Menu

ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ

“Росинбанктагы” башаламандык же анын башында кимдер турган? Нурсулуу Ахметованын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү

Элибизде “кайсы бирин айтасың” деген сөз айтылат. Ушул сөздү улап, Убактылуу өкмөт Кыргызстандын башына келип бийлей баштагандан берки ишмердүүлүгүн кайсы бирин албайлы дээрлик баары эле пайдасыз, ал эмес зыяндуу болгонун көрөбүз.

Жакында эле Атамбаев, мен бийлик жүргүзүп турганда башталган баардык долбоорлор Кыргызстанга пайдалуу болгон, коомчулук ошону туура түшүнгөнгө деңгээли жетпей эле мени күнөөлөп жатышат, экономикадан сабаты бар киши мындайча эсептейт маанисинде өзүнүн билдирүүсүн таратканы эсибизде…

Апрель окуялары башталаары менен банк уячалары таланып-тонолот, анан эле “Мегаком”, “Залкар” банкы, Кумтөр, Жерүй, “Манас” аба майданындагы АКШынын транзиттик борборун чыгаруу, Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ), Улуттук тарых музейиндеги ремонт, Нарын дарыясына жаңы ГЭСтерди куруу, Датка-Кемин, Балыкчы-Корумду, Түндүк-Түштүк авто жолдору сыяктуу иштердин кандай максатта башталып, “төбө чачты тик тургузган” каржы-экономикалык кылмыштар кандай жүргөндүгү эми гана аз-аздан ачылып жатпайбы.

Анда эмесе биз ошол экс-ажобуздун экономика тармагын бийлеп турган көздөй кадры Нурсулуу Ахметова (азыр деле президент аппаратында каржы, экономикалык бөлүмдү жетектеп келет) айымдын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Нурсулуу айым эл аралык уюмдагы жумушунан 2010-жылы кантип мамлекеттик кызматка келип калгандыгын, “Новые Лица” басылмасына 2015-жылдын 25-майында берген интервьюсунда, апрель окуяларындагы мародерчулукту өз көзү менен көрүп, өмүрүндө биринчи жолу өлкөбүздүн келечегине кабатырланып, корккондугун, анын эртеси 8-апрелде Алмазбек Атамбаев Нурсулуу айымга телефон чалып, иштешүүгө сунуш кылгандыгын, анан жолукканда “Хватит сидеть там, в проектах, кто-то должен работать, поднимать страну” деп шыктандырганын, ошентип мамлекеттик кызматка өткөндүгүн айткан экен.

Атамбаев командасынын Бишкек ТЭЦиндеги жаңылоо, оңдоо иштерине укуктук баа бериле баштаганда Сапар Исаков менен бир катарда биздин каарманыбыздын аты да кытайлык ТВЕА компаниясына байланыштуу документтерден чыгып, уу-дуу сөздөр болгон. Негедир Нурсулуу Ахметованын бул иштер боюнча кийин тиешелүү органдарга жок дегенде күбө катары чакырылып көрсөтмө бербегендиги тушүнүксүз…

Сөзүбүздө кичине чегинүү жасап, Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин улутташтырган Азияуниверсалбанк (АУБ) жана ушул банктын проблемасыз активдеринин негизинде түзүлгөн “Залкар” банктын кийинкиси жөнүндө уласак…

Ошентип, 2011-жылы жаңыдан түзүлгөн “Залкар” банкына 100% ДЕБРА (Банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу агентствосу — ​Агентства по реорганизации банков и реструктуризации долгов) кожоюндук кылып калат. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын камтыган 36 филиалы бар “Залкар” банк түзүлгөн күндөн тартып чет өлкөлүк тышкы донорлор (инвесторлор) банкты менчиктештирүү (б. а. сатуу) сунуштарын коюшат. Талапка жараша сатуу боюнча иштерди ошол кездеги банктын жалгыз кожоюну катары ДЕБРА жүргүзөт.

Эл аралык адистердин (оценщиктердин) чыгарган тыянагына ылайык “Залкар” банкы 1 миллиард 200 миллион сомго бааланган. Ошол кездеги АКШ долларынын куну орточо 47 сомдун тегерегинде болсо, Банктын баасы 25 миллион АКШ долларына барабар болгон. Өзгөчө тактап койчу жагдай, ​банктын ошол кездеги балансындагы негизги каражаттары (основные средства- же банк мүлктөрүнүн баасы) эле 670 миллион сомго барабар болгон.

Бирок, ар кандай себептерди негиздеп отурушуп, “Залкар” банктын баасын 2013-жылы 293 миллион сомго (б. а. 6 млн 200 мин АКШ доллары) чейин түшүрүп, Россиялык «Инвестторгхолдинг» сатып алат. Ошентип, “Залкар” банк эми россиялык «Росинбанк» болуп аталып калды. Жаңы пайда болгон Орусиянын банкына Кыргыз Республикасы 620 миң доллар же 29 млн 140 миң сом кошуп, 10% дык үлүшкө ээ болот (аталган банктагы — ​10% дык үлүшү үчүн Кыргызстан 5 жылдан бери 50 сом дивиденд алганы да күмөн).

Ошол кезде банктын сатылышын КР Президентинин аппаратынын экономика бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова түздөн-түз көзөмөлдөп турганын баары эле билишчү. Буга далил катары, банкты сатып алган орусиялык «Инвестторгхолдингдин» кожоюну В. В. Гудковду Н. Ахметова бир канча жолу кабыл алып, Президент А. Атамбаевге чейин жолугуштурганын айтсак болот. Н. Ахметова В. Гудковду бардык жерде орусиянын «Эң мыкты банкири» наамынын ээси деп тааныштырып жүрдү. Кыскасы Н. Ахметова «Залкарбанкты» сатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу борбору болуп калганы чындык. Н. Ахметова жактап-мактап алып келген В. Гудков, 2017- жылы РФнын расмий органдары тарабынан кылмышкер катары таанылып, Монако княжествосунда качып жүргөн жеринен кармалат. «Инвестторгбанктын» лицензиясы шылуундук иштери (отмывание средств) үчүн РФнын Борбордук банкы тарабынан тартып алынды. В. Гудковго таандык РФдагы облустук маанидеги өтө чоң эмес дагы бир банктын лицензиясы да алынган. Ушундай кылмыштуу иштерге байланышы бар деген доомат менен 2018-жылы КР Финансы полициясы «Росинбанктын» Төрагасынын биринчи орун басары А. Гойхманды камады (Андрей Гойхман — ​В. Гудковдун жээни).

2013-жылдын июнь айынан тартып иштей баштаган “Росинбанктын” 2018-жылдын июнь айында 36 филиалынан 12си гана калды. Кардарларга жакын, ыңгайлуу жайларда жайгашкан бир топ филиалдарынын кеңселерин жаап, имараттарын чекесинен чыркыратып сатты (“Росинбанктын” расмий интернет сайтында дагы 12 филиалынын имараттарын сатуу боюнча жарыя илинип турат).

“Росинбанк” Бишкектин Москва көчөсүндөгү борбордук кеңсесин РСК банка 2 млн. АКШ долларына сатканы тууралуу маалыматтар айтылып келет. Ал эми “Росинбанк” өзү чон акча төлөп, ижарада отурганы түшүнүксүз-шектенүүнү жаратат.

Кыргызстандагы региондордун эң маанилүү проблемасы — ​бул аймактарда банк кызматынын жетишпегендиги. Муну Н. Ахметова беш колдой билет. Бирок, Н. Ахметова колдоп келген “Росинбанк” аймактардагы филиалдарын жаап, имараттарын чекесинен сатып жатканда ал жана Улуттук банк кайда карап отурганы түшүнүксүз.

Жакында эле КР Президенти С. Жээнбеков ишкерлер менен жолукканда аймактарды көтөрүү, аларга каржылык колдоо тууралуу сөз кылган. Ушул жерде суроо туулат Атамбаевдин каржы-экономикалык саясатын жүргүзүп келген Н. Ахметова атайын эле азыркы Президенттин саясатына каршы иштеп жатканыбы? Же ал киши экономиканын мыйзамдарын жана бүгүнкү кырдаалды Атамбаевдин көзү менен гана көрөбү? Президент Жээнбеков банк тармагындагы, жалпы эле каржы-экономикалык жааттагы ушундай кырдаалды билеби же кабары жокпу? Анда кайсы күчкө, кайсы ресурска таянып, региондорду көтөрөбүз деген ураан чакырабыз? “Залкарбанк” сатылганда сырттан келген инвесторго ушундай маселе коюлган эмес беле, же койгонду билген эмеспи же эптеп эле сатып, өз кызыкчылыктарын канааттандырууну көздөшкөнбү?

“Залкар” банктын сатылышынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын банк системасындагы «Кумтору» жана «ТЭЦи» болду.

