Menu

ТАРЫХ

Президенттик шайлоону карап туруп Тайторунун чабышы эске түшөт...

Айкөл Манас өлгөндө атасы Жакып калыс боло албай, “өрдөк жокто чулдук бий” болушуп Ордонун ичинде ырк кетип, ал тургай Абыке менен Көбөш жеңеси Каныкейди талашып ага далай кордукту көрсөтүшөт. Коргоп калаар Манасы жок же Чубак, Алманбет, Сыргак жок каралуу Каныкей далай басынууга тушугат. Кезинде Манас баатырга чеп болуп келген Нарындын Ат-Башысындагы кан Жолой 90дон өтүп көзүнүн курчу кетип, билегинин кубаты кайтып калган. Жалгыз Бакай эмне кыла алмакчы? Ошондо Каныкей Кошой менен Бакайдын кеңешинен кийин Тайбуурулду минип, бешиктеги Семетейин алдына өңөрүп алып, көзүнүн жашын көлдөтүп түн карайып калганда төркүндөрүнө – Бухарага качууга аргасыз болот. Бирок, акылдуу Каныкей ал жакта тынч жатып калган жок. Тажик элине “жаш Семетейдин зоболосун көтөрөйүн”, “Айкөл Манастын арбагын эскерейин”, “Кыргыздын намысын алайын” деп Манас өлгөндө Кошой бабасы анын азасына жетелеп келген Тайторуну төркүндөрүнүн каршылыгына карабай чоң аламанга кошот. “Семетейдин зоболосу көтөрүлөөр бекен, Манастын арбагы колдоор бекен?” деп. Марага келе жаткан күлүктөрдү турнабай салып караса Тайтору 60 аргымактын сонунда араң келе жатат. Санаага баткан Каныкей бир аз өтүп кайрадан дүрбү салып караса Тайтору баягы 60 аргымактын кыйласын артка калтырып, башын жерге салып бир башкача чуркап келе жатат дейт. Көрсө Тайторунун денеси ошондо жибип, ошондо күүсүнө келген экен, кайран жаныбар! Акыры марага башка күлүктөрдөн чай кайнам убакыт эрте келет…

… Ошол сыңары азыр хан такты үчүн болгон чоң аламанда Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн жаралган кайсы азаматыбыз “азыркынын Тайторусун” минээр болду экен?

Булак: “Айгай-пресс”

Ошто "Ош Фест - 2017" фестивалы болуп өттү

19-августта Ош шаарында өткөн «Ош Фест – 2017» эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай фестиваль өлкөдө биринчи ирет өтүп жатат.

Фестиваль өзгөчө шаң менен башталып, шаарга көрк берип, ар аймактан өкүлдөрүнүн жүрүшү менен уланды. Төө, жылкылардын керней-сурнайлардын коштоосундагы кербен шаардын борборунан өттү. Шаардын борбордук көчөсү аркылуу өткөн жүрүш Токтогул Сатылганов атындагы парктан токтоп, сейил бактагы көргөзмө менен уланды. Көргөзмөгө Ош шаарындагы ашпозчулардын колунан даярдалган түркүн тамак-аштар, жер-жемиштер, чыгыштын түрдүү чайлары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган. Фестивалга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, USAIDдин өлкөдөгү өкүлү Кимберли Роузен, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, шаар тургундары, коноктор жана туристтер катышты.

Булак: “Де-Факто”

Сооронбай Жээнбеков: Стамбул шаарында «Манас» эпосунун каарманынын эстелигинин ачылышы Кыргызстан менен Түркия боордош элдеринин достугунун символу болуп калат

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-августта, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында «Манас» эпосунун каарманынын эстелигинин ачылыш аземине катышты. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Салтанаттуу иш чарада сөз сүйлөп жатып, Сооронбай Жээнбеков эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Түркия боордош элдеринин достугунун символу болуп каларын баса белгиледи.

