кылган. Акча жоктугун айткан анын апасын дароо таш менен башка чаап өлтүрүп, апасына болушкан Еленаны муунтуп, акыл-эстен танганда өлдү деген ой менен таш­тап кете берген. Бирок бактыга жараша Елена аман кал­ган. Ал Русландын колунан апасы каза болуп, өзү өлүмдөн аман калганын милицияга кабарлап, милициялар ошондон бери кылмышкерге издөө салып, кечээ жакында эле аны кылтакка илишкен. Тергөө маалында ал буга чейин үч жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталган.

Булак: “Фабула”

Чүйдөн президенттик шайлоого жети талапкер аттанууда

Кең Сары Өзөн Чүй далай келгиндерди батырып, аныгында, баарына бакыт тартуулаган керемет жер болду. Ыйык өрөөндүн уучу куру эмес экен. Күздөгү шайлоодо Чүйдөн чыккан бир та­лапкер эл башкарып кала турганы Теңирден аян берип атканы угулууда… Эмесе, тикелей эле аламанга аттангандарды санайлы. Булар хан тактыга жетүүгө ниеттенип, бел байлап турган тыңчыкмалар: Мыктыбек Абдылдаев, Туйгунаалы Абдраимов, Темир Сариев, Камила Шаршекеева, Элмира Ибраимова, Канат Исаев жана дагы бир талапкер бар. Ошондо жетөө чыгып атат. Кыргызда «Жетинин бири кыдыр» дейт. Мына ушул инсандардын таймашында кимиси президент боло турганы азырынча табышмак. Албетте, арасында «соодалашып» кете тургандары да болсо, а аягында жеңишти багындыра турган бирөөсү чыгышы мүмкүн. Биз бул маанайда дагы сырдуу карталарды ачмакчыбыз…

Булак: “Азия ньюс”

Гүлмира Үмөталиева, “Сезим” кризистик борборунун адиси: “Ата-энеси чырдашкан үй-бүлөдө балдардын тагдыры татаалдашат”

 

Үй-бүлөдөгү зордук- зомбулуктан канча аялдын жаны кыйылды. Канча аял, канча эне эрдин кырча тиштеп күйөөлөрүнүн, ичтен чыккан ийри жылан уулдарынын зомбулугуна, бекерпоздугуна чыдап жашап келишет. Коомдо азыр баары жакшы жашоодо жашап жаткан жок. «Сезим» кризистик борборунун адиси Гүлмира ҮМӨТАЛИЕВА аялдар тууралуу ой бөлүштү.

Азыркы учурда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, аялдардын өз жанын кыюусу, энелер өлүмү азайбай, ошол бойдон эле калууда. Сиздерге да ушундай тагдыры талкаланган энелер кайрылат. Ошол кыйналган аялзаттары, энелер тууралуу өз оозуңуздан уксак?

-Акыркы убакта аялдар арасында суицид же өз жанын кыйган же кыюуга алып барган фактылар жок эмес. Учурда «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова ушун­дай бир оор кылмыш боюнча соттук процесстерге катышып жатат. Мыйзам боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткаңдыктан, бул тууралуу маалыматтарды азыр ачыкка чыгара албайбыз. Бирок, келечекте бул сот иши кандай аяктаса, ошондой билдирүү жасалат го.

Аялдар арасындагы оор кырдаал бул бир нече факторго жараша болот. Экономикалык, психологиялык басмырлоого алынган айрым аялдар мындай абалдан чыгуунун жолун таппай, өз жанын кыюу менен маселени чечүү жолун көрүп калышат. Мындай учурда үй-бүлөдөгү ар бир адамдын психологиялык саламаттыгына көңүл буруп, жакын адамдарга кол сунуп, жардам көрсөтө билсек, айрым өлүмдү дагы алдын алса болот.

Ошондой окуялар кездешеби?

-Мен бир окуяны айта кетсем. Алыскы аймактагы бир келин кайненеси жана колундагы баласы менен чогуу жашап жатышкан. Анын күйөөсү Москвага иштегени кеткендиктен, жаш келин эч жакка чыкчу эмес экен. Атургай өз телефону болбогондуктан, жолдошу менен кайненесинин телефону аркылуу сүйлөшчү. Күндөрдүн биринде ал чарбасындагы койлорду жайып жүрүп жоготуп алган. Бир күндөн кийин койлор табылганы менен бир кой кем болгон. Бул үчүн келин өзүн күнөөлүү сезип, өз жанын кыюуга аракеттенген. Мүмкүн кайнене катуу айткандыр, балким келин бул кой жоготууга ага чейинки бук болгонун кошуп, абалды татаалданткандыр. Бирок, кийин кайын журту келинди кетирүүгө аракет кылып, ажыратууга чейин барышты. Бактыга жараша, сүйлөшүү жолу менен ортодогу түшүнбөстүктөр чечилип, учур­да кайрадан жаш үй-бүлө өз жашоосун улантууда.

Азыркы жаш үй-бүлөлөрдө ар кандай оор кырдаалдар кездешип калат. Кырдаалды күчөтүп, татаалдантып жибербеш үчүн эмне кылуулары керек?

– Кандай гана оор кырдаал болбосун, чечилбей калчу маселе жок. «Сезим» кризистик борборунун ишеним телефону күн-түн дебей 0312-51-26-40 номери аркылуу кабыл алууну жүргүзө берет.