“Росинбанк” Кыргызстанга инвестиция алып келбей эле кесепет алып келди. Жергиликтүү ишкерлерге кредит берүүнүн ордуна, атайын эле орусиялык ишкерлерге кайтарымы күмөн болгон кредиттерди бергендей (муну банктын расмий сайтындагы сатууга коюлган орусиялыктардын кредит алүү үчүн койгон күрөөлөрү (залогдор) тастыктоодо — ​себеби, ал жерде күрөөгө коюлган мүлктөрдү сатып, берилген кредиттин суммасын кайтарууга эмес, дегеле сатууга мүмкүн эмес мүлктөр коюлган, м: трассалардан алыстагы кичинекей айылдардагы 3 май куюучу жайлар банктын сайтында сатуу үчүн жарыяланган). 5 жылдан бери чет элдиктерге кредитти бергенде коюлган күрөөлөрдү КР Улуттук банкы көрбөдүбү? Улуттук банктын бул жерде жоопкерчилигин ким аныктайт? (“Росинбанктын” кожоюну баш болуп, жетекчилери четинен камалып жатканын жогоруда жаздык). Инвестиция алып келүүнүн ордуна, болгон акчаны кожоюндары чыгарып кетип жаткандыктан аталган банкта ушундай проблемалар пайда болду. “Росинбанкта” ликвидность деген коэффициент ушунчалык жапайылык менен бузулгандыктан, аргасыздан КР Улуттук банкынан 810 млн сом карыз алды. Демек, Улуттук банк дагы бир проблемалуу банктын пайда болгонун көрүп туруп ушундай иштерге барып жаткандай.

“Росинбанктын “ ушундай алешем ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү айланып келип, жүз миңдеген кыргызстандык аманатчыларга проблема жаратып, экономикабыздын стабилдүүлүгүнө доо кетирип жатат. Мына ушунун баарына, өлкө келечегине 7-апрелдеги мародерлорду көрүп биринчи жолу кооптонгон Ахметова айым, баш болгон Атамбаевдин кадрлары жооп бере турган мезгил келди деп ойлойбуз.

Жаныбек Атамбеков

Булак: “Жаңы ордо

“Росинбанктагы” башаламандык же анын башында кимдер турган? Нурсулуу Ахметованын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү

Элибизде “кайсы бирин айтасың” деген сөз айтылат. Ушул сөздү улап, Убактылуу өкмөт Кыргызстандын башына келип бийлей баштагандан берки ишмердүүлүгүн кайсы бирин албайлы дээрлик баары эле пайдасыз, ал эмес зыяндуу болгонун көрөбүз.

Жакында эле Атамбаев, мен бийлик жүргүзүп турганда башталган баардык долбоорлор Кыргызстанга пайдалуу болгон, коомчулук ошону туура түшүнгөнгө деңгээли жетпей эле мени күнөөлөп жатышат, экономикадан сабаты бар киши мындайча эсептейт маанисинде өзүнүн билдирүүсүн таратканы эсибизде…

Апрель окуялары башталаары менен банк уячалары таланып-тонолот, анан эле “Мегаком”, “Залкар” банкы, Кумтөр, Жерүй, “Манас” аба майданындагы АКШынын транзиттик борборун чыгаруу, Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ), Улуттук тарых музейиндеги ремонт, Нарын дарыясына жаңы ГЭСтерди куруу, Датка-Кемин, Балыкчы-Корумду, Түндүк-Түштүк авто жолдору сыяктуу иштердин кандай максатта башталып, “төбө чачты тик тургузган” каржы-экономикалык кылмыштар кандай жүргөндүгү эми гана аз-аздан ачылып жатпайбы.

Анда эмесе биз ошол экс-ажобуздун экономика тармагын бийлеп турган көздөй кадры Нурсулуу Ахметова (азыр деле президент аппаратында каржы, экономикалык бөлүмдү жетектеп келет) айымдын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Нурсулуу айым эл аралык уюмдагы жумушунан 2010-жылы кантип мамлекеттик кызматка келип калгандыгын, “Новые Лица” басылмасына 2015-жылдын 25-майында берген интервьюсунда, апрель окуяларындагы мародерчулукту өз көзү менен көрүп, өмүрүндө биринчи жолу өлкөбүздүн келечегине кабатырланып, корккондугун, анын эртеси 8-апрелде Алмазбек Атамбаев Нурсулуу айымга телефон чалып, иштешүүгө сунуш кылгандыгын, анан жолукканда “Хватит сидеть там, в проектах, кто-то должен работать, поднимать страну” деп шыктандырганын, ошентип мамлекеттик кызматка өткөндүгүн айткан экен.

Атамбаев командасынын Бишкек ТЭЦиндеги жаңылоо, оңдоо иштерине укуктук баа бериле баштаганда Сапар Исаков менен бир катарда биздин каарманыбыздын аты да кытайлык ТВЕА компаниясына байланыштуу документтерден чыгып, уу-дуу сөздөр болгон. Негедир Нурсулуу Ахметованын бул иштер боюнча кийин тиешелүү органдарга жок дегенде күбө катары чакырылып көрсөтмө бербегендиги тушүнүксүз…

Сөзүбүздө кичине чегинүү жасап, Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин улутташтырган Азияуниверсалбанк (АУБ) жана ушул банктын проблемасыз активдеринин негизинде түзүлгөн “Залкар” банктын кийинкиси жөнүндө уласак…

Ошентип, 2011-жылы жаңыдан түзүлгөн “Залкар” банкына 100% ДЕБРА (Банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу агентствосу — ​Агентства по реорганизации банков и реструктуризации долгов) кожоюндук кылып калат. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын камтыган 36 филиалы бар “Залкар” банк түзүлгөн күндөн тартып чет өлкөлүк тышкы донорлор (инвесторлор) банкты менчиктештирүү (б. а. сатуу) сунуштарын коюшат. Талапка жараша сатуу боюнча иштерди ошол кездеги банктын жалгыз кожоюну катары ДЕБРА жүргүзөт.

Эл аралык адистердин (оценщиктердин) чыгарган тыянагына ылайык “Залкар” банкы 1 миллиард 200 миллион сомго бааланган. Ошол кездеги АКШ долларынын куну орточо 47 сомдун тегерегинде болсо, Банктын баасы 25 миллион АКШ долларына барабар болгон. Өзгөчө тактап койчу жагдай, ​банктын ошол кездеги балансындагы негизги каражаттары (основные средства- же банк мүлктөрүнүн баасы) эле 670 миллион сомго барабар болгон.

Бирок, ар кандай себептерди негиздеп отурушуп, “Залкар” банктын баасын 2013-жылы 293 миллион сомго (б. а. 6 млн 200 мин АКШ доллары) чейин түшүрүп, Россиялык «Инвестторгхолдинг» сатып алат. Ошентип, “Залкар” банк эми россиялык «Росинбанк» болуп аталып калды. Жаңы пайда болгон Орусиянын банкына Кыргыз Республикасы 620 миң доллар же 29 млн 140 миң сом кошуп, 10% дык үлүшкө ээ болот (аталган банктагы — ​10% дык үлүшү үчүн Кыргызстан 5 жылдан бери 50 сом дивиденд алганы да күмөн).

Ошол кезде банктын сатылышын КР Президентинин аппаратынын экономика бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова түздөн-түз көзөмөлдөп турганын баары эле билишчү. Буга далил катары, банкты сатып алган орусиялык «Инвестторгхолдингдин» кожоюну В. В. Гудковду Н. Ахметова бир канча жолу кабыл алып, Президент А. Атамбаевге чейин жолугуштурганын айтсак болот. Н. Ахметова В. Гудковду бардык жерде орусиянын «Эң мыкты банкири» наамынын ээси деп тааныштырып жүрдү. Кыскасы Н. Ахметова «Залкарбанкты» сатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу борбору болуп калганы чындык. Н. Ахметова жактап-мактап алып келген В. Гудков, 2017- жылы РФнын расмий органдары тарабынан кылмышкер катары таанылып, Монако княжествосунда качып жүргөн жеринен кармалат. «Инвестторгбанктын» лицензиясы шылуундук иштери (отмывание средств) үчүн РФнын Борбордук банкы тарабынан тартып алынды. В. Гудковго таандык РФдагы облустук маанидеги өтө чоң эмес дагы бир банктын лицензиясы да алынган. Ушундай кылмыштуу иштерге байланышы бар деген доомат менен 2018-жылы КР Финансы полициясы «Росинбанктын» Төрагасынын биринчи орун басары А. Гойхманды камады (Андрей Гойхман — ​В. Гудковдун жээни).

2013-жылдын июнь айынан тартып иштей баштаган “Росинбанктын” 2018-жылдын июнь айында 36 филиалынан 12си гана калды. Кардарларга жакын, ыңгайлуу жайларда жайгашкан бир топ филиалдарынын кеңселерин жаап, имараттарын чекесинен чыркыратып сатты (“Росинбанктын” расмий интернет сайтында дагы 12 филиалынын имараттарын сатуу боюнча жарыя илинип турат).

“Росинбанк” Бишкектин Москва көчөсүндөгү борбордук кеңсесин РСК банка 2 млн. АКШ долларына сатканы тууралуу маалыматтар айтылып келет. Ал эми “Росинбанк” өзү чон акча төлөп, ижарада отурганы түшүнүксүз-шектенүүнү жаратат.

Кыргызстандагы региондордун эң маанилүү проблемасы — ​бул аймактарда банк кызматынын жетишпегендиги. Муну Н. Ахметова беш колдой билет. Бирок, Н. Ахметова колдоп келген “Росинбанк” аймактардагы филиалдарын жаап, имараттарын чекесинен сатып жатканда ал жана Улуттук банк кайда карап отурганы түшүнүксүз.