«Эки элдин бир туугандыгын даңазалап, кыргыздын Манасына арналган айкелдин Стамбул шаарында орнотулушу кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Биз түрк эли кыргыздын тарыхына, маданиятына терең сый менен мамиле кыларына ыраазычылык билдиребиз. Баарыбыз билгендей, Изник шаарында кыргыз жоокеринин күмбөзү бар, ал эми Элазык шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы көчө бар. Бүгүн биз Стамбул шаарында улуу Манастын эстелигин ачып жатабыз», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Өкмөтүнө Стамбул шаарында Манастын айкелинин орнотулушуна мүмкүндүк бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул эки элдин тарыхындагы жалпы байланыштар бар экенин далилдей турганын кошумчалады.

Манастын айкелинин ачылышы аземине Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш, Стамбул шаарынын губернатору Насип Шахин, Түркиянын маданият жана туризм министри Нуман Куртумуш, Кыргызстандан барган делегация, Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, эки өлкөнүн тарыхчылары жана Стамбул шаарынын тургундары катышты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын эгемендигин Түркия биринчилерден болуп тааныганын, андан бери эки өлкө ортосундагы кызматташуу ишеним жана достуктун негизинде өнүгүп келатканын билдирди.

«Кечээ биз Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен эки тараптуу өнөктөштүк тармагындагы кеңири маселелерди талкууладык. Биздин өлкөлөр ортосунда кызматташтык бекемделерине ишенем. Бүгүнкү иш чара эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык багытта өнүгүүгө  жакшы дем берип, достуктун символу болуп калат», – деди Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков.

Маалымдама: Стамбул шаарынын муниципалдык бийлиги тарабынан «Манас» эпосунун каарманынын эстелигин тургузууга Эюп районундагы эс алуу жайынан атайын жер тилекеси бөлүнгөн.

Эстеликти жаратууга жана аны орнотууга скульпторлор Мурзакаримов Токталы, Ажиев Садабек, сүрөтчү-скульптор Калбаев Сейитбек, университеттин негиздөөчүсү Йедитен Бедредди Далан, ишкер Сарлыкбек уулу Темирлан, Кыргызстандын Стамбулдагы  мурдагы Башкы консулу Түлөбердиев Ренат катышты.

«Манас» эпосунун айкелинин ачылышы менен бирге ушул эле күнү Стамбул шаарында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Түркиянын коомчулугуна  «Манас» эпосуна арналган 1840 барактан турган котормонун бет ачаары болду.

Бүгүнкү күндө «Манас» эпосунун Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча жалгыз түрк тилине которулган басылма болуп эсептелет.

Китеп манасчынын 2017-жылы өткөрүлө турган 150 жылдык юбилейине карата чыгарылды.

 

Археолгодор Нарында Караханиддердин мүрзөсүн табышты

Түрк археологдору жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети биргеликте жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжасында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө деген айылында болжол менен Караханиддердин (804-1212) ханына таандык мүрзө табылды. Бул туурасында  Daily Sabah билдирет.

Доктор Осман Эравшар бул беш метрлик төрт бурчтуу түбү бар мүрзө деп айтып берди.

«Биз мындай курулушту Кыргызстанда  биринчи жолу көрүп атабыз. Бул аймакта мындан башка дагы мүрзөлөр бар экенин билдирген белгилер бар», — деп билдирди ал.

“Манас” универстиетинин профессору Кубатбек Табалдиев, бул мүрзө кимге таандык экенин тактап жатышканын айтты. Бирок табыптын эстелигин таба элекпиз деди.

 

Стамбулда Манастын эстелиги орнотулду

Түркиянын Стамбул шаарында Манастын айкели коюлду. Ал шаардык тарыхый Халич аймагына орнотулганын эстеликтин демилгечилеринин бири Темирлан Сарлыкбек уулу билдирди. Анын айтымында, айкелди кыргызстандык адистер сегиз ай аралыгында жасашкан. Ачылышы 9-августта өтөт. Дүйнөдөгү эң ири эпос катары таанылган “Манас” эпосунун башкы каарманы Манастын эстелиги буга чейин Москвага да орнотулган.

Булак: “Фабула”

Окумуштуулар: хакастар азыркы кыргыздарды Энесай кыргыздарынын тукуму деп эсептебейт

Кыргыздар байыртан тарыхын баалап, ыйык сактап келген эл. Кыргыз тарыхындагы эң көрүнүктүү орун Энесай дооруна туура келет. Дал ушул мезгилде Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөн. Энесай кыргыздары менен Тянь-Шань кыргыздарынын кандай байланышы бар? Бул тууралуу орус окумуштуулар — түрколог Виктор Бутанаев менен археолог Юлий Худяков айтып берди.

Виктор Бутанаев менен Юлий Худяков энесайлык кыргыздардын тарыхын изилдеп келет. Худяков археология жана Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы элинин аскердик өнөрүнүн жетишкендиктерин иликтөөгө басым жасайт. Анын “Энесай кыргыздарынын VI-XII кк. курал-жарактары” аттуу монографиясы орто кылымдардагы кыргыз тарыхында көрүнүктүү орунду ээлейт. Түрколог Бутанаев негизинен орто кылымдардагы түрк элинин этнографиясын изилдейт.

Россиялык окумуштуулар жакында эле Кыргызстанга учуп келип, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин колунан III даражадагы “Манас” орденин алышты. Sputnik Кыргызстан учурдан пайдаланып, тарыхчыларды кепке тартты.

Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев принял археолога Ю.С. Худякова и этнографа В.Я. Бутанаева, внесших вклад в исследование истории кыргызов периода средневековья, награжденных орденами “Манас” III степени.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев орус окумуштуулар — түрколог Виктор Бутанаев менен археолог Юлий Худяковду III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады

Жооп алууга ынтызар болуп даярдалган соболдорубуздун баарын узата албадык. Окумуштуулардын ташка тамга баскандай жана маңыздуу жооптору ашыкча суроолорду жокко чыгарды. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан эли IX кылымда Улуу империя түзгөн энесайлык кыргыздарга тектеш тууган болгону менен мамлекеттик деңгээлде сыймыктанып келет. Тарыхый окуу китептеринде бул байланышка чоң маани берилип келет. Аталган темада коллекциялык тыйындар чыгарылып, Кыргыз каганатынын 1200 жылдыгына карата стратегиялар түзүлөт.

Окумуштуулар эки этностун бир-бирине жакындыгы, энесайлык кыргыздар кайсы элден түзүлгөнү жана кандай ат менен дастанга айланып калганы тууралуу айтып беришти.

— Кыргыз эли жөнүндө биринчи маалымат биздин заманга чейинки 201-жылы пайда болуп, гунндардын башчысы Модэ тарабынан багындырган деп жазылат. Бул дата канчалык деңгээлде негиздүү?

Кыргызстандын желеги. Архив
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ

Юлий Худяков (Ю.Х): —Бул маалымат Хань доорундагы кытай булактарына таандык. Аталган булактар башка маалыматтар сыяктуу эле Борбор Азиянын байыркы тарыхын изилдөөгө негиз болот. Бул доордо гянгундар жана гэнгундар, башкача айтканда байыркы кыргыздар тууралуу айтылат: аскердин саны, кайсы согушка катышканы жазылып калган. Бул маалыматтар археологиялык далилдер менен тастыкталган эмес. Андыктан кыргыздар – европеид болгондугу божомол бойдон калууда. Бирок аны четке да кага албайбыз – буга да далил жок. Байыркы жазууларда сакталгандыктан ишенүүгө туура келет.Кийин, I-III кылымда кыргыздардын Түндүк тарапты көздөй көчкөнү жазылган, алар Энесай аймагын мекендеп, ал жакта – Таштык деген жаңы маданият түптөлөт. Байыркы көрүстөндөргө коюлган сөөктөрдүн бет каптарына караганда – арасында европеид дагы, монголоиддер дагы көмүлгөн. Менин пикиримде, кыргыздар башынан монголоид келбетинде болгон, аралашкандан кийин өткөөл раса пайда болгон. Ага Түштүк Сибирь тибиндеги адамдар кирет.

— Кыргыздар тууралуу дагы кандай булактар бар жана илимий жактан негизделгенби? Атактуу орхон-енисей жазмалары сакталып калган, буга канчалык деңгээлде ишенсе болот?

Ю.Х: — Бир катар булактар бар. Мисалы, кыргыздар тарабынан жазылган байыркы кол жазмалар сакталып калган. Ошондой эле Экинчи түрк каганатын түзгөн жол башчыларга арналган эстеликтер тургузулган. Бул кыргыздар тууралуу таптакыр башкача көз караштарды жаратууга шарт түзөт. Мындан башка булактарда жок баалуу жана маанилүү маалыматтарды алса болот. Андыктан, бул далилдерге күмөн санабай эле койсо болот.

В.Б. — Негизинен кытай булактарын пайдаланабыз. Бирок башка булактар да бар. “Дүйнө чек аралары” аттуу араб тарыхында белгисиз автор Энесайлык кыргыздар тууралуу маалымат калтырган. Перс тарыхчысы Гардизинин “Маалыматтарды жасалгалоо” китебинде энесайлык кыргыздардын көзү көк, чачы сары экени жазылган. Исламды кабыл алганга чейин түрктөр, анын ичинде кыргыздар да руникалык жазууларын колдонушкан. Белгилүү түрколог Дмитрий Васильевдин ою боюнча, мындай жазууларды кыргыздар ойлоп тапкан. Муну менен рун жазуулары Энесайда, Кочкордо жана Таласта дагы сакталып калганы белгилүү. Ошондой эле мындай жазуулар Монголиянын аймагында табылган, алар түрктөр менен уйгурларга таандык. Мындан улам, энесайлыктар менен Тянь-Шань кыргыздарынын ортосунда тарыхый жактан байланышы бар деген жыйынтык чыгарса болот. Маселен, Казакстандын аймагында рун жазуулары аныкталган эмес.

Ю.Х.: — Руникалык жазуулары байыркы фин элине таандык деп эсептелген. Ошондуктан Түштүк Сибирь, Монголия жана Тянь-Шанга Финляндиянын окумуштуулары изилдөөгө келип, рун жазууларын көчүрүп кетишкен.

Археолог, военный историк Юлий Худяков, один из авторов ряда трудов по истории енисейских кыргызов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Тарыхчы, кыргыз таануучу Худяков: менин пикиримде, кыргыздар башынан монголоид келбетинде болгон, аралашкандан кийин өткөөл раса пайда болгон. Ага Түштүк Сибирь тибиндеги адамдар кирет

— Эгер мен сизди туура түшүнсөм, байыркы түрк жана кыргыз жазуулары финдердики деп саналып келгенби?

Ю.Х.: — Мындай божомолдун чыкканына 200 жылдын жүзү болуп калды. Рун жазуулары которулуп, айрым тамгаларында окшоштуктар бар. Бирок анын дабышы башкача чыгат.

В.Б: — Бул жазуулар кыргыздарга таандык экенинде шек жок. Түрколог Васильевдин пикиринде, кыргыздар бул жазуунун түрүн ойлоп таап, кийин ал бүтүндөй түрк дүйнөсүнө жайылып кеткен.

— Этногенез теориясынын автору Лев Гумилевдун эмгегине караганда кыргыздар 820-840-жылдары күч-кубаттуу Уйгур каганатын талкалаган. Анын жазганын окуп отурсаң, ал кыргыздарды жактырбаган сыяктуу ой калат?

В.Б.: — Менин оюмча, Гумилев менен энесайлык кыргыздар тууралуу бир катар эмгек жазган советтик окумуштуу Кызласов менен мамилеси начар болгон. Ошондуктан өз эмгектеринде кыргыз мамлекетин атагысы келген эмес. Уйгурлар жаратман эл болгонун белгилеп кетким келет: алар Орхон дарыясынын өрөөнүнө шаар цивилизациясын курган, буга чейин мындай калаа курулган эмес болчу.

— Улуу Кыргыз каганатынын түзүлүшүнө эмне себеп болду? Ал заманда кыргыз аскерлери мыкты болчу деп айта алабызбы?

Манас айкели. Архив
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ

Ю.Х.: — Мен курал-жарактарды изилдегенимден улам кыргыздардын тарыхы менен алектендим. Энесайлык кыргыздардын темир буюмдары менен маданий эстеликтери абдан жакшы сакталып калган. Бул жерге жашыруудагы, көмүүдөгү өзгөчөлүктөргө байланыштуу. IX-X кылымда чоң өсүш байкалат, ошол эле октор менен тажрыйбалар жүргүзүлөт. Курал-жарак абдан көп табылган. Биринчиден, кыргыз төбөлдөр VIII кылымдагы кыйроодон кийин бардык күчүн топтогон. Ошондой эле кыргыздарга көз каранды болгон кыштымдардын күчүн пайдаланган. Экинчиден, уйгурлардын ичинде карама-каршылык күч алып, улам-улам төңкөрүштөр болуп турган. Уйгур аскеринин бир бөлүгү – Гүйлү Мохэнин тарапташтары толугу менен кыргыздарга кошулган. Анткени Уйгур каганатынын башына келген партияга макул эмес болчу.В.Б.: — IX-X кылымда энесайлык кыргыздар аскер өнөрү жагынан алдыга кеткен. Азыркы кезде да хакастарда учу үч миздүү, “хыргыс-ова” деген жебе сакталып калган. Анткени анын технологиясы кыргыздар тарабынан ойлоп табылган. Жаанын огу бир аз кайрылган. Алгач ирет, археологдор көмүлгөндөн кийин жебе тебеленип калып, ушундай формага келип калган деп ойлошкон. Бирок Юлий Худяков дыкат изилдеп чыгып, жаанын огу атайын ушундай түрдө жасалганы аныкталды. Кайрылып турган огу жаага тең салмактуулукту камсыздап, таамай аткан.

Ю.Х.: — Бул октун түрүнө заманбап адистер кызыгып, анын негизинде бронебаллистикада аэродинамикалык октор пайда болду.

— Кыргыздардын жеңиши кокустукпу же мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?

Ю.Х.: — Теория жагынан алганда жеңишке бардык шарттар бар болчу, ошондой эле энесайлык кыргыздар уйгурлардын ичиндеги ички карама-каршылыкты туура пайдаланып кетти.

В.Б.: — Муну менен кошо кыргыз мамлекетинин экономикалык абалын эске алыш керек. Эли көбөйүп, армиясы миңдеген адамды түзүп калган. Чоң аймакты ээлеп, Кыргыз каганаты империяга айланган. Ар бир империя ураган сыяктуу каганат кыйрап, калктын бир бөлүгү Тянь-Шанда калса, айрымы Энесайга кайткан.

Тюрколог Виктор Бутанаев, один из авторов ряда трудов по истории енисейских кыргызов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Тарыхчы Виктор Бутанаев: Тянь-Шань кыргыздары менен Түштүк Сибирь эли — бир тууган, теги бир. Мундуз, төөлөс, желдең деген уруулар хакастарда, тувалыктарда жана алтайлыктардын арасында бар

— Тарыхта кыргыз кагандардын аты сакталып калганбы?

В. Б.: — Хакас фольклорунда улуу хан болгон Сологойдун аты бар. Бул Кыргыз каганатынын биринчи падышасы болуп эсептелет. Сологой хандын жаркын элесин сыйлап, анын урматына тумарлар жасалат. Ал биздин улуу ата-тегибиз. Ошондой эле Энесайдын аймагында мрамордон жасалган кытай иероглифтери сакталып калган. Алар кыргыз кагандарынын бирине арналган.

Ю.Х.: — Тарыхта Кытай жазып кеткен каган титулдары белгилүү — уйгурларды жеңген кагандар жана алардын жолун жолдогондордун ысымдары: Цзун-ин Хюн-Ву Чен-мин-хан жана Ин-ву Чен-мин-хан.

— Айрым божомолдорго караганда, тянь-шань кыргыздары менен энесайлыктар эки башка эл. Алар бир этностон тарашты беле?

В.Б.: Кыргыздардын түпкү мекени деп Түштүк-Батыш Монголия эсептелет, андан кийин Энесайга көчкөн. Улуу каганат болуп турганда Тянь-Шанга чейин ээлешкен. Ичине жергиликтүү иран калкынын маданиятын дагы сиңирген.

— Демек, алардын байланышы бар экенинде шек жок?

Китеп. Архивдик сүрөт
© SPUTNIK / КОНСТАНТИН ЧАЛАБОВ

В. Б.: — Алардын байланышы бир гана Кызыласов жана анын тарапташтары макул эмес. Алардын пикиринде, Тянь-Шань кыргыздарынын өзүнүн тарыхы таптакыр жок – алар Орто Азия түрктөрүнө таандык. Ал эми энесайлык кыргыздардын теги хакастар болуп саналат. Бирок бул ойдун эч кандай далили жок, тилекке каршы, бизде Хакасияда, бул божомол ири жайылган.Тянь-Шань кыргыздары менен Түштүк Сибирь эли — бир тууган, теги бир. Мундуз, төөлөс, желдең деген уруулар хакастарда, тувалыктарда жана алтайлыктардын арасында бар. Ал эми, тянь-шань кыргыздарынын арасында эштек деген уруу бар. Эштек — деген сөздү хакас тилинен которсок, Түндүк уруулар дегенди түшүндүрөт. Алар байыркы кыргыз этносунун курамына кирип, Энесайга көчкөндөрү да бар.

— XIII кылымда Энесайлык кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, монголдордун Хубылай ханы талкалап салган. Мындан кийин бул элдин тарыхы кандай уланды?

В.Б.: — Хубылай хандын маалында калкты жайгаштыруу иши жүрүп кыргыздардын көбү Маньчжурияга көчүрүлгөн. Алардын ордуна башка эл – туматтар келген. Монгол империясы кулагандан кийин жаңы коом курулуп, калган кыргыздар бириге баштаган. Алар Саян-Алтай менен Орто Энесайдын алдыңкысы болуп суурулуп чыккан.

— Монгол доорунан кийин Энесайда кандай калктар куралган?

Табылган таштагы тартылган байыркы түрк рун жазуулары
© ФОТО / БОРИС КИНДИКОВ

В.Б: — Монгол империясы кулагандан кийин Евразия мейкиндигинде бир катар жаңы улуттар курала баштады, мисалы, казактар, өзбектер. Буга чейин тувалыктар да, хакастар да болгон эмес. Биздин түпкү тегибиз — энесайлык кыргыздар деген божомолго ынанабыз. Бирок куралып жатканда жаңы – хонгорай деген ат алганбыз.Ю.Х.: — 18 кылымдын башында контайчи жунгар Цэван Рабдан көпчүлүк Энесай кыргыздарды Эмил дарыясынын жээгине көчүргөн. Жунгарлар кыйрагандан кийин манчжурлар кайрадан Маньчжурияга кайтышкан. Эми ал жактагы кыргыздар – фуюй кыргыздары деген ат менен белгилүү.

— Улуу каганат түзүлгөнгө чейинки кыргыз мамлекетине кандай баа берет элеңиз. Ошол доордун өнүккөн деген экономикалык, соода жана геосаясий талаптарына жооп берчү беле?

Ю.Х.: — Ооба, кыргыз мамлекети ошол доордун жетишкендиктеринен куру калган эмес. Башка мамлекеттер менен алака түзүп, соода-алмашуу жолго коюлган. Кыргыздардын бир жол башчысы Кытайга барган жайы бар.

В.Б.: — Улуу Жибек Жолунун кыргыз бутагы болгон. Мисалы, тувалыктар менен хакастардын кийимдерин зыгыр жана башка кездемелерден токуган. Ал эми майрамдык көйнөктөр кытай жибегинен тигилген. Мындай салт-санаа Жибек Жолундагы кыргыз бутагынан улам сакталып калган.

Булак: “sputnik.kg”

Тарых музейинин качан ачылышы белгисиз

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Тарых музейинин качан оңдолуп бүтөрүн билбейт. Бул тууралуу мекемеден билдиришенин айтып«24.kg» агентиги жазып чыкты .

Министрликтин айтымында, музейдин ичин оңдоо иштери али баштала элек.

«Имараттын сырты оңдолуп жатат. Ичин оңдоого каражат издеп жатабыз. Ага республикалык бюджеттен акча бөлүнүшү керек» — дейт маданият министрлиги.

Түркия менен түзүлгөн келишимге ылайык оңдоо иштери 31-августта аякташы керек болчу. Бирок, кийин аны ноябрга жылдыруу сунушталган.

“Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорду эскерип, куран окулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорду эскерүү иш чарасына катышты. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

“Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекинде 1916-жылдагы “Үркүндө” курман болгондорду эскерип, алардын эстелигине гүл коюу жөрөлгөсүнө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, чыгармачыл жана илимий интелегенциянын өкүлдөрү катышты.

1916-жылдын курмандыктарына багышталып куран окулду.

Эскерте кетсек 2016-жылдын 2-сентябрында, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы “Үркүндүн” 100 жылдыгына карата,  курман болгондордун эстелик Мемориалы ачылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку КеНешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги “1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык, август айынын биринчи жума күнү 1916-жылы улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет.

Кыргыз ССР Жогорку Совети менен КР Жогорку Кеңешинин өткөн тарыхынан

Кыргыз ССРнин мыйзам чыгаруу- эл өкүлдөр бийлиги Жогорку Совет ишке 1938 жылы киришкен. 1938-жылы 284 депутат шайланган. Кийин 70-жылдары алардын саны 350гө чейин жетип, беш жыл иштешкен. Ал эми учурда парламентте алты саясий партиядан 120 эл өкүлү эмгектенет.

Союз маалында шайлана турган эл өкүлдөрүнүн жалпы курамына дагы талаптар болгон. Алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар, төрттөн бир бөлүгү интеллигенция өкүлдөрү жана 40 пайызы жумушчулардан болуусу каралган. Бул квотанын аркасында депутаттар ар кайсы тармактардан жана калктын түрдүү катмарынан чыккан.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына айлык маяна, кызматгык автоунаа, батир берилген эмес. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн жардамчылары дагы жок болгон. Мындай жагдай союз тараганга чейин сакталган. Азыркы депутаттар бирден консультант эрчитип, эмгек тажрыйбасына, илимий даражасына жараша 25 миң сомдон өйдө айлык маяна алат. Андан сырткары, 15 депутат кызматтык батирлерде жашап, төрага мамлекет тарабынан берилген жеңил унааны колдонуп келет.

Булак: “Айгай пресс”

Кыргыз ССР Жогорку Совети менен КР Жогорку Кеңешинин өткөн тарыхынан

Кыргыз ССРнин мыйзам чыгаруу- эл өкүлдөр бийлиги Жогорку Совет ишке 1938 жылы киришкен. 1938-жылы 284 депутат шайланган. Кийин 70-жылдары алардын саны 350гө чейин жетип, беш жыл иштешкен. Ал эми учурда парламентте алты саясий партиядан 120 эл өкүлү эмгектенет.

Союз маалында шайлана турган эл өкүлдөрүнүн жалпы курамына дагы талаптар болгон. Алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар, төрттөн бир бөлүгү интеллигенция өкүлдөрү жана 40 пайызы жумушчулардан болуусу каралган. Бул квотанын аркасында депутаттар ар кайсы тармактардан жана калктын түрдүү катмарынан чыккан.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына айлык маяна, кызматгык автоунаа, батир берилген эмес. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн жардамчылары дагы жок болгон. Мындай жагдай союз тараганга чейин сакталган. Азыркы депутаттар бирден консультант эрчитип, эмгек тажрыйбасына, илимий даражасына жараша 25 миң сомдон өйдө айлык маяна алат. Андан сырткары, 15 депутат кызматтык батирлерде жашап, төрага мамлекет тарабынан берилген жеңил унааны колдонуп келет.

Булак: “Айгай пресс”

Меню