Айрыкча жаш үй-бүлөлөр ар кандай оор кырдаалга туш болгондо туугандарга айтып (кай­ын журт, төркүн) чуркабай, нейтралдуу тарап – психологдорго кайрылып, болгон абал­ды түшүндүрсө, балким андан чыгуунун жолдорун өз алдынча издеп, кыйын кырдаалдан чыкса болот. Тилекке каршы, учурда үй-бүлө күтүүгө жаштар тургай, жаштарга үлгү болчу улуу адамдар дагы азайып бара жаткандай. Баардык нерсе материалдык нерседен, дүнүйөдөн турбайт да. Бирок, акыркы убак­та дал ушуга басым жасалууда. Ошондуктан, тарбиядагы өксүктөр жаңы үй-бүлө курулганда пайдубалы жок имараттай урап, кулап жатат. Мисалы, ата-энеси дайыма урушуп жашаган үй-бүлөдөн кыз дагы, уул дагы эмне тарбия алат? Экөөнүн урушунда балдар «курал» катары колдонулуп, атургай аларды тигил же бул тараптын сөздөрүн ташууга үйрөткөн учурлар жок эмес. Биз эч качан баардык үй-бүлө мүчөлөрүн бири-бирине карама-каршы койбошубуз керек. Мисалы, кайнене менен келин – булар бир эле функцияны аткарат. Бирөө улуу муун, экинчиси кийинки муун, үй-бүлөнүн очогун улантуучу. Ошондуктан, кызды да, уулду дагы турмушка чыкканга чейин психологи­ялык, моралдык жана укуктук жактан тарбияласак жакшы болмок. Антпесе, турмуш курууну «бир күндүк» кылып, кичине кыйынчылыктар болсо, эркектери дароо мусулман экенин эстей калып, «талак» деп эшикти «тарс» жапса , аялдар дагы «ажырашам» деп баарын кесе эки жакка кетүүдө. Ушун­дай кырдаалдарда нейтралдуу тараптар мурда өкүл ата, өкүл апалар элдештирип, эки жак­ты кепке келтирчү. Азыр алар тойдо эле бир көрүнүп, белек берип, эң башкы милдетин аткарбай калышкандай. Бул кыргыз элиндеги кылымдык салт ааламдашуу доорунда өз позициясын жоготууда. Ошондук­тан, бул учурда психологдорго кайрылып, үй-бүлөлүк маселени чечсе болот. Анткени, бул жердеги «үй-бүлөлүк сырды сыртка чыгарбайлы» деген принцип, купуялуулук сакталып, эмо­ция менен эмес, талдап, ой жүгүртүүгө багыт берилет.

Азыркы учурда сиздерге кайрылган аялдардын тагдырларынын талкаланышына кандай себептер болууда?

-Учурда бизге кайрылган үй- бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгүнүн уруш-талашы арак, бекерпоздук, кумар оюндары, баңгизат себепкер болууда. Адамдар социалдык турмушка активдүү аралашып, сергек жашоо образын жүргүзсө, өз тагдырларын татаалдаштырбайт эле. Антпесе анча-мынча оордукту, кыйналууларын «арак менен басам» деп, аны адат кылгандар үй- бүлөдөн ажырашууда.

«Сезим» кризистик борборунун коопсуз жайына, тилекке каршы, зордукталган жашы жетелек кыздардын келиши өтө аянычтуу. Кыз балдарга аяр мамиле жасоонун ордуна, коом алар үчүн кооптуу болуп кеткени жан кейитет. Балдарга бактылуу балалык тартуулоо ар бир ата-эненин милдети. Андыктан, ата-энелер дагы кыздар-балдардын коопсуздугу үчүн кам көрүп, тобокелдикке салып, тааныш, туугандарга, шектүү адамдарга таштап кетпесе. «Сезим» кри­зистик борбору – булар америкалыктар каржылаган, аялдарды ажыраштырууну эле каалаган уюм» деп айткандар да жок эмес. Тескерисинче, биздин уюм үй-бүлө институтун сактоого, зомбулуксуз жашоону даңазалоону максат кылабыз. Анды­ктан, биздин башкы урааныбыз: «Үйдүн куту учпасын» деп атайын маалыматтык китепче, буклеттерди чыгарып, элге бекер таратабыз. Жакында балдар жана ата-энелер үчүн атайын китепчени басып чыгарганы жатабыз. Андан тышкары, оор тагдырдан чыккан он аялдын тагдыры тууралуу жазып жатабыз. Бул дагы мүмкүн маселесин чече албай жүргөн аялдар үчүн жакшы дем береби, жол көрсөтүлөбү де­ген тилекте жасалууда.

Босогобузда жаз, 8-март аялдардын майрамы келип калды. Каалоо-тилектериңиз…

-Баарыңарды 8-март аялдар­дын эл аралык майрамы менен куттуктайм. Бул майрамдын тарыхын унутуп, белек алган күн катары элестетпейли. Дал ушул аялдардын укугу үчүн канча аял­дар курман болушкан. Биздин Уркия Салиева – аялдардын эркиндигинин символу. Кыргыз эли негизи аялдарын, кыздарын кор туткан эмес. Демек, келечекте аялдарга карата зомбулуктун, басмырлоонун азаюусуна ар бирибиз салым кошууга милдеттүүбүз…

Булак: “Азия ньюс”

Меню