Menu

ТАРЫХ

"Ата-Бейитте" жок Абдыкадыр Орозбеков - Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

         Сизге түз кайрылууга төмөнкү жагдай мажбурлады. Бир нече жылдан бери 7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» болуп калганы жакшы болду.  Дал ушул күнү биз кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, өсүп-өнүгүшүнө, өзгөчө салым кошкон улуттун улуу инсандарын эскере турган күн. Азыркы муундар, айрыкча жаштарыбыз бабалар басып өткөн бай тарыхты эскерүү менен катар эгемендүү жана көз карандысыз  мамлекеттүүлүккө кыргыз эли кандай баа менен жеткенин терең билүүсү милдет. Бул күндүн тарбиялык жагы да абдан зор. Дал ушул күнү кылым карыткан кыргыз элинин уюткулуу тарыхы, ата-бабаларыбыздын баскан жолу, элибиздин эркиндиги, эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшү, кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхына ташка тамга баскандай из калтырган Барс-бег, Мухаммед Кыргыз, Атаке бий, Алымбек датка, Ормон хан, Полот хан, Курманжан датка, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков сыяктуу ж.б. чыгаан мамлекеттик ишмерлерибиз эскерилет.

   Улуу муундагы чыгаан инсандарыбызды ар тараптан, калыс изилдеп, алардын атын кийинки муундарга жеткирүү, өмүр таржымалдары жаш муундарга үлгү болушу милдет. Маалым болгондой Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери А.Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» №251-VI токтомунун негизинде бир катар иш чаралар жүргүзүлүп, ошондогу Президентибиз А.Орозбековдун кичи мекенине барып, салтанатту иш чара өткөнү да баарыбызга маалым. Бирок, аткарылбаган иштер да бар.

  Учурда кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын эң ыйык жайы – улууларга урмат-сый катары курулуп, 2000-жылдын 14-июлунда ачылган, Бишкектен 30 чакырым аралыкта Чоң-Таш айылынын жанында жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси экендиги талашсыз. Ал жерге сталиндик кызыл террордун жана массалык репрессиялардын курмандыктары болгон 19 улуттун 137 чыгаан инсаны коюлган. Дал ошол жерде 1938-жылы 5,8-ноябрдын түнүндө 137 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Кыргыз элинин Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдарындагы улуттук мамлекеттүүлүктү түптөгөн чыгаандары, кыргыз улуттук интеллигенциясынын каймактары –  Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Б.Исакеев, М.Салихов, К.Тыныстанов, Т.Айтматов, Э.Эсенаманов, Х.Жээнбаев ж.б. түбөлүк жайын тапкан. 2008-жылы ал жерге ааламга атагы чыккан, даңктуу да, барктуу да жазуучубуз Ч. Айтматов коюлган.  2010-жылы апрель окуяларында курман болгон жарандардын басымдуу бөлүгү да ушул жерге коюлган. 2016-жылы ал жерге 1916-жылкы кыргыз элинин улуттук боштондук кыймылынын курмандыктарына арналган эстелик тургузулган. Жогорудагыларды эске алуу менен кийинчерээк «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси болуп кайра өзгөртүлгөн. Мунун баары абдан жакшы, талашсыз факт.

   Бизди, айрыкча мени абдан өкүндүргөнү – ошол 137 адамдын сөөгү коюлуп, аттары жазылган «Ата-Бейитке» кыргыз элинин дагы бир чыгаан уулу, Кеңеш доорунгдагы кыргыз мамлекетинин фундаментин бекемдөөгө өзүнүн зор салымын кошкон, Кыргыз Автономиялуу облусунун, Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитеинин биринчи төрагасы, Кыргыз АССРинин, Кыргыз ССРинин Баш мыйзамын – Конституциясын  түзүүчүлөрдүн бири Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлбаса да, мемориалдык тактага атын жазып коюшпаганы болуп жатат. Негизи бул маселе ошол  “Ата-Бейит” комплекси ачылганда эле коюлган. «Ата-Бейит» мемориалы ачылган салтанатта ошол кездеги дөө-шаалардын бирине: «Эмне үчүн бул жерде А. Орозбековдун аты жазылган эмес?» деген суроо узатсак: «Ал киши бул жерде атылган эмес экен» деген жооп болгон эле. 

    Ооба, ал жерде атылган 137 адамдын арасында ал киши жок. Бирок ошолордой эле, керек болсо алардын көбүнөн аша турган, эли-журтуна, мамлекетине эмгеги сиңген, алардын көбү менен үзөңгүлөш болуп, мамлекеттин тагдырын чечкен маселелерге жигердүү катышып, өз башын канжыгага байлап, эли, мамлекети үчүн жанын берген, ошол коогалаңдуу мезгилдин курмандыгы болгон Абдыкадыр Орозбековдун ысымын дал ошол мемориалдык тактага жазып койсо болот эле деген ойдобуз. Мейли, коюлган жери табылбаса табылбасын. Бирок чыгаан, олуттуу мамлекеттик ишмер катары анын атын дал ошол «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине жазуу азыркы муундардын, эгемен Кыргызстандын расмий бийлигинин тарыхый, саясий милдети эле. Тилекке каршы, ал дагы эле аткарыла элек. 

    Урматтуу Садыр Нургожоевич, мен А.Орозбековго жердеш да, тууган да эмесмин, болгону өз ишине берилген, мекенчил бир жоош момун тарыхчымын. Сиз Президенттикке талапкер болуп жүргөн кезде, Ошто бир жолугушууда, мен сизге ийгилик каалоо менен ошол «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине Абдыкадыр Орозбековдун ысымын жаздыруу сунушу менен кайрылган элем. Жаңылбасам, ошондо Сиз бул маселе сөзсүз эске алынат, ал кишинин аты жазылышы керек – деген кыязда жооп берген элеңиз. Мына эми азыр Сиз Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекет башчыбызсыз. Көптөгөн иштерди аткарып жатасыз, алар талашсыз факт, тарых өзү таразалап алат кийин.  Бирок, “Ата бейитте”  Абдыкадыр Орозбековдун ысымы дагы эле  жок.

    7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» экенин эске алуу менен мен дагы бир жолу Сизге расмий кайрылат элем, кандай жагдай болсо да Абдыкадыр Орозбековдун ысымы  ошол биздин “Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде” жазылышы керек. Мамлекет башчыбыз, улуу инсандарды, элибиздин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын тургузган, бекемдеген инсандарды урматтаган, сыйлаган Президент катары ошол тарыхый адилетсиздикке, кемчилдикке чекит коё деген үмүттөмүн.

     Чындыгында 20-30-жылдары кыргыз элинин чыгаан уулдары өз элинин келечеги, мамлекети үчүн эмгегин, керек болсо өмүрүн аябаган, кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн, партиялык, мамлекеттик чыгаан ишмерлеринин арасында кадырлуу болуп, урматтоо менен «бүткүл кыргыз аксакалы», «биздин аксакал» атка конгон Абдыкадыр Орозбеков да бар. Эгерде А.Орозбеков ошол кездеги элибиздин көрүнүктүү уулдары А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, Т.Айтматов, К.Тыныстанов ж.б. сыяктуу билимдүү болсо, мүмкүн анын тагдыры башкача болуп, эл үчүн үзүрлүү эмгеги башка нукта өтмөк чыгар. Тилекке каршы, өзү айткандай сабатсыздыгын өз алдынча жоюп, болгону Ташкент шаарындагы Орто Азия бюросуна караштуу 3 айлык партиялык, кеңештик курулуш курсун аяктаган. 

   Ошентип, ал жаңыдан түптөлүп келаткан кыргыз мамлекетинин бирден-бир маанилүү жетекчилеринен болуп калган. Мындай пикирге анын мамлекеттик кызматтары күбө:

  • Кыргыз Автономиялуу Облусунун аткаруу комитетинин төрагасы – 1925-1927-жж.;
  • Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы – 1927-1936-жж.;
  • Кыргыз облустук партиялык уюмунун бюросунун жана республикалык партиялык уюмдун Борбордук комитетинин мүчөсү;
  • Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы – 1936-1937-жж.;
  • Орусия Федерациясынын Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун мүчөсү;
  • СССР Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун мүчөсү;
  • Кыргыз АССРинин атынан Кеңештердин Бүткүл Россиялык XIV жана XV чакырылышындагы курултайлардын делегаты;
  • Бүткүл Россиялык БАК мүчөсү, Кеңештердин Бүткүл союздук IV–V чакырылышындагы курултайлардын делегаты;
  • СССР Улуттар Кеңешинин мүчөсү;
  • 1929,1937-жылдары кабыл алынган республикалык Баш мыйзам –Конституцияны иштеп чыккан комиссиянын мүчөсү болгон.

    1926-жылы 25-февралда түзүлгөн автономиялуу облустан автономиялуу республикага айлантуу боюнча атайын комисияга эки милдет жүктөлгөн:    

  1. Кыргыз АССРинин түзүлгөнү туралуу декларациянын долбоорун. 
  2. Кыргыз АССРнин Конституциясынын долбоорун даярдоо.

     Дал ошол конституциялык комиссиянын төрагасы А.Орозбеков, мүчөлөрү Ж.Абдрахманова, И.Фатьянов, К.Абрамов, Л.Авербуг, Манкиров болгон. Демек, А.Орозбеков алгачкы Конституциябызды даярдап, бекитүүгө зор салым кошкон. Ал эми 1936-37-жж. экинчи Конституциябызды даярдоодо чакан комиссиянын төрагасы болгон, анткени ал убакта анын үстүнөн кызыл террор жана репрессиянын ала булуту айлана баштаган. Мындан башка бир катар коомдук уюмдардын жетекчиси болгон. Көрүнүп тургандай, А. Орозбеков улуттук мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүшүнө зор салымын кошкондугу кашкайган чындык.

   Бизди канааттандырбаган жагдайлар: биринчиден, азыркыга чейин анын кайсы жерге, качан коюлганы толук тактала элек. Болгону кээ бир божомол менен чектелүүдөбүз. Экинчиден, анын өлүмү да толук аныктала элек. Кээ бирлери, аны «тергөө учурунда атып салышкан» дешсе, башкалары «тергөөдө катуу токмоктун натыйжасында өлгөн», үчүнчүлөрү «оорудан өлгөн» дешет. Эң негизгиси – Абдыкадыр Орозбеков иш ордунда камакка алынып, дал ошол НКВДнын түрмөсүндө каза болгону шексиз. Үчүнчүдөн, анын саясий-тарыхый бейнеси толук ачылып бүтө элек. Тилекке каршы, эгемен кыргыз мамлекетинин туңгуч президентинин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу» аттуу китебинде кеңеш доорундагы бир топ мамлекеттик ишмерлер аталып, бирок А. Орозбековдун аты аталбаганы ар түрдүү жагымсыз пикирди калтырган. Төртүнчүдөн, ошол мамлекет башчыбыздын мамилеси таасир эттиби же башкача бир саясий оюндар жүрүп кеттиби, кантсе да дал ошол 20-30-жылдардагы кызыл террордун курмандыгы болгон, «Ата-Бейит» комплексине коюлган 137 адамдын арасында А.Орозбековдун аты бүгүнкү күнгө чейин жазылбаганы абдан өкүнүчтүү. Бешинчиден, А. Орозбеков жөнүндөгү маселе бир жактуу эмес. Анткени анын ишмердүүлүгүнө, айрыкча жогорку мамлекеттик кызмат абалына жетишкенден баштап анын тарыхый-саясий бейнесине карата ар түрдүү сын-пикирлер, кээде ачык эле тескери, көп учурда анча жымсалданбаган ачык бурмалоо, жалган доомат коштогон мүнөздөмөлөр да берилип келет. Албетте биз тарыхчылар толугу мененн тарыхый чындыкты калыбына келтиребиз деп ишендире алам. Муну айтып жатканым, эгер чындап эле А.Орозбеков ошолор мүнөздөгөндөй чабал болсо, алгачкы кыргыз мамлекетинин башатында анчалык көп убакка – 12 жыл бою турбайт эле да. Демек, ал – ар тараптан колдоого да, коргоого да татыктуу инсан. 

    Биз 2016-жылы – “Тарых жана маданият жылында” ушуга окшогон так эместиктерди, мүчүлүштүктөрдү оңдоого, тастыктоого мүмкүнчүлүк болот деп ойлодук эле. А.Орозбековго карата андай болгон жок. Кеч болсо да 2018-жылы анын 130 жылдык мааракесинде ошол катачылыкты оңдолоор деген үмүттө болдук эле, андай болгон жок. 

    Эми урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиздин колдооңуз менен дал ошол «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине анын ысымы жазылып калар деген зор, илгери үмүтүбүз бар.

    Сизди терең урматтоо менен,

тарых илимдеринин доктору, профессор, 

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 

илимий иштер жана эл аралык байланыштар 

боюнча проректору  Байболот Капарович Абытов

[email protected];  тел. 0552270235

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда улуттук баатыр Бирназар бийдин эстелиги ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, улуттук баатыр Бирназар Алдаш уулунун эстелигинин ачылышына катышты.

Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган иш-чара Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болуп өттү.

Мамлекет башчысы Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, Куран окулду.

Бирназар бий башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөштө кыргыз элинин лидерлеринин бири катары тарыхта чоң из калтырган.

АКШ элчилиги жана жергиликтүү өнөктөштөр 11-кылымдагы Бурана мунарасын сактоо жана коргоо боюнча долбоордун башын ачууда

Бүгүн, 24-сентябрь АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коосуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин жетекчилери катышты.  “Кыргызстандагы 11-кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунда АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан (AFCP) 200,000 доллардан ашуун көлөмдөгү каржылоо каралган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө кыргыз маданиятына болгон урмат-сыйды баса белгилеп: “Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң бекем турат деп үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн өнөктөштүк белгилеп жатабыз,” — деди. Иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн, анын ичинде Шоро компаниясынын колдоосу менен өттү.

Директор Чолпон Турдалиева жетектеген Музейдик Демилгелер Коомдук Биримдиги Борбору бул долбоорду Кыргызстандын Маданият министрлиги, Эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен биргеликте ишке ашырат. Адистер Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн коргойт. Долбоор ошондой эле Маданият министрлигинин жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин кызматкерлери, кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарларды жана мастер-класстарды камтыйт. Санарип медиа кампаниясы Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтып, көбүрөөк конокторду тартуу үчүн маалымат жайылтууну жогорулатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы адамзаттын жалпы маданий мурасын белгилөө үчүн AFCPни түзгөн. AFCP аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду каржылайт. AFCP каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлорго Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоо кирет. Бурана мунарасын калыбына келтирүү гранты менен АКШ өкмөтү AFCP аркылуу Кыргыз Республикасындагы маданий жайларды сактоого 500,000 доллардан ашуун салым кошуп келет.

Өзбекстандын Жогорку соту басмачылардын лидери Ибрагимбек корбашыны толук актады

Өзбекстандын Жогорку соту 1920-1930-жылдары репрессияланган 115 кишини, анын ичинде азыркы Өзбекстандын, Тажикстандын жана Ооганстандын түндүгүндөгү аймактарда басмачылык кыймылдын лидери болгон Ибрагимбек Чакабаевди (Ибрагим-бек) актады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Акталгандардын жалпы тизмеси Өзбекстандын Жогорку сотунун сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, сот быйыл февралда республикалык жумушчу топтон келген алты кылмыш ишин карап чыккан. Ал топ 2020-жылы күзүндө “репрессия курмандыктарынын жашоосу менен ишмердүүлүгүн изилдеп, алардын атын түбөлүккө калтыруу” максатында түзүлгөн.

Басмачы – совет бийлигине каршы күрөш жүргүзүп, большевиктерди кууп чыгарууну максат кылган Борбор Азиядагы аскердик-саясий жана диний кыймыл болгон. Өткөн кылымдын 20-жылдарынын башында Бухара элдик совет республикасы түзүлгөндөн кийин Ибрагим-бек анын шаарлары менен айылдарына кол салып, большевиктер тактан кетирген Бухаранын эмирин кайра бийликке алып келүү үчүн куралдуу күрөштү жетектеген.

СССР бийлигинин маалыматына ылайык, Ибрагим-бек Ооганстандын түндүк-чыгышында бийликтен кулатылган эмир башында турган өзбек-тажик мамлекетин түзүүнү пландаган. Ошондой эле ал 1930-жылы жайында Түндүк Ооганстанда рейд өткөргөн совет-ооган экспедициялык отрядына каршы согушкан.

1931-жылы жайында Ибрагим-бек НКВДнын атайын отряды тарабынан кармалып, Ташкентке жеткирилген. Ошол эле жылы августтун аягында өлүм жазасына тартылып, сот өкүмү окулгандан кийин дароо атылган. Бирок Ибрагим-бектин отрядындагы адамдар куралдуу күрөшүн дагы бир нече жыл улантышкан.

Көз карандысыздыктын 30 жылындагы 30 олуттуу окуялар

Быйыл 31-августта эгемендүү кыргыз мамлекетинин Көз каранды­сыз­ды­гынын 30 жылдык мааркеси белгиленет. Ошол жылы төрөлгөн бал­дар, кыздар эрезеге жетип, алды 3-4-5 балалуу, үй-жайлуу болуп, атуул катары калыптанып  калыш­ты. Саясатка аттан­ган­дардын алды өлкө­бүз­­дүн учур­да­гы мамлекеттик башкаруу аппараты­нын ар түрдүү дең­гээл­деги башкаруучулары, министр­лер­дин, коми­тет­тердин, комиссия­лар­дын төрагаларынын орун басарлары, жетек­чилери, саясий партия­лар­дын лидерлери болуп, эли-журту­на, кыргыз мамлекетине кызмат өтөшүүдө. Көптөгөн ийгиликте­ри­биз болсо да, кээ бир пессимистик маа­найдагы мекендештерибиз аларды көр­гүсү кел­бей, кээ бир кемчилдик­тер­ге, мүчүлүштүктөргө басым жасап, 30 жылда алгылыктуу иш бол­бо­гондой таризде кээ бир ММК аркылуу пикир түзүүгө аракет кылы­шууда. Мен аларга макул эмесмин, кемчилдиктер, катачылыктар менен катар эле бир топ жетиш­кендиктер, ийгиликтер болгону талашсыз. Оп­ти­мисттик маанайда ошол ийгиликтери­бизге тарыхый саресеп салдык.

    Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгында орун алган өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык коом­дук жана маданий турму-шунда орун алган 30 олут­туу, кыргыз мамлекетинин бурулуш этаптарына алып келген, тарыхыбызда татыктуу из кал­тыр­ган окуя­ларына саресеп салып көрдүк. Алар төмөнкүлөр болду:

  1. 1991-жылдын 31-августунда жарыяланган кыргыз мам­ле­кетинин Көз каран­ды­сыз­дыгы жө­нүндөгү Декларация. Бул документ кыргыз мамлеке-ти үчүн зор тарыхый, сая­сий, укуктук мааниге ээ болгону талашсыз. Ошол кезден баштап кыргыз мам­лекет­түү­лү­гү­нүн жаңы – өз алдынча, көз карандысыз мамлекет катары доору баш­­талган.
  2. 1992-жыл көз карандысыз кыргыз мамлекетинин маанилүү жылы болуп калды. Жаңы кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн, көз карандысыз­ды­гын Тур­ция, США, Рос­сия, Япония, Китай, Иран, Пакис­тан, Германия сыяктуу дүйнөлүк ири державалар таа­ныш­кан. 1992-жылдын 1-февралын­да Биш­кек­­те, Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчи болуп, АКШ элчилиги, а Ва­шинг­­тон­до Кыргызстандын элчилиги ачылган. 1992-жылдын 29-апре­лин­де Түрк Республикасынын элчилиги Бишкекте ачылды. 1992-жылдын 2-мар­тында БУУ Генералдык Ассамблеясынын 46-сессия­сы Республика Кыр­гыз­станды БУУ­нун мүчөлүгүнө бир добуштан кабыл алган. Ошол эле күнү Нью-Йоркто, БУУнун башкы имаратында Рес­пуб­лика Кыргызстандын Туусу расмий көтөрүлүп, желбиреген.
  3. 1993-жылдын 5-майында Жогорку Кеңештин ХП сессиясында талкуу­ланып, Кыр­гыз Республикасынын Баш мыйзамы – Консти­туция­сы кабыл алынган. Бул чындыгында зор саясий, укуктук мааниге ээ та­рыхый окуя. Көз карандысыздыктын жаңы шартында Кыр­гыз­стан­дагы мам­лекеттик, коомдук түзүлүштү, башкаруу ыкмасын, реслубли­ка­нын ички жана тышкы саясат-тарынын негизги багыттарын мезгил талабына шайкеш анык­тоо керек эле. Мындай кадамдарды камсыздоо үчүн жаңы Баш мыйзам иш­телип чыгып, эл тараза­сына коюлуп, ка­был алынган. Консти­ту­циянын маңызын негизги эки  принцип түзгөн:  бийлик бутакта­рынын бөлү­нү­шү;  элдик  суверенитет. Конс­ти­туция республиканы унитар­дык, демо­кра­­­тиялык респуб­лика деп жарыялаган.
  4. 1993-ж. Конституцияга шайкеш көз карандысыз Кыргыз­стан­да коомду, сая­сий турмушту де­идео­логизациялоо, департи­за­­циялоо, десоветиза­ция­­лоо, де­цен­тра­лизациялоо, деформа­ция­лоо турмушка ашырыла баштаган. Конс­ти­ту­ция­га ылайык укуктук мамлекеттин негиздери киргизилген. Алгачкы жолу бир партиянын үстөмдүгү жоюлуп, көп партиялуу­лук система кир­ги­зилген.
  5. Жаңы Консти­ту­ция­бызга ылай­ык жаңы мамлекеттик символ­до­ру­­буз пай­­да болду. Өлкө­бүздү эл ара­лык арена­да таанытып келе жат­кан – Туу­буз­ 1992-ж. 3-мар­тын­­да Жо­­гор­ку Кеңештин 8-сес­сия­сында рас­мий белги катары ка­был алы­нып, 5-мар­тта Өк­мөт үйү­нүн үстүндө салтанаттуу көтөрүлгөн. Туунун ав­­торлору Э.Ай­дар­беков, Б.Жай­чы­беков, С.Ип­та­ров, Ж. Ма­таев, М. Сы­ды­­­ков. Улуттук мамлекеттин символу болгон – Герб Кыргыз Рес­пуб­ли­ка­сынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-янва­рындагы ток­то­му менен беки­тил­ген. Авторлору А.Абдраев, С.Дуба­наев. Кыргыз мамлекетинин маа­нилүү символу – Гимн Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 18-декабрын­да­гы чечими менен бекитилген. Сөзү Ж.Садыков жана Ш.Кулуев­дики. Обону Н.Давлесов менен К.Молдобасановдуку.
  6. 1993-жылы 10-майда Кыргыз Рес­­публикасынын Жогорку Кеңешинин 12-сес­сия­сы, Өкмөттүн “Улуттук валютаны киргизүү жөнүндөгү” суну­шун кабыл алып, анын зарылды­гын бекитип, өз  чечими ме­нен улуттук валю­та – сом кирги­зил­ген. Кыргыз Республикасы КМШда биринчилерден бо­луп өз улуттук валютасын чыгарды. 90-жылдардын башын­да өлкөнү экономикалык, социалдык кризис­тен чыгуу­су­на, жаңы киргизилген улуттук валю­та олуттуу таасир эткени талашсыз. Биздин улуттук валютабыз азыркыга чейин Бор­бордук Азия чөлкөмүн­дө­гү эң туруктуу улуттук валюта болуп, мамле­ке­тке, соода-экономи­ка­лык катнаш­та­р­да өз вазый­пасын атка­рып келүүдө.
  7. Кыргыз Рес­пуб­ли­касынын I чакы­ры­лыштагы Жогорку Кеңе­шине шай­лоо­лордун натый­жасын­да 1995-жылдын февралынан баштап эки палаталуу Жо­горку Кеңеш тү­зүл­гөн. Мыйзам чыгаруу (35 депу­тат) жана Эл өкүл­дөр жыйы­ны (70 депутат). Тең шайлоо шарттарында шай­лан­ган эки пала­танын депутат­тарынын укуктары бирдей болгон. Бул дүйнө­нүн баш­ка пар­ла­менттеринен айырмаланып турган эки палаталуу кырг­ыз парла­ментинин өзгөчөлүгү эле. (Бирок эки палаталуу кыргыз парламенти да туруктуу бо­луп, өз жеми­шин толук бере албады. Бир палаталуу Кыргыз Рес­пуб­ли­кассы­нын Жогорку Ке­ңе­ши­не биз кайрадан 2005-жылы кайрылдык).
  8. Баш мыйзамыбыз 1993-жылы кабыл алынган кийин өлкөбүз 9 жолку конс­ти­туциялык реформаны баштан ке­чирди. Ал реформалар «Конституцияга өз­гөр­түү­лөр­дү жана толуктоо­лорду киргизүү» жөнүндөгү мыйзамдын алка­гын­да, бүткүл элдик референдумдун натый­жасында турмушка ашы­рыл­ган. Консти­туциялык реформалар 1994,1996,1998, 2003,2006, 2007,2010,2016, 2020- жыл­дар­га туура келет. Эгерде көз карандысыздыкка 30 жыл болсо, анын ар бир 3 жылында жаңы Конституция же конституциялык реформа болуп турган десе болот (Биринчи Баш мыйзамды кошкондо  10 жолу мам­ле­кет­тик деңгээл­деги конс­ти­ту­циялык өзгөрүүлөр болду десек болот).
  9. 1995-жылдын 25-30-августунда Таласта “Манас” эпосунун 1000 жыл­дык мааракеси өткөрүлгөн. Ал маараке 1992-жылдын 20-июнунда “Манас” эпосу­нун 1000 жылдыгын бел­ги­лөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Пре­зи­дентинин Жарлыгы, 1994-жылкы БУУнун 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөлүк деңгээлде майрамдоо туууларуу  резолюциясы­нын алка­гында уюштурулуп, өткөрүлгөн. “Манас”эпосунун 1000 жылдык маа­раке­си Кыргыз Республикасын дүйнөлүк коомчулукка дагы бир жолу таа­ныт­кан.  Мааракеде “Манас” айылында 1000  боз үй тигилип, 12 канат хан өргөө, 3 кабаттуу боз үй  салтанаттын көркүн ачкан. Беш күнгө созулган маа­ра­­кеде 40ка жакын өлкөдөн 150­дөй окумуштууну катышып, 100гө жакын түр­дүү эмгектердин кыргыз жана чет тилдерде басылып чыккан. Жыйынты­гында “Манас” декларациясы кабыл алынган.  “Манас” музейи ачылган.
  10. 1997-жылдын 1-январына карата көз карандысыз Кыргыз Республ­ка­сын  дүйнө­нүн 120 ашык өлкөсү таанып, 40га жакын ири эл аралык уюмдарга мүчө болгон.
  11. 2000-жылдын октябрында башында Ош шаа­ры­­нын 3000 жылдык салтанаты БУУнун колдоосу менен өткөн. Дал ошол маараке учурунда  Ош шаа­рына экинчи бор­бор статусун берүү жөнүндөгү Президенттин Жарлыгы чыгып, ошондон бери 5-октябрь Ош шаарынын күнү катары белгиленет. 2000-жылдын 4-октябрындагы Президенттин  № 276 Жарлыгына ылайык Ош шаары «Данакер» ордени менен сыйланган.
  12. 2003-жылдын августунуда кыргыз мамле­кет­түү­­лүгүнүн 2200 жыл­дык салтанаты өткөн. “2003-жылды – Кыргыз мамле­кет­түү­­лүгүнүн 2200 жылдыгы” деп жарыялоо туу­р­алуу чечимди БУУ Башкы ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрында өткөн 57-сессиясы кабыл алган. Натыйжада Кыр­гыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы дүйнөлүк деңгээлде белгиленди.
  13. Өлкөнү өзгөрүүгө алып келген олуттуу саясий, тарыхый окуялар ката­рында Аксы окуясы бар. 2003-ж. 17-18-март күндөрү Аксы райо­ну­нун кал-кы менен куралдуу мили­ция отряддарынын ортосундагы кагылышуу болуп, анын натый­жа­сында чыккан ок атуу­дан 6 адам курман болуп, 22 адам жараат алып, 67 адам камакка алынган. Аксы окуялары­нын чыгуусунун себептерин, анын натый­жа­сын иликтөө үчүн үч комиссия иштеген. Алар: Коомдук-сая­сий комиссия, Депу­тат­­тык комис­сия, Мамлекеттик Ар бир комиссия өз вазыйпа­ла­рын аткарып, өз жыйынтыкта­рын тиешелүү жактарга беришкен. Аксы окуяла­ры Кыргызстан элинин тары­хын­да ташка тамга баскандай из калтырып кетти.
  14. 2005-жылдын 24 марты элдик революция. 2005-ж. өлкөдөгү коом­дук-саясий кыр­даал, социалдык-экономи­ка­лык абал курчуп ошол кезге кеңи­ри кулач жайган мамле­кет­ти авторитардык, үй-бүлөлүк башкарууну кыйра­тып, саясый өнүгүүнү, багытты түп-тамырынан бери өзгөртүп, саясый систе­ма­нын чыныгы демократиялык нукка бурууга толук шарттар түзүлгөн. Ал эми Жо­гор­ку Кеңешке шайлоо толкуп турган эл масса­сын чечкин­дүү саясий кадамдарга баруусуна түрткү болуп калды. Март революция­сы­нын саясий, социал­дык-экономи­калык негизги себептери:  А.Акаев­дин элди алдап үчүнчү мөөнөттөн кийин дагы президент болуп ка­лууга аракети; А.Акаев­дин өзү­нүн, жакындары­нын, бийликтеги өнөктөштөрү­нүн теңирден теске­ри жоруктары, конституциялык укукту бузуулары коомчу­лук­ту, элди, саясий күч­төрдү кыжыр­дантты; Б.Акаева башында турган «Алга Кыр­гыз­стан!» пре­зи­денттик сая­сий партиясы­нан басымдуу көпчүлүгү Жо­гор­ку Кеңештин депутаттыкка өткөн, алар аркылуу А.Акаев өз кудуре­тин бекем­дөө аракетин көргөн;[1] Жогор­ку Кеңешке «Алга Кыргыз­стан!» сая­сий партия­сы­ аркылуу өзүнө өзгө­чө берилген чиновниктер эле эмес, жакын туугандарын, үй-бүлө мүчөлөрүн, президенттин кызы – Б.Акаеванын, уулу – А.Ака­ев­­дин, аялы М.Акаева­нын көп­төгөн туугандарынын, бир эле мез­гил­де ар түрдүү чөлкөмдөр аркылуу парламентке келиши элди иренжитип, аб­дан нааразы кылган; калктын кес­кин түрдө жакырчы­лыкка кабылышы, жумушсуздуктун арбышы – 1991-жыл­дан баштап, калктын социалдык абалы жыл сайын начарлап, 2005-жылы калктын 70 пайызы жа­кыр­чылыктын жана өтө жакырчылыктын чегине туш болду; Жогорудагы­лар­дын баардыгы кыргыз коомчулугун, элди жаңы, чеч­кин­дүү революциялык кадамдарга баруусуна түрткү болгон. Элдик нааразы­чы­лык күндөн күнгө күч алды. 2005-ж. 24-мартында 15 жыл бийлик жүргү­зүп, өлкөнү эко­номи­ка­лык кыйроого, миллиондо­гон тышкы жана ички ка­рыздарга батырган, мамле­кет­ти башкарууну узурпациялап, үй-бүлө­лүк баш­карууга жол берген өлкөнүн биринчи президенти А. Акаевдин режими кый­рап, өзү чет өлкөгө качууга маж­бур болду.
  15. Март революциясынын турмушка ашышына 2005-ж. башы­нда Кыргызстанда пай­да болгон үч оппозициялык күч А.Акаевдин режимине каршы туруп, революциянын ишке ашырган. Алар К.Бакиев башын­да турган 9 сая­сий партияны камтыган «Кыр­гыз­стан эл­дик кыймылы», М.Иманалиев жетектеген «Жаңы багыт» жана Р.Отунбаева, О.Теке­баев жетек­те­ген «Ата Журт» кый­мы­лы. Бу­ларга кошумча «Кел кел» жаштар уюму. Негиз­ги сая­сий каршылыкты ушулар көрсөткөн. 24-март эл  өзүнүн  уку­гун  коргоп, бий­лик­тин  жалгыз  булагы экенин, эл  бий­лиги  баа­рынан  жогору, Ме­кендин таг­ды­ры  баа­ры­нан ыйык  экенин  көрсөткөн  тарыхый  күн болду.

Бул революциянын өзгөчөлүгү революциялык кыймыл Ош, Жалал-Абад облустарынын элет жеринен, алыскы райондорунан башталып, тез эле бор­борго жеткени болду.  Кыска мөөнөтө, 24 мартта жаңы бийлик  орноду. 2006-2012-жылдары 24-март элдик революция күнү ка­тары белгиле­нип кел­се, өкүнүчтүүсү 2013-ж. баштап ал майрамдык дата катары эске алынбай калды.

  1. Март революциясынан кийинки дагы бир олуттуу окуя, 2005-жылдын 12-майын­да К.Бакиев ме­нен Ф.Ку­ловдун саясий тандеми болду. Ал тары­хый, саясий тандем түн­дүк-түштүк ма­се­ле­син чечүүгө, саясий абалды жак­шыр­тууга өбөлгө түзгө­нүн айта кетүү абзел. Келишим боюнча Ф.Кулов К.Бакиевди президенттик шайлоодо кол­дойт, жеңишке жетишкенден кийин премьер-министрдин ордун ээле­мей бол­гон. Кели­шимге жараша шайлоодо К.Бакиев шайлоочулардын 88,9% ээ болуп прези­дент­тик, ал эми Ф.Кулов премьер-министрлик креслону ээлеш­кени тарыхта калды.
  2. 2005-жылдын 1-апрелде парламент Кыргыз Респуб­ли­ка­сынын мурда­гы прези­денти А.Акаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын комис­сия түзгөн. Комиссия өз вазыйпасын аткарып 4-ап­рел­де Мос­ква­да А.Акаевдин отставкасын кабыл алган. Анын иш аракетинин натыйжасында Жо­гор­ку Кеңеш­ 2005-ж. 11-апрелинде Президент А.Акаев­дин мөөнөтүнөн мурда прези­дент­тик ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү токтомун (№133-111) чы­га­рган.
  3. 2005-жылдын 25 апрелинде  «Кыргыз Республикасында  Конститу­ция­­лык кеңеш­мени түзүү жана конституциялык реформа­ны өткөрүү жөнүн­­дө» Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алган. Аталган ток­том­го ылайык жаңы Конституциялык кеңешменин түзү­лүп, жетекчилигине Жогор­ку Ке­ңеш­тин төр­ага­сы Ө.Ч.Те­ке­баев бекитилген. Кеңешмеге 114 адам кирип, алар­дын 57 жа­рандык коомдон, 37 Жогор­ку Кеңе­ши­нин депутаттары, 10 атка­руу бийликтеринин, 10 сот бийлик­те­ринин өкүл­дөрү кирген. Бул конс­ти­ту­ция­лык кеңешме өз вазый­пасын толук аткарган.
  4. 2005-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын экинчи прези­дентин шай­лоо­су өтүп, К.Бакиев Президент болуп шайланды. Тилекке кар­шы, ал дагы элдин ишени­чин, үмүтүн актаган жок. 90го жакын кишинин өмүрүн кыйып, Апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кетти.
  5. Президенттин 2007-жылдын 23-октя­бр­­дагы жар­лы­гы менен Жогорку Кеңеш мөөнө­түнөн мурда таркатылып, ошол жылдын 16-декабрын­да­гы шай­лоо­нун жыйынтыгы боюнча IV чакырылыштын депутаттары республиканын тарых­ында биринчи жолу пар­тия­лык тизме­лер боюнча шай­лан­ган.
  6. 2010-жыл 7-апрелде маани-маңызы, саясий мүнөзү боюнча элдик ре­во­лю­­ция бол­ду. Апрель революция­сынын тарыхый хроникасы мурдагы ре­во­­лю­циядан кыска, бирок кандуу болду. Апрель революциясынын натыйжа­сында коррупцияга, ав­то­­рита­ризм­ге белчесинен баткан К.Бакиевдин бийли­ги, үй-бүлөлүк режими кула­ды. Апрель револю­ция­сы­нын негизги сая­сий, со­циалдык-эконо­микалык өбөл­гө­лөрү, шарттары жана себеп­тери: 2005-ж. Март революциясы толугу менен өз максатына жетпей, мил­деттери толук аткарыл­бай калган; револю­ция­нын натыйжасындагы кеңири эл массасынын жеңи­ши уурдалды; бир үй-бүлөлүк ре­жим экинчиси менен ал­ма­­шы­лып калганы тез эле байкалды; К.Бакиевдин тушунда да бийликтеги коррупция, авторита­ризм жоюлбастан, мурдагы ре­жим­дей эле кө­бөйгөн; экинчи президент учу­рунда үй-бүлөлүк башкаруу сакталып эле кал­бас­тан, үй-бүлө­лүк диктатура күчө­гөн; Президенттин үй-бүлөсү, жакындары эл байлыгын, мамлекет­тин мүлкүн уурдап-то­ноосу мурда­гы­дан да күчөп, анысы аз келген­сип расмий бийлик кри­миналдар менен коюн колтук алышып кетти; үй-бүлө­лүк башкаруу, рас­мий бийлик­терге президент К.С.Ба­киевдин балдарынын, бир тууган-дары­нын ыксыз кийли­ги­шүүсү күч алган; мамлекеттин экономи­ка­сынын эӊ маа­ни­лүү жактарын К.Бакиевдин уулу Максим толугу менен өз колуна алган; саясий, социалдык-экономикалык турмуштун, расмий бийликтердин баар­дык тармактарында коррупция, жердешчилик, тууганчы­лык, улутчул­дук, аймак­чы­лык, кландык көрүнүш күч алды; өлкө ай­ма­гындагы киреше көп кирген чөйрөлөр­дү экинчи президент­тин балдары, бир туугандары ачык эле бөлүп алы­­шы, ар кимиси өз чөйрөсүнүн кожоюну катары, элдин кызык­чы­­лы­гын көзгө илбестен өз каала­гандарын жасашкан­ды­гы, ар бири өзүн ошол чөлкөм­дөр­­дүн, тармактардын ээси катары сезип калгандыгы болду.
  7. Элдик революция ишке ашкан 7-апрель күнү бийлик толугу менен ку­ра­мы 14 кишиден турган Убактылуу Өкмөт­кө өттү. Ө.Текебаев айткандай «… Эми биз Өкмөт, биз парламент, биз Пре­зидент болобуз. Ооба бул абдан татаал, жаман маселе…. Бирок башка­ча чечими жок…» болгон. Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р.Отун­баева, биринчи орун ба­са­ры А. Атам­­баев, орун басарлары Ө.Те­ке­баев, Т.Сариев, А.Бек­на­заров, коргоо ми­нис­­три И.Исаков, УМКК төрагасы К.Дуйше­баев, ички иштер министри Б.Шер­ниязов болуп дайындалган. Убактылуу Өкмөт ат көтөргүс оор жүктү арка­лап, кыйын-кезең ашуу­­да кыр­гыз элин, мамлекетин бөлүп, жаруудан сак­тап калышты. Жаңы бийликтин тушунда Р.Отунбаева өткөөл мезгилдин Президенти болуп тарыхта калды.
  8. 2010-жылдын 10-15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндө эки элдин ортосуна от жак­кан сепаратисттердин айынан, жүздөгөн адамдар­дын өмүрү кыйылган, көптөгөн кыймылдуу, кыймылсыз мүлк жокко чыккан кыргыз-өзбек этникалык кандуу кагылышуу­су орун алды. Этникалык чыр чатакты иликтөө боюнча бир катар расмий, коомдук, эл ара­лык комиссиялар өз тыя­нак­тарын, корутундуларын беришти. Тилекке каршы, ошол кан­дуу кагылыш­ты уюштурган сепаратисттер тобу, чыр-чатактын алдын алып, бөгөт коюга дарамети жетпеген, алдын ала берилген кооптуу маалыматтарга тиешелүү чара көрбөгөн расмий жетекчилер дагы эле өз жазаларын ала элек.
  9. 2010-жылдын 27-июнунда Кыр­­гыз Республикасынын Конституция­сы­нын жаңы дол­боору бүткүл элдик референдумга коюлуп, добуш берүүгө ка­тыш­­кандардын 90% сунуш­талган жаңы Конституцияга колдоо көрсөткөн. Жаңы Конституциянын акыркы түп нускасы расмий түрдө 2010-жылдын 6-июлунда жарыяланган.
  10. Апрель революциясынан кийин, жаңы комдук, саясий кырдаалга байла­ныш­туу Кыр­гыз Республикасынын Пре­зи­дентин шайлоо 2011-жылдын 30-октя­брына дайындал­ган. Пре­зи­дентти шайлоонун жыйынтык­тары боюнча А.Ш.Атам­баев шайлоочулардын 62,52% добушуна ээ болуп, Кыр­гыз Рес­пуб­ли­ка­сы­­нын төртүнчү Президенти болуп шай­ланды. Бул Президентибиз өз бийлигин ыктыярдуу түрдө кийинки Президентке өткөрүп бергендиги менен айырмаланды.
  11. 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз республикасынын Прези­ден­тин шай­лоо­до шайлочулардын 54,7% добушуна ээ болуп, Жээнбеков Сооронбай Шарипович көз каран­дысыз Кыргыз Республикасынын бешинчи Президети болуп шайланып, 2020-жыл­дын октябрында мөөнөтүнөн мурда Президенттик кызматты тапшырган.
  12. Октябрь 2020-жыл. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан 16 партия­нын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргыз­стан», «Мекенчил» партиялары 7 пайыздык босогодон өтүш­­көн. Калган партиялар, алар­дын тарапташтары шайлоонун жыйынтыгы­на нааразы болуп аянтка митингге чыгышкан. Алар парламенттик шайлоонун жыйынты­гын жокко чыгарууну талап кылышкан. 5-6-октябрда шайлоонун адилетсиздигине элдик толкундоолор күчөп, 9-октябрга чейин митингдер кү­чөп, үчүнчү рево­лю­циялык абалга алып келген. Митингчилер Ак үйдү, ата­йын кызматты, басып алышып, абактарда отурган С.Н.Жапаров баш болгон бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрым­дары качып кеткен. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынты­гын жокко чыгарган. 14-октябрдан баштап С.Ш.Жээнбеков Президенттик кызматтан баш тарткандан кийин, С.Н.Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти­нин милдетин аткаруучу болуп калган. 14-ноябрда Президенттик шайлоого аттануу чечимин кабыл алып, аталган кызматтан кеткен. Дал ошол октябрь окуяларынын натыйжасы бийликтин алмашуусуна алып келген. Биз ошол окуялардан сабак алуубуз, тиешелүү тыянактарды чыгаруубуз керек.
  13. Ноябрь 2020-жыл. 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коом­дук талкууга чыгарган. Бул жолку долбоорго Жогорку Ке-ңештин 80ден ашык депу­та­ты демилгечи болгон. 20-ноябрда сунушталган Баш мыйзамдын долбоорун толук иштеп чыгуу үчүн Конституциялык ке­ңеш­ме түзүлгөн. 2021-жылдын 2-февралында Конститу­ция­лык кеңешме Баш мый­зам­дын долбоорунун акыркы нускасын Жогорку Кеңешке жиберген.
  14. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын анык­тоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп, референдумга катышуу­чулардын 81,30% мамлекетибизге «президенттик рес­публика» форма­сын тандады. Ошол эле күнү мөөнөтүнөн мурда өткөн Президенттик шайлоонун натый­жасында, каты­шуу­чулардын 79,2% добушу менен С.Н.Жапаров Кыргыз Республикасынын алтынчы Президенти болуп шайланды.
  15. 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын жаңы Баш мый­­за­мы – Консти­туция­сы кабыл алынды. Учурда биз дал ошол аракеттеги Баш мыйзамдын алкагын­да жашоодобуз.

