«УЧКУН» Ачык акционердик коомунун экс — жетекчиси Орозбек Нусувалиевди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жаңыдан түзүлүп жаткан мамлекеттик «Мүлк » ишканасынын жетекчиси кылып дайындады. Айрым маалыматтарга караганда бул ишканага бир топ башка кызматтар бириктирилет экен. Демек, бул “Мүлк” ишканасы жакынкы убактарда Кыргызстандагы “гигант” ишканалардын бири болот окшобойбу. Белгилүү болгондой буга чейин Орозбек мырза өзү иштеген чоң кызматтардагы «бардак», башаламан иштерди тартипке салып, кирешесин көбөйтүп, эл оозуна алынып келген. Маселен, ал 1 жылдан ашуун убакыт жеткетеген чыгашалуу «Учкунду» 10-15 млн. сом кирешеге чыгарганга жетишкен. Ошого карабсатан, анын бул кызматтан алынышы саясый сүртүмдөр менен коштолгону белгилүү. Ал эми Нусувалиев ага чейин Бишкек СЭЗди 2-3 жыл жетектеп, 50дөй ар кандай обьектерди куруп, ишананын кирешесин миллиард сомго чейин жеткизген. Демек, бул жаңы ишкананы дагы бутуна тургузуп, гүлдөтөөрүнө ишеним чоң. Эмесе, Орозбек мырзага албан-албан ийгиликтерди каалап коёлу.
Булак: “Чагылган”