Menu

ТАРЫХ

Кыргыз ССР Жогорку Совети менен КР Жогорку Кеңешинин өткөн тарыхынан

Кыргыз ССРнин мыйзам чыгаруу- эл өкүлдөр бийлиги Жогорку Совет ишке 1938 жылы киришкен. 1938-жылы 284 депутат шайланган. Кийин 70-жылдары алардын саны 350гө чейин жетип, беш жыл иштешкен. Ал эми учурда парламентте алты саясий партиядан 120 эл өкүлү эмгектенет.

Союз маалында шайлана турган эл өкүлдөрүнүн жалпы курамына дагы талаптар болгон. Алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар, төрттөн бир бөлүгү интеллигенция өкүлдөрү жана 40 пайызы жумушчулардан болуусу каралган. Бул квотанын аркасында депутаттар ар кайсы тармактардан жана калктын түрдүү катмарынан чыккан.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына айлык маяна, кызматгык автоунаа, батир берилген эмес. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн жардамчылары дагы жок болгон. Мындай жагдай союз тараганга чейин сакталган. Азыркы депутаттар бирден консультант эрчитип, эмгек тажрыйбасына, илимий даражасына жараша 25 миң сомдон өйдө айлык маяна алат. Андан сырткары, 15 депутат кызматтык батирлерде жашап, төрага мамлекет тарабынан берилген жеңил унааны колдонуп келет.

Булак: “Айгай пресс”

Алмазбек Атамбаев Россиянын окумуштуу-тарыхчылары менен Алтай цивилизациясы долбоорун мындан ары алдыга жылдыруу маселелерин талкуулады

Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык  форумуна катышкан  М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик  университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун директорунун орун басары Жибек Сыздыкованы,  Алтай мамлекеттик университетинин профессору Юлия Лысенкону жана филология илимдеринин доктору, Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Анна Дыбону кабыл алды. Бул туурасында Президенттин аппаратынын расми сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы  окумуштуу-тарыхчыларды Кыргызстанга келип, Эл аралык форумдун ишине  активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Окумуштуу-тарыхчылар  форумду өткөрүлүшү боюнча дагы, жалпы эле Алтай цивилизациясын изилдөө идеясы туурасында дагы таасирлери менен бөлүшүп, анын актуалдуулугун жана Евразия аймагындагы  маанилүү бириктирүүчү ролун баса белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев  менен окумуштуу-тарыхчылар Алтай цивилизациясы долбоорун мындан ары алдыга жылдыруу боюнча пландарды  талкуулашты.

Мамлекет башчысы кыргыз элинин тарыхынын   кыйла  бөлүгү Алтайдын аймагында өткөндүгүн, ошондой эле  алтай тектүү элдердин  тили жана маданияты  окшоштугун эске алуу менен, жалпы алтай тектүү элдердин биримдик идеясын  терең изилдөөнүн жана жайылтуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун ачылышына катышты

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июлда, Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков,  Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы Александр Жирков менен бирге Ысык-Көл облусунун Чоң Сары-Ой айылындагы  Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун ачылыш аземине катышты. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Аземден соң алар “Алтай көчү” деп аталган экспозиция менен таанышышты.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп, Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошо турган дагы бир музейдин ачылып жатканына кубангандыгын белгиледи.

«Биз бүгүн чоң комплекстин бир гана павильонун ачып жатабыз. Ал Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы музейинин кириш павильону болот.  Августтун аягында, же сентябрдын башында биз “Кыргыз көчү” павильонун куруп баштайбыз», – деди Алмазбек Атамбаев. Ал бир катар өлкөлөр, анын ичинде Татарстан, Башкортостан бул музейдин территориясында өз павильондорун курууга кызыкдар экендигин билдиришкенин кошумчалады.

Президент  Көчмөндөр цивилизациясы борборуна “Алай канышасы” Курманжан Датканын атынын ыйгарылышы бекеринен эмес экенин белгиледи. “Мен сиздерге кийинчерек Финляндиянын президенти болгон полковник Маннергейм тарткан Курманжан датка энебиздин сүрөттөрүн көрсөттүм. Ошондо полковник Маннергейм атка минип сүрөткө түшүүсүн өтүнгөндө 96 жаштагы энебиз оңой эле атка минип, сүрөткө тартылган экен. Курманжан Датка – көчмөн элдин чыныгы жаркын өкүлү. Бул көчмөндөр үчүн демократия, гендердик теңдик мүнөздүү болгонун далилдеп турат. Биздин аялдар ар дайым эркин, ачык болушкан, ал гана эмес, эл башкарышкан. Кыргыз кыздары эч качан жүзүн жашырган эмес.  Мен кыргызстандыктарды дин менен чоочун маданиятты чаташтырбоого чакырам. Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз, каада-салттарыбыз бар. Кыргыздай байыркы тарыхы бар элдер дүйнөдө аз», – деди ал.

Алмазбек Атамбаев кыргыздар көп кылымдар бою көп улуттуу эл болгонун, алардын күчү биримдикте болгонун баса белгиледи.  Кыргыз элинин тарыхындагы өлбөс-өчпөс барактар биримдиктин жана бекем баш кошкондуктун жемиши экенин айтты.

«Биздин ата-бабаларыбыз Шиберден тартып, Каспий деңизине чейинки учу-кыйырсыз аймакта жашаганын эстен чыгарбагыла. Мен мекендештеримди биримдикке чакырам. Ич ара ыйкы-тыйкылыктарды унутуп, ортобузду байыркы тарыхыбыз, маданиятыбыз жана каада-салттарыбыз бириктирип турган бир тууган элдерди эстейли», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Андан соң Президент музейдин директору Аида Алымовага комплекске белек катары мурдагы замандарда сөөк менен кошо коюлуучу беткаптын репликасын жана Батыш Шибердин илгерки тарыхый картасын тапшырды.

Андан кийин Президент боз үйдү тез тигүү боюнча конкурсту ачып, коноктор менен бирге Алтай элдеринин боз үйлөрүн көрүп чыкты жана көркөм өнөр устаттары менен жолукту.

Экспозицияда эң мыкты экспонаттар жана өлкөдөгү бир катар музейлердин инсталяциялары чогултулган. Борбордун аймагында Алтай элдеринин өкүлдөрүнүн (кыргыз, казак, татар, башкыр, уйгур ж.б.) жашоо образын чагылдырган 30 жасалгалуу боз үйлөрү жайгаштырылган.  Көрүүчүлөр үчүн үч күн бою атайын маданий-этнографиялык программа болот. Музейдин аймагында мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон бийиктиги 4 метрден ашкан көчмөндүн туулгасынын скульптурасы,  ошондой эле бийиктиги 3 метрлик ээр орнотулган.

Экспозиция 2017-жылдын 31-августуна чейин ачык болот.

Видео - Нидерландда Украинадагы учак кырсыгынын курмандыктарынын эстелиги ачылды

Нидерланддын  Вайфхяюзен шаарындагы Схипхол аэропортунун жанындагы паркта үч жыл мурда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн учактын мерт болгон жүргүнчүлөрүнө арналган мемориал ачылды.

Бул мемориалда 283 жүргүнчүнүн жана экипаждын 15 мүчөсүнүн ар бирине арналып бактар отургузулган.

Падыша Вилльям-Александр менен ханыша Максима

Падыша Вилльям-Александр менен ханыша Максима

Мемориалдын жанында дүйшөмбүдө өткөн эскерүү иш-чарасына Нидерланддын падышасы Виллем-Александр жана каныша Максима баштаган 2000 миңге чукул адам катышты.

https://www.youtube.com/watch?v=dUEOK7xRx5k&feature=youtu.be

Амстердамдан Куала-Лумпурга сапар алган MH17 каттамындагы малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн. Учактагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Нидерланддын жарандары болчу.

2015-жылы Нидерланддын иликтөөчүлөрү учак Орусияда жасалган “Бук” ракетасы менен атып түшүрүлгөн деген бүтүмгө келишкен. Орус тарап бул окуяга байланышы жок экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйнө жүзүндөгү эң биринчи ээр токумга эстелик Монголияда тургузулду

Хэнтий аймагына Тамгага жана ээр токумга эстелик тургузулду.

Адамдар ат үстүндө б.э.ч 4000 жыл мурда жүрө башташкан жана ат үстүндө жүргөндөрдүн пионерлери монголдордун ата-бабалары болгон.

Ат үстүндө жүрүүгө ыңгайлуу болуш үчүн биринчи ээр токумдар ойлонуп табылган. Алар кийиз менен жыгач каркасты ороо аркылуу жасалган. Ээрдин Азиядагы формасы болжол менен б. э. ч. 200 жылдыктарда – талаа көчмөндөрү тарабынан жасалган.

Моңголдордун ээр токумдары дизайны менен өзгөчөлөнүп турат, ар бир уста өз фантазиясына жараша жасайт. Эстелик үчүн белгилүү моңгол устасы Тожилдин дизайны тандалып алынган. Азыр ал жасаган ээрлер “Тожил дизайнындагы ээрлер” деп айтылып жүрөт.

Дүйнө жүзүндөгү эң биринчи ээр токумга эстелик Монголиянын Хэнтий аймагындагы Батноров деген жерине орнотулду. Батноров жергесиндеги “Норовын хүлэг” ассоциациясынын демилгеси менен жана ассоциациянын 20 жылдыгына “Бүрдэн толгой” деген дөбөгө бул – ээр токумга жана аттардын Тамгасына эстелик коюлду.

Ээр токумга жасалган эстеликтин узундугу 3,2 метрди түзөт, ал эми Тамганын эстеликтери 3,4 жана 3,8 метр.

Тамга – бул моңгол элдериндеги уруулук белгилери.

asiarussia басылмасынан кыргызчаланды

Видео - Нидерландда Украинадагы учак кырсыгынын курмандыктарынын эстелиги ачылды

Нидерланддын  Вайфхяюзен шаарындагы Схипхол аэропортунун жанындагы паркта үч жыл мурда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн учактын мерт болгон жүргүнчүлөрүнө арналган мемориал ачылды.

Бул мемориалда 283 жүргүнчүнүн жана экипаждын 15 мүчөсүнүн ар бирине арналып бактар отургузулган.

Падыша Вилльям-Александр менен ханыша Максима

Падыша Вилльям-Александр менен ханыша Максима

Мемориалдын жанында дүйшөмбүдө өткөн эскерүү иш-чарасына Нидерланддын падышасы Виллем-Александр жана каныша Максима баштаган 2000 миңге чукул адам катышты.

https://www.youtube.com/watch?v=dUEOK7xRx5k&feature=youtu.be

Амстердамдан Куала-Лумпурга сапар алган MH17 каттамындагы малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн. Учактагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Нидерланддын жарандары болчу.

2015-жылы Нидерланддын иликтөөчүлөрү учак Орусияда жасалган “Бук” ракетасы менен атып түшүрүлгөн деген бүтүмгө келишкен. Орус тарап бул окуяга байланышы жок экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Нидерландда Украинадагы учак кырсыгынын курмандыктарынын эстелиги ачылды

Нидерланддын  Вайфхяюзен шаарындагы Схипхол аэропортунун жанындагы паркта үч жыл мурда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн учактын мерт болгон жүргүнчүлөрүнө арналган мемориал ачылды.

Бул мемориалда 283 жүргүнчүнүн жана экипаждын 15 мүчөсүнүн ар бирине арналып бактар отургузулган.

Падыша Вилльям-Александр менен ханыша Максима

Падыша Вилльям-Александр менен ханыша Максима

Мемориалдын жанында дүйшөмбүдө өткөн эскерүү иш-чарасына Нидерланддын падышасы Виллем-Александр жана каныша Максима баштаган 2000 миңге чукул адам катышты.

https://www.youtube.com/watch?v=dUEOK7xRx5k&feature=youtu.be

Амстердамдан Куала-Лумпурга сапар алган MH17 каттамындагы малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн. Учактагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Нидерланддын жарандары болчу.

2015-жылы Нидерланддын иликтөөчүлөрү учак Орусияда жасалган “Бук” ракетасы менен атып түшүрүлгөн деген бүтүмгө келишкен. Орус тарап бул окуяга байланышы жок экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Отуз-Адырдагы жолугушуу

Өткөн кылымдын 1947-48-жылдары Лейлек жергесинен 2 кожолукту азыркы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жергесине көчүрмөкчү болушат. Ошол кожолуктардын биринин башчысы Исхак Раззаковдун балалык чагындагы досу, Миң-Жыгач айылында туулган Сарыбаев Ысман эле…

Ысман Исхактан жаш курагы боюнча улуу болгону менен ынак дос катары, Коросондо кой багып жүрүп экөөсү балалыктын ширин да, ачуу-таттуу ирмемдерин баштарынан бирге кечиришкен тура. Ысман Исхак досун оюн-чындан тамашалап “Сары эчки” деп чакырчу, шакабалачу экен. 1953-жылы Исхак Раззакович Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы катары Кара-Суу районуна келип, чарбаларды кыдырып жүрүп, Отуз-Адырга да келет. Ошол  жерде эмгекчилер менен жолугушуу өткөрүп, бир топко туруп калат.

Ошондо элдин арасында турган Ысман Раззаковдун жансакчыларынан өталбай, бала кездеги ынак досу менен жолугушууну аябай самап, акыры айласы куруганда, элдин арасынан туруп Исхактын балкаймактай бала чакта өзү койгон лакап атын айтып кыйкырууга аргасыз болот. Ошондо Исхак досун элдин арасынан көзү менен издеп таап, ал Ысман тарапты көздөй басканда эл тең жарыла жол берип, экөөсү көздөрүнө жаш алып, кучакташып учурашышат. Ал-акыбал сурашкандан кийин:

– Эми, достум, менин убактым өтө эле тар, азыр сени менен көпкө сүйлөшүп турганга чамам жок. Андан көрө, сен үйүңдө даярданып тургун, кечинде барып сени менен бир чайлашайын,- деп жөнөп кетет. Бул окуянын күбөсү болгон көпчүлүк эл таң кала карап кала беришет. Жергиликтүү бийликтин мыкчегерлери Раззаковдун сөзүн уккандан кийин “Жаныбекте жан барбы” демекчи, тез арада өп-чап, араң жашаган Ысмандын үйүн ондоп-түзөп, палас-малас, идиш-аяк, мал-жан алып келишип, тамак-аш даярдап жиберишип, биринчини күтүп калышат. Кечинде Раззаков Ысмандын үйүнө келип, чай ичип, досу менен бир топко баарлашып, анын ал-акыбалынан кабардар болуп, Лейлекке кайра көчүп  кетүүсүн, бул үчүн өзү көмөк көрсөтөөрүн айтат.

Сый тамак аягына чыгып, меймандар тарай турган убакта кыраакы, баамчыл Раззаков өзүн коштоп жүрүшкөн  жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, мындай дейт:

– Эми, ортактар, биздин досубузга аз-маз болсо да жардам эткениңиздер көрүнүп турат. Бирок, сиздерден ынтымас, алып келген эки сыйырыңыздардын бирин, калган майда-чүйдө буюмдарыңыздарды калтырып эле койсоңуздар,  балдары менен саап ичип, тиричилигин өткөрүп турсун,- дейт. Андан кийинкисин айтпаса деле түшүнүктүү го. Жогорудагы окуядан улам улуу инсан Исхак Раззаковдун бизге белгисиз болуп келген дагы бир инсандык изги сыпаты – достукка бекемдигин, кыраакылыгын терең аналитик-психолог болгонун Сиз да баамдаган чыгаарсыз, азиз окурманым…

Абдиллабек АВАЗОВ.
Булак: “Майдан.kg”

Алматыда 1944-жылкы депортациянын курмандыктары эскерилди

Алматыда крымдык татарлардын «Ватандаш» деп аталган маданий борборунун жаштар канаты 1944-жылдын майындагы депортация курмандыктарын эскеришти.

Эскерүү иш-чарасы депортациянын курмандыктарына багыштап куран окуу менен башталды. Андан соң катышуучулар 1944-жылкы окуяларга арналган ырларды окуп, окуяга күбө болгон адамдардын эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Иш-чаранын соңунда шам жагылып, Борбордук сейил бактагы депортацияланган элдердин аллеясына коюлду.

Күн мурун «Ватандаш» маданий борборунун жаштар канаты крымдык татарлардын жергиликтүү диаспорасынын ак сакалдары менен жолугушкан.

1944-жылы 18-майда мекенинен депортацияланган крымдык татарлардын алгачкы тобу Борбордук Азияга жөнөтүлгөн. Үч күндүн ичинде Крым жарым аралынан 180 миң киши чыгарылып, көбү Борбор Азия өлкөлөрүнө көчүрүлгөн.

«Ватандаш» борборунун маалыматы боюнча, учурда Казакстанда үч миңге чукул крымдык татар жашайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фото - Жүз жыл мурун эле Чүй өрөөнүндө жашагыңыз келбейт болучу, чөп-чар баскан, суусу жок ээн талаа эле

Чоң Чүй каналы курулуп жаткан маалдагы казылган топурак менен Бишкектин борборундагы эң бийик имараттардын баарын көөмп салууга болот. Курулушта 10 миңдеген адам Сары-Өзөн өрөөнүндө бакча менен айдоо аянттарынын пайда болушу үчүн баш көтөрбөй иштеген. Өлкөдөгү эң ири курулуш кантип жүргүзүлгөнүн ага катышкандар айтып берди.
Жүз жыл илгери бул өрөөндө жашагыңыз келбейт болчу
 Эгер ондогон жыл мурун эл колуна күрөк, кетмен, чукулдук албаганда, анда биз азыр жашап жаткан жерибиз мындай болобойт эле. Анткени Бишкектин айланасында азыр буудай жана мөмө-жемиштер өскөн жерлер убагында чөп-чар баскан ээн талаа болгон. Мындай жагдай өз учурунда падышалык бийликти дагы ойго салган. Себеби суунун жоктугунан ал жерлерге эч нерсе эгилчү эмес.

Ушул каналдын суусунун жардамы менен Чүй облусу спутниктен алып караганда жашыл болуп көрүнөт

Мындан тышкары Сары-Өзөн өрөөнүн (Чүй облусун) байырлаган элдин саны да жыл өткөн сайын көбөйгөн. Демек, каралбай жаткан жерлерге суу жеткирүү маселеси курч турган. Кылымдын курулушу деп аталган жалпы элдик ишти жетектөө вазийпасы петербургдук инженер Владимир Васильевге жүктөлгөн.

Падышалык бийлик какыр талаага суу жеткирүү үчүн каражат аяган эмес. Васильевдин изилдөө иштерин жүргүзүүгө чет элдик алты экскаватор алып берилип, анын кызматкерлери Бишкектин мыкты имараттарынын биринде отурушкан. Ал кезде илимпоздор азыркы Улутттук жазуучулар союзунун имаратына жайгаштырылган.

Чоң Чүй каналынын долбоорлогон Владимир Васильев

Дал ошондо Чу дарыясынын бир бөлүгүн кагыраган айдалбаган талаалар аркылуу алып өтүү идеясы жаралган. Иштелип чыккан долбоор эбегейсиз чоң болгон, бирок Россияда башталып калган революциянын аркасында демилге узак убакыт бою унутулуп калган.

Инженер Васильев курулуштун маанилүүлүгүн бийликтегилерге жеткирүү үчүн Лениндин өзү менен жолуккан. Анткени каналдын курулушу менен талааларга суу жетип тим болбостон, электр энергиясын өндүргөн гидроэлектрстанцияларды куруу да каралган. Кыскасы Васильев Владимир Ильичти бал тилге салып маанилүү демилге туура түшүндүрүлгөн.

Бирок долбоор тез эле ишке ашкан эмес. Васильев репрессияланып, Ленин көз жумган. Кылымдын курулушу аталган демилгенин бактысы 1941-жылы 10-майда ачылып, 32 миң кыргызстандык колуна кетмен, күрөк алып курулушту баштаган. Жапа тырмак башталган иш бир жарым айга жетпей кайра токтогон. Мындай абалга 1941-жылы 22-июнда башталган согуш себепкер эле.

Чоң Чүй каналынын курулушунун катышуучулары, 1941-жыл
Биз сөөктөрдү жээкке сүйрөп койчубуз деп эскерди Раиса Данько
Мен тогуз жашта болчумун. Биз дагы ары-бери чуркап жардамдашчубуз. Жада калса өлүп калгандарды жээкке сүйрөп чыгарчубуз. Аларга бир дагы адам басып келип койчу эмес. Себеби жумушчулар өзүнө бөлүнгөн жерди кечке чейин казып бүтүшү милдет эле.

Каналдын курулушунда кан-жанын берип иштеген кыз-келиндер, 1941-жыл
Эмне үчүн элде тамак-аш, техника жок болгон?

Албетте, бийлик курулушту мындай адам чыдагыс шартта өткөрүүнү көздөгөн эмес. Жалпы ишти баштоо алдында 1940-жылдын апрель айында Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Төрөбай Кулатов токтом чыгарган. Андагы документте тиешелүү техника, транспортторду бөлүп, жумушчуларды күнүмдүк керектелүүчү каражат жана тамак-аш менен камсыздоо буйрук кылынган.

Ал эми курулушка катышууга дилгир болгон жарандарды жумушунан бошотуп, берилген бардык жеңилдиктерди сактоо чечими коюлган. Тилекке каршы, мындай талаптарды согуш маалында аткаруу кыйын болгон. Бирок ага карабай эмгекчилер арасында жалпы элдик ишти токтотуу ниети болгон эмес, тескерисинде, иш жигердүү жүргөн. Себеби фронт кийим-кечеге жана тамак-ашка муктаж болуп турган эле. Ал көйгөйдү чечүү үчүн айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыз кылуу негизги маселерден болгон.

Курулушта эч кандай оор техника колдонулган эмес. Чүй облусу менен өтүп, Казакстанга чейин жеткен канал күрөк, кетмен жана чукулдук менен казылган.

“Чоң Чүй каналынын курулушун — элдик курулуш деп атасак болот. Анткени анын башталышы менен элдин башы биригип, күн сайын 33 миңдей киши эмгектенген. Кийин согуш башталып кеткенине карабай башталган иш токтогон эмес. Анын өнөр жай үчүн дагы орду чоң болгон. Азыркы муун дагы каналдын курулушунан сабак алышы керек. Анткени бул элдин ынтымагы менен эмгекчилдигинин бир мисалы”, — деди тарых илимдеринин кандидаты Бердигул Темирбаев.

Казуу иштеринде эмгектенген кыз-келиндер, 1941-жыл
Ачкачылык менен суук күндөр эсимде. Петр Данько
Эң чоң көйгөйүбүз курсак тойгузуу жана уйкуну кандыруу болчу. Ал убакта экөөнү тең кыла алчу эмеспиз. Эртеден кечке чейин ат менен өгүздөрдү пайдаланчубуз, техника жок эле. Куурулган, бууга бышкан кызылча эле жечүбүз. Курсагыңды тойгузуп, аман калгың келсе каналга барып иштейсиң. Кечинде казган жерди эсептеп кагаз берет, ошону менен 300 грамм нан аласың. Аны алып алып кубанган тейден чуркап жөнөйсүң.
 Чоң Чүй каналынын курулушу тууралуу гезиттер эмне деп жазышкан

“Курулуштагы мелдеш улуу курулуштун бардык участкаларын кучагына алды. Куруучулар каналдын курулушун октябрдын 25 жылдыгына бүтүүгө родинабызга жана улуу Сталинге сөз беришти”

Кызыл Кыргызстан. 1942-жыл 30-май.

 “Колхоздун башкармасы канал казуууга керектүү аспаптарды даярдоого киришти. Азыр 70 кетмен, 83 күрөк камдалды. Колхозчулардын тамак-ашы үчүн 45 центнер ун, 11 центнер эт беленделди”

Ленинчил жаш. 1941-жыл 29-апрель.

 “Чоң Чүй каналынын курулушунун саясий мааниси абдан чоң. Бул элдик курулуш өзүнүн чоңдугу жагынан сталиндик үчүнчү беш жылдыктын зор курулуштарынын бири болуп эсептелет. Буга төмөнкү цифралар далил боло алат. Жалаң Күнбатыш каналды куруу үчүн 60 миңден ашык колхозчу катышып, алар 6 миллиондон ашык куб метр топурак казууга тийиш. Биздин замандын ири курулуштарынын бири болгон Чоң Чүй каналынын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүп, бүткүл Чүй өрөөнүнө көрк бергендей маданияттуу жана элдик эмгектин каарман эстелиги болуп калышы керек”

Ленинчил жаш 27-апрель 1941-жыл.

 “Жаңы Турмуш” колхозу каналды курууда алда бара жатат. Бул колхозго комсомолец Доскеев жетекчилик кылат. Ал жер казуунун күндүк номасын 350 процент орундады. “Кроол-Дөбө” колхозундагы комсомолец Курман Кожобердиев күнүнө 12 кубометр жер казып, нормасын 400 процент орундады”

Ленинчил жаш 1941-жыл 1-июнь №7843

Бетон даярдап жаткан жумушчу аялдар, 1941-жыл
Кычыраган суукта курулган ГЭС жана андагы кыйынчылыктар

Айдалбай жаткан жерлерге суу жеткирүү инженерлердин жалгыз гана максаты болгон эмес. Алар канал бойлой гидроэлектрстанция куруп, калкты жана өнөр жайды электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөшкөн. Мындай аракеттердин аркасында 1942-жылы май айында Ворошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу башталган.

Ал курулуштун көпчүлүк бөлүгү кычыраган суук мезгилге туш келген. Жумушка жети миңге чукул балдар жана кыз-келиндер тартылып, ызгаарга карабай баш көтөрбөй жер казышкан. Анткени жер алдынан чыккан суу бетон куюуга тоскоолдук жараткан. Себеби кышкысын суу сордуруу жана тетиктерди алмаштыруу маалында техниканы кой, жумушчулардын кийимдеринен бери муз болуп тоңуп калчу. Жумуш бир мүнөт да токтобой, бир күндө 200 куб метрден көп суу сордурулуп турган. Эгер иш токтоп калса, аткарылган иштер суу алдында калуу коркунучунда эле.

Гидроэлектрстанцияны куруу иши бир жыл эки жумага созулган. Күжүрмөндүк менен иштеген кыз-келиндердин эмгегинин аркасында ишке кирген ГЭС согуш маалында Фрунзеге көчүрүлүп келген заводдорго экинчи өмүр берген.

Чоң Чүй каналын, ГЭСти биздин чоң энелер курушкан.

Аман калайын деген эле жандар. Ырысбүбү Кекиртекованын окуясы
Курулушта эркектер жокко эсе болчу, алар согушка кетишкен да. Кыйынчылыктын көпчүлүгүн аял кишилер тартты. Анда эмне деген гана кыйынчылыктар болгон жок. Адамдар ачкачылыктан, сууктан нан сурап жатып эле көз алдыңда өлүп калчу.

Тизилип алып курулушка бара жаткан жумушчулар, 1941-жыл
Советтик армия кызыл желегин Рейхстагга илип жеңишке жеткенден кийин жалпы элдик курулуш кайра жанданган. Анда мурдагыдай топурак ташыган өгүздөрдү чанда гана көрүүгө мүмкүн эле. Улуу ата мекендик согуштан кийин атайын техникалар алып келине баштаган. 1953-жылы Батыш Чоң Чүй каналы колдонууга берилет, төрт жыл өткөн соң Чыгыш Чоң Чүй каналы ишке кирет. Ошентип жалпы каналдын курулушу 30 жылга созулуп, түштүк канал 1972-жылдан тарта пайдаланыла баштайт.

Карыпбек Алымкулов, техника илимдеринин доктору, профессор, энергетик:
“Куруучулар согуш мезгилиндеги жана андан кийинки кыйынчылыктарга карабай бир топ гидроэлектрстанцияны ишке киргизе алышкан. Ал эми биз эгемендик алгандан баштап бир дагы кичи ГЭС куруп бүтө элекпиз. Алар 13 жылда жети станцияны колдонууга беришкен. Бул аракеттердин өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүүсү үчүн орду чоң болгон”

Чоң Чүй каналынын боюндагы казуу иштери,1941-жылы
Жер алдында эмнелер катылган

Каналдагы казуу иштери кыргыз жеринин тарыхы бай экендигин айгинелеген. Анда эмгектенгендер топурак алдында укмуштуудай байыркы табылгаларды кездештирген. Эмгекчилер менен кошо иш алып барган археологиялык топту белгилүү тарыхчы Александр Бернштам жетектеген. Экспедициясынын соңунда ал бул табылгалар жөнүндө китеп да жазып ийген.

Жер алдынан майда тыйындарды кошпогондо үч миңден ашык табылга алып чыгарылган. Биздин заманга чейинки 2000-жылдардагы аспаптар, курал-жарактар колго урунган. Гезиттер өз убагында салмагы 10 килограмм болгон зер буюмдар табылганын жарыялашкан.

Каналда иштеген жумушчулар, 1941-жыл
Чоң Чүй каналы эмне үчүн — биздин сыймык?

Колдонууга берилген Чоң Чүй каналынын аркасында Сары-Өзөн өрөөнүндөгү айдоого ылайыктуу болгон жердин 40 пайызы сугат жерлерге айланды. Учурда канал эгин талаалары жана бак-дарак ээлеген 100 миң 666 гектар жерди ээн-эркин сугара алат. Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарын жыл бою электр энергиясы менен камсыздай алган жети кичи ГЭС иштеп жатат.

Мунун баарын мурас катары бизге чоң ата, чоң энелерибиз калтырды. Биз балдарыбыз менен келечек муунга калтыра алабызбы?

https://youtu.be/NgCZ2q7OGF4

 

Булактар: “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому, Китеп палатасы, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана, Борбордук мамлекеттик архиви

Булак: “sputnik

Меню