Жогорудагылардын баары көз карандысыздыктын 30 жылы ичинде көптө­гөн олуттуу окуялар болгондугун айгинелеп турат. Албетте биз баардык окуя­ларды толугу менен камтый албашыбыз мүмкүн, бирок өлкөбүздүн тары­­хында орун алган негизги окуяларды камтууга аракет кылып, тарыхый саресеп салдык десек болот.

  Абытов Байболот  Капарович – тарых илимдеринин доктору, про­фес­­сор, Россия табигый илим­дер академиясынын мүчө-коррес­пон­денти,  Ош мамлекеттик юри­ди­ка­лык институтунун илимий иштер жана эл аралык байланыштар  боюнча про­рек­тору. Кесиптик кызыгуусу, илимий изил­дөө­лөрү: Кыр­гыз­стандын, Бор­бордук Азия­нын, Ош шаарынын тарыхы, тарыхый булактары, булак таа­нуу­су, тарых­наамэси, кыр­гыз­ элинин чыгаан инсандары, шаар таа­нуу, Фер­гана өрөө­нүн­дөгү, Бор­бордук Азия чөлкөмүндөгү чыр-чатактар, Кыр­гыз­стандын салт­туу эмес диний агымдары ж.б. Кыргыз, орус, кытай, англис,поляк, тажик, түркмөн тилдеринде жарык  көргөн 300 ашык или­мий, публицистикалык эмгектер­дин автору, а.и. 11 моно­гра­фиялары, биргелешип жазылган китептери бар.  

Абытов Байболот Капарович, тарых илимдернинин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору

[1] Кабар –Бишкек, 28 февраля 2005 года.

Төрөгелди Балтагулов - 60-жылдары күтүүсүздөн каза болгон, Исхак Раззаковдун ишенимдүү кадрларынын бири, келечекте Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы боло турган адам катары эсептелген

Мамлекеттик, партиялык чыгаан ишмер, эл уулу -Төрөгелди Балтагулов

 2020-жылдын 20-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечи­ми­не ылайык (№ 55-p) расмий түрдө мааракелери өткөрүлө турган кыргыз элинин чыгаан инсандарынын арасында, чыгаан мамлекеттик жана партиялык  ишмер Төрөгелди  Балтагулович  Балтагулов да бар эле. Тилекке каршы дүйнө­лүк пандемия, өлкөбүздөгү эпидемиологиялык абал, ал мааракенин кеңири мааниде жана масштабда өтүшүнө тоскоол болду. Ошол инсандын бейнесине кээ бир сүр­түм­­дөр­дү даярдап, анын ишмердүүлүгүнө, тарыхчы катары назар салып, изилдөөбүздүн натыйжасын калайык калкка, окурмандарга сунуш кылуудабыз. Тегин жерден атактуу жазуучу Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген эмес.  Мындай адамдар ар тараптан эскерүүгө татыктуу экени талашсыз көрүнүш.

Бүгүнкү абройлуу бейнесин сиздерге сунуш кыла турган инсан, ак кал­­пак кыр­гыз элинин саясий, социалдык-экономикалык, маданий жана кесиптик кошун­­дар кыймылынын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон, аталган тармак­тардын ат көтөр­гүс түйшүгүн көтөргөн, ка­лайык калкка таа­ны­мал болгон, өзүнүн та­лык­­пас эмге­ги, кажыбас кайраты менен турмуштун татаал жолун чаалыкпай баскан чы­гаан сая­сий, мамлекет­тик ишмер, кыска өмүрүндө көп ийгиликтерге жетишкен эл уулу Төрөгелди  Балтагулович  Балтагулов. Дал ушундай инсандар тууралуу эл арасында “Артыңда эстей жүргөн кишиң бол­сун, эл эскерип жүрөөр ишиң болсун” деп айтылат. Укурукту узун таштаган кыргыз эли «Калк айтса, калп айтпайт» – деген да накыл кеп­ти бекеринен айтпайт. Ант­кенибиз биздин каарман өмүр бою, өзү арка­ла­ган мамлекеттик, партиялык жетекчилик кызматтарда ак эмгек­­ти сый­лаган, акый­катты жактаган, адилеттүүлүктү барк­таган, дайыма ка­лыс­тык­тан жазба­ган, приципиал­дуу­луктан кайтпаган, ар дайым эл ише­ни­мин ак­та­ган, улуу сапат адам­гер­чи­ликти даңктаган Адам болгон.

Менин жеке баамымда, Төрөгелди Балтагулович акылга да, күчкө да толуп, өзү жетек­теген тармактардын майда-баратына чейин көзү жетип, иштесе ишке тойбой турган кезин­де, болгону 46 жашында капыстан каза болгон. Мүмкүн өмүрү узун­ураак болгондо, кыргыз мамлекеттинин оор жүгүн көтөргөн, кыргыз элинин дагы бир мыкты уулу болоору шексиз эле. Тилекке каршы өмүрү кыска болду, ошентсе да бул адам өзү өкүнбөгөндөй байма-бай, үлгүлүү өмүр сүргөнү баамдалат. Бир айылдын, өрөөндүн эле эмес бүткүл кыргыз журтчулугуна тааны­мал болгон биз­дин каарман табиятынан таланттуу,  ар нерсеге шык­туу жана жөндөмдүү, мыкты уюш­туруучу, жакшы касиеттери көп чыгаан жетекчи, бир катар жаңы көз караш­тар­дын жана саамалыктардын демилге­чи­си, алардын ишке ашыруу­чусу катары да маалым. Балтагул абабыздын мындай асыл касиет­те­рин анын атактуу К.Конду­ча­лова, А.Масалиев, Ж.Мавлянов, Ж.Каниметов, К.Дыйкан­баев, айтылуу генерал М.Абдрахманов сыяктуу замандаш­тарынын, үзөңгү­лөш жолдошторунун эскерүү­лө­рү­нөн да байкап калдым. Анын жакын туу­ган­дарынан, кесиптеш замандашта­рынан ал адам туу­ралуу угуп, жогорудагы абройлуу инсандардын пикирлерине таянып, өз дараметиме жараша көкү­рөк сезимим ме­нен ушул макаланы даярдоого бел байладым.

Өткөн Кеңеш доорунда, элибиз сыйлап, урматтаган абройлуу мамлекеттик жана пар­тия­лык  ишмер тууралуу, анын бейнесине кээ бир штрихтерди жазуу мен үчүн бир жагы чоң жоопкерчилик, экинчи жагы зор ырахат. Анткени мен биздин коом­чулуктун, азыркы жаш муундардын эсинен чыгып калган, көңүл чордонуну сыр­тында калып кеткен адам тууралуу жазууга бел байладым. Менимче улуу муун­дар­дагы чыгаан инсандардын өмүр таржымалы, алардын кылган иштери, мам­лекетибизге, элибизге сиңирген эмгеги, алардын акыл на­саат­тары, ой пикир­лери, элибиздин, жерибиз­дин өткөн та­рыхы, мада­ния­ты, каада-сал­ты, үрп-адаты, өт­көөл мезгилдердеги оомал-төкмөл абалдар, азыркы учурдун көйгөй­лүү маселе­лери, жаштарыбызга карата таа­лим-тар­бия­сы, азыркы жаштардын адеп-ах­ла­гы жөнүндөгү асылзат насааттары ме­ни эле эмес, көптөгөн адамдарды терең ынан­дырып өзү­нө тартаары бышык. Бул жагдай да мени Балтагул Төрөгел­диевич туу­ра­луу тарыхый баян­да­ма жазуу­ма түрткү болгону чындык.

Дегинкиси, кылым карыткан кыргыз элинин тарыхында байыртадан бүгүн­­­­кү күнгө чейинки мезгилде, ар түрдүү доорго, оомал-төкмөл замандарга  таан­­дык өз элинин, кыргыз мамлекетинин түптөлүүсүнө, өнү­гүү­сүн­дө өзгөчө роль ой­ноп, омок­туу ойлору, натыйжалуу иштери, келе­чек­­түү аракет­тери ме­нен орчундуу орун­ду ээлеп, өз элинин бирим­дигине, кыргыз мам­лекети­нин өсүп-өнүгүүсүнө өзгөчө са­лы­мын ко­шуп келген беделдүү, бел­гилүү инсан­да­ры көп эле болгон. Мындай инсан­дарыбыздын ар кими­си, кыр­гыз мам­ле­ке­ти­нин, элинин ар түр­дүү мез­гил­деринде, ар кандай доор­лорун­да жана заман­дарын­да жа­шашса да, алардын түп­кү максаты, мүдөө­сү бир болго­ну шексиз. Алар кыргыз элинин, Ата Журтунун бирим­дигин, көз каранды­сыз­дыгын бекем сактоо менен кыргыз мамлеке­ти­нин аброюн жогору­латып, даңазалап, улуттук мам­ле­кетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө, анын келечегине бүт өмүрүн жум­шаш­кан жана алгы­лыктуу, натыйжалуу аракет­терге жетише алышкан. Ошондой кыргыз элинин тарыхый-саясий аренасында өз­гө­чө роль ой­но­гон чыгаан инсандар­дын ката­ры­нда ка­дим­­ки бабаларыбыз Барс-бег, Мухаммед Кыр­гыз, Кубат бий, Ажы бий, Атаке бий, Алымбек дат­ка, Нү­зүп бий, Курманжан датка, Боромбай, Ормон хан, Шаб­дан, Полот хан, Кеңеш доорундагы мамлекеттик ишмерлер А.Ороз­­­беков, А.Сы­дыков, Ж.Аб­драх­ма­нов, Б.Исакеев, И.Раз­заков, Т.Усуб­алиев, А.Масалиев ж.б. атоого болот. Аталган ин­сан­­дардын ар бири өз доорунун саясий, социалдык-эко­номика­лык, мада­ний өнү­гү­шү­нө өз салымдарын кошуп, олуттуу өзгөрүү­лөргө алып келишкен.

Биздин элде анча жакшы эмес бир адат бар, чыгаан инсан – десе дароо эле кеп­тин тар маанисин эске алып, мамлекет башчыларын, олуттуу патиялардын көрү­нүк­түү жетекчилерин, биринчи катардагы мамлекеттик жана саясий иш­мер­лерди эске алышат. Көп учурда, баягы “Жоону чапсам мен чаптым, аты калды Манас­­ка” дегендей эле болуп калат. Анткени дал ошол эле жо­го­руда аталаган чыгаан мамлекет башчыларынын негизги идеяларын тур­муш­ка ашырууга, көздө­гөн максатына, ойлогон оюна жетүүгө көмөктөш бо­луп,  аларга өйдөдө өбөк, ыл­дый­да жөлөк болгон, алардын үзөңгүлөштөрү, замандаштары, алардын мезгилин­деги элет жерин көтөргөн, жергиликтүү мамлекеттик, партиялык кызматтарды аркалаган, элет жеринин жоопкерчилигин алган, жер-жерлердин социалдык-эко­но­микалык жана маданий өнүгүүсүнө  өз салымдарын кошкон инсандар туура­луу маалыматтар көмүскөдө калып кетет. Дал ошондой кыргыз элинин мык­ты уулда­ры­нын бири, кадимки ХХ кылымдагы кыргыз элинин чыгаан уулу Исхак Разза­ков­дун мезгилинде, ал кишинин, ал аркылуу Өкмөт менен партиянын зор ишени­ми­не ээ болуп, Жалал-Абад, Ош областтардын социалдык-экономикалык, мада­ний абалын көтөрүүгө зор салымын кошкон исандардын бири биз сөз кыла турган Төрөгелди Балтагулович Балта­гулов болуп эсептелет. Анын жеке, өз колу менен толтурган документтерине таянсак өткөн жы­лы биздин каарамандын 100 жылдык мааракеси болмок экен. Бирок, бизде эле эмес, дүйнөдөгү пандемия, сани­тардык эпидемиологиялык шарттарга байланыштуу, анын мааракеси  өтпөй калды дешет, ал кишинин жакын­дары. Ошондуктан жакшылыктан үмүт этип, быйылкы жылы Т.Б.Балтагуловду эскерүү иш чара­лары өткөрүлмөк болуп турат.

Каарманыбыз, Төрөгелди Балтагулович көптөгөн чыгаан тарыхый инсан­дардай эле  өз­үнүн  жеке сапат­тары – курч акыл-эси, бекем эрки, турук­туу мак­саты, көрөгөчтүгү, көпчү­лүк­тү өзүнө тарта билүүсү, коомду баш­ка­руу­га өзгөчө шы­гы жана жөн­дөмү, мамлекеттик деңгээл­деги сая­сий, социалдык-эко­номи­ка­лык ма­се­­­ле­лерди чечүүдөгү компе­тен­т­т­үү­лүгү, ошол ма­се­ле­лер­ди чечүүнү чочулабай өз мойнуна алуу жоопкерчи­ли­ги, жол башчы­лык, жетекчилик жеке ка­сиет­тери, элди, коомду баш­каруу жөн­дөм­дүүлүк­тө­рү менен өзү жетек­теген мезгилдин жана ага караштуу болгон аймак­тын баардык элдерин, улуттарын жана социалдык кат­мар­ла­рын би­рик­ти­рүү араке­ти, мамле­кет­тин, эмгекчи элдин кызык­чы­лы­гын коргоп, кол­доп, чоң саясий аренада өзү­нүн саясий тажрыйбасы, артык­ча жөн­­дөмү, иш­тик­түүлүгү, көрөгөчтү­гү ме­нен ай­калыш­тырып келген мыкты инсандардын бири болгону талашсыз факт.

Чыгаан инсандар, беделдүү ишмерлер конкреттүү бир элдин, мамлекеттин та­ры­хында өзгөчө ролду ойноп, өлкөнүн та­ры­хында олут­туу орун­ду ээлеп, өзгөчө ишмердүүлүгү менен из кал­тырып келишет. Көп убакта алардын мындай ара­кет­тери коом­дук-саясий турмушту кескин өзгөрүүлөргө алып ке­л­ген. Кеңеш доорун­дагы кыргыз мамлекетинин, республикабыздын саясий, социалдык-экономикалык жана идеологиялык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кош­­кон бир катар чыгаан инсандар бар. Алар өздөрүн дасыккан саясатчы, айыл чарба, өнөр жай, көп тармактуу өндүрүш маселелерин ичинен билген жана терең өздөш­түргөн, жетекчилик кызматтын баардык теп­кич­терин басып өтүп, абдан такшалып, элет жерин­деги кызматтардан баштап акырындык менен райондук, областтык, андан кийин гана рес­пуб­ликалык масштабдагы кыз­мат­тарга барышкан.  Мындай жол­ду биз­дин каарман Төрөгелди Балтагулович Балтагулов да басып өткөнүн, архив­дер­ден алынган анын жеке баракчасы, Кыр­гызстан компартия­сынын Бор­бор­­дук комитетинин  мүнөздөмөлөрү, колдо бар ар түрдүү расмий документтери тастыктап турат.

