Menu

ИНТЕРВЬЮ

Тимур Лугма, “Шер” атайын багыттагы бөлүктүн жоокери: "Мекениме болгон сүйүүм кыргыз тилин үйрөнүп, Ички аскерлерде кызмат өтөөгө түрткү берди"

“Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек” дегендей, Мекенин чындап сүйгөн, намыскөй ар бир мырзанын жүрөгүндө жалыны, алдыга койгон ар бир максатына таалыкпай жеткен адаты бар болот эмеспи. Так гана ушул өжөрлүк менен эрктүүлүк бар жигиттер көптөгөн бийиктиктерди багындырып келет.
Анын сыңарындай,        “Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына” дегендей Мекенине кызматын кылып, бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздоону милдет тутуп, колуна курал алып, антына бекем туруп, Мекендин оор түйшүгүн жонуна артынып, татыктуу кызмат өтөп келген патриот аскер кызматчыларыбыз бар. Бүгүн биз Мекенине, элине кызмат кылуу ар бир жигиттин милдети экенин туйуп,  учурда Ички аскерлерде кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысы Тимур  Лугманы кепке тарттык.
-Саламатсызбы,  Тимур мырза, окурмандарга өзүңүз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз.
-Мен Лугма Тимур Сульманеевич, 1996-жылы Чүй облусунда  туулгам. Орто мектепти аяктаган соң,  Кыргыз-орус Славян лицейин аяктагам. 2015 – 2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын “Пантера” атайын багыттагы бригадасында кызмат өтөгөм. Андан соң Казакстан Республикасынын Улуттук Гвардиясынын аскер  институтун аяктагам.
Спорттун Кикбокс жана кармашып урушуу түрү менен алектенем. Кикбокс жана кармаш уруш боюнча спорт чебери деген наамдын ээсимин.
– ИИМдин Ички аскерлеринин  “Шер” атайын багыттагы бөлүгүндө  качантан бери кызмат өтөйсүз?
-2020-жылдан баштап ИИМдин Ички аскерлеринин “Шер” атайын багыттагы бөлүгүндө  кызмат өтөөдөмүн. Азыркы учурда “Шер” атайын багыттагы бөлүгүнүн 3-тобунун командиримин.
-Ички аскерлерде кызмат өтөөдөгү артыкчылыктар жөнүндө айта кетсеңиз?

-ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жүрүп, темирдей тартип бар экенине ынандым. Бизде   Мекенге кызмат кылууга, тартипти катуу сактоого талап жогору. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”- дегендей, элдин коопсуздугу, бейпил жашоосу үчүн күн-түн дебей кызматыбызды өтөп жатабыз. Негизинен эле, аскердик  кесип бардык учурлардагыдай эле суроо-талапка ээ. Бул кесип канчалык деңгээлде тобокелчиликтер менен коштолбосун, бирок ошол эле учурда ардактуу жана сыймыктуу. Биздин өлкөнүн калкы бул кесипке ар дайым урмат-сый менен мамиле кылышкан. Бул кесипти тандап алган соң, акыл-эс жана физикалык жактан алдын ала даярдыктар күчтүү болушу керек. Ошондуктан биздин аскер бөлүктүн аскер кызматчылары күжүрмөн даярдыктан жана спорт боюнча тынымсыз машыгууну улантып турабыз. Биздин аскер бөлүктүн аскер кызматчыларынын жана жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы өтө жогорку деңгээлде экенин баса белгилеп кетем.
-Кыргыз тилин үйрөнүү жеңил болдубу? Качантан бери мамлекеттик тилде эркин сүйлөйсүз?
“Канча тил билсең – ошончо адамсың” дегендей, мен башка тилдерди үйрөнүүгө аракет кылам. Биздин мамлекеттик тилибиз болгон кыргыз тилинде 7 жылдан бери эркин сүйлөйм. Кыргызстанда жашап, Мекениме кызмат өтөп жаткандан  кийин кыргыз тилинде сүйлөп,  жоро-жолдошторум менен алака түзүп, көптөгөн ийгиликтерге да жетип келүүдөмүн. Тил аркылуу биз бир элдин сүйлөгөнүн гана эле эмес, алардын дүйнө таанымын, маданиятын, кылым карыткан тарыхын, өзгөчөлүктөрүн кошо үйрөнөбүз.
– Келечектеги пландарыңыз боюнча айтсаңыз?
-Келечектеги пландарым менен бөлүшө кете турган болсом, бул жашоодо өз ордумду аскер кызматында тапкандыктан, алдыма генерал аскердик нааныма жетүүнү максат койгом.   Бул тармакта кызматымды өтөп, эмгегим бааланып, мамлекетибизге кылган кызматыбыздын арты менен  генерал болууну көздөөдөмүн. Биз аскер кызматчылары Мекен алдындагы антыбызды бекем тутуп,  намысыбызка бек болуп, элибиздин бейпил жашоосун ар дайым камсыздоого даярбыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Сербиянын борбору Белградда грек-рим, эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды

Бүгүн 10-сентябрь күнү  Сербиянын борбору Белград шаарында спорттук күрөш: грек-рим, эркин күрөш жана кыз келиндер арасында эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталып, курч таймашуулар болгону турат. Эр азаматтардан эгемен өлкө болгону бир дагы кыргызстандык балбан дүйнө чемпиону боло элек. Ал эми кыз-келиндердин таймашууларында Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болсо, былтыр Мээрим Жуманазарова дагы алтын мелдаль тагынып, дүйнө чемпиону аталган. Сербияда башталган дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын канча балбан коргоп жатканын, алардын даярдыгын Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов спорттук баяндамачы Кабыл Макешовго айтып берди. 

 – Мелис мырза, Кыргызстандан дүйнөлүк таймашууга канча балбан барды? Кайсы балбандардын даярдыгы жакшы болду? Балбандар кайсы жерде даярдык көрүшкөн эле? 

– Белград шаарында 10-сентябрдан баштап 18-сентябрга чейин спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк биринчилик болуп, курч таймашууларга күбө болгону турабыз. Бул жерге бизден грек-рим, эркин күрөш жана кыз келиндер күрөшү боюнча  тандалган 15 балбаныбыз катышып, өлкө намысын коргоп жатышат.  Алгач грек рим күрөшү боюнча алты спортчубуз мөрөй талашат. Алар: Шаршенбеков Жоламан, Шаршенбеков Тынар, Исмаилов Амантур, Махмудов Акжол, Азисбеков Атабек, Махмудов Бексултан жана аларды улук машыктыруучубуз Карачолоков Улукбек менен башкы машыктыруучубуз Эркинбаев Азат, машыктыруучулардын жардамчысы Махметов Мейрамбек агайыбыз коштоп барышты. Бүгүн, 10-сентябрда килем үстүндөгү таймашууларга Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов менен Токио олимпиадасынын катышуучусу Атабек Азисбеков катышат.

Ал эми эркин күрөштү дагы алты спортчубуз биздин Кыргызстаныбыздын намысын коргойт, алардын атын атай кетсем: Мырзаназар уулу Бекболот, Жолдошбеков Улукбек, Осмонов Алибек, Акматалиев Эрназар, Орозбеков Исламбек, Будажапов Арслан жана улук машыктыруучулар Тазабеков Исламбек менен Таабылды уулу Сүймөнкул жана башкы машыктыруучубуз Мажинов Русланбек агай коштоп барды. Кыз-келиндер арасындагы спортчуларыбыз болсо Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы, аларды улук машыктыруучу Кенжебаев Байгазы жана башкы машыктыруучу Изабеков Нурбек агайыбыз жетектеп барышты. Ушундай эле булардын ден-соолугун карап, ошол жерден калыбына келтирүү процесстерин аткаруу үчүн эки дарыгерибиз жана бир укалоочубуз барды. Атын атай кетсем: дарыгер Алишева Бактыгүл, Бичанов Иса менен Кыдыев Улукбек агайыбыз балбандарга камкордук көрүшмөкчү. 

– Балбандардын даярдыгына, жол киресине жана башкасына жалпы чыгымдары кандай болду?

– Унаа чыгымдары, авиа учактары, тамак-ашы жана жатаканасы төлөнүп бүткөн, алар үчүн баардыгы даяр. Буга дүйнө чемпионатынын алдындагы окуу машыктыруучу толук кандуу өтүлгөн. Грек-рим жана кыз келиндер күрөшү боюнча тандалган балбандарыбыз  Ысык-Көлдө “Орион” пансионатында болуп, бул жерден окуу-машыгуулары жана килем үстундө практикалык машыгууну өтүп бүтүшкөн, эркин күрөштөн спортчуларыбыз Бишкек шаарыбыздагы  “Изабек”  спорт клубунда даярданышкан.  

–  Быйылкы дүйнө чемпионатында байгелүү орунга илинип калышы мүмкүн деген божомолду кайсы спортчуларга айтсаңар болот? Жалпы даярдыктары кандай?

– Биздин балбандарыбыз дайыма керектүү машыктыруудан, бардык нерседен даярдыктан өтүшкөн, менин жеке оюм ар бир спортчунун бул жерде өзүн көрсөтүп, Дүйнө чемпионатында биздин желегибизди желбиретүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бөлүп айта турган болсом мен Шаршенбеков Жоламан, Шаршенбеков Тынар жана Махмудов Акжол үчөө байгелүү орундага жетишип ыктымал. Анткени булардын спорттук чеберчиликтери азыркы убакытта абдан жакшы. Акжол жаш курагынан өтүп, алгачкы жолу чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына катышып жатат.  Бирок буга чейинки чоң ири мелдештерге катышып, такшалып тажрыйбасы толду деп ойлойм, Дүйнө биринчилигинен жеңишке жетип биринчи медаль алууга мүмкүнчүлүгү, өзүнүн деңгээли толук кандуу жетти. Эркин күрөштөн жеңил салмактан Мырзаназар уулу Бекболот менен Акматалиев Эрназардин дүйнө чемпионатына күрөшө турган тажрыйбасы жетиштүү деп ойлойм. Осмонов Алибек дагы бир жолу дүйнө чемпионатында коло медаль алган, анын дагы тажрыйбасы жетиштүү. Улукбек Жолдошбеков  ортодон биртке убакыт кое берип эс алды, азыр спорттук калыбы, даярдыгы жакшы, бул спортчунун дагы тажрыйбасы жетиштүү болуп, чеберчилиги жогорулады деп ойлоймун. Мен бирөөнү бөлүп айтканды каалабайм, бул жерде ар бир тизмени агайларыбыз коюп, мыктыларын тандап берген, өзүңүз байкагандай Олимпиада салмактарына басым жасалып, таразага  аларды койуп коюшкан. Бирөөнү “татыктуу же татыксыз” деп айткым келбейт, ар бирөөндө байгелүү орундарды утканга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кыргызстандык балбандардын 2022-жылдагы дүйнө чемпионатында чыгуу графиги төмөнкүдөй: 

Алдын ала мыктыларды иргеп алуу раунддун беттештери 14:30 башталат.

Жарым финалдык таймашуулар 20:45 болсо, финалдык куч сынашуулар саат 22:00 башталмакчы. 

10-сентябрь – Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков

11-сентябрь – Тынар Шаршенбеков, Аматур Исмаилов, Бексултан Мазмудов

12-сентябрь – Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова

13-сентябрь – Айпери Медет кызы

14-сентябрь – Мээрим Жуманазарова

15-сентябрь – Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов

16-сентябрь – Бекболот Мырзаназар уулу, Исламбек Орозбеков

17-сентябрь – Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов

– Кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки, Мээрим Жуманазарова бир жолку чемпиону болгон, алар бул ирет өздөрүнүн чемпиондугун коргошу керек да. Ал эми Айпер Медет кызынын алтын байге утууга толук мүмкүнчүлүгү барбы?

– Айсулуу менен Мээримге салыштырмалуу Айперинин көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар, үч балбан кызыбыз тең “чемпион” деген наамга татый алышат, ал эми Мээрим менен Айсулууга бул жерден дагы чоң жоопкерчилик турат, өзүнүн наамын эч качан алдырбашы керек, кыздарыбыз “Дүйнө чемпионатын багындыраарына 99 пайыз ишенем. 

Былтыр Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болгон. Айсулуу экинчи ирет дүйнө чемпиону аталган. Айпери Медет кызы коло байге уткан. Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган. Ал эми грек-рим күрөшүндө Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет күмүш байгелүү болгон. 

– Бүткүл Дүйнөлүк  Бириккен Күрөш Уюмунун конгресси болуп,  жыйында кандай маселелер каралды? Кийинки Париж олимпидасына  жолдомо берилүүчү дүйнө чемпионаты кайсы мамлекетке берилди? Бул жөнүндө маалымат барбы?

– 9-сентябрь күнү Бүткүл Дүйнөлүк Бириккен Күрөш Уюмунунда жыйы болуп, бир топ маселелер каралды. Конгресске  Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясынын президенти, генерал Турганбаев Мелис агайыбыз баштаган делегация катышты. Конгресске 106 өлкөнүн делегаттары катышып, жыйынга Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах да күбө болду. Ошондой эле бул уюмдун Бюро мүчөлүгүнө талапкер болгон 16 талапкерден жетөө шайланды. Талапкерлердин катарында Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Динарбек Асылбек уулу да бар эле. Брюо мүчөлөрү болуп, төмөнкүлөр шайланды : Теодорос Хамакос (Греция, 82 добуш), Мартин Диттман (Германия, 81), Рудика Якши (Түркия, 79),  Намик Алиев (Азербайджан, 73), Даниель Игали (Нигерия, 83), Разван Пиркалабу (Румыния, 79) жана Чжан Йе (Кытай, 62).

Париж олимпиадалык оюндарына лицензия ойнотулуучу дүйнөлүк чемпионат эмдиги 2023-жылы Орусиянын Красноярск шаарында болот деп былтыр айтылган. Себеби быйылкы дүйнө чемпионаты Красноярск шаарында өтмөк болчу, кырдаалга байланышуу Белград шаарына жылдырылган эле.  Быйылкы дүйнөлүк саясый окуялардан, Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга чектөөлөр киргизилип жаткандыктан  бул маселе чечилип, так айтыла элек.

-Балбандарыбызды сүрөөнгө алып, жеңиш менен келүүлөрүнө үмүт кылып туралы!

WW 76kg – Aiperi MEDET KYZY (KGZ) df. Tatiana RENTERIA RENTERIA (COL)

Кабыл Макешов,  спорттук баяндамачы

Садыр Жапаров: "Атамбаев да Кудайдын бир макулугу, пендеси. Өзү айткандай, бир жерин кысып тынч олтуруп турсун. Айтып койгула"

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулуктун курч суроолоруна жооп берди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Биздин суроолорго жооп берүүгө макулдугуңузду бергениңиз үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Алгачкы эле суроом коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан казино маселеси боюнча болмокчу.

Казинолорду иштетүүгө уруксат берген мыйзамды депутаттар колдоп беришти. Айрым депутаттар добуш берүү мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып чыгышты. Маселен, депутат Адахан Мадумаров бул мыйзамды күчкө салып өткөрүп жатканын, мыйзам бузууларга жол берилгенин айтты. Соцтармакта деле казинолорду иштетүүгө каршы экенин анча-мынча блогерлер жазып жатышат. Бул мыйзам долбооруна сиздин пикириңиз? Кол коёсузбу, жокпу?

— Саламатсызбы. Ооба, депутаттар колдоп беришти. Колдоп берген депутаттарга алкыш гана айтышыбыз керек. Эми казинонун мамлекетке тийгизген таасири жөнүндө өзүмдүн ой-пикиримди билдирейин.

Биринчиден, 2012-жылы казинолор жабылгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин көмүскө казинолор иштеп келе жатканы баарыбызга маалым. Ошол эле убакта укук коргоо органдарынын чара көргөндүгүнө карабастан, мүлктөрүн конфискациялап, өздөрүн мыйзам чегинде камап жаткандыгына карабастан, дагы деле көмүскө казинолор иштеп жатат. Демек, бул процессти мамлекет өз көзөмөлүнө алып, көмүскө каржы булактарын мамлекеттин казынасына түшө турган кылып, ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандарыбызды ал казинолордон куткарып алуу милдети турат. Эртең мамлекет казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот. Албетте, бүгүн көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандардын барчу жери калбайт. Ал эми бүгүнкү кабыл алынган мыйзамдын негизинде кыргыз жарандары казиного киргенге катуу тыюу салынат. Буга биз мамлекет тараптан толук кепилдик бере алабыз. Биздин бир дагы жаран казиного кире албайт, чет өлкөлүктөр гана киришет. Бул боюнча көзөмөл кылуунун механизмдери толук иштелип чыкты.