Жакында эле КР Президенти С. Жээнбеков ишкерлер менен жолукканда аймактарды көтөрүү, аларга каржылык колдоо тууралуу сөз кылган. Ушул жерде суроо туулат Атамбаевдин каржы-экономикалык саясатын жүргүзүп келген Н. Ахметова атайын эле азыркы Президенттин саясатына каршы иштеп жатканыбы? Же ал киши экономиканын мыйзамдарын жана бүгүнкү кырдаалды Атамбаевдин көзү менен гана көрөбү? Президент Жээнбеков банк тармагындагы, жалпы эле каржы-экономикалык жааттагы ушундай кырдаалды билеби же кабары жокпу? Анда кайсы күчкө, кайсы ресурска таянып, региондорду көтөрөбүз деген ураан чакырабыз? “Залкарбанк” сатылганда сырттан келген инвесторго ушундай маселе коюлган эмес беле, же койгонду билген эмеспи же эптеп эле сатып, өз кызыкчылыктарын канааттандырууну көздөшкөнбү?

“Залкар” банктын сатылышынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын банк системасындагы «Кумтору» жана «ТЭЦи» болду.

“Росинбанк” Кыргызстанга инвестиция алып келбей эле кесепет алып келди. Жергиликтүү ишкерлерге кредит берүүнүн ордуна, атайын эле орусиялык ишкерлерге кайтарымы күмөн болгон кредиттерди бергендей (муну банктын расмий сайтындагы сатууга коюлган орусиялыктардын кредит алүү үчүн койгон күрөөлөрү (залогдор) тастыктоодо — ​себеби, ал жерде күрөөгө коюлган мүлктөрдү сатып, берилген кредиттин суммасын кайтарууга эмес, дегеле сатууга мүмкүн эмес мүлктөр коюлган, м: трассалардан алыстагы кичинекей айылдардагы 3 май куюучу жайлар банктын сайтында сатуу үчүн жарыяланган). 5 жылдан бери чет элдиктерге кредитти бергенде коюлган күрөөлөрдү КР Улуттук банкы көрбөдүбү? Улуттук банктын бул жерде жоопкерчилигин ким аныктайт? (“Росинбанктын” кожоюну баш болуп, жетекчилери четинен камалып жатканын жогоруда жаздык). Инвестиция алып келүүнүн ордуна, болгон акчаны кожоюндары чыгарып кетип жаткандыктан аталган банкта ушундай проблемалар пайда болду. “Росинбанкта” ликвидность деген коэффициент ушунчалык жапайылык менен бузулгандыктан, аргасыздан КР Улуттук банкынан 810 млн сом карыз алды. Демек, Улуттук банк дагы бир проблемалуу банктын пайда болгонун көрүп туруп ушундай иштерге барып жаткандай.

“Росинбанктын “ ушундай алешем ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү айланып келип, жүз миңдеген кыргызстандык аманатчыларга проблема жаратып, экономикабыздын стабилдүүлүгүнө доо кетирип жатат. Мына ушунун баарына, өлкө келечегине 7-апрелдеги мародерлорду көрүп биринчи жолу кооптонгон Ахметова айым, баш болгон Атамбаевдин кадрлары жооп бере турган мезгил келди деп ойлойбуз.

Жаныбек Атамбеков

Булак: “Жаңы ордо

Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда Сагинбаева Динара кандай ишке барган?

Эсиңиздерде болсо, мындан 5 жыл мурун 2013-жыды «Мыйзамдагы ууру» оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна анын ден соолугу себеп болгону айтылган. Муну тастыктоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын адистерден турган топ түзүлүп, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында А.Батукаевдин ак кан илдети (курч лейкоз) менен ооруганы анык деген чечим чыгарган. Ошол кезде аталган министрликтин басма сөз кызматы Азиз Батукаевдин баш сөөгүнүн 457 клеткасы текшерилип, анын 215и жабыр тартканы тастыкталган деген маалымат тараткан. Мындан улам эксперттик топ Азиз Батукаев курч мүнөздөгү ак кан илдети менен ооруйт деген чечимге келишкен. Ага аталган борбордун жетекчиси профессор Макимбетов кол койгон. Бирок бул диагноз туура эмес экендигин дарыгерлерден түңүлгөн көз карандысыз медициналык эксперттик топ кийип аныктаган.

Кечээ жакында Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты, ЖАМКтын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотуу фактысына байланыштуу 2013-жылы 18-июлда козголуп, бирок кийин токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырууну кайра талап кылган. Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн жагдайларды иликтеш үчүн өзүн баш кылып жети саясатчы суракка чакыртылышы керек деп эсептейт.

Буйрук бергендер азыркы учурда анык эле болуп калды. Бирок ошол буйрукту Гиппократтын антын ичкен ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри болуп турган Сагинбаева Динара айымдын жетегиндеги врачтар жасап берген аныктама боюнча Азиз Батукаев эркиндикке чыгып отурат. Бүгүнкү күндө “мыйзамдагы уурунун” боштондукка чыгуусуна түздөн-түз катышы бар Сагинбаева учурда Улуттук госпиталды жетектеп отурганын кандай түшүнсөк болот? Батукаевге байланышкан иштер боюнча ал учурунда жоопко тартылбай жөн гана кызматтан четтетилип бирок дагы да болсо майлуу-сүттүү болгон кызматтарда иштеп келет. Жөн жерден эл арасында ал Батукаевдин «бир тууган эжеси» деген лакапка ээ болуп калбаса керек.

«Курч лейкоз» же «Ак кан» диагнозу кандайча коюлган?

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин боштондукка чыгуусу ошол кезде коомдо резонансты жаратты. Бул окуя боюнча колго тийген материалдар менен тааныштыра кетүүнү туура көрдүк. Материалдар боюнча 2 жыйынтык каралган. Биринчи жыйынтык депуттаттык топтун чечими менен түзүлгөн медициналык топтун жыйынтыгы:

1- Батукаев А.А.га тиешелүү медициналык-амбулаториялык карта;

2- Стационардык бейтаптын Батукаевге тиешелүү картасы бейтаптын кабыл алынган күнү 24.05.2012, каттоонун акыркы күнү 30.03.2013;

3- документ бейтапгы абактан бошотуу үчүн кабыл алынган жана берилген иш кагаздарынын көчүрмөсү камтылган (16).

Азиз Батукаевди боштондукка чыгаруу процесси алдын ала ойлонуштурулуп, 2 пункт боюнча ишке ашмай болгон. Батукаевдин карындашы Яха 2012-жылдын 27-декабрында ЖАМКнын (ГСИН) полковниги Асанов А.Анын атына кайрылуу кат жазат. Катта Батукаевдин ден соолугуна байланыштуу ага гемодиализ керектигин, бирок абакта мындай шарт болбой жаткандыгын айткан. Бирок анын иш-аракетинен майнап чыкпагандан кийин расмий эмес маалыматтарга ылайык ошондогу Саламаттыкты сактоо министри Сагинбаева Д.Знын көрсөтмөсү менен Улуттук онкологиянын онколог-хирургдарына байланышка чыгат. Алардын операциясынын жыйынтыгында Батукаевдин рак оорусу күчөп, Кыргызстанда операция жасоого болбой тургандыгы, 4-стадиядагы ак кан оорусу деген диагноз менен түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгуу планы болгон.

2012-жылдын декабрь айында Яха Батукаева академик Раимжанов А.Р жана профессор Макимбетовго кайра-кайра кайрылып жатып, жалган «курч лейкоз» диагнозун койдурат. Аталган диагнозго чейин боштондукка чыгуу процесси 2012-жылдын 24-майынан башталган. Батукаев алгачкы жолу №4-ооруканага жаткырылып баштан аяк текшерип ага өнөкөт гепатит, өнөкөт пиелорнефрит диагнозу коюлат. Бирок Яха агасынын олуттуу оруп жатат деп жакшылап сакаюусу үчүн кайра текшерүү керек деп туруп алат. 18-агустта 2012-жылы к.м.н, кардиолог К.К.А текшерип жогорудагы диагнозду тастыктайт. Ал эми 25-сентябрда НООБга дагы бир ирет текшерилүү үчүн чыгарылат. Жогорудагы диагноз тастыкталып эми гепатит С оорусу кошулат. Көп жылдык наркомандык тажрыйбасы бар адамда бул кадимки эле көрүнүш да. Батукаев туугандарынын өтүнүчү менен аялы Елена Тарасова жана карындашы Яха Батукаева менен жогорудагы диагноздор боюнча стационардык дарыланууда чогуу болушат. НООБнун директорунун жана Батукаевди дарылаган врачынын айтымында Батукаевдин аялы Елена Тарасова анын «курч лейкоз» дарты жок экендигин аныктоо үчүн бир нече жолу гематологдун консультациясын алган. Стационардык дарылануу учурунда кылмышкердин канында анемия байкалган. Бул түрмөдө олтурган кезде ошол жердеги молдо ага бир жарым айдын ичинде бир нече жолу хиджама жасап, кан чыгаргандыгы менен түшүндүрүлөт. Бейтаптын айтымында бир жолку кан чыгарууда 5 литрге чейин кан алынган. Бул албетте анемияга алып келиши түшүнүктүү да.