Биздин каармандын дагы бир өзгөчөлүгү, илимдин тили менен айтканда, рацио­налдык-легалдык чыгаан инсандардын ка­тарына кирген көрүнүк­түү иш­мерлердин бири экени талашсыз. Жөндөп айтканда, мындай чыгаан­дар коомдук-саясий турмуштагы өз абалдарына демократиялык жол, көп­чү­лүк элдин колдоосу ме­нен же­тиш­кен инсандар, тагыраак айткан­да, элдин эрки, колдоосу ме­нен тары­хый, саясий аренада ошондой абалга жетишкендер. Биз­дин эли­биз­де мын­дайлар­дын ка­та­рына А.Ороз­бековду, А.Сы­ды­ков­ду, Ж.Аб­драх­мановду, И.Раззаковду, А.Масалиевди, алардан кийинкилердин катарына  Т.Балта­гу­лов­ду кошууга  болот.

Өмүр таржымалы жана ишмердүүлүгү

Төрөгелди Балтагулов алыскы Ала-Бука элинин кулу­ну, 1920-жылы анда­гы Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар районунун Кош-Алмурут айылында кедей дыйкан­дын үй бүлөсүндө туулган. Атасы Балтагулдун, апасы Сапанын, Төрө­гел­диден башка дагы Нурдин, Добуталы, Атамырза аттуу уул­дары Бул-Бул аттуу кызы болгон. Жаштайынан зирек, тири-карак болгон Т.Бал­тагулов 1938-40-жылдары муга­лим­дер институ­тун­да сырттан окуу­­ну, айыл­дык мектептин мугалими ката­ры эм­гек­тенүү менен айкалыштырып, институтту ийги­лик­түү аяктаган­дан кийин мек­теп­тин директору болуп эм­гек­тенет. 1940-41-жыл­дары Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн инспек­тору, Улуу Ата Мекен­дик согуш башталган 1941-42-жылдыры Ала-Бука району­нун билим берүү бөлү­мүнүн башчысы болгон. Башка жаштардай эле Т.Балтагулов да Ата Мекен­ди коргоо үчүн фронтко барууга жулу­нуп, аракет жасаган. Бирок, жер­ги­лик­түү пар­тиялык жана мамлекеттик уюмдар сенин фронтуң тылда, дал ошол туул­ган жериң­де деп, жетекчилик кызматка калтырып коюшкан. Ошентип баа­луу, жаш жана иш билги элеттик жетекчи катары согуш фронт­торуна чакы­рыл­ган эмес. Анын негизги милдети фронтту өнөр жай, айыл чарба продук­ция­лары, кийим-кече, тамак-аш менен камсыз кылуу максатында тылда бел­се­нип эмгектенүү, кай­сы гана тармакта болбосун “баар­ды­гы фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн” ураа­ны­нын алдында иштеген. 1942-43-жыл­дары биз Т.Балта­гу­ловду партиялык кыз­матка сунушталып, алгач жогорку район­дук партиялык ко­ми­теттин инспектору, агитация, пропаганда жана жалпы бөлүмүнүн башчысы катары талыкпай эмгек­тенгенин көрөбүз. 1943-45-жыл­дары Т.Б.Балтагулов комсомолдук жетекчилик кызмат­ка сунушталып, ал жылдары Кыргыз ССРинин комсо­мо­лунун Жалал-Абад областтык комите­тинин катчысы, 1945-жылдын декабрынан 1948-жылдын дека­бры­на чейин комсомол­дун Жалал-Абад  областык комитетинин биринчи катчысы  болуп эмгектенет. Бул мезгил со­гуш­тан кийинки эл чарбасын калыбына келтирүү, элдин жашоо тиричилигин жак­шыр­туу, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө ар тарап­туу өбөлгө түзгөн убакыт эле. Дал ошол жылдары, т.а. 1945-жылы Кыр­гыз ССРи­нин Өкмүт башчысы болуп, кадим­ки Исхак Раз­заков­дун бекилип келиши, анын республикабызда жигердүү эмгек­тенүү мезгилине туш келет. Ошол кездеги ком­мунисттик партия менен Өкмөттүн чоң, ишенимдүү тая­ны­чы комсомол болгону талашсыз көрүнүш эле. Ал мезгилде комсо­мол­дун Жалал-Абад областындагы жетек­чи­си Т.Б.Бал­­та­гулов, жаңы жетек­чи И.Раззаковдун назарына түшүп, анын ишенимине, болочок мамлекеттик, пар­тиялык  ишмер катары, ал адамдын көңүл буруусуна арзыган десек болот. Исхак Раззаков Кыргыз ССРинин Өкмөт баш­чы­сы, 1950-жылдан баштап кыргыздардан чыккан алгачкы  Кыргызстан компартия­сы­нын биринчи катчысы катары респуб­лика­нын көп тармактуу мамлекеттик, партиялык уюмдарынын жетекчилигине улуттук адистерди, айрыкча жаш адис­тер­ди даярдоого өзгөчө көңүл бурган, кыр­гыз элинин улут лидери болгону талашсыз. Т.Балтагулов дал ошол саясаттын алка­гында областтык жетекчиликке жеткен, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш комсомолдук, партиялык жана мам­лекеттик жетекчилерден эле.

Каарманыбыз 1948-жылдын декабрынан баштап Кыр­гыз­стан компартия­сынын Жалал-Абад областтык комитетинин админис­тра­циялык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. 28 жаштагы жигит үчүн бул зор жетишкендик, эбегейсиз жооп­керчилик, партиялык жооптуу кызматка олуттуу кадам эле. Андан да көп өтпөй эле 1949-52-жылдары ал Москва шаарын­дагы  Жогорку партиялык мектеп­тен өз билимин өркүндөтүп, СССРдин кезинде, анын борборунда жайгашкан КПССтин эң чоң, абройлуу, борбордук Жогорку партиялык мектебинен билим алып чыгат. Ал кезде аталган партиялык мектепте келечектүү жаштарды, улуттук республикалар­дын болочок саясий лидерлерин, партиялык ишмерлерин даярдаш­чу. Атал­ган мектепке жиберүүдөн мурда, ал жакка талапкерлерди жергиликтүү пар­тия­лык уюмдардын жана Кыргызстан КП БКнын катуу, катаал эле­гинен өт­кө­рүп, андан кийин зор ишеним артуу менен жибе­ришчү. Чындыгында бул жогорку партиялык мектепте биздин эле эмес, баар­дык союздук республика­лар­дын келе­чек­теги партиялык элитасы, жогорку партиялык кызмат эгедер­лери окуй турга­нын эстен чыгарбоо абзел.

Москвадан КПССтин Жогорку партиялык мектебин жаңыдан, ийгиликтүү бүтү­рүп келген 32 жаштагы Төрөгелди Балтагуловду Кыргызстан компартия­сынын Борбордук комитети Ош обкомуна катчы кылып дайындашат. Эки жылдан кийин, 1954-55-жылдары ал Ош областтык аткаруу комитетинин төр­­агасы болуп эмгек­тенген. Ал эми 1955-59-жылдары ага зор ишеним көр­сө­түлүп, Кыргызстан ком­пар­тия­­сынын борбордук комитети Т.Балтагу­ловду Жалал-Абад обкомунун бирин­чи катчысы катары обкомдун Пленумунда жана Кыргызстан КП БК бюросунда бекитишет. Архив­дик документтерге таянсак, 1955-жылдын декабарындагы об­ласт­тык партия­лык уюмдун конференциясында Т.Б.Балтагулов обкомдун мүчөсү, ал эми бир аз убакыттан кийинки Пленумда областтык партия­лык уюмдун бирин­чи кат­чысы болуп шайланган. Албетте бул кызматка бекитүү КПСС БКнын бор­бор­дук комитетинин колдоосу жана бекитүүсү менен болгонун архивдик доку­мент­тер таасын көрсөтүп турат. Дагы бир жагдай бул дайындоо ошол кездеги Кыргызстан компартия­сынын жана Борбордук комитетинин бирин­чи кат­чы­сы Исхак Раззаковдун түздөн-түз сунушу жана ишеними аркылуу бол­го­ну талашсыз. Коңшулаш Өзбек ССРинин партиялык, мамлекеттик кызмат­та­рын­да абдан так­ша­лып келген, көрөгөч, даанышман, келечекке кеңири кадам таштаган И.Раззаков­дун Кыргызстандын өзүнүн жаш мамлекеттик, пар­тия­лык адистери­нин, болочок лидерлеринин өсүп чыгышына, ар түрдүү кызмат­тарда такшалып, кыргыз мамле­ке­тинин келечегинде керегине жарай турган азаматтарды баамдап, аларга ар та­рап­туу колдоо көрсөтүп, акыл, насаатын айтып, туура жолго багытта­га­ны да кеңири маалым. Дал ошондой адамдын назары түшүп, колдоосуна ээ бол­гон, элет жеринен суурулуп чыгып, эл, партия жана мамлекет үчүн чын дилинен берилип кызмат кылган ишмерлер­дин бири дал ушул Т.Б.Балтагулов болгонун тарых тастыктап турат.

Белгилүү болгондой 1939-жылкы администартивдик аймактык бөлүнүүгө жара­ша өз алдынча болгон Ош жана Жалал-Абад облас­ттары, 1959-жылдын башында бириккендигине байланыштуу, биздин каарман кайрадан Ош об­ласт­­тык аткаруу комитетинин төрагасы катары өз вазыйпасын аткарган. 1960-жылдын февраль айы­нан баштап Т.Б.Балтагулов Ош обкомунун биринчи катчысы болуп Кыргыз­стан компар­тия­сынын Борбордук комитети тарабынан шайланат. Ал кезде баар­дык партиялык жетекчилик кызматтар демократиялык негизде, шайлоо жолу менен дайындала турган.

Көп узабай эле республикада болуп өткөн саясий оюндар, талык­пай иштеп жат­кан Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы И.Раззаковдун күтүүсүздөн кыз­маттан алынышы, андан кийинки республика­лык партиялык уюмда раззаков­чу­лар­дан тазалоо жараяны Т.Балтагуловго да таасирин тийгизип, тез эле эми бел­сенип, Ош областынын социал­дык-эконо­ми­калык, маданий турмушун жакшыр­туу­га киришкен (андагы Ош областы азыркы Ош, Жалал-Абад, Баткен облас­тары­нын аймактарын кам­тыр эле – авт.), КПСС БКнын жана Кыргызстан КП БКнын резервин­ин алдыңкы катарындагы партиялык адисти кокусунан эле Кыр­гыз ССРинин республикалык проф­союздар Кеңе­ши­нин төрагалык кызматына сунушта­шып, тез эле бул кызматка бекитиш­кен. Албетте бул өсүп, жетилип, так­ша­лып  келе жаткан жаш партиялык кызматкер үчүн “жумшак саясий сүргүн” эле. Мүмкүн ал жакка кетишине себеп, анын И.Раззаковдун өстүргөн, Ош обко­му­на дайын­да­ган ишеними, партиялык резервдик адистердин эң алдың­кы катарын­дагы жоокери, республиканын болочок лидерлеринин бири ката­ры эсептелиши, кийинки жетекчиликке анча ичи чыкпагандыгы да себеп болушу мүмкүн.

Мамлекеттик, партиялык ишмердүүлүгүнүн натыйжасы

Т.Б.Балтагуловдун мамлекеттик жана партиялык жетекчилик кызматты аркалап жүргөн кезинде, ал кишинин түздөн-түз кийлигишүүсү, жекечилиги менен ошол кездеги Ош, Жалал-Абад областарында жүздөгөн, миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган, бир катар өнөр жай ишка­налары, калкты тейлөө макса­тын­дагы социалдык обьектилер ишке берилген. Ал кез­деги бир эле Ош областы рес­пуб­ликанын жалпы дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн бере турган. Эң негизгиси дал ушул аймакта республиканын калкынын көп бөлүгүг жайгашкан. Ошондуктан калктын социалдык-эконо­микалык абалын, турмуш-тиричилигин жакшыртуу, алардын ден-соолугу, билим алуусу, маданий жактан тейленүүсү ж.б. маселелерин чечүүдө област­тык жетекчи катары камкордук менен көп маселелер­ди чечкени талашсыз. Мындан башка, абдан чоң, саясий, социалдык-экономи­ка­лык, администра­тив­дик жана стратегиялык жактан маанилүү областы же­тек­төө вазый­пасы, мамлекетттик жана партиялык ишмер катары Т.Балтагуловго жүктөл­гө­нүн баамдоого болот. Анын жетекчилигинде Ош, Жалал-Абад, Өзгөн, Кара-Суу, Кы­зыл-Кыя, Майлуу-Сай, Сүлүктү ж.б. ири жана чакан шаарлар,  стратегия­лык маани­де­ги Ош-Ташкент, Ош-Хорог, Ош-Кызыл-Кыя-Исфана, Ош-Кара-Кул­жа-Алайкуу, Ош-Жалал-Абад-Ала-Бука ж.б. автожол­до­ру, аларды бойлой калк жаша­­ган чакан шаарлар, айыл-кыштактар болгону та­лаш­сыз. Чыгаан мамлекет­тик жана партиялык ишмер Т.Б.Балтагулов же­тек­теген Ош, Жалал-Абад областарын­да калк жыш жашаган райондор, андагы эл кесип кылган пах­та­чы­лык, тамеки­чи­лик, бакчачылык, ири дый­кан­чылык жана мал чарбалары, бир катар олуттуу нефт, газ, көмүр кендери, кай­ра иштетүүчү заводдорун, фабрика­ла­рын, түстүү метал за­вод­дорун да жетекчи катары көзөмөлгө алып, жетекчилик кылган. Албетте мын­дай чоң, ар тараптуу, зор тармакты жетектөө оңойго турган эмес. Биздин каарман өзүнүн же­тек­­чилик жөндөмүн, жоопкерчилигин жана компетентүүлүгүн көрсө­түп, пар­тия менен Өкмөт ишенген Ош областын жетектеп, белсенип ишке кири­шип, көп иш­тер­­ди турмушка ашырган. Ош областы негизинен агрардык жана өнөр жайлуу аймак болгондуктан Т.Балтагулов айрыкча айыл чарбасына көңүл буруп, жер­ди иштетүүнүн жаңы ыкмаларын, илимий негизделген технология­ла­рын колдонууну, өндүрүштү индус­триа­лиза­циялоону, мелиорация жана химиза­циялоо­ну, мал чар­басында сүт, эт багытындагы асыл тукум малдарды көбөйтүүнү, алардын натый­жа­сында өндүрүштүн, чарбалардын сапаттык өнүмдүүлүгүнө жети­ше алганы талаш­сыз. Айрыкча пахтачылыкка өзгөчө көңүл буруп, ошол кездеги жер иште­түүнүн  жаңы  ыкмаларын – төрт бурчтук уя сыяктуу (квадрат­но-гнездовой сев) жер колдонуу ыкмасын, алдыңкы агротехникалык жетишкен­дик­терди, жаңы жер­лер­ди колдонуп, аларды кеңири жайылтып, пахта, тамеки, дан эгиндерин өндүрүүнүн жаңы ийги­лик­­терине жетишкен. Алардын натыйжасында “ак алтынды” дүң өндүрүү 1960-жылы 1957-жылга салыштырмалуу 13-15% өскөн болсо, 1965-жылга пах­танын өнүмдүүлүгү 35-40%  жеткен. Албетте пахта өндү­рүү­­дөгү мындай ийгик­тер­ге жетишүүгө област жетекчиси Т.Б.Балта­гулов­дун салы­мы зор экени талаш­сыз. Бул тууралуу ал кезектеги партиялык жыйында, өз сөзүндө кеңи­ри токтолгон жери бар.

Ал мезгилдин талабы ошондой эле. Албете Т.Б.Балтагулов ошол чоң ай­мак­тын жетекчиси катары жер-жерлердеги жаш адистердин, мыкты жетекчи­лер­дин өсүп чыгышына, жетекчилик сапаттарынын калыптанышына, алар аркылуу элет жери­нин, чакан шаарлардын, жумушчу поселоктордун, айыл-кыштактардын  социал­дык-экономикалык жана маданий өсүп-өнүгүүсүнө өзгөчө салы­мын кошкон десек ашыкча болбойт.  Бул өз мезгилинин талабы болгону да талашсыз.

И.Раззаков менен Т.Балтагулов делегаттар арасында.

     Каарманыбыз жетектеген жылдары Ош, Жалал-Абад областында, Исхак Раз­заков жетектеген Кыргыз ССРинде бир катар өнөр жай, кайра иштетүү ишка­на­лары, ГЭСтер, комбинаттар, калкты тейлөө мак­са­тын­дагы социалдык обьекти­лер курулуп, ишке берилген. Алардын көбү республика­лык  масштабда болсо, көбү чоң болбого­ну ме­нен, жергиликтүү калктын социалдык-эко­но­микалык талапта­рын канааттандыр­ган ишканалар болгону талашсыз. Ал эми кээ бир обьек­тилер областтык, респуб­ли­калык деңгээлдеги стратегиялык маанилүү ишканалар бол­гону да талашсыз. Сөзүбүз курук болбосун үчүн алардын кээ бирлерин атай кетели:

  • Жалал-Абадда «Кыргызнефть» өнөр жай биримдигинин түзүлгөн (1955-ж.).
  • Үч-Коргон ГЭСинин курулушунун башталган (1956-ж.).
  • Майлуу-Сай ТЭЦи курулуп, ишке киргизилген (1956-ж.).
  • Майлуу-Сайдын шаар статусуна ээ болуп, алгачкы шаардык оорука­на­ жана «Октябрь» кинотеатрынын курулуп, ишке берилген (1956-57-жж.).
  • 1956-жылы 22-августта СССР Министрлер кеңешинин атайын чечимине ыла­йык Фрунзе-Суусамыр-Ош автожолун куруу чечимин кабыл алган. Аталган жоду куруу үч башкармалыкка – Сосновка, Токтогул жана Таш-Көмүргө бөлүнүп, жол куруу иштери 1957-жылы башталган.
  • Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселок түзүлүп, шахтерлор үчүн «Шах­тер» санаторий-профилакторий ачылган (1957-58-ж.).
  • Кок-Жаңгак шаарынын генералдык планынын бекитилген (1958-ж.).
  • “1 май” атындагы Ош ГЭСи ишке киргизилген (1958-ж.).
  • Жалал-Абад областындагы Избаскент, Майлуу-Суу нефти казуучу жай­дын ачылышы болгон.
  • Джалал-Абад мөмө-жемиш комбинатынын курулуп, ишке берилген.
  • Жалал-Абад областында теле-радиоберүү башталган (1959-60-жж.).
  • Сары-Челек биосфералык токой чарбасынын негизделген (1959-ж.).
  • Ошто алгачкы «Киргизпромпроект» долбоордук институтунун бөлүмү ачы­лып,  АТС түзүлгөн,  Ош телеграфтык-телефондук станция жумушка киргизилген  (1959-60-жж.).
  • Мурдагы Ош литейно-механикалык жана моторемонттук заводдун неги­зин­де, тереңдиктен суу чыгаруучу Ош насос заводу ишке киргизилген (1959-ж.).
  •  Кара-Суу шаар статусуна ээ болгон (1960-ж.).
  • «Кызыл-Кыя» аэропорту ачылып, ишке берилген.
  • Тоолу Бадахшан автономиялуу областына Ош шаары аркылуу тынымсыз авто­­жолу толук камсыз болгон (1960-61-жж.).
  • Кийинчерээк бүткүл союзга даңкы чыккан атактуу Ош пахта кагаз комбина­ты­нын (ХБК) курулушу башталган.
  • Ошто «Южводстрой» трести уюштурулган, Кызыл-Кыяда «Дружба» кино­теа­тры курулуп, ишке берилген (1961-ж.).
  •  Үч-Коргон ГЭСинин 1-агрегаты ишке киргизилген (1961-ж.)
  • Майлуу-Сай меди­ци­налык окуу жайы ачылган (1961-62-жж.).
  • Базар-Коргон суу сактагычы курулган, Ош асфальт-бетон заводу ишке кир­ги­зилген (1961-62-жж.).
  • Токтогул ГЭСинин каскадынын курулушу башталган (1962-ж.).
  • Ош областында биринчи ири панелдүү үй куруу заводу ишке киргизилген (1962-ж.).
  • Кара-Көл энергетиктердин посёлогуна шаар тибиндеги посёлок статусу ыйга­рылган (1962-ж.).
  • Майлы-Сай электроизоляциялоо заводу курулуп, ишке киргизилгени маалым (1962-ж.).