Андан сырткары, казино ээси лицензияны мамлекеттен ири суммадагы акчага сатып алат. Эгер кыргыз жаранын казиносуна киргизген болсо, анда ал казино ээси лицензиясынан ажырайт. Ошондуктан казино ээси кыргыздын 5-10 миң доллар акчасына кызыгып, өзүнүн миллиондогон долларга сатып алган лицензиясынан ажырап калгысы келбейт. Анан дагы казиного карапайым адамдар кирбейт. Аларга кызыгы да жок. Акчасы бар, акчасы асмандан түшкөндөр кирет. Ошого карабастан укук коргоо органдары казиного кирген биздин жарандарыбыз болсо, мейли ким болбосун, мыйзам бузганы үчүн камап коюшат. Айрым каршы чыккандар “биздин жарандар банкрот болушат, үй-бүлөсү менен ажырашат” деп, элдин аң-сезимине ойноп жатышат. Эч качан андай болбойт. Көзөмөл катуу болот. Биздин жарандардын киришине жол бербейбиз. Ага толук күчүбүз жетет.

Экинчиден, казиного чет өлкөдөн келген миллионерлер менен миллиардерлер киришет. Казынага миллиарддаган салык түшөт. “Байдыкын байкуш аяйт” болбогула. Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Элибиздин жашоо-шартын оңдоп алалы. Мына, мисалы, мурдагыдай салык менен бажыдан түшкөн каражаттын эле көзүн карап олтурбастан, “Кумтөрдү” алып, кошумча киреше булагыбыз пайда болуп, социалдык тармактагы кызматкерлерибиздин айлык акыларын үч эсеге чейин көтөрүп бердик. Эми казинодон түшкөн акча каражаттары менен калган баардык министрликтердин эмгек акыларын дагы жогорку деңгээлге көтөрөбүз. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөлөрүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт. Ошондо гана мамлекеттик кызматтарга жогорку деңгээлдеги адистер келет, ошондо гана элибизди бийик деңгээлде тейлей башташат, сапаттуу кызмат көрсөтүшөт. Дасыккан адистер бүгүнкү 5-10 миң сомдук айлыкка келбей жатышат.

Үчүнчүдөн, мен көп жагынан таланып-тонолгон, сазга баткан Кыргызстанды колго алдым. Өзгөчө сырткы карызды төлөө убактысы менин учурума туш келди. Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сом карыз жабабыз. Ушинтип алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарыбызды төлөйбүз. Төлөй албасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз. Тилекке каршы, карыздарды жабуу менин маңдайыма туш келиптир. Ушул карыздардын баары 30 жылда алынып, толугу менен экономикабызга колдонбостон, жарымы уурдалып кеткен. Анысы аз келгенсип, үстөк пайызы жогору.

2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жолдорду жасаганды, ири долбоорлорду ишке ашырганды бул жакка коелу, “сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабызбы эми?” деп сарсанаа болуп олтурбадык беле. Тез эле унутуп калдыңарбы?

Алакан жайып коркуп олтурбастан, бир нече ири долбоорлордун бири “Камбар-Ата-1” ГЭСин кура баштадык. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Кудай буюрса, эмдиги жылы баштайбыз. Мунун баары өзүнөн-өзү ишке ашпайт, көп каражатты талап кылат. Бирок бул ири долбоорлор бүтүп кетсе, “Кумтөр” менен казино сыяктуу эле мамлекетибиздин ири киреше булактары болот. Мында айылдардын жыртык жолдоруна чейин оңдоп, айлыктарды, пенсияны, жөлөк пулду көбөйтүп, энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, кубаттуу экономиканы түптөп, армиябызды күчтөндүрүү милдети менин мойнумда турат. Мени беш жылга шайлап, өзүңөрдүн жана мамлекеттин тагдырын ишенип бердиңерби? Эми ошол ишенимиңерди актаганга мага мүмкүнчүлүк бергиле да. Казино менин жеке кызыкчылыгым эмес, бүткүл мамлекеттин кызыкчылыгы. Каршы чыккандардын арасында кээ бирөөлөрдүн жеке акчалай кызыкчылыктары бар. Кээ бирөөлөрү динге таянып каршы чыгышууда. Мен аларды туура түшүнөм. Бирок мамлекет динден тышкары. Дин менен мамлекеттин ишин аралаштырбагыла. Каршы чыккандар менин ордумда болуп, мамлекеттин бүгүнкү экономикалык акыбалын ичинен көрүп турган болсо, эч качан каршы чыгышмак эмес. Тескерисинче, колдоп турушмак. Бүгүн дүйнөдө кайсы гана мамлекет болбосун, арам менен адалды ылгабайт. Эртең менин ордума президент болуп молдо келип калса дагы, элин багышты, мамлекетин кризистен чыгарып, жаштардын жаркын келечегин куруп кетишти ойлонот. Бүгүн бир нече мусулман мамлекеттеринде дагы казинолор иштеп жатат. Ортобузда экономика үчүн күрөш жүрүп жатат. Бул күрөштө каршы чыккандын ордуна ар бир кыргызстандык бийликке жардам бериши керек. Арканды алыс таштап, ар бир маселеде терең ой жүгүртө билиш керек.

2012-жылы мен “Кумтөрдү” алып, мамлекетибиздин кызыкчылыгына иштетели” деп чыкканымда, мени эл душманы кылышкан. Мына он жылдан кийин алкыш айтып олтурасыңар. Казинодон түшкөн киреше дагы көп күттүрбөйт. Бир-эки жылдан кийин ыракмат айтасыңар. Чыдап тургула. Ар бир ишке өзүнүн баасын берчү убакыт келет. Биздин саясатты колдогондор дагы ар кимди ээрчип, жөн эле дүрбөлөңгө түшө бербегиле.

Ушул мыйзам долбоорунан саясий упай топтоп, жарандарыбыздын диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөргө кайрылат элем, силерге саясий упай маанилүү болсо, мага азыр элдин бакубат турмушу маанилүү. Силерге саясий рейтинг зарыл болсо, мага кубаттуу экономика зарыл. Жогорку Кеңеш ишке кирген жети айда эл турмушун оңдой турган бир да мыйзам же сунуш айтпай, саясий шоу менен гана алек болгон айрым популист депутаттарды элибиз өзү талдап, өз баасын берет. Ага убакыт келет.

Биздин ар бир аракетибиз – эл турмушун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү.

Мыйзамды колдоп берген, мамлекеттин кызыкчылыгын саясий популизмден жогору койгон эл өкүлдөрүнө дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Мен “суф” деп эле экономиканы көтөрүп койчу сыйкырчы эмесмин. Экономиканы көтөрүүгө тиешелүү ар кандай мыйзамдарды колдоп берип тургула. Элдин жашоосун тездик менен оңдоп алалы. Анча-мынча популисттерди ээрчип кетпегиле.

Кедей жашаган элдерибизди кедейликтен чыгарып алалы. Чет өлкөгө тентип кеткен кыздар-балдарыбызды бир аз да болсо кайтарып алалы. Жогорку эмгек акы менен 15 миңден ашык жумушчу орундары пайда болот.

Эми Мадумаров жөнүндө жооп берсем. Анын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койсоңуздар болот. Ал жарыктык киши 30 жылдан бери саясатта жүрөт. Эл үчүн көзгө көрүнөрлүк бир дагы алгылыктуу иши жок. Кудай тилди бериптир, көрөгөчтүктү, даанышмандыкты, уюштуруучулук касиетти бербей коюптур.

Чындыгын айтсам, өзү 2005-жылдан кийин биринчи вице-премьер болду, спикер болду, андан кийин өлкөнүн эң негизги идеологу болгон мамлекеттик катчы болду. Дал ошол мезгилде казинолор жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып берип, казинолор иштей баштаган. Дал ошол мезгилде ажырашуулар, банкрот болгон жарандарыбыз көп болгон. Биз азыр андайга жол бербейбиз. Баарын ойлонуштуруп койдук. Ошон үчүн биздин жарандарга мыйзам чегинде кирүүгө тыюу салдык. Күчүбүз жетет. Анан эле ошол мезгилде өзү өткөрүп берген казиного ошол кезде каршы болбостон, бүгүн эле ыймандуу, өтө ынсаптуу “таза” адам болуп, акыл үйрөтүп чыга келгени таң калтырат. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албагандар мага акыл үйрөтпөй эле койсун.

Мадумаровго мамлекеттин экономикасы кыйрап калса дагы баары бир. Ал киши бүгүнкү каршы чыгып жаткан электоратты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыктарына тартуу максатында иштеп жатат. Мен анын мындай кылыктарына көңүл бурбай калгам.

Сөзүм куру болбос үчүн бир-эки мисал келтире кетейин. Адахан Кимсанбаевич мындан бир нече жылдар мурда “Өлкөгө президенттик башкаруу керек. Какканда кийиз казык жерге кириш керек” деп келген. Кайсы бир журналисттин “Садыр Жапаров бийлик башына татыктуубу?” деген суроосуна “азыркы белгилүү саясатчылардын бешөөнү бириктирсең, Садыр Жапаровго тең келе алышпайт. “Татыктуу” деп жооп берген учурлары болгон. Ал учурда мен камакта жаткам. Бул баары бир чыкпайт, электоратын өзүмө бура берейин деп ойлосо керек?

Кудайдын буйругу менен чыгып келип, кийин президенттик башкаруу орнотсок, “президенттик башкаруу мамлекетти талкалайт, болбойт” деп кокуйлап чыкты. Мен бийлик башына келсем, “сабатсыз, жарабайт” деп чыкты. Кыскасы, өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт. Сакайып кетсе жакшы болмок. Өзүнө да, элге да пайдасы тиймек.

Ал мурда бийлик бутактарында турганда кетирген каталарын азыр биз оңдоп келе жатабыз. Бул жөнүндө кийинчерээк айтам.

 Жер казынасын иштетүүгө байланышкан мыйзамга кол койдуңуз. Ага ылайык, өндүрүлгөн продукциянын отуз пайыз үлүшү мамлекеттики болот. Бул баардык кен жайларга тиешелүү болобу же жаңы ачылгандарга тиешелүүбү?

— Кен казынасы деген түшүнүккө баардык кен байлыктардын түрлөрү кирип кетет. Бул мыйзам алтын менен күмүшкө гана тиешелүү. Алтын менен күмүш казып жаткандарга гана тиешелүү. Мындан ары алтын казгандар таза кирешенин 30 пайызын мамлекетке ташташы керек. Алтын – биздин элдин Кудай берген байлыгы, энчиси. Ошол үчүн ушундай мыйзам кабыл алдык. Ал эми башка кен байлыктардын түрлөрү дагы – биздин байлык, бирок алардын баасы арзан. Эгер башка кендердин түрлөрүн дагы алтындай кыла турган болсок, анда көмүр, темир казганга инвесторлор келбей коёт.

— Жакында коомчулукта кызуу талкуу жараткан кийинки тема – УКМК имаратынан эки сөөктүн чыгышы. Буга байланыштуу коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев иштен четтетилиши керектигин айткандар болду. Сиз атайын комиссия түздүңүз. Анын объективдүүлүгүнөн күмөн санабай эле койсо болобу?

— Эч күмөн санабай эле койсоңуздар болот. Биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Ошон үчүн комиссияга маркум болуп кеткендердин жакын туугандарын, акыйкатчыны, бейөкмөт уюмдарын киргиздик. Иликтеп чыгып, элге ачык жарыялашсын. Бул – кырсык. Албетте, менин жеке баамымда СИЗОнун жетекчисин “Эмне үчүн узарткыч колдонгонго уруксат бердиң?” деп күнөөлөсөк болот. Шнуру узун узарткыч, жип, бычак, устара сыяктуу буюмдарды камерада колдонууга мыйзам тыюу салат. Бирок мен УКМКнын СИЗОсун эки жолу, Бишкектин СИЗОсун бир жолу көргөн адам катары айта алам. Узарткычсыз жашоо өтө кыйын. Тефаль, тамак жасаган плитка, телевизор, радио, муздаткыч жана башка буюмдарды бир точка менен колдонуш мүмкүн эмес. Камакта олтурган адамдар өздөрү эле кыйналышат. Өздөрү эле киргизип бергиле деп суранышат. Киргизип бербей койсо, ар кандай жолдор менен өздөрү киргизип алышат. Мисалы, телефон колдонгонго дагы болбойт. Бирок телефонду дагы нандын ортосуна, тамак-аштын арасына катып кире беришет. Тинтүү иштери жүрүп, алар алынып турат. Кайра эле киргизе беришет. Жашоо ошентип айланып турат. Ал эми “УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. “УКМК өлтүрүп койду” дегидей, булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен. Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо, “Айыл банктан” берилген 3,5 миллион доллар кредит кайра кайтпай жаткандыгы боюнча камалган экен. 3,5 миллион доллар оюнчук акча эмес да, бул – элдин акчасы.

— Саламаттыкты сактоо министри үй камагына чыкты, ошол эле учурда башкы прокурор кызматын кайра уланта баштады. Коомчулук болсо бул жерде “соодалашуу жүргөн окшойт” деген күмөн ойлорду билдирүүдө. Анткени алгач бул иште комиссия түзүп, башкы прокурор Курманкул Зулушевди Алымкадыр Бейшеналиев экөөнүн жеке мамилеси бар деген мааниде кызматтан убактылуу четтеттиңиз эле. Иш болсо тергелип бүтө элек да?

— Соодалашуу жүргүдөй мен кимиси менен соодалашам? Эмне деп соодалашам жана эмне үчүн соодалашам? Бир гана максат менен экөөнү тең кызматтан четтеттим. Өзүм үчүн так билип алайын деп, адилеттүүлүк үчүн комиссия түзүп, иликтөө иштерин жүргүздүрдүм. Илгери бала кезибизде бир туугандар бири-бирибиз менен уруша кетсек, атабыз экөөбүздү тең сабап, тынчытып коёр эле. Энем байкуш мага болушуп, “ай Садырда күнөө жок болчу, күнөө тигиде, биринчи ошол баштады” десе атам: “Керкисинде да бар, кемтигинде да бар” деп коёр эле. Анын сыңарындай экөөндө тең күнөө бар. Өтө эле жогорку деңгээлде күнөөгө тартып жиберчү кылмыш эмес болуп чыкты. Бирок экөө тең – эл үчүн, мамлекет үчүн деп күйгөн саясатчылар. Ошон үчүн баш прокурор кайра кызматына кайтты. Ал эми саламаттыкты сактоо министринин иши тергөө иштеринин жыйынтыгына жараша болот.

 “Көчмөндөр мурасы” холдингинин жаңы кеңсеге көчүшү дагы коомчулуктун нааразылыгын туудурду. Кийин басма сөз катчыңыз Эрбол Султанбаев Теңгиз Бөлтүрүк бул чечимин макулдашпаганын билдирди. Негизи эле “Кумтөрдүн” айланасындагы акыркы маалыматтар менен бөлүшө аласызбы?

— Ооба, чындыгында, башка кеңсеге көчүп жаткандыгын биз менен макулдашкан эмес. Кийин териштире келгенде “Көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлүп, 70тен ашык кызматкерлер жумушка алынгандыгына байланыштуу эски кеңсеге батпай калгандары менен түшүндүрүштү. Бирок биз дароо жер тилкесин бөлүп берип, жаңы кеңсе салып алгыла дедик. Кудай буюрса, эмдиги жылдары жаңы, өздөрүнө караштуу кеңсеге көчүшөт. Мурда гаражын дагы ижарага колдонуп келишкен экен. Биз Жогорку Кеңештин мурдагы гаражын берип, ижара акысы жеке чөнтөккө эмес, мамлекетке түшсүн дедик.

 Жакында эле мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге түрмөдөн маек берди. Айтымында, анын жаткан жеринде бардык шарттар түзүлгөн экен: жакындары, тарапташтары ээн-эркин кирип-чыга алышат экен, жаткан жеринде ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Ушуга карата сиздин оюңуз кандай? Мыйзамга туура келеби? Негизи сиз жаткан убакта сизге ушундай шарттар түзүлдү беле?

— Туура. Мен бийликке келерим менен Алмазбек Шаршеновичке бардык шарттарды түздүрүп бергем. Мага чейин УКМКнын кичинекей ар камерасында жаткан. Мен 47-колонияга котортуп, ээн-эркин басып турсун дегем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт. Муну менен мен “таш менен урганды аш менен ур” деген бабалардын насаатын аткардым. Мен камакта жатканда мунун бири жок болчу. Колониянын башчылары “сиз катуу көзөмөлдө турасыз” деп так секирип качышар эле.

Жакындарым менен бир айда эки жолу гана жолукчумун. Мыйзам чегинде. Жаткан жеримди күн сайын тинтүү жүргүздүрүп турчу. Телефонумду күндүз катып, түнкүсүн колдончумун.

Менин табиятымда өч алуу же кек сактоо деген сапатым жок. Кудайга койдум деп ичимден эле айтып коюп, баарын ошол замат унутуп коём. Болбосо өч алып, ата-энем менен баламдын кунун куусам болот эле. Менин жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм. Бирок себепчи болгон ушул киши да. 13 бир тууганды небере-чөбөрөлөрү менен бирдей камап, карыган атамдын өзүн таштап коюшуна себепчи болду. Атам өлгөндө топурак салып келүүгө жибербей койду. Кийин энем кетти. Дагы жакшы ал убакта Сооронбай Жээнбеков топурак салып, акыркы сапарга узатып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан кийин балам кетти. Албетте, мунун баары Кудайдан. Биз пенделер мындай болсо, андай болбой калат эле же тигиндей болсо, мындай болбой калат эле деп кейий беребиз. Баары Кудайдын буйругу менен болорун сезбейбиз. Себепчилерди күнөөлөй беребиз. Мен чындыгында себепчини дагы күнөөлөбөйм. Баары Кудайдан болорун билем. Бир мисал айтайын. Кудай таалам эмне үчүн тубаса мунжу же сокур-дүлөйлөрдү жаратат? Баарын эле бирдей жаратса эмне болмок деп ойлойсуң. Хадистерде айтып атат: “дени сак адамдарга үлгү болсун деп жараттым” дейт. Буларды көрүп, “Оо Кудай, менин алты санымды аман кылып жаратканыңа шүгүр” десин деп. Пенделер көпчүлүк учурда аны сезбейбиз. Тубаса майыптарды экинчи сорттогу адам сыяктуу карайбыз. Андай кылбашыбыз керек. Ошондуктан мен бийликке келгенде биринчи эле жетимдерге, майыптарга көңүл буруп, тамагын жакшыртып, жөлөк пулдарын көбөйттүм. Дагы да көбөйтөм.

Ошондуктан Атамбаев тобоо деш керек. Баардык сот процесстери бүтсүн, анан чечим кабыл алабыз. Ал да Кудайдын бир макулугу, пендеси. Жаманбы-жакшыбы алты жыл эл башкарды. Өзү айткандай, бир жерин кысып тынч олтуруп турсун. Айтып койгула. Дагы адашып кетип үстөккө-босток кылмыш иштерин башына үйүп албасын.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, бизге убакыт бөлүп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Булак: Кабар

«The Independent» британ басылмасында Президент Садыр Жапаровдун эксклюзивдүү интервьюсу жарыяланды

«The Independent» британ басылмасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун климаттын өзгөрүүсүнүн тоолуу өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга таасири жөнүндө, экология маселелери, климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирлеринин кесепеттери менен күрөшүүдө комплекстүү чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгү жөнүндө эксклюзивдүү интервьюсу жарыяланды.

https://www.independent.co.uk/voices/campaigns/giantsclub/mountainous-countries-climate-change-b2105698.html  

Интервьюнун тексти (эркин котормо):

“Оливер Пул. Бишкек.

Борбор Азиядагы тоолуу мамлекеттердин биринин башчысы дүйнө жүзүн глобалдык жылуулануунун кесепетинен жапа чеккен жана миң жылдык мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн натыйжасында айлана-чөйрөсү жана жашоо-тиричилиги зыян тарткан мамлекеттерди көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

Борбор Азия өлкөсү болуп саналган Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров “The Independent” гезитине берген эксклюзивдүү маегинде өткөн жылдын январь айында өлкө башчылыгына шайлангандан тарта климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердин элдерине тийгизген катуу таасири көп учурларда көз жаздымда калып жатканын айтты.

“Дүйнө жүзү кесепеттери тийип калышы мүмкүн болгон климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө дуушар болууда,- дейт ал. Бул өзгөчө тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени бул көйгөйлөр тоолуу аймактар үчүн кыйла динамикалуу жана спецификалык мүнөзгө ээ: мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн.

Мына ошондуктан эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнөн улам катуу жапа чеккен өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл жана климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүдө «климаттык адилеттүүлүк» концепциясынын маанилүүлүгүн эске алуусу кажет.

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы жыйырма жылдын ичинде биз суу ресурстарынын акырындык менен азайышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз”.

Жапаров Глазгодогу COP-26 иш-чарасында ынанымдуу баяндама жасагандан бери глобалдык жылуулануу боюнча талкуунун алдыңкы фигурасына айланды. Ал өз сөзүндө дүйнө жүзүн климаттын өзгөрүүсүнөн улам эң чоң коркунучка, жайыктагы өлкөлөр эле эмес, Кыргызстан өңдүү бийик тоолуу бир топ мамлекеттер да дуушар болуп жатканын моюнга алууга үндөдү.

Ошондон бери ал жакында эле (өткөн айда) Бириккен Улуттар Уюмуна тоолуу өлкөлөрдүн уникалдуу экосистемаларын коргоо аракетинде биргелешип иштөө боюнча беш жылдык планын сунуштоо менен көмүртектин калдыктарын кыскартууну талап кылган мамлекеттер үчүн негизги маанилүү фигура болуп калды.

Өлкөнүн борбор калаасы Бишкек шаарындагы президенттик иш бөлмөсүндө болгон баарлашууда Жапаров мырза тоолуу аймакта чоңоюп, ал жактагы айлана-чөйрөнүн кандай өзгөрүп жатканын өз көзү менен көргөндүктөн, бул көйгөйдү коомчулукка жеткирүүгө анын чечкиндүүлүгү өзгөчө актуалдуу болгонун түшүндүрүп берди.

«Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып турам, – дейт ал, – көз ачып-жумганча мөңгүлөр четинен жоголуп баратканын байкайм. Тоолорубуздагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине күбө болгондуктан, мындай маанилүү маселени Глазгодо көтөрүүгө туура келди.

Адамдар бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт, анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана ал жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер бул Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болгондо жана бул өлкөлөрдө ушундай көйгөйлөр болсо, анда баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабай калууда, бирок байкашы керек эле».

Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон Кыргызстан Кытай менен чектешет. 1991-жылы СССР кулагандан кийин эгемендүүлүккө ээ болгон. Чыңгызханга чейин жана анын доорунда Сибирь менен Алтайдан келген кыргыз уруулары жашаган аймак Россия, андан кийин Советтер Союзуна өткөнгө чейин ар кандай аймактык державалардын карамагында болгон. Бул жерде 158 тоо кыркасы бар. Кыргызстандын алты миллион калкынын көбү – түрк тилдүү мусулмандар.

Жапаров мырза 2021-жылдагы президенттик шайлоодо ишенимдүү түрдө жеңишке жеткен. Референдум аркылуу Конституцияга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин кеңири, жаңы ыйгарым укуктарга ээ болгон. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун тушунда жети жыл бозгунда жүргөн. Президенттик кызматын аткарууда коррупцияга каршы күрөштү башкы приоритет кылууга убада берген.

Бириккен Улуттар Уюму тоо экосистемасы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине өзгөчө сезгич келерин, мындай кесепеттерден башка жайык жерлердеги жашоо чөйрөсүнө караганда тезирээк жапа чегерин эскерткен. Жер шарынын калкынын 40 пайызы тоо ресурстарынан: ичүүчү суудан, айыл чарбасынан, биологиялык ар түрдүүлүктөн жана гидроэлектроэнергиядан кыйыр түрдө көз каранды. Алар глобалдык жылып кетүүдөн улам жоголуп кетиши мүмкүн.

Ошондой эле климаттын өзгөрүшү табигый кырсыктардын ыктымалдыгын жогорулатат, мындан улам кар көчкү, жер көчкү сыяктуу экстремалдык көрүнүштөр байма-бай кайталанып калышы мүмкүн. Тоолор – көптөгөн эндемикалык түрлөрдү камтыган бай биологиялык ар түрдүүлүктүн мекени. Кыргызстандын ландшафты сейрек кездешүүчү ак илбирстин жашоо чөйрөсү катары да өзгөчө мааниге ээ.

Жапаров мырзанын айтымында, өлкө көмүртектин калдыктарына каршы күрөшүүдө өз алдынча кадамдарды жасап жатат. Ал шайлангандан бери «Жашыл Мурас» аттуу жаңы демилге жыл сайын өлкөдө алты миллион жаңы бак-дарак отургузууну көздөөдө. Ошентип, Кыргызстан акырындап көмүртек чыгарган энергиядан кайра жаралуучу энергия булактарына, атап айтканда, гидроэнергетикага өтүп жатат.

“Биз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы туруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз, көзөмөлүбүздө”,- деди ал. – Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдүн эрип, дарыялардын кургап кетүүсүнөн сактап калуу максатында 2022-жылды “Тоо экосистемасын коргоо жана климаттын туруктуулугун камсыздоо жылы» деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койдум.

Суу ресурстарынын таңкыстыгын эске алуу менен айыл чарбасына жана эл чарбасынын башка тармактарына сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле калктын ичүүчү таза сууга жетимдүүлүгүн арттырып, каржылык стимул көрсөтүү жана эл арасына маалыматты көбүрөөк жеткирүү аркылуу сууну күнүмдүк турмушта сарамжалдуу пайдалануу аракеттерин көбөйтүп жатабыз».

Бирок Жапаров мырза эгер эл аралык коомчулук Кыргыз Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө глобалдык жылып кетүүнүн айынан келип чыккан конкреттүү көйгөйлөрдү тааныбаса жана колдобосо, жогорудагы иш-аракеттер жетишсиз болорун эскертти.

«Кыргызстан эл аралык коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан кесепеттерди жумшартуу жана аларга ыңгайлашуу боюнча биздин күч-аракетибизге тирек боло турган бардык шартсыз жардамдарын кубаттайт», – дейт ал.

«Бала кезимде атам менен тоого көп барчумун. Ал токойчу болчу, анын иши – чөп чабуу эле. Эсимде, атамды ээрчип жүргөн ошондой балалык күндөрдүн биринде ал капысынан: “Балам, токточу, карачы”,- деп калды. Анын дүрбүсү боло турган. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу ак илбирсти көргөм.

Биз Кыргызстанда ошол мен көргөндөгүдөй илбирстерди коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз, бирок эл аралык коомчулук чара көрбөсө, менин неберелерим бала кезимде атам менен көргөндү эч качан көрбөй калабы деп корком”.

Соңу.

Садыр Жапаров: "Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын"

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу президент!

— Саламатчылык!

— Соӊку учурдагы коомчулук кызуу талкуулап жаткан, анын ичинде эӊ эле маанилүү делген суроолорго жооп алалы деп иш бөлмөӊүзгө келдик. Уруксат берсеӊиз анда маегибизди баштай берсек. Алексей Ширшовго байланышкан талкуулардын аягы азыркыга чейин токтобой келет. “Ширшовдун схемасы” деген сөздөр парламенттин жогорку трибунасынан тартып, социалдык тармактарда да айтылууда. Бул боюнча сиздин комментарийиңизди уксак.

— Биринчиден, парламенттин табияты ушундай болот. Бир нерсени тактап, чын-бышыгына жетпей туруп эле сөздөр айтыла берет. Ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар да, тазасы бар, таза эмеси бар дегендей. Бир чети парламент – сүйлөй турган институт. Сүйлөп тургандары жакшы.

Экинчиден, Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп, аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың. Кечээ жакында эле миң доллар пара ала койгон бажычы камалып, жүз миң доллар төгүп кутулуп чыкты. Жыйырма миң сом пара алып кармалган жол кайгуул кызматкери эки миллион сом төлөп үй камагына чыкты. Мунун баарын УКМК, ИИМ, Баш прокуратура көзөмөлдөп турат. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт.

Ал эми соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем.

Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту.

— Ушул теманы улай эле талкууну, анын ичинде кайсыл бир деңгээлде кооптонууларды жараткан дагы бир тема – Санариптик өнүгүү министрлигине бир катар мекемелерди өткөрүп берүү демилгеси. Кеп “Мегаком”, “Кыргызтелеком”, “Дастан”, Евразиялык банк тууралуу. Ал дагы айрым депутаттардын, активисттердин кооптонууларын пайда кылды. Кайра эле “Ширшовдун схемасы ишке ашуудабы” деген күмөн ойлор айтылып жатат?

— Одоно айтсам кечирип коюңуздар. Улуу сөздө уят жок, “Аягы суюк кайнене келининен шек санайт” болуп атат.

Мен жогоруда 2010-жылга чейин “Дастан” заводунан уурдап жүргөндөр бар деп айтпадымбы. Ошолор баягы өздөрүнүн жасап жүргөн схемасын жасаганы жатышат деп шек санап жатышса керек.

Анда эмесе толук түшүндүрүп берейин.

Мен кызматка киришкенден баштап, Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою “цифровизация, цифровизация” деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип “цифровизация” иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан “жемдеринен” кур жалак калышат экен. Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет. Ушул эле мекемелердин айрым өкүлдөрү кабыл алуума келип, баарын бир министрликке топтобош керек деп шылтоолорун айтып ыйлашса, жанына киши тура албайт. Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук. Ошолор эле депутаттарга барып, баштарын айлантып жатышы мүмкүн. Депутаттар ишенип алышып, трибунадан кыйкырып кое беришет. Айрым учурларда өз кишисин министр кылам же ошол “Дастанга” жетекчи кылып алып барам деген ойлору да болушу мүмкүн. Парламенттин табияты ошондой.

Эки ай мурда адистерди топтоп, кандай кылганыбызда бир жылдын ичинде “цифровизацияны” киргизебиз деген теманы талкууладык.

Акыр аягында ушундай жыйынтыкка келдик.

“Дастан”, “Кыргызтелеком”, “Альфателеком”, “Евразия сактык банкы” баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан.

Эң негизги себеби Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максаты менен байланышкан.

Бул чечимди ишке ашыруу менен мамлекет төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:

1) “Дастан” ачык акционердик коомунун милдети:

– маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча 2 мамлекеттик борбордун (МИЧ) ишин камсыздайт;

– менин көрсөтмөм боюнча түзүлгөн маалыматтык системаларды жана жаңы санариптик платформаларды үзгүлтүксүз интеграциялоону камсыздайт;

– мамлекеттик ишканалардын ортосунда учурдагы жүктөмдү эске алуу менен колдонуудагы эсептөө инфраструктурасын жана маалыматтарды сактоо системаларын бөлүштүрүүнү камсыздайт;

– өлкөнүн маалымат борборлорунун сапаттуу курулушун камсыз кылат;

⎯ өлкөдөгү юридикалык жана жеке жактар үчүн санариптик кызматтарды түзөт;

⎯ байланыш жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдигине бааларды оптималдаштырат жана өлкөнүн санариптештирүүгө корогон чыгымдарын азайтат, консолидациялайт;

– Дата-борбор бардык маалыматтык системаларды консолидациялоого, алардын коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн маалыматтык коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

2) “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун жана “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун милдеттери:

⎯ Бул акционердик коомдордун алкагында Кыргыз Республикасында санариптештирүү процесстеринин бирдиктүү башкаруу борбору түзүлөт;

⎯ Ал өз карамагына бирдиктүү платформа жана санариптик чечимдердин архитектурасын камтыйт;

– санариптик системаларды өнүктүрүүгө багытталган тендердик документтерди даярдоо боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт;

⎯ санариптик платформалардын бардык элементтерине маалыматтардын жүктөлүүсүн өлчөйт;

⎯ маалымат агымдарын жана байланыш каналдарын башкаруунун бирдиктүү борбору катары кызмат өтөйт;

⎯ мамлекеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтик саясатты оптималдаштырат;

⎯ Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана ведомстволорун жабдуунун консолидацияланган муктаждыгын калыптандырат;

⎯ байланыш каналдарын оптималдаштырат;

⎯ кызматкерлердин санын азайтып, компаниялардын мүмкүнчүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырат;

3) “Евразиялык сактык банкы” ачык акционердик коомунун милдети:

– Республикада толук кандуу санариптик банкты куруу учурдун талабы.

Аны ишке киргизүү менен биз төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болобуз:

А) Банктын санариптештирилген бизнес-процесстерин маалымат тутумуна киргизет. Бул бизнес-процесстин айкын аткарылышы менен тыгыз интеграциясын (шайкеш келишин) камсыздап, бизнес-процесстин графикалык моделдеринин болушуна өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, бизнес-процесстин графикалык моделдериндеги жана ишиндеги өзгөрүүлөрү тоскоолдуктарды жоюуда убакытты аз сарптоого көмөктөшөт.

– Маалыматтын бизнес-процесстеги өлчөө саны көп жана ал каттоодон өтөт: Биз KPI аркылуу көрсөткүчтөрдү, убакытты, сапатты, жыйынтык берүүнү, натыйжалуулуку, наркты жакшыртып, операциялык тобокелдиктер, кызматкерлердин жана кардарлардын иш-аракеттеринин бизнес-процессти аткарууда, катышууда таржымалын ачык көрө алабыз.

Б) Бизнес процессинде толук электрондук документ жүгүртүү;

– Азык-түлүк, кызмат көрсөтүүлөр баштаган жалпы алып-сатуу аракеттери электрондук түрдө ишке киргизилет жана бул кардарлардын өзүн-өзү түз тейлөөсүнө чоң көмөк көрсөтөт. Муну жарандар интернет-банкинг жана бул жааттагы башка кызматтар аркылуу колдонууга болот;

⎯ донорлор жана өнүктүрүү институттары менен иштөөдө ишканалардын инвестициялык артыкчылыгын жогорулатат.

Бул иштердин баарын бир жылда ишке ашырасың деп министр Имановдун алдына милдет койдум. Андан бери эки ай өттү. Он ай убактысы калды. Ошондуктан тоскоол болбой жардам гана берип турушубуз керек. Айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса жоопко тартабыз. УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги Ширшовго же министрге схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай, “эшек такалап” олтурушкан жок. Андан сырткары, биз уурдатып коюп карап олтурбайбыз. Биз деле кыргыздын “еврейибиз”. Чычканга кебек алдырбайбыз (күлүп).

Депутаттар айткандай, саткыбыз келсе ызы-чуу кылып олтурбай азыркы турушунда деле сатып жибербейт белек. Министрлик баш болуп баары өкмөттүн колунда турат го.

Депутаттардын арасында уурдап жеп жүргөн мурдагы чиновниктер бар. Бардык тепкичтерди басып өткөн. Губернатордон баштап президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Жакшы иштерди баштаган министрди “распил” кылганы жатасыңар деп сындап кыйкырып чыгат. Өзү убагында “распил” кылып жүрүп көнүп алса керек. Азыр андай “распил” жок. Мен жогоруда айткандай “распил” кылдыңбы же уурдадыңбы жүз эселеп төгүп берип кутуласың. Ошондуктан мейли ким кыйкырып чыкпасын, ызы-чуу болбой өзүңөр анализ жасаганды унутпагыла.

— Азыркы тапта актуалдуу делген темалардын дагы бири “Кумтөргө” байланыштуу. Жакында эле Бишкек шаардык соту “Центеррага” карата экологиялык каржылык дооматтарды четке какты. Бул чечим коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Айрымдар “Центеррага экологиялык зыянды төлөтүш керек дегендердин башында Садыр Жапаров турбады беле? Бул жагы кандай эми?” дешүүдө. Чын эле, сиз өзүңүз Кумтөрдө экологиялык зыян болуп көрбөгөндөй ири өлчөмдө экенин тынбай айткандардын сап башында болчусуз да…

— Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип ишти бузуп албайлы. Ал эми экология боюнча мурда кандай сөздөрдү айткан болсом, азыр да ошол эле пикирде турам. Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. “Кумтөрдү” башынан эле туура эмес иштетишкен. Адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофалар болгон. Жүзгө жакын жараныбыз өлгөн. Эң акыркы эле 2019-жылы болгон катастрофада эки жараныбыз каза тапты. Сөөгү табылбай калды го? Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес.

Бир нерсени эсиңерге түйүп койгула. Биз “Кумтөрдү” 99 пайыз кыргыз элинин пайдасына чечтик. Аны жакында ийне-жибине чейин толук айтып берем.

Ал эми коомчулуктун арасында нааразычылык айтып жүргөндөр “Кумтөргө” жумушка кире албай калган же эскилиги жеткен менчик техникасын киргизе албай жүргөн анча-мынча шылуундар бар. Биринчиден, “Кумтөр” каалоочулардын баарын ишке ала бергидей резина эмес. Экинчиден, нааразы болгондордун эски техникаларын, “41-жылкы” иштебеген буровой станокторун ишке киргизип коюп, жел акча алып жүргөн баягы “Кумтөр” жок. “Кумтөр” мындан ары мамлекеттики. Азыр ар бир тыйын, ар бир техника көңүл чордонунда, ушуну унутпагыла. Техникаңдын “Кумтөргө” пайдасы барбы, алат, пайдасы жокпу, баш тартат. Канадалыктар жаман үйрөтүптүр баарын. Кыйкырып чыгам, жолду тосом десе эле каалаганын кылып, иштебеген станокторун “Кумтөргө” киргизип коюп, ал үчүн акча төлөп берип жүрүшүптүр. Мындан ары ушундай көрүнүштөр уланса, эки жак тең “Кумтөр” да, жеке тарап да жоопко тартылышат, камалышат. Ошол үчүн “Кумтөр” тарап толгон-токой коррупциялык иштерден баш тартып жатат. Албетте, бекер жеп жүргөн “жеминен” ажырагандар нааразы болуп жатышат.

— ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылууда. Ага мүчө болгон мамлекет башчыларынын жыйыны онлайн-форматта өтүп, уюмдагы өнөктөш өлкө башчылары Бишкекке келбей калышты. Эмне себеп?

— Пандемиядан бери дээрлик баардык жыйындар онлайн өтүп жүрөт. Мен эле он чактыдай онлайн жыйынга катыштым. Андан сырткары, Россия менен Украинанын чырынан улам ЕАЭБдин курамындагы Россия президенти менен Беларусь президентинин өз өлкөлөрүн таштап кетпеси түшүнүктүү да.

— ЕАЭБ демекчи, сырттагы мекендештерибиздин бир бөлүгү дал ушул өлкөлөрдө, тагыраагы, Россияда. Коронавирус пандемиясы деле басаңдагандай болду, мигранттар үчүн автомобилдик, темир жол каттамдары качан ачылат?

— Темир жол каттамы 6-июндан баштап ачылат. Ал эми автомобиль каттамы дагы жакын арада ачылат.

— Көпчүлүктү кызыктырган суроо болсун. Доллардын куну төмөндөөдө. Бирок ошол эле учурда бензинге да, башка азык-түлүккө деле, дегеле товарларга баалардын төмөндөп кетүүсү байкалбайт. Сиздин пикир?

— Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул – Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май боюнча Казакстан менен Россияда бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн эле камсыз кылышпастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат.

— Өткөндө конуштардын биринин жашоочулары менен жолугушууда Бишкекте быйыл 15 мектеп, 5 бала бакча салынаарын айткансыз. Ошонун баарын салып үлгүрүшөбү? Үлгүрүшсө да аз убакытта шашып, анан сапатына терс таасир этпейби?

— Биз биринчи кезекте сапатын текшерип анан кабыл алабыз. Сапаты начар болуп калса, изилдөө иштерин баштайбыз. Мурдагыдай тааныш-билиштик кылып тапшырып кетмей деген жок.

— “Ак-Ордо” конушуна барганыңызда ал жактын тургундары турак жайларына документтерин апрелге чейин алыш керектигин айтып, жеринде тапшырма бердиңиз эле. Тургундар ЖМК аркылуу сиздин тапшырма аткарылбай жатканын айтып чыгышты. Кабарыңыз барбы, эми кандай болот?

— Кабарым бар. Апрелге чейин техпаспортторун алып бүтүштү. Эми кызыл китебин ала башташты. Айрым үйлөр кызыл сызыкка салынып калганы үчүн же үй-бүлө ажырашып кеткендигине байланыштуу талаш-тартыш маселелер жаралып, кызыл китеп ала албай жаткан учурлар бар. Аларды сот аркылуу же сүйлөшүүлөр аркылуу чечиш кажет.

— Мугалимдердин эмгек акысын болуп корбогондой көтөрүп салдыңыз. Башка тармактарга качан көтөрөсүз?

— Мугалим – мөмөлүү дарак деп бекер айтылбайт. Ошондуктан, биринчи кезекте мугалимдердин жашоо турмушуна көңүл буралы дедик. Антпесек акыркы убактарда балдарыбыздын билим деңгээли абдан төмөндөп кетти. Мугалимдерибизге жакшы шарттарды түзүп берсек, алар талыкпастан иштеп, балдарыбызга мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде билим беришээр деген үмүт.

Ал эми калган тармактарга 1-октябрдан тартып көтөрөбүз. Кыскасы бул жылы эмгек акыбыз аз деген теманы жаап, эмдиги жылдан баштап бир гана экономиканы көтөрүү, элдин жыргал жашоосун камсыз кылуу менен алек бололу деген планыбыз бар.

— “Камбар-Ата-1” ГЭСин курабыз деген маселе көтөрүп жатасыздар. Өз күчүбүз менен курууга кудуретибиз жетеби же өнөктөштөрдү издейбизби?

— Өзүбүз курганга деле күчүбүз жетет. Бирок көп убакытты, көп каражатты талап кылат. Ошондуктан быйыл платина курулчу жерге чейинки жолду өз күчүбүз менен куруу иштерин жакында баштайбыз. Ал эми ГЭСти куруу иштерине кошуна Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдиришти. Азыр үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бир-эки жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Эгер дагы башка инвесторлор “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга катышабыз десе, тараптар менен макулдашып, кошуп алууга даярбыз. Бул ГЭС бизге электр энергиясын колдонууга гана керек. Суусун колдонуу Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөөк керек. Ошондуктан, эки өлкө тең бул ГЭСти курууга катышып, инвестиция салганы жакшы болот.

— Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу маселеси 20 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок жымсалдабай айтсак, Россия тарап бул жолдун курулушуна каршы экендигин эксперттер билдирип келишет. Эгер чын эле Россия тарап каршы болсо эмне үчүн каршы? Бул жол аларга зыян алып келеби?

— Ооба, чындап эле бул темир жолду курабыз дегенге 20 жыл болду. Бирок такыр эле башталбай келген. Кыргызда “Саптай албай ийнеден көрөт” деген жакшы сөз бар. Буга чейин эч ким Россия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп атса сала бергиле деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз. Долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатат. Бул жол салынса, биз “туңгуюк” мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт. Кечээ эле тышкы карыздарыбызды кантип жабабыз деп жаткан санаабыздан арыла турган “Кумтөрдөн” кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот. Демек, эч кам санабагыла. Алдыга кетип бара жаткан жолубуз түз. Келечегибиз кең. Тынчтык болуп турса, баары жакшы болот.

— Маегиңиз үчүн чоӊ рахмат, ишиңизге ийгилик!

— Рахмат, силердин да ишиӊерге ийгилик каалайм!

Булак: Кабар

Президент Садыр Жапаровдун кеңири маеги

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигине кеңири маек берди.

Маектин толук тексти:

 — Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Сиз Бакуга расмий сапар менен кетер алдында соцтармактагы баракчаңыз аркылуу сапардан келген соң кеңири интервью берем деп билдирүү жасадыңыз эле. Анда бардыгын ийне-жибине чейин айтып берейин деп да белгилегенсиз. Андыктан, урматтуу президент, суроолорго өтөрдөн оболу сизден бир өтүнүч: суроолорду чектөөсүз, коомчулукта актуалдуу болгон, анын ичинде айрым учурда сиздин дарекке катуу сындар менен коштолгон маселелерге байланыштуу болгондорун дагы берүүгө уруксат берсеңиз.

Саламатчылык. Макул.

— Алгачкы эле суроо: акыркы убакта коомчулукта катуу талкуу болгон журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө айтылган ак үй маселеси. Азыр жаңы Ак үйдүн зарылдыгы канчалык бар эле? Азыркы иштеп аткан ордуңузда кала берсеңер болбойбу? Буга чейин өзүңүз эле сарамжалдуулукка чакырып аттыңыз эле…

Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын. Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин. Мындан ары деле жыргал жашоону самабайм. Айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, менин отурган жерим укмуш болуш керек, жашаган жерим андан да укмуш болуш керек деп салып жатканым жок. Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыттар өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат. Бул имарат эмне үчүн салынып жатат деп суроо берсеңиз туура болмок. Убакыттар өткөн сайын заман өзгөрүп жатат. Эл өсүп жатат. Бишкектин борбору автотыгындарга толуп кетти. Мурда Москвада тыгындарда эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз. Буга да мамлекеттин накталай акчасы кетпейт. Министрликтердин азыркы олтурган имараттарына алмашуу жолу менен эле салып коебуз. Өзүбүздүн ата мекендик куруучулар эле салып коюшат.

— «Манас» айылын талкалап, 5 сотых жерине кирип кетти деп Али Токтакунов менен манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып чыгышты эле. Чын эле «Манас» айылынын жери кирип кеттиби?

«Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. «Манас» айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта «Манас» айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын «Манас» айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары Манас айылынын мандайына Манас театрын салабыз. Ушул жерден бир нерсени айтып коеюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт. Бала кезимде кечкисин мал тейлеп келип олтурганда, атам менен апама «Манас» китебин окуп берет элем. Алар кунт коюп угушар эле. Ошондуктан менин азыркы жасап жаткан ар бир ишим, кайсы убакта болбосун, эл тараптан “жакшы иш болуптур” деген баа бергидей жасап кетем. Ошол үчүн бардык жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр.

— Жаңы ак үй боюнча сиз мамлекеттен бир тыйын коробойт дедиңиз. Бирок активисттер айырбаштала турган 16 гектардын базар баасы 35-40 миллион долларды чапчырын, ал эми курулушка анын үчтөн бир бөлүгү эле коротуларын айтып чыгышты. 16 га ачык сатыкка коюп, анан андан түшкөн акчага ак үйдү салса болбойт беле?

Активисттер эң туура айтат. Бул маселеде алар менен эч кимибиз талашкан жокпуз. Ал жердин базар баасы 30 миллион доллардан жогору турат. Имарат өзү 25 миң чарчы метрдин тегереги салынып жатат. Бул деле 30 миллиондун тегереги болот. Кандай материалдар колдонулганына жараша баасы чыгат. Аны иш башкармалыгыбыз толук көзөмөлгө алып жатат. Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз. Эч ким эч кимге бекер жер бербейт же алар бизге бекер имарат куруп бербейт. Ар бир мүлктүн эсеби бар да. Көчөдө жаткан эч нерсе жок. Бүткөндөн кийин эсептешебиз. Айырмасын чыгарабыз. Биз карыз болсок, биз беребиз. Алар карыз болсо, өкмөттүн имараты салына баштаганда ал жака салымын кошушат. Мына ушундай макулдашуу менен кетип бара жатабыз.

— 16 гектар жерди каяктан алдыңар? Ал конкреттүү кимге берилет эми?

Жалпы өлкө боюнча биз кызматка келгенден бери 3106 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтардык. Анын ичинен 2021-жылы 1124 гектар, ал эми ушул жылдын 4 айында эле 1982 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул – башкы прокуратуранын иши. Ал эми УКМК 146 гектар жер тилкесин кайтарды. Илгертен бери ушул мамлекеттин жерлери бекер эле таратылып кеткен экен. Болгондо дагы чириген байларга бекер берилген. Биз алардын баарын мамлекеттин менчигине кайтарып жатабыз. Анан алар кантип бизди жакшы көрсүн. Жалданма иликтегич журналисттерди жалдап алышып жамандатып, элдин пикирин башка нукка бургусу келип жатышат. Биз алдыга койгон максатыбыздан тайбайбыз. Жакшы иштерди жасап, алдыга жыла беребиз. Тарых жана келечек муун биздин ишибизге өз баасын берет. Бишкекте мурда бекер берилип кеткен көпчүлүк жерлерге кичи райондор салынып, сатылып кеткен экен. Албетте пайдасы менчик чөнтөктөргө кирип, сиңип кеткен. Ал эми курулуш курула элек жерлердин баарын мамлекеттин пайдасына кайтарып алып, ушундай пайдалуу иштерди жасап жатабыз. Ал жерлерге кичи райондорду куруп, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 20-25 жылга элге беребиз. Мунун эмнеси жаман?

— Ак үйдү коюп, айыл, мектеп салышса болмок дегендер болду. Мектептер, социалдык объектилер курулуп атабы?

2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта республикалык бюджеттин эсебинен 159 социалдык объекттин курулушу бүттү.

– 68 мектеп; – 16 бала бакча; – 12 саламаттык сактоо объектиси; – 4 маданият объектиси;

– 4 спорт объектиси; – 23 таза суу объектилери; – 11 башка объекти (административдик имараттар стационардык транспорттук көзөмөл пункту, ипподром ж.б.); – 21 капиталдык оңдоп-түзөө объектиси курулуп бутту. Жогорудагы объектилерди курууга республикалык бюджеттин эсебинен 4 миллиард 929 млн сом акча каражаты каржыланган.

Андан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен 113 социалдык объектинин курулуштары бүткөрүлдү, анын ичинен:

– жергиликтүү бюджеттердин эсебинен – 82 объект; – кайрымдуулук фонддорунун эсебинен – 12 объект; – облустук өнүктүрүү фонддорунун эсебинен – 6 объект; – жеке донорлордун эсебинен – 13 объект курулду.

Бул объектилерге каржыланган акча каражаттарынын жалпы суммасы 2 миллиард 887 млн сомду түзөт. Азыр дагы курулуштар жүрүп жатат. Башталып жаткандары дагы бар. Бишкек шаарынын жаңы конуштарына эле 15 мектеп, бир бала бакча салып жатабыз. Сентябрда ишке киргизебиз. Ушулар менен бирге ак үй да курула берсе жаманбы? Башка тармактардагы курулуштарга ак үйдүн эч тоскоолу жок. Завод-фабрикалар дагы салынып жатат. Алар жөнүндө өкмөткө тапшырма берем. Жакынкы араларда кайсыл жерде кандай завод-фабрикалар салынып жаткандыгын толук видеоотчет менен беришет. Өлкө ичиндеги аэропортторду жандандырып жатабыз. Каракол, Нарын, Казарман, Талас аэропорттору ишке киришет. Кыскасы, ички аба каттамдарды жандантабыз. Жакында Каракол аэропортунун аэровокзалын жаңы курууга капсула салам. Былтыркы жылы “Манас” эропорту 4 миллиард 4 миллион сом таза киреше берди. Мурда эң көп таза киреше бергени 2019-жылы болгон экен. 1 миллиард 800 миллион сом бериптир. Биз ал жактагы коррупцияны жок кылдык эле, быйыл мына 4 миллиард киреше берип атат. Ушул эле акчалар менен аэропортторду оңдоо иштерин баштадык. Темир жолдогу коррупцияны жок кылдык эле, алар жарым жылда 2 миллиардга жакын киреше берип атат. Ошол эле өз акчалары менен Балыкчы-Кочкор темир жолун салып кетип бара жатышат. Эң негизгиси, башка бирөөлөр эмес, ата мекендик эле темир жол куруучуларыбыз куруп кетип бара жатышат. Мурда тендерден утту деген шылтоо менен чет өлкөлүктөргө берип, алардан 10 пайызын чөнтөккө алып жүрүшкөн. Мындан ары андайларга жол бербейбиз. Кыскасы, бардык тармактарда курулуштар жүрүп жатат.

 — Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушуна каражат үзгүлтүксүз бөлүнөбү? Же ал узакка созулган долбоор болуп калабы?

Үзгүлтүксүз бөлүнөт. Дагы башка булактардан акча издеп жатабыз. Темир жол ишканасынын эле көзүн карап олтурбастан, башка булактардан дагы жардам берели деп каражат издеп жатабыз.

 — Жаңы ак үй куруш керек дегендер аргумент катары “чет элдик меймандарга уят болбойлу” дешти. Бирок акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу кыйраткан деле меймандар келе элек го?

Чакырсаң, баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий визит менен келет. Түштөн кийин Өзбекстандын Президенти Шавхат Миромонович Мирзиёев расмий сапары менен келет. 27-майда ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келишет. Ар нерсенин өз убагы келет. “Эч бир президент келбеди” деп сайрагандар сабыр кылып турушсун. Баары келет.

— Асман шаары эмне болуп атат? Ал ишке ашабы же токтодубу?

Сөзсүз салынат. Убакыт керек. Ал шаардын, түшүнгөн адамдарга, келечеги кең. Экологиялык таза шаар болот. Көлгө эч бир зыяны тийбегидей кылып долбоорлоп жатышат. Кагаз иштери абдан кылдаттыкты жана көп убакытты талап кылат экен да. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу бүтсө, ал шаарга Фергана өрөөнүнөн 4 саатта жетип келсе болот. “Тамчы” аэропорту жанында. Темир жол жанында. Кара-Кечеден ары келечекте Макмалга темир жол жетет, буюрса. Кыскасы тогуз жолдун тоомундагы шаар болот. Бир үй салсаң деле, эки-үч жылда саласың го. Анан эми 500 миң калкка эсептелип жаткан шаарды кантип эки-үч жылда баштап жибересиң. Сабыр кылып тургула. Буюрса, бир күнү ал шаар да башталып калат.

— “Кумтөр” боюнча убагында 260 миллиард сомдук экологиялык зыян келтирилгени айтылып келди эле, эми ал экологиялык зыяндын ордун ким толтурат?

Туура көрсөңөр, “Кумтөр” боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюшкан келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99 пайыз пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем. Мен деле угуп жатам анча мынча былжырактарды. Азырынча былжырагандар былжырап турушсун. Мен бардык сырларды коомчулукка айтып чыккандан кийин уялышар эгер беттери калың болбосо. Ай, бирок ким билет. Андайлар уялып калуу дегенди деле билишпейт экен.

— Алтын казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткени чынбы?

Алтын казуу дайыма эле бир көлөмдө казылбайт. Бир жерде руданын составында алтын көп болсо, бир жерде аз болот. Ошондуктан бирде көп казылса, бирде аз казылып турат. Быйыл, буюрса, 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алабыз деп план коюп жатышат.

— “Кумтөрдүн” алтыны каякка, канчадан сатылып атат? Уурдалып кетмейи жокпу?

Бир грамм алтын уурдай алышпайт. Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап, алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин, бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат. Андан сырткары бир-эки эле киши катышпайт да процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат. Ал видеолор баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот. Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат.

— Тышкы саясатта багытыбыз кандай болууда? Айтайын дегеним, акыркы маалыматтарга караганда Америка тарап менен мамилени өтө жандандыруу жүрүп жаткандай. Жаңы келишимге кол коюлганы жатабы?

Тышкы саясатыбыз дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен бирдей. Биз чакан өлкө болгондон кийин бардык өлкөлөр менен сый мамиледе болушубуз керек.  Дүйнөлүк саясатка баш тыгып эмне кылабыз. Үй-бүлөсүн бага албай тентитип жибергендер дүйнөлүк саясаттан сүйлөп, акыл үйрөтүп баштаганда күлкүң келет. Биз соода-сатык жана экономикабызды чыңдашыбыз керек. Кыргызда “Эчки тууй албай жатып, койго арачы болот” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, биз тышкы карызыбыздан кутулуунун, экономикабызды көтөрүүнүн камын ойлошубуз керек. Ошол үчүн бир эле Америка эмес, бардык өлкөлөр менен экономикалык келишимдерге кол коюшубуз керек.

— Бул Украинадагы окуяларга байланышы барбы? Эч кандай байланышы жок. Саясатташтырбагыла.

— Батыш өлкөлөрү Украина маселесинде нейтралдуу болуу мүмкүн эместигин, нейтралдуу болобуз дегендер дагы санкцияларга кабыларын эскертти эле. Бул маселеде позицияларыбыз өзгөрөбү?

Нейтралдуу болуш мүмкүн эмес деп батыш өлкөлөрү эле эмес, ак же кара болгула деп башкалары деле айтып атышат. Эң сонун эле мүмкүн. Украин, беларус, орустар кыргыз, казак, өзбектер сыяктуу эле тилдери окшош, дилдери да окшош бир тууган эл болушат. Качандыр бир убакта баары бир тил табышып алышат. Андан сырткары биз эки тарап менен тең СССР деген мамлекетте 70 жыл бир үй-бүлөдөй болуп жашап келгенбиз. Бир нанды тең бөлүп жегенбиз дегендей. Албетте, эки тараптан тең адамдар кырылып кеткени жалпыбыз үчүн эле трагедия болуп жатат. Согуш болбосо, жакшы болмок. Согушту болтурбай коюуга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ортодогу эки тарапка тең маалымат ташыгандар туура эмес маалыматтарды беришип, согуш башталып кетти. Эки тарап тең президенттерин адашууга алып барышты. Анын үстүнө ортого от жаккан тараптар дагы согушту токтотконго күч жумшагандын ордуна күчөтүп жатышпайбы. Тескерисинче, Минск келишимин аткаргыла деп катуу талапты коюшса, согуш болмок эмес. Минск келишимине Орусия, Украина эле эмес, Германия менен Франция дагы кол коюшкан экен.

Биз кичинекей эле мамлекетпиз. Таасирибиз деле жок. Бир тарабын колдой койсок эле алар жеңип кетмек беле.

 

— Россиядагы кырдаал өзгөрүп, ал жакта миграцияда жүргөн мекендештерибиз массалык түрдө Кыргызстанга кайтуу мүмкүндүгүнө өлкөбүз даярбы?

“Башка түшсө – байтал жорго” дейт. Ал жагын деле ойлонуштуруп жатабыз. Кокус массалык түрдө кайтып калышса, бир айласын табарбыз.

 — Медиаөкүлдөрүнө басым, куугунтук болгону айтылууда. Ошондой эле акыркы убакта Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткени айтылды. Бул жааттагы өзгөрүүлөр, окуялар тууралуу кабардарсызбы?

Эч кандай басым-кысым жок. Ар ким соцтүйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатышат го. Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү өз кылмыштарына жооп бербей, кутулуп кетиштин айласын кылып, “кокуй эле кокуй, мени камап атышат” деп кыйкырып чыгып жаткандары бар. Аларды билебиз. Алар – же кылмыштары бар, же иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар. Иликтесин, ичип-жегендер болсо бетин ачып беришсин, ал бизге да пайда жана жардам болот. Бирок иликтегичмин деп эле популист болуп, бирөөгө адилетсиз көө жаап жатса, экинчи тарап деле жөн олтурбайт да. Мисалы, кечээ интернеттен өз көзүм менен көрдүм. Али Токтакунов деген иликтегич электрэнергиясын жок даректерге “списать” эткенин таап чыктым деп. Прокуратура үч ай мурун эле иликтеп, жокко чыгарган же “списать” эткен суммаларды төлөтүп жаткан иш. Бул ишти, эсиңиздерде болсо, алты ай мурда эле коопсуздук кеңешинде прокуратурага берип, акчасын кайтаргыла дебедим беле. Бул иш боюнча прокуратура бүгүн дагы иштеп жатат.

— Бишкекте митингдерге чектөө коюлду. Бул Конституцияга каршы келбейби?

Эч ким чектөө койгон жок. Горький паркына барып каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем” деп эле элчиликтердин алдына барып алып эшиктерин каккылап турган кантип жакшы болсун. Башка мамлекеттер менен сый мамиледе болушубуз керек да. Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол бербейбиз. Кечээ жакында Тажикстан элчилигинин алдына да он чакты киши чыгыптыр. Биз кеч билип калдык. Кийин баарына эскерттик. Мындан ары элчиликтердин алдына барып жатып алууну токтотуш керек. Горький паркына барып митинг өткөрө бергиле. Мага десең түнөп жатып алып өткөр.

Демократия керек бизге. Өмүр бою керек. Бирок ошол демократияны дагы пайдалуу, маданияттуу колдонолу да.

— Тажикстан менен чек арабыз качан чечилет? Дегиле бул багытта кандай иштер жүрүүдө? “Ошол эле Ак үй салгыча, чек араны тоссо болбойт беле” деген да суроолор бар.

Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 км бүттү, 300 км калды. Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам.

— Атамбаев абакта отурат, ал эми ал киши өтүп жаткан кылмыш иш Октябрь окуяларында катышкан делген Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабановдор эркиндикте эле жүрүшөт деп Атамбаевдин тарапкерлери азыркы бийликти кош стандарттулукка айыпташууда. Буга эмне дейсиз?

Эч кандай кош стандарттуулук болбойт. Эгер болуп бараткан болсо, Президент катары, Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, адам укуктарынын кепили катары мен өзүм кийлигишем. Мен деле баарына көз салып олтурам. Кайсы бир чуулгандуу иштерде ашып кетсе, 5-10 күн маалыматтан арта калышым мүмкүн, мага маалымат жетпей калып. Бирок баары бир өлкөдө болуп жаткан иштер боюнча толук маалыматтарды алып турам. Бул маселе боюнча азырынча тергөө кандай тергеди, кимдерге күнөө такты, кимдер жөнүндө тергөөнүн кандай маалыматтары бар, мен билбейм. Балким Бабанов, Казакбаевдер башкаларга окшоп кыргын салабыз деген чакырыктарды жасаган эместир? Соттун чечимин күтпөйлүбү. Эгер адилетсиз чечим чыкса, анан изилдебейлиби, бул маселени.

— Досуңуз, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеңиздер мурдагыдай, президенттикке чейинкидей элеби? Иштен сырткары кеңешип, сырдашып турасызбы?

Мурдагыдай эле, эч кам санабаңыздар. Дайыма өкмөт башчы, министрлер болуп чогулуп, кеңешип, сырдашып турабыз.

— Камчыбек Ташиевдин уулдары тендерлерде удаасы менен утканы туурасында материал чыгары менен, аны даярдаган команда өкүлү журналист Болот Темировго үч кылмыш иши ачылганы, Темировду суракка чакырып баштаганы маалым болду. Бул өч алуу же журналисттерге кысым эмеспи?

Албетте, мен министрлер жөнүндө эле эмес, губернатор, аким, айыл өкмөттөр жөнүндө дагы чуулгандуу иштер чыкса, текшерүүгө милдеттүүмүн. Бул иш боюнча дагы териштирдим. Үч тендер өтүптүр. Биринчиси Жалал-Абад мэриясы 50 миң сомдук бензинге, экинчиси Жалал-Абад шаардык кеңеши 150 миң сом, үчүнчүсү Жалал-Абад токой чарбасы 200 миң сомго тендер жарыялашат. Текшерүүдө аныкталгандай, мындай майда суммага эч ким тендерге катышпайт. Миллиарддаган долларларга соода кылган “Газпром” катышмак беле. Анан булар май куюучу бекеттери бар “Мока” фирмасынан өздөрү тендерге катышып бергилечи деп суранышып, 67 сомдон бензин сатып алышат. Ошол эле мезгилде май куюучу бекеттерде 69 сомдон сатылып турат. Эгер бул баадан кымбат сатып алса, анда чыгым келтирдиңер деп сурака алсак болот эле. Ушул жерде элге бир нерсени түшүндүрүп коеюн. Эгер жогорудагы мамлекеттик мекемелер тендерсиз 67 сомдон эмес, 17 сомдон сатып алса дагы, укук коргоо органдары тендерсиз сатып алгансың деп жоопко тартмак. Анткени тендер деген мыйзам бар. Тендер деген балээни жок кылуу боюнча мыйзамга кол койдум.

Бир айдан кийин күчүнө кирет. Эми мындан ары мамлекеттик мекемелерде баш оору болбойт.

Ал эми Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Россиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш иели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей.

— Өткөндө Коопсуздук кеңешинин жыйынында айыл чарба багытындагы кредиттерди чоңдордун туугандары эле алып келгенин, мындан ары андайга жол берилбесин айтып, УКМК төрагасына тапшырма бердиңиз эле. Анан жакында эле депутаттардын бири 6 пайыздык кредиттерди кайра эле депутат, минИстр, чоңдорго тиешеси барлар алып жатканын айтып чыкты. Кабарыңыз барбы? Болсо, кандай реакция кылдыңыз?

Депутат Сурабалдиева айткандар – былтыр мен Коопсуздук кеңешинде айткандар. Мурун алып, кайра төгүп койгондор. Эми мындан ары кандай болуп жатканын көзөмөлгө алабыз. Текшеребиз. Эгер дагы деле чоңдор алып, айыл чарба багытына эмес, бизнеске салып жаткан болсо, чара көрөбүз. Мен ушул меселе боюнча депутаттарга кайрылып кетер элем. Жылдын аягында депутаттык комиссия түзүп, берилген кредиттер боюнча текшерип чыгып, кимдерге берилгенин элге жарыя кылып коюшса жакшы болот эле. Мага да жакшы. Мамлекеттик кызматкерлердин оозунан эмес, депутаттардан чындыкты угат элем.

— Сиздин Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү медиада, соцтармакта дайыма көңүл борбордо болуп келет. Кеп вице-премьер-министр Эдил Байсалов жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев туурасында. Соцтармак колдонуучулары Байсаловду ашыкча мактоого айыптаса, министрди өзүн-өзү билемдикке, мыйзамдарды кенебестикке айыптап келет. Сиздин пикир кандай? Алардын иш-аракеттери туурасында өздөрү менен сүйлөшөсүзбү?

Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо – сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду.

— Ошол эле Эдил Байсалов пенсияга чыгуу жаш курагын жогорулатуу демилгесин көтөргөн. Сиздин пикир?

Эми бул талкуу болуп жаткан эле маселе. Эдил мырзанын демилгеси экен. Акыркы мыйзамга мен кол коем да. Мыйзам жок азыр. Жөн эле дүрбөй бербегиле.

— Ар бир телефон үчүн 700 сомдон алынат, электр тарифтер көтөрүлөт деген сөздөр коомчулуктун сынына кабылды. Айрымдар бир кезде уюлдук байланыш үчүн 60 тыйын алынат деген окуяны эске салышты.

Эч кандай 700 сом алынбайт. Мен каршымын. Ал маселени жок кылгыла деп буйрук бергем.

— Башка дагы тарифтердин көтөрүлүшү күтүлбөй элеби?

Азырынча тарифтер көтөрүлбөйт. Көтөрсөк, эл менен кеңешип, пикир алмашып алып, анан көтөрөбүз.

— Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңешке депутат болуш үчүн жогорку билимдин кереги жок деген мыйзам кабыл алышты. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Колдойсузбу?

Жок, колдобоймун. Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдарды жазыш керек. Ал мыйзамдар мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүчү мыйзамдар болот. Анан жогорку билими, тажрыйбасы жок адам кантип мыйзам жазат? Жогорку Кеңешке жүз пайыз жогорку билимдүү депутаттар келиш керек.

— 1 километр жолго бир сом төлөнөт деген дагы мыйзам чыгарды деп жатышат?

Муну да колдобойм.

— Казинолорду ачуу демилгеси кайрадан көтөрүлүп жатат. Ал жакка чет элдиктер эле кирет деп атышат. Бирок коомчулуктун бир бөлүгү буга ишенбегендей…

Ал мыйзам да карала элек азыр. Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне мамлекетпиз? Биздин жарандар бут басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизиши коркунучтуу. Андан сырткары УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөн олтурмак беле? Казиного кирген жарандарыбызды кармаса, жоопко тартат. Казиного көнүп калган бир депутат бар. Кол тийбестигим бар деп ошол эле барбаса. (Тамаша). Кыскасы, биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай. Айрым мусулман өлкөлөрдө да ушундай тажрыйба бар, өз жарандарына да укуксат берилет.

— Соцтармактагы активисттер сиздин айланаңызда “күмөндүү же репутациясы начар адамдар топтолуп калууда. Айланаңызды тазалаңыз” деген чакырыктарды жазып калышат. Командаңыз купулуңузга толдубу? Ар бир мүчөсүн өзүңүз тандадыңызбы?

Ушул “жаныңдагыларыңды тазала” деген дүжүр сөзгө айланды. Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. “Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң камаласың” деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик мойнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң –  таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, элдер айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Жеке эле мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да акыры. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп олтура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм. Эгер жегенин билип калсак камайбыз. Жегенин жүз эсе кылып кайтартабыз. Мурдагы заман жок азыркы чиновниктерге.

— Коррупциялык иш-аракеттерден келтирилген чыгымдарды камактагы тигил же бул мурунку чиновник төлөп, үй камагына чыкканы же бошотулганы тууралуу маалыматтар маал-маалы менен чыгып турат. Жалпы канча сумма топтолду? Алар каякка коротулуп атат?

Жалпысынан УКМК сегиз миллиарддан ашык каражат төктүрдү. Прокуратура үч милларддын тегерегинде төктүрдү.

Накталай төгүлгөн акчалардын баары түздөн-түз казынага кетип атат. Ал эми мүлктөр болсо мамлекеттик мүлктөр мекемесине өтүп жатат. Каалаган иликтегичтер чогулуп барып УКМК, Прокуратура, ИИМге барып кайда которулуп жатканын иликтеп көрсөңөр болот. Жашыруун эмес. Беришет. Бербей жатса, мага кайрылгыла.

— Алардын бири Райым Матраимов камаларын айттыңыз эле. Камалган жок да?

Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. “Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп. Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновниктер мүлктөрүн, акчаларын кайтарып берип, анан чыгып кетишти. Ошол үчүн жалпы кайтарган сумма баш-аягы мүлктөр менен чогуу эсептегенде, сегиз миллиарддан ашты.

— Акимдердин ротациясын баштадыңыз эле. Ушундай ыкма башка тармактар үчүн колдонулабы, мисалы прокурор, соттор үчүн?

30-апрелде жарлыкка кол коем. Соттор 100 пайыз ротация болушат. Ал эми прокуратурада бир айдан бери жүрүп жатат. Башка тармактарда дагы болот. Ушул жылдын аягына чейин бир топ тармактарда ротация бүтөт.

— Өлкөдө оппозиция барбы? Бар болсо кимдерди оппозиция дейсиз? Дегиле сизге оппозиция керекпи же ал иштен алагды кылат деген пикирдесизби?

Оппозиция бар. Алардын болуп турганы жакшы. Алар айткан кемчиликтерди чиновниктер угуп, түздөлүп турушат. Бирок оппозиция десе эле жеке кызыкчылык үчүн калп маалыматтарды таратып, элди дүрбөтпөш керек. Калптын казаны кайнабайт дейт. Көп болсо 4-5 күн ызы-чуу кылышат. Анан эле чындык чыгып калып жатпайбы. Оппозициянын арасында чет өлкөлүк кожоюндарынан акча алып, ошолордун гана кызыкчылыгы үчүн элди көтөрөбүз, революция кылабыз дегендер да бар. Баарын билебиз. Аларга тийбегиле дедим. Биздин өлкөгө акча келе берсин. Оппозицияны бакса да, бизге пайдалуу.

— Токтогул суу сактагычында суу тартыштыгы айтылып келди. Кыш, бактыга жараша, жылуу болду. Эми жайкы сугат маалында дыйкандарга суу тартыштыгы болбойбу?

Быйыл, Кудай буюрса, суу тартыш болбойт. Бүт өлкө боюнча суу насосторун жаңылап бердик. Арыктарын тазалоо үчүн 1 миллиард акча бөлүп бердик. Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда быйыл суу көбүрөөк топтолот деп турабыз. Божомолубуз 13 миллиарддан ашык куб суу болот.

— Коңшу Казакстанга суу беребизби? Берсек, кандай шарттарда? Өзүбүзгө жетпей калбайбы? Эл аралык нормалардын жана келишимдин негизинде беребиз. Өзүбүзгө да жетет.

— Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү. Эми башка тармактардыкы дагы көтөрүлөбү? Эгер көтөрүлсө, качан? Кудай буюрса, экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз деп пландап жатабыз. Кыскасы, быйыл жаңы жылга чейин бардык тармактарга көтөрүп беребиз.

— Сырттан алган карыздар канча болду? Оппозиция элди дүрбөтүп, 1 миллиард долларга жакын тышкы карыз алды деп айтып жаткан маалымат калп. 2020-жылкы октябрдан берки тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү. Каржы министрлигине барып иликтегичтер муну да иликтеп чыксаңар болот. Анан да, бул сумма – дагы мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча. Мындан тышкары бир топ каражаттар грант түрүндө келип жатат. Алар кайтарымсыз. Кыргызстанга жардам катары берип жатышат. Мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз. Кыскасы, президенттик биринчи мөөнөтүм бүткөнчө, тышкы карызыбыздын, эң жок дегенде, жарымын жаап кеткенге аракет кылам.

— Оппозицияга бириккендер жакында митинг кылабыз. Бул бийлик болбой калды. Кулатыш керек деген ниеттерин билдирип жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?

Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле. Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем. Бул пайыз менин президенттик мөөнөтүмдө көбөйбөсө, азайбайт. Мен азайганга жол бербейм. Ошондуктан баш аламандык кылам деген ниети бузуктарды башынан сылабайбыз. Аёосуз жазага тартабыз. Аларга кийин “элдин уулу эле, боштондук” деп кыйкырып чыкпагыла.

— Ата мекендик автобус кураштырган “Белес” ишканасына сиз, андан көп өтпөй Акылбек Жапаров да барып кетти эле. Компаниянын автобустарын алабыз дедиңиз эле. Эми болсо мэрия автобусту сырттан алабыз, алардыкы кымбат деп атат. Анда ата мекендик ишканаларга ким колдоо кылат?

Алардыкын мэрия таптакыр албайбыз деген жок. Мен “10 троллейбус, 10 автобуз буйрутма кылып, алгыла да, сыноодон өткөргүлө” дедим. Сыноо сөзсүз болуш керек. Анткени булар биринчи жолу чыгарып жатышат да. Кандай болот, белгисиз да. 1000-2000 автобус алып алып, анан анын баары жакшы иштебей калса, мамлекеттин акчасы талаага чачылып кеткендей эле болуп калат да.  Ийгиликтин эрте-кечи жок. Булардыкын да алабыз, буюрса. Менин максатым – биринчи кезекте ата мекендик өндүрүшчүлөргө буйрутма бериш. Тигине ата мекендик жолчуларды көтөрүп койдум. Мындан ары дагы көтөрөм. Жолдорубузду өзүбүздүн ата мекендик жолчуларыбыз куруп жүрүшөт.

— Соцтармакка канча убакыт коротосуз? Негизи эле соцтармакка пост жазуу же жазбай эле коюу чечимин кайсыл критерийлер менен кабыл аласыз?

Олимпиадачы Каныкей Кубанычбекова: Олимпиада чемпиону Александр Мелентьев мага ар дайым үлгү

Токио шаарында жайкы олимпиаданын оту жанаарына саналуу күндөр, саналуу сааттар гана калды. Дүйнөнүн тандалган спортчулары олимпиадалык таймашууларын күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Айрым спортчулар Токио шаарындагы олимпиадалык айылга барышты. Алардын катарында кыргызстандык мерген кыз Каныкей Кубанычбекова дагы бар. Кыргызстандык мергендерден 1980-жылы Москва олимпиадасында алтын медаль тагынган Александр Мелентьевден башка спортчу ок атуу боюнча олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарга жете элек. Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык мергендер Юрий Мелентьев, Юрий Ломов, Александр Бабченко,  Руслан Исмаилов олимпиадалык оюндарга катышканы менен ийгилик жарата алышкан эмес. Ал эми кыргыз улан-кыздарынан спорт чебери Каныкей алгач ирет олимпиадалык мелдешке катышканы турат. Токио шаарына аттанаар алдында мерген кыз Каныкей Кубанычбекова менен олимпиадалык делегациянын пресс-атташеси, Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов маектешкен.

-Токио олимпиадасына аттанып, Кыргызстандын намысын коргой турган мерген кыз тууралуу күйөрмандар билгиси келет?

-Мен Кубанычбекова Каныкей, 1999-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң улуусу болуп эсептелем.  Беш кыз, бир уул. Ата-энем мамлекеттик кызматкерлер. Атам калкты тейлөө борборунда эмгектенет, ал эми апам  жарандык актыларды каттоо бөлүмүндө ЗАГСта иштейт.

-Ок атуу спортуна кандайча кызыгып калдыңыз эле?

-Ал учурда биздин үй-бүлө Чүй облусунун Панфилов районунда жашачубуз. 2010-жылы атамдын сунушу боюнча райондук спорт комплексине Ок атуу ийримине келип, ошол боюнча бул спортко толук кандуу берилип, арбалып калдым.

-Ата-бабаларыңызда мергендер болгонбу? Себеби мергенчилик касиет, өнөр тукум кууйт дешет эмеспи?

-Ата-бабаң деп калдыңыз, бабаларым Таластан болот. Түбү таластык кыз болом.  10-июль күнү ата-бабаларын өскөн жери Таласка барып, ата-бабамдын батасын алып келдим. Ата-бабам тууралуу айта кетсем, чоң атамдардын канында  көзгө атаар мергенчилер болгон экен. Ошондуктан бул касиет, өнөр дагы сиз айткандай тукумдан тукумга оойт окшойт.

-Ок атуу спортунан тышкары эмне менен алектенесиз?

-Азыркы убакытта Кыргыз Улуттук университетинде журналистика факультетинде төртүнчү курсту аяктадым, ошондой эле окуудан сырткары  ок атуу боюнча машыктыруучу жана  өлкө намысын коргогон спортчу болуп дагы эмгектенем.

-Алгачкы ийгиликтериңиз, биринчи жеңиштериңиз эсиңизден чыкпаса керек ээ?

-2010-жылы  ок атуу спортуна алгачкы кадамым башталса, 2012-13-жылдары мелдештерде адистердин көңүлүн буруп,  медалдарды жеңип баштадым. 2014-жылы улуулар, чоңдор  арасында жана өспүрүм жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунга жетиштим, жана ошол  чоң спорттогу ийгиликтүү акжолтой медаль болду десем жаңылышпайм. Ошондон ары жакшы  ийгиликтер жаралып, өзүмө болгон ишеним артып, байгелүү орундарды багынта баштадым. Анан 2016-жылдан бери эл аралык мелдештерге чыгып, өлкөбүздүн намысын коргой жүрөм.  2017-жылы  Нидерланды өлкөсүндө өткөн эл аралык “Интершоп” мелдешинде үчүнчү орунга жетишип, коло байгелүү болгом. Ошондой эле эл аралык мелдештер жөнүндө айта кетсем, 2018-жылы Орусия мамлекетинин Казань шаарында өткөн эл аралык турнирде күмүш медаль тагындым. Өзбекстанда болуп өткөн эл аралык мелдеште “микс” көнүгүүсүндө биринчи орун алып, алтын медалдын ээси болдум. Казакстанда болуп өткөн Почеваловду эскерүү эл аралык турниринде үчүнчү орунду ээлегем.  2020-жылы Кыргызстандын кубогунун чемпиону жана 2021-жылдын кубогуна лидери болууга жетиштим.

-Токио олимпиадасына жолдомо утуп алганды спорт күйөрмандары да сүйүнгөн эле. Эми олимпиадалык таймашта ок атуунун кайсы түрү боюнча өлкө намысын коргойсуз?

-Олимпиадага саналуу гана күндөр калды. Кудайым буюрса  Токиодо 10 метр аралыктагы бутаны “Файн” үлгүсүндөгү  мылтык менен атып, таймашууга чыгам. Биздин спорт түрүндө мылтык жана тапанча деп эки түргө бөлүнөт эмеспи, спортчу ушул экөөнүн бир тарабын гана тандашы керек. Мен 2010-жылы бул спортко келген жолумдан баштап мылтык менен атып, машыгып жүрөм. Пневматикалык же жел  мылтык менен  10 метр аралыктагы бутаны  атам. Токио олимпиадасында дүйнөдөгү эң мыкты тандалган мергендер менен күч сынашканы турам. Баардыгы күчтүү атаандаштарым болуп саналат.

-Олимпиадалык мелдештерге даярдыктарыңыз жана маанайыңыз кандай?

-Чынын айтсам даярдыктар эң сонун, маанайым да жакшы. Устатым жанымда колдоп, баа жеткис  асыл сөздөрүн айтып жатат, ата-энем жана бир туугандарым дагы колдойт, федерациябыз толук кандуу жакшы колдоо көрсөтүп, даярдык көрүүгө  жакшы шарт түзүп беришти. Устатым Суровцев Виктор Васильевич  2010-жылы ушул спортко келген убактымдан баштап бүгүнкү күнгө чейин акыл-насаатын айтып, ок атуунун ыкмаларын, сырларын үйрөтүп келатат. Кудайым буюрса жакшы ийгилик жаратуубызга ишенеп турабыз.

-Сизден сырткары дагы бир туугандарыңыз ок атуу спортуна кызыгышабы?

-Бир туугандарым мен сыяктуу эле бул спорт түрүнө аябай кызыгат, негизи эле үй-бүлөбүз менен спортту жакшы көрөбүз. Атам да спорттун чыныгы күйөрманы катары волейбол, футбол, баскетбол ойноп, жаш кезинде универсалдуу спортчу катары таанылган. Сиңдилеримден кийин Бакберген аттуу иним  бар, ал дагы азыркы убакытта ок атуу менен машыгып жатат. Ал эми Кайыргүл деген сиңдим бул спорт түрү боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду жеңип, менин жолумду жолдоп, ал дагы келечегинен үмүткөр кылып келатат.

-Спорт жаатында кимди кумир, үлгү, өрнөк тутуп жүрөсүз?

-Кыргызстан боюнча мен кумир туткан эң күчтүү айым жана атактуу балбан, дүйнө чемпиону  Айсулуу Тыныбекова жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону Валентина Шевченко болуп саналат. 2010-жылы спортко келгенимден баштап Айсулуу айымды телевизордон суктануу менен карап, чынында мен үчүн кыргыз спортчуларынын ичинен Айсулуу эже үлгү, өрнөк болуп келат. Анын кайраттуулугу, ар дайым жеңишке умтулуусу, майталбас эрки, талбаган мээнеткечтиги, дүйнө, Азия чемпионумун деп бой көтөрбөгөн сабырдуулугу, бийик адамкерчилиги мени суктандырат. Айсулуу эже кандай гана учур болбосун, бизди ар дайым колдоп, бизге өзүнүн акыл-насааттарын айтып, жеңиштерге шыктандырып турат. Эгер ок атуу спорт жаатында деп сурап атсаңыз, анда олимпиада чемпиону Александр Мелентьев мен үчүн эң башкы өрнөк болуп саналат. Биз машыккан спорттун тарыхы абдан терең, абдан бай. Александр Мелентьев – бул ок атуу спортубуздун  тарыхынын туу чокусу, учурда ал жеткен бийиктикке эч ким жете элек. Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону, дүйнөлүк рекордчу. Беш жолу дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган. Европанын сегиз жолку чемпиону, СССРдин  13 жолку чемпиону болгон. Мен айрым  гана ийгиликтерин, жеңиштерин айттым.  1980-жылы Москва олимпиадасында койгон дүйнө рекорддун 34 жылдан кийин  гана 2016-жылы эле кореялык спортчу жаңыртты. Мелентьевдин биз үчүн кылган иши, тарыхы мага мотивация берип, ар дайым шыктандырып, үлгү десем жаңылышпайм. Себеби бул спортко келгенде эле ок атуу спортунун тарыхына кызыгып, биринчилерден болуп иликтей баштаган.  Ал эми эл аралык мергендерден кумир тутуп, өрнөк санаганым кытайлык Йос Селинг ,орусиялык Любовь Галкина да мен үчүн үлгү болуп саналат. Азыркы учурда сербиялык Ивано Максимович деген эң мыкты спортчу бар. Анын дагы ийгиликтери, жеңиштери мени суктандырып келет.

Биздин айылда спорт ийримдери жок болчу, бирок ок атууга келгениме мен эч өкүнбөйм, анан тарыхын изилдеп баштаганда баарын уккандан кийин биздин спортто олимпиада чемпиону Александр Мелентьев бар экенин билгем. “Биздин тарыхыбыз чоң, мен дагы олимпиада чемпиону боло аламын, менин алардан эч нерсем кем эмес” деп өзүмө максат койуп, мотивация берип, ар дайым шыктанып турам. Ошондой эле Москва олимпиадасында 5 спортчубуз: Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Николай Чернецкий жана Александр Мелентьев олимпиада чемпиондору болушуп, кыргыз спортунун туу чокусун жаратып коюшканы биз үчүн үлгү, өрнөк, бай тарых болуп саналат.

– Мылтыгыңыз да кымбат болсо керек. Бир автоунаанын кунуна татыйбы?

-Учурдагы мылтыгымдын баасы 2500 АКШ долларына барабар.Сиз баамдагандай  өзүмдү чакан автоунааны көтөрүп жүргөндөй сезем.   Мылтыгым менен  спорт жабдыгым, кийимди бапестеп кармап, көзүмдүн карегиндей сактап келем. Мылтык жөнүндө сурап калдыңыз,  мага жаңы мылтык алып берүүгө мага “АЮУ” коомунун төрайымы Абдыкеримова Айзада Базаркуловна жардам берип, демөөрчүлүк кылды.  Ошондой эле азыркы учурда жаңы жабдыктарды, спорттук мергендик кийимдерди өлкөбүздүн ок атуу федерациясы алып берип жатат, ушул федерациянын президенти Эргешов Саламат Абдыжапаровичке дагы терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин.

-Журналисттик кесипти тандап алгандык, жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташып жүрөсүзбү?

-Учурунда Кыргызстандын жаштар саясаты , спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматында биринчи курстан практиканы өтүп, кызматташууну аркалап келгем. Спорттук журналистикага кызыгам. Көбүнчө спорт тарабынан окуу-машыгууларга барып жана машыгуулар менен кошо окуумду айкалаштырууга аракет кылып жүрөм. Чынында журналистика жаатына иштегенге  азырынча убактым болгон жок. Бирок  келечекте мен дагы сиз сыяктуу спорт журналисти болсом деген максатым бар.

Спорттон сырткары эмнелер кызыктырат? Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

–  Спорттон сырткары мен чет тилдерин үйрөнүү менен алектенип жатам. Себеби эл аралык мелдештерге, чет мамлекеттерге барганда чет тилдерин билүү зарыл эмеспи.  Ошондой эле спорт журналисти болуш үчүн англис тилин мыкты деңгээлде өздөштүрүүгө аракет кылам. Бош убактымда мылтык аткандан кийин кээде “стретчингге” барып, муундарымды чойуп, булчуңдарымды чыңдайм, бош убагымда сууга сүзүүгө дагы барып турам. Себеби мылтык атууга да күч-кубат, көп энергия талап кылынат эмеспи.

 – Генерал болууну эңсебеген жоокер эмес дегендей бардык спортчу олимпиада, дүйнө чемпиону болууну самашат. Сиздин келечектеги максаттарыңыз дагы ушундай болсо керек?

-Чынында эмгегимдин, аракетимдин үзүрүн берип жатканына мен ар дайым кубанып турам, бизге да бир күнү ийгилик жылмайт, биздин көчөдө да майрам, жеңиш болот деп ишеним артып келген элек. Чынында устатым экөөбүз ар дайым тытынып эмгектенип жүргөнбүз, бирок “аракетке берекет” дегендей,  талбаган эмгек, мээнет дагы өзүнүн үзүрүн берет экен.Дагы алдыда далай ашуулар, мелдештер, сыноолор турат. Келечекте  Дүйнө чемпионаттарына, дүйнө Кубокторуна катышып, Кыргызстандын туусун бийик көтөрсөм деп тилек кылып жүрөм. Токио олимпиадасынан  кийин Казакстанда Азия чемпионаты болот, мындан кийин ага даярдыктарды көрүп, мындан ары алдыга умтулуп, ийгиликтерди жаратууга аракет кылмакчыбыз. Мен муну менен токтобой, алдыга гана умтула бермекчимин.

-Рахмат, жакшы маегиңизге! Токио олимпиадасында дагы жылдызыңыз жанып, байгелүү орундарды ээлеп келишиңизге тилектешпиз.

Кабыл Макешов,  пресс-атташе, спорттук баяндамачы

Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: "Ушундай болоорун билип, катуу эскерткемин "

– Шайлообек Карыбекович, 11-апрелде өткөн жергиликтүү шайлоолордун ызы чуусу али күнгө чейин басылбай жатат. Шайлоо чын эле ыпылас өттүбү?

– Шайлоо болуп көрбөгөндөй ыпылас өттү. Көрдүңүз, Бишкекте шайлоо күнү машине кармалып, багажы толтура акча чыкты. Ош шаарында болсо, кечээ туалеттерден бюллетендер чыгып атат. Күн мурунтан БШКга коомчулук айтып, какшап атты. Эч ким алдын алган жок.

– Депутаттар БШК өкүлдөрүн жыйынга чакырып, эскертсеңер болот беле?

– Жеке мен төрагадан суранып атып, сессияга чакырттым. Көп депутаттар мыйзамсыз аракеттер болуп жатат деп эскерттик. Мен атайын жарыш сөзгө чыгып, Оштогу мыйзамсыздыктарды да, айтып бердим. Керек болсо, шайлоо мезгилинде админресурс колдонгон айрым коллегаларымын да атын атадым.

– Ошто да Бишкектегидей шайлоо болдубу?

– Андан да ашып түштү. Мен сессияда айттым, “урматтуу БШК өкүлдөрү, Бишкек менен Ош шаарындагы мыйзамсыз көрүнүштөргө баа бербесеңер, шайлоодон кийин кыйын болот. Өлкөбүздөгү 3 – революция шайлоодон улам болбоду беле. Эмнеге эсиңерге келбейсиңер” дегемин. Көрүп атасыңар, кудум мен айткандай болуп жатат.

– Эми кандай чечим керек?

– Мына митинг, пикеттер шайлоодон бери уланууда. Бишкек шаардык кеңешке өткөн партияларды четтетип, алар нааразы болуп, кыскасы, хаос. Чечимди БШК алат. Менимче, жөн жай жайгарып коюу бираз оорураак окшоп калды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: "Кыргызстанда демократия эч убакта болгон эмес..."

– Азыр баарынын кеп кылганы эле алдыдагы референдум, жаңы Конституция тууралуу болуп, колдогондор жана каршы чыккандар табылып жатат. Сиз бул тууралуу кандай ойлойсуз? 

-Жакшыбы – жаманбы биз бул Конституция менен 10 жыл жашадык. Тажрыйбабыз бар жана андан жыйынтык чыгара алабыз. Эмнеге учурдагы Конституция өлкөнү ушунчалык начар акыбалга кептеп койду деген суроо туулат. Эмнеге бизди демократияга жакындатпады, башкаруу системасын жакшыртпады жана жок дегенде карапайым элдин жашоосун оңдободу?

Бул суроолорго канчалык тереңдеп жооп бербейли, чындыкка дал келишибиз күмөн… Так ошондуктан менде өлкөбүз жана элибиз демократияга даярбы деген суроо дайыма жашайт.

Эгемендүүлүктүн отуз жылында биз демократияны калыптандыра албадык, анын принциптерин түптөбөдүк, ийгиликтүү өлкөлөрдөй демократиянын жемиштерин пайдалана албадык деп гана айта алабыз, бул абдан өкүнүчтүү. 

– Сиз бизде эч убакта демократия болгон эмес деген ойду айткыңыз келип жатабы?

-Баары салыштырмалуу. Түндүк Кореяга салыштырмалуу биз демократиялык өлкөбүз, а Батыштын өнүккөн өлкөлөрүнүн жанында демократияны кыялданган гана өлкөгө айланабыз… ооба, толук масштабдуу, жетилген демократия Кыргызстанда эч убакта болбогон, биз ушул жолду басып өтүшүбүз керек. Анан да демократиянын туу чокусуна туура, тарыхый жактан тастыкталган таянычты табуу абдан маанилүү.

-Анда эгемендүүлүктүн 30 жылында бизде эмне болду? Кайда жана эмнеге жол бастык?

-Эгер образдуу айта турган болсок, анда биз аттын алдына арабаны чегип алдык… биз коммунисттерди демократиялык түрдө сүрүп чыгардык да, аны демократиянын жеңиши деп атадык. А чындыгында, жашоодо эмне орун алды? Жамааттык жоопкерчиликсиздик. Жамааттык, тегеректешкен бабырамайлар! Эл мүлктөрүн бийликтин акырына жакын бизнесмендердин колуна шашылыш бөлүп салып бердик, жыйынтыгында бир ууч үй-бүлө жомоктогудай байыды да, эл жапыр жакырчылыкка батты. Токсонунчу жылдардагы жакырчылык жана үмүтсүздүк дагы деле күнүмдүк жашоодо кездешет.

-А сиз Кыргызстандагы чыныгы демократияны кандай элестетесиз?

-Демократиянын үч негизги белгиси бар, алардын бири эле болбосо, кайсы өлкөдө болбосун демократия алгач “дерьмократияга”, андан соң элдик толкундоолордон кийин охлократияга айланат. Көз карандысыз акыйкат соттор, кубаттуу партиялар жана көз карандысыз ММКлар – мына ушулар демократиянын негиздери.

Эгемендүүлүктүн отуз жылында бизде, качандыр бир көз карандысыз соттук система, акыйкат сот болду беле? Жооп: болгон эмес жана азыр да жок.

-Кыргызстанда ачык-айкын көрсөтүлгөн идеологиялык платформалуу, жетилген демократиялык жолдо бараткан партиялар барбы? Андайлар жок жана болгон да эмес. Биз бүгүнкү партияларды бири биринен лидерлеринин аты-жөнү аркылуу гана ажыратып калдык. Лидерлик партиялар ички демократияны орнотууну каалашпайт, ошондуктан толук кандуу демократиялык партия боло алышпайт.
Көз карандысыз маалымат каражаттары бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк Интернет желесинин шарапаты менен гана түптөлө баштады. Фейсбук баарынан биринчи маалыматка түз байланышты жана пикир билдирүүдөгү тең укуктуулукту камсыз кылат. Оппозициялык ММКлар көз карандысыз ММК экенин билдирбейт. Жолду басып бараткан адам өздөштүрөт, биз жолдун башталышында турабыз, так ошол жамааттык, коомдук аң-сезимдин эркиндиги татыктуу келечекке алып бара турган жолду жарык кылып көрсөтөт. Аллахка шүгүр, бул жаатта бизде баары жакшы, патриоттор жана жигердүү жаштарыбыз көп жана бул келечегибиздин кепилдиги. 

– Эмнеге учурдагы Конституция купулуңузга толгон жок?

-Формалуу белгилерге таянсак, учурдагы Конституция чындыгында демократиянын стандартына туура келет. Фокустун баары ушунда. Анда бийлик бутактары менен партиялык шайлоолордун, сөз эркиндиги менен мыйзамдуулуктун тең салмактуулугу сакталган. Бирок дагы да суроо туулат, а эмнеге ушунун баары иштеп кетпеди, ийгиликке жетелебеди? Жыйынтыгында, биз эмнеге ээ болсок ошого ээ болуп отуруп калдык, кезектеги элдик толкун жана артка кайтуу, кайрадан жаркын келечекке жол издөө. Жооп жөнөкөй. Өлкө жана эл демократиянын жогорку стандартына, бийлик бутактарына партиялык шайлоолорго даяр эмес. Жакырчылыктын, жумушсуздуктун, коррупциянын гүлдөп-өсүшүнүн, регионализмдин, кландуулуктун, саясий маданияттын төмөндүүлүгүнүн шартында өлкөнү демократиялуу, цивилдүү башкарууга жана кандай болсо да коомдук байкалаарлык жыйынтыкка ээ болууга умтулуу, бул – утопия, профанация жана демократиялык баалуулуктардын дискредитациялоо.

–  Референдумга кайрылалы. Эл жаңы Конституцияга добуш беришине күмөн жок, бирок баарын андан кийин эмне болот деген суроо кызыктырууда. Маргиналдардын орто кылымдык хандыгына кетпейбизби же полициялык мамлекетке айланбайбызбы?

– Так жооп жок. Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев бийликке элдик үмүттүн толкунунда келишти. Бүгүн да алар бул үмүттүн туткунунда турушат. Элдик учкул сөздү билесиздер да – “сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам”. Орто кылымдык хандык тууралуу бир жактуу айта алам, мындай нерсе эч убакта болбойт, хандык салт биз үчүн эмес жана биз тууралуу эмес. Полициялык мамлекет… айланасындагылар жана күч органындагылар муну жасоого аракеттениши мүмкүн, бирок учурдагы лидерлердин саясий өлүмүн тездетет, муну алар эң сонун түшүнүп турушат.

Так бүгүнкү саясий кырдаалдын алгоритми мындай, Жапаров-Ташиев тандемине элге байкалаарлык жыйынтык тез арада абдан керек.Калктын калың катмарына “кустурабыз”, “дакансадан” башка да жогорку кирешелердин, маяналардын, пособие жана пенсиялардын негизинде табылчу нан да керек. Стабилдүүлүк жана коопсуздук керек, соттордун, прокурорлордун, милиционерлердин, көзөмөлдөөчүлөрдүн, салыкчылардын, санитардык дарыгерлердин, ар кандай ишкерчиликке берилчү документтерде акыйкаттуулук зарыл жана буга ар кандай жаза чаралары менен жетишүү мүмкүн эмес. Бул жерде биз мультипликативдик күчтүү натыйжага ээ болгон мамлекеттик системалуу жана ыкчам чечимдер керек.

Жаңы Конституцияда дагы бир чоң жакшы нерсе бар, президент аткаруу бийлигинин башчысы болуп эсептелинет жана өкмөттүн иши үчүн толук кандуу жоопкерчилик тартат. Өкмөт мындан ары кайсы иште болбосун айыптуу болуп калбайт.
Эгемендүүлүктүн отуз жылында отуз өкмөт алмашты, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик тутум квалификациялык деградацияга туш келди. Бүгүнкү күндө өлкөбүз жарым кыйроо абалында турат. Ачуу чындык ушундай.

Данияр Көбөнов: "Чоң таймашуулар, сыноолор алдыда турат"

Жакында Бишкектен Америкада жашап, иштеп жүрөт деген кыргыздын атактуу балбаны,  грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер  Данияр Көбөнов мырзага жолугуп, кенен маектештик. Ал  Америкадагы жашоосу, алдыдагы бийик максаттары, учурдагы кыргыз балбандарынын чеберчилиги тууралуу кеп кылып берди.   

Данияр мырза, сизди Америка Кошмо Штаттарында жашап, ошол жакта иштеп жүрөт дешти эле. Бишкекке качан келдиңиз?

-Туулуп, өскөн мекеним Кыргызстанга  Америка Кошмо Штаттарынан келгениме эки ай болуп калды. Эл-жеримди сагынычым али дагы тарай элек. Досторум, жакшы санаалаштар менен жолугуп, черим жазылып жаткан учур. 

Учурда спорт менен да машыгып жүрөсүзбү? 

-Азыр мен грек-рим күрөшү менен алектенгенимди убактылуу токтотконум менен бул жерде да  башка профессионалдуу спорт түрүнө машыгуу иштери менен алек болуп жүрөм. Дагы кошумча англис тилин тереңирээк үйрөнүп, бизнес, ишкерлик кылганды да үйрөнүп жатам. 

-Америкада эмне менен алектендиңиз? 

-Америкада мен акыркы убакыттарда машыгуу иштери менен алек болуп, ал жерден дагы ишкерликти, бизнес кылганды үйрөнүп, кошумча окуп жаттым. Заманга жараша  азыр мен Америкада дагы болуп, Кыргызстанга дагы келип турам. Америкада менин досторум бар, кээде-кээде кызыкчылык үчүн штаттарды кыдырып, таанышуу үчүн жүк ташуучу чоң машиналарды айдап, досторго жардам берип койом.  Бирок бул эң маанилүү ишим эмес, ал жакта дагы машыгууларды жүргүзүп, чакан бизнес ишин баштап жатам. Бизнес кылуу үчүн, окуп, үйрөнүп, жакшы даярдык көрүш керек экен. Ошондуктан бул тармакта мен азыр турак үйлөрдү иликтеп, үй куруу боюнча ишкерликти үйрөнүп, кыймылсыз мүлк сатуу менен алектенем. Акча табуу, аны туура пайдалануу оңой-олтоң иш эмес экен. Жашоонун өйдө-төмөнү мени чыйралтты, чыңалтты, такшалдырды. Кагылып- согулуп, көп нерсеге көзүм жетти. Америкада жүрүп, жалкоолуктан арылып, көп мээнет кылууну үйрөндүм. 

Грин карта алдыңыз беле?

-Ооба, Америкада жашоого грин карта утуп алгам. Мындан 10 жыл мурда дагы барып, бир жылдан ашуун жашап, иштеп келгем. 

-Үй-бүлөө курган элеңиз. Келинчегиңиз дагы Америкада жашоону ылайык көрүп жатабы?

-Келинчегим Айгүл менен 2-3 жума Түркияда эс алып, азыр Бишкекке келгенбиз. Менимче азыр бул жерде болуп турабыз. Чукул арада көз жарганы турат. Наристе күтүп жатабыз. Ошондуктан өз үйүң, өлөң төшөгүң деп,  Бишкекке келдик. Келинчегимдин кесиби экономист, абдан зээндүү, жакшы таалим-тарбия көргөндүктөн ар дайым мени колдоого алып, түшүнүп турат. Кайын-журтумдун тамыры көлдөн болот. Бишкекте турушат. Кайын атам дагы спортту түшүнгөн, күрөш боюнча СССР спорт чебери болгон адам. 

– Биздин грек-рим күрөшү боюнча тандалма команданын мүчөлөрүнө дагы кеп-кеңеш айтып, тажрыйбаңды бөлүшүп жүрөсүзбү?    

-Биздин балдарга, жаш балбандарга кээде-кээде тажрыйбамды бөлүшүп, кеп-кеңештерди берип турам. Жакында өткөн быйылкы өлкөбүздүн чемпионатты  атайын барып көрдүм, жакшы таланттуу, шыктуу балдар өсүп келаткан экен. Албетте, кээ бир балдарга мен атайын кеп-кеңешимди берип, күрөш ыкмаларын үйрөтүп, кемчиликтерин жоюу жолдорун айтып берип турам. 

-Быйыл Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга кыргыз балбандарынан  грек-рим күрөшүнөн Атабек Азизбековдон башка дагы кимдер жолдомо алышы мүмкүн?

-Жакында апрелде Алматы шаарында Токио шаарында өтө турган олимпиада оюнарына жолдомо алуучу Азиялык турнир болот. Ошондо грек-рим күрөшүнөн  2 же 3 жигит жолдомо жеңип алышы мүмкүн. Эл аралык аренада таанылып келаткан дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбеков учурда табында экен, ушул жигиттин жолдомо алганга мүмкүнчүлүгү бар. Ал өткөн жылдын декабрь айында Сербия өлкөсүндө өткөн дүйнө Кубогунда алтын медаль тагынып, келечегинен үмүткөр кылып койду.   Андан кийин 97 килограмм салмакта өлкө намысын татыктуу коргоп келаткан   Үзүр Жусупбеков  деген балбан өсүп келе жатат, анын тажрыйбасы жогорку деңгээлде. Ал Азия чемпиону болуп, жакында эле Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы баш байгени утуп алды.  Анан Калы Сулайманов, Акжол Махмудовдун дагы келечеги кең.  Бүгүнкү күнгө чейин бул балдарды күч сынашууларга даяр сыяктуу көрдүм. Бирок, алдын ала айтуу кыйын. Алдыдагы күрөш, килем үстүндөгү таймаш көрсөтөт.  Бирок алардан сырткары дагы эки  жаш жөндөмдүү  балдар бар экен, алардын келечеги кең, өздөрүн кийинки чемпионаттарда көрсөтүшөт го деп ишенип турам. 

-Спорттук күрөш боюнча Айсулуу Тыныбековадан башка эр азаматтардан дүйнө чемпиону жок. Эмне үчүн ушундай бийиктикке жигиттер жете албай турушат?

-Чынында Айсулуу феномен, таланттуу балбан кыз. Кыргызды дүйнөгө, эл аралык аренага таанытып койду. Алыска чуркаган күлүктөй эле, намыска жарап, улам бир турнирлерди, дүйнө кубогун да утуп, табында келатат. Эми Токио олимпиадасынан байге утуп, олимпиада чемпиону болсо экен деп тилек кылып жатам. Анын мындай спорттук бийиктиктерге жетүүсүнө устаты Нурбек Изабековдун салымы тоодой. Кыздар, айымдар күрөшү дүйнө жүзүндө жаңыдан өнүгүп, кулачын кеңири жайып келатат. Айсулуунун жолун жолдогон кыргыз кыздарынан дагы дүйнө чемпиону чыгышы толук мүмкүн. Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу кыз балбандардан үмүт чоң.    

Келечекте Айсулуу сыяктуу  күрөшпү же башка спорт түрүнөнбү дүйнө чемпиону чыгыш керек.  Бирок бизде эр азаматтардан андай чемпион азырынча жок. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери эркек жигиттер арасында бокс, грек-рим, эркин күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика жана башка олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча бир да дүйнө чемпиону жок. Муну ачык эле айтып, моюнга алып, намыстанып, аракет кылышыбыз керек. 

-Сиздин деле дүйнө чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүңүз бар беле? Эмне себептен дүйнөлүк бийиктикке жетпей калдыңыз? Арман кыласызбы? 

 – Генерал болууну эңсебеген жоокер болбойт, дегендей бардык спортчу дүйнө чемпиону болсом деп тилек кылат.  Мен дагы дүйнө чемпиону болсом деп, аракет кылдым. Бирок,  талбай машыгуу, тер төгүп, мээнет кылуудан сырткары дагы таасир эткен факторлор, жагдайлар болот экен. Кээде калыстар калыстыктан тайып, чоң таасирдүү мамлекеттердин көзүн карап, кендириңди кесип, жолуңду тосуп коет экен.  Мен  2010-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү болуп, коло медаль таныгдым.  Эми өзүм жөнүндө айта кетсем, мен дүйнө чемпиону боло алмакмын. Мен өзүмдүн кемчиликтеримди билем,мага бир аз гана жетпей арманда калдым. Лондон Олимпиадасынын алдында салмагым 84 килограмм болуп, дээрлик 10 килограммга толуп кеткен элем. Анан салмак кууйм деп ички энергиямдын баарын берип салдым. Тамак-аштан өзүмдү чектеп диета кармадым, бирок негедир салмагым жогорулап кетти. Жеңилишиме өзүм күнөөлүүмүн. Күнөө өзүмдө гана болду. Кээде чектен ашыра күч-кубат жумшап, катуу машыгып алып, кайра калыбыма келеалбай калган учурлар да болду.
Азыр көп нерсеге көзүм жетти. Эгерде азыр күрөшсөм мен башкача даярдык көрөт элем. Бирок бизге дүйнөлүк деңгээлдеги кеп-кеңеш берип турган  адис жетпей жатат. Мен грек-рим күрөшүн гана мисал кылып айтайын. Дүйнөлүк деңгээлдеги адистер командасы иштеген  Орусия же ошол эле Иран,  ошол эле Азербайжан, Кытай, Түштук Корея өлкөлөрүндө дүйнө чемпиондору бар. Бизге ошол мамлекеттердегидей дүйнөлүк адистер, устаттар жетишсиз болуп, аксап турабыз. Биздин деңгээлибиз кичине жетип, жетпей, бир аз чийки болуп турат. Чынында  дүйнө чемпионатынын байге ээлери бар, дүйнө чемпионатынын финалына чейин барып, бир тепкич жетпей турабыз. Ошондой эле Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарын уткан балбандарыбыз бар. 

-Эмне себептен биздин балбандарга бир кадам жетпей жатат? 

-Анткени бизге ошол жетишпеген жактарды талдоого алып, майда деталды бизге дүйнөлүк  деңгээлдеги машыктыруучу, адис айтып, кеңеш бериши керек эле. Алар жөн гана машыктыруучу эмес, консультант катары келип, бизге килемде даярдык көрүп жатканда кеп-кеңеш берсе ошондо биздин жигиттер дүйнө чемпиону болмокпуз. Бирок дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучулар айына 5000 АКШ доллар айлык акы алышат. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Эгер 5000 долларды мамлекетибиз  төлөй турган болсо, кийинки учурда дүйнө чемпионун чыгарсак болот. Азыркы учурда грек-рим күрөшү тууралуу маалымдай кетсем, бизге дүйнөлүк деңгээлдеги адис машыктыруучу келиши керек да. Биздин устаттар деле келечекте дүйнөлүк чемпиондорду өзүбүз эле чыгарабыз деп көп жылдан бери айтып келе жатат, бирок эгемендик алганы 30 жылдан бери тарбиялай элек. Бул жагдайды алар  өздөрү терең ойлошу керек. 

-Дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучудан сырткары дагы спорттук медицина, фармакология дагы спорттук көрсөткүчтөргө таасирин тийгизеби? 

-Чынында  дүйнөлүк чемпион наамына биздин деңгээлибиз жете элек, ал үчүн эч кандай фармакология жана  спорттук медицинанын кереги жок. Алар бир аз гана көмөкчү болушу мүмкүн. Бизде таланттуулар көп, бирок мен дары-дармек менен күч-кубаттуу болот деген пикирге анчалык кошула бербейм. Табигый экологиялык таза азыктар жетиштүү болот.  Фармакология жана витаминдер менен чемпион болуу жетишсиз. Мисалга Куба өлкөсүнүн балбандарын, спорт мектептерди көрсөңүз керек, аларда эч нерсе жок, аябай кедей мамлекет.   Куба өзү биздей жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Спортчулары кесипкөй болбой эле, олимпиада, дүйнө чемпиондору  такси айдашат, май куюуучу жайларда, курулушта иштешет” дейт. Алардын биздикиндей укмуш фармакологиясы, спорттук медицинасы жок. Эч кандай дары-дармек, витамин колдонбой эле, аларда Олимпиада жана дүйнө чемпиондору чыгып жатпайбы? Эң негизгиси дүйнөлүк деңгээлге жеткен өздөрүнүн машыктыруучулары, адистери жана спорттук мектептери бар. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүп, билимдерин жогорулатып, окуп-үйрөнүп, изилдеп, иликтеп турушкан үчүн натыйжа болууда. Чемпиондорду чыгарган устаканадай, фабрикадай эле системалуу иш алып барышат. 

– Америкалыктардын спортко көз карашы кандай экен. Алардан эмнелерди үйрөнө алдыңыз?

 -Америкалыктар ден соолугуна өзгөчө маани берген калк экен.Спорт менен машыгып, ийгиликтерге жеткен жаштарга окуудан жеңилдиктер берилип, кепилдик болот экен. Америкада жашаган  адамдар көп эмгектенишет.Спортчуларды да баалап, барктап, урматтап турушат. Биздин балдар күнүгө эртең менен 2 саат, түштөн кийин 2 саат машыгышса, ал жакта биздин балдардан эки эсе көп 8-10 саат машыгууга убакыт жумшайт экен. Америкада күрөш эмес, башка спорт түрлөрү да жогорку деңгээлде өнүккөн. Ошол эле бокс, азыркы UFC чемпиондору: Тайсон, Мухаммед Али, Мэнни Пакьяо залкар спортчулар чыккан. Ал жакта көп эмгек кылат экен. Ал жактан ошол күжүрмөн эмгекти, мээнет кылганды үйрөндүм. 

Ошондуктан бизден олимпиада, дүйнө чемпионун чыгарабыз десек анда дүйнөлүк машыктыруучуну алып келишибиз зарыл. Мен муну өзүмдүн жон терим менен билген спортчу катары айтып жатам. Келечекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс, дзюдо, оор атлетика жана башка спорт түрлөрүнөн дүйнөлүк чемпионду чыгарабыз десек, анда бизде тажрыйба жетиштүү болушу керек. Эгер  мен айткандай дүйнөлүк адистерди алып келбесе, анда чыгышы кыйын. 30 жылдан бери бир да дүйнөлүк чемпион жок. Муну деген бүткүл мамлекет жетекчилери ойлонушу керек. Бизге эл аралык деңгээлдеги адистер жетишпей жатат. Же чет өлкөлөрдөгү спорт борборлорунан, белгилүү мектептерден окуп, ошол жакта иштеп, тажрыйба топтоп келишибиз керек. Ал үчүн бир топ жыл убакыт зарыл. Дүйнөлүк спорт бизди карап отурбай, дагы алдыга кеткен поездей өсүп-өнүгүп кете берет.

Эгемендүү өлкө болгону спорт тармагынын статусу улам кичирейип баратат. Мурда өзүнчө министрлик, анан мамлекеттик комитет болсо, кийин дагы кичирейип малекеттик агенттик болгон эле. Жакында дагы кыскарып, маданият министрлигинин карамагына кошулду. Бул өзгөрүүлөргө кандай карайсыз?    

-Спорт тармагына мамлекет өгөй баласындай мамиле кылып келеатат. Сиз айткандай улам статусу, даражасы кичирейип, бюджети кыскарып баратат.  Менимче маданият өзүнчө бөлөк болушу керек. Маданият менен спорттун өзгөчөлүктөрү, айырмасы асман менен жердей. Спорт менен маданият эки башка түшүнүк, эки бөлөк тармак. Бир арабаны эки атка чексе болот. Бизде тескери болуп, бир чабал атка эки арабаны чегип алгандай эле кеп болуп калды.  Спорт Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткандан кийин өзүнчө болушу зарыл эле. Саясатка аралашкым келбейт. Бирок, спорт Кыргызстан үчүн кандайдыр бир өзүнчө өзгөчөлүгү, милдети бар тармак болуп эсептелет. Маданият министрлигине кошуп, спортчулар маданияттуу, тарбиялуу болсун дегени жакшы. Бирок Кыргызстандын желеги президент чет өлкөгө расмий сапар менен барганда жана спортчулар дүйнө, Азия чемпионаттарын, Олимпиада оюндарында жеңгенде гана өлкө желеги обого бийик көтөрүлүп, Гимн ойнотулат. Ошондуктан спортту өнүктүрүүгө  мамлекеттик деңгээлде салым кошуп, камкордукка алып, шарт түзүү зарыл. Учурда коңшу  Казакстан жана Өзбекстандан ат чабым артта калып жатабыз.  Ал мамлекеттерде спорт тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Бирок бул жерде менин оюмча кеп акчада деле эмес,  алар адистердин деңгээлин жогору көтөрүп жатышат. 

Кээ бир машыктыруучулар мени жаман көрүп, “Данияр биздин колдон таалим-тарбия алып, суу ичкен кудугуна түкүрүп жатат. Өзүбүз эле машыктырып, дүйнө чемпионун чыгарабыз” деши да мүмкүн. Бирок, ачуу болсо дагы чындыкты айтышым керек. Мейли аларды машыктыруучу катары алып келбесек да кеңеш берген адис катары алып келишибиз зарыл.Бул үчүн атайын мамлекеттик программа иштеп чыгып, долбоор катары ишке ашыруу керек. Себеби, бул  мамлекеттик деңгээлдеги маселе, жетекчилер ойлонуш керек. Учурда олимпиада чемпионун чыгаруу бул эң маанилүү маселенин бири. 

Иниңиз дагы сиздин жолду жолдоп күрөшүп, өлкө намысын коргоп жүргөн эле. Азыр эмне менен алек болуп жүрөт?

-Иним күрөшпөй калган, ал азыр өзүнүн үй-бүлөсүн багууга аракет кылып, ишкерчилик кылып жүрөт. Андан башка бир да бир тууганым күрөшкөн жок. Мен беш бир тууганмын. Аларга баш көз болуп, жол көрсөтүп, үлгү болууга аракет кылып келеатам. 

-Спорттон тышкары эмнеге кызыгып жатасыз?

 -Спорттон тышкары мен бизнес, ишкерлик менен алектенем. Менин негизги кесибимдин бири-юрист болгондуктан бул тармакты үйрөнүш үчүн дагы көп окуп жатам. Ал үчүн насаатчылар дагы керек экен. Америкадагы досторум кеп-кеңештерди айтып, багыт берип турушат. Ал жактагы кыргыздар, башка улуттар менен да мамилем жакшы. Эң бакшысы спорттон кол үзгөнүм жок. Спорттун дагы бир түрү боюнча чоң таймашууларым, сыноолорум алдыда турат. Кыргызстанды дагы бир нече ирет таантып, дүйнө чемпиону болуу тилегимди орундатуу үчүн талбай машыгууларды өткөрүп, даярдык көрүп жатам. Ал спорттун кайсы түрү экенин кийин билесиздер. Азырынча табышмак, сыр болуп турсун. Спорт- бул менин жашоом, арманым, рахатым. Эркин күрөш, бокс, джиу-джитсу, эрежесиз эр кармаш менен дагы машыгып, спорттук табымды, формамды сактап жүрөм.

-Чын дилден жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Сизге чың ден соолук, ийгилик, жеңиш каалайлы. 

Кабыл Макешов, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, спорттук баяндамачы.

Меню