БАТУКАЕВ ҮЧҮН САГИНБАЕВА ЧУКУЛ ТҮРДӨ АТАЙЫН САНАВИАЦИЯ ЖӨНӨТКӨН

Катка кайрылсак, 27-декабрь 2012-жылда ЖАМКнын төрагасынын орун басары полковник К. Байтолоевдин атынан КНЦГнын директоруна кат келет. Каттын мазмунунда Батукаевдин карындашынын кайрылуусу камтылат. Катта Нарын облусттук ооруканасына врач консультантты жиберүүнү өтүнөт. Ушул эле кат менен ошол күнү КНЦГнын директору Раимжановго Яха Батукаева кайрылган. Кызыгы Нарын облусттук ооруканасынын врачтары консультация керек экендигине эч кандай көрсөтмө беришкен эмес. Ошол эле күнү Яха Батукаева КНЦГнын директору Раимжановдун кабыл алуусунда болууга жетишип, кат боюнча врачтардын талкуусунан кийин Батукаевге телефондон консультацияны нөөмөттөгү врач Астапова берет. Ага Нарын облусттук врачтар бекиткен дары-дармекти кабыл алуу сунушталат.

Кийин 2012-жылдын 26-декабрында Батукаевдин карындашы Саламаттыкты Сактоо министри Сагинбаевага кандын анализин алуу тууралуу арызы менен кайрылат. Ушул эле күнү ушул эле кат менен ЖАМКнын полковниги Асанов А.А КНЦГнын директоруна аталган кат боюнча колдоо сурап кайрылган. Карапайым калктын сунушун жылдап угууга алы жетпей келген Саламаттыкты сактоо министри ошол учурда чагылгандай тездик менен иш алып барышкан.

2013-жылдын 27-февралында КНЦГнын төрагасынын орун басары профессор Макимбетов Э.К ошол күнкү санавиация боюнча дежур Эралиева М.Ону чакырып Сагинбаеванын буйругу боюнча Нарындагы бейтап Батукаевге консультация керектегин жана ал жакка жолго чыгуусун айтат. Мындан тышкары анализ үчүн керектүү буюмдарын даярдоого буюрган. Саат 11.20 да аларды ак түстөгү жол тандабас күтүп турган. Эралиеваны Яха Батукаевага нөөмөттөгү врач деп Макимбетов тааныштырган. Алар жолго чыккандан соң түнкү саат 22лерде болжолдолгон дарекке жетишкен. Врач Эралиеванын айтымында Яха жол бою тынбай телефон менен ага түшүнүксүз тилде сүйлөшүп келген жана Макимбетов менен дагы бир нече жолу байланышкан. Жолдо атайы эле адашып кеттик деген шылтоо менен атайын дарекке караңгы киргенде келишкен. Бул да болсо из жашыруунун жолу болгон десек жаңылышпайбыз. Өткөрмө пункттан киришкен соң процедуралык кабинетке Батукаевди формачан адам алып келүүгө ишаарат кылган. Бейтап өз буту менен жакшынакай кирип келип, бутундагы шишиктерге жана мурдунун каноосуна арызданган. Мындан тышкары медициналык байкоодон улам анемиялык синдром, шишик, спленомегалия тастыкталса, амбулатордук карта боюнча анемиясы 1-баскычта, калган көрсөткүчтөр нормада экендиги аныкталган. Врач Эралиева тарабынан алдын ала өнөкөт вирустук гепатит С, минималдык активдүүлугү менен жана анемия диагнозу коюлат. Мындан тышкары «курч лейкоз» дартын аныктоого керектүү анализдер алынат. Анализ тапшырган учурда бейтап өзүн жакшы сезген. Фельдшер Кайкиеванын катышуусунда өткөн процесс ийгиликтүү болуп 4 мазок алынган. Дагы кызыгы аталган процедура амбулатордук картага эмнегедир түшкөн эмес. Кийин периферикалык кан алууда бейтап көп ийне сайынгандыктан кан тамырын табуу кыйынчылыкка туруп натыйжасында 0,5 мл кан алынган жана бейтапка керектүү чаралар көрүлгөн.

28-февралда врач Эралиева саат 11де мээ сөөгүнөн 4 мазок, анализ үчүн пробиркада 0,5 мл өлчөмүндөгү канды лабораториялык диагностиканын бөлүм башчысы Цопова И.А га тапшырган жана Макимбетовго барып келгендиги тууралуу отчет берген. Макимбетов медициналык жыйынтыкты өзү жазып Батукаевдин карындашына тапшыраарын айткан.

Ал эми медициналык эксперттик группа текшергенде врач Эралиеванын сапары каттоо журналына жазылган эмес. Бул жерден Эралиеванын консультацияга келгендиги каттоого кирбей калгандыгы жеке мүнөзгө ээ болуп турат.

Лабораториянын бөлүм башчысы Цопованын берген көрсөтмөсүндө алынып келинген 4 мазоктун 2сү бир боёк менен миелограммага боёлгон. Текшерүүдөн кийин бир мазок жуулуп кетип, экинчиси калган. Калган эки мазоктун бири миелопероксидаз МПО) үчүн, экинчиси гликоген үчүн изилденген. Макимбетовго билдирүү жасоо учурунда ал 2 мазок гана изилденгенин жана анализ үчүн алынган кандын өлчөмү толук эмес деп көрсөтөт.

Эралиевага берилген тапшырма толук кандуу аткарылбаган деген негизде ишти Макимбетовго жиберет. Чын-чынына келгенде Эралиева алып келген анализдер боюнча эч кандай изилдөө, дартты аныктоо процесси болбогондугу айтпасак да белгилүү эмеспи.

2013-жылдын 1-мартында КНЦГнын директорунун орун басары Макимбетов Э.К врач-гематолог Эралиева М.Ону кызматынан четтеткен. Бейтапка баштан аяк карап келе жаткан, гематология жана жүргүзүлгөн анализдердин негизинде жыйынтыктап диагноз коюучу адам Эралиева болуп турганына карабай аны кызматтан алып, анын ордуна өзү Азиз Батукаевге КНЦГнын изилдөөсүнүн негизинде деп «курч лейкоз» (Острый миелобластный лейкоз) диагнозун коет. Диагноздун негизинде онко-гематологиялык борбордо химия-терапиялык дарылоо сунушталат. Аталган аныктаманы (справканы) Батукаевдин карындашы Яханын колуна карматат.

06.03.2013-жыл. КНЦГдан келген Макимбетовдун аныктамасынын (справка) негизинде ИК-47нин башчысы Тойчубекова Ч. С борбордук оорукананын орун басары Насирдинова С.Ж, хирургия бөлүм башчысы Атакунова Д.А, терапия бөлүм башчысы Сариева  Г. А, фельдшер Досалиева Анын катышуусунда көзөмөлдөгү бейтапка «курч лейкоз» же болбосо ак кан диагнозу коюлат. Диагнозду тактоо жана андан кийинки иш аракеттер үчүн бейтап ИК-47ге жөнөтүлөт. Бирок дарылануу Эралиева берген эски көрсөтмөлөр менен гана жүрүп отурат.

14.03.2013- жыл. ЖАМКнын начальниги Рысалиев З.К.га КНЦГ директор Раимжанов А.Р. жана зам.директора Макимбетов кат түрүндө кайрылышкан. Катта аталган диагноз дагы бир ирет такталып, бейтапка Нарында дарылануу үчүн тиешедуу шарт жок деген шылтоо менен аны чукул дарылаш керек деп чыгышат.

15.03.2013- жыл. Бейтаптын абалы начарлап, муруну канайт. Кан аралаш кусат. Бул көрсөтмөнү бейтап өзү берген, бирок далилдөө катары алсак эч ким көргөн эмес.

18.03.2013- жыл. ЖАМКнын жетекчиси Рысалиев З.Кнын колу коюлган №154 буйругу менен 18-мартта бейтапка врачтарды алып келүү буйругу болгон. Бирок тилекке каршы КНЦГнын жетекчилиги каршы болушат. Жогоруда аталган врачтар экинчи ирет бейтапты карап анын дарты боюнча арызын кабыл алышат. Батукаевди Бишкектеги ИК-47 которуу керек деп чыгышкан.

30.03.2013- жыл. СМКнын чыгарган жыйынтыгы 3 барактан туруп, астында комиссиянын мүчөлөрү – полковник Асанов А.А, Бектемиров К.Т., капитан в/с Эсентаев Э. А, ЖАМКнын юридикалык бөлүмүнүн инспектору-лейтенант Узакбаева С.М, врач-терапевт Бегалиев Д.Т. жана врач-фтизиатр, майор в/с Джунушов, секретарь Жапаркулова Д.А. нын чечими менен: «КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген аныктамага ылайык кылмышкер Азиз Батукаев жаза өтөөдөн бошотулушу керек» деген чечим кабыл алынат.

Ошол кезде депуттаттык комиссия түзүлүп, диагнозду экспертизага алышат.

Депутаттык комиссиянын медициналык экспертизасы Батукаевге карата 30-март, 2013-жылы төмөнкүдөй диагноз коет:

Жалпы: 1) өнөкөт вирустук гепатит С, активдүүлүгү төмөн.

2) кан чыгаруунун кесепетинен келип чыккан өнөкөт анемия, темирдин жетишсиздиги.

Кошумча: өнөкөт атрофикалык гастрит, өнөкөт пиелонефрит Ал эми Батукаевдин канынын анализинен анын абалы жакшырганын, анемиядан арылып, гемоглобини көбөйгөнүн байкоого болот эле.

Жыйынтыгында Сагинбаеванын демилгеси менен профессор Макимбетов жана Раимжанов койгон жалган ак кандуулук же болбосо «курч лейкоз» диагнозу жокко чыгарылган. Эки топтун бири-бирине каршы чыккан жыйынтыгына карабай кылмышкер боштондукка чыгып кеткен.

Батукаевдин боштондукка чыгуусун тездеткен дагы бир жагдай КР Саламаттыкты Сактоонун экс министри Сагинбаева Д.З Батукаевдин эч кандай рак оорусуна чалдыкпагандыгы тууралуу депутаттык комиссиянын териштирген жыйынтыгына карабай альтернативдик комиссия түзгөн. Жалган диагнозду тастыктоо үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына баягы эле калп диагноз койгон врачтар академик Раимжанов, профессор Макимбетов, врач-лаборант Цопова, зав.каф КГМА Кудайбергенова жана Улуттук хирургия бөлүмүнөн Рачков кирген. Белгилей кетчү жагдай, Кудайбергенова менен Рачков гематологиядан алыс кишилер. Альтернативалык комиссиянын мүчөлөрү бейтапка койгон диагнозунда минтип жазышкан: 26-декабрь, 2012-жыл. «… кандын составында өсүп жетилбеген клеткалардын бар экендиги белгилүү» десе 27-декабрда нормобласттардын | (5:100) бар экендиги анык деп жазышат. Эгер бейтаптын канында чын эле бласттык клеткалар, башкача айтканда лейкоздо кан пайда болуу бузулуп, кан пайда кылуучу органдарда, ошондой эле башка органдарда (бөйрөктө, кан тамыр капталында, нервдерди бойлото, териде жана башкалар) өсүп жетилбеген клетка  элементтери көбөйөт. Жыйынтыгында бейтап дарыланбаса бир нече күндүн ичинде аркы дүйнөгө сапар алмак, Батукаевге окшоп апрелге чейин сопсоо жүрө алмак эмес.

Альтернативалык комиссиянын жыйынтыгы менен Батукаев  бул илдет менен 2012-жылдын декабрь айынан ооруп келген. Медициналык көрсөтмөлөрдө дагы бейтапка аталган диагноз коюлгандан – соң химиялык терапия албаса 2-3 :- жумалык гана өмүрү калат деп так көрсөтүлгөн. Мындан тышкары – мындай диагнозу барлар өзү баса – албай калышат. Батукаев болсо ага  бул диагноз коюлганда басып, а тургай кетээрде керемет дасторкон жайып сайрандап туруп, анан учакка кызыл килем аркылуу өткөнү далил эмей эмне?

Жыйынтыктап айтканда Батукаевдин түрмөдөн боштондукка  чыгуусу алдын ала этап-этап болуп пландалган. Яха Батукаева Сагинбаеванын сунушу менен Гематологиялык борбордун академиги  Раимжанов жана Макимбетов менен алдын ала сүйлөшкөн. Кийин  санавиация менен врач Эралиеваны Нарын шаарына жөнөтөт. Врачтын келээри  менен лаборант жеке өзү анализдин этаптарын бузуп, жыйынтык чыгарып аны Макимбетовго берет. Коомчулук биле жүрчү нерсе, медицина илимдеринин доктору Макимбетов Эмиль Кожошович өзү врачтардын консилиумусуз диагнозду дагы бир жолу тактоонун ордуна шаша-буша 1-мартта «Батукаев ак кандуулук менен жабыркап жатат» деген справканы мыйзамдагы уурунун карындашынын колуна бергенче шашат.

Яха Батукаева колуна тийген аныктаманы Нарын колониясына алып келет. Эгер Сагинбаева башында туруп, ушул диагноз коюлбаганда боштондукка чыгарууга шарт болмок эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилип жаткан аныктаманын негизинде «мыйзамдагы ууру» эркиндикке «жолдонмо» алат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Саламаттыкты сактоо министри Сагинбаева Д.З Макимбетовду Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар онкологиясынын бөлүм башчысы кылып дайындайт.

Мына ушундай, урматтуу окурман. Демейде жөнөкөй калктын арыз мунун укканга алы жок, медицинадагы көйгөйлөрдү айтсан «бизде шарт жок, ал жетишпейт, бул жок» дегенден башы чыкпаган Саламаттыкты сактоонун ошол кездеги министри Сагинбаева Динара айым «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди бир тууганындай камкорлукка алып, күйүп-бышып, чагылгандай ыкчам кызмат көрсөтүп атып, Кыргызстандан Кызыл килем менен узаткан. Анын бул эмгеги үчүн алган «долясы» азыркы күнгө чейин белгисиз. Ак эмгеги менен, мээнети менен элдин түйшүгүн тартуунун ордуна ууруларга, кылмышкерлерге жан тарткан чиновниктердин бүгүнкү күндө элге кызмат көрсөтүү жаатында иштөөгө дагы да болсо акысы барбы?! Урматтуу Президентибиз Сооронбай Жээнбеков коррупция менен курөшүүнү аёосуз баштады, укуругу качан Сагинбаевага окшогон жеп-жутарларга жетет деген суроо карапайым калкты түйшөлтүп келет. Ал эми Сагинбаеванын ишмердүүлүгү жалаң гана «жемей», ызы-чуу, коррупция менен коштолуп, айтор баскан жеринен чөп чыкпаган айым экендиги бештен белгилүү болуп калды.

Журналисттик этикага ылайык макала боюнча экинчи тарап «жок, андай эмес, мындай…» дечүлөргө гезит бетинен орун бергенге даярбыз.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

 

УКМК: Аскарбек Шадиев Тажикстан, Россия аркылуу Америкага качып кетти

Жумушсуздук, экономикалык кыйынчылык, ички миграциянын жайылышы менен өлкөбүздө уурулук, анын ичинде чөнтөк телефон уурдагандар көбөйүүдө.

Базарлардан, тыгын болгон маршруттук таксилерден, эл көп учураган жерлерден чөнтөк телефонун уурдатып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандар байма-бай кездешүүдө. Коомдогу жагымсыз илдеттин-чөнтөк телефон уурдагандардын көбөйүшүнө эмне себеп болууда? Өзүнө сак болбогон жарандарбы, жазадан коркпогон ууруларбы же коомдун кайдыгерлигиби?

Ош базарынын алдына үймөлөктөшө калган топ балдардын бири Алинур Касымбетовдун телефонун көрүп бере коеюн деп алып, ошол бойдон дайынын таптырбай качып жок болгон. Заматта телефонунан айрылган Алинур милицияга кайрылып, көп өтпөй эле Ленин районундагы №3 ГОМдун милициялары 30 жаштагы Чүй облусунуда туулган жаранды кылтакка илишкен.

“Бир заматта эсимди жоготуп койдум. “Samsung” үлгүсүндөгү акыркы моделдердеги 43 000 сомдук телефон болчу. Бул телефонго жетүү үчүн 6 айлык маяна акымды жебей-ичпей чогулткам. Колумдагы телефонду кантип берип койгонумду өзүм да байкабай калдым” – дейт А. Касымбетов.

Уурулар үчүн чөнтөк телефонду уурдоо маршруттук унааларда да абдан ыңгайлуу. Тыгын болуп турган жерде алагдылыктан телефонсуз калам деп эч ким деле ойлобосо керек. Бул уурулар үчүн эң ыңгайлуу учур. 170-маршруттан 15 000 сомдук телефонун алдырган студент Айназик Асылбекова маршруттук таксилерден үчүнчү жолу телефонун уурдатып жатканын айтты.

“Биринчи телефонумду 169-маршруттан, сумкамдан алдырткам. Тыгындан дем ала албай, ары түртүшүп бери түртүшүп жатып, аялдамадан түшкөндөн кийин эле телефонумду таппай калгам. Милицияга кайрылгам, бирок эч кандай майнап чыкпады. Ак ордо конушунда жашаганым үчүн бул маршруткага дайыма түшөм. Экинчи телефонумду да дал ушул аты аталган маршруткадан эле полго түшүрүп алып, ошол бойдон таппай калгам. Отурган жүргүнчүлөрдөн дагы эч кандай жардам болбоду. Көзүң менен көрбөгөндөн кийин “сен алдың, кайтар!” деп эч кимге да айта албайт экенсиң. Улутунуп эле кала бергем. Эми болсо минтип 15 000 сомдук телефонумду чөнтөгүмдөн алдырттым. Айтор, мага телефон түтпөдү же жолумдан жолуккан уурулардын куйругу үзүлбөдү” – дейт Айназик.

Чөнтөк телефон уурдаткан жарандарыбыздын көпчүлүгү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышпайт. Алардын айтымында, кайрылган күндө да майнап чыкпайт. Мындай пикирдин орун алышына жарандарыбыздын өз укуктарын, мыйзам беренелерин билбегендиги жана кайдыгер мамилеси себепкер. Чөнтөк телефон уурдатуу кылмышы мыйзам боюнча кылмыштын кайсы түрүнө кирет? Уурдаган адамга кандай жазалар колдонулат? Юрист, көз карандысыз жактоочу Урмат Жапаровдун айтымында, чөнтөк телефон уурдоо кылмышы үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

“Азыркы учурда мезгилге байланыштуу, айрыкча маршруттук тыгындардан пайдаланып чөнтөк телефон уурдагандар көбөйүүдө. Жарандар көпчүлүк учурда өз укуктарын билбегендиктен укук коргоо органдарына кайрылып, арыз жазышпайт же жазганы менен тергөө иштеринин кандай жүрүп жаткандыгынан кабардар болбой кайдыгер мамиле кылышат. Чөнтөк телефон уурулугу кылмыштын өтө оор эмес түрүнө, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 164-беренеси “кимдир бирөөнүн өздүк буюмун уурдоо” кылмышына кирет. Аталган кылмыш иши боюнча жаза ушул эле кодекстин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн чөнтөк уурулугу боюнча кылмышкер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Көпчүлүк жарандар укук коргоо органдарына арыз жазып коюп 2-3 айлап тергөөнүн жүрүшүнө кызыкпай жүрө беришет. Бул туура эмес. Жабырлануучу укук коргоо органдарына жардам берип, тергөөгө белгилүү деңгээлде салымын кошсо жыйынтык болот. Эгерде укук коргоо органдары жарандын арызын карабай, кайдыгер мамиле кылышса жаран укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн орган, тагыраагы прокуратурага арыз менен кайрылса болот” – дейт Урмат мырза.

Статистикага кайрылсак, Чүй облусунун аймагында 2017-жылда жалпы 600 уурулук фактысы катталса, 2018-жылдын биринчи бөлүгүндө эле 588 чөнтөк телефон уурдоо фактысы катталган. Бул көрсөткүч жылдан жылга өсүп бара жатканы айдан ачык.

Европа өлкөлөрүндөгү абалга көз чаптырсак акыркы жылдары Нью-Йорк шаарында телефон уурдоо статистикасы 45 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми Россияда 80 пайызга өскөн. Америкалык окумуштуулардын айтымында телефондордун сапаттуулугунун артуусу, баасынын өсүүсү анын уурдалуусуна шарт түзүүдө.

Чөнтөк телефон уурдаткан учурда каймы ички иштер башкармалыгынын аймагына жакын болсоңуз дароо ошол башкармалыкка арыз менен кайрылышыңыз керек.

Эгерде сиздин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда жакынкы аймактык тескөөчүгө чалып окуяны билдирүүгө укуктуусуз. Аймактык тескөөчү келип, сиздин арызыңызды алып кетүүгө милдеттүү.

Эгерде сиз уурдалган чөнтөк телефонун сатып алган болсоңуз укук коргоо органдарына саткан адамдын үстүнөн арыз жаза аласыз. Бул учурда сиз жабырлануучу, ал эми чөнтөк телефон далил буюм катары тергөө ишине тиркелет.

Асел Шамилова,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

 

 

 

 

 

Диплом бар, курсак тойгузар жумуш жок

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү билимдүү болгону менен жарандар жумуш таппай кыйналууда. Көпчүлүк жумуш издеп чет жерлерге кетишсе, калгандары билимине төп келбеген ар кандай жумуштарда, кара жумуштарда да иштеп жатышат. Өлкөбүз боюнча мындай жарандар миңдеп саналат, алган билими эч нерсеге жарабай, дипломдор үйдө чаң басып жаткандыгы турган иш. Маянанын аздыгы, жумуштун жоктугу жарандарды ар түрдүү жолго түртүүдө.

Жумушсуздуктун куткаруучусу базарлар

Негизинен базарда  жогорку билимдүүлөр да кезигет. Чет өлкөлөп жүрүп келген Айша эже, “Жогорку билим алгам, педагокмун жумуштун жогунан улам,бизнес кылалы деп Россияга бардык, ал жерде деле жыргап кеткен жокбуз, бул жакка келдик, келгенде бул жердегилер базарлардан орун алып буттан туруп калышыптыр, бизге орун дагы жок эптеп ушул жерге чыгып жатабыз. Тапканым күнүмдүк жашоо үчүн эле жетет, жашым өтүп калыптыр деп малекеттик жумуштарга албайт Анан эмне кылабыз айла жок, мына балдарды деле окуттук жогорку окуу жайларда аларга деле жумуш жок,бирөө Россияда бирөө Турцияда жүрөт. ”

Жогорку окуу жайларда мугалимдик кесипти алгандыгына карабастан ар кандай проблемалардан улам кесиби боюнча жумуш таба албай базарларда отурган эже, байкелерибиз аз эмес. Алардын бири Гүлмира эже, “Базарда отурганыма 20жылдын жүзү болду,өзүм Улуттук университеттин тил-адабият бөлүмүн бүтүргөм, окууну бүткөн жылдары кайра куруу заманы болуп,билимим боюнча кетпей базарга чыккам, ушул менен үй-бүлөнү багып келе жатабыз. Жумушка чыгайын десем айлык аз, эгерде мугалимдердин айлыгы көп болсо мен деле суукка тоңуп,ысыкка күйүп, оор жүктөрдү көтөрбөй мугалим болуп эле иштегим келет.”дейт.

Жумуштун жоктугуна Клара эже да кейийт,“Кесибим бонча бухгалтермин, бирок ушул жерде соода кылганыма он жылдай болду. Жолдошум да жогорку билимдүү анда да жумуш жок,таксист болуп жүрөт. Мамлекеттик жумушта иштесең айлык аз бир кишинин айлыгы бир үй-бүлөнү багууга жетпейт, эртеден кечке иштешиң керек, бул жерге каалаган учурда келесиң күнүмдүгүңдү табып кетесиң, мага ушул жерде иштеген ылайыктуу. Жумуш жок эки балам Турияга кетти. Жанды багыш керек акча табыш керек,эмне кылабыз анан, мамлекет бизди карабайт, караса балдар эки жакта тентибейт эле да.”

Айлыктын аздыгы

Ошондой эле жаштар менен да сүйлөшүп көрдүм, Өзүм “Манас” университетинде окугандыктан Манастын бүтүрүүчүлөрү менен байланыштым. Алардын бири экономист Гуля эже, “Мен Манасты бүтүргөнүмө эки жыл болду, негизи окуп жүргөндө кесибимди сүйүп ошол менен көтөрүлүүну каалачумун, жумуш табуу өтө оор экен бир жыл жумуш таппай кыйналдым, үйдө отурдум, резьюмемди ар кайсы жерге алып барып таштадым эч жерден жооп келген жок, жумуш издеп толтура газеталардан жарыяларды окудум, акыры өз кесибим менен жумуш таба албастыгыма көзүм жетип, башка ылайыктуу жумуштарды карай баштадым, азыр өз кесибим менен эмес курста түркчө,орусча сабак берем дипломум болсо үйдө эле жатат.”

Беш жыл окуганына өкүнгөн адистер

Россияда иштеп жүргөн Рахатбек байке, “Президентке караштуу акадкемиянын экономикалык факультетеин бүтүргөм, өз кесим менен эки жылдай иштедим айлык абдан эле аз, буттан туруш үчүн көп каражат керек, ошондуктан Россияда иштейм, ал жакта кара жумуш бирок көп табабыз, Кыргызстанды сагынганда келип турам, буюрса буттан туруп алгандан кийин биротоло келем. Беш жыл окуп убактымды коротконума өкүнөм азыркы акылым болгондо курстарга эле барып үйрөнүп алмакмын” дейт.

Эмне себептен калктын басымдуу бөлүгү өз кесиби менен иштебейт?

Өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап он жылдан бери мектеп директору болуп иштеген  Керезбек агайдын ою “Чындап келсек мамлекеттин абалы начар, мамлекеттик жумуштарда айлык аз, мугалимдер деле жакшы акча таппайбыз,бирок жакшы көргөн ишибизди кылып келе жатабыз. Эми көптөр жумуштун оңойуна качышыт, маянасы көп,жумушу оңой болсун деп эңсешет,а оңой жумуш жок мээнет кылыш керек, кээ бирлери өзү каалабаган эле кесипке барып алышат,кесиби жакпаса ал жумушту жасап кыйратпайт да,анан кыйналышат жумуш таппай. Биринчиден окуучуларга кесип тандоо боюнча көбүрөөк билим берип,жол көрсөтүшүбүз керек, экинчиден мамлекет айлыкты көбөйтүп шарттарды түзүп берсе жакшы эле болмок.”

Чагатай Чаган Йылмаз,

Кыргыз-Түрк “Манас” униерситетинин журналистика бөлүмүнүн студенти.

 

Видео - Жаңы фактылар: Алмаз Атамбаев 90-жылдары кантип байыган?

Өзүн мультимиллионер деп атаган, 90-жылдары президент Аскар Акаев «Вольво» менен жүргөндө «Мерседес» менен жүргөнүн дайыма эске салган экс-президент Алмазбек Атамбаевтин байлыгынын кайдан пайда болгондугу көпчүлүгү үчүн табышмак.

«Мен башынан эле долларовый мультимиллионер болчумун” деп Владимир Путинге мактанган Алмазбек Атамбаев жөнүндө 90-жылдары гезиттерде эмне макалалар чыкканы туралуу Жалбырак ТВ табууга аракет кылды. Мисалы «Комсомольская правда» гезитинде 1996 жылы Атамбаев жана КСДП туралуу кызыктуу материал чыккан.

«Атамбаев Жазуучулар союзунун башчыларынын бири болуп келээри менен Жазуучулар союзун экиге бөлүп салды. Ал алдоо жолу менен Адабий фондду Жазуучулар союзунан ажыратып алуга жетишти. Атамбаев «мыйзамдуу уруулук» жасап жазуучулардын менчигин активдүү сатып ала баштаган» – деп айтылууда.

Андан тышкары Атамбаев 31 марттагы съезддеинен кийин 90-жылдары ресторан ачып эң мыкты ашпозчуларды чакырганын айтып өткөн. Ал айткан ресторан Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нооруз» деген ресторан болгон. Бирок бул ресторан Жазуучулар союзуна тиешелүү болгондугу көпчүлүгү билбейт.

1992 жылы Адабий Фонддун төрагасы Атамбаев тарабынан илимий өндүрүштүк фирма «Форум» түзүлөт. «Форум»  Жазуучулар союзуна таандык «Нооруз» ресторанын менчиктештирүүгө катышат. 1992 жылы мамлекеттик мүлктү Башкаруу фондунун төрагасы А.Тагаев «Ноорузду» акционердик коомго айлантуу чечимин чыгарат. Акциялардын кқпчүлүгүн Атамбаев ээлеп калат, – деп «Комсомольская правда» гезитинде жазылган.

Атамбаевдин байлыгы кайкан чыккандыгы туралуу экс-президент Аскар Акаевтин айтуусу боюнча, 90-жылдары Россиядан 50 млн.рубль грант келген.

«Ал акчаны Чынгыз Айтматовдун сунушу боюнча, Жазуучулар союзуна жумшаганбыз толугу менен. Бирок ал акчаларга фабрика, заводдор сатылып алыныптыр. Ошентип ал байлыктар Атамбаевдики болуп калган. Бирок кийин ал завод, фабрикалар сатылат приватизация учурунда. ЖЫйынтыгында Алмазбек Атамбаев мултимиллионер эмес эле, орточо бай адамдарга айланат. Анын миллионер болбогондугу 2000 жылдары жашаган үйүнөн эле байкасак болот. Бирок президент болуп келгенден кийин ал эки чоі хан-сарай салып, жеке учак менен эле учуп калган.

Булак: Жалбырак ТВ

Илмиянов менен Сатыбалдиевдин «Ихлас» фирмасы 5 гектар жерди кантип ээлеп алды?

Бишкектен чыгып, “Ала-Арча”  мамлекеттик резиденциясына карай бараткан жолдун сол тарабында, Орто-Сай айылы менен Бишкектин ортосунда, жүздөгөн гектарды чапчыган бак-дарактуу, жашыл чымдуу оазис жер бар. Бул жерди “Бишкек шаарынын өпкөсү” деп да атап коюшат. Түтүн баскан Бишкек таза абаны ушул бак-дарактуу оазис тараптан соккон желаргыдан алып турат. Ушул касиетинен улам Советтер Союзу учурундагы кыргыз партбосстору да, автократтар деп аталган Акаев менен Бакиев да, алардын Айдар менен Максим аттуу тентек балдары да бул жерди ээлеп алып, бийик кабаттуу үйлөрдү куруп,  Бишкек шаарына Ала-Арча капчыгайынан соккон желаргыны бөгөп салганга колу барган эмес. Бирок, Атамбаевдин тентек шоопуру Икрамжан Илмиянов менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин Жоомарт аттуу тентегинин “Ихлас” курулуш компаниясы бул  жерде 5 гектар жерге заңгыраган, көп кабаттуу коммерциялык үйлөрдү салып сата баштаганы белгилүү болду.

Эсибизде, Союз кулап бараткан 90-жылдарда, Бишкекте үйү жок  жүргөн кыргыз жаштары ошол жерди да басып алып, жаңы конуш курууга аракет кылышкан. Бирок, ал кездеги кыргыз компартиясынын партбосстору “койгула, бул жер “борбор шаардын өпкөсү” болот, силер конуш куруп алсаңар борборго таза аба кайдан кирет? Cилерге башка жерден жер берели” деп, жадагалса бир кабаттуу үйлөрдүн конушун курдурбай башка аймактарга алып кетишкен.

Азыркы бийликтин эрке талтаңдары 1 миллиондой калкы бар Бишкек шаарынын тургундарын, алардын саламатчылыгын “уруп ойнобойм” таризинде ошол жерге асман тиреген көп кабаттуу коммерциялык үйлөрдүн шаарчасын салып кирип, сатыкка коюп, жарнама таратышууда.

Алгач, бул мыйзамсыздык боюнча азыноолак маалыматты КР Жогорку Кеңешинин депутаты Таабалды Тиллаев парламентте билдиргенин КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы жарыялады.

“Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн жогору жагындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр курчалып, кандайдыр бир курулуш курула баштаптыр. Өкмөт ал жер кимге жана кантип берилгенин иликтеп чыгып, депутаттарга маалымат берүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мен өкмөттүн өкүлүнөн курулуштун жүрүшүн дароо токтотуп, анан иликтөө жүргүзүүнү талап кылам. Ал мамлекеттик трассада жайгашкан жер. Ал жер кимге берилип, бюджетке канча каражат түшкөнүн тезинен тастыктоо керек. Эгерде бизнес үчүн берилсе, анда рыноктун баасында бюджетке каражат түшүрүү керек. Жер жок деп жатабыз, ага карабастан, каалагандарга таратып берип жатабыз. Керек болсо, биз дагы депутаттык комиссия түзүп текшерүүгө алабыз.

Депутат Таабалды Тиллаевдин мындай талабын Мирлан Жеенчороев менен Сайдулла Нышанов баштаган бир катар эл өкүлдөрү да колдошуп, Өкмөткө протоколдук тапшырма берүү менен, иликтөө жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү талап кылышты,” – деп жазылат Жогорку Кеңештин расмий сайтында.

Эл өкүлдөрүнүн мындай сырдуу маалыматынан кийин биз ал жерге барып, көргөн көзүбүзгө ишенбедик. Чын эле ал жерди “Ихлас” курулуш компаниясы бийик тосмолор менен тосуп алып, коммерциялык курулушту баштап жибериптир, алтургай курулуп жаткан үйдү эмитен эле сатыкка коюп, жарнамаларын илип салышыптыр. Советтик партбосстор, Акаев менен Бакиевдер “шаарды таза абасыз калтырат” деп тартынышкан бул жерди Атамбаев менен Сатыбалдиевдин эрке талтаңдары “өзүм билем, өтүгүмү төргө илем” дегендей эле тепселеп жатышкан экен.

“Ихлас” курулуш компаниясы тууралу эмнелер белгилүү?

Бул курулуш компаниясы азыр экс-президент Алмаз Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмияновго жана экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин Жоомарт аттуу уулуна таандык дешет.

“Ихлас” компаниясы 2010-жылдардагы Ош окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин отчет бербеген чуулгандуу 6 миллиард сому тууралу ызы-чуусунда алгач шектүүлөрдүн катарында айтыла баштаган. Жогорку Кеңештин депутаттары “Ихлас” компаниясы мыйзамсыз тендерлерге жана курулуштарга катышканын айтып чыгышса кыргыз гезиттери Сатыбалдиевдин Жоомарт аттуу уулу дирекция кура турган үйлөр салына турган жер аянттарын карапайым адамдардан арзан сатып алып, дирекцияга кымбат баага сатып, ортодон миллиондогон акчаларга туйтунганын жазышкан. Андан башка да Ош мэриясы менен атасы жетектеген дирекциянын ортосундагы кызыкчылыктарды да ортомчулук жана коммерциялык жол менен чечип жүргөнүн жарыялашкан. Атасынын жардамы менен алгач Ош шаарында коммерциялык көп кабаттуу үйлөрдү куруп сатып, акырындап Бишкекке да өткөн. Бүгүн болсо “Ихлас” Бишкектеги эң ири курулуш компанияларынын бирине айланды. Ондогон элиттүү коммерциялык үйлөрдү куруп сатып жатат. Эгер мындай жетишкендиктер катардагы курулуш бизнесмендери сыяктуу адал эмгек менен жетишилсе биз да кошо кубанмакпыз. Бирок ал жетишкендиктердин артында “таасирдүү” Жантөрө Сатыбалдиев менен Икрамжан Илмиянов турушканы, элге берилбеген жерлер буларга берилгени, Бишкек шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарын тепселешкендери өкүндүрбөй койбойт.

Сатыбалдиевдин уулу Жоомарт менен Икрамжан Илмиянов “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясын түзүшүп, азыр жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун баарында жеңишке да жетип келатышат. Эмики чек – Жогорку Кеңешти багындыруу!

2015-жылдагы президенттик шайлоодо чыккан “Самара” чуусу дал ушул “Ихлас” курулуш компаниясынын офисинде болгону да белгилүү. Экс-министр Учкунбек Ташбаев “Ихластын” офисине олтуруп алып, өзүнүн жашыруун сайты аркылуу президенттик шайлоого добуш берүүнү көзөмөлдөп, жарандардын кимиси кайсы талапкерге добуш салганына чейин каттап, ага таасир берүүгө аракеттенгенин басма сөз кеңири чагылдырды.

Азыр болсо “биз Сооронбай Жээнбековго иштегенбиз, аны  жеңишке алып келгенбиз” деп көкүрөк кагышат. Ошондуктан бизди эч ким эч нерсе кыла албайт таризинде мамлекеттик трассанын жээгинде жайгашкан “Бишкек шаарынын өпкөсүн” тебелей басышып, коммерциялык көп кабаттуу үйлөрдү куруп сатып, байып жатышат. Чындыгында “Ихлас” компаниясынын ээлери Сооронбай Жээнбековго жардам бербей эле тескерисинче “Самара” чуусу менен Сооронбай Жээнбековдун жеңишине шек жаратышты. Азыр болсо “Жээнбековдун кишилери” катары анын таза атына ылай сүйкөп жатышат.

Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбеков чын эле коррупция менен күрөшө турган болсо эң биринчи анын атын булгап жаткан айланасындагылардан башташ керек. Эч кимге берилбей келаткан жерди коммерциялык курулушка кандай жол менен алышты? Ким берди? Канчалык мыйзамдуу? Бюджетке канча акча төлөндү? Сыяктуу суроолорду кабыргасынан коюш керек. Эгер мыйзам бузулган болсо курулушту токтотуп, Бишкек шаарыннын экологиясын сактап калышы зарыл. Же болбосо досторунун актыгын далилдеп, элге жарыя кылсын.

Сингапурдун улуу реформатору Ли Куан Ю коррупцияга каршы күрөштү эң алгач досторунан баштаган. Ошондо гана Сингапур гүлдөп өскөн өлкөгө айланды. Эгер мындай болбосо президенттин коррупцияга каршы күрөшүнө кыргыз коомчулугу ишенбейт.

Жаңы башталган чуулгандуу курулуштун сүрөттөрү:

Андан башка да “Ихластын” Бишкектин кымбат жерлерине салып, бир чарчы метри 1000 доллардан сатылып жаткан коммерциялык үйлөрүнүн айрымдарынын гана сүрөттөрү:

“Ихлас” курулуш компаниясынын чуулгандуу башка курулуштары, клиенттери менен болгон араздашуулары боюнча да материалдар редакциянын куржунуна келип түштү. Эми анын да өз кезеги келер.

Таалайбек Асанов

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эмнеден жаштар жасалма сулуулукка азгырылууда

Кыргызстанда пластикалык хирургия кеңири жайылып, күн санап келбетин өзгөртүүнү каалагандар көбөйүүдө. Операция жасатуу үчүн кайрылгандардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Бирок, эркектер да жок эмес. Мындай зарылчылык эмнеден улам келип чыгууда? Аргасыздыкпы же ашыкча  берилгендикпи?

Мурда табият берген чырайына ыраазы болушуп, табигый сулуулук бааланып келген. Убакыт өткөн сайын шарттар өзгөрүлүп, акчанын күчү менен ар ким өзү каалагандай өң-келбетке ээ болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бирок, бул кадам дайыма натыйжалуу болот деп кепилдик берүү кыйын.

Учурда Кыргызстанда суроо-талап күч  операциялардын бири – көзүнө сурма койдуруу. Бул операцияны “блефаропластика” же “европалык сурма” деп атап коюшат. Пластикалык операция жасоочу клиникалар билдиргендей, кайрылгандардын дээрлик көбү 18-30 жаштагы кыз-келиндер. Келбетине нааразы болуп, курбулар менен сүрөткө түшкөндөн качып жүргөн Лиуза эми өзүн эркин сезип калганын, бул кадам ага жакшы жашоо тартуулаганын билдирди:

“Алгач курбуларым жасаткан. Кадимкидей эле сулуу болуп чыга келишти. Аларды көрүп мен да жасатууну чечтим. Дайыма өңүмдү жактырбай, түрү суук, жылдызы жоктой сезчүмүн. Азыр баары сонун. Эми өзүмдү кечке күзгүдөн карап эле отургум келет.”

Жаш көрүнүүнү самагандар үчүн заманбап косметология абдан көп мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо. Анын ичинде эң кеңири жайылганы ботокс сайдыруу. Кыргызстанда акыркы мезгилде эркектер арасында да жаш көрүнгүсү келгендер көбөйгөн.  Алардын бири, 42 жаштагы Ырыс Жуманов бырышын жаздыруу үчүн ботокс сайдырганын айтат:

“Маңдайыма, көзүмдүн астына бырыш түшүп кеткен эле. Жашым өткөн сайын кабагым салаңдап, күзгүнү караган сайын маанай чөгүп баштаган. Анан, Түркиядан Ошко келип иштеп жаткан хирургга кайрылдым. Ал “кам санабаңыз, ботокс деген ийнени сайдырсаңыз эле жашара түшөсүз” деди. Кымбат болгонуна карабай сайдырууну чечтим. Натыйжасына ыраазы болдум. Бир аптадан кийин бырыштарым жазылып, кабагым ачыла түштү. Таасири алты айга чейин экен. Алты ай сайын акча аябай сайдырып жатам. Ар бир киши сымбаттуу көрүнгүсү келет да.”

А бирок, өң-келбетин артык кылам деп, тыртык кылып алгандар да жок эмес. Анжелина Жолидей болуу үчүн, ирандык бийкеч 50 жолу хирургдун бычагынын астында жатууга макул болгон. Тилекке каршы, баары ал күткөндөй болгон жок. Жыйынтыгында Тима Бертондун мультфильминдеги каармандыкындай келбетке ээ болгон. Мындай көрүнүш биздин өлкөдө да болгон. Кыргызстанда хирург кетирген катадан улам кайра-кайра операция жасатып, улам бир жерин кестирүүгө же оңдотууга мажбур болгондор да көп.

Учурда балдары менен үйдө отурган, тилчи Элиза Турдыева мурдуна операция жасаткан. Ал медицинада – “ринопластика” деп аталат. Пластикалык операциялардын ичинен эӊ оору. Хирург кичине эле ката кетирсе, оорчулук жаратат. Мурундун сөөгүн түздөө 35 000-75 000 сом болсо, тешиктерин кичирейтүү 15 000 сомдун тегерегинде. Алгачкы жасатканы ийгиликсиз болуп, оорутуп, ыңгайсыздык жараткандыктан, экинчи ирет кайрылууга аргасыз болгон.

“Келбетиңди минтип өзгөртүүгө болорун шаарга келгенде билдим. Студент болгондуктан, керектүү каражатты көп убакытта араң чогулттум. Операция ийгиликтүү эле болгондой болчу. Бир канча убакыттан соң оорута баштады. Бир жылдай жүрүп, жасаткан мурдум кыйшайып, акыры түшүп калды. Ошол күндөрдө аябай катуу депрессияга кабылгам. Өзүмдү такыр көргүм келбей, элдин көзүнөн да качып, бир айдай үйдөн чыкпай калгам. Ата-энем билген соң айылдан акча жөнөтүшүп, кайрадан операция жасаттым. Андан бери 3 жыл өттү, азыр баары жайында. Негизи тажрыйбалуу врачтарга гана жасатуу керек экен,”- дейт Элиза.

Британиянын Кембридж университетинин окумуштуулары салонго барып, жашартуучу ийне сайдырардан мурда же сулуулук үчүн бычак алдына жатардын алдында ал жердеги тазалык нормалары, дезинфенкциялык системасы кандай иштерин жакшылап текшерүүнү сунуштайт. Себеби таза эмес, арзан косметикалык процедуралар гепатит, ВИЧ-СПИД сыяктуу коркунучтуу оорулардын булагына айланышы ыктымал.

Бишкекте пластикалык хирургия борборлорунун биринде иштеген эстетикалык хирург Искендер Качкынбаев өлкөдө пластикалык операцияга кайрылгандардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда ондогон пластикалык операция жасаган борборлор иштейт жана булар биригип орточо эсеп менен жылына 5 миңдей кардарды тейлейт. Бирок, тажрыйбалуу адистер каалоочулардын бардыгына эле операция жасай бербейт. Кайрылгандар  биринчи кезекте текшерүүдөн өтүшү керек.

«Мага көп эле келет. Бирок алардын 70 пайызын кайра кетирип жиберем. Кээ бирде артык кылам деп тыртык кыла тургандар болот. Андан тышкары жаш кыздар арасында эстетикалык хирургияга мода деп досторуна атаандашып келгендер да жок эмес»,-деди Искендер Качкынбаев.

Дүйнөдө пластикалык хирургия боюнча Түштүк Корея биринчи орунда турат. Бул өлкөдө ар бир бешинчи аял эң жок дегенде бир жолу хирургдун бычагынан өткөнү айтылып келет. Адамдардын көздөрү бүтүгүрөөк келген Азия өлкөлөрүндө сурма койдуруу популярдуу болсо, Бразилияда жамбашты кичирейтүү, АКШда көкүрөк безин чоңойтуу сыяктуу операциялар көп жасалат. Бул өңдүү өлкөлөрдө пластикалык операция көнүмүш адат катары эсептелип, ал тургай бул көрүнүш коомчулукта социалдык статустун белгиси катары каралган учурлар бар.

Автор: Айпери Кыдырали кызы

Булак: Kyrgyztoday.kg

Меню