Menu

ТАРЫХ

Видео - Сталиндик репрессия курмандыктарына 80 жыл

8-ноябрда Кыргызстан 1937-жылдагы репрессия курмандыктарын эскерүүдө. Каргашалуу окуянын 80 жылдыгына карата эскерүүлөр “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жана жер-жерлерде уюштурулуп, эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындар да өтүп жатат. Тарыхый изилдөөлөрдө Кыргызстандан 40 миң чамалуу киши сталиндик репрессиянын курмадыгы болгону айтылып келе жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=9OHvkgnSAII&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда Октябрь революциясы митинг жана жүрүштөр менен белгиленди

Москва борборунда коммунисттер партиясы “Солчул фронт” кыймылы менен бирге демонстрация өткөрүштү. Алар “Социалисттик революция жашасын” жана “Советтер өлкөсү менен сыймыктанабыз” деген ураандарды чакырышты.

Жүрүштүн катышуучулары Ленин, Сталин жана Че Геваранын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү. Митингдин катышуучулары акцияга 80ден ашуун өлкөнүн 120 саясий партиясынын өкүлдөрү катышып жатканын маалымдашты. Коммунисттер партиясынын башчысы Геннадий Зюганов жылуу өлкөлөрдөн келген делегациялар Москва аязында үшүбөсүн деп атайын күрмөлөрдү алып коюшканын кошумчалады.

Томск шаарында революциянын 100 жылдыгына арналган жүрүштө коммунисттер бийликти алмаштырып, бекер батир берген учурга кайтып келүү зарылдыгын билдиришти. Мындан тышкары алар президент Владимир Путинге кайрылышып, “согуш балдары” тууралуу мыйзамды кабыл алууну жана Лениндин сөөгүн кайра көмүү маселесин жабууну талап кылышты.

Севастополдо дагы коммунисттер партиясы Октябрь революциясынын 100 жылдыгын белгилешти. Жергиликтүү бийлик митингди мурдагыдай Нахимовдун эстелигинин алдында өткөрүүгө тыюу салды

“Яблоко” либералдуу партиясы болсо Москвадагы акциясын революциянын урматына эмес, эркиндик жана демократияны коргоочулардын элесине арнашты.

 

Ак үй Коммунизм курмандыктарынын күнүнө карата билдирүү жасады

Ак үй «Орусиядагы большевиктик революциянын 100 жылдыгы белгилеген 7-ноябрь — Коммунизм курмандыктарынын күнүнө карата билдирүү жасады.

Америкалык администрация «большевиктердин революциясы Советтер Союзун жана адам жашоосунун эркиндиги менен өнүгүүсүнө шайкеш келбеген он жылдаган эзүүчүлүк коммунизмди жаратканын» белгиледи.

Ак үйдүн шейшемби күнкү билдирүүсүндө Кошмо Штаттар чечкиндүү түрдө жаркын жана эркин келечекти эңсегендер тарапта болору жазылган.

“Өткөн жүз жылдын ичинде коммунисттик-тоталитардык режимдер дүйнө боюнча 100 миллиондон ашык кишини өлтүрүп, эксплуатацияга жана зомбулукка алышкан. Бул кыймылдар бошотуу деген шылтоолор менен системалык түрдө бейкүнөө адамдарды өз оюн эркин айтуу сыяктуу башка көптөгөн ыйык укуктардан ажыратып келишкен. Эркиндикти эңсеген жарандар зомбулук, коркутуу жана мажбурлоо менен мамлекетке баш ийдирилген. Бүгүн ошол кезде өлгөндөрдүн бардыгы жана коммунизмден жабыркап жаткандар биздин эсибизде”, – деп жазды Ак үйдүн басма сөз кызматы.

Орусияда 2017-жылы 7-ноябрда бийликке большевиктерди алып келген Октябрь революциясынын жүз жылдыгы белгиленди. Алардын бийлиги 1991-жылы, СССР кулагандан кийин аяктаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фото - Жалал-Абад: тарых жана ата-бабалар эскерилди

Биз бүгүнкү эгемен, жаркыраган Кыргызстан үчүн эмгегин, өмүрүн берген, улут көчүнүн узак жолунда ар кандай кыйын тагдырга туш болгон ата-бабаларыбызды, улуу тарыхыбызды барктамайынча, кийинки басар жолубуз түз болбойт. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган реквием-иш-чарасында негизинен ушундай ой айтылды, – деп билдирди шаардык мэриясынын маалыматтык борбору.

Жалал-Абад шаарынын мекме-ишканаларынын, окуу жайларынын эмгек жамааттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар борбордук аянтка чогулушуп, аянттагы ар кайсы жылдарда репрессияга тушуккан аталардын сүрөттөрү, аларга арналган китептер коюлган сереге гүлчамбарларды, гүлдөрдү коюшуп, аларды сүкүт сактоо менен эскеришти.

Реквием-иш чарасы учурунда жыйырманчы кылымдын башталышындагы, 20-кылымдын 30-жылдарындагы кыргыз элинин, улуттук элитанын башына түшкөн оор окуялар сахналык көрүнүштөр аркылуу көрсөтүлдү.

Катышуучулар алдына чыгып сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, аксакалдар жана жаштар кыргыз эли өз баалуулуктарына, өзүнүн карт тарыхына кайтып, өзү тандаган жол менен кетиши зарылдыгын баса белгилешти. Ал эми мындай иш-чара шаар тарыхында биринчи жолу болуп жатканын, мындан ары багытта мындан да маанилүүрөөк, мазмундуураак иштер алынып барылышы зарыл экенин айтышты.

-Албетте, Кыргызстан басып өткөн жолунда чоң ийгиликтерге жетишти, бирок биз тарыхтын каргашалуу барактарын да эстен чыгарбашыбыз керек. Эгер биз өз тарыхыбызга маани бербесек, ага чындыктын көзү менен карабасак, андагы оң жана терс көрүнүштөргө сергек баа бербесек, анда биздин келчегибиз да түз болбойт. Ошондуктан 1916-17-жылдардагы окуяларга, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берип, эле ата-бабалардын элесине таазим этүүбүз ылаазым, – деди шаардын биринчи вице-мэри Т. Темирбаев.

 

 

Черчилл менен тамеки чегишесиӊби?

Уинстон Черчиллдин 1947-жылдын 11-май күнү Париждеги Ле-Бурже аэропортунда чегип бүтпөй калган сигарасы сатыкка коюлган.

Тарыхтын дөө-шаасына айланган инсандардын аты-жөнү, колдонгон буюму, сүрөт-кагаздары, кийим-кечеси, деги койчу баары акчага айланып турган маал. Алсак, АКШда Уинстон Черчиллдин чегип бүтпөй калган сигарасы 12 миң долларга сатылды. Бул тууралуу “Associated Press” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Бостон шаарындагы “RR Auction” аукцион үйүндө Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчиллдин 1947-жылдын 11-май күнү Париждеги Ле-Бурже аэропортунда чегип бүтпөй калган сигарасы сатыкка коюлган. Сигараны британиялык учкуч Уильям Алан Тернер сактап койгон. Ал Уинстон Черчиллди Лондондон Парижге ташыган. Аукцион онлайн режимде өтүп, сигараны Флорида штатында жашаган, атын атагысы келбеген коллекционер 12 миң долларга сатып алды. Айта кетсек, “La Corona” маркасындагы сигара атайын буюртма менен жасалган. Анда Уинстон Черчиллдин аты да жазылган. Уинстон Черчилль Британ өкмөтүн 1940-1945 жана 1951-1955-жылдар аралыгында башкарган. 1965-жылы 24-январда каза тапкан.

Булак: “Майдан.kg

Нацизм жылдарында еврейлерди сактаган араб тектүү дарыгер сыйланды

Берлинде Мухамед Хельмиге ал өлгөндөн кийин медаль жана дүйнө элдеринин диний ишмерлеринин грамотасы ыйгарылды. Ал бул наамга татыктуу алгачкы араб тектүү киши болуп калды. Сыйлыкты «Яд ва-Шем» катастрофа жана героизм мемориалынын израиль интитуту ыйгарат.

Мухамед Хельми – египеттик дарыгер, нацизм жылдарында Берлинде иштеген, өмүрүн тобокелчиликке салып берлиндик еврейлердин өмүрүн сактап калган. Ал Анна Боросту, анын энесин жана чоң апасын депортациядан сактап калган. Мухамед Хельми тирүү кезинде эле өз жанын аябагандыгы үчүн Германиянын мурдагы канцлери Вилли Брандттын сыйлыгына ээ болгон.

Израилде Мухамед Хельмини сыйлоо чечими ал өлгөндөн кийин кабыл алынган. Белгилүү дарыгер 1982-жылы Берлинде көз жумган. Анын эмгектери Израилде акыркы төрт жылдан бери гана маалым боло баштаган.

Германиядагы Израиль элчисинин колунан медаль жана дипломду Хелминин жээни, дарыгер Насер Котби алды. Ал азем үчүн атайын Каирден келген. Учурда Мухамед Хельми тууралуу Израилде даректүү тасма тартылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жерге берилген мумия эбак эле сатылып кеткен эмеспи? Кеп ошондо!..

1960-жылдан бери борбордук тарых музейинде сакталып турган аял кишинин мумиясы жерге берилди. Бирок анын арты чоң чууну жаратууда. Буга чейин унчукпай отурушкан илимпоздор “мумияны жерге бербеш керек болчу, кайрадан казып алып чыгыш керек” – деп кыйкырып чыгышты. Ал эми диний көз-караштагы адамдар кайра казып алынса өлкөнү чоң кырсык басаарын билдирип жатышат. Ошентип учурда алтымыш жыл сакталган мумия чуу жаратууда. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков аталган мумия үчүн кимдир бирөөлөр 500 миң доллар сунуштаганын билдирди. Анын айтуусунда илимпоздор буга чейин изилдебей унчукпай эмнеге отурушкан? Рыскелди Момбеков депутат боло элекке чейин Маданият жана маалымат министри кызматын аркалаган. Демек мумия тууралуу бир сырды билет. Мумияга кызыкдар тараптар көп болгону байкалып эле турат. Жерге берилгени да туура болгондур. Кеп аны жерге бергенде эмес, кеп ошол мумия эбак эле сатылып кеткен эмеспи дегенде турат. Жерге берилген сөөөк так ошол мумиябы же? Мына ушул суроо учурда актуалдуу болуп турат. Өткөн жылдары тарых музейи өрттөнгөндө мумия кошо өрттөнүп кетиптир деп да чыгышкан. Айтор бул маселе дагы бир топ чууну жарата турган болуп калды.

Булак: “Ачык саясат”

Фото - Пекинде "Манас" эпосу боюнча кытай тилиндеги операнын бет ачары өттү

Пекин шаарынын «Тянь чяо» театрында “Манас” эпосу боюнча кытай тилиндеги операнын бет ачары болуп өттү. Бул туурасында КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, операнын сценарийин Кытайдагы белгилүү автор Ван Сяолинь жазган. Бул операга даярдык көрүү иштери эки жыл жүргөн жана ага Кытай мамлекеттик театрларынын жүздөн ашык артисттери катышкан.

Опера өзүнө эпостун эки бөлүгүн камтыйт  – «Манас» жана «Семетей».

Анын финалында бардык убактардагы баалуу идеал катары Манастын арбагы кыргыздарга күч кубат берип, аларды бириктирет. Операда кыргыз элинин жашоосу жана улуттук кийимдердин уникалдуулугу көрсөтүлгөн.

Фото - Гитлердин телефон номурлар жазылган китеби 45 миң долларга сатылды

Гитлер

Телефон номурлар жазылган китептин алгачкы баасы аукциондо 10-15 миң фунтту түзгөн. Баалуу китепти саткан жана сатып алган адамдардынаты-жөнү азырынча маалым боло элек. Улуу Британияда өткөн Henry Aldridge and Son аттуу аукциондо Адольф Гитлерге таандык делген телефон номурлар жазылган китеп 33 миң фунтка (44,5 миң АКШ долларга чукул) сатылды. Аукциондун расмий сайтында маалымдалгандай, бул китепти Рейхсканцеляриядан экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 72 жыл мурун Жон Ходж таап алган. “Китепте кол менен жазылган 200дөн ашуун Генрих Гиммлер, Иосиф Геббельс, Рудольф Гесс, Герман Геринг, Иоахим фон Риббентроп, Рейнхард Гейдрих, Альберт Борман сыяктуу Германиянын жогорку күзөт кызматындагы мүчөлөрүнүн телефондору жазылган. Мындан тышкары, Гитлердин жеке архитектору Альберт Шпеер жана сүрөтчүсү Генрих Гофмандын да телефон номурлары бар болуп чыкты”, – деп жазылат маалыматта. Телефон номурлар жазылган китептин алгачкы баасы аукциондо 10-15 миң фунтту түзгөн.

Булак: “Багыт”

24-сентябрда Жумгалда Качыке баатырдын 285 жылдыгы өткөрүлдү

Нарын областынын Жумгал районунан чыккан Түлкү уулу Качыке болжол менен 1730-жылдардын башында жарык дүйнөгө келген. Ал жаштайынан кыргыз элинин Эсенгул, Атаке, Бердике баштаган баатырлары менен бирге үзөңгүлөш жүрүп, калмак баскынчылыгына каршы согуштарда эрдик көрсөтүп, баатыр атка конгон. 1749-жылдары каарданган калмактар кыргыздарга каршы экинчи ирет 27 миң аскерин жибергендиги айтылат. Бул жортуул үч айга созулуп, кайрадан душмандардын жеңилүүсү менен аяктаган. Мына ушул согуштарга жаш баатыр Качыке өзүнүн атасы, атагы алыска, даңкы далайга кеткен Түлкү баятыр менен бирге катышып, кыргыздардын көптөгөн баатырларындай эле душмандын мизин кайтарууда көпчүлүктүн көзүнө көрүнүп, элдин оозуна алынган. Мына ушундай эрдиктери менен атагы алыска кеткен баатырдын 285 жылдыгы Жумгал жергесинде Жумгалдын “мен-мен” деген таланттарынын коштоосунда өткөрүлдү.

Булак: “Фабула”

Меню