Т.Б.Балтагулов Ош, Жалал-Абад областарынын аткаруу комитетинин катчысы, областтык пар­тиялык комитеттердин биринчи катчысы катары дал ушул страте­гия­лык жана жергиликтүү социалдык-экономикалык обьектилерди курууга, ишке киргизүүгө, алар аркылуу кыргыз ССРинин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошкону маалым.

Ал эми профсоюздар уюмунун жетекчиси катары эмгекчилердин жеке, кол­лек­тив­дик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо, алардын эмгектенүү шарт­тарын жакшыртууда, эмгек акыларын көбөйтүүдө, эс алуусун уюштурууда, эмгек­чилер, алардын балдарына керектүү социалдык, маданий обьектилердин курулу­шу­на жана ишке берили­ши­не, республикада профсоюздук кыймылдын өнүгүшү­нө, профсоюздардын эл аралык мамилелерин чыңдоого өз салымын кошкону талашсыз көрүнүш.

Т.Балтагулов Кыргыз ССРинин жана  Казах ССРинин пахта өндүрүүчүлөрдүн сьездинде. Кремль, Георгиев залы.

 Мамлекеттик сыйлыктары

Төрөгелди Балтагулов кыска, нуска өмүрүндө, олуттуу жана натыйжалуу иш­те-ри, жетекчилик кызматындагы ийгиликтени үчүн бир катар мамлекет­тик сый­лык­тарга татыктуу болгон. Алар бир катар Ардак Грамоталар, Кыр­гыз ССРинин 20 жылдыгын утурлай “Эм­гектеги күжүрмөндүгү” (1946-ж.), 1941-45-жылдар­да­гы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде, тылдагы Каар­ман эмгеги үчүн” (1946-ж., жеке баракчасында бир жыл­да эки медаль алганы, өз колу менен жазылып­тыр) медалы,  областы ийгилик­түү жетектегени үчүн “Ардак белгиси” ордени (1947-ж.), ВЛКСМ­дин 30 жыл­дык маракесине карата экинчи “Ардак бел­гиси” ордени (1948-ж.) ме­нен сыйланган. СССР Жогорку Кеңешинин жарлыгына ыла­йык 1957-жылы Кыр­гыз ССРи  “Ленин” ордени менен сыйланган. Ошол кез­де Т.Б.Бал­тагулов же­тек­теген Жалал-Абад областынан 9 айыл чарба ишмер­лери Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алышкан, бардыгы болуп республика боюнча 52 адам аталган жогорку сыйлыкка ээ болгон. Дал ошол жылы Т.Б.Балта­гулов “Ленин” ордени менен сыйланган (Кыргызстан. Улут­тук энциклопедия. –Бишкек, 2007. -54-55-бб.).

Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, эл ишенимине ээ болгон Т.Б.Балта­гу­лов 1955-59-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 2,4-чакыры­лыш­тагы депутаты, 1958-1966-жылдары СССР Жогорку Кеңешинин 5-6-ча­кы­рылыштагы эки жолку депу­таты болуп шайланып, ошол жогорку даража­дагы кызматта да өз элине, мамлекетине зор эмгек сиңирген мамлекеттик жана партиялык ишмер бол­го­ну маалым. Партиялык ишмер катары Кыргызстан Компартиясынын VIII сьез­ди­нен баштап Т.Б.Балтагулов республикалык партиялык уюмдун Борбордук ко­ми­­те­тинин мүчөсү, 1963-жылдан баштап Кыргызстан Компартиясынын Бор­бор­дук комитетинин Президиумунун мүчөсү болгон.

Жаш, иштесе ишке тойбой турган кезинде каза болгон Төрөгелди Балтагуловду Ала-Бука эли эсинде сактап, аны сыйлап, урматтап ал кишинин атынан Төрө­гел­ди Балтагулов айыл аймагын, аталган райондо №1 орто мектепке Т.Балта­гуловдун атын ыйгарышкан. Райондо “Төрө­гел­ди Балтагулов атындагы коом­дук фонд” өз ишин улантууда. Бул да болсо биздин  каармандын эл эсинде калга­ны­нын, урпактардын, жаш муундардын сыймыгы болгондугунун белгиси.

 Үй-бүлөсү

    Биз ушул чакан макалабызда каарманыбыздын үй-бүлөсү тууралуу учкай кеп козгой кетүүнү туура көрдүк. Тагдырдын жазмышына айла жок болуп, Төрөгелди Балтагулович эки жолу турмуш курган экен. Биринчи жубайы Гүл­кан эже экөө өрнөктүү өмүр сүрүп, Амангелди аттуу уулду, МөөрканГаля атуу кыздуу болгондон кийин 1948-жылы, ал адам жарык дүйнөдөн өткөн экен.

  Бул маалыматты 1949-ж. өз колу менен тол­ту­рулган жетекчи адистердин жеке ба­рак­ча­сын­да Төрөгелди Балтагуло­вич өзү да тас­тыктайт. Кийин Гүлсүн эже менен баш кошуп, ан­дан Акылбек, Асылбек, Жалалбек ат­туу үч уулду болгон. Албет­те балдардын тарбия­сы толугу менен ал кишинин жу­ба­йы­­нын мой­нун­да бол­го­нун да белгилей кетүү абзел. Ошентип 46 жылдык өмү­рүн­дө, каарманыбыз 4 уулдуу, 1 кыздуу болгон. Тилекке каршы алардын чоңоюп, турмуш жолунан өз ордун таап кетиш­кенин өзү көрбөй калды. Учурда Төрө­гел­ди  Балтагуловичтин 4 уул, бир кыз­дан тараган урпактары  8 небе­ре­ге, 11 чебе­реге жетти.  Булардын баары даңктуу, барктуу чоң аталары, бабасы менен сыймыктанышат.

Дал ушундай адам, күч-кубатка толуп, көп иштерге көзү жетип, ар түрдүү жетекчилик кызматта такшалып, мамлекеттик, партиялык ишмер катары толук калып­танып, андан кийин Кыргыз ССРнин республикалык профсоюз­дар Кеңеши­нин төрагасы болуп жигердүү эмгектенип жаткан Төрөгелди Балтагулович, капы­сынан 46 жа­шын­да, 1966-жылдын 16-февралында каза болгон.

Биз кыргыз элинин дагы бир өткөн кылымдын ортосунда, аттын каш­касындай таанымал болуп, мамлекеттик, пратиялык кызматтардын баардык  теп­кич­теринен өтө баштап, КПСС жана Кыргызстан КП БКнын партиялык адистик резервинин алдынкы сабында турган, келечектен көптү үмүттөндүргөн Т.Балта­гу­ловдун бей­несине кээ бир сүртүмдөрдү даярдап жатып, ал инсандын бир топ артык­­чылык­тары болгонун баамдадык. Биздин баамыбызда алар төмөнкүлөр:

Биринчиси, Төрөгелди Балтагулович жаштыгына карабай эл, жерине, мамле­кетине чын дилден берилип та­лык­пастан кызмат өтөп келген эл уулу болуп кал­ганы тастыкталды. Ошол кездин талаптарына жараша, кедей дыйкан­дын үй-бүлө­сүндө туулуп, өсүп, Кеңеш өкмөтүнүн тарбиясында чоңоюп, билимин алып, же­тил­­ген чыгаан мамлекеттик жана партиялык ишмер болгон.  Ала-Бука, Жала-Абад эле эмес, Кыргызстан­ жана Москвадагы партиялык уюм­дар­дын Борбордук коми­те­тинде жакшы сапаттагы таанымал болгон, боло­чоктон көптү үмүттөндүргөн партиялык ишмер болгону аныкталды

Экинчиси, Төрөгелди Балтагулович ата-энесинин мыкты тарбиясын алып, кан­дай мезгил, абал, заман болбо­сун ата  баркын, улуулардын салтын сак­­таган, ак эм­гек­ти барк­та­ган, ади­леттик, акый­катты жак­­та­ган, ка­лыс­тык­тан жаз­ба­­ган, эл кыз­ма­­ты­нан кайтпаган, журт ише­ни­мин ак­та­ган, улуу сапат адам­гер­чи­ликти даңкта­ган инсандык сапатка жетише алганы байкалып турат. Ошондой таалим-тарбия алган Төрөгелди Балтагулович, кийинчерээк кандай адам, кайсы социалдык кат­мар­дын өкүлү бол­босун, алар­га жөнөкөй, адам­гер­чилик­түү, сылык-сыпаа мамиле кылып, келген маселелерин туура чечип берүүгө ааркет кылган экен. Партиялык, мамлекеттик ишмерлердин ара­сын­да мындай сапат ар бир адамдын эле колунан келе бербейт.

    Үчүнчүсү, Төрөгелди Балтагулович ар дайым эл-журтуна кызмат кылууну жо­гор­­­ку жоопкер­чи­лик, адамдык парз, кызматчылык сапат катары кароого аракет кылганын баамдоого болот. Ал адам ар намыстуу элдин, жердин,  кулуну катары кыргыз мамлекетине белсенип, жан аябай кызмат кылганы байкалып турат. Эли­­бизде «ыйман­дуу адам адептүү, адептүү адам маданияттуу» – дегендей ал адам ыйманды ыйык туткан, жогорку  мада­нияттуу, сы­лык, адептүү, кичипейил инсан болгон экен. Кандай гана кызматты аркалабасын анын мада­ният­сыздыгына эч ким күбө болгон эмес. Дайыма сылык, жөнөкөй, токтоо, ар тарапты чыдамдуулук, токтоолук менен угуп, кандай маселе болбосун жети өлчөп бир кесип, маселени туура багытта чечүүгө аракет кылган саясий маданиятка ээ. Чынын айт­кан­да ал ошол өз мезгилиндеги кыргыз элинин улуттук элитасынын чыныгы өкүлү болго­ну да талашсыз.

Төртүнчүсү, Төрөгелди Балтагулович жаштайынан талыкпай эмгек­те­нүү­гө, элге-журтка кызмат кылууга белсенип киришкен. Кайсы гана кызмат­тарда иште­бе­син, анын артында наалат сөз, начар пи­кир калган эмес. Ал эми жетекчилик жөн­дөмү мектептин директор­лу­гунан баштап, райкомдун, об­ком­дун бирин­чи кат­чысы, Кыргыз ССРинин, СССРдин Жогорку Кеңешинин 5-6-чакырылыш­тагы  депу­­­таты, сыяктуу жооптуу кызматтарда өзүн да­сык­кан жетекчи ката­ры көрсөтө алды. Ал жетишкендиктердин баа­ры Төрөгелди Балтагуло­вичтин жеке өзүнө гана тандык сапаттары­на бай­ла­ныштуу болду. Кызматтык карье­ра­­да баскан жолу анын өз­ү­­нө таан­­дык мыкты жетекчилик сапаттары, өзүнчө көз кара­шы, тунук акы­лы, бекем эрки, жоопкер­чи­­лиги, жетек­­чилик компе­тент­­түү­лүгү жана жөндөмү менен айырмала­нып, кыргыз калкына кенен таа­ны­мал болгону талашсыз.

Бешинчиси, Төрөгелди Балтагуло­вич Кеңеш доорундагы кыр­­­гыз мам­­леке-тинин, улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы кыргыз элинин катаал жана татаал мез­гил­деринде өл­көбүздүн саясий, социалдык-экономи­ка­лык, ма­да­ний өсүп-өнү­гүшүнө зор салымын кош­кон, кыргыз эли­нин чыгаан уул­да­рынын бири катары аты калды десек болот. Ошол кездерде ал инсан  бүт өмүрүн жергебиздин, элибиздин, мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүн кам­сыз кылууга жумшаганын, анын эмгек жолу тастыктап турат.

Алтынчысы, биздин баамымыбызда каарманыбыздын дагы бир ар­тык­чы­лы­гы, кайсы кызматта иштебесин, өз тармагынын негизги багыттарын ачык-айкын кө­рүп, аларды жалпы республиканын өнүгүүсүнүн бир тармагы ката­ры  ка­рап, анын приоритеттүү багыттарына өзгөчө маани берген мамлекет­тик, партиялык  иш­мер болгон. Ал киши чыныгы коммунист катары азыркы­дай алдым-жуттум­ду­гу жок­ту­гу, кызматта тууганчылыкка, жердешчи­лик­ке берилбестиги, паракорлук­ка, кор­руп­цияга аралашпагандыгы менен айырма­лан­ганын баамдоого болот. Мүм­күн бул жагынан ага кадимки Исхак Раззаковдун жеке сапаттары үлгү бол­гондур деп да боолголоп калдык. Негизи мындай сапат көптөгөн ошол кездеги партиялык, мамлекеттик ишмерлерге мүнөздүү болгону да талашсыз көрүнүш. Ал инсан баардык кызматтарда сөз менен эмес, иш менен натыйжа берген олуттуу да, омок­туу да мамлекеттик, саясий жана партиялык ишмер болгонун турмуш көрсөттү.

 Жетинчиси, Төрөгелди Балтагуло­вич мезгил талабына жараша компар­тия­нын идеяларына, анын келечегине, болочокто коммунизмдин курулушу­на, партиянын саясий, социалдык-экономикалык, маданий, идеологиялык багыт­тарына терең ише­­ним арткан, бөркүндөй ынанган, бүт дили менен пар­тия­нын саясатын, жолдо­мо, нускамаларын, көрсөтмөлөрүн турмушка ашы­руу­га аракет кылган чыныгы ком­му­нист болгон. Атактуу жазуучубуз, Чын­гыз Айт­матовдун тили менен айт­кан­да, Дүйшөндөр, Танабайлар, кайсы гана мезгил бол­босун коммунист боюнча калат дегендей эле, Т.Балта­гуло­в да чыныгы коммунист боюнча калды.

Аттиң, ушундай адамдын  өмүрү кыска болгонун карбайсызбы. Кыргызда жак­шы “туйгундун тууру, тү­нөгү бийик болот” деген сөз бар. Мүмкүн ал киши уза­гы­раак жашаганда, кыргыз эли, мамлекети, анын дагы көп эмгектеринин үзүрүн көрүп, эл, журттун ише­ни­м­ин актаган инсан болот беле. Ошентсе да биз ал инсан-дын бейнесине кээ бир штрихтерди даярдап, ал кишинин мааракесине өз салы­мы­бызды коштук деген ойдобуз. Макалабыз канчалык деңгээлде болгонуна, Сиздер урматтуу окурмандар баа бересиздер деген пикирибиз бар.

 Абытов Б.К.,тарых илимдеринин доктору, профессор

Макаланын уландысы бар. 

 

Байболот Абытов, профессор: Бакас агай (тарыхый эс тутум)

Көп учурда биз жаныбызда эле жүргөн, бирок биз баам­дабаган эмгек каармандары бар экенине маани бер­бейбиз. Алар кээ бирөөлөргө окшоп, кө­кү­рөк кой­гу­лап, эли-жерине кызмат кылганын даңаза­ла­байт, айт­пайт. Тек гана, унчукпастан өз вазый­пасын ат­ка­рып жүрө беришет. Андай адам­дар эл жерине, Мекенине чын дилинен бери­лип, талык­пас эмгеги, өз­гө­чө ара­кети менен өз мамле­кетине бүт да­раметин жумшап кызмат кылы­шат. Мындай мүнөздөр, ай­рык­ча Кеңеш доорун­да­гы билим берүү жаатынын, медицина тармагы­нын өкүлдөрүнө таандык болгон. Дал ошондой эмгек адамдарынын бири, биздин  каар­ман Бакас агай болуп эсептелет. Агайдын бейне­сине кээ бир сүр­түм­­дөр­дү даяр­дап, анын ишмер­дүүлү­гү­нө, окуучусу, окумуштуу тарых­чы катары назар салып, изил­дөө­бүз­дүн натыйжа­сын кала­йык калкка, окур­ман­дарга сунуш кылууда­быз. Тегин жерден атак­туу жазуу­чу Аалы Током­баев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгек­тен эскер­син” деген эмес. Мындай адамдар ар та­рап­­тан эс­ке­рүүгө татыктуу. Ааламга жолду айыл­дан баш­та­ган адамдар, дал ошол элеттик мектеп муга­лим­дери экени талашсыз.

 Биз сөз кыла турган инсан кыргыз элинин, республикасынын билим берүү жаатына опол тоодой эмгеги сиңген, эл-жерибизде, Совет (Кара-Кулжа), Өз­гөн райондору эле эмес, бүтүндөй Ош областынын айма­­­гында (ал кездеги аты уйкаш областка азыркы Жалал-Абад, Ош, Баткен областтары кирген – автор) кадыр-барктуу, абройлуу агартуу кызматкери Кармышаков Бакас агай. Өзүнүн азан чакырып койгон аты Жапар болгон экен, бирок эл арасын­да көбүн эсе Бакас деген аты менен таанымал. Өзүңүздөр билгендей мурда элет жеринде, республикабыздын айыл-кыштактарында мектеп мугалимдери абдан абройлуу болушкан. Аларга өзгөчө сый, урмат менен “агай”, “эжеке” деп кайрылып, аларды кастарлап, өзгөчө сылык, аяр, маданияттуу мамиле жасашчу. Анткени алар айыл жериндеги шам чырактай болушуп, жеткинчек­терди, болочок жаш муундарды, жарыкчылыкка, билимге, илимге, маданият­тын туу чокусуна чакырган, жол көрсөткөн, багыт берген өзгөчө адамдар болушкан. Мына ошондой биздин айылда эле эмес, районубузда, коңшулаш Өзгөн районунда жөн гана “Бакас агай” деп урмат, сыйга бөлөнгөн адам, дал ушул биздин каарман. Бакас агай эмгектин да, Улуу Ата Мекендик со­гуш­­­тун да каарманы, кадыр-барктуу ардагери болгон.

Менин жеке баамымда Бакас агай өз­үнүн жеке сапат­тары – курч акыл-эси, бекем эрки, турук­туу мак­саты, көрөгөчтүгү, көпчү­лүк­тү өзүнө тарта билүү жөндөмү, эмгек жамаатын, коомдун белгилүү бөлү­гүн башка­руу­ шыгы, элет жеринде билим берүү  жаатынын көйгөйлүү ма­се­­­ле­лерин чечүүдөгү компе­тен­т­т­үүлүгү, ошол ма­се­ле­лер­ди чечүү жооп­керчилигин өз мойнун алуу жөндөмү, жетекчилик ка­сиет­тери менен өз доо­ру­нун чыныгы педагогу, өз заманынын Дүйшөнү, жүздө­гөн, миңдеген окуучулардын мыкты мугалими, жаш педагогдордун акыл­гөй насаат­чысы болгон. Дал ушул таризде агайыбыз өз вазыйпасын аткарып, жарык дүйнөдө жакшы, унутулгус из калтырды десек болот.

Бакас агайды элдин баары эле Чүйлүк дешчү. Көрсө агайдын теги Нарын­дан экен, башкалар сыяктуу бул туурасында мен деле жакында эле билдим.

Кармышаков Бакас (Жапар) 1915-жылдын 15-февралында (аскердик доку­менттерде туулган жылы 1917-ж. деп көрсөтүлгөн – автор) Кыргыз ССРи­нин Тянь-Шань областынын Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылдык кеңешинин Кара-Дөбө айылында туулган. Атасы Карагул, апасы Батыйна кадыр-барктуу, адилетүү, калыс сөзү эл менен элге алынган, бардар үй-бүлө­дөн болушкан экен. Алар 10 уул, кыздын ата-энеси болушкан. Бакас агай  бир туугандарынын бешинчиси болгон экен. Жаштайынан зирек, билимге жа­кын, жарыкчылыкка, жакшылыкка терең билим аркылуу жетүүгө болоору­на көзү жеткен жаш Бакас, айылдык мектептен кийин билимин улантууну көксөйт. Ошентип, ал киши 1937-1938-жылдары Фрунзедеги мугалимдер инс­­ти­тутунан билим алып, аны ийгиликтүү  бүтүргөн.  Мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, кийинчерээк 1955-60-жылдары Ош мамлекеттик педагоги­калык институтунун «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча жогорку билим алып, «кыргыз тили жана адабияты боюнча орто мектептин мугалими» адистигине  ээ болгон.

Эң алгачкы эмгек жолун Кыргыз ССР Эл агартуу министирлигинин атайын жол­домосу менен Өзгөн районуна караштуу Октябрь айылдык Кеңешинин Салам-Алик орто мектебинде кыргыз тил жана адабияты мугалими болуп баштаган. Дал ошол Өзгөн районунан 1939-жылы СССР куралду күчтөрүнүн – Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Бирок агайдын аскердик кызматы эки жыл эмес, жети жылга уланган, анткени 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Бакас агай ошол согушка баштан аяк катышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун кан кечкен фронтунда куралдаш жоокерлери, командир­лери ал кишинин, 1943-жылы Советтер Союзунун коммунисттик партиясы­нын катарына кабыл алган. Агайыбыз өмүрү өткүчө КПССке, анын жаркын келе­чегине, коомунизмдин курулушуна абдан терең ишенип, чыныгы комму­нист­терче элине эмгек өтөгөн. Агайдын согуштагы баскан жолун биз төмөн­дө өзүнчө баяндайбыз.

Бакас агай 1946-жылы өмүрлүк жары Курманалиева Дарика менен баш кошуп, бирге түтүн булатууну башташат. Жаш үй-бүлөлүү агайыбыз ошол кездеги Кыргыз ССР Эл агартуу министирлигинин жолдомосу менен Совет районунун Ак-Кыя орто мектебине жөнөтүлгөн. Ал жерде 1946-53-жылдары мектептин директору, кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгек­тенет. Жолдошунун жолун жолдоп Дарика эжеке да мугалимдик кесипти тандап, Жалал-Абаддагы педагогикалык училищадан билим алып, агай иште­ген мектептерде башталгыч калсстардын мугалими болуп көп жылдар бою эмгектенди. Дарика эжеке өз эмгек жолунда жүздөгөн, миңдеген болочок адистердин биринчи эжекеси, класс жетекчиси болгону азыркыга чейин маа­лым. Ошентип Бакас агай да, Дарика эжеке атайын жолдомо менен алыскы Совет районунда көп жыл эмгектеништи. Кадимкидей эле бир үй-бүлөөлү педагодор эле. Дал ушул агартуу, билим берүү жаатында агайыбыздын, эжекебиздин эмгеги сиңип, элге алынып, өздөрүнчө очор-бачар болуп, көп уул, кыздуу болушуп, бактылуу өмүр сүрүштү десек болот.

1953-1954-жылдары Бакас агай Совет районунун Карагуз айылдык Кене­ши­нин Кызыл Октябрь орто мектебинин директору болуп иштеп, кыргыз ти­ли жана адабияты, тарых сабактарынан (мугалимдин жоктугунан же­тиш­сиздигинен, ал убакта элет жериндеги мектептерде мындай абал адат­тагыдай эле көрүнүш болгон – авт.) билим берген. 1954-1957-жылдары Совет районунун Чоң-Колот айылдык Кеңешинин Ак-Кыя орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1957-1975-жылдары Совет районунун Чалма айылдык Кеңешинин “Ленин­чил-Жаш” орто мектебинде алгач окуу бөлүм башчысы, кийин көп жылдр бою директор болуп эмгек­теген. Негедир бизге агай өмүр бою директор бол­гондой сезилчү. Менин атам Капар да мектеп мугалими болгондуктан, колле­га, жакшы санаалаштар катары Бакас агай менен Дарика эжеке биздин үйдө көп эле болушчу.

Агайды айрыкча сөз баккан, эмгек адамын кастарлап сый­лап, урматтаган, анын элин, жерин сыйлаган чоң атабыз Абыт да жакшы көрүп, ыңгайы келе калганда жарпы жазылып баарлашкандарын көп эле көр­гөн­бүз. Агайга кошуп аксакалдарды чакырып алышып, кеп дүкөн курушуп, ар тараптан кеп салышчу. Бакас агай да жергиликтүү аксакалдарга өтө сый мамиле жасап, алар менен бабалардын баскан жолун, өткөн-кеткенди, саясат, жаңылыктар тууралуу баар­лашып турушчу. Бакас агай да азыр баамдасам сөзгө жакын, улууну ур­мат­таган, кичүүнү сыйлаган, каада салтты кастарлаган, санжыра­дан кабары болгон, куйма кулак  болгон окшойт. Менимче атпесе аксакалдар менен жакын боло албайт эле.

Баса, өзү башка жактан келсе да, биздин жерде элге батып, элибиздин сый-урматына жана ишенимине ээ болуп, Чалма айылдык кеңешине депутат да болгон биздин Бакас агай. Дал ошол депутатык вазыйпасын аткарып, айылы­быздын бир катар социалдык-экономикалык жана маданий маселелеин чечип берүүгө бүт дараметин жумшап, аракет кылганы бүгүн да элдин эсинде.

Мындан 52 жыл мур­да, биз биринчи класска барганда, ошон­­догу “Ленин­чил жаш” орто мектебинин директору Кармышаков Бакас агайды, биздин 1 “а” класстын жетекчиси Жолдошева Сарабү эжекени, “б” класстын жетек­чиси Ражапова Баарин эже­кени, “в” класстын жетек­чиси Кур­маналиева Дарика эжекени көрүп, башка агай-эжекелерибиз сыяк­туу алар­дан мектеп­теги алгачкы таалим-тарбияны ала баштадык эле.

Мен биздин райондук архивден 1969-70окуу жылында «Ленинчил жаш» орто мектебинин 1 классында окуган окуучулардын тиз­ме­син таап чыктым. Анда биздин “в” класстын жетекчиси, агайдын өмүрлүк жары Дарика эженин ысымы бар экен. Алар төмөндө сиздердин назарыңыздарда:

1“а” класс       

                 

1 “б” класс                              

1 “в” класс

Ал кезде агай-эжекелер пайгамбардай эле көрүнчү бизге, анткени бир эле кезде аларды абдан сыйлоо, урматтоо, чочулоо, коркуу, алардын тартынуу дегенде сезимдер боло турган. Мына ушул агайыбыз менен эжекебиз, өздөрү башка жактан болгону менен биздин айылдын кадыр барктуу үй-бүлөсү ка­тары, биз 7-класста окуганга чейин иштешип, анан ардактуу эс алууга чыгышып, өз кичи мекенине кайтышкан.

Айылыбызда бүнгүнкү күнгө чейин Бакас агай менен Дарика эжекени сый-урмат менен эскеришет. Бакас агайыбыз менен Дарика эжекебиз биздин айылга келгенден кийин, 6 кыздын соңунда уулдуу болуп, атын биздин элди, жерди сыйлап Чалмаш койгон. Ал жигит, андан кийин туулган Алтымыш азыр ата конушу турган Бишкекке жакынкы Воронцовка айылында туру­шат экен. Быйылкы жаңы жылдын алгачкы күндөрү туз-насип буйуруп, ошол агайыбыздын уулу Чалмаш менен жүз көрүшүп, үйүнөн даам сыздык. Эл көргөн, жер көргөн ата уулу Чалмаш, анын келинчеги Гүлкайыр, иниси Алтымыш жакшы, жөнөкөй, адамгерчиликтүү адамдар экен. Алар ме­нен чогуу агай менен эжекени эстеп, алардын рухуна куран түшүрүп кайт­тык. Кудай буйурса жакшылыктарда жолугалы – деп ниет кылдык. Билгени­бизге караганда Бакас агайдын көп кыздары, уулдары дал ушул Чалма айы­лында туулушуп, ошол жерден, атасы жетектеген биздин мектептен билим алышкан экен. Алар Майрамбүбү, Анарбүбү, Салтанат, Ажарбүбү, Жаңыл – бизди класс­таш, Жыпар, Жылдыз, Жыргал, Чалмашбек, Алтымыш. Учур­да булардын баары негизинен Чүй боорунда, Бишкек шаарында турушат экен.  Баардыгы үй-бүлөөлү, бала-чакалуу болуп калышкан.

Эми Бакас агайдын жигердүү педагогикалык эмгектери жөнүндө учкай кеп кылалы. Ошол кездеги Макаренко, Ушинский сыяктуу улуу педагогдордун идеяла­ры­на сугарылган, жаш муундарга билим берип, көзүн ачып, татыктуу тарбия берүүгө өзгөчө белсенип киришкен 50-60-70-жылдардын мектеп мугалим­де­ри иш дегенде ичкен ашын жерге коюп, чыгармачылык изденүү менен чын дилден эмгектенишкен. Ошол убакта айыл жеринде, борбордон, билим, илим, маданият чордонунан алыс жайгашкан, тоо арасындагы  мек­теп­тин директору болуу абдан кыйын эле болгон.

Ал кездеги директорлор билим берүүгө өзгөчө талапты коё билген, жаш жекинчектерге сапаттуу жана таттыктуу билим берүү аракетинде мыкты уюш­туруучу, азыркынын тили менен айтканда чоң менеджер, болушкан. Биздин Бакас агай да 30 жылдан ашкан педагогикалык, жетекчилик эмге­гин­де директор катары зор педагогикалык тажрыйба топтоп, көп учурда өзү үлгү болуп, үлгүлүү, алдыңкы катардагы мугалимдерди сүрөп, алга чыгарып, арт­та калгандарды жылуу сөз, жакшы үлгүлөр менен аракет кылууга үндөп кел­ген орто мектеп жетекчилеринен.

Менимче мектеп директору болуп жүргөн Бакас агай мектептин МТБ чың­доодогу көйгөйлөрдү чечпестен, мугалимдерди да, окуучуларды да жарат­ман иштерге үндөй алган, үлгүлүү жана чыгармачыл педагог, акылгөй кеңешчи, алысты көрө билгген көрөгөч, мыкты ураандарды ишке ашырууга шыктуу жетекчи агайлардан болгон. Байкасам Бакас агайда, ошол кездеги мектеп муга­лимдеринин көбүнө таан­дык болгон Ушинский айткандай “Мугалим би­лим алууну токтоткондо, му­га­лимдик сапаты жоголот” – деген ураанды бе­кем тутуп, дайыма өз педаго­гикалык, кесиптик чеберчилининин үстүнөн иш­те­ген жетекчилерден болгон жана андай сапатка өзү менен чогуу иште­гендерди дайыма үндөп келген. Ошол кездеги жана андан кийинки убактар­дагы мектептеги агай-эже­ке­лер­дин Бакас агайды сый-урмат менен эстөөсүнү дагы бир себеби, менимче, ал киши мектептеги баардык маселелерди эмгек жамааты менен акылдашып, чогу­луп кеңешип чечишкендигинде деп калдым.  Дагы бир ой, менин баамымда Бакас агай да, жубайы Дарика эжеке да, дал ошол өздөрү эмгектенген мектепте окуган балдарды, кыздарды урматтап, ише­ним көрсөтүп, колдоп, инсан катары тарбиялоого зор маани беришкен­ди­гинде болсо керек. Дал ушул сапаттарды карманган биздин мектептин дирек­тору Бакас агайдан, эжекебиз Дарика эжекеден биз баштапкы билимди алып калдык. Анткени алар биздин айылдын, райондун эле эмес бүткүл республи­ка­дагы  эмгеги сиңген, элет жеринин абройлуу, чыгаан педагогдору эле. Дал ушул касиетте Бакас агай менен Дарика эжеке биздин эсте калды.

Учурдан пайдаланып, Бакас агайыбыз катышкан, кан кечкен Улуу Ата Ме­кен­­дик согуш тууралуу учкай айта кетели. Белгилүү болгондой Улуу Ата Ме-кендик согуш мезгилинде Советтер Союзунун элдери сыяктуу эле Кыр­гыз­стандын элдери да фронттордун согуш талааларына чакырылып, эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгы­лаш­кан. Көп улут­туу Советтик Ар­мия­нын катарына Кыргызстан­дан баардыгы 363200 жоокер чакырылган. Алар Ата Мекенди баатырларча коргоп, дээрлик көбү фронт тала­аларында душманга каршы жан аябай согушуп, түбөлүккө калып, Мекен кор­гоонун үлгүлөрүн көрсө­түшкөн. Кыргызстандын ар бир шаары, облусу, району, айыл-кыштактары өз уул, кыздарын согуш талааларына аттандырышкан. Мисалы, Бакас агай фронтко чакырылган Өзгөн району, 1941-1945-жылдарда райондон 7147 адам Ата Мекенди коргоого чакырылса, алардын 2744 кан май­данда баатырларча курман болушуп, 4403 адам аман эсен, көбү ар кандай жарааттар ме­нен эли журтуна кайтып келишкен. Өзгөн районунан согушка аттангандар­дын  арасынан 6 адам: И.С.Решетник, М.Тешебаев, О.Жакыпов, Н.С.Калаш­ников, Л.И.Царенко, С.Лутфиллин мамлекеттик эң жогорку сый­лык – Совет­тер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан, калган­дары­нын ба­сым­дуу көпчүлүгү Советтер Союздун ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Баса Бакас агай согуштан кийин эмгектенген Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунан, Улуу Ата Мекендик согуш башталаары ме­нен кан­дуу майданга биздин кичинекей, эң алыскы тоо арасында, Кытай менен чек­теш Совет районунун баардык айыл-кыш­так­тарынан, колхоз-сов­хоздору­нан 4650 адам кан майданга жоокер аттан­ган, Улуу Жеңишке алар­дын 2305 жетпей, кандуу согуш талааларында баа­тыр­ларча курман бо­лушкан. Фронттордон кайтып келген 2345 жоокердин жарымына жакыны түбөлүк жаракаты, майып­­тыгы ме­нен кайтып өз кичи ме­кен­дерине келген. Булардан башка миң­деген адамдар, согуштай бекем тартиптеги Урал, Сибир, Казахстанда жай­гаш­кан оор өнөр жай, согуштук техникаларды, фронтторго керектелүүчү техникаларды чыгаруучу эмгек фронтторуна жөнөтүл­гөн. Эм­гек фронтуна чакырылгандардын да көбү кайтпай калганы маалым. Бул бир аз тарыхый экскурс болду.

Эми мен окумуштуу тарыхчы болгондон кийин, эмгектин эле эмес Улуу Ата Мекендик согуштун ордендүү ардагери Кармышаков Бакас агайыбыздын фронтко катышуусу, согуш талааларындагы эрдиги үчүн алган орден, медал­дары тууралуу тапкан маалыматымды айта кетейин.

Азыр бир катар мурдагы СССРдин, азыркы Россия Федерациясынын ас­кер­дик, согуштук архивдери ачыкка чыгып, көптөгөн материалдардын элек­трондук нускасы жарыяланып, ошол Улуу Ата Мекендик согушка катышкан­дар тууралуу маалыматтардын көпчүлүгү элге маалым болуп калды. Биз дал ошол мурда белгисиз болгон, бирок биз үчүн абдан маани­лүү болгон орус архивдеринен агайыбыз Бакас Кармышаков тууралуу маалыматтард таба ал­дык. Ушул жерден тактай кете турган бир маселе бар экенин эсиңиздерге сала кетейин. Тилекке каршы, дал ошол ачыкталган орус архивдеринин мате­риал­да­рын карап олтуруп, басымдуу түрдө биздин Улуу Ата Мекендик со­гуш­­ка катышкан ата-бабаларыбыздын, тууган-уруктарыбыздын аты-жөнү, атасы­нын аты, теги дээрлик баардык учурда туура эмес жазылып калганын баамда­дык. Анткени бизге көндүм болгон кыргыз аттары, атасынын жана тегинин ата­лышы, ошол аскер комиссариаттарынын адамдарына, алардын фронттор­догу аскердик, согуштагы сыйлоо доку­мент­те­рине жазган адамдар­га көндүм бол­богону, алардын кулагына анча жагымдуу болбой, ана калса алар аскер­лер­дин аты-жөнүн кандай укса, доку­мент­ке ошондой жаза бери­шип, көп учур­ларда же аскердик документте, же сыйлык барактарында, кыр­гыз жоо­кер­леринин аты-жөнү, фамилиясы так же туура эмес жазылганы үчүн (мын­дай мүчүлүштүктөр өзбектерге, казахтарга, түркмөндөргө, та­жик­тер­ге  ж.б. мусулман элдерине таандык – авт.) дагы көп документтер, сый­лык­тар азыркы күнгө чейин өз ээлерин таба албай жүрөт. Дал ошол эле се­беп­тер менен көпчүлүк жоокерлер дайынсыз болуп жүргөнү да чындык. Так­тоо ире­тин­де айтып кою абзел, аскердик документтерде Бакас агайдын  фа­ми­лиясы Карымшаков болуп, бир аз өзгөрүп калган, менимче буга ошол кездеги алгач­кы өздүк документти жазган айылдык кеңештин катчысы (сель­советтин – авт.) же фронт­ко чакырган аскер комис­сариатынын катчысы күнөөлүү. Анткенибиз кыр­гыз элинин адамга салттуу ат коюсунда, жаңы төрөлгөн наристеге ат берүүдө Карымшак эмес Кармышак деген адам аты Кыр­гызстандын баардык аймакта­рында,  жерлеринде үстөмдүк кылат.

Ошентип Россия Федерациясынын аскердик архивдериндеги расмий  доку­­мент­теринен, сыйлоо барактарынан агайыбыздын даректерин – Карым­ша­ков Бакас, Карамшаков Бакас, Карамшаков Бокас – деген тектен таптык. Сыйлоо барактарында көрсөтүлгөн бул үч фамилия, ысым бир эле биздин агайыбыз Кармышаков Бакас агайга таандык.  Албетте, биздин окурманда үч башка фами­лия, ысымды кантип бир адамга алып келдиңиз? – деген суроо болу­шу ыктымал. Далил иретинде айтаарыбыз, биринчиси, Бакса агай Улуу Ата Мекен­дик согуштун майдандарынан эки орден, бир медаль менен кайт­кан. Аларды агайдын көкүрөгүндөгү тагылган орден медалдары тастыктап турат. Экинчиси, Ошол сыйлоо барактарында, сыйланып жаткан адам кайсы жерде туулуп, өскөн же кайсы жерден фронтко чакырылганы ачык, так көр­сө­түлгөн. Төмөндө биз бул документтердин түп нускасын көрсөтөбүз. Үчүн­чү­сү, жогорудагы биз айткан согуш фронтторундагы аскердик доку­мент­тердеги мүчүлүштүк, өзүңүздөр байкагандай Бакас агайдын сыйлоо барак­та­рына да тийиштүү.

Тилекке каршы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин биз өзүбүздүн эле республикадан чыккан «Книга памяти Республики Киргизия» аттуу жый­нактан да, россиялык “Электронный архив Великой Отечественной вой­­ны” каталогуна кирген адамдардын арасынан таба алган жокбуз. Албетте бул абдан өкүнүчтүү. Ошондой эле агайдын аты-жөнү акыркы жылдары бир топ ийгиликтерге жетишип, дал ошол Улуу Ата Мекендик согушка катыш­кан Кыргызстандык жоокерлер, офицерлердин фронттук тагдырын иликтеп, так­тап, аларды элге жеткирген Limon.KG интернет порталынын редакциясы чо­гулт­кан “Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын тизмеси” –  “Спи­­сок участников Великой Отечественной войны” аттуу атайын порталда да агайдын аты жөнү жок болгону өкүндүрдү.

Бирок биз агайдын дарегин, Улуу Жеңиштин 70, 75 жылдык мааракесин утурлай түзүлгөн, тээ алыскы орус жергесиндеги “Эл эсинде 1941-45-жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыкточу маалымттарды түзгөн элек­трондук сайттан таптык. Болгондо да Бакас агайдын көкүрөгүн­дөгү орден медалдарын качан, кайсы убакта  алгандыгын жана фронттогу баскан жолун кошо тактоого мүмкүнчүлүк болду.

Архивдик маалыматтарга ылайык Карымшаков Бакас, өзү Нарындык болуп, Чүйлдө туруп калганына карабастан  фронтко  Ош областынын Өзгөн райондук аскер комиссариаты тарабынан 1939-жылы 1-январда аскер кызма­тына чакырылган экен. Демек агайыбыз, УлууАта Мекуендик согуштан эки жыл мурун аскер кызматына чакырылып, өз вазыйпасын аткарып жүргөн кез­де экинчи дүйнөлүк согуш, Фин согушунун оту күйүп, акыры 1941-жыл­дын 22-июнунда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Дал ошол адамзаттын тары­хындагы эң апаат согуштун фронтторунда  өз жолун баштаган.

Табылган документтерге ылайык фронтовик Карымшаков Бакас Батыш фрон­ту­нун 20-армиясынын аскердик абадан коргонуу полкунун 721-армия­сынын катардагы жоокери, сержант, ага сержанты катары  кызмат өтөп, каармандык менен салгылашкан.  Агай кызмат Баыш фронтунун кылган 20-армиясынын аскердик абадан коргонуу полкунун 721-армия­сы согуштук жолун 1941-жылдын 22-июнунда баштап 9-июлга чейин Беларуссияны кор­гоо­дон башталган. Аталган аскердик бөлүк, ошол эле жылдын июль-сентябрь айларында Смоленск багытындагы коргонуу согушуна катышса, сентябрь айында Борисов багытындагы Бобр районунда, Лепельск багытындагы Ви­тебск районундагы, Смоленск багытындагы Великие луги жана Торопец райо­­нундагы контрчабуул жана коргонуу  согуштарынын кан майданында от кечкен. Агай кызмат кылган, жогоруда аталган аскердик бөлүк 1945-жылдын 2-октябрынан 5-декабрына чейин Москваны, Малоярославл, Можайск, Дми­­тировск багыт­­тарын коргоо согуштарына жигердүү катышкан. 5-дека­бр­дан баштап 1942-жылдын февралына чейин агай курамында болгон Батыш фронтунун 20-армиясынын аскердик абадан коргонуу полкунун 721-армия­сы Москванын алдындагы, андан кийин Клинско-Солнечногорск, Вяземск багытындагы  советтик армиянын контрчабуулуна катышып, өз эрдиктерин көрсөтүшкөн. Дал ошол Москваны коргоо, Москва алдында согуштагы эрдиктери үчүн Карымшаков Бакас атайын сыйлык медаль “За оборону Мос­квы” –  “Москваны коргоо үчүн” медалы менен сыйланган. Бирок сыйлык ээсин 1944-жылы тапкан.

Архивдеги сыйлык документтеринде биз төмөнкү малымат­тар­ды окудук, аларды өзгөртүүсүз беребиз:

Наградной документ

дата рождения: __.__.1917

воинское звание:  ст. сержант

кто наградил: Президиум ВС СССР

наименование награды: медаль «За оборону Москвы»

дата документа: 01.05.1944

информация об архиве – архив ЦАМО

картотека: картотека награждений

расположение документа: шкаф 37а, ящик 8.

Буларга кошумча  “Элдин эсинде 1941-45-жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыкточу маалыматтарды түзгөн элек­трондук сайттан Карымшаков Бакас тууралуу төмөнкү маалыматтар та­был­ды: Место рождения: Киргизская ССР, Тянь-Шаньская обл., Джум­галь­ский р-н, с. Кок-Ой; Место призыва: Узгенский РВК, Киргизская ССР, Ошская обл., Узгенский р-н.; Воинское звание: ст. Сержант; Воин­ская часть: 721 арм. полк ПВО 20 А ЗапФ (721 арм. полк ПВО20 А ЗапФ20 АЗапФ); 721 зенап 14 зенад РГК (721 зенап14 зенад РГК).[1]  Дал ушундай аскердик маалыматтар, расмий документтер  агайдын сыйлыгын тастыктап турат. Тарыхый чындык үчүн биз тапкан архивдик маалыматтарды эч өзгөр­түүсүз бердик.

Москва алдындагы зор жеңиштен кийнки башка аскер бөлүктөрүндөй эле  Бакас агай кызмат кылган полк андан батышты карай жеңиштүү жолун улант­кан. 1942-жылдын февраль айынан баштап алар батышыт карай шаар­ларды, айыл-кыштактарыды немецтик фашисттик баскынчылардан бошотуу­га катышкан. Вяземск багытындагы  советтик армиянын контрчабуулунан кийин, агайдын аскердик бөлүктөрү 1942-жылдын мартынан баштап дека­бры­на чейин Ржевско-Сычевск ж.б. багыттардагы багытындагы контр­чабуул, чабуулдук операцияларга катышып, союздун чегинен башка бир катар  батыш өлкөлөрүн фашисттик Геманиядан боштууга катышып, согуш­тук жолун, жеңиштүү 1945-жылы аяктаган.[2] ……….

Ошол даңктуу жеңиш жолунда, фронттордогу эрдиги, согуштагы каарман­дыгы эске алынып Бакас агай “Орден Отечественной войны II степени” – “II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени” менен сыйланган. Бул орден­ ге сунушталган архивдик доку­мент­тер­ден биз төмөндөкүлөрдү окудук. Дагы эле тарыхый чындык үчүн орденге сунушталган дкументтердин маалыматын өзгөртүүсүз бердик.[3]

         Наградной документ

Дата рождения: __.__.1917

Дата поступления на службу: __.__.1939

Место призыва: Узгенский РВК, Киргизская ССР, Ошская обл., Узгенский р-н

Воинское звание: ст. сержант

Воинская часть: 721 арм. полк ПВО 20 А ЗапФ (Армия Западного фронта – авт.)

Даты подвига:  26.11.1942 28.11.1942

 Наименование награды: Орден Отечес­твенной войны II степени; Дата доку­мента: 27.12.1942; Приказ подраз­деле­ния: №: 619 от: 27.12.1942; Издан: ВС 20А Западного фронта №:619 от:  27.12.1942; Издан: ВС 20А Западного фронта; Информация об архиве – Ар­­­­хив: ЦАМО; Фонд ист. Инфор-ии: 33. Опись ист. Инфор­ма­ции: 682525. Дело ист. информации: 413. Буларга кошумча “Элдин эсинде 1941-45-жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыктоочу маалыматтарды түзгөн электрондук сайттан аталган орденге ээ болгон Карымшаков Бакас тууралуу төмөнкү маалыматтар табылды: Дата рождения: __.__.1917 г.; Дата поступ­ле­ния на службу: __.__.1939 г.; Место рождения: Киргизская ССР, Нарын­ская обл., Джумгальский р-н, с. Кок-Ой; Наименование награды: Орден Отечественной войны II степени

Бул документтерди ага сержант Карымшаков Бакас кызмат кылган Батыш фрон­тунун 20-армиясынын командачысы, Аскер Кеңешинин мүчөсү, гене­рал-майор А.Лобачев жана ошол 20-армиянын адистер бөлүмүнү башчысы под­полковник Миткин кол койгон, 1944-жылдын 26-декабрында жиберилген сыйлык барагы да тастыктайт. Анда “II даражадагы Ата Мекендик согуш ор­де­ни” менен сыйланууга сунуштал­ган­дардын арасында, орудиянын коман­дири Карымшаков Бакас тууралуу мын­дай маалыматтар бар:

Байкасаңыз, жогоруда белгиленгендей бул документте Карамшаков Ба­кас деп берилген, бирок жеке маалыматтары  биздин агайга толук дал келет.

Биздин кармандын дагы бир фронттогу эрдиги, кармандыгы  үчүн сый­лы­гы III даражадагы «Даңк ордени” – “Орден Славы” III степени болгон.  Бул жолу да сыйлоо документи түп нускада кандай болсо, өзгөртүүсүз бердик:

Документы о награждении

Карамшаков  Бокас

Дата рождения: __.__.1917

Воинское звание: ст. сержант

Кто наградил: 14 зенад РГК

Наименование награды: Орден Славы III степени

Номер документа: 9/н

Дата документа: 04.03.1945

Информация об архиве – Архив ЦАМО

Картотека: Картотека награждений

Расположение документа: шкаф 37а, ящик 8

Буларга кошумча “Элдин эсинде 1941-45 жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жы­йын­тыктоочу маалыматтарды түзгөн электрон­дук сайттан аталган орденге ээ болгон Карым­ша­ков Бакас тууралуу төмөнкү маалыматтар табылды: Дата рождения:_.1917; Место рождения: Киргизская ССР, Тянь-Шаньская обл., Джум­галь­ский р-н, с. Кок-Ой; Место призыва: Узгенский РВК, Киргизская ССР, Ошская обл., Узгенский р-н; Воинское звание: ст. сержант; Воинская часть: 721 арм. полк ПВО 20 А ЗапФ (721 арм. полк ПВО20 А ЗапФ20 АЗапФ); 721 зенап 14 зенад РГК (721 зенап14 зенад РГК).[4] Бул документ жаштар, келечек муундарга так болсун, туура жетсин үчүн  эч өзгөртүүсүз берилди.

Россия Федерациясынын Борбордук коргоо министрлигинин архивдери­нин  материалдарынын арасынан Карымшаков Бакасты III даражадагы «Даңк ор­де­ни” менен сыйлоого сунуш кылган, аракеттеги Кызыл Армиянын  Ригалык 14 зениттик арти­лериялык дивизиясынын аскер командачылыгынын 1945-жыл­дын 4-мар­тындагы №9/н буйругу табылды. Анда Ригалык 14-зениттик ар­ти­­лериялык дивизиясынын колбашчысы, полковник Васюта (аты, атасы­нын аты документте жазылган эмес – автор) кол койгон атайын буйрукта III даражадагы «Даңк ор­де­нине” сунушталгандардын катарында: “От име­ни Президиума Верховного Совета СССР, за образцовое исполнения бое­вых заданий на фронте борьбы с немецко-фашистскими захватчи­ками и появление при этом доблести и мужества награждаю орденом “Славы” III степени … ст. сержанта Карам­ша­кова Бокас – коман­дира орудия 1-й батареи  721 зенит. ар­т. полка 14-зенит. ар­т. Рижской РГК” же “РГК­нын Ригалык 14-зениттик ар­ти­­лериялык дивизия­нын 721-зениттик ар­ти­­лериялык полкунун 1-батареясынын орудиялык коман­дири, ага сер­жант Карам­ша­ков Бокас – СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун атынан, немецтик фашисттик баскынчылар менен күрөштө согуштук тап­­шырмаларды үлгүлүү аткаргандыгы, фронттогу зор эрдиги жана баатырдыгы  үчүн  III даражадагы «Даңк ор­де­ни” менен сыйланат”  – де­ген, буйруктун саптарын окууга болот. Төмөндө ошол буй­рук­тун түп нускасы сиздердин назарыңыздарда.[5]

Бакас агайдын уул, кыздарынын эскерүүсүндө, ал киши Россия, Украина­нын Житомир, Полтава, Харьков сыяктуу бир топ шаарларын бошотууга катыш­кан. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүн 1945-жылы 9-майда Финляндияда тоскон. Жеңиштен кийин агайыбыз Кытай элин Япондук бас­кын­чылардан бошотууга катышып, 1945-жылы миллиондогон квантун армиясынын үстүнөн советтик армия жеңишке жетишкенден киийн өз мекенине, ага-туугандары  көчүп келип  туруп калган Чүй өрөөнүнө караш­туу Чоң-Таш айылына кайтып келген экен. Акыркы маалыматтар уул-кыз­да­рынын эскерүүсүнөн алынды.

Ошентип  биздин  каарман, агайыбыз Кармышаков Бакас, эжекебиз Кур­ман­алиева Дарика өздөрү өкүнбөгөндөй байма-бай, бала-чакалуу, үлгүлүү өмүр сүргөнү баамдалат. Бир айылдын, өрөөндүн эле эмес бүткүл кыргыз журтчулугунун агартуу, билим берүү жаатында, элет жеринин бир катар  мек­теп­теринин жеткечиси, директору катары тааны­мал болгон биз­дин каар­ман табиятынан педагогикалык таланты, устаттык  шыгы жана жөндөмү, мыкты уюш­туруучу, адамгерчилик жакшы касиеттери көп чыгаан инсан болгону талашсыз. Бакас агай өзү тандаган   агартуу майданына 1938-жылы  келип дээрлик 40 жыл билим берүү жаатында талыкпай эмгетенип, 1975- жыл­ы ардактуу эс алууга чыккан. Нарындын бийик тоосунан келип Кара-Кул­жанын  бийик тоолуу аймагында көп жыл эмгек өтөгөн. Дал ушул тариз­де Бакас агай биздин эсибизде калды. Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгек­тин ардагери Бакас Кармышаков  1994-жылы 80 жаш кура­гында дүйнөдөн кайткан.

Баса агайыбыз көзү тирүүсүндө Дарика эжеке экөө 27 неберелүү болушкан экен. Ал эми эжекебиз 48 небере, чеберсин көрүп, батасын берип кеткен экен. Бүгүнкү күнгө Бакас агай менен Дарика эжекенин 48 небереси, 63 чебе­реси жана 1 кыбырасы бар экен. Көбү орун-очок алышып, үй-бүлө күтүшүп, турмуштан өз орундарын таап калышкан. Бар болушсун, алардын барына аманчылык, бакубатчылык тилейбиз!

 Абытов Байболот Капарович, тарых илимдеринин доктору,  профессор,  ОшМЮИнин проректору

[1] “Элдин эсинде 1941-45-жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыкточу маа­лы­маттарды түзгөн электрондук сайт //https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-chelo­vek_yubileinaya_kartoteka1523015860

[2]  https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-nagrada_kartoteka1375339381/

[3] https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-chelovek_yubileinaya_kartoteka1523015860

[4]  Карамшаков Бокас/ https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-nagrada_kartoteka1375339380

[5] Карымшаков Бакасты башкалардын катрында  сыйлоого сунуштаган буйрук// https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-nagrada_kartoteka1375339380

 

Байболот Абытов, профессор: Баймухаммед Буранов Казан университетин 1935-жылы бүтүргөн кыргыздын эң алгачкы юристи

Жакында, 10-мартта, мен абдан сыйлаган, азыркы Кыргызстандын мыкты, талыкпай эмгектенген, илим менен саясатты айкалшытыра алган, чыгаан илимпоз, тарых илимдеринин доктору, профессор З.К.Курмановдун ММК кыргыз элинин алгачкы жогор­ку билимдүү  юристтери тууралуу маалыматы чыкты. Алардын катарында И.Момунбаев, К.Курманов, Р.Тургунбеков, К.Нур­беков аталган. Булардын эң биринчиси 1948-жылы юридикалык жогорку окуу жайды бүткөн деп такталган.  Албетте аталгандар алгачкы­лар­дан экени талашсыз. Бирок биздин каарман Буранов Баймухаммед Бөрүе­вич булардан мурда, Казан университетинен 1935-жылы юридикалык билим алып чыккан экен. Урматтуу профессорубуз­дун маалы­мат­та­рын толуктоо ире­тинде, биздин өрөөндүн кулуну, кыргыз эли­нин алгачкы жогорку билим­дүү юристтеринин бири тууралуу энцикло­педия­лык маалыматтарды берип коюну туура көрдүк.

Буранов Баймухаммед Бөрүевич кыргыз элинин алгачкы жогорку билим­дүү юристтеринин бири. Ал киши тууралуу алгачкы маалыматтар Кыр­гыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улут­тук комиссиянын алдындагы “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редак­ция­сы тара­бы­нан чыгарылган “Кара-Кулжа району. Энциклопедияда (-Бишкек, 2013. -167-168) берилген. Жогорку энциклопедиянын түзүүчүлөрүнүн бири менмин.

Биздин ушул энциклопедияда Баймухаммед Бөрүевич тууралуу алгачкы маалы­маттар бар. Баса ал кишини жакындан билген, анын үйүндө жашап, окуп жүргөн жердеши, тарых илимдеринин кандидаты, професор Ж.Адил­баев да бул маалымататрды тастыктаган.

Ошентип, Б.Б.Буранов 1910-жылы Ош уездинин, Капчыгай болушту­гу­нун Секелек айылында туулуп, 1981-жылы 5-майда Совет районунун Кара-Кул­жа айылында кайтыш болгон. Ал киши Кара-Кулжа өрөөнүндө Кеңеш бийлигин чыцдоого активдүү катышкан жергиликтүү, активист жаштардан болгон. Кыргыз улутундагы жогорку билимдүү алгачкы юристтердин бири. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, юстициянын улук кенешчиси (1953-ж.) республиканын юстиция жаатынын эмгек ардагери болгон.

Билим алуу жаатында Таш­кенттеги Орто Азия жибек өндүрүү институтун­да адистерди кайра даярдоо курсун (1932-ж.), Казан университетинин юриди­ка­лык факультетин (1935-ж.) бүтүргөн. Эмгек жолун 1923-жылы «Ширпат» кедейлер коомунун мүчөсү, Секелек айылынын активисти, Совет районунун айыл­дарында алгачкылардан болуп комсомол ячейкаларын түзүүгө жигердүү катышкан. Кара-Кулжа өрөөнүндө жаңы заманды даңазалап, жер-суу рефор­ма­сын турмушка ашырууга, бай-манап­тарды кулакка тартуу жараянына жана тап катары жоюга, басмачыларга каршы күрөшүүгө, айыл чарбасын коллек­тев­дештирүүгө жигердүү катышкан. Алгач, 1929-35-жылдары Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин катчысы, айылдык активист катары Кыргыз АССРинин биринчи конституциялык комиссиянын мүчөсү, 1935-36-ж. республикалык Борбордук аткаруу комитетинин инструк­тору катары кызмат өтөгөн.

Кийнчереээк, 1937-39-жылдары Ысык-Кел облусунун Түп районунун, 1939-40-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районунун про­курору, 1940-49-жыл­дары Фрунзе облустук адвокаттар коллегиясында, Фрунзе шаардык ас­кер комиссариатында, Кыргыз ССРинин Башкы прокуратурасында бөлүм башчы болуп эмгектенет. 1949-58-жылдары Ош облусунун прокурору, 1958-64-жылдары Фрунзе шаарынын прокурорунун орун басары катары эмгектен­ген. Ал эми 1964-71-жылдары рес­пуб­ликалык адвокаттар коллегиясынын төрагасы болгону маалым. 1965-жылдан баштап  Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Юридика­лык комиссиянын мүчөсү. Кыргызстан Ком­му­нисттик ­пар­тиясынын VIII-IX съезддеринин делегаты. Кызыл Жылдыз, I, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Жогоруда көрүнүп тургандай  Буранов Баймухаммед Бөрүевич жөн эле республиканын юридикалык жаатына эмгеги сиңген ишмер эле эмес, кыргыз элинин Кеңеш доорундагы алгачкы жогорку билимдүү юристтеринин бири. Ал киши билим алган В.И.Ульянов-Ленин атындагы Казан мамлекеттик университетинде, ал кишиден 33 жылдан кийин мен да тарых факеульте­тинен билим алып, ошол билимимдин таасиринде 2002-жылдан бери тарых илимдеринин доктору, профессор болуп жүрөм.

Албетте Буранов Баймухаммед Бөрүевич менин эле эмес бүт элибиздин сый­мыгы. Анткени тоо арасындагы элет жеринде туулуп-өсүп, жетилип, ыраактагы Ташкент, Казан сыяктуу ири шаарлардан жогорку билим алып, республикабызда калыптанып келе жаткан юриспруденция багытына өз салымын кошкону зор сыймык. Өкүнүчтүүсү мен сыйлаган тарых илимдери­нин доктору, профессор Зайнидин Карпековичтин алгачкы жогорку билим­дүү юристтер тууралуу санатына биз атаган Буранов Баймухаммед Бөрүевич кирбей калганы болду. Биз урматтуу профессорубуз З.К.Курманов кийинки маалыматтарына бул кишини да кошо жүрөт деген ойдобуз.

Абытов Б.К.

тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору

Байболот Абытов, профессор: “Жусуп Абдрахманов - Кыргызстандын биринчи Конституциясын түзүүчүлөрдүн бири"

2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Анда Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон, чыгаан мамлекеттик, саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын улуттук масштабда, жогорку деңгээлде майрамдоо, тиешелүү иш-чараларды уюштуруу сунушталган.  Жакында, 5-мартта биздин Ош мамлекеттик юридикалык институтунда Президенттин Жарлыгына ылайык «Жусуп Абдрахманов жана Кыргызстандын биринчи Конституциясы» – аттуу студенттер менен ОПК биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияда Жусуп Абдрахманов – Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири, анын ишмердүүлүгү, көөнөргүс руханий мурастары жана алардын азыркылар үчүн маани-маңызы. Кыргызстандын биринчи Конституциясы: жазылуу жараяны, кабыл алынышы, анын саясий, укуктук жана тарыхый мааниси сыяктуу багыттарда кеңири пикир алмашуу болду. Бул макала, ошол конференцияга сунушталып, зор кызыгууну жана талкууну жараткан илимий баяндамалардын бири.   

Биз тарыхчылар эгемендүүлүк жылдары негизинен, алгачкы Өкмөт башчыбыз Жусуп Абдархмановдун саясий, социалдык-экономикалык ишмердүүлүгүнө көбүрөөк көңүл бөлүп, анын кыргыз эли, мамлекети үчүн кылган дагы бир маанилүү ишмердүүлүгү көмүскөдө калып кеткен. Ал Жусуп Абдрахмановдун кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн уңгусун түзгөн расмий, мыйзамдык документтерди иштеп чыгуудагы ишмердүүлүгү. Эң башкысы, ал Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү тууралуу Декларациянын, Кыргыз АССРинин классикалык биринчи Конституциясынын долбоорлорун даярдоо, талкуулоо жана кабыл алуусуна, мамлекеттик мекемелердеги иш кагаздарды улуттук тилге өткөрүү боюнча (коренизации) комиссиянын негизги жоболорун даярдап, кабыл алууда  жигердүү, иштиктүү жана натыйжалуу катышкан, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири.

Мындай ишмердүүлүккө анын ээлеген кызмат орду да түрткү болгону шек-сиз. Жусуп Абдрахманов 23 жашында Туркестан АССРинин БАК Президиумунун мүчөсү, жооптуу катчысы, Кыргыз автономиялуу областынын Революциялык комитетинин мүчөсү, 24 жашында Кыргыз областтык партиялык бюронун жоопту катчысы, областтык Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 25 жашында Кыргыз ССРинин түзүлүшү тууралуу Декларациянын жана биринчи Конституциясынынын долбоорун даярдоо комиссиясынын мүчөсү, 26 жашында Кыргыз АССРинин биринчи Өкмөт башчысы – Эл Комисарлар Кеңешинин төрагасы болгон. Мына ушундай расмий кызматтары Ж.Абдрахмановду Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн уңгусун түзгөн, негизги, укуктук таянычы болгон Баш мыйзамды, бир топ тиешелүү мыйзамдык, актылык документтерди даярдоого түздөн-түз катышууга, аларда элдин, улуттун, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоо милдеткер кылган десек болот.

Биз ошол Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясынын баардык долбоорлорунун тексттерин баштан аякка кимдер, качан, кантип даярдаганына байланыштуу, көйгөйлүү маселени ар тараптан иликтөөгө алып, аларды тактап, аныктап чыктык. Экинчи максатыбыз аталган иштерге ошол кездеги кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Ж.Абдрахмановдун тиешеси бар-жогун иликтеп көрдүк. Тилекке каршы, азыркы учурга чейинки тарыхый, укуктук илимий изилдөөлөрдө, Кыргызстандын классикалык маанидеги биринчи Конституциясынын 1926-1929-жылдары 4 долбоорун даярдап, кыргыз коомчулугунун назарына алып чыккан авторлор тууралуу маалыматтар юристтер арасында да, тарыхчылар арасында да дээрлик жокко эсе. Эң биринчилерден болуп биз, аспирантым Акбарали кызы Токтобүбү экөөбүз изилдей баштадык.[1] 

Негедир бул маселеге, аталаган авторлордон башка окумуштуулар тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай келген. Албетте көпчүлүк окумуштуулар, негизинен, конституционалист-юристтер республиканын биринчи Конституциясынын мазмуну, юридикалык мааниси, укуктук негизи, жалпы жоболору, ага ылайык мамлекеттик түзүлүшү, башкаруу формасы, бийлик бутактары жөнүндө көп жазышканы кашкайган чындык. Бирок, алар өлкөбүздүн биринчи, андан кийинки Конституцияларынын даярдалуу тарыхын, конституциялык комиссиялардын, кеңешмелердин курамын такташып, андай маселелерге көнүл бурган эмес. Ошол конституциялардын маани-маңызы үчүн кимдер жооптуу экендигин чагылдырышкан эмес. Ырасында, буга байланышкан бир топ көйгөйлөр, кызыктуу маселелер бар. Биз алдыбызга койгон максатка ылайык, төмөнкүдөй мүнөздө карадык:

  • Кыргызстандын биринчи Баш мыйзамын иштеп чыгуу боюнча конституциялык комиссия качан, кандай орган тарабынан түзүлгөн?
  • Чынында эле юристтердин, тарыхчылардын көңүл чордонунун сыртында калып кеткен, кыргыз элинин, мамлектинин тарыхындагы биринчи классикалык Конституциясын даярдоо вазыйпасы кимдерге тапшы-рылган, ошол комиссиянын персоналдык толук курамын аныктоо?
  • Биринчи Баш мыйзамды даярдаган конституциялык комиссиянын курамына кирген мүчөлөр кандай кызматтагы адамдар болушкан?
  • Ошол биринчи конституциялык комиссиянын курамында, кыргыз элинин чыгаан уулдары, улуттук мамлекетибиздин кызыкчылыгын коргогон нукура  кыргыздар болгонбу, болсо алар кимдер эле?
  • Биринчи Конститиуцияны даярдаган атайын комиссиянын курамында  мамлекеттик, конституциялык түзүлуш боюнча адис юристтер болгонбу же жокбу?
  • Кыргызстандын биринчи Конституциясын иштеп чыгууга большевиктер партиясынын Кыргыз обкомунун, республиканын ЭКК жетекчилери катышканбы? ж.б. маселелер.

    Биз көтөргөн  маселелердин  изилдениши,  алардын аныкталышы чындыгында, азыркы муун үчүн эле эмес, элибиздин улуу муундагылары үчүн да абдан олуттуу да кызыктуу да экендиги талашсыз. Анткени, кыргыз эли Кеңеш бийлигинин түзүлүшү аркылуу, ошол доордун башталышында РСФСРдин курамында КАО, Кыргыз АССРи катары өз улуттук автономиялык мамлекетине ээ болгондугу белгилүү. Улуттук мамлекетине ээ болуу жолунда республиканын өздүк Баш мыйзамынын иштелип чыгышы, даярдалышы, анын кабыл алынышы зарыл болгондугу талашсыз. Ошондон улам, Кыргыз Автономиялык Облусунун жогорку бийликтеринин чөйрөсүндө, РСФСРдин  Борбордук Аткаруу Комитетинин алдында ошол кыргыздардын Конституциясынын долбоорун ким, кантип даярдайт? – деген маселе турган. Кыргыздар өз күчү, өз мүмкүнчүлүгү менен республиканын Баш мыйзамынын долбоорун даярдай алабы? Республиканын Конституциясын иштеп чыгуу боюнча биринчи комиссиянын курамына кимдерди сунуштоого болот? – деген курч маселелер турган. Ошондуктан биз үчүн булар эң маанилүү маселелерден болуп эсептелет. 

   Биз архивдик документтерди, маанилүү булактарды, ар түрдүү материалдарды изилдеп чыгып, алгачкы Конституцияны иштеп чыгуу боюнча биринчи конституциялык комиссиянын курамы качан түзүлүп, ага кимдер киргендигин аныктай алдык. Ошентип, бул багыттагы биринчи кадам качан башталганын тактайлы. Ал иш 1926-жылдын 25-февралында башталган. 26-февралда Бүткүл Россиялык Борбордук аткаруу комитети (БРБАК) Кыргыз Автономиялуу Областын Автономиялык Республика катары кайра түзүү чечимин кабыл алган. Ошол күнү Кыргыз Областтык аткаруу комитети негизинен эки тарыхый, саясий, укуктук мааниге ээ документти даярдоо милдеттендирилген атайын, 5 кишиден турган комиссия түзгөн. Ал комиссияга төмөнкү документтерди даярдоо вазыйпасы жүктөлгөн:

  • Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү тууралуу Декларациянын долбоорун даярдоо.
  1. Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясынын долбоорун даярдоо.[2] 

Биринчи маселе боюнча Декларациянын долбоорун негизинен комиссия мүчөсү Л.Авербуг даярдап, бир катар талаш-тартыш, оңдоп, түзөтүүлөр, толуктоолор менен кабыл алынган. Анда негизинен кыргыздардын Октябрь революциясынан кийин өз мамлекеттүүлүгүнө жетишкендиги баса белгиленген. Бул тарыхый, саясий жана укуктук зор мааниге ээ Декларация укуктук жактан кыргыз элинин улуттук мамлекетин – Кыргыз АССРинин түзүлүшүн жарыялаган расмий документ эле. Дагы бир жагы, Декларацияда болочок Конституциянын негизги принциптери кыскача камтылган эле. Дал ошол декларациянын даярдалышына жана кабыл алынышына жаш саясатчы, мамлекеттик ишмер Ж.Абдрахманов жигердүү катышкан.

   Аталган конституциялык комиссиянын курамы дагы эки жолу толукталган:

1926-жылкы конституциялык

 комиссянын курамы [3] 

1928-жылкы конституциялык комиссянын курамы.[4]
  Ж.Абдрахманов – төрага, Областык Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары

И.Фатьянов – Областык Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары

К.Абрамов – Кыргыз Областтык Кеңештин  катчысы

Л.Авербуг – Кыргыз областтык соттун төрагасы

Манкиров – Кыргыз Кыргыз областтык соттун төрагасынын орун басы

   А.Орозбеков конституциялык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Областтык аткаруу комитетинин төрагасы; Ж.Абдрахманов-комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз АССРинин ЭКК төрагасы; И.Фатьянов комиссиянын төрагасынын орун басары, Кыргыз Областтык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары; К.Абрамовкомиссиянын мүчөсү, Кыргыз областтык Кеңешинин катчысы; Л.Авербуг комиссиянын мүчөсү, Кыргыз областтык сотунун төрагасы; Манкировкомиссиянын мүчөсү, Кыргыз облсотунун төрагасынын орун басары; Зубов комиссиянын мүчөсү, катчы; Ж.Саадаев комиссиянын мүчөсү, партиянын Кыргыз обкомунун жооптуу катчысы, 1928-30-жж. Москвадагы маркс изм-ленинизм курстарынын угуучусу; Т.Худай-бергеновкомиссиянын мүчөсү, Юстиция эл комиссары жана Прокурору; И.Текеев- комиссиянын мүчөсү, сот, прокуратура органдарынын жетекчиси, Москвадагы юстиция курстарынын угуучусу; С.Толенов – комиссия-нын мүчөсү, партиянын кыргыз обкомунун мүчөсү; Аманбаев комиссия мүчөсү; О.Алиев – комиссиянын мүчөсү, Кыргызстандагы “Коммунист” журналынын редактору, Москвадагы коммунисттер университетинин угуучусу;  С.Чонбашев –  комиссиянын мүчөсү, Кыргыз АССРинин Суу чарба башкармалыгынын башчысы, 1927-30-жж. Москвадагы соода академиясынын, Эл чарба институнун аяктоочусу; Д.Иманов комиссиянын мүчөсү, кыргыз алфавитин араб графикасынан латын графикасына которуу боюнча Кыргыз АССРинин БАК комиссиясынын төрагасы; К.Тыныстанов комиссиянын мүчөсү, Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссары; К.Кулумбаевкомиссиянын мүчөсү, партиянын Кыргыз обкомунун Пишпек окружкомунун уюштуруу бөлүмүнүн  башчысы, обкомдун мүчөсү; Бостеновкомиссиянын мүчөсү; Х.Джиенбаевкомиссиянын мүчөсү,  Колхозцентрдин төрагасы; Д.Зулфибаев – комиссиянын мүчөсү, Кыргыз АССРинин БАК областтык аткаруу комитетинин жер башкармалыгынын башчысы, Кыргыз АССРи нин Эл комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары, СССР БАК мүчөсү; Баишев – комиссиянын мүчөсү; Б.Турсуновкомиссиянын мүчөсү, “Кошчу” союзунун мүчөсү; Б.Бурановкомиссиянын мүчөсү, комсомолдук активист, айылдык Кеңештин төрагасы.
1927-жылкы

конституциялык комиссянын курамы

   А.Орозбеков – Кыргыз Областтык аткаруу комитетинин төрагасы, биринчи конституциялык комиссиянын төрагасы;  Ж.Абдрахманов – Кыргыз Областтык аткаруу комитетинин төрагасынын орун  басары, комиссиянын мүчөсү;

 И.Фатьянов – Кыргыз Областтык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү;

 К.Абрамов – Кыргыз областтык Кеңешинин катчысы, комис сиянын мүчөсү;

Л.Авербуг – Кыргыз област- тык сотунун төрагасы,  комиссиянын мүчөсү

 Манкиров – Кыргыз областтык сотунун төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү;

Зубов – катчы, комиссиянын мүчөсү.

Байкалып тургандай, алгачкы конституциялык комиссиясынын курамында 5 адам болсо, алардын 4 кыргыз эмес болгон. Ж.Абдрахманов атайын комиссиянын алгач төрагасы, кийин төраганын орун басары катары экинчи маанилүү маселеге да активдүү катышкан.

Кыргызстандагы белгилүү юристтердин бири Р.Тургунбековдун өз эмгектеринде Кыргыз Автономиялык Облусу Автономиялык Республика болуп кайра түзүлгөндөн кийин Кыргыз АССРинин Конституциясынын долбоорун даярдоого токтоосуз киришкен деген көз карашын эске алышыбыз керек. Окумуштуу 1926-жылдын 14-июнундагы Кыргыз АССРин түзүүгө байланыштуу маселени даярдоо боюнча атайын комиссиянын кеңешмесинде Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн курамы 4 адамдан турган чакан комиссия түзүлгөнүн, алар 1926-жыл-дын 1-июлунда долбоорду көрсөтүшү керек экендигин жазат. Тилекке каршы, Р.Тургунбеков биринчи Конституцияны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн чакан комиссиянын курамына кимдер киргенин так көрсөткөн эмес.[5] Архивдик документтер ал төрт адамдын аты-жөнүн издеген аракетибизге натыйжа берген жок. Кандай болгон учурда да, өлкөбүздүн биринчи Баш мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлгөнү чындык. 

Экинчи конституциялык комиссияда баардыгы 7 адам болгон. Анткени, жогоруда көрсөтүлгөн 5 адамдан турган  конституциялык комиссиянын курамына бир аз убакыттан кийин жаңы шайланган Кыргыз облаткаруу комитетинин, кийин Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы А.Орозбеков, комиссиянын катчысы катары Зубов киргизилген. Эми байкап көрүңүздөр, улуттук республика болгон Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясынын долбоорун даярдай турган 7 адамдын 5 кыргыз улутунан болгон эмес. Ошол кошулган 2 кыргыздын да атайын укуктук жогорку билими тургай, толук кандуу орто билими да болгон эмес. Бирок, салыштырмалуу түрдө сабаттуусу, орус тилин суудай билгени жана РСФСРдин, СССРдин Конституциясынан, конституциялык, мамлекеттик түзүлүш, башкаруу маселелеринен кеңири кабардар болгон жалгыз кыргыз Ж.Абдрахманов болгону талашсыз факт. Ушундай шартта кыргыз элинин Конституция боюнча улуттук кызыкчылыктары канчалык деңгээлде корголооруна ким кепилдик бере алат? Аталган конституциялык комиссия мүчөлөрүнүн баардыгы мамлекеттик ишмерлер, ар түрдүү кызмат ээлери болуп, мамлекеттик, конституциялык түзүлүш боюнча адистер дээрлик жок болгон. Албетте укук тармагына жакын эки адам болгону талашсыз, бирок алардын конституциялык түзүлүш боюнча адис экенине анча ишеним жок.

Балким ошондуктан биринчи Конституциялык комиссия мүчөлөрү 1926-27-жылы өз алдыларына коюлган милдетти толук аткара алышпай, өз убагында Кыргыз АССРинин Конституциясынын долбоорун иштеп чыга албай калган. Ошол себептүү алгачкы Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо 1927-жылы болбой калган. Коюлган милдеттин өз убагында аткарылбай калуусунун себептери: биринчиден, комиссия мүчөлөрүнүн конституциялык укук маданиятынын жаатында иш тажрыйбасы болгон эмес. Экинчиден, комиссия мүчөлөрүнүн арасында мамлекеттик, конституциялык түзүлүш боюнча жана юриспруденция жаатындагы квалификациялуу адистер жок болгон. Үчүнчүдөн, биринчи Конституциянын долбоорун жазууда мурда мамлекеттик, конституциялык түзүлүш боюнча иш алып барган, жеткиликтүү дарамети, теориялык, практикалык даярдыгы бар адистер камтылган эмес. Ошолордон улам, биздин көз карашыбызда, биринчи долбоор борбордогулардын, Москванын көз карашы боюнча “көптөгөн принципаилдуу жетишпестиктерден, мүчүлүштүктөрдөн” улам курултайдын күн тартибине кирбей калган. Ошол себептен, биринчи Конституциянын долбоору 1927-жылдагы уюштуруу курултайына даярдалбай калган, анын ордуна 1927-29-жылдары “Кыргыз АССРинин мамлекеттик түзүлүшүнүн Жобосу”.[6] негизги укуктук документ болуп калган. Бул документтин даярдалышына жана кабыл алынышына да Ж.Абдрахманов жигердүү катышкан, ага анын ээлеген кызмат орду милдеткер кылган.

Алгачкы Конституциянын биринчи долбоору ийгиликсиз бүткөндөн көп өтпөй конституциялык комиссиянын курамы Кыргыз АССРинин жоопкерчиликтүү кызматкерлери менен толукталган. Эгерде, комиссия мүчөлөрүнүн ээлеген кызмат орду боюнча тартипке келтирсек, анда конституциялык комиссиянын курамы 3-графадагыдай тартипте болгон. Баса, бул курамды кыйыр түрдө архивден табылган «Протокол №1 заседании комиссии по рассмотрению проекта дополнений к инструкции по перевыборам Советов о категории лиц, подлежащих к лишению избирательных прав, применительно к местным условиям в Кыргызской Автономной области» деген документ да тастыктайт. Аталган комисиянын төрагасы Ж.Абдрахманов, катчысы Лунев болгон.[7]  Бул комиссиянын курамында жогорку таблицанын 3-графасындагы аты аталгандар толугу менен болгон.[8] Тегин жерден шайлоо укугