Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

Аялы күйөөсүн милицияга салып берди

Бишкектеги “Ала-Too” аянтына жакын жайгашкан “Илбирс” имаратынын ашканасынан 1- март күнү саат үчтөр чамасында күйөөсү менен аялы уруша кетип, күйөөсү аялын катуу сабаган. Окуяга ошол жерде отурган жарандар менен ашканын кызматкерлери толук күбө болушкан. Бирок, аялы көпчүлүктүн көзүнчө токмок жегенине ызаланганбы айтор, күйөөсүнүн үстүнөн ми­лицияга арызданган. Көп өтпөй эле милициялар күйөөсүн кармап барып камакка алышкан. Азыр окуянын чоо- жайы иликтенүүдө.

Булак: “Фабула”

Садык Шер 180ге бурулду. Эмнеге?

 

Атамекенчи депутат Садык-Шерге таңгалып бүтө албагандар арбыды. Эмнеге дебейсизби? Кечээ эле Текебаевдин камалышын сенсация кылып, айкырып-өкүрүп көчөгө чыккан Садык мырза, атамекенчилердин юристтери тараткан маалыматка ишенбейм деп интернеттеги Фейсбук баракчасына билдирүү таратты. Юристтердин айтканы боюнча, Өмүрбек Текебаев Европадан Дача-Суда кулаган самолёттун ичиндеги жүктүн ээси Алмазбек Атамбаев менен Раиса Атамбаеваныкы деген маалымат кагазын алып келе жаткан экен. Анан аны бийлик билип калып аэропорттон камакка алышыптыр. Анан ошол документтерди Чиркешовичтин юристтери маалымат жыйын өткөрүп, ачыкка чыгарышкан. Бирок, көп өтпөй эле ал маалымат жалган экендиги айтылды. Кандай болгон күндө да «Ата-Мекендин» таратып жаткан билдирүүсүнө Садык Шер ишенбесе да, жок дегенде унчукпай отуруп бериши керек эле. Ал дароо эле 180 градуска бурулуп, «бул жалган, мен ишенбейм» – деп жар салды. Мындай кадамга барганына Караганда бир мандем бардай. Демек, Текебаевди сатабы? Бийликке ооп кетеби?

Булак: “Ачык саясат”

Жолдубаева Саляновадай боло албай жатат

Аида Салянова Башкы прокурор болуп турганда депутаттарды ооз ачырчу эмес. Мыйзамдарды чемичкедей чагып, ар бир суроого так жана ишенимдүү жооп берчү эле. Азиз Батукаев камактан чыгып кеткенде, ЖКда катуу талкуу болуп, Салянова келген. Ошондо депутаттардын суроолоруна так жооп берип, кынтыксыз , чычканга кебек алдырбай чыгып кеткен эле. Мындай профессионал адистер менен иштеген ар бир эле кишиге жакшы болсо керек. Алмазбек Атамбаев учурда Индира Жолдубаевадан аксап жаткандай. Жолдубаева Баш прокурор катары мыкты иштегенге аракет кылганы менен Салянованын ордун баса албай келет. Же жаштык кылып жатабы? Балким дагы убакыттын өтүшү менен такшалып калат чыгаар. Коомчулуктун оюн билдирдик. Ким эле прокурор болуп туулуптур…

Булак: “Ачык саясат”

Айнура Токтошева жакында “бомба” жарат

 

Саясаттагы лөктөрдүн бомба жармай тамашасы, мамлекеттик кызматкерлерге жугуптур. Тагырагы кызматкерлер “бомбаны”, башына күн түшкөндө кырдаалдан чыгуунун бир жолу катары коркутканга пайдаланып келишет эмеспи. Алардын «бомба» жармай билдирүүлөрүнө эч ким деле маани бербей калды. Бирок чиновниктер эмес, бийликтин бир бутагы болгон кызматтын адамы «бомба» жарам десе абдан кызык жаратат экен. Дегенибиз, бир кезде СДПК партиясынын пресс катчысы, медиа тобунун жетекчиси болуп, кийин Жогорку Соттун пресс-кызматын жетектеп келе жаткан мыкты кыз Айнура Токтошова «бомба» жарууга камданып жатканын интернетте Фейсбук баракчасына билдирди. Оңдобой беребиз:

Мамлекеттик кызматта болгонум үчүн гана айрым нерселерди убагында айталбай атам да. Болбособу, бир «бомба» бар эле жарылмак да… Мамкызматтан кеткенде күндөлүгүмдү жарыялайм. Ошондо силер тааныган көп адамдын жүзү ачылат…

Бул кыз оңой менен жарыла калчулардан эмес эле. Убагында Фарид Ниязов куугунтуктап, кызматсыз калтырганда да жарылган эмес. Демек, чын эле кимдир бирөөнүн ыплас ыкмалары жан дүйнөсүн жанчып, тынчтык бербей жаткан экен. Бул Токтошевада бир топ материал болушу мүмкүн, кантсе да медиа тармакты тейлебеди беле. Жинине ким тийсе да абайлагыла. Жарылчу бомбаны “тарс” эткизип эрте жарып салыңыз, Айнура Токтошева!

Булак: “Ачык саясат”

 

 

 

Вице-премьер Сагымбай Орозбаковдун фамилиясын билбей...

Өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекова деңгээли анчейин эмес экенин, өз ишин жөндөп аткара албасын убакыт өткөн сайын өзү кашкайта далилдеп жатат. Мына Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияга барып, залкар манасчынын фамилиясын билбей, окутуучу мугалим, студенттерге «шерменде» болду. Оң, сол тарабында бакыйып жазылып турган Сагымбай Орозбаковдун фамилиясына көңүл бурганга да чамасы жетпептир.

Улам-улам Орозбеков деп он жолу кайталаганын, ЖОЖдун студенттери оңдоп Орозбаков деп айтып жатышканын мугалимдер өкүнүү менен кеп кылышты. Ал түгүл виценин кейпи бул болсо жыргаптырбыз деп баш чайкаганга аргасыз болушту. Буга дейре Чолпон айымдын кылыгын жакшы билгендер Султанбекованын көзүнө акча эле көрүнөт, башка максаты жок дегенди айтышкан. Чын эле окшойт. Ушундай деңгээли мамлекетик жогорку кызматка жооп бербеген, Кудайдан жөө качкандар качанкыга дейре эркелей берет… Колунан келбеген ишке тырмышпай, үйүндө камырын жууруп тынч отурса болмок…

Булак: “Фабула”

Кыргыз темир жолу банкротпу?

Мамлекеттик Кыргыз темир жолу ишканасынын ити чөп жебей, иши жылбай, туңгуюкка кептелүүдө. Алсак былтыркы жылы вагон сатып алмакчыбыз деп кат менен кайрылышып, жыйынтыгында үчтөн бирин араң алышты. Азыркы убакта вагондордун жетишсиздигинен улам 6 миллиард сомго зыян тартып олтурат. Мисалы 2016-жылы түштүктөгү бөлүмдө 120 вагон бар болсо, бүгүнкү күндө 30 вагон эле калыптыр. Вагон жегичтер жеп кеткенби же эскилиги жеткенби ким билсин, айтор алакан жайып олтурушат. Мына ушул себептен жүк ташуу, экспорт жылдан-жылга азаюуда. Жетекчиси Ногойбаев кебелип койбойт же жаштарга, иштейм дегендерге ордун бошотуп бербей, креслону мыкчып олтурганы олтурган. Минтип олтурса мамлекеттик деген макамы бар ишкананы майкандайт го! Үн катып койсоңуз боло!

Булак: “Фабула”

Сегизбаев эшегин тааныбаса да жүгөнүн тааныйт

 

УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевде текеберлик мүнөз бар экен. Ал Өмүрбек Текебаевге коюлуп жаткан күнөөгө жооп берүү үчүн парламентке чакырылган. Ар бир сөзүндө, “тиги депутат, депутат айым, депутат мырза” дегени эл өкүлдөрүн катуу чычалатты. Ал тургай дарегине ушундай сөз уккан депутаттардын бири ортодогу чоң микрафонго жулунуп чыгып, “менин атым Исхак, фамилиям Масалиев, 120 депутаттын башкасын тааныбасаң дагы мени таанып жүргүн” деди. Мунусу эшегинин жүгөнүн уурдатып жиберген Апендинин жоругундай эле бар.

Апенди, бир кездери жоголуп кеткен эшегинин жүгөнүн кадырлуу эле айыл аксакалы өз эшегине салып жүргөнүн таанып калат. Анан ал аксакал менен жылуу-жумшак учурашкан соң, баягы жүгөндүн чылбырын кармап алып, “Бул менин эшегим экен десем, башы окшошпойт. Бирок, мобу жүгөнү куду эле ошонуку…” деген тура.

Булак: “Ачык саясат”

Сабиров парламентте тамаша кылды

 

ЖК депутаты Максат Сабиров, ГРСтин мурдагы башчысы эркиндикте жүргөнүнө кызыкты. Өз пикирин депутат, “Текебаев 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Ал эми Скрябин көчөсүндөгү жер тилке 3 миллион доллар турат” – деп түшүндүрдү. Туура түшүнсөк, Тайырбек Сарпашевге эл өкүлү берген кинеде, Өмүрбек Текебаев алган парадан 2 эсе көп каражат көрсөтүлүп жатат. Ушул сөздөрү менен Парламенттеги даана тамашаны Максат мырза кылды бейм. Тиги Апенди ууруну көрүстөндөн күткөн сыяктуу.

Анда Апенди жалгыз чапанын уурдатып жиберип, көп күндөй көрүстөндү айланчыктап жүрүп калат. Муну байкаган айылдаштары кызыгышканда, “Ууру канчалык менден качпасын, ал акыры өлөт. Ошондо баары бир аны ушул жерге көмгөнү алып келесиңер да…” деген экен.

Болбосо Максат ава, аталган эки иштин айырмасы асман менен жердей экенин чынында эле айырмалай алган эмеспи? Анда калыстык үчүн аракет кылып көрөлү. Мына Сарпашевке пара “алды” же “алыптыр” деген күнөө коюлуп жаткан жок. Ага азырынча камактагы жерди камактан чыгарып, башка адамдын наамына каттоо боюнча, Бишкек ГРСине буйрук бергени үчүн кылмыш иш козголгон. Балким Сарпашевди деле убактылуу абакта калтырса туура болмок. Бирок ал СДПК партиясынын кол тийгис адамдарынын бири да. Андыктан кийинки келчү бийлик башка таза партиядан келүүсүн күтөлү.

Булак: “Ачык саясат”

Илмиянов спикерликти көздөп жатыптыр

Атамбаевдин даты бир карачечекейи Икрам Илмиянов депутаттык креслону көздөп жатат. Анын Атамбаев экөөнүн ортосунда бир аз пикир келишпестиктери болгонун жакшы билебиз. Бирок ортодо ар кандай оюндар менен шефинин тилин тапкан. Эми алдыдагы тизме боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп келээри күтүлүүдө, ал гана эмес Чыныбай Турсунбековдун ордуна спикерликти көздөп жаткан экен кайран эргул. Эгер андай болсо, элдин маанайы кандай болоор экен ыя? Деги тынччылык эле болсо экен…

Булак: “Ачык саясат”

25 миң мугалим турак жайга муктаж

 

Бизде мамлекеттик ипотекалык компания деген бар. Бул ком­пания атына заты жарашпай, мамлекеттик ипотекалык эмес эле, мамлекеттик аферисттик компанияга айлангандай түр көрсөтөт. Алсак, буга чейин бюджеттик мекемелерде эле иштегендер турак жай ала алат деп ооздорун чоюшканы эсибизде. Аягы эмне болду? 7000ге жакын адамдан үй алууга арыз түшүп, тилекке каршы 860ка жакынынын гана үй алганга айлык маяналары туура келет экен. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, үстөк пайыздын жогору болгондугуна байланыштуу, бир катар үйгө муктаждар арыздарын кайрып алышкан. Ушул компания менчик банктардын капчыгынын кампайышына салымын кошушпай, мамлекеттик банктар менен эле иштешсе, үстөк пайызы төмөнүрөөк болмок. Бирок андай жолго барышпай, менчик банктан алчу алакан ысытчу акчаны кыя алышпай, ар кайсы шылтоону айтышып баш айландырышууда. Бүгүнкү күндө жалпы 77 миң мугалимдин 25 миңи ту­рак жайга муктаж экен. Бирок тилекке каршы, мугалимдердин айлык маянасынын аздыгынан аты мамлекеттик, заты менчик компаниядан турак жай ала алышпай кыйналууда.

Меню