Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

25 миң мугалим турак жайга муктаж

 

Бизде мамлекеттик ипотекалык компания деген бар. Бул ком­пания атына заты жарашпай, мамлекеттик ипотекалык эмес эле, мамлекеттик аферисттик компанияга айлангандай түр көрсөтөт. Алсак, буга чейин бюджеттик мекемелерде эле иштегендер турак жай ала алат деп ооздорун чоюшканы эсибизде. Аягы эмне болду? 7000ге жакын адамдан үй алууга арыз түшүп, тилекке каршы 860ка жакынынын гана үй алганга айлык маяналары туура келет экен. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, үстөк пайыздын жогору болгондугуна байланыштуу, бир катар үйгө муктаждар арыздарын кайрып алышкан. Ушул компания менчик банктардын капчыгынын кампайышына салымын кошушпай, мамлекеттик банктар менен эле иштешсе, үстөк пайызы төмөнүрөөк болмок. Бирок андай жолго барышпай, менчик банктан алчу алакан ысытчу акчаны кыя алышпай, ар кайсы шылтоону айтышып баш айландырышууда. Бүгүнкү күндө жалпы 77 миң мугалимдин 25 миңи ту­рак жайга муктаж экен. Бирок тилекке каршы, мугалимдердин айлык маянасынын аздыгынан аты мамлекеттик, заты менчик компаниядан турак жай ала алышпай кыйналууда.

Атамбаевдин айланасындагы топтор чабышууда

Атамбаевдин командасы тымызын үч топко бөлүнүп алышып, бири-бирин аңдып турушат эмеспи. Айтсак, Абдил Сегизбаевдин өзүнчө командасы бар, ал эми Икрам Илмияновдун командасы өзүнчө, Эркин Мамбеталиевдики өзүнчө. Мына ушул аталган үч топтун ортосунда учурда катуу тиреш жүрүп жатканы белгилүү. Анын кесепетинен Фарид Ниязов президенттин аппарат башчылыгынан кетти. Ордуна Сапар Исаков келди. Мунун себеби, мындан бир нече күн мурда Атамбаев Бельгияга кеткенде Икрам Илмияновдун аралашмасы менен ИИМ министри Улан Исраиловго буйрук болуп, анын негизинде Эркин Мамбеталиев Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан кармалып, кайра коё берилген. Бул кечиримсиз иш эле. Мындай кабар Атамбаевдин ачуусун келтиргени турган иш эмеспи. Сыягы, бул иште Фарид Ниязовдун да тиешеси бар болсо керек. Ошол себептүү кызматын өткөрүп берүүгө мажбур болду дешет. Кандай болсо да, аягы тынчтык менен эле бүтсө болду. Бакиевдин айланасы да Максим менен Жаныштын командаларынын тиреши менен интригага катуу кирип кетишкен. Арты жакшылык менен бүткөн жок…

Булак: “Ачык саясат”

Сапар Исаковдун секирик жасашы – мураскер болуунун коңгуроосубу?

Бир курдай кыргыз аткаминерлерин Меркелге тааныштырып жатып Атамбаев «бул менин оң колум» деп Сапар Исаковго өзгөчө көңүл буруунун ишаратын жараткан. Ошондон тарта Сапар мырзанын карьералык өсүшү жогорулап отуруп, акыры президенттин аппарат башчысы болду. Мындай кадамдар жөн жерден жаралбайт.

Буга чейин ал мураскер болору, президенттик күрөшкө аттана турганы да божомолдонуп келген. Би­рок, жакында Исаков «мындай маселе күн тартибинде жок» деген маанайда сыпайы жообун узатканы бар. Анан эмне, «мен президент болом» деп айтмак беле? Соңку жылдары Атамбаев аны эл аралык иштер боюнча тажрыйба алдыруу жагынан кызмат кылдырганы, ар дайым жанынан чыгарбай, чоң саясый иш-чараларга катыштырьш, көзүн ачып келди. Жаш бсшсо да учурда каарманыбыз мамлекеттик ишмер катары такшалып, чычканга кебек алдырбагандай тыкыр мүнөзгө да жетишти окшойт. Мындайча айтканда, чоң жарышка жарап калгандай. Албетте, Сапар Исаковдун эл ичинде популярдуулугу анчейин эмес, жадагалса колдогон электоратын да байкаган жокпуз. (Мисалы, Темир Са­риев, Өмүрбек Бабанов сымал «жарк» эткен фигурага айлана элек.) Бирок, анын артында президент өзү турат. Ошого катар бүтүндөй административдик ре­сурс бар. Эгер Атамбаев бул жигитти чындап күүлөп, сүрөп чыкса, мамлекет башчы болушу оңой эле. Себеби, бүгүнкү саясый күчтөрдүн баарысы бийликтен коркуп калышты. Жинге тийип, сүзгүлөй бергендери камала берет.

Дагы бир кызык факт. Сапар Исаков Кочкорлук болот экен. А бул өрөөндү билесиңер, касиеттүү жер, хан чыккан аймак. Кезинде Ормон хан бийлеп турса, кийин Турдакун Усубалиев кыргыз кыйырын башкарган. Калыгул олуянын: «Экөө катар жүрбөс, бирөө үзүлбөс…» дегенин эске алсак, бул жагы да ойлондурбай койбойт. Сапар мырза быйыл 40 жашка толот. Жаш болсо да ка­рьералык үлкөн секириктерди жасап койду. Билими, тажрыйбасында кеп жок. Эң оболу, ал президент болуп калса, бийликтин бүгүнкүдөй багыты менен иш жүргүзүп, бүтпөй калган иштердин улоочусу болот го. Атамбаевден буйтап кете албайт. Себеби, КСДПнын таасири күчтүү, анүстүнө шефинин электораты Бишкектин жогору жагында эмеспи. Бирдеме болсо 20 миң киши түшүп келет. Кыскасы, А.Шаршенович тирүү турганда оңой менен таасирин алдырбайт. Ошон үчүн «кол бала» эл башчысы болсо, КСДПнын саясаты кайсы бир жылдарга чейин таасирдүү болуп турмакчы…

Мындан сырткары, президентке мураскер катары Сооронбай Жээнбековдун, Иса Өмүркуловдун, Калыкбек Султановдун аттары аталып келет, албетте, дагы ысымдар бар. Бирок, бакыт кушу кимге коно турганын бир Кудай билет эмеспи…

Булак: “Азия ньюс”

Ахматбек Келдибеков, экс-депутат: “Бүгүн Текебаев камалса, эртен дагы башкасы камалат...”

 

-Текебаевдин камалышына тынчсызданган элдин толкуп чыкканы кандайдыр бир күчкө ээ болуп, маселе чечкенге жардам береби?

– Бул жерде негизги маселени чечиш керек. Антпесек, маселе ошол бойдон кала берет. Мындан үч жыл төрт жыл мурун Конституциядагы норманы сактабай, мыйзамды карабай “Ата Журттун” 10 депутатын камашкан. Мени да камашканда мыйзам бузуп, тебелешкен. 3-4 жыл соттошконум менен прокуратурага бир гана жолу сурак бергем. Өкүнүчтүүсү, Конституцияда эгерде Жогорку Кеңештин депутаты оор кылмыш кылып жатып кармалса да, “парламенттин макулдугусуз камоого болбойт” деп жазылып турат. Бирок, “боло берет” деп айрым саясатчылар, прокурорлор айтышкан. Азыр ошол “боло берет” дегендин арты эмне менен бүтүп жатат? Бүгүн Текебаев камалса, эртең дагы башкасы камалышы мүмкүн. Ал тургай кийинки бийлик да ушул ыкманы колдонушу ыктымал. Ошон үчүн “боло берет” деп камаганды жок кылышыбыз керек.

-Кантип?

-Биринчиден, мыйзамды туура эмес аткардыбы, ошол адамдарды жазалашыбыз керек. Экинчиден, боло берет деп камаганга баа берип, чекитти коюшубуз керек. Ансыз мындай башаламандыкты жеңүүгө болбойт. Ал эми күнөөнү сот гана коёт. Эгер күнөөсүз болсоң аны сотто далилдешиң керек.

Кыргыз саясатында кимдир бирөөнүн көрсөтмөсү ме­нен кылмыш иши козголо берет. Бүгүн Текебаевге кылмыш ишин козготкон адам тууралуу да терс пикирлер айтылып, аны аферист деп жатышат го?

-Аны сиз же мен эмес, сот аныктайт. Аферист болсо, сотто афе­рист экени далилдениши керек. Күнөөсү жок болсо, күнөөсү жок экенин далилдеш керек. Бирок, жанагындай камагандын кажети канчалык экенин билбейм. Негизинен чоң кызматта иштеген, парламентте төрага болгон, саясатчыларды оор кылмыштын үстүнөн кармап албагандан кийин аларды камоонун кажети бар же жок эке­нин түшүнбөйм. Аларды камаганда тууган уругу, бала-чакасы кыйналат. Ошолорго кыйын болот. Ошондуктан “камаш керек” деген принцип болбош керек.

Текебаевди узак убакытка чейин тамак бербей, 11 саат суракка алганы айтылууда. УКМК сизди да сурак учурунда ушинтип процедураларды бузду беле?

-Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек. Мен УКМКнын СИЗОсунда отурганда андай мыйзам бузуу болгон эмес. Ал жердеги кызматкерлер жумшак мамиле жасашкан. Ар бир адамдын укугун сыйлоо менен мамиле жасалчу. Азыр кандай болуп калганын бил­бейм.

“Текебаевдин көрсөтмөсү менен камалдым” деп ал кишиге жеке таарынычыңыз жокпу?

-Мен эч кимге таарынбайм. Мен баарын Кудайга койгом. Баарын Алла таала көрүп турат. Ошол чындыкты ар бирине жеткирет деп ойлойм. Ошондуктан эч качан таарынбайм.

Текебаевди колдой турган мезгил келсе, колдоого даярсызбы?

– Мен Кыргызстандын кайсыл жараны болбосун адам өлтүрбөсө, бирөөнүү зордуктабаса, түрмөгө түшпөсүн дейт элем. Түрмөгө түшкөнүнөн да, түшпөгөнүн да колдогум келет. Анткени, түрмөнү жыландын баласына да каалабайм.

Булак: “Майданkg”

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Текебаев менен демократиянын символикалык байланышы бар”

 

 Текебаев камакка алынганда эле “демократияга жаназа окулду” деген пикирлер социалдык түйүндөрдө орун ала баштады. Чындап эле Текебаев камакка алынса, мындан ары демократия­га чекит коюлуп, авторитардык бийлик орноп кетеби?

-Чынын айтыш керек Текебаев менен демократиянын символикалык байланышы бар. Аны эч ким тана албайт. Бирок, мыйзамсыз ка­макка алуу буга чейин эле орун ала баштаган. Башкача айтканда, 2010- жылдан кийин көпчүлүк саясатчыларды камоодо мыйзам бузуп, туура эмес камашкан. Азыр Текебаевди да так ошондой мыйзам бузуу менен камашты. Бирок, Текебаевдин дагы бир өзгөчөлүгү бар. Ал кыргыздын чоң, көрүнүктүү саясатчысы. Ага карата ушундай мамиленин жасалып жатканы бийлик чектен чыгып, каалаганыбызды кыла алабыз. Каалаган убакта каалаганыбызды камап, саясый аренадан жок кылабыз деген сигналды берип, демократияны муунтууга басым жасап жатат.

Коомчулукта Аида Салянова баш прокурор кезинде депутаттардын кол тийбестигине карабай камоого жол берген эле. Бүгүн баш кесерлердин куралы өздөрүнүн башын алганы жатат деген пикирлер да бар экен. Буга кандай комментарий бересиз?

-Туура. Кандайдыр бир деңгээлде ошентип айтсак да болот. Түлеевди, Келдибековду камаганда Салянова бир топ укуктук каталардын кетишине жол берген. Эми тилекке кар­шы, ошол нерселер өз башына келип жатат. Адам деген дайым эле алысты көрө албай, узакка стратегиялык позициясын кармана албайт. Бирок, ошондой болсо да бандиттик, авто­ритардык бийликтин жардамы менен бутуна туруп, ошол системаны кулатам деп бийликке каршы чыкканын чекеден жок кылууга аракет кылып жатат

Бүгүн чабуул жалаң “Ата Мекенчилерге” болуп жатабы же кезек “Ата Мекенге” келдиби?

-Чабуулду мурда эле башташкан. Беш жыл мурун мени не гана кылышкан жок. КТР аркылуу каралашып, камоого аракет кылышты. Келдибеков, Ташиев, Жапаровдорду камап, саясаттан кетирүүгө аракет кылыш­ты. Мадумаровду, Чолпон Жакупованы КТРден жамандашты. Эми кезек “ата-мекенчилерге” келди. Тилекке каршы, бизди жамандап, сокку уруп жатканда “Ата Мекенчилер” карап турушкан. Мен депутат катары бардык камакка алынгандар тууралуу көз карашымды айтып келгем. Азыр да “ата-мекенчилерди” туура эмес ка­макка алынганын айтып, мыйзамсыздыкка каршы күрөшүп жатам. Анткени, саясат жеке нерсе эмес. Саясат бул коом. Бул идеялогиялык маанилүү нерсе. Биз мурдагыларга жол берсек да, токтото албасак да, азыркыларга бийликтин мыйзамсыз иштерине, зөөкүрлүгүнө жол бердирбөөгө ара­кет кылышыбыз керек.

Текебаев менен Атамбаевдин жеке тиреши ушул жагдайга кептелдиби?

-Биз Текебаев менен Атамбаевди саясый фигура катары салыштырсак болот. Экөө тең Кыргызстанда көрүнүктүү аксакал саясатчылар. Бирок, экөөнүн бүгүнкү күндө салыштырып болбойт. Атамбаевдин колунда болуп көрбөгөндөй ресурстар бар. Ал укук коргоо органдары жана болуп көрбөгөндөй эбегейсиз байлыгы мамлекеттик жана жеке менчик кошоматчы массалык маалымат каражаттары. Текебаевдин колунда андай эч нерсе жок. Ошондуктан, экөөнүн бүгүнкү күндөгү тирешинде Текебаевди оппозициячыл көз караштагы саясатчы катарында карашыбыз керек. Ал эми Атамба­евди болсо, мамлекетти башкарып турган, колунда күчтүү мамлекеттик бийлиги бар президент катарында карашыбыз керек. Өшон үчүн биз Атамбаевге караганда бүгүнкү күндө демократияга көп кызмат кыла тур­ган, салым кошо турган Текебаевди коргоого милдеттүүбүз.

“Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарын жоопко тартышыбыз керек. Текебаев революцияга шек келтирди” деген пикирин мурунку депутат Мээрбек Мискенбаев айтты…

-Бийликтин тегерегинде дайыма бийликтин желегин көтөргөн адамдар болуп келген. 2005-2010до дагы мындай нерселерди баштан өткөрүп көнүп калганбыз. Мээрбек менин иним болот. Ал саясатты көп түшүнө элек. Жолуккан жерден саясатта “тор­педа” болбошу керек деп көп айтам. Бирок, андан жыйынтык чыгарбай кадыр-баркын торпедалыкка алмаштыра баштаганы өкүнүчтүү.

Текебаевди 48 сааттан кийин баш коргоо чарасын өзгөртүп, коё бериши мүмкүнбү?

-Менин көз карашымча ушунчалык мыйзамды бузуп, бандитти камагандай кармаганы бийлик эч нерсени карабастан, бардык нерсеге көз жумуп, авторитетинин кеткенине, мамлекеттеги стабилдуүлүктү бузганына да карабастан камаганына караганда жөн коё бербейт го. Анткени, президенттик шайлоо, алдыда жаз мезгили келатат. Текебаев дестабилизация кыла турган саясатчылардын бири. Биз Текебаев менен активдүү иштей баштаганбыз. Көптөгөн тегерек үстөлдөрдү, форумдарды өткөрүп, саясый уюмдарды түзө баштаганбыз. Жакында Европага Чолпон Жакупова, За­мира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев болуп, европанын саясатчылары, демократиялык уюмдары менен жолугуп, Кыргызстандагы абалды талкуулоо боюнча 2-мартта кетип жатканбыз. Мына ушулардын баары биздин бийликке жаккан жок. Сыртта тургандан көрө камап койгонубуз туура болот деп, Текебаевди камап салышты.

Атамбаев Европага барганда “демократиянын архитекто­ру” деген комплимент айтылган. Атамбаев ал жакка барып демократ, Кыргызстана келип авторитар болуп алдыбы?

-Европалык мамлекеттер дипломаттык мамиле түзгөн саясатчылар. Бирок, Европада системалуу мам­лекеттер менен мамиле жасашат. Алар кандайдыр бир маданий же дипломатиялык жол менен айтып коюшу мүмкүн. Бирок, алардын иш жүзүндөгү реалдуу мамилеси кандай ал башка маселе. Анткени, Европада Атамбаевди Путин койгон күн карама саясатчы катары карашат.

Текебаевге каршы көрсөтмө берген Маевскийди “каралаганга уста адам” катары карашып, аферист деп жатышат. Ушундай адамды Кыргызстандын чоң саясатына аралаштырып, анын көрсөтмөсү менен Текебаевди камоонун зарылчылыгы бар беле?

-Биздин тарыхыбызда аябагандай көп фактылар бар. Кыргыздын мыкты улутчул жигиттери, бычакка сап болоор лидерлерин адатта Россиянын империялык жетекчилиги алдап же сатып алып, эгерде алдап сатып алганга конбосо, жок кылып кетишкен. Ошол саясат тилекке каршты, кандайдыр бир кыйыр түрүндө уланып жатат. Текебаев Россияда репутациясы аябагандай күмөн саналган адамдын көрсөтмөсү боюнча камакка алынышы ошол саясаттын уландысы десек болот. Бул нерсе тарыхтан кандайдыр бир деңгээлде жыйынтык чыгарбаган улут экенибизди көрсөтүп жатат.

Парламентте чакырылсын деген кезексиз сессия кандайдыр бир чечимдердин өзгөрүшүнө салым кошо алабы?

-Мен кезексиз сессия чакырылат деп айта албайм. Кезексиз сессия чакырууга аракеттер көрүлгөнү менен аны чакыруу оор. Кезексиз сессияны чакырууга бийлик уруксат бериши керек. Бийликке жакпаган 5-15 де­путат кол көтөрсө да кезексиз сес­сия чакыра албайт. Кезексиз сессия чакыруу боюнча кээ бир депутаттардын ою алкышка татырлык. Бирок, мен кезексиз сессия чакырып жиберерине ишене албайм.

Булак: “Майданkg”

Эдил Байсалов: «СДПКда социал-демократиянын жыты да жок»

 

— Эдил мырза, сиз саясатка активдүү катышып, өз пикириңизди айтып келатасыз. Парламенттик өлкө болобуз деп партиялык системаны киргизгенден бери кыргыз саясатында жаман өнөкөт пайда болду. Бир партиядан бийликке жеткендер ал партиянын катарынан чыгып калгандан кийин ошол партияны шыбап жатып калууда. Сиз да учурунда КСДПнын катарында элеңиз. 2007-жылы анын мүчөсү болуп, жооптуу катчысы да болгонсуз. Азыр КСДП тууралуу терс пикир айткандардын сап башындасыз. Партиялык система ушундай жол менен курулабы? Партиялар ушул багыт менен түптөлө алабы?

— Мен баса белгилеп айтып коёюн, азыр КСДП деген партия жок. Өмүрбек Текебаев “Жалгыз гана “Ата-Мекен” партиясы бар. Ошол партияны түптөп, түбөлүккө калчу партия түзүп жатам” деп айтчу. Азыр “Ата-Мекенди” карасаңыз, бирөөсү дагы ага тирөөч болуп бере албады. Партиясы депутат кылып алып келген Өмүрбек Абдрахманов сындап жүрөт. Ошол киши дарга асууга негизги күбө болуп бергени турат. Калыкбек Султановду министр кылган эле. Ал азыр башка кайыкта. Кылычбек Султановду министр, элчи кылып көтөрдү. Мунусу да башка тарапка кетти. Фракциясында чогуу олтурган Сайдулла Нышановго окшогондордун бирөөсү да өз пикирин айтканга, лидерине болушканга жараган жок. Ал тургай мыйзам долбоорлору боюнча дагы Текебаев, Салянова, Никитенколор гана добуш берип жатышат. Калгандарынын карааны да көрүнбөйт. “Ата-Мекен” ушундай болуп жатса КСДПны партия деп айтууга болбойт. КСДП партия болуш үчүн жок дегенде программасы болушу керек эле. Акыркы 2015-жылдагы программасын көрдүңүзбү? Көргөн жоксуз. “Биз президенттин саясатын колдойбуз” деди. Президенттин саясаты 2017-жылы аягына чыкчу “пустой” программа болчу. Акаев менен Максим Бакиев жазып кеткен. “Алга Кыргызстан” же болбосо “Ак Жол” партияларын азыркы учурда эстейбизби? Эч ким эстебейт. Мен КСДПда жүргөнүмдө салыктар, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча программалар болгон. Атамбаев менен да көп талаш-тартыштар болчу. Ошондо эле Атамбаевдин социал-демократ эмес экенине ынангам. Ал леволиберал. Акчалууларды жакшы көрөт, акчалууларга таянат. СДПКда социал-демократиянын жыты да жок.

– 2009-жылы президенттик шайлоодо оппозиция жалгыз гана талапкер Атамбаевди колдогон. Сиз да ошол учурда бийликтин кысымына кабылып четте жүргөнсүз. Четте жүрүп алып Атамбаевдин социал-демократ эмес экенин билип туруп анын талапкерлигин колдогонсузбу?

— Ал шайлоодо анын талапкерлигин колдогон эмесмин. Четте жүргөнүмдө Исмаил Исаков, Бакыт Бешимов, Өмүрбек Текебаев оппозициянын талапкери болуп чыгышы керек деп үчөөнүн атын атагам. Атамбаев жумшак киши. Бирок, ачууга бат алдырат. Оюна келген бир нерсени ойлонбостон эле дароо жүз градусска алып чыгат. Саясатта жүргөн адамдардын, жетекчилердин баарынын эле характерлери бар. Баардыгы кыйын, жашаган жеринде “супер звезда”, отличник, медалист, чемпион, бизнесмен, олигарх. Атамбаевдин болсо “слабый” жери ойлонулбаган нерсени дароо эле көтөрүп чыгып, жанындагыларды басып коёт. Башка пикирди кабыл албайт. Өзүнөн акылдуу адамды жактырбайт. Өзүнүн айдоочусуна гана ишенет. Анын өкүл бала деген статусу да бар.

— Икрам Илмиянов президенттин өкүл баласыбы?

— Өкүл баласы да. Бул кишинин баласы Кадыр жаш эмеспи. Көп жылдар бою кыздары гана бар болчу. Ошондуктан Илмиянов уулу катары болуп калган. Аны менен жакшы сүйлөшөт. Башка акыл кошчуларды жактыра бербейт.

— Текебаевди деле ошондой мүнөздөп жүрбөйбү?

— Текебаев мен үчүн президентке караганда токтоо сезилет.

— Ал киши деле өзү тууралуу сынды көтөрө албай, туталанып кетет эмеспи?

— Атамбаевде акча бар үчүн каалаган жакпаган адамдарды түртүп коюшу мүмкүн болсо, Текебаевде тыйын жок болуп, көптөр менен тил табышууга мажбур болгон да. Балким, сиз айткандай Текебаевде деле өзүнөн кыйындарды жактырбаган мүнөз бар болушу керек.

– 2007-жылы КСДПнын жооптуу катчысы болуп турганыңызда Роза Отунбаеваны сиз КСДПга алып келгениңиз чынбы?

— Жооптуу катчы болуп турганымда Роза Отунбаеваны жетелеп келип олтургузгам. Алгач ага каршы болушкан. “Бул кишини орустар жаман көрөт” деп эки-үч жолу айтышты. Мен болбой атып аны катарга киргизгем. Бешимовду дагы ээрчитип келгем. Ага да акчасы жок деп каршы болушкан.

— Президенттик шайлоо ноябрь айына коюлганы менен шайлоонун шааниси май айынан баштап кызый баштайт. Талапкер болуп мурункулар эле чыгып жатпайбы. Анан эл кимди ээрчийт?

— Баягылардын арасында деле мыктысы бар. Ошол мыктыны тандап алышыбыз керек. Темирбек Асанбеков “Путиндин адамымын, ошол жак менен жакшымын” деп чыкканда, мындан көрө Адахан Мадумаров болсунчу деп айткам. Мадумаровду канчалык жаман көрсөк да ал бизге жакын. Анын бизге жакпаган жактарын да билебиз. Ошол эле учурда ал киши өзүнүн аброю үчүн күрөшүп, топтой алды. Жаңы киши келип алып бир нерсе жасап жиберет дегенге ишенбейм. Элдин башында болом деген адам бул жакта кайнап, сындан өтүшү керек. Кийинки президент элдин колдоосуна ээ болуусу зарыл. Азыркы саясий система менен мамлекет башына келген адамды тушап коюп, иштетпей коюшуна жол бербешибиз керек. Жаңы Конституцияны кабыл алышыбыз керек деп ойлойм.

— Жаңы Конституция кабыл алынбадыбы?

— Бул Атамбаевдин планы боюнча бийлигин улантыш үчүн кабыл алынды. Ал киши олтуруп алып ким премьер-министр, башкы прокурор болот, кимдерге иш козголоорун көзөмөлдөйт. Биз ал планды бузуп, жаңы президентибиз элге кайрылып, 2–3 айдын ичинде жаңы Конституция кабыл алып, күчтүү президенттик башкарууга өтүшүбүз керек.

— Мадумаров айтып жаткан сөздү айтып жатасыз го?

— Бул сөздү Мадумаров 2010-жылы айтып жатканда мен көп жактыра берчү эмесмин. Керек болсо 2006–2007-жылдары парламенттик система керек деп башкалардан катуураак кыйкырып жүргөн мен элем. Баштан өтүп, сабак алгандан кийин түшүнөт экенбиз. Бизге азыр күчтүү президенттик система керек. Жакында Лондонго бардым. Ал жакта бийликтеги адамдар, дипломаттар менен жолуктум. Келе жатып Москвага тийдим. Москвада дагы бир канча даректерге кирип чыгып, менин позициям мындай десем, Лондон, Москвадагы кишилер таң калышты. “Башка киши айтса бир жөн, Эдил Байсалов кантип сиз ушундай чечимге келдиңиз?” деп айтышты. Азыр мамлекетибиз коркунучта, азыркыдай олигархаттык системаны тизгиндеп тартпасак, булар өзүнүн жеке менчигиндей иштей беришет, элибиз жайылып кетет.

— Азыркы системаны токтотушубуз керек деп айттыңыз. Бул системаны сактап калуу үчүн бийлик мураскерин даярдайт. Кубанычбек Кулматов президенттин мураскери болот деген маалыматты кандай кабыл алдыңыз?

— Ар бир мамлекеттик жетекчи менден кийин өзүмдүн саясатымды уланта турчу киши иштесин деп аракет кылат. Бул мыйзам бузуу же күнөө эмес. Тескерисинче, жетекчи ага шарт түзбөсө, аракет кылбаса саясаттын табиятына каршы келет. Бул жерде Алмазбек Атамбаевдин жаңылыштыгы дейбизби башкаларга ыңгайлуу болду. Эгер күчтүү лидер болгондо бул киши өткөн парламенттик шайлоодо тизмени мураскерине жетектетмек. Андан кийин аны премьер-министр кылмак. Премьер-министр болуп олтурган мураскери иш аракетин көрүп Москва, Пекин, Астанага бармак. Баарыбызды колго алып коймок. Атамбаевдин да санаасы жок, пенсияга кете бермек. Муну көрөгөч саясатчы жасай алат. Кулматовду Бишкекке мэр кылып дайындаганда жакшыраак деп ойлогом. Тилекке каршы өзүнүн лидерлик сапатын көрсөтө албады. Ага Текебаев, Бабанов, Жапаров асылган жок, мурунку темир жолчу болгон адам эле иштетпей койду. Эми ошол адам президент боло алабы?

— Эми болсо “атамекенчи” болуп жүргөн, азыр президенттин кеңешчисине айланган Калыкбек Султановго токтоду деген сөздөр чыкты. Бул кишинин мүмкүнчүлүгү барбы?

— Ал кишиде потенциал жок. Боло албайт деп ойлойм. Мен бир нерсени айтып коёюн, мураскерди алып келүүгө убакыт өтүп кетти. Мураскерди төмөндөн баштап алып келгенде азыр башкача абал болмок.

— “Ата-Мекендин” депутаттарына козголгон кылмыш иштери боюнча кандай пикирдесиз?

— Алмамбет Насырканович кечирип койсун, 7-апрелде кан төгүү Алмамбет мырза Эсеп палатасына барып, өзүнүн аялынын машинасын сатып алсын деп болду беле? Эсеп палатасындагы аудитор коррупцияларга жол бербей турган киши өзү түздөн-түз келишимге кол коюп берип жатат. Бул коррупциянын кандай аныктамалары болсо ошолордун баарына туура келет. 20 миң долларлык машинаны 10 миң долларга сатсаң дагы шек туудурат. Ал тургай бекер да бербеши керек. Эсеп палатасынын аудитору башка бирөөнү тазалыкка чакырып, көзүн чукучу адам өзү ошого барып аткандан кийин бул моралдык катастрофа. Саясий репрессия, өч алуу болуп жатат деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан элди тазалыкка үндөй турган саясатчы болгуң келсе сен таптаза болушуң керек. Шыкмаматов бир чечимди күтпөстөн өзү эле азыр мандатын тапшырып берип басып кетсе эрдик кылат. Текебаев өзү Шыкмаматовду мандатыңды тапшыр деп чыгарып коюшу керек болчу.

— Аида Саляновага карата козголгон ишчи?

— Елисеевге лицензияны берип койду деген саясий катачылык катары караса болот. Менин эсимде, лицензиясы узартылганын угуп жиним келген. Бирок, мыйзамдуу жагын караганда Елисеев соттолгон эмес, биздикилер узартпай койгонго укугу жок болчу, демократиялуу мамлекет ушундай болушу керек деп бир жагынан сыймыктангам. Ушундай иштер менен кылмыш ишин ачып жатканы өздөрүнө туура эмес абалды жаратып алышууда. Бирок, Аида Салянованын прокуратурасы Мелис Мырзакматовго “Ойлонулбаган чечим” деп кылмыш ишин козгогон. “Ойлонулбаган чечим” деген берене барбы? Салянова Башкы прокурор болуп турганда ошондой системаны киргизип койгон. Ал өзү казган орго туш болуп калды. Кээ бир адамдар азыр Салянованы баатыр кылып көрсөтүп жатат. Ал Башкы прокурорлуктан кетип жатканда “Мен президенттен колдоо болбой калгандыктан кызматтан кетип жатам” деген сөздү айткан. Бул кожоюндун ишениминен чыгып калгандан кийин кеткенге аргасыз болдум дегенди билдирет да. Өлкөдө мыйзамдын күчү менен керек болсо президентке кылмыш ишин козгой турчу жалгыз адам Аида Салянова болчу. Ошол киши президент колдобой койду деп кызматтан кеткенин эмне деп түшүнсө болот?

Булак: “Жаңы ордо”

Калмамат Анапияев: “Элдин башына кыйынчылык түшүп турганда кыргыздын азаматтары сыртта карап тура албайт”

 

Дача-СУдагы учак кырсыганда жабыр тарткандарга элибиз колунан келген жардамын беришти. Жеке кызыкчылыкты же саясатты жакшы көргөн “бай-манаптарыбыз” жетим калган балдардын башынан сылап, көңүл көтөрүп койгонго жарабаганы да чындык. Капчыгы калыңдардын катарына кирбесе да Калмамат Анапияев жеке өзү жетим калган Жакшылык менен Султанга Бишкекте жаңы салынып жаткан үйлөрдөн бир бөлмөлүү квартира белек кыла турган болгону чыныгы мырзалык кадам экенин белгилеп коюш керек.

 

-Калмамат мырза, сиз учак кырсыгында үй-бүлөсүнөн ажырап, жетим калган Жакшылык менен Султанга үй алып бере турган болдуңуз. Кыргызстандагы эң бай деген адамдар да мындай кадамга бара албады. Сиз кайрымдуулук жасадыңызбы же патриот экениңизди көрсөтөйүн дедиңизби?

— Бул менин жасаган кайрымдуулук иштеримдин биринчиси жана акыркысы эмес. Кайрымдуулук иш жасаганда бирөөнүн сунушу менен же кимдир бирөө менен кеңешип, акыл сурап иш кылбайм. Мындай иштерди бирөөдөн жардам сурап, андан алган акчага бир нерсе сатып бербейм. Өзүмдүн маңдай терим менен тапкан адал акчама кимдир бирөө жардамга муктаж болсо ага жардам көрсөтүүгө, ага керектүү нерсени сатып берүүгө дайым даярмын. Көрсөткөн кайрымдуулугумду коомчулукка жар салганды дагы жаман көрөм. Мен Алланын жолунда жардам берип келем. Учак кырсыгы болгондо мен гана эмес бүтүндөй кыргыз эли колунан келген жардамын беришти. Элдин башына кыйынчылык түшүп турганда өзүн мекенчил, патриотмун деп эсептеген азаматтар эч качан сыртта карап тура албайт. Мен дагы сыртта карап тура албадым. Жетим калган балдарга жардам бергим келди. Жакындарынан ажыраган жаш балдарда үмүт оту жансын, ишеним пайда болсун деген максатта үй сатып берүү чечимин кабыл алгам. Бул иш менен өзүмдү көрсөтүп алайын деген ой болгон да эмес. Жараткан мындай кырсыктан баарыбызбы сактасын. Эч кимдин башына мындай тагдыр келбесин.

— Балдарга жолуктуңузбу?

— Азырынча Жакшылык менен Султандын өздөрүнө жолуга элекмин. Жакшылыктын жакындары менен сүйлөшкөм. Бишкекке барганга убакыт болбой бара элекмин. Кудай буйруса март айынын ортосунда барам деп пландап жатам. Ошондо жолугуп кенен сүйлөшөбүз.

— Султандын жакындары менен сүйлөшө албадыңызбы?

— Кырсык болгондон кийин ал баланын жакындары менен сүйлөшүү үчүн телефондорун издеп таба албадым. Бирок, мен жөнөткөн балдар анын жакындары менен жолугуп, сүйлөшүп келишти. Менин белегим тууралуу айтышты.

— Сиз белек кыла турган үй качан берилет?

— Мен кыйынчылык абал жаралып турганда кол сунганга жарабаган кыргыздын жигитин чыныгы азамат деп айта албайм. Кыргыздын чыныгы эр-азаматтары кыйын кезде бир муштумдай болуп бириге калып, кыйын абалга туш болгондорду ал кыйынчылыктан чыгара алышкан. Мындай жакшы касиет кыргыздын гана канында бар. Колунан келип турган жардамын муктаж болуп, көзү чачырап тургандарга көрсөтө албаса ошол кыйын жигитпи? Мен дагы өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүмдү эсептеп, анализдеп чыккандан кийин эки балага бир бөлмөлүү квартира сатып берүү чечимине келгенимди белгилеп коёюн. Кудай буйруса, Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үй 2018-жылы пайдаланууга берилет. Ошол үйдөн эки балага эки квартира тапшырылат. Жакшылык менен Султан дагы эр жетип чоңоюшса элдин керегине жараган азаматтардан болушат деген ишеним бар. Кудай буйруп ошол убакытка чейин аман-эсен болсок, жетимдерге белек тапшырып, алардын жүзүнөн кубанычты көрсөм мен үчүн чоң бакыт. Жасаган ишимдин жыйынтыгы да ошол болмокчу.

— Белек кылган бир бөлмөлүү квартираны эки баланын өзүнө каттатып бересизби же алардын жакындарынабы?

— Эгер мыйзам жол бере турган болсо өздөрүнө каттатып берем. Мыйзам жол бербесе алар көрсөткөн жакын адамына каттатып, сатууга тыюу салдырып коёбуз. Балдар чоңойгондо өздөрүнө каттатып алышат.

— Салынып жаткан үйлөрдү өзүңүздүн курулуш компанияңыз куруп жатабы? Сиз да курулуш бизнеси менен алектенесизби?

— Менде көп кабаттуу үй салган курулуш компания жок. Ошол үйдү салып жаткан компания менен сүйлөшүп, сатып алдым. Алдын ала төкчү акчасын төктүм. Пайдаланууга берилгенге чейин калган акчаларын төгүп бүтөм.

— Жакшылык менен Султанды өзүңүздүн балдарыңыз менен тааныштырып, аларды ага-ини кылып койсом деген максатыңыз барбы?

— Үйдүн ачкычын тапшырып жатканымда балдарымды алып барып, Султан, Жакшылык менен тааныштырып, ага-ини кылсам деген максат бар.

— Кечээ эле Чоң-Алайда кар көчкү болуп, эки баланын өмүрүн алып кетти. Аларга да өз жардамыңызды берип келдиңизби?

— Чоң-Алайда кар көчкүдөн жабыркагандарга барып жолугуп келдим. Каза болгон балдарды жерге берген күнү ошол жерде болдум. Үйлөрү кар көчкүнүн астында калган эки үй-бүлөгө Өкмөт тарабынан жер берилип, үй салына турган болсо, ошол эки үйгө кете турган жыгачын мен алып берем деп айтып келдим. Азыр Өкмөтүбүз деле кыйын абалда. Баардык нерсени Өкмөткө түртө бербей, биз дагы колубуздан келген жардамыбызды беришибиз керек деп ойлойм.

— Сиз кыргыздын белдүү жигиттеринин бири делген маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууганысыз. Анапияевдер кайрымдуулук иштерди жасап келатканын көпчүлүк жакшы билет. Сиздер кайрымдуулук фонд түзгөнсүздөрбү?

— Буга чейин кайрымдуулук фонд түзбөй эле колубуздан келген жардамыбызды берип келгенбиз. Алмамбеттин атынан кайрымдуулук фонд түзөлү деген планыбыз бар.

Булак: “Жаңы ордо

Шайырбек Абдрахманов, журналист: «Ата-Мекен” партиясы колунан келишинче үстүнөн коюлган чын-төгүн кинелерге жооп берип жатат»

 

— Шайырбек мырза, бир кезде “Ата-Мекен” партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып калдыңыз. Бүгүнкү күндө партиялаштарыңыздын айланасындагы болуп жаткан окуяларга кандай баа бересиз? Эки тарап маалымат айдыңында катуу согуш жүргүзүп жатышпайбы.

— Бул жерде каршылаштык катуу болуп жатканын жалпы журтубуз билет. Айрыкча маалыматтык кармаш күчтүү жүрүп жатат десем жаңылышпасам керек. Оппозиция менен бийликтин ортосунда мындай маалыматтык согуштарды кыргызстандыктар бүгүн эле көрүп жаткан жок. Бул Акаевдин учурунда дагы болгон, Бакиевдин учурунда да кайталанган, мына эми Атамбаевдин учурунда дагы оппозиция бийлик ортосунда каршылыктар, маалыматтык чабышуулар болуп жатат. Мындай нерсени 25 жылдын ичинде көрүп, мындайга көнүп дагы бүтпөдүкпү. 25 жылдык Кыргызстандын эгемендүүлүгүн көз алдыбыздан өткөрүп келе жаткан инсандар катары айтсам, бизде оппозиция менен болгон пикир келишпестиктерде бийлик көп учурда жалаа жабуу сыяктуу маалыматтарга таянышып, кара пиарды көбүрөөк колдонуп коёрун билебиз. Муну эл дагы билет. Ошол себептен эл ичинде “кара жашик”, ” шыбакчы” деген сөздөр бекер чыкпаган. Бул нерсе ошол 2000-жылдардан кийин 2005–2010-жылдары кандай болсо, бүгүн деле ошондой уланып, айрым окуялар коёндой окшош. Мисалы бийликтин оппозиция менен диалогсуз, аларды теңине албагандай түр көрсөтүү менен иш алып барып жатышы албетте өкүнүчтүү. Мен муну баса белгилеп койгум келет.

— Оппозициябыз деген “Ата-Мекен” партиясынын маалыматтык согуштагы аракетин кандай бааладыңыз?

— “Ата-Мекен” партиясы колунан келишинче үстүнөн коюлган чын-төгүн кинелерге жооп берип жатат окшойт. Анткени ал мамлекеттик машина, пропаганда менен албетте теңтайлаша албайт. Жөнөкөй айтсак, чынында ар бир үстүнөн ташталган жалаа менен айыптоолорго жооп кылышып, алардын баарын далилдөөчү материал, фактылар менен тастыктоого аракет кылып жатышат жана ал аракеттеринен майнап чыгып жатат десем жаңылбайм. Муну кечээги болуп өткөн Белизгейттен эле билсе болот. Дагы мисал, кечээ Скрябина 45 деген жер участогун Шерниязовдор ээлеп алыптыр, айына 20 миң доллардан пайда көрөт экен деген маалыматты Канат Осмоналиев, Бакыт Бакетаев деген серепчилер таратты. Бирок кайра маалымат жыйын өткөрүп, ошол сөздүн калп экендигин Бакетаев өзү айтып, кечирим сурады. Эң өкүнүчтүүсү коомдук деп эсептелген бирок, бийликтин инфомонстрына айланып алган КТРдин бул маалыматтын чын-төгүнүн тастыктабай туруп, оппозиция өкүлдөрүнүн туугандарына чейин эфирден бир тараптуу жамандап таштагандан кайра тартпагандыгы болду. Негизи эле саясатта кандай кармаш болбосун чындыктын алкагынан чыкпаганга аракет кылсак болмок.

— Сиз айтып кеткен кайым айтышуулар менен эле күн өткөрүп жатабыз. Бирок биздин мамлекетте Текебаев менен эле Атамбаевдин маселеси жок да. Мамлекеттик маселелер чекеден саналат. Булар коомдогу чоң көйгөйдөн арылуу үчүн атайын ушундай маалыматтык согушту жүргүзүп жатышкан жокпу?

— Биринчи кезекте мамлекет тиричиликтен мурун идеялык жактан такташып алышыбыз керек… Сырттан байкап турушкан саясат таануучулар менен деле пикир алышсаң мындай процесстердин болгону туура дешет. Күчтүү оппозиция деген сөздүн төркүнү ушул. Бийликти бейчеки тайрактатпайт. Келечекте кийинки муун керек болсо президент болсом дагы жоопкер экенин билип, баардыгын өзүм билип, өзүм чечип калат экенмин деген ойдон алыс болуп, эл менен ар дайым эсептешип, кылган ишиме эл баа берет деген ойдо болот. Мунун эмнеси жаман? Жакшылап ойлонгон кишиге бизде демократия түптөлүп жатат. Президентти баш кылып сындап, бийликтеги адамдардын жоопкерчилигин күчөтүүдө мындай процесстердин болгону жакшы деп ойлойм. Айрым башка мамлекеттерге окшоп бир адам баарыбызды башкарып, анан ал адам кандай айтса ошондой заман болот деген ойдон алыс болобуз.

— Бир айдан ашып кетти 40 адамдын өмүрүн алган “БОИНГ” учагынын кулаганына. Бирок ошол каргашалуу жүк кимдики экени дале маалымдала элек. Мунун баары жүк чын эле жогорку бийликте олтургандарга тийешелүү экенинен кабар бербейби?

— Мен муну эки эле сөз менен айткым келет. 8 жаштагы кыздын салыгын текшерип жаткан адамдар 84 тонна жүктүн кимге тийешелүү экендигин таппай калгандыгы же болбосо бүгүнкү күнгө чейин издеп жаткандыгы туура эмес ойду пайда кылып жатат. Мен бул жүк баланчаныкы же түкүнчөнүкү болсо керек деген божомолдоолордон алысмын. Иликтөөлөрдөн соң, фактылар, айрым документтер табылса, кара кутудагы сөздөр такталса, анан элге ачыкталат болсо керек. Бирок, жаран катары жанагы сөзүмдү кайталап койгум келет: 8 жашар кыздын салыгын текшерип жатканда 84 тонна жүктүн кимдики экенин деле жакшылап текшерип койгула да дегим келет.

Булак: “Жаңы ордо

Каныбек Осмоналиев, мурунку билим берүү министри, профессор: «Алар көп кан төгүлгөн жол менен бийликке келишкен, арбактардан коркуулары зарыл»

 

— Агай, мурунку маегибизде дин маселесине келип токтогон элек. Азыр дин маселеси курчуп турганын айтканбыз. Сөздү сиз жакшы билген билим берүү тармагына бургум келип турат. ОблОНО деген бар болчу. Аларды жоюу зарыл беле?

— Чындыгында азыр дин маселеси начар жагына көздөй абдан күчөп жатат. Мындан сырткары, жергиликтүү бийликтин ролун күчөтүү маселесин дагы көтөрүшүбүз керек. Америкада болгонубузда Флориданын губернатору федералдык массалык маалымат каражаттарынан эмес, өзүнүн штатындагы ММКлардан титиреп коркуп турат экен. Жада калса муниципалдык аймактын башчысы дагы. Бизде кандай болуп жатат? Мына жакында жергиликтүү кеңештин шайлоосу өттү. Бир айыл өкмөтүнө 11 депутат ар кандай жолдор менен өтөт дагы, алар айыл өкмөттөрүн шайлап жатышат. Күндө саботаж, сессияга келбей коюу жана башка оюндар. Ушул жагына көңүл буруу биринчи орунга коюлса дейм. Эмне үчүн Россия Федерациясы министрликтердин санын кескин түрдө кыскартып, агенттиктердин баарын жоюп, аларды министрликтердин алдына берди. Кыргызстанда бир гана билим берүү жана илим тармагында канча ведомстволор бар. Билим берүү жана илим министрлиги өзүнчө да Кыргызпатент, Илимдер академиясы өзүнчө. Мен министр болуп турганда жаман көрүнүп жатып ОблОНОлордун баарын жойгонбуз. Алар жыргап гана жүрүп калышкан. Азыр таптакыр башкача. РайОНОлор өзүлөрү эле эң сонун иштеп жатышат.

— Мурунку бийликтин кулашына негизги себептердин бири электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү болду эле. Бүгүн баа асмандап жатат. Мунун баарын кайра кантип ордуна койсок болот?

— Ширшовдун, Максимдин схемасы иштеп жатат, элдин эсебинен байышууда деген нааразычылыктар менен бийлик алмашылды. Бул чындык. Бирок, азыр эмне ал схема иштебей жатабы? Он эсе күчтүү иштеп жатпайбы! Болгондо дагы азыркы бийликтин өкүлдөрүнүн көз алдында иштеп жатат. 60 тыйын телефонго төлөп жатабыз деп кыйкырганбыз. Азыр деле ошол көрүнүш го. Элдин чыдамы менен азилдешип ойноо коркунучтуу. Ачкөздүктүн дагы чеги болуусу керек. Ал эми чоңдорубуз болсо жөнөкөй, жупуну эле күн кечиргендери дурус. Эмне үчүн Австриянын президенти бүгүн бийликтен түшүп, эртең мектепте мугалим болуп иштегени өөн көрүнбөйт? Мен өткөндө маршурттук таксиге түшүп баратсам бир аксакал киши «Мен сени абдан сыйлайм, бирок маршруткага түшпөчү, боорум ооруп атат» -деди. Мына биздин менталитет. Щвейцариянын өкмөт башчысы бийликтен кеткенден кийин май куюучу жайда оператор болуп иштесе өөн көрүнбөйт. Аң-сезимди өзгөртүш керек. Коммунисттик идеологиянын мага бир жаккан жери абдан катуу текшерүү болот эле. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы райкомдун катчысы көчөдө эле эл менен кошо басып жүрчү. Гезитке бир фельетон чыкса башкарманын башы кетчү.

— Илимий даражалар боюнча эмнелерди айта аласыз?

— Илимдин кандидаты, доктору дешет. Экономика боюнча алганда жылына жүзгө жакын илимдин кандидаты, 20–30 илимдин докторлору пайда болот экен. Эмне экономикасы өсүп кеттиби Кыргызстандын? Тажикстан 1991-жылы эле Жогорку аттестациялык комиссиялык уюмдун функциясын Россияга берип коюшкан. Ошону ушул кезге чейин кармап турушат. Мен жардам берип илимий ишине жетекчилик кылган тажик физик жигит Бишкектен докторлугун жактап кеткен. Азыр ошол тажик Илимдер Академиясынын президенти болду. 2006-жылы докторлугун коргогон. Ошол жигит «Каныбек Осмоналиевич, кийинки учурларда тажиктер абдан көп педагогика, экономика, медицина ж. б. илимдер боюнча Бишкекке илимий даража жактаганга келе башташты. Ушунчалык тез бересиңер,»- деди. Мен күйгөн маселелердин бири ушул. Россия менен Казакстан ВАКты Билим берүү министрлигинин алдына койгон. Биз ВАКТы түз эле өкмөттүн астына коюп койгонбуз.

— Сулайман Кайыпов деген байкебиз түрктөрдүн окуу жайында ректор болду. Ошол жерден кадыр-барк күттү. Ошондой саналуу окумуштуулардын бири айласыздан Кытайда жүрөт. Мыйзам боюнча Кыргызстандын жараны ректор болуш керек дегенге карабастан түрк жараны ректор болуп олтурат. Биздин бийлик ордуна коё албай койбодубу…

— 2011-жылы ошол кездеги Билим берүү министри Түркияга кандайдыр бир иш сапар менен барып, ушул маселеге кол коюп келишет. Жакшынакай эле иштеп жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору түрк жараны болсун дешиптир. Ал Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөндөн кийин гана күчүнө кирет. Ар кандай деңгээлде сөздөр берилгенби, мен анда тармактык комитеттин төрагасы болчумун, бизге документ келди. Бир келгенде мен «эч убакта андай болбойт» деп артка кайтардым. Ошентип талашып-тартышып жатып ратификациядан өткөрүп кетишти. Түрк жараны ректор болуп калды. Акыры айлам куруганда ротация болсун, 5 жыл Түркиянын андан кийин 5 жыл Кыргызстандын жараны болсун дедим. Ал дагы өтпөй калбадыбы. Азыр ошол депутаттардын кээ бирлери бүгүнкү Түркиянын саясий көз карашы бизге карата өзгөрө баштаганда «Агай сиз туура маселе көтөргөн экенсиз» деп телефон чалып калышат. Анда ошондой темп менен Славян университетине Россия жаранын ректор коёлу. Американын университети болсо өздөрү каалагандай чечип алышты.

— Сулайман Кайыповго окшогон кадрлардын бизге кереги жокпу?

— Кереги жок болгону үчүн сыртта жүрүшөт да. Ал киши көзгө көрүнгөн, аң-сезимибизге терең сиңген жогорку даражалуу инсан. Экөөбүз тең аны билет экенбиз күйүп айтып жатабыз. Бирок айтылбай, жөнөкөй көрүнгөн, жупуну мугалимдер абдан көп. Мисалы мени бир жылдан бери Тюмень университети тынбай чакырып келе жатышат. «Каныбек Осмоналиевич, сизге 3 бөлмө батир, 70 миң рубль айлык берели келиңиз» дешет. Ден-соолугума, жашыма карап кылчактап калып жатам. Анын үстүнө «Мурдагы министр бул жакта эмне тентип жүрөт» деген дагы кыргыздын эч кимге жарабаган сокур намысы мени кармап турат. Мен дагы кыргызмын да.

— Бийликке ким келсе эле жылтыраган жерлердин баарын жула качып атышат. Отунбаева бийликке келээри менен сиңдилери окуу жайдын бир бурчун жулуп алышты. Бул жерде мыйзам бузулдубу?

— Ошондой болду окшойт. Баса экөөбүз сөз кылган Сулайман Кайыповдун негизги маселеси ушул жерден башталган дешет. Балким каңырыш уккандырбыз. «Кыргыздарда коррупция көп болот экен. Менеджерлик сапаты али өнүгө элек тура. Келиңиз түрктөр өзүбүз алалы» деп бирөөсү айтса керек. Өзүбүздүн агабызды агалай албай, бирөөнүн агасын сагаалап олтурабыз.

— Албетте ушундай окуу жайлардын ачылганы жакшы, бирок алар билинбеген менен түрктөштүрүү саясатын жүргүзүп жатышат. Мындай окуу жайларды Өзбекстан, Казакстан эбак жапкан да?

— Мени менен 3–4 депутат болуп буга бир топ каршы турдук. “Түрктөр ректор болуп келсе кыргыз билим берүү стандарты толук кармалабы? Ансыз деле араң кармап турабыз” деп сурадым. Монголияга биз беш-алты депутат болуп иш сапар менен барып калдык. Монголиянын министри мага “Сиз комитеттин башчысы экенсиз. 1-класстан 4-класска чейин программаларыңар мага түшүнүксүз”- деди. Сиздерде кандай десем “Бизде 1-класстан 4-класска чейин негизинен эки гана предметти – монгол тилин жана адабиятын, тарыхын окутабыз. Себеби баарын жакшы кабыл алып, калыптана турган убагы ошол курак да баланын” дейт. Албетте математика, башка сабактар да кирет. Бирок, негизи жогорку эки сабак боюнча атайын сынак алышат экен. Эгер окуучу начар көрсөткүч берсе мугалиминин карьерасы аянычтуу чечилет.

— Текебаев менен Атамбаев чектен чыгып бири-бири менен согуша башташты. Аягы эмне менен бүтүшү мүмкүн деп ойлойсуз?

— Менимче бул экөөнүн ортосундагы талашуу Кыргызстандын келечегине, жакшы жашап кетишине эч кандай тийешеси жок. Экөөнүн ортосундагы эле кайым айтышуу. Эгерде экөө тең кыргыз элин сүйгөн жарандар болсо ачык чыгышып, сотко барышып чечишип алышса болот. Германиянын мурунку президенти досуна кандайдыр бир кредит алып бергени байкалып калып кызматтан кетти. Түштүк Кореянын, Бразилиянын президенттери деле ошондой болуп жатат. Менимче жогорку эки саясатчыларыбыз кыргызстандыктардын алдында өздөрүнүн эбегейсиз чоң жоопкерчилигин сезиши керек. Алар көп кан төгүлгөн жол менен бийликке келишкен, арбактардан коркуулары зарыл. Экөөнүн ортосунда чоң жоопкерчилик бар. Орто жолдо Кыргызстандын саясый ландшафтын жаман жагына карай өзгөртүп жатышпайбы. Канчалаган ресурстар кетип жатат. Аксакалдар, Эл баатырлары эмнеге унчугушпайт? Медеткан Шеримкулов бир аз аракет кылды. Мындай маселени аксакалдар дөбөгө олтуруп эле чечип коюшчу. Экөөнүн маселеси болбогон нерсе. Алар мамлекеттик саясый система, экономика менен билим берүү, илим тармактарын көтөрүү боюнча урушушса, анда баарыбыз колдомокпуз. Алдыда мамлекетибиздин тагдырын чече турган президенттик шайлоолор турат. Эл аман болсо деген эле тилек менен жашап келем.

Булак: “Жаңы ордо

Курманбек Осмонов, экс-депутат: «Профессионалдуу башкарып, жакшы жактарга тарбиялап жаткан жетекчилер жок болуп жатпайбы»

 

 

— Курманбек Эргешович, бажы биримдигине даярдыксыз киргенибиз бүгүн төөнүн өркөчүндөй болуп көрүнүп калды. Бул карапайым калк үчүн да катуу сокку болуп жатат. Деги эле бажы биримдигине кирүүнүн канчалык зарылдыгы бар эле?

— Биз муну Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында карашыбыз керек. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкө болуп кирдик. Биримдикке кирүүгө максималдуу түрдө даярдыктарды дагы көрүп туруп анан кирүү керек болчу. Азыр кыйналып жатабыз деп кайра чыгып кеткенибиз туура болбойт. Бажы биримдигине киргенибиз туура болду деп кечээки тегерек столдо дагы айтышты. Айыл чарба азыктарын башка мамлекеттерге чыгарып сата албай, көйгөйлөр болуп жатканына башкалар күнөөлүү эмес, өзүбүз күнөөлүүбүз. Биринчи кезекте Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатканда Кыргызстан канчалык деңгээлде даярдык көрдү, толук кандуу бир нече мамлекет менен ийгиликтүү кошула алдыкпы, бир организимдин мүчөсү катары иштеп кете алабызбы же кете албайбызбы деген маселелерди мурда ойлонуш керек болчу. Азыр биз де-факто фактылардын алдында туруп калдык. Башка мамлекеттерде өндүрүшү күчтүү, чыгарган товарлардын тийиштүү сапаты жогорку деңгээлде. Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөрү бар бирок биримдикке кирген мамлекеттердин талаптарына жооп бере албай жатабыз. Жооп берүүгө максималдуу түрдө аракет кылуу зарыл.

— Бизде мүмкүнчүлүктөр бар, бирок ишке киргизе албай жатабыз деп кеттиңиз. Бул өкмөттүн кемчилдигиненби?

— Ооба, мунун баары Өкмөттүн кемчилиги. Өз учурунда жетиштүү анализ кылбаганы, даярдыкты көрбөгөнү. Жеке эле бул маселе эмес, көп эле маселелер боюнча көйгөйлөр топтолуп калган болчу. Көп жылдан бери маселелердин баарын эртең, бүрсүгүнкүгө калтырып, эптеп-септеп жайгарылып кетээр деген кыргызча көз караш менен жашап келгенбиз. Айрыкча экономикалык биримдиктерде мүчө болгон мамлекеттердин ар биринин катаал шарттары бар да. Кирдиңби баардыгыбызга тийешелүү болгон эрежелерди, мыйзамдарды сактагыла, талаптарына жооп бергиле деш керек. Ошого карабастан экономикалык биримдикте Кыргызстанга бир топ эле жеңилдиктер берилди.

— Жыл сайын алмашып жаткан өкмөт башчыларынын кесепетинен көп жылдык маселелердин топтолуп жатканын билсек болобу?

— Жылда алмашып, ар бир жылга бирден өкмөт башчы туура келип жатпайбы. Аткаруу бийлигинде кемчилдик, зыянын тийгизип жаткан фактор катары өкмөт башчылардын тез-тез алмашып жатканын бааласак болот. Бирок, эски өкмөттүн ичинде иштеген адам жаңы өкмөт башчысы болуп келет да өзү билгендей иш жүргүзө баштайт. Мурдагы премьер-министр кетип калды эле мен баарын жаңыдан баштап жатам, ал бизге тийешеси болбош керек деп мурдагыларга шылтап, өзүн бул маселелерден ала качпоо зарыл.

— Жакынкы он жылды алсак өкмөт башчы болуп иштеген Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев президенттик шайлоого аттанып жатышат. Экөөнүн кандай өкмөт башчы болгонун эл көрүп турат. Бирок экөө эми канчалык деңгээлде президент боло алат деп ишенесиз?

— Бул көрүнүштү башка бир нерселерге салыштырмалуу гана айтсак болот. Мисалы экөө тең өкмөт башчы болгону үчүн идеалдуу талапкер, же болбосо экөө тең мурда кетирген кемчилдиктери боюнча алып караганда жараксыз деп кесе айтып койгонубуз туура болбойт. Албетте, ар бир адамдын саясатчы, башкаруучу катары өзүнүн потенциалы бар. Өкмөт башчы, мамлекет башчысы деги эле башкаруу чөйрөсүндө иштеген адамдар биринчи кезекте билимдүү болушу керек. Мамлекеттик органды, башка саясый институттарды башкара билген илимий башкарууну уюштурган мамлекетчил адам болушу зарыл. Бир эле экономика же айыл чарбанын тигил же бул жагынан эмес, саясый, укуктук, эл аралык мамилелер боюнча билими болушу зарыл. Кыргызстанда гана эмес, кайсыл гана мамлекет болбосун эң кооптуу нерсе бул компетентсиздүүлүк. Эгер иш билбеген кадрлар көбөйүп кетсе, мамлекеттик башкаруунун байланыштары үзүлүп кетиши мүмкүн.

— Башка жакты албай эле коёлу. Коопсуздук кызматы менен ИИМде олтурган эки азаматыбыз тең бул тармакта иштеген эмес. Сиз балким Сегизбаев менен Исраиловду бизден жакшы билээрсиз?

— Буларды атайын орган деп коёт. Айрыкча улуттук коопсуздук кызматын. Мына мен совет мезгилинен бери иштеп келе жатам. Ушул чөйрөгө кандайдыр бир деңгээлде тийешем бар болуп келген. Партиялык кызматтарда иштегенмин, башкарганмын. Дайыма профессионалдык деңгээли бар адамды башкарууга койчу. Совет мезгилинде укук коргоо органдарын кадрлар менен бекемдөө максатында партиялык советтик жетекчилик кызматтарга өзүн кыйын жакшы жагынан көрсөтө алган адамдарды жетекчи кылып алып келчү. Москвага алып барып Улуттук коопсуздук кызматтын адамдарын бир жылдык мөөнөттөн кем эмес атайын индивидуалдуу программа менен окутчу. Окутуп, теориялык билим бербестен дүйнө жүзү боюнча баардык жерге алып барчу. Чалгын маселесин, согуштук тактикаларды, оперативдик иштерди билиш үчүн чет мамлекеттерге дагы алып чыгып мисалдардын негизинде окутуп, атайын даярдыктан өтүшчү. Буларды бир суткада 24 саат болсо 14 саат окутчу. Түндөсү кантип уктап, эртең менен кантип туруш керек баарын окушчу.

Кыскасы жетекчи болуп же жетекчинин орун басары болуп барган жерди беш колундай билип, ал эле эмес кадрдык курамын дагы жаттатып туруп анан иште дечү. Мурда СССРдин ИИМинин курамында болчубуз. Анда оперативдик системанын түрлөрүнүн баардыгын басып өткөн адамдарды жетекчиликке коёт болчу. Жогорку Соттун Төрагасын райондук биринчи инстанциядан баштап, баардык тепкичтерди басып өткөн адамды койчу. Бир күндүк ишти билбеген же бир күн иш менен тааныш эмес адамдарды жетекчи кылып коюу ошол сферага коркунучтуу. Жакшы адам, пейили жакшы, өзү ушундай дардаңдаган шар жигит, бул биздин партиядан деген болбойт. Ал убактылуу гана нерсе. Кыска эле мөөнөттүн ичинде анын ким экенин катардагы кызматкерлер билет дагы ага урмат-сый дагы кылбайт. Органда иштеген адамдар сыйлайт, эгерде накта өз ишиңе профессионал болсоң. Алдаш мүмкүн эмес экенин билсе, анан өзү башкарып жаткан тармакта адилет башкаруу болсо дайыма сыйлап турат.

— Кечээ сот укуктук комитетинде, коопсуздук жаатында жана ИИМ тармагында иштегендер декларация толтурбасын деген сунуш берилди. Бул канчалык деңгээлде туура?

— Негизи мыйзамдын талаптары ээлеген кызматына карабай, баардык жарандарга бирдей таратылышы керек. Мамлекеттин талаптарына декларация тартибин киргизгенден кийин ар бир жаран аны толтурууга милдеттүү. Ал жетекчинин иштеп тапкан акысы, үй мүлкү мамлекеттик же аскердик жашыруун сыр беле? Аны канчалык жашырсаң жөнөкөй жаран ошончолук шектенет. Бул жерде иштедим, баланча айлык алдым, баланча жылдан бери баланча сом пенсия алам деш керек. Аны жашырсаң деле баары билет.

— Жогорку соттун төрагасы, бир нече жогорку кызматтарда иштедиңиз. Сот реформасына элдин дагы ичи чыкпайт. Баягы эле Акаевдин убагында иштеп жаткан соттор дагы деле иштеп жатат. Качан бир соттордун профессионалдуулугуна жетебиз? Мисалы бүгүнкү СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун баласы үч адамды өлтүрүп коюп эркиндикте жүрөт. Ал эми тоок уурдагандар кесилип кетүүдө. Бул жагынан кантип адилеттүүлүккө жетсек болот?

— Мына биз канчалаган шайлоолорду өттүк. Жөнөкөй эл менен жолугушууда мага абдан көп суроо берип жүрүштү. Бир жолку турмушумда болгон окуяны айтайын. Мырзакеде аксакалдар олтурат. Бир абышка “эй балам, атаңды тааныйм, Эргеш аке жакшы киши болчу. Мына эми сен сот болуп иштейт экенсиң, бул сотторду түшүнүп болбойт. Баланчанын баласы бирөөнүн үйүнөн күн карама уурдаптыр. Ошого Өзгөндө Өмүракунов деген сотуң бар экен. 5 жыл берди. Бирөөнүн баласы бирөөнү өлтүрүп койду эле ага дагы 5 жыл берди. Бу мыйзамыңар кандай?”-дейт. Сүрүштүрүп кыскасы билдим. Жанагы жарым мүшөк семичке уурдаган бала үйүнүн төрүнө кирип уурдап чыгыптыр. Мурда үч- төрт жолу соттолгон, сот аркылуу рецидивист (мурдагы кылмыштарын улам кайталаган адам. ред) деп табылган бала экен. Ошол рецидивистке 5 жыл беришиптир. Тиги киши өлтүргөн бала абдан жакшы мүнөздөгү, иштеген эмгекчил неме экен, бирөөнү капысынан өлтүрүп алыптыр. Жөнөкөй кишиге алардын баарын айтып олтурсаң алар түшүнбөйт. Ыя айланайын койчу, жарым мүшөк күн карама менен киши өлтүргөндү бирдей соттогон кантип болсун. Мыйзамда мындай деп жөнөкөй кишиге жеткире албайсың. Соттун чечими катаалдыгында же жеңилдигинде эмес, соттун чечими адилет болушу керек. Кылмышкердин кулк-мүнөзүнө, жасаган кылмышына, зыяндуулугуна, өздүгүнө, үй-бүлөлүк абалын кошуп туруп анан жаза бериш керек. Кээде мыйзамда каралган жазадан төмөн жаза чыгарыш керек болот. Мен биринчи иш караган маселемди айтып берейин. 8 сот бар бирок кыргызча иш карай албайт экен. Иш кыргызча түшүптүр. Бир бала бир кызды ала качып кетип кайра «мени зордуктады жана башка жакпай калды»-деп кыз баланын үстүнөн арыз жазыптыр. Эжелери ата-энесин коркутуп акча талап кылып жатышыптыр. Баланын өмүр баянын изилдедик. Абдан сонун бала экен. Тиги кыз болсо бузулуп ушундай иштер менен алектенген кыз экен. Мурда дагы эки-үчөөнү сызга олтургузуп качып жүргөн неме экен. Кесип кылып алыптыр. Баягы балага 2 жыл шарттуу түрдө жаза бердим. Ал убакта жаза шарты катуу болуп, Жогорку Соттун, партиянын көзөмөлүндө болот эле. Кийин ошол иш Жогорку Сотко чейин жеткен. Исанын маселесине келсек тааныш-билиш, кызматтык абалынан пайдалануу деген болбой койбойт, таасир этишет. Мен иштеген маалда деле ар кандай нерселер болчу. Бирок адилеттүүлүк үчүн айтышым керек, Акаев таптакыр мындай ишке такыр киришчү эмес. Эч качан бул маселе менен кайрылган жок. Калгандарынын баарын жаныма жолотчу эмесмин. Бакиев учурунда бөлүм башчылар бар эле, аларды кабылдамадан нары кетирчүмүн, кабыл алчу эмесмин. Мыйзам боюнча жардам бере турган жагдайы болсо анча-мынча андай учурда жардам берчүмүн. Жок мыйзамга тескери келсе жасачу эмесмин. Кийин райондук соттор аркылуу, өздөрүнүн каналдары аркылуу иш бүтүрүп жүрүштү. Бирок ага деле анча-мынча көз жумуп билмексендикке салып коюп жүрдүм.

— Бакиев сот иштерине аралашчу беле?

— Жок, эч качан. Ал банкирлердин, Садыркуловдордун иши боюнча сурады. Анда иш каралып бүтө элек эле. Соттолсо соттолду болуп калабы, кандай болот деген. Албетте, айып өкүмү чыкса соттолгон болот дегем. Аны качан жокко чыгарат же сот аркылуу алынат, ушулар боюнча чай ичип олтурганда деле түшүнүк бергем. Башка эч нерсе суранган жок. Бирок шайлоо учурунда сурангандары болду. Жардам бере тургандарына бердим, такыр мүмкүн эместерин ачык эле айттым. Бул мүмкүн эмес, болбойт дедим.

— Бизде саясый буйруктар дагы мыйзамдарга туура келбей жаткандай. Кайсы бир ишке шектелип жаткан адамды тергөөгө чакырып анан күнөөлүү деп табылгандан кийин гана камакка алынчу эле го. Азыр болсо камап алып тергеп жатышат. Бул мыйзам бузуу эмеспи?

— Алардын баары туура эмес. Аша чапкан нерселер көп эле болуп жатат. Мунун баарын жасаган Аида Салянованын баардык иштер башына келип, өзүнүн мыйзамсыз, аша чапкандык менен жасаган иш ыкмаларын өзүнө колдонуп жатышат. Саясый аренада жүргөн киши болсо эле парламенттин макулдугун албаш үчүн өзгөчө оор беренелер менен иш козгойт. 303-коррупция, 304-берене кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун 4-бөлүгү менен. Бул өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелинет. Анан камап алып тергөөнү баштап жатышат. Негизи иш тартиби боюнча илгери камакка чын эле өтө оор кылмышкерди алчубуз. Сотко иш келгенде баш коргоо чарасы туура кабыл алынганбы же туура эмес кабыл алынганбы? Эгер туура эмес болсо камактан чыгарып анан сотточу. Азыр адамдын убал-сообунан коркпой туруп күн мурунтан жанагындай өзгөчө оор кылмыш менен иш козгоп, бош жүрсө тергөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн деп камап жатышат.

— Жада калса шайлоо учурунда өзүнүн атаандашынан кутулуу үчүн да кылмыш ишин козгоп жатышпайбы?

— Шайлоо жок кезинде деле мындай иштерди жасап жатышат. Мурдагы укук системабыз ошол эле континенталдик системага негизделген. Азыр деле ошондой, көп деле айрымачылыгы жок. Мурда адам өлтүргөндү, зордукчулдарды, каракчылык кылгандарды, эч жерде иштебегендерди камачу. Бош болсо коомчулукка кандай зыян алып келээрин карап анан камачубуз. Ошол убакта кандайдыр бир нерсеге айыпталган башкармалар бош жүрүп тергелип күнөөсү табылса анан камалчу. Бирок адамды соттун өкүмү чыкканга чейин күнөөлүү деп айтышка эч кимдин акысы жок болчу. Азыр деле мыйзам боюнча эч кимдин акысы жок. Азыр иш козгойт, козгоору менен мунун күнөөсү чогулган материалдар менен далилденди, күнөөлүү, коррупционер же болбосо кызмат абалынан пайдаланган деп айтып салышат. Эч нерсе боло электе эле күн мурунтан адамды мокочо, желмогуз кылып таштайт. Бул өзү туура эмес. Мына ушундай ыкма камап коё элеги болбосо Аида Салянованын өзүнө колдонулуп жатат. Соттун чечими чыга электе күнөө тагылды мага деп жаны бышып күйүп туталанып жүрөт. Бул жерде саясый мотив бар, мен күнөөлүү эмесмин, агам, күйөөм күнөөлүү эмес, баарыбыз акпыз деп жатат.

— Сот системасына адилет чечим чыгарбагандарды кайра жолотпой койсо кичине болсо да башкалар сестенип калабы деп ойлоп жатам. Сиздердин убагыңыздарда судьялар таза иштешчү. Азыр караны ак, акты кара кылып коюп жатышпайбы?

— Ошол убакта коркчу да. Жоопкерчилик бар эле, уят-абийир деген бар эле. Андай чечим чыгаруу ыйманына жараша болот ким болсо дагы.

— Аны эмнеге азыр колдонушпайт?

— Азыр сотторду тандоо кеңешин түзүп койгон. Аны жөн эле түзүп койбой Конституцияга Текебаев киргизип да салган. Мурда соттордун алдында квалификациялык коллегия бар эле. Сынактан өткөрүп, Жогорку Кеңешке шайлай турган органдарга, партиялык комитеттерге берчү. Алардын жактыруусунан өткөндө болсо болду, болбосо калчу. Мына мен көп убакыт иштедим. Сунушталгандан кадрлардын жарымы өтсө жакшы, жарымы ар кандай себептен өтпөй калчу. Кээ бирлери моралдык критерийлер менен өтпөй калчу. Азыр сотторду тандоо кеңешинин башында турган адам бир күн сотто иштеген эмес. Сотту сот тармагында иштеген адам тандаш керек. Доктурду барып агрономду танда десең кантип тандайт? Ошол сыяктуу сотту сот тандоо зарыл. Жөн эле юридикалык билимге ээ экен деп көрүнгөн кызматка жайгаштыра берүү акылга сыйбайт. Кудай сактасын, көчөдө жүргөн билими орто эмес, төмөндөрдү фракциялардын шайлоо мезгилинде штабында иштегендер, чай ташыгандар сот тармагында чоң кызматтарга келишүүдө. Бул кадрдык маселеге сокку урат.

— Соттук реформа керек экен да демек?

— Сот реформа кимге керек, эмнеге керек? Сотторго реформа жасайбыз деп чамынып атабыз. Булардын айлыгын бир эмес төрт жолу көтөрдүк, булардын имараттарын жакшырттык. Компьютерди бердик, имараты сонун деп жатабыз. Андан эмне, ошол жерде олтургандар жыргайт. Эң негизгиси реформаны ким үчүн, эмне максат менен жасап жатам деш керек. Ал жерде Кыргызстандын жөнөкөй жараны укугу бузулса, эркиндиги тепселип жатса адилеттүүлүк издеп сотко барат. Ал жерде мыйзамда каралган мөөнөттө, тартипте, так сактоо менен адилеттүү чечим чыгара алчу мыйзамды чыгара алса ошол жетишкендик болуш керек. Жогорку Соттун эшигин милициялар менен тосуп албай иши бар адам сотторго кирип, кеңеш алып кете турган шарт түзүп бериш керек. Мен мурда кабылдамада кабыл алчумун, график менен.

— Айлыкты көтөрүп берди, үй салып берип жатат. Ошентсе дагы кыргыз милициясынын кадыр-баркы эмнеге мынча түшүп кетти? Балким күнөө өздөрүндө болуп жүрбөсүн?

— Дээринде жок адам хансарай салып берип койсоң деле же болбосо алачыкта баягы эле адам болсо ошол бойдон калат. Албетте укук коргоо органдары, айрыкча милицияда тийиштүү шартты түзүп бериш керек. Ошонун баарысын өлкөдөгү укуктук, социалдык абал менен байланыштырган болбойт. Жакшы, эффективдүү шарт түзүп берүү мамлекеттин милдети.

— Эки революциянын шарапаты милициянын кадыр-баркын түшүрүп койду дегенге ишенесизби?

— Эки эле революция эмес коомдогу көрүнүштөр, саясый окуялар көп эле кадыр-баркына шек келтирип жатат. Жөнөкөй катардагы милиция курамдары колунан келишинче аракет кылат. Бирок аларды профессионалдуу башкарып, жакшы жактарга тарбиялап жаткан жетекчилер жок болуп жатпайбы.

Булак: “Жаңы ордо

Меню