Menu

ИНТЕРВЬЮ

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: "Кыргызстанда демократия эч убакта болгон эмес..."

– Азыр баарынын кеп кылганы эле алдыдагы референдум, жаңы Конституция тууралуу болуп, колдогондор жана каршы чыккандар табылып жатат. Сиз бул тууралуу кандай ойлойсуз? 

-Жакшыбы – жаманбы биз бул Конституция менен 10 жыл жашадык. Тажрыйбабыз бар жана андан жыйынтык чыгара алабыз. Эмнеге учурдагы Конституция өлкөнү ушунчалык начар акыбалга кептеп койду деген суроо туулат. Эмнеге бизди демократияга жакындатпады, башкаруу системасын жакшыртпады жана жок дегенде карапайым элдин жашоосун оңдободу?

Бул суроолорго канчалык тереңдеп жооп бербейли, чындыкка дал келишибиз күмөн… Так ошондуктан менде өлкөбүз жана элибиз демократияга даярбы деген суроо дайыма жашайт.

Эгемендүүлүктүн отуз жылында биз демократияны калыптандыра албадык, анын принциптерин түптөбөдүк, ийгиликтүү өлкөлөрдөй демократиянын жемиштерин пайдалана албадык деп гана айта алабыз, бул абдан өкүнүчтүү. 

– Сиз бизде эч убакта демократия болгон эмес деген ойду айткыңыз келип жатабы?

-Баары салыштырмалуу. Түндүк Кореяга салыштырмалуу биз демократиялык өлкөбүз, а Батыштын өнүккөн өлкөлөрүнүн жанында демократияны кыялданган гана өлкөгө айланабыз… ооба, толук масштабдуу, жетилген демократия Кыргызстанда эч убакта болбогон, биз ушул жолду басып өтүшүбүз керек. Анан да демократиянын туу чокусуна туура, тарыхый жактан тастыкталган таянычты табуу абдан маанилүү.

-Анда эгемендүүлүктүн 30 жылында бизде эмне болду? Кайда жана эмнеге жол бастык?

-Эгер образдуу айта турган болсок, анда биз аттын алдына арабаны чегип алдык… биз коммунисттерди демократиялык түрдө сүрүп чыгардык да, аны демократиянын жеңиши деп атадык. А чындыгында, жашоодо эмне орун алды? Жамааттык жоопкерчиликсиздик. Жамааттык, тегеректешкен бабырамайлар! Эл мүлктөрүн бийликтин акырына жакын бизнесмендердин колуна шашылыш бөлүп салып бердик, жыйынтыгында бир ууч үй-бүлө жомоктогудай байыды да, эл жапыр жакырчылыкка батты. Токсонунчу жылдардагы жакырчылык жана үмүтсүздүк дагы деле күнүмдүк жашоодо кездешет.

-А сиз Кыргызстандагы чыныгы демократияны кандай элестетесиз?

-Демократиянын үч негизги белгиси бар, алардын бири эле болбосо, кайсы өлкөдө болбосун демократия алгач “дерьмократияга”, андан соң элдик толкундоолордон кийин охлократияга айланат. Көз карандысыз акыйкат соттор, кубаттуу партиялар жана көз карандысыз ММКлар – мына ушулар демократиянын негиздери.

Эгемендүүлүктүн отуз жылында бизде, качандыр бир көз карандысыз соттук система, акыйкат сот болду беле? Жооп: болгон эмес жана азыр да жок.

-Кыргызстанда ачык-айкын көрсөтүлгөн идеологиялык платформалуу, жетилген демократиялык жолдо бараткан партиялар барбы? Андайлар жок жана болгон да эмес. Биз бүгүнкү партияларды бири биринен лидерлеринин аты-жөнү аркылуу гана ажыратып калдык. Лидерлик партиялар ички демократияны орнотууну каалашпайт, ошондуктан толук кандуу демократиялык партия боло алышпайт.
Көз карандысыз маалымат каражаттары бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк Интернет желесинин шарапаты менен гана түптөлө баштады. Фейсбук баарынан биринчи маалыматка түз байланышты жана пикир билдирүүдөгү тең укуктуулукту камсыз кылат. Оппозициялык ММКлар көз карандысыз ММК экенин билдирбейт. Жолду басып бараткан адам өздөштүрөт, биз жолдун башталышында турабыз, так ошол жамааттык, коомдук аң-сезимдин эркиндиги татыктуу келечекке алып бара турган жолду жарык кылып көрсөтөт. Аллахка шүгүр, бул жаатта бизде баары жакшы, патриоттор жана жигердүү жаштарыбыз көп жана бул келечегибиздин кепилдиги. 

– Эмнеге учурдагы Конституция купулуңузга толгон жок?

-Формалуу белгилерге таянсак, учурдагы Конституция чындыгында демократиянын стандартына туура келет. Фокустун баары ушунда. Анда бийлик бутактары менен партиялык шайлоолордун, сөз эркиндиги менен мыйзамдуулуктун тең салмактуулугу сакталган. Бирок дагы да суроо туулат, а эмнеге ушунун баары иштеп кетпеди, ийгиликке жетелебеди? Жыйынтыгында, биз эмнеге ээ болсок ошого ээ болуп отуруп калдык, кезектеги элдик толкун жана артка кайтуу, кайрадан жаркын келечекке жол издөө. Жооп жөнөкөй. Өлкө жана эл демократиянын жогорку стандартына, бийлик бутактарына партиялык шайлоолорго даяр эмес. Жакырчылыктын, жумушсуздуктун, коррупциянын гүлдөп-өсүшүнүн, регионализмдин, кландуулуктун, саясий маданияттын төмөндүүлүгүнүн шартында өлкөнү демократиялуу, цивилдүү башкарууга жана кандай болсо да коомдук байкалаарлык жыйынтыкка ээ болууга умтулуу, бул – утопия, профанация жана демократиялык баалуулуктардын дискредитациялоо.

–  Референдумга кайрылалы. Эл жаңы Конституцияга добуш беришине күмөн жок, бирок баарын андан кийин эмне болот деген суроо кызыктырууда. Маргиналдардын орто кылымдык хандыгына кетпейбизби же полициялык мамлекетке айланбайбызбы?

– Так жооп жок. Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев бийликке элдик үмүттүн толкунунда келишти. Бүгүн да алар бул үмүттүн туткунунда турушат. Элдик учкул сөздү билесиздер да – “сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам”. Орто кылымдык хандык тууралуу бир жактуу айта алам, мындай нерсе эч убакта болбойт, хандык салт биз үчүн эмес жана биз тууралуу эмес. Полициялык мамлекет… айланасындагылар жана күч органындагылар муну жасоого аракеттениши мүмкүн, бирок учурдагы лидерлердин саясий өлүмүн тездетет, муну алар эң сонун түшүнүп турушат.

Так бүгүнкү саясий кырдаалдын алгоритми мындай, Жапаров-Ташиев тандемине элге байкалаарлык жыйынтык тез арада абдан керек.Калктын калың катмарына “кустурабыз”, “дакансадан” башка да жогорку кирешелердин, маяналардын, пособие жана пенсиялардын негизинде табылчу нан да керек. Стабилдүүлүк жана коопсуздук керек, соттордун, прокурорлордун, милиционерлердин, көзөмөлдөөчүлөрдүн, салыкчылардын, санитардык дарыгерлердин, ар кандай ишкерчиликке берилчү документтерде акыйкаттуулук зарыл жана буга ар кандай жаза чаралары менен жетишүү мүмкүн эмес. Бул жерде биз мультипликативдик күчтүү натыйжага ээ болгон мамлекеттик системалуу жана ыкчам чечимдер керек.

Жаңы Конституцияда дагы бир чоң жакшы нерсе бар, президент аткаруу бийлигинин башчысы болуп эсептелинет жана өкмөттүн иши үчүн толук кандуу жоопкерчилик тартат. Өкмөт мындан ары кайсы иште болбосун айыптуу болуп калбайт.
Эгемендүүлүктүн отуз жылында отуз өкмөт алмашты, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик тутум квалификациялык деградацияга туш келди. Бүгүнкү күндө өлкөбүз жарым кыйроо абалында турат. Ачуу чындык ушундай.

Данияр Көбөнов: "Чоң таймашуулар, сыноолор алдыда турат"

Жакында Бишкектен Америкада жашап, иштеп жүрөт деген кыргыздын атактуу балбаны,  грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер  Данияр Көбөнов мырзага жолугуп, кенен маектештик. Ал  Америкадагы жашоосу, алдыдагы бийик максаттары, учурдагы кыргыз балбандарынын чеберчилиги тууралуу кеп кылып берди.   

Данияр мырза, сизди Америка Кошмо Штаттарында жашап, ошол жакта иштеп жүрөт дешти эле. Бишкекке качан келдиңиз?

-Туулуп, өскөн мекеним Кыргызстанга  Америка Кошмо Штаттарынан келгениме эки ай болуп калды. Эл-жеримди сагынычым али дагы тарай элек. Досторум, жакшы санаалаштар менен жолугуп, черим жазылып жаткан учур. 

Учурда спорт менен да машыгып жүрөсүзбү? 

-Азыр мен грек-рим күрөшү менен алектенгенимди убактылуу токтотконум менен бул жерде да  башка профессионалдуу спорт түрүнө машыгуу иштери менен алек болуп жүрөм. Дагы кошумча англис тилин тереңирээк үйрөнүп, бизнес, ишкерлик кылганды да үйрөнүп жатам. 

-Америкада эмне менен алектендиңиз? 

-Америкада мен акыркы убакыттарда машыгуу иштери менен алек болуп, ал жерден дагы ишкерликти, бизнес кылганды үйрөнүп, кошумча окуп жаттым. Заманга жараша  азыр мен Америкада дагы болуп, Кыргызстанга дагы келип турам. Америкада менин досторум бар, кээде-кээде кызыкчылык үчүн штаттарды кыдырып, таанышуу үчүн жүк ташуучу чоң машиналарды айдап, досторго жардам берип койом.  Бирок бул эң маанилүү ишим эмес, ал жакта дагы машыгууларды жүргүзүп, чакан бизнес ишин баштап жатам. Бизнес кылуу үчүн, окуп, үйрөнүп, жакшы даярдык көрүш керек экен. Ошондуктан бул тармакта мен азыр турак үйлөрдү иликтеп, үй куруу боюнча ишкерликти үйрөнүп, кыймылсыз мүлк сатуу менен алектенем. Акча табуу, аны туура пайдалануу оңой-олтоң иш эмес экен. Жашоонун өйдө-төмөнү мени чыйралтты, чыңалтты, такшалдырды. Кагылып- согулуп, көп нерсеге көзүм жетти. Америкада жүрүп, жалкоолуктан арылып, көп мээнет кылууну үйрөндүм. 

Грин карта алдыңыз беле?

-Ооба, Америкада жашоого грин карта утуп алгам. Мындан 10 жыл мурда дагы барып, бир жылдан ашуун жашап, иштеп келгем. 

-Үй-бүлөө курган элеңиз. Келинчегиңиз дагы Америкада жашоону ылайык көрүп жатабы?

-Келинчегим Айгүл менен 2-3 жума Түркияда эс алып, азыр Бишкекке келгенбиз. Менимче азыр бул жерде болуп турабыз. Чукул арада көз жарганы турат. Наристе күтүп жатабыз. Ошондуктан өз үйүң, өлөң төшөгүң деп,  Бишкекке келдик. Келинчегимдин кесиби экономист, абдан зээндүү, жакшы таалим-тарбия көргөндүктөн ар дайым мени колдоого алып, түшүнүп турат. Кайын-журтумдун тамыры көлдөн болот. Бишкекте турушат. Кайын атам дагы спортту түшүнгөн, күрөш боюнча СССР спорт чебери болгон адам. 

– Биздин грек-рим күрөшү боюнча тандалма команданын мүчөлөрүнө дагы кеп-кеңеш айтып, тажрыйбаңды бөлүшүп жүрөсүзбү?    

-Биздин балдарга, жаш балбандарга кээде-кээде тажрыйбамды бөлүшүп, кеп-кеңештерди берип турам. Жакында өткөн быйылкы өлкөбүздүн чемпионатты  атайын барып көрдүм, жакшы таланттуу, шыктуу балдар өсүп келаткан экен. Албетте, кээ бир балдарга мен атайын кеп-кеңешимди берип, күрөш ыкмаларын үйрөтүп, кемчиликтерин жоюу жолдорун айтып берип турам. 

-Быйыл Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга кыргыз балбандарынан  грек-рим күрөшүнөн Атабек Азизбековдон башка дагы кимдер жолдомо алышы мүмкүн?

-Жакында апрелде Алматы шаарында Токио шаарында өтө турган олимпиада оюнарына жолдомо алуучу Азиялык турнир болот. Ошондо грек-рим күрөшүнөн  2 же 3 жигит жолдомо жеңип алышы мүмкүн. Эл аралык аренада таанылып келаткан дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбеков учурда табында экен, ушул жигиттин жолдомо алганга мүмкүнчүлүгү бар. Ал өткөн жылдын декабрь айында Сербия өлкөсүндө өткөн дүйнө Кубогунда алтын медаль тагынып, келечегинен үмүткөр кылып койду.   Андан кийин 97 килограмм салмакта өлкө намысын татыктуу коргоп келаткан   Үзүр Жусупбеков  деген балбан өсүп келе жатат, анын тажрыйбасы жогорку деңгээлде. Ал Азия чемпиону болуп, жакында эле Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы баш байгени утуп алды.  Анан Калы Сулайманов, Акжол Махмудовдун дагы келечеги кең.  Бүгүнкү күнгө чейин бул балдарды күч сынашууларга даяр сыяктуу көрдүм. Бирок, алдын ала айтуу кыйын. Алдыдагы күрөш, килем үстүндөгү таймаш көрсөтөт.  Бирок алардан сырткары дагы эки  жаш жөндөмдүү  балдар бар экен, алардын келечеги кең, өздөрүн кийинки чемпионаттарда көрсөтүшөт го деп ишенип турам. 

-Спорттук күрөш боюнча Айсулуу Тыныбековадан башка эр азаматтардан дүйнө чемпиону жок. Эмне үчүн ушундай бийиктикке жигиттер жете албай турушат?

-Чынында Айсулуу феномен, таланттуу балбан кыз. Кыргызды дүйнөгө, эл аралык аренага таанытып койду. Алыска чуркаган күлүктөй эле, намыска жарап, улам бир турнирлерди, дүйнө кубогун да утуп, табында келатат. Эми Токио олимпиадасынан байге утуп, олимпиада чемпиону болсо экен деп тилек кылып жатам. Анын мындай спорттук бийиктиктерге жетүүсүнө устаты Нурбек Изабековдун салымы тоодой. Кыздар, айымдар күрөшү дүйнө жүзүндө жаңыдан өнүгүп, кулачын кеңири жайып келатат. Айсулуунун жолун жолдогон кыргыз кыздарынан дагы дүйнө чемпиону чыгышы толук мүмкүн. Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу кыз балбандардан үмүт чоң.    

Келечекте Айсулуу сыяктуу  күрөшпү же башка спорт түрүнөнбү дүйнө чемпиону чыгыш керек.  Бирок бизде эр азаматтардан андай чемпион азырынча жок. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери эркек жигиттер арасында бокс, грек-рим, эркин күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика жана башка олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча бир да дүйнө чемпиону жок. Муну ачык эле айтып, моюнга алып, намыстанып, аракет кылышыбыз керек. 

-Сиздин деле дүйнө чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүңүз бар беле? Эмне себептен дүйнөлүк бийиктикке жетпей калдыңыз? Арман кыласызбы? 

 – Генерал болууну эңсебеген жоокер болбойт, дегендей бардык спортчу дүйнө чемпиону болсом деп тилек кылат.  Мен дагы дүйнө чемпиону болсом деп, аракет кылдым. Бирок,  талбай машыгуу, тер төгүп, мээнет кылуудан сырткары дагы таасир эткен факторлор, жагдайлар болот экен. Кээде калыстар калыстыктан тайып, чоң таасирдүү мамлекеттердин көзүн карап, кендириңди кесип, жолуңду тосуп коет экен.  Мен  2010-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү болуп, коло медаль таныгдым.  Эми өзүм жөнүндө айта кетсем, мен дүйнө чемпиону боло алмакмын. Мен өзүмдүн кемчиликтеримди билем,мага бир аз гана жетпей арманда калдым. Лондон Олимпиадасынын алдында салмагым 84 килограмм болуп, дээрлик 10 килограммга толуп кеткен элем. Анан салмак кууйм деп ички энергиямдын баарын берип салдым. Тамак-аштан өзүмдү чектеп диета кармадым, бирок негедир салмагым жогорулап кетти. Жеңилишиме өзүм күнөөлүүмүн. Күнөө өзүмдө гана болду. Кээде чектен ашыра күч-кубат жумшап, катуу машыгып алып, кайра калыбыма келеалбай калган учурлар да болду.
Азыр көп нерсеге көзүм жетти. Эгерде азыр күрөшсөм мен башкача даярдык көрөт элем. Бирок бизге дүйнөлүк деңгээлдеги кеп-кеңеш берип турган  адис жетпей жатат. Мен грек-рим күрөшүн гана мисал кылып айтайын. Дүйнөлүк деңгээлдеги адистер командасы иштеген  Орусия же ошол эле Иран,  ошол эле Азербайжан, Кытай, Түштук Корея өлкөлөрүндө дүйнө чемпиондору бар. Бизге ошол мамлекеттердегидей дүйнөлүк адистер, устаттар жетишсиз болуп, аксап турабыз. Биздин деңгээлибиз кичине жетип, жетпей, бир аз чийки болуп турат. Чынында  дүйнө чемпионатынын байге ээлери бар, дүйнө чемпионатынын финалына чейин барып, бир тепкич жетпей турабыз. Ошондой эле Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарын уткан балбандарыбыз бар. 

-Эмне себептен биздин балбандарга бир кадам жетпей жатат? 

-Анткени бизге ошол жетишпеген жактарды талдоого алып, майда деталды бизге дүйнөлүк  деңгээлдеги машыктыруучу, адис айтып, кеңеш бериши керек эле. Алар жөн гана машыктыруучу эмес, консультант катары келип, бизге килемде даярдык көрүп жатканда кеп-кеңеш берсе ошондо биздин жигиттер дүйнө чемпиону болмокпуз. Бирок дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучулар айына 5000 АКШ доллар айлык акы алышат. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Эгер 5000 долларды мамлекетибиз  төлөй турган болсо, кийинки учурда дүйнө чемпионун чыгарсак болот. Азыркы учурда грек-рим күрөшү тууралуу маалымдай кетсем, бизге дүйнөлүк деңгээлдеги адис машыктыруучу келиши керек да. Биздин устаттар деле келечекте дүйнөлүк чемпиондорду өзүбүз эле чыгарабыз деп көп жылдан бери айтып келе жатат, бирок эгемендик алганы 30 жылдан бери тарбиялай элек. Бул жагдайды алар  өздөрү терең ойлошу керек. 

-Дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучудан сырткары дагы спорттук медицина, фармакология дагы спорттук көрсөткүчтөргө таасирин тийгизеби? 

-Чынында  дүйнөлүк чемпион наамына биздин деңгээлибиз жете элек, ал үчүн эч кандай фармакология жана  спорттук медицинанын кереги жок. Алар бир аз гана көмөкчү болушу мүмкүн. Бизде таланттуулар көп, бирок мен дары-дармек менен күч-кубаттуу болот деген пикирге анчалык кошула бербейм. Табигый экологиялык таза азыктар жетиштүү болот.  Фармакология жана витаминдер менен чемпион болуу жетишсиз. Мисалга Куба өлкөсүнүн балбандарын, спорт мектептерди көрсөңүз керек, аларда эч нерсе жок, аябай кедей мамлекет.   Куба өзү биздей жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Спортчулары кесипкөй болбой эле, олимпиада, дүйнө чемпиондору  такси айдашат, май куюуучу жайларда, курулушта иштешет” дейт. Алардын биздикиндей укмуш фармакологиясы, спорттук медицинасы жок. Эч кандай дары-дармек, витамин колдонбой эле, аларда Олимпиада жана дүйнө чемпиондору чыгып жатпайбы? Эң негизгиси дүйнөлүк деңгээлге жеткен өздөрүнүн машыктыруучулары, адистери жана спорттук мектептери бар. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүп, билимдерин жогорулатып, окуп-үйрөнүп, изилдеп, иликтеп турушкан үчүн натыйжа болууда. Чемпиондорду чыгарган устаканадай, фабрикадай эле системалуу иш алып барышат. 

– Америкалыктардын спортко көз карашы кандай экен. Алардан эмнелерди үйрөнө алдыңыз?

 -Америкалыктар ден соолугуна өзгөчө маани берген калк экен.Спорт менен машыгып, ийгиликтерге жеткен жаштарга окуудан жеңилдиктер берилип, кепилдик болот экен. Америкада жашаган  адамдар көп эмгектенишет.Спортчуларды да баалап, барктап, урматтап турушат. Биздин балдар күнүгө эртең менен 2 саат, түштөн кийин 2 саат машыгышса, ал жакта биздин балдардан эки эсе көп 8-10 саат машыгууга убакыт жумшайт экен. Америкада күрөш эмес, башка спорт түрлөрү да жогорку деңгээлде өнүккөн. Ошол эле бокс, азыркы UFC чемпиондору: Тайсон, Мухаммед Али, Мэнни Пакьяо залкар спортчулар чыккан. Ал жакта көп эмгек кылат экен. Ал жактан ошол күжүрмөн эмгекти, мээнет кылганды үйрөндүм. 

Ошондуктан бизден олимпиада, дүйнө чемпионун чыгарабыз десек анда дүйнөлүк машыктыруучуну алып келишибиз зарыл. Мен муну өзүмдүн жон терим менен билген спортчу катары айтып жатам. Келечекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс, дзюдо, оор атлетика жана башка спорт түрлөрүнөн дүйнөлүк чемпионду чыгарабыз десек, анда бизде тажрыйба жетиштүү болушу керек. Эгер  мен айткандай дүйнөлүк адистерди алып келбесе, анда чыгышы кыйын. 30 жылдан бери бир да дүйнөлүк чемпион жок. Муну деген бүткүл мамлекет жетекчилери ойлонушу керек. Бизге эл аралык деңгээлдеги адистер жетишпей жатат. Же чет өлкөлөрдөгү спорт борборлорунан, белгилүү мектептерден окуп, ошол жакта иштеп, тажрыйба топтоп келишибиз керек. Ал үчүн бир топ жыл убакыт зарыл. Дүйнөлүк спорт бизди карап отурбай, дагы алдыга кеткен поездей өсүп-өнүгүп кете берет.

Эгемендүү өлкө болгону спорт тармагынын статусу улам кичирейип баратат. Мурда өзүнчө министрлик, анан мамлекеттик комитет болсо, кийин дагы кичирейип малекеттик агенттик болгон эле. Жакында дагы кыскарып, маданият министрлигинин карамагына кошулду. Бул өзгөрүүлөргө кандай карайсыз?    

-Спорт тармагына мамлекет өгөй баласындай мамиле кылып келеатат. Сиз айткандай улам статусу, даражасы кичирейип, бюджети кыскарып баратат.  Менимче маданият өзүнчө бөлөк болушу керек. Маданият менен спорттун өзгөчөлүктөрү, айырмасы асман менен жердей. Спорт менен маданият эки башка түшүнүк, эки бөлөк тармак. Бир арабаны эки атка чексе болот. Бизде тескери болуп, бир чабал атка эки арабаны чегип алгандай эле кеп болуп калды.  Спорт Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткандан кийин өзүнчө болушу зарыл эле. Саясатка аралашкым келбейт. Бирок, спорт Кыргызстан үчүн кандайдыр бир өзүнчө өзгөчөлүгү, милдети бар тармак болуп эсептелет. Маданият министрлигине кошуп, спортчулар маданияттуу, тарбиялуу болсун дегени жакшы. Бирок Кыргызстандын желеги президент чет өлкөгө расмий сапар менен барганда жана спортчулар дүйнө, Азия чемпионаттарын, Олимпиада оюндарында жеңгенде гана өлкө желеги обого бийик көтөрүлүп, Гимн ойнотулат. Ошондуктан спортту өнүктүрүүгө  мамлекеттик деңгээлде салым кошуп, камкордукка алып, шарт түзүү зарыл. Учурда коңшу  Казакстан жана Өзбекстандан ат чабым артта калып жатабыз.  Ал мамлекеттерде спорт тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Бирок бул жерде менин оюмча кеп акчада деле эмес,  алар адистердин деңгээлин жогору көтөрүп жатышат. 

Кээ бир машыктыруучулар мени жаман көрүп, “Данияр биздин колдон таалим-тарбия алып, суу ичкен кудугуна түкүрүп жатат. Өзүбүз эле машыктырып, дүйнө чемпионун чыгарабыз” деши да мүмкүн. Бирок, ачуу болсо дагы чындыкты айтышым керек. Мейли аларды машыктыруучу катары алып келбесек да кеңеш берген адис катары алып келишибиз зарыл.Бул үчүн атайын мамлекеттик программа иштеп чыгып, долбоор катары ишке ашыруу керек. Себеби, бул  мамлекеттик деңгээлдеги маселе, жетекчилер ойлонуш керек. Учурда олимпиада чемпионун чыгаруу бул эң маанилүү маселенин бири. 

Иниңиз дагы сиздин жолду жолдоп күрөшүп, өлкө намысын коргоп жүргөн эле. Азыр эмне менен алек болуп жүрөт?

-Иним күрөшпөй калган, ал азыр өзүнүн үй-бүлөсүн багууга аракет кылып, ишкерчилик кылып жүрөт. Андан башка бир да бир тууганым күрөшкөн жок. Мен беш бир тууганмын. Аларга баш көз болуп, жол көрсөтүп, үлгү болууга аракет кылып келеатам. 

-Спорттон тышкары эмнеге кызыгып жатасыз?

 -Спорттон тышкары мен бизнес, ишкерлик менен алектенем. Менин негизги кесибимдин бири-юрист болгондуктан бул тармакты үйрөнүш үчүн дагы көп окуп жатам. Ал үчүн насаатчылар дагы керек экен. Америкадагы досторум кеп-кеңештерди айтып, багыт берип турушат. Ал жактагы кыргыздар, башка улуттар менен да мамилем жакшы. Эң бакшысы спорттон кол үзгөнүм жок. Спорттун дагы бир түрү боюнча чоң таймашууларым, сыноолорум алдыда турат. Кыргызстанды дагы бир нече ирет таантып, дүйнө чемпиону болуу тилегимди орундатуу үчүн талбай машыгууларды өткөрүп, даярдык көрүп жатам. Ал спорттун кайсы түрү экенин кийин билесиздер. Азырынча табышмак, сыр болуп турсун. Спорт- бул менин жашоом, арманым, рахатым. Эркин күрөш, бокс, джиу-джитсу, эрежесиз эр кармаш менен дагы машыгып, спорттук табымды, формамды сактап жүрөм.

-Чын дилден жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Сизге чың ден соолук, ийгилик, жеңиш каалайлы. 

Кабыл Макешов, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, спорттук баяндамачы.

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Конституциянын долбоорунун негизги өзгөчөлүгү – бул аткаруу бийлигин ким түзгөнүндө”

-Бегалы мырза, учурда жаңы Конституциянын долбоору боюнча элге маалымат, талкуулар керек болуп турат. Башмыйзам долбоору тууралу сиздин да кеңири аналитикалык ой жүгүртүүнүздү уксак?

-Жаңы конституциянын долбоорундагы өзгөчөлүктөр жана артыкчылыктар тууралу көп сөз кылууга болот. Бирок, анын алдында айта кетүүчү маселе – быйыл 10-январда кыргыз бийлиги акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу элден “кандай башкаруу системасын тандайсыңар: президенттикпи же парламенттик системаныбы?” деп сурады. Буга чейин биз Конституцияны 9 жолу өзгөртүп алмаштырганыбызда президенттер, саясый топтор элден сурабай эле “биз айткандай болот” деп өздөрү каалагандай конституцияны жазып, административдик жана каржылык ресурстарды пайдалануу менен күчкө салып өткөрүп алышчу.

Айрыкча 2010-жылы Убактылуу өкмөт кыргыз мыйзамдарын одоно бузуп, өздөрү жазган (шарттуу түрдө “Текебаевдин конституциясы” деп аталат) конституцияны көз боёмочулук менен өткөрүп алышкан. Ал учурда кандуу куралдуу төңкөрүштөн кийин өздөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялаган саясый топ Кыргыз мамлекетинин Конституциясын одоно тебелеп, өздөрүнүн мыйзамсыз декрети менен референдум жарыялап, чет өлкөлөрдөн “конституция жазабыз” деп 7 млн доллар грант алышып, Венециялык сунуш берүүчү күчкө гана ээ болгон комиссияга жага тургандай кылып, Украинанын конституциясын көчүрүп алып, ага айрым өзгөртүүлөрдү киргизип, Кыргызстанды парламенттик өлкө болот деп жарыялап, элди алдашкан.

Конституция боюнча ал кезде (2010-жылы апрелде) Конституцияны өзгөртүүнүн бир эле мыйзамдуу жолу калган – ал жаңы конституцияны кыргыздын 30 миңден кем эмес жарандары кол чогултуп демилгелей алмак. Бирок мыйзамды сыйлабаган Убактылуу өкмөттүн бир ууч мүчөлөрү 30 миңден кем эмес кыргыз жарандарынын укугун өздөрүнө ыйгарып алып, бийликти узурпациялап, элден сурабай, өздөрү каалагандай конституциянын жаңы долбоорун демилгелеп, өздөрүн кошуп конституциялык кеңеш түзүп, ал кеңешти Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Текебаев жетектеп, парламенттик башкаруу системасынын конституциясын жазышкан. Ал кездеги конституциялык кеңештин айрым мүчөлөрү кийин “Текебаев конституциялык кеңеш жазган жана бекиткен конституциянын долбоорун тымызын жол менен өзү каалаган тексттер жана нормалар менен алмаштырып коюптур” деп сотко беришип, бирок ал кезде Текебаев менен анын Убактылуу өкмөттөгү бандасы бийликте турушкандыктан сот карабай койгон.

2010-жылы 7-апрелде куралдуу мамлекеттик төңкөрүш болгондуктан мыйзам демилгелөө укугуна эгедер 4 субъекттен: Президент куулуп, Парламент таркатылып, өкмөт отставкага айдалып, жалгыз гана 30 миң жарандан турган демилгелүү топ гана жаңы конституцияны долбоорун демилгелей алмак. Бирок Убактылуу өкмөт мыйзамды уруп ойнобой, өздөрү демилгелеп, конституция жазып, күчкө салышкан. Бул боюнча азыр юристтер Убактылуу өкмөттү сотко берүүгө документтерди даярдап жатышат. Ошондой эле баш мыйзамдагы “Өзгөчө кырдаалдар учурунда референдум өткөрүүгө тыюу салынат” деген норманы Убактылуу өкмөт тебелеп-тепсеп, Ошто жүздөгөн адамдар өлтүрүлгөн улут аралык жаңжалга карата киргизилген өзгөчө кырдаалдарга карабай мыйзамды бузушуп, 27-июнда референдум өткөрүшкөн. Өзгөчө кырдаалды 1 күнгө токтотуп, кайра киргизип коюунун өзү кылмыш болгон.

Бир эле мисал келтирейин, Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагындагы 6000 добушу бар шайлоо участокторуна ошол референдумга болгону 37 гана киши келип добуш беришкен. Бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөсүнүн жаңы аким болуп шайланган райондогу фотограф кайниси айыл өкмөтүнүн аткаминерлерин, шайлоо участкаларынын мүчөлөрүн коркутуп, миңдеген добуштарды кошуп жаздырган. Мындай фактылардын баары азыр иликтенип, юридикалык баа берилиши зарыл.

Ал эми быйыл, 2021-жылы 10-январда өткөн референдумда шайлоого катышкандардын 80%ы “Кыргызстанга президенттик башкаруу системасы орносун” деп добуш беришти. Эч ким добуш берүүдө мыйзам бузууларды таба алышкан жок. Ал эми Текебаевчилердин шайлоого шайлоочулардын 30%ы эле катышты деп чычалаганы күлкүнү келтирет. Анткени мындай норманы мыйзамга биринчи болуп Текебаев өзү киргизген. 2010-жылы референдум жана шайлоолордо Убактылуу өкмөттү азчылык гана колдоп, шайлоого келерин сезишип, “шайлоого канча киши келсе да шайлоо өттү” деп эсептелет деген норманы киргизишкен. Тагыраак айтканда, ошол 2010-жылы референдумга Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү гана катышып, добуш беришсе да шайлоо өттү деп эсептелмек.  Бул Убактылуу өкмөттүн өзүнө-өзүнө ишенбегендигинен, элдин колдоосу жоктугун сезгенинен аргасыз киргизилген норма.

-Конституциядагы негизги өзгөчөлүк – бул өкмөттү же аткаруу бийлигин ким түзгөндүгүндө, анан көзөмөлдөгөнүндө да болуп жаткандай…

Конституциядагы негизги өзгөчөлүк – бул өкмөттү же аткаруу бийлигин ким түзгөндүгүндө, анан көзөмөлдөгөнүндө. Парламенттик системада аткаруу бийлигин же өкмөттү парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган партиянын парламенттеги фракциясы же фракциялардын коалициясы түзөт. Ошондуктан 2010-жылдан кийин парламентке жеңип келген КСДП Атамбаевди алгач премьер-министр кылып шайлап, өкмөт түзгөнгө жетишти. Андан кийин дагы бир жеңүүчү партия “Ата-Мекен” өзүнүн тизмесиндеги Жоомарт Оторбаевди премьер-министрликке шайлап, өкмөт түзүшүп, мамлекет башкарышты…

Ал эми президенттик башкаруу системасы болгондо өкмөттү президент түзүп, өзү толук көзөмөлдөш керек. Анткени 10-январдагы референдумда эл таза президенттик система үчүн добуш беришти. Бирок конституциянын жаңы долбоорунда өкмөттү президент парламенттин макулдугу менен түзөт деген эски нормалар сакталып калып, таза президенттик эмес, президенттик-парламенттик аралаш системанын нормалары киргизилген. Муну бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сакташ үчүн киргиздик деп жатышат. Эгер андай тең салмактуулук керек болсо, анда  бул системаны президенттик деп атабай эле президенттик-парламенттик аралаш система деп эле аташ керек болчу.

Дегеле бул долбоордо парламенттин мурунку конституциядагы ыйгарым укуктары, өкмөт түзгөндөн башкасынын баары сакталып калган. Президент өкмөт түзгөндө, сотторду жана башка бийик мамлекеттик кызмат орундарына кадрларды дайындаганда парламенттин макулдугун алат деген нормалардын баары ошол бойдон калыптыр.

Парламенттик система деп убада кылынган 2010-жылдан 2017-жылга чейин премьер-министр, анан президент болуп турган Алмаз Атамбаев парламенттин алдына келип, отчет тургай маалымат да берчү эмес. Бул конституцияда президенттик система экенине карабай “президент жыл сайын парламеннтке келип маалымат берет” деп жазылыптыр. Ушуну “отчет берет” деп жазышса жакшы болот эле дейбиз, бирок анда ал норма парламенттик системанын талабы болуп калмак. Парламенттик системада бийликтин бардык бутактары парламентке отчет берип туруш керек.

Бул долбоордо Парламенттин бийлиги дагы күчөтүлгөн бир норма – бул депутаттын кол тийбестиги кайтарылып берилгени. Эми депутаттар коркпой туруп, Президентти сындай алат.  2010-жылдагы конституцияда Текебаев коррупция боюнча оор кылмыштарда депутат парламенттин макулдугусуз эле жоопко тартыла берет деп норма киргизип, өзү коррупция беренеси боюнча камалып кетти. V  жана VI чакырылыштагы депутаттардын “чимкирик” болушуп, президенттердин гана көзүн карап, алардын айтканын гана жасап калганы да мына ушундан. Атамбаев сын айткан эле депутаттын баарын жетелеп барып камай берди. Эми депутат парламенттин макулдугусуз камалбайт, демек президентке каяша айткандан, сындагандан коркпойт. Бул парламенттин бийлигинин күчөтүлүшү.

Жаңы конституциянын экинчи бир өзгөчөлүгү – бул “Өкмөттү же аткаруу бийлигин президент башкарат” деген норма конституцияга биринчи жолу киргизилди. Конституциялык кеңештин мүчөлөрү айтып жаткандай бул биздин жаңы долбоорго АКШдагы президенттик системанын үлгүсү болгон конституция негиз болгон. Демек, бизде да АКШдагыдай премьер-министр кызматы жок болуш керек, аткаруу бийлигин же өкмөттү президент жана президенттин администрациясы башкарышы зарыл. Албетте АКШ федеративдүү өлкө, биз болсо унитардык мамлекет, ошондуктан ушул өзгөчөлүктү эске алып, ылайыкташтырылышы законченемдүү.

Ошондой эле биринчи жолу Кыргызстандын Конституциясында “Аткаруу бийлигинин (өкмөттүн) ишинин натыйжасына Президент жооп берет” деген норма киргизилди. Буга чейин “мен кыйынмын” деген Текебаев да мындай чечкиндүү норманы Конституцияга киргизе албаган.  Буга байланыштуу “Президенттин импичменти боюнча нормаларды ишке ашыруу татаал” деген аргументти көп айтышууда. Импичментти ишке ашыруу бул саясый элитанын дараметине гана жараша болот. Эгер саясый элита жалаң “чимкириктерден” турса кандай оңой мыйзам жазып берсең да аны ишке ашыра алышпайт. Мына 2010-жылы бийликке келишкен саясый элита өздөрү каалагандай Конституция, мыйзамдарды жазышып да 10 жыл ичинде парламенттик системаны ишке ашыра алышпай коюшту. Ага потенциалы, кудурети жетпеди. Чабалдар экенин көрсөтүштү. Ошол эле учурда президенттик-парламенттик система учурунда 35 депутаттан турган мыйзам чыгаруу палатасынын 10 чакты эле депутаты Президентти парламентке чакырып алып, жарга такап, коррупциялык иштерге айыптап, айласын кетирип турушканына элдин баары күбө болгон. Ал эми 120 депутат эмнеге жарады?  Ошондуктан Президенттин импичменти тууралу нормаларды ишке ашыруу ал парламенттин сапаттык курамына жараша болот.

Конституциядагы дагы бир өзгөчөлүк – бул “эгер президент парламенттин жана соттун ишине кийлигишсе ага импичмент жарыялоого негиз болот” деген норма биринчи жолу Конституцияга киргизилди. Мындай норманы буга чейин конституция жазгандар президенттен коркушуп, киргизе алышкан эмес. Ал эми бул нормаларды ишке ашыруу жогоруда мен айткандай парламенттин сапатынан болот.

Мындай өзгөчөлүктөрдү санай берсе кагаз түтпөйт. Бирок “сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей, кандай гана конституция жазылбасын сындагандар чекеден чыгат. Айрыкча акыркы 10 жылда өлкөдө парламенттик системаны ишке ашыра албагандар сынчы болуп жатышат.

-Улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн кандай саамалыктарга токтолсок болот?

Жаңы конституция жаңы кыргыз тарыхында кыргыз мамлекетинин конституциясы биринчи жолу кыргыз тилинде жазылып, анан орус тилине которулду. Бул да бир улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саамалык. Буга чейин бардык конституциялар орус тилинде жазылып, анан чала-була кыргыз тилине которулуп, орусчасы менен кыргызчасы кээ бир беренелерде карама-каршы норма жаратып, талашка түшүп келчү. “Мен кыйынмын” деген Текебаев да 2010-жылдагы конституциясын орус тилинде жазган, анткени грант берүүчүлөр тымызын сунуштаган Украинанын конституциясы орус тилинде болгондуктан, ошону эле Кыргызстанга ылайыктап, жамап-жуктап, орус тилинде эле даярдашкан. Кийин кыргыз тилине которулуп, ал конституцияда да орусча жана кыргызча версияларында төп келишпеген нормалар болуп келген.

Коомдун бир бөлүгү улуттук кызыкчылык катары – Курултайдын конституцияга киргизилишин айтып жатышат. Бирок мен Конституцияда же Курултай же Жогорку Кеңеш, экөөсүнүн бири гана калыш керек деп эсептейм. Жогорку Кеңешти эки палаталуу кылып, жогорку палатаны Курултай деп атап, эл өкүлдөрү бир мандаттуу округдардан шайланып келип, ошол палатада иштеши керек. Ал эми төмөнкү палата – мыйзам чыгаруу палатасы партиялык принцип менен шайланып,  мыйзамдардын үстүнөн иштөөсү зарыл.

Ошол эле учурда конституциянын жаңы долбоорунда Курултайды мамлекеттик башкаруу органы эмес, коомдук байкоочу орган деп атап туруп, коомдук уюмга Мыйзамдарды демилгелөө укугу  жана Сотторду тандоо кеңешине катышуу укугу берилгени таңгалычтуу.

Мыйзамдарды демилгелөө укугу 2016-жылдагы өзгөртүүлөргө чейинкидей: президентте, парламентте, өкмөттө жана 30 миң кыргыз жаранында гана болуш керек. Ал эми азыркы долбоордогу Прокуратура, Сот жана Курултайдын мыйзам демилгелөө функциялары алынып салыш керек деп ойлойм.

Дагы бир айта кетчү нерсе, биз кыргыздар IX кылымда гана, бизди ажо (азыркыча президент) башкарып турганда гана күчтүү мамлекет – Улуу кыргыз каганатын түзүп,  уйгур, түрк каганаттарын жеңип, империя деңгээлине көтөрүлүппүз… Андан кийин бийлик талашуу башталып, (междуусобица) мамлекетибиз талкаланып, 1000 жылдан ашык ар кандай империялардын колониясы болуп келип, 1991-жылы гана көз карандысыздык алып, өзүбүздүн улуттук көз карандысыз мамлекетибизди куруунун үстүндө изденүү жолундабыз. 1991-жылдан 2010-жылга чейин президенттик-парламенттик аралаш башкаруу системасын көрүп, бизге жакпады. 2010-жылдан 2020-жылга чейин парламенттик башкаруу системасы өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө чоң шек келтирди. Терең саясый жана экономикалык кризистерге алып келди. Мародёрлуктун, рейдерликтин, коррупциячылдыктын үлгүлөрүн көрсөтүштү. Эми эл таза президенттик башкаруу системасын тандап, көрөлү деп жатышат. Бир кезде Улуу кыргыз каганатын түзгөн, азыр 7 миллионго жакын илим-билимдүү калкы бар элдин ичинен кантип бир реформачыл лидер чыкпасын? Ата-Түрк сыяктуу кыргыз мамлекетин бекемдеп, гүлдөп-өсүүгө алып бара турган лидерлер чыгат деп үмүт кылып туралы.

-Саясатчы Адахан Мадумаров видеокайрылуу кылып, сот системасы, өкмөттүн жаңы түзүлгөн структурасы тууралу бир топ сындарды айтыптыр, сиз бул боюнча кандай пикирдесиз?

Кыргызстанда 7 миллиондой калк болсо 7 миллиондой пикир чыгат. Ал эми көрүнүктүү оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров албетте өзүнүн пикирин айтат. Бирок мен билгенден Мадумаров көп жылдардан бери таза президенттик башкаруу системасын жактап келет. Бирок кайрылуусунда конституциянын жаңы долбоорун супер президенттик, катаал системанын конституциясы болуп калыптыр, бир адамдын жеке бийлигин орнотот таризинде айыптап жатат. Ошол эле учурда азыр Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясындагы оң колу, кеңешчиси болуп жүргөн Ишенбай Кадырбеков конституциянын жаңы долбоору өтө жумшак болуп калыптыр, президенттик системада президенттин бийлиги абсолюттуу болуш керек. Өкмөттү, сотторду, генпрокурорду парламенттин макулдугусуз эле өзү дайындаш керек. Конституциянын жаңы долбоорунда президенттик система эмес, парламенттик-президенттик системанын нормалары кирип калыптыр, баарына эле парламенттин макулдугун алыш керек экен, ушул да президенттик система болобу? деп дебаттарда талашып жүрөт. Бир эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын алдыңкы сабында турган эки мүчөсү бири-бирине карама-каршылыктуу пикир айтып жатышат. Бул жанагы мен айткан: өлкөдө канча жаран болсо ошончо пикир бар дегенди далилдейт.

Маектешкен Жамиля Таштанбекова

Булак: “Азия ньюс”

Президент Садыр Жапаров Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине маек курду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасына боло турган мамлекеттик сапарынын алдында «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине маек курду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак эки тараптуу мамилелерине, Борбордук Азия интеграциясына, инвестициялык өз ара алакаларды өнүктүрүүгө жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташууларга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Төмөндө маектин тексти:

— Саламатсызбы Президент мырза?

— Саламатчылык.

— Эң оболу, маекке макул болгонуңуз үчүн рахмат. Президенттик шайлоо ушул жылдын январь айында өттү. Сиз жеңдиңиз! Жеңишиңиз менен куттуктайм!

— Рахмат.

— Бул шайлоо сиз үчүн кандай өттү? Шайлоо өнөктүгү эмнеси менен эсиңизде калды? Жарым жыл мурун «мен Кыргызстанды башкарам» деген ой болду беле?

— Жакшы суроо болду. Жарым жыл эмес, чынын айтсам, бала кезимде атам менен энем дайыма телевизордон КПССтин съездин көрөт эле. Менин жакын эжем ал кезде СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. КПССтин съезди болгон сайын ал съездге барабыз деп Москвага кетет эле. Анан атам менен энем телевизор көрсө, бала кезимде 4-5-класста окусам керек, мен да кызыгып көрөт элем. Ал убакта Брежневдин мезгили. Брежнев сүйлөп жатканда «мен дагы Брежневдей болом» дечүмүн. Бул менин ички кыялым эле. Тагдыр экен, мындан 16 жыл мурун, 2005-жылы мен парламентке депутат болуп шайланып келип калдым. Ошол күндөн тартып коррупция менен күрөшүп келе жатам. Өзүңүздөр билесиздер, бийликте 30 жылдан бери коррупция күч алып кеткен. Ошондуктан элибиз 3 жолу төңкөрүш жасады. Буга ошол чиновниктердин коррупцияга малынып кеткени, байлар менен кедейлердин ортосунда чоң ажырым болуп калганы себеп болду. Мына ушунун кесепетинен бизде 3 жолу революция болду. Мындан 8 жыл мурун, сиздерге белгилүү, алтын, күмүш казган «Кумтөр» кенибиздеги болуп жаткан коррупция боюнча маселе көтөрүп чыккам. Кыргыз мамлекетине бир тыйын да пайдасы жок, тескерисинче, биз Казакстанга, Өзбекстанга берип жаткан суунун башаты болгон мөңгүлөрдү талкалап жатканын өз көзүм менен көрдүм. Анан «мындай болбойт, муну токтотушубуз керек», муну аягына чыгарам деп чыктым. Тилекке каршы, коррупция абдан күчөп кеткенинен улам аягына чыгара алган жокмун. Мени биринчи жолу 2012-жылы камакка алышты. Мен 9 айга камалдым. Бирок сотто таза адам катары акталып чыктым. Ошого карабастан, куугунтук улана берди. Акыры мен чет өлкөгө чыгып кеттим. Казакстанда, Россияда жана Европада жүрдүм. 2017-жылы президенттик шайлоого катышуу үчүн кайтып келдим. Октябрда өзүңүздөр билесиздер элдик толкундоолор болуп, элдин жардамы менен түрмөдөн чыгып, бийликке келдим. Мен бийликке келип, отуруп калдым деп сүйүнбөйм. «Алты ай мурун сиз Президент болом деп ойлодуңуз беле» деп суроо бербедиңизби, качандыр бир мезгилде Президент болом деген максатым болгон. Бирок качан экенин мен билбейт элем. Мен октябрдан кийин Президент болуп калдым деп сүйүнгөн жокмун. Мен эң биринчиден, кан төкпөй, тынчтык жолу менен, бир айнекти сындыртпай, талап-тоноочулук кылдыртпай, байлар менен кедейлерди бири-бири менен кагылыштырбай тынчтыкты сактап кала алганыма сүйүнөм. Президент болуп калганыма эмес, тынчтыкты сактап калганыма сүйүнөм.

— Сиз Президент болуп шайландыңыз. Жакында эле Россия Федерациясына сапар менен барып келдиңиз. Азыр эми Казакстанга мамлекеттик сапар менен бара жатасыз. Эмне үчүн ушул эки өлкөнү тандадыңыз жана Казакстанга кандай сунуш менен баратасыз?

— Мен Президент болуп шайлангандан кийин Касым-Жомарт Кемелович биринчилерден болуп чакырды. Ошондо мен сөз бергем. Менин Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи Казакстанга баратканымдын себеби ошол. Экинчи себеби, биз — казак-кыргыз бир тууган элбиз, кошуна элбиз, бизди көп кызыкчылыктар бириктирип турат. Ошентип, мен бир тууган элге бара жатам. Биринчи сапарым Орусия мамлекетине болгонунун себеби — бизде тез аранын ичинде протоколдор жана макулдашууларга кол коюуга даяр болуп калган документтердин болгондугу болду. Эми Кудай буюрса, 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганы турабыз. Андан кийин 11-12-март күндөрү Өзбекстанга сапарыбыз болот. Андан кийин Кытай жана Түркия мамлекеттерине пландар бар. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди өтө жогорку деңгээлге жеткирүүгө болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Биздин саясат ушундай.

 — Сиз казак-кыргыз бир тууган деп жакшы айттыңыз. Ырас, биз боордош мамлекетпиз. Бирок эки эл болгондон кийин акыркы 25 жылда биз бир катар документтерге жана келишимдерге кол койдук. Айрым маселелер чечилди. Сиз Казакстан менен болгон мамилени ушул нукта улантасызбы?

— Биз казак-кыргыз бир тууганбыз. Эгер чоочун адамдан казак менен кыргызды катар коюп, кайсынысы казак, кайсынысы кыргыз деп сурасаңыз, эч ким айырмалап, биле албайт. Ошондуктан казак мамлекети менен макулдашууларда, ар кандай бир келишимдерге кол коюуда же кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса бизде эч кандай талаш-тартыштар болбошу керек. Себеби биз бир тууган калкпыз. Бир-эки күндүк өмүр менен жашабайбыз. Биз түбөлүк мамлекетпиз. Бизди эч ким ажырата албайт. Ошондуктан казак мамлекетине барганда макулдашууларга, келишимдерге, эки мамлекеттин ортосунда болуп жаткан мамилелерге кол коебуз. Бирок чечилбей турган маселе болбошу керек. Анткени, биз бир тууган элбиз.

— Ошону менен Сиздин оюңузча, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилген маселелер көп. Ал эми чечилбеген көйгөйлөр барбы?

— Чечилбеген көйгөйлөр жок. Баары жакшы. Майда маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечип алабыз.

— Казакстан жана Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү. Алардын арасында эки ири уюм бар: Евразия экономикалык бирлиги жана Шанхай кызматташтык уюму. Менин суроом ушул эки уюмдун ичинде Казакстан менен Кыргызстандын кайсы көз караштары орток?

— Бизде ЕАЭБде, ЖККУда, ШКУда, КМШда көп маселелер бар. Бирок ошол бардык маселелерде казак менен кыргыздын кызыкчылыктары төп келет. 90% маселелерде эки мамлекеттин кызыкчылыгы бирдей. Ошол убакта кызыкчылыктарыбызды бирдей коргогонго турабыз. Позицияларыбыз да дайыма бирдей. Биз ЕАЭБде дагы, ШКУда дагы бири-бирибиз менен кеңешип иш кылып жатабыз. Бул ишибиз мындан ары дагы улана бермекчи.

— Эгемендүүлүктү алгандан бери Борбор Азия интеграциясы жөнүндө эксперттер жана саясат таануучулар көп айтышты. Сиздин Орто Азия интеграциясына көз карашыңыз кандай?

— Орто Азия интеграциясы жөнүндө 2000-жылдардан бери сөз болуп келатат. Мага жеткен маалыматтар боюнча, Өзбекстан менен Түркмөнстан жакын арада интеграциялык конференцияларды өткөрөлү деген сөздөрү бар. Биздин мамлекет ошол конференцияны Бишкекте өткөрсөкпү деген ой-максатыбыз бар. Аны бизде өткөрөлү деп суранмакчыбыз. Анткени Орто Азия мамлекеттери дайыма бири-бири менен интеграциялык кызматта болуусу, дайыма бири-бири менен байланышып туруусу керек. Баары бир болуп турбаса, чачыранды мамлекеттер болуп, ар кандай минустарга алып барышы мүмкүн. Ошондуктан Орто Азия мамлекеттери дайыма бири-бирибиз менен жакын мамиледе болушубуз керек деп ойлойм.

— 2005-жылдан баштап Казакстандан Кыргызстанга тоо-кен, коммуникация сыяктуу тармактарга болжол менен 1 млрд долларга жакын инвестиция берилди. Биздин адистер Кыргызстанда иштейт. Эки элдин ортосунда экономикалык карым-катнаш бар. Казакстандын инвестициясы боюнча сиздин саясатыңыз кандай болот?

— Бийликке келгенден кийин биз бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык. Албетте, толук кандуу коргоого ала элекпиз. Билесиздер, биздин эл президенттик башкаруу формасын тандады. Ошого байланыштуу жаңы Конституцияны кабыл алабыз. Андан кийин жаңы мыйзамдар жазылат, жаңы парламент шайланат. Бүгүнкү күндө Өкмөттүн алдында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги бар. Бул азырынча Өкмөттүн алдында. Жаңы Башмыйзам кабыл алынгандан кийин бул агенттиктин деңгээлин жогору көтөрөбүз. Бул агенттик Президенттин алдындагы Улуттук агенттик болот. Бардык инвесторлор ушул агенттик менен түзмө-түз иштейт. Укук коргоо органдарынан же коррупционерлерден инвесторлорго басым жасала турган болсо, анда бул агенттик мына ошолордон инвесторлордун кызыкчылыгын коргойт. Менин жеке көзөмөлүмдө болот. Инвесторлор мамлекет менен келишим түзөт. Алар мамлекет менен иштейт. 20-30 жылдык узак мөөнөттүү долбоорлор болсо дагы бийлик алмашып кетеби, кандай болсо дагы инвесторлор салган долбоор иштей бериши керек. Инвесторлор менен узак мөөнөттүү келишим түзгөндөн кийин, алардын кызыкчылыктары ошол мөөнөткө чейин мамлекет тарабынан корголушу керек. Мына ошондо инвесторлор коркпой келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында: Таласта, Ала-Бука, Чаткалда казак инвесторлору келип иштеп жатышат. Буга чейин инвесторлорду кыйнап, мүлкүн алып же иш козгоп койгон учурлар болгону жашыруун эмес. Инвесторлорго мындан ары ошондой мамиле болбошу үчүн ушундай улуттук агенттик түзөлү деп ниеттенип атабыз. Казакстандан эле эмес, бардык дүйнө жүзүнөн келген инвесторлорду Президент жеке өзү улуттук агенттик аркылуу коргоп алат.

— Трансчек аралык өзөн-суулар маселесине токтолсок, буга сиздин көз карашыңыз кандай? Бул көйгөйдү чечүү жолу кандай?

— Суу маселеси боюнча биздин өзүбүздө проблемалар башталды. Анткени баарыңыздар жакшы билесиздер, дүйнө жүзүндө суунун жетишсиздиги башталбадыбы. Ошого байланыштуу эгерде бүгүнкү күн менен кете берсек, анда эмки жылы биздин Токтогул суу сактагычында катастрофалык деңгээлге жете турган акыбалга келип калдык. Ошондуктан биз азыр Өзбекстандан, Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз. Казакстан Республикасы жакында 900 млн кВт — 1 млрдга жакын кВт электр энергиясын бизге бере турган болду. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себебин айтайын, эгер биз азыр сиздерден электр энергиясын албасак, анда бизге элибизди электр энергиясы менен өзүбүз камсыз кылууга туура келет. Эгерде биз азыр Өзбекстан менен Казакстандан импорт ала албасак, анда вегетациондук мезгилде биз сиздерге суу бере албай калабыз. Анткени Токтогул суу сактагычында суу азайып кетет. Эгерде биз өзүбүз электр энергиясын өндүрө баштасак, анын аягы ушундай болуп калышы мүмкүн. Демек, биз энергияны Казакстан менен Өзбекстандан импорттошубуз керек. Бул баарыбызга пайдалуу. Натыйжада, өтүп жаткан мезгилде коңшу мамлекеттердин алдындагы милдеттенмелерибизди аткарабыз деген үмүттөбүз.

— 2-мартта боло турган сапарыңызда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эмне жөнүндө сүйлөшөсүз, четин чыгарып айта аласызбы?

— Бул менин Казакстанга Президент катары биринчи иш сапарым. Ошондуктан мен бир туугандык байланыштарды чыңдоо максатында расмий чакыруу менен мамлекеттик иш сапарга бара жатам. Дагы бир жолу айткым келет, казактар менен кыргыздардын ортосунда чечилбеген маселе болбойт. Бардыгы сүйлөшүү жолу менен чечилет. Албетте, биз келишимдерге кол коёбуз. Биз казак мамлекетинин дагы, кыргыз мамлекетинин дагы кызыкчылыгына дал келген маселелерге кол коюшабыз. Мындай көйгөйлөр көп. Мен сизге баарын айтып отурбайын.

— Биз кыргыз ЖМКларын, сайттарын, Фейсбукту карап, окуп жатабыз. Сизди катаал жетекчи деп эсептешет. Мындай имидждин калыптанышына эмне себеп болду?

— Балким сыртыман караганда катаал көрүнөт чыгармын. Бирок өзүм жумшак адаммын. Бизде азыр бардык мыйзамдар иштейт. Мен бардыгына — министрлерге, Премьер-министрге, күч түзүмдөрүнө мыйзам чегинде иштегиле деп айтам. Коррупционер болсо мурункубу-кийинкиби кылмыш ишине жараша жазасын алсын дейм. Эгерде жалаа жаап, жөн эле камап кое-турган болсоң, анда сен өзүн күнөөнү тартасын деп айтам. Ошондуктан бизде азыр мыйзам анан система иштей баштады. Катаал деп айтканыңыздын төркүнүн түшүнүп турам. Мурдагы жетекчилер, премьер-министрлер, министрлер жана башка чоң коррупционерлер камалып атат. Ошол таризде суроо берип жатасыз. Бизде 30 жылдан бери коррупция гүлдөп-өсүп, өнүгүп  кеткен. Ошондон улам бизде үчүнчү революция болду. Бул биринчи себеби. Экинчи себеби — таза эмес, адилетсиз шайлоолордон келип чыккан. Ошондуктан биз мурдагы президенттердин катасын кайталабай, таза шайлоо өткөрөлү деп, таза шайлоо өткөрдүк. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум болот. Биз аны таза өткөрөбүз. Андан кийин күзүндө парламенттик шайлоо болот. Аны да таза өткөрөбүз. Биздин мыйзамдар дагы толугу менен иштеши керек. Мыйзам менден тартып кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болушу керек. Биз бүгүн ошол мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуп жатабыз. Бирок биз бир жылдын ичинде эле жипке тизгендей кылып алып кетебиз деп айтпайбыз. Анткени 30 жылдан берки чирип калган системаны кайрадан жипке тизгендей алып кетиш үчүн 2-3 жыл убакыт керек. Албетте, кемчиликтер бар. Андай болбой койбойт. Бирок иштебеген адам гана жаңылбайт дейт. Албетте, кемчиликтер болот. Бирок, биз аны дароо ондоп-түздөп кеткенге болгон аракетибизди жумшап атабыз.

— Тышкы саясат жөнүндө айтсаңыз. Эми Кыргызстандын тышкы саясатынын негизи кандай болот?

— Биринчи кезекте кошуна мамлекеттер менен бир туугандык мамилени улантабыз. Анткени, кыргыз менен казакта «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, биз биринчи кезекте ошол жакын коңшулар менен жакшы мамилени түзүшүбүз керек. Себеби жакынкы коңшуларыбыз менен күнү-түнү чек ара карым-катыштары болот, элибиз бири-бири менен бизнес кылат. Ал эми Россия сыяктуу башка өлкөлөр менен стратегиялык союздашпыз. Алар менен дагы жакын мамиледе болобуз. Жана башка Европа, Америка — бардык өлкөлөр менен теңата, эки тараптуу кызыкчылыкты эске алып, мамиле түзөбүз. Бардык мамлекеттер менен бирдей мамиле түзөбүз.

— Албетте, сиздин бош убактыңыз жок, түшүнөм. Жаңы эле кызматка кириштиңиз. Бирок, Кыргызстандын Президенти бош убактысын кандайча өткөрөт?

— Чынын айтсам бош убактым жок. Мынакей азыр эле келип, пресс-катчым жана кеңешчимди «силер мага бош убакыт бербей жатасыңар» деп урушуп жатам. Бирок бош убактым болуп калса эле бассейнге барам. Кудай буюрса, күн жылыганда футбол, чоң теннис ойнойм. Бирок азыр бош убакыт абдан аз.

— Казакстан элине эмне каалайт элеңиз, эмне тилегиңиз бар?

— Казак элине ынтымак, жакшылык жана тынчтык каалайм! Албетте, казак эли бүгүн бизден бир топ жыл алдыга кеткен мамлекет экенин моюнга алышыбыз керек. Дагы да алдыга жылышын каалайм. Анткени сиздерде болуп турса, сөзсүз түрдө бизде да болот. Биз бир тууган калкпыз. Эч убакта бири-бирибизди таштаган эмеспиз. Муну тарых тастыктайт. Казактын башына күн түшкөндө кыргыздар жардамга барып турган, кыргыздын башына мүшкүл түшкөндө казактар жардамга келип турган. Муну тарых тастыктап турат, маселен, 1930-жылдары сиздерде ачарчылык болгондо, казак боордоштордун көпчүлүгү бизге ооп келген. Ошондо колубузда бир чака талкан болсо, жарымын казак баурдастарга берип, ачкачылыктан сактап калганбыз. Менин кичи мекенимде — Түп районунда он чакты казак айылы бар. Бирок 100 жылдай убакыт өттү, ошондон бери биз бир тууган болуп, аралашып жашап калганбыз. Мына ушундай мезгилдерде бири-бирибизге жардам берип, ар дайым бири-бирине бекем туруп берген калк болгонбуз. Ошондуктан, казак боордошторго Кудайдан жакшылык, өсүп-өнүгүү, эли-журтунда тынчтык болуусун тилейм!

— Урматтуу Президент, Сизге чоң рахмат!

— Сизге дагы чоң рахмат!

Азимбек Бекназаров: “Эми Ташиев өкмөт башчы болуп расмий бекиши керек!”

– Азимбек Анаркулович,  социалдык экономикалык абалдын оордугун эске алганда жаңы өкмөттүн иши оңойго турбасы айтыла баштады. Жаңы өкмөткө кимдер мүчө болсо,  мамлекеттин ишин илгерилете алат деп ойлойсуз?

– Албетте оңойго турбайт. Азыр, жалпы мамлекетибиздин  абалын, элибиздин турмушун саясый-экономикалык , социалдык жактан түп тамырынан кайра куруу маселеси  күн тартибиндеги негизги маселе катары жалпы улуттун алдына  коюлду. Дүйнө жүзү «кыргыздар эмне болоор экен,  кайда бараар экен»- деп байкап турат. Азыр Кыргызстанда болуп жаткан саясый иш чараларды же саясый-экономикалык маданий, жактан  жаңылануу далалаттарды болгону кезектеги жаңы бийликтин алмашуусундагы жаңы чакырыктар катары карасак терең жаңылабыз. «Жапаровго бир ай берели, эки ай беребиз, анан көрөбүз»- деп четке чыгып карап туруу да туура эмес. Азыр Кыргызстанда саясый- экономикалык жактан эле жаңылануу эмес, эң башкысы ар бир жарандын атуулдук аң сезиминде жан дүйнөнүн жаңылануусу  да кошо жүрүшү керек. Муундардын алмашуу процесси  батыштын партиялык, либералдык артыкчылыктан кетип, ар намыстуулук, мекенчилдик позиция багытынан  тайбашы милдет.  Бардык маселени бир гана «Кезектеги Жаңы Өкмөттүн иши»- деп, «жамбаштап» жатып алсак , партиялык аштоодон жем жеген, «120 коюбуз» кезектеги «койчуну» да аңга түртөт. Коомчулук саясий активдүүлүгүн, сактыгын азыркыдай өткөөл мезгилде эч качан жоготпошу керек. Менин жеке пикиримде жаңы өкмөттү түзүү күчүн жогото элек.  Азыркы Конституцияда бекитилген  тартип менен же парламенттеги саясый партиялардын «соодалашуу» принциби менен куралбаш керек. Турмуштук реалдуулукка баш ийишип, депутаттар «Жапаров-Ташиев» тандеми түзгөн өкмөттү бекитип, аларга биротоло саясый жоопкерчиликти  кошо жүктөгөнү, мамлекетчилдик болот. Мурдагы көнгөн адаттарынча саясый соодагерчилик менен Өкмөт түзүшсө тарыхый катачылык кетиришет. Албетте, «Конституция бузулду» дешип кыйкыргандар адаттарынча кыйкырышат дечи, бирок ага көңүл бурбоо керек. Анткени, Конституция алда качан бузулган, бийликтин, эгемендиктин ээси болгон эл, өз сөзүн 10-январда айтышты. Жаңы Өкмот- өткөөл мезгилдин – өкмөтү катары жаңы системаны куруучу жана ишке  ашырчу Өкмөт болуш керек. Жаңы Өкмөт мүчөлөрү  парламенттеги партия  өкүлдөрүнөн эмес, элчил, мекенчил позициядагы жаңы агымдын, күчтөрдүн жана аны активдүү колдоочулардын өкүлдөрүнөн болушу туура.

– Өкмөт мүчөлөрү кандай критерийде тандалса мамлекет үчүн пайдалуу болот? Жаңы шайланган президент  Садыр Жапаровдун мурда кийин бийликке аралашып, репутациясы бузулгандардан арылганга люстрация кылганга күчү жетеби?

– Өкмөт мүчөлөрү бүгүнкү замандын, саясаттын, талаптардын, чакырыктардын жоокерлеринен тандалып, партиялык кызыкчылыктары, көз карандысыздыгы жок, эркин, мекенчил инсандардан тандалышын каалайм.  Люстрация, Коррупция деген сөздөр, бизде саясатта, шайлоолордо айтылчу мода сөздөргө айланып калды. Болбосо мамлекеттин бүтүндүгүн бузушкандарды, элибиздин байлыгын чет элдиктерге сатышкандарды элибиз билбейби?! Шайлоо мезгилинде анын баары айтылат, анан шайлоо бүткөн соң, баары унутулат! Алар шайлоодон шайлоого чейин кичине эс алышат да, анан таптаза, патриот, акыйкатчыл болуп акыл үйрөтүп, эл аралап  чыга келишет?! Буга Садыр Жапаровдун жалгыз күчү жетпейт, аны элибиз колдоп, такай талап кылып турса иш жылат.

– Садыр Жапаров президенттик таймаштагы атаандаштарын инагурацияга чакырганы  ынтымакта иш алып баралы деген  аракетиби? 

– Инаугурация мамлекеттик иш чара, кимди чакырат уюштуруучулардын иши. Ушуну саясатташтырбасак жакшы болот эле. Шайлоонун жыйынтыгын «тааныбагандар», « кырсык» дегендер кичине уяты болсо, өздөрү деле келбесе керек.

– Өкмөт башчы кандай критерийде тандалышы керек? Түндүк-түштүк деген жазылбаган мыйзам иштеш керекпи же адискөйлүккө басым коюлганы туурабы?

– Өкмөт башчы качан эле тандалган да. Анын формалдуу жагы гана калган. Бизде Октябрь «революциясынан» бери Жапаров-Ташиев тандеминин өкмөтү иштеп жатат. Жапаров президент болду, эми Ташиев Өкмөт башчы болуп расмий бекиши керек. Бул жерде талаш деле жок болсо керек. Атайын жаздыргандарды кошпогондо. Жогоруда айтпадыкпы, азыр куралуучу жаңы Өкмөт өткөөл мезгилдин өкмөтү болот деп. Элдин тандоосуна ылайык, Президенттик башкарууга толук өткөнгө чейин иштей турган Өкмөт. Демек жаңы Конституция алынганга чейин Жапаров-Ташиев тандеми бузулбаш керек. Тескерисинче, аларга азыркы парламент колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүк түзүп бериши, эми жолго түшүп жаткан стабилдүүлүктү камсыз кылат. Ташиевдин Өкмөт башчы болушу, бардык критейлерге туура келет: Түндүк- түштүк маселесинде да, идеалык- партиялык биримдүүлүктө да, достук маселесинде да. Ал эми адистик, тажрыйбалык жактан да Ташиевге конкурент жок. Ал мыкты мекенчил, элчил адис экенин мурда Бакиевдин өкмөтүндө, азыр да иш жүзүндө далилдеп жатат. Жапаров-Ташиев тандемине баштаган иштерин аягына чыгарганга чейин мүмкүнчүлүк түзүп, колдоо көрсөтүү ар бир атуулдун иши. Ал эми алардын ишинин отчётун угуп баа берүү үчүн  2021- жылдын октябрь айына атайын элдик курултай  дайындоо керек.

Булак: “Саясат.kg”

Каныбек Осмоналиев: “Митингдерди уурулар, кылмышкерлер уюштуруп жатышат”

– Каныбек агай, “Кумтөр Садыр Жапаровго каршы каражат бөлүп, элди митингге чыгарып, көптөрдү колго алып коюптур” деген имиш тарады. Анын чындыгы барбы?

– Өлкөбүздөгү азыркы түзүлгөн саясый кырдаалдын бир гана себеби бар. Ал – ак менен кара, адилеттүүлүк менен адилетсиздик, тазалык менен уурулук жана башка антагонисттик кубулуштардын ортосунда укмуш катуу жана айыгышкан кармаштын ачык эле башталганы. Бул кармаш тез же оңой эле бүтө калбайт. Отуз жылдан бери карапайым элдин канын соруп, уурулук жол менен бүт байлыкты ээлеп алгандар өздөрүнүн жыргал заманын өлүп баратса дагы колдорунан чыгара коюшпайт. Ошондой “майлуу” кирешелердин бири Кумтөр алтын кени. Аны канадалыктар каалашынча тоноп келишкени менен аларга жомоктогудай жеңилдетилген шарттарды түзүп беришкен бир ууч кыргыз чыккынчылары бар. Алардын көбү бүгүн деле бийликтин ар кандай бутактарында жармашып жүрүшөт. Эбегейсиз зор дивиденддерге туйтунуп алышкан. Ошондуктан, алардын айдагы менен ачкөз “Центерра” ар кандай кылмыштуу жолдорго барышат. Мен буга толук ишенем. Ушул абалды эске алып, Садыр мырза бир нече саясый “манёврларды” жасоого аргасыз болууда. Бирок, бул убактылуу эле көрүнүш. Садыр Нургожоевич кыргыз эли үчүн башын сайып койгон инсан. Эгерде 10-январда миллиндогон карпайым элдин каалоосун эске алып, Жараткан Садырга президент болуу бактысын ачып берсе, Кумтөргө окшогон кен байлыктарды тоноп келген уурулардын көбүнүн бети ачылат. Катуу жазага тушугушат. Ошондуктан ал кылмышкерлер түрдүү митингдерди даярдоонун аракетинде жаналакетке түшүп чуркап жүрүшөт. Бирок, алардын кылмыштуу доорлору трагедиялуу аякташына саналуу эле күндөр калды! Бул – бүгүнкү күндүн кашкайган чындыгы! Карапайым эл эми аларды соо койбойт го…

– “Ханституцияга каршыбыз” деген митингге чыккандар чындап эле президенттик башкарууга каршы чыгып жатабы, же тышкы күчтөрдүн, жаңы башкаруунун орун алышын каалабагандардын каалоосун аткарып жатышабы?

– Кыргыз эли “бийликтин ачык-айкын жүргүзүлүшүнө бир адам баш-оту менен жооп берсин” деп жатат. Бирок, “ханституцияга” эч кандай жол бербейт. Муну карапайым калк 30 жылдан бери үч жолу далилдеп койду. Ал терминди айласы куруган, саясый фиаского тушуккан, амбициясын тыя албаган кээ бир эле “ишмерлердин” ойлоп тапкан “сөз оюндары” болуп жатат! Садыр Жапаровдун аймактардагы эл менен жолугушууларын көрүп турабыз го. 1991-жылдан бери мындай феномен болгон эмес. Эл өз мүмкүнчүлүгүн эми коё бербейт. Садыр мырзаны катуу колдоп жатышат. Мындай колдоо эгемен Кыргызстандын тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй жоопкерчиликти башкы талапкердин мойнуна илип койду. Демек, таза жана адилет иштөө менен гана элдин ишенимине ээ боло алат. Башка жолу жок. Ошондуктан, Жапаров президент болуп калса, биринчи кезекте кадр маселесин адилет чечип, түз жол менен кетсе эле азыркы “ханституция” деген бакырчаактар менен аларды козутуп жатышкан уурлардын жаактары жабылат. Эл өзүнүн бийлик ээси экендигин даана сезе баштайт дагы, өз келечегине даңгыр жолду салып, алдыны көздөй кете алат! Ошондуктан, эл бүгүн Садырга окшогон лидерге үмүт артып турат!

– Митингге чыгып аткан саясатчылар, президенттикке талапкерлер чындап эл үчүн күйүшөбү? Же алар упай топтоого, ыгы келсе Садыр Жапаров менен соодалашуунун аракетин көрүшүп, саясый шантаж жасап жатышабы?

– Кечээги митинг – бул чыныгы саясый шантаж! Эл үчүн күйгөн адам андай жолго барбайт! Азыр митинг уюштуруп, элдин кыжырына тийе турган мезгил эмес. Алардын Жапаров менен соодалашууга барууну көздөгөн амалдары дагы болушу мүмкүн. Эми 10-январда кимиси канча пайыз добуш аларын көрөбүз го… Башкаруу формасын тарыхта биринчи жолу эл өзү тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатса, тиги саясатчылардын каршы митинг уюштуруп чуркап жүргөндүктөрү – бери эле дегенде, жеңил ойлуулук. Аброй күткөн адамдын жасай турган жумушу эмес бул.

– Эмне үчүн Садыр Жапаровдун атаандаштары программасын айтышпай, көп убактысын аны каралоого жумшашып, “Кумтөрдү сатууга кол койгон, Жетим-Тоону кытайларга бириш үчүн бийликке келатат. Максим Бакиевдин долбоорун ишке ашырат” деген маалыматтарды таркатышууда?

– Президенттикке болгон атаандаштык өзүнүн чечүүчү фазасына кирди. Бирок, тилекке каршы, теңата болуп кармашкан күрөш орун алган жок. Элдик лидер катары таанылып калган Садыр Жапаровго бир дагы башка талапкер туруштук бере алган жок. Анын 17 атаандашынын кимиси толук кандуу шайлоо өнөктүгүн татыктуу уюштура алды? Эч кимисинин дарамети жеткен жок. Садыр өтө эле алдыга озуп чыгып кеткендигинен, кээ бир айласы куругандары калп эле ат салышымыш болуп жатышат. Катышып алып өкүнгөндөрү канча? Ошондуктан, алардын кээ бирлери болбогон жалааларды ойлоп табышып, куру дооматтарга ыктап алышты. Бул туура эмес. Эл баарын көрүп турат! Менимче, алардын көбү өздөрүнүн саясый карьераларына биротоло балта чаап алышты. Компромисске барып, “элдин камын чогуу чечели” дегендин ордуна сокур намыска алданып, Садырды каралап киришти. Андан көрө өздөрүнүн программаларын так айтып, элди ынандырышса, кийинки ишмердүүлүктөрүнө жакшы болмок. Эми өз тагдырларына өздөрү эгедер да. Билгендерин кыла билишсин…

Булак: “Азия ньюс”

Алмамбет Шыкмаматов: “Сегизбаев контрабанданы көзөмөлдөгөнү үчүн жоопко тартылат”

Алмамбет мырза менен тар чөйрөдө жолугуп калдык. Өлкөдөгү саясый кырдаал, Абдил Сегизбаевге болгон көз карашы жана Садыр Жапаровдун командасына кандайча кошулуп калганы тууралуу айтып берди.

– Алмамбет иним, өлкөдөгү саясый акыбал боюнча оюңду уксак, мүмкүн болсо кыска, ток этерине токтолсоң?..

– Кыргызстанда болуп аткан саясый акыбал туруктуу эле. Анткени, элдердин президенттик шайлоо боюнча пикири чартарап болгон жок. Өйдө-ылдый, талаш-тартышы да байкалбайт. Кыргыз эли онго же жүзгө бөлүнүп кеткен жок.

– Абдил Сегизбаев бир топ адамдарды “саткынчылар” дегендей мааниде акаарат айтты, анын ичинде сени да кошуп кетти. Бу боюнча эмне дейт элең?

– Сиз айткан жигиттин кыргыз саясатына кылган кыянаттыгы тарыхта кара тамга менен жазылып каларына шегим жок. Муну көпчүлүк баамдабай жүрөт. Анткени, азыркы болуп аткан биздин трагедиябыз 2005-2010-жылдары жана дагы 2020-жылы кайрадан кайталанды. Башкача айтканда, Конституцияга каршы келген жол менен бийлик алмашылды. Албетте, бул элдин жарылуусуна байланыштуу болду. Мындай өнөкөттүн башында Аксы окуясы турат. Ошо Аксы окуясында “алкаштар, БОМЖдор, акчага жалдангандар” деп элди кемсинтип, кыжырына тийип, козутуп турган Сегизбаев болгонун унутуп калдыбы? Аксы окуясына үч киши күнөөлүү болсо, анын бири Абдил экени жалганбы? Аны көп киши эсинен чыгарып койду. Эгер Аксы окуясы болбосо 2005-жылкы төңкөрүш кайталанбайт эле. (Бул толкундоодо да адилеттүүлүктү эңсеп чыккан калкка карата карасанатай сөздөрүн жаадырып турган). Ошентип, өнөкөт сыяктанып, андан бери 2010-2020-жылдардагы бийлик алмаштыруулар уланды…

– Кепти алыстан баштадың сыяктанат…

– Абдил ошол кезде жаш эле. Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевдин тушунда президенттин маалымат катчысы болуп, КТР аркылуу коомчулукка жанагындай жалган маалыматты таратып турганы менен элдин эсинде калды.

– УКМКга жетекчи болуп келгендегисин айтсаң?

– Ооба, УКМКга төрага болуп баргандагы жоруктары боюнча айтайын. Негизи, Алмазбек Атамбаевди жаман акыбалга апкелген үч киши болсо, үчөөнүн бирөө ушул жигит. Булар Атамбаевдин ишенчээктигинен, ак көңүлдүгүнөн пайдаланып, улам-улам калп айтышып, тукуруп атышып, Убактылуу өкмөт менен чабыштырышкан. Атамбаевди баардык саясый элитага каршы коюшкан, акыры жылаңачтап “аңга” түртүштү, мына ушулардын бири Сегизбаев болгону жалганбы? Атамбаев Кудайды карабай Сегизбаевге далай жолу ишенип, эркелеткен, буга эл күбө. Акыры ичи тарып, “мени эмес Сапар Исаковду премьер-министр кылып койду” деп Сооронбай Жээнбековго барып, Атамбаевге каршы тукуруп, жолдон биринчи адаштырганын танабы? “Эртерээк Сапарды алгыла! Эгер албасаңар жакынкы 2-3 айдын ичинде бийлик Сапардын колуна толук кандуу өтөт” деп ортого от жагып, кырчылдашууну курчуткан Сегизбаев болгонун саясатта жүргөндөрдүн баары билет. Өзү интервьюларынын биринде ачык эле айтып жатпайбы: “Жээнбеков мага эки жолу премьерликти сунуш кылды” деп. Дагы кандай далил керек? Эл айтып аткан Атамбаев менен Жээнбековдун кармашы бир, бир жарым жыл эмес, эки айга жетпей башталып кетти. Ошону эртелеткен башкы “от жаккычтардын” бири Сегизбаев болду да! Бул эргулдун ким экенин Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев таамай айткан. Анткени, Сеид Абдилди абдан жакшы билет…

– Өткөндө “Икрам Илмиянов контрабанданы көзөмөлдөп турган” деди го?..

– Андай болсо өзү УКМКнын башында эшек такалап отурдубу? Контрабандага бөгөт койбойт беле? Контрабандадан айына уурулар 10 миллион доллар уурдашат. Ошолордун “крышасы” өзү эмес беле? Шибегени капка ката албайсың да…

– Бу жагы эмне болуп кетти?

– Эмне болмок эле? Кыргызда “өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө асылат” деген кеп бар. Анын сыңарындай, Абдил Сегизбаевдин УКМКда төрага болуп тургандагы кылык-жоруктарын коомчулукка ачып бериш керек. Аны элдер укса төбө чачтары тик турса керек. Эмне үчүн ушул жигит контрабанда жөнүндө сөз кылбайт, ооз ача албайт? Анткени, контрабанданын башында өзү “крыша” болуп, айына 100-200 миң доллар “шапке” алып турганын мен эле эмес, УКМКнын баардык кызматкерлери билет да, туурабы? Торугарт, Эркечтам, Баткендеги контрабанда боюнча эбегейсиз байып, азыр 400-500 троллдорду, фейктерди (анонимдерди) жалдап алганы акылга сыябы? Ак дили менен иштеген Атамбаевди “аңга” түртүп салып, эми өзү сүттөн ак болуп алганына таңгалам. Ошол эле учурда мамлекеттин байлыгын тоноп байыган жигитке ишенип, берилип алган баёо адамдарга боорум ооруйт. Ушунчалык да тарыхты унутуп коёбузбу?

– “42 жашымда генерал болгом” деп жүрөт…

– Мүмкүн эмес, бул да кылмыш. Генерал болуш үчүн алгачкы тепкичтерди басып, акырындап чиндерге жетет. Майор, подполковник, полковник даражаларын эмгеги үчүн алып, анан генерал болот. Бу “чү” дегенде эле 1-класстан 10-класска секиргендей болду да. Мындай кыянаттыкты, кылмышты адамзаты жасабаш керек. Ошондуктан, эгер биз мыйзам, тартип орнотолу (!) десек, Сегизбаевди эң ириде жоопко тартуу зарыл. Эгерде Сегизбаев камакка алынбаса, анда баардык кылмышкерлерди бошотуп жиберүү кажет…

– Алмаке, Садыр Жапаровдун командасына кандайча кошулуп калдың? Себеби болсо керек?

– Садыр Жапаров түрмөдө жатканда эле колдоп жүргөм. Элдин баары билет. “Жапаров бошосун, акталсын, Жапаровго боштондук!” деп митинг уюштуруп жүргөндөрдүн катарында, сап башында элем. “Текебаев менен Жапаров экөө түрмөдөн чыксын, адилетсиз болуп калды” деп какшап келгем. Аныгында, Сегизбаев УКМКда төрага кезинде репрессия болуп көрбөгөндөй күч алган. Аны накта зөөкүр чекисттердин бири катары сыпаттайм. УКМКнын атын булгаган адам. Садыр Жапаров төрт жыл сыртта жүрдү, үч жарым жыл түрмөдө отурду. Баш-аягы сегиз жыл мамлекетти гүлдөтүп ийгенге тоскоолдук жараткан жок. Сегиз жылда биз парламентаризм кура алган жокпуз, коррупцияны да жеңе албадык. Тескерисинче, гүлдөп кетти. Кадр саясатын плинтус деңгээлине түшүрдүк. Мамлекеттеги башаламандык элдин жанын кашайтып бүтүрдү. Бул көрүнүшкө баардык саясый ишмерлер, анын ичинде менин да моралдык күнөөм бар. Жоопкерчиликти эч ким моюнга алгысы келбейт экен. Мындайга чыдап тура албадым. Өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип, Садыр Жапаровду колдоп, командасына кошулдум. Жалпы элдин мүдөөсү жана элдин көпчүлүгү да колдоп атат. Анткени карапайм калк улуттук лидерге суусап калыптыр. “Калгандарына ишенбей калдык” деп айтышууда. Ооба, Жапаровдун мойнуна кандай оор жүктөр жүктөлүп, татаал миссия турганын, катаал шарттар, кыйчалыш тарыхый талап жаралганын, тоскоолдуктар бар экенин жана элдин ишеними жогору болуп атканын бүт билем. Журт мүдөөсү менен эсептеше турган учур келди. Эл талап койгондон кийин Жапаровго жол ачалы. Ошондуктан тарыхка бир кылчайып, келечекке үмүт этип жашайлы.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Рита Карасартова: “Болгон күчүм менен президенттик башкарууга каршы иштейм”

– Парламенттик башкаруунун жактоочусу катары айтсаңыз, бүгүн жалпы коомдун аң-сезими ал система менен жашоого даярбы?

– Биз илгертен парламентаризмдин алкагында жашап келгенбиз. Биздин ата-бабаларыбыз “кеңешип кескен бармак оорубайт” деп келишкен. Парламент – бул чоң жыйын, курултай. Жергиликтүү кеңеш – кичи жыйын, курултай. Тескерисинче, ушул талаштуу ыкманы ишке ашырып, дүйнө жүзүнө эң акыйкат башкарууну сунуштаган кыргыздар болушу абзел.

– Сиздерге “чет өлкөнүн буйругун аткарууда” деген дооматтар көп айтылат. Мындай сөздөр жөн жерден чыга бербесе керек?

– Албетте, жөн жерден чыкпайт. Бул биз бийликке ачуу чындыкты дайым бетине айтып турганыбызга байланыштуу. Кайсы бийлик тактыга келбесин, бизди “башка өлкөдөн каржылоо алып, башка бирөөнүн буйуртмасын аткарат” деп келишет. Мисалы, мен бир жыл мурун мамлекеттик кызматка кеткем. Беш айдан бери ал жерден баса берип, саясатта жүрөм, жумушсузмун. Бирок, дагы деле “НПОщник” аттан кетелекмин. Бийлик өзү түрмөдө отурганда, бизге, ачык ММКларга муктаж. Бийликке келгенде, биз душман, эркин ММК – жалганчы болуп чыга келет.

– Референдумда президенттик башкаруу системасы тандалып алынса, сиздердин кийинки кадамдарыңыздар кандай болот?

– Президенттик башкаруу келет десе, анда ошол жолду дагы басып өтүшүбүз керек болот. Аргасыздык. Бирок, мен болгон күчүмдү андай болбошуна жумшайм.

– Садыр Жапаровдун айткан сөздөрү бири-бирине каршы келип атканын да айтып келесиз. Анын бул кадамдарын эмне менен байланыштырасыз?

– Популизм ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнө жакын. Анткени элибиз өз күчүнө ишенбей, “бир адам келип жашоону оңдоп кетсе” деп күтөт экен. Ошондуктан саясатчылар тоону убадалап, шайлоочуларынын жүрөгүнө жакындаганга аракет кылышат. Бирок, билген кишиге эмне ишке ашат, эмне ашпайт дароо эле белгилүү. Ошондуктан, билим берүү тармагынын сапатын көтөрсөк, алдангандар азаят. Популизмдин аркасы менен алдыга чыккандар дагы суюлмак. Бул Садыр Жапаровдун бийликке келүү эле аракети болууда. Анын 80% демилгелери системдүү оңолууга алып келбейт. Тескеринче, тегерек-четиндегилерге коррупцияга малынганга шарт түзөт…

Мээрим Асанова

Булак: “Азия ньюс”

Азимбек Бекназаров: “Акаев, Бакиевдин кылмыштары менен элдин эмне иши бар?”

– Азимбек агай, президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө болгонун сындагандар “азыркы парламенттин референдум өткөргөнгө укугу жок” дешүүдө. Буга не дейсиз?

– Айрым кыргыз саясатчылары иш кылганды да, иш кылбаганды да көп сындайт, сын жакшы, ашкере болбосо. Алар сындай берсин, шайлоо, референдум экөө тең болгону турат. Болгону туура тандайлы…

– Өмүрбек Текебаевдин “парламенттик системаны сактап калалы” дегенинен майнап чыгабы?

– Бизде парламенттик система болгондо мен дагы айтат элем “сактап калалы” деп. Президенттик мыйзамсыз башкарууга ыңгайлашкан партиялык-мафиялык системадан элибиз 10 жыл тажабадыбы? Партиялык жабык тизмени шайлатуу парламенттик система эмес да. Конституцияны 2012-2015-жылдары бузбаш керек болчу. Ошондо элибиз парламенттик системаны көрүп, билип калат эле!

– Уюштуруучулардын мыктылыгынан Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусуна эл селдей агылып келип жатабы же анын сыры башкадабы?

– Садыр Жапаров азыркы бийликтин талапкери, 2017-жылы Сооронбай Жээнбековго да эл ушундай топтолушкан… Экинчиден, ал эл үчүн күтүлбөгөн жерден талапкер болуп чыга келди. Ошон үчүн да аны менен жолуккан элге кызык болуп жатат.

– Президенттик шайлоодо эл кимди тандаса жаңылбайт деп ойлойсуз?

– Эл тандоону 2020-жылдын 8-13-октябрларында эле жасап койгон. Азыр формалдуу жагы гана калды.

– Неге “Мадумаровду Көлгө киргизбейт экен” деген ушак чыгарып, элди удургутушту?

– Бул дагы шайлоонун шойкомдуу саясатына кирет. Эптеп добуш алуу керек. Бирок элди бөлүп-жаруудан, жиктелүүдөн кимиси болбосун этият бололу.

– Жапаров менен Мадумаров биригиши мүмкүнбү?

– Садыр бирикчүлөр менен «биригип» бүттү окшойт. Жок дегенде Адахан ага оппонент болуп калышы керек. Күчтүү оппонент турбаса, Садыр баягы 2005- жылкы Бакиевдин кейпине келип, тез эле анын жолуна түшүп кетиши мүмкүн.

– Садыр Жапаров талапкерлердин көпчүлүгүн кызматка тартабы?

– Аны бир Кудай же Садыр иним өзү билет. Бирок, кызмат баарына жетпейт, талапкерлигин койбой соодалашып убада алгандар, же талапкерлигин алып коюшкан азаматтар, Садырга чоң кызмат кылып жаткандар о-уу канчоо дейсиң?! Анын баарына кызмат жетеби?..

– Бу сапар “Кытайдын карызынан кутултам” деген талапкерлер элдин колдоосуна ээ болобу же бул ишке ашпаган убадабы?

– Менин жеке пикирим боюнча, Кытайдын карызын ким алса, ким иштетсе ошолор төлөшсүн? “Кутултам” дегендердин акылы менен тажрыйбасы, эрки ошого жетеби? Мен “Кумтөрдү мамлекет үчүн иштетем” деген нечендеген талапкерлерди көргөм. Президент болгондон кийин башкача ырдап калышат.

– “Үч жылда ишимден жыйынтык чыгара албасам камап салгыла” деген талапкерлер чыга баштады. Алардын сөзүнө ишенсек болобу?

– Муну шайлоодогу популисттик сөз деп туралы. Үч жыл эмес, үч айдан кийин президентти камай турган дараметтүүлөр, сын айткандар анын айланасында калабы? Андайлар жок дегенде кызматтарынан «иштей албай койду» деген мотив менен айдалат! Анан аны ким камайт? Ошон үчүн мен көп жылдан бери «жок дегенде элдик курултайда президенттин ар жылдык аткарган иштери боюнча отчётун угуп, баа берип туралычы» деп 2010-жылкы Конституцияга киргизсем да, 10 жыл мыйзамды кабыл албай коюшпадыбы? Элдик курултай институту кирип, ал президенттин же кайсы бир бийликтин куралы болбой, жөн гана президенттин ишине баа бере тургандай ар жыл сайын өзгөчө маанилүү маселелер боюнча өтүүчү коомдук башталгычтагы, бирок чечими милдеттүү каралуучу уюм болсо, анан ишенсе болот?! Жаңы Конституцияны даярдап жаткандардын көбүнүн түшүнүгүндө элдик курултайды кайсы бир бийлиги бар институтка айланткысы келүүдө.

– Баса, Садыр Жапаров эл менен болгон жолугушуусунда “эл кечирсе Акаев менен Бакиевди алып келем” деди. Буга кандай комментарий бересиз?

– Акаев, Бакиевдин кылмыштары менен элдин эмне иши бар?! Салык жана башка төлөбөгөн «коррупционерлерди кустурабыз» дегендер оболу Акаев менен Бакиевди кустурушпайбы? Ошондой эле убагында менин жетекчилигимдеги прокуратура органдары аларды толук кустура албай калган! Ошол иштер аягына чыгарылышы керек. Мисалы, Акаевди Кумтөр, башка кен байлыктарды Бирштейин аркылуу чет элдиктерге «сатканы» үчүн, колхоз-совхоз, завод-фабрикаларды жок кылганы үчүн кустурсун. Бабановдун «Азия моллунун» ордундагы «Инструментальщик» стадионун бекер бердиргени үчүн; 14 тонна Советтик Кыргызстандын алтынын Россиядан алып келбегени жана 2 тоннага жакын алтынды Бирштейндин самолёту менен Цюрихке чыгарып кеткени үчүн; сырткы карыздар үчүн кустурсун. Убагында бул жана башка фактылар боюнча кылмыш иштер козголгон. Бакиев жазасын сырттан болсо да соттолуп алды, бирок аны алып келип, түрмөгө киргизүү керек. Мени кызматтан кетирүү менен улам кийинки президенттер алардын кылмышын жашырып келишет. Садыр алардын жолун жолдобошу шарт, Жапыкеев экөө “кустуртабыз” дегендердин көбү ошолордун куйруктары! Элден мурда аларды Кыргызстанга алып келип, бүт кылмыштарын аягына чыгарып, анан соттотуп туруп, кааласаң кечирим бер. Бирок жазаларын толук ала элек качкын президенттерди дароо “элге салам” деп, өз ишин элибизге шылтаганы туура эмес!

– Азимбек Анаркулович, неге “экс-президент” деген статусту алыш керек деген пикирдесиз?

– Экс-президент институтунун биздикиндей түрү өзүн-өзү урматтап, сыйлаган укуктук өлкөлөрдө жок. «Президент жаман, кетсин» дейбиз да, ал кызматтан кеткенде элдин акчасынан гособеспечениеге алабыз? Алардын кайсы жасаган иштери үчүн мамлекеттин эсебинен багабыз?
Президенти, экси чоң-чоң мамлекеттик иш-чарада бири-бири менен сүйлөшмөк тургай, бирин-бири элдин көзүнчө шылдыңдашат?! Качкындары же түрмөдө жаткандары деле Кыргызстанды, кыргыздарды кээде шылдыңдап, кээде акылдуусунуп, адалсынып, колдоочу-жугундукорлору аркылуу аксынып, саясатка аралашып, уурдап кетишкен акчалары менен кайсы бир партия ээлери же туугандары аркылуу коомдук бөлүнүүнү, чыңалууну жаратып жатышат.

– Айтмакчы, салык жашырып, кийин айыбы ачылып, мамлекетке 200 млн. сом төгүп бергенди ууру дейбизби же патриот дейбизби?

– Азыр Кыргызстанда салык төлөбөгөнү, мыйзамсыз байыганы, башка бир кылмыш иш болсо деле, баарын «коррупционер», «ууру», аларды «кустуруп жатабыз» деген жеңил-желпи пиар кампания күч алды. Коррупция – бул кызматтык кылмыш болуп эсептелет. Ошол кызматтагы адам туруктуу өзү же башка адамдардын тобу менен мамлекетке же коомго атайылап оор зыян келтирсе коррупционер болот. Салыкты жашырса же өз убагында төлөбөсө, штрафы менен кошо төлөйт, ал коррупция же уурулук эмес. Өздөрү өз эрки менен төлөп жатса, “рахмат” дейли да. Мурда жашырып келгени боюнча “административдик чара” деген бар, ошону колдонушсун.

Булак: “Азия ньюс”

Генерал Өмүрбек Суваналиев азыркы Садыр Жапаров менен Бакиевдер тууралу пикирин билдирди

-Өмүрбек Исакович, азыр Садыр Жапаровдун душмандары “Садырдын артында Бакиевдер турат, ошолор каржылап колдоп жатат, алар Садыр бийликке келгенде өлкөгө кайтып келишет, баарынан өч алат” деген сымал маалыматтарды таркатып, калктын караңгы катмары аларга ишенип жатышат, же чын эле ошондойбу, Садыр Жапаровдун артында Бакиевдер турабы?

-Эми ал 10 жылдан бери улам бир окуяга ылайыктап айтылып, кайталанып келе жаткан, Убактылуу өкмөтчүлөр чыгарган бир ушак. Бакиевдер бул өткөн чак, алар эми кыргыз саясатына эч качан кайтып келе алышпайт, алтургай өлкөгө жакынкы жылдарда жөнөкөй жаран катары кайтып келиши да өтө күмөн. Алар Кыргызстандан кеткенине 10 жылдан ашты, эми алардын Кыргызстанга же кыргыз саясатына тийгизген таасири нөлгө барабар. Бизде кызматтан кеттиңби, статусуңду жоготтуңбу, бүттү. Сени эч ким мурункудай укпайт. Алар бөтөн жерлерде бөтөн турмушка, маданиятка, экономикага ылайыкташып алышты. Үйлөрдү салып отурукташышты… Кыргызстандан 10 жыл мурун кеткен Бакиевдер эмес, ушул жерде эле калган Алмаз Атамбаевди эле кызматтан кеткенден 6 айдан кийин эч ким укпай калды. Алтургай өзүнүн СДПК партиясынын мүчөлөрү, өзү тизмесин текшерип, “добро” берип, парламентке алып келген 120 депутат угушпай, ага каршы добуш беришти. Андан экс-президент деген статусту алып салып, милициянын чеңгээлине салып беришти. Ишенген генералдары Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаев  жаңы бийликтен коркуп, Атамбаевдин сотуна аны колдоп бир басып барып коюшкан жок.  Алыстагы Бакиевдер тургай эсепсиз бай Атамбаев ( ал өзү айткан “мен мультимиллионермин!” деп) ошончо акчасы жана башка ресурстары менен өз жеринде душмандашкандан кийин бийликтеги Сооронбай Жээнбековго 3 жыл бою эч нерсе кыла албай койду. Эгер 5-октябрда  Мекенчилдер жана башка саясый күчтөр биригип кетип, Жээнбековду кызматтан кетирбесе, Атамбаевдин колунан эч нерсе келбейт болчу. Экс-президенттер Акаев да, Бакиев да, Атамбаев менен Жээнбеков да мындан кийин да кыргыз саясатына олуттуу таасир бере алышпайт. Эми Садыр Жапаровдун доору башталды, менин оюмча саясаттын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, түрмөгө түшүп чыккан, түрмөдө олтурганда атасы, апасы, уулу каза болуп, үч жакын адамынан айрылып, бийлик 7 тууганын куугунтуктап камап, балдарын сабап, азабын сезген, 10 күндүн ичинде түрмөдөн чыгып, өлкөдөгү эң жогорку даражага жеткен  Садыр өлкөнү адилеттүү жол менен башкарууга аракет кылат. Мен өзүм да эки жолу камалып чыккам, абактан чыккандан кийин адамдын адилеттүүлүккө болгон көз карашы кескин өзгөрүп, “обостренное чувство справедливости” синдрому пайда болот. Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин Бакиевдер тургай жанындагы жакын досторун да укпай, өз алдынча көз карандысыз саясат жүргүзөрүнөн мен шек санабайм. Акыркы 8 жылдан бери ал түрмөдө, чет өлкөлөрдө, кайрадан түрмөдө болуп жүрүп, эч кандай саясый интригаларга, коррупциялык схемаларга,  Матраимовдун тойлоруна катышкан жок, натыйжада эч кимге карыз эмес, арты таза. Аны азыр эл колдоп турат, муну кыргыздар ооматы келди деп коёт, адамдын ооматы келгенде Бакиевдер тургай машаякты да укпайт. Ушул жерде турган Атамбаевди укпаган кыргыздар алыстагы Бакиевди угушмак беле? Мындай учурда адамды, кайдагы бирөөлөр эмес, ооматы колдойт. Мындай “Бакиев келатат!” деген “чача-пача” ушакты Убактылуу өкмөттөгүлөр калктын караңгы катмары үчүн ойлоп таап, 10 жылдан бери таратып келишет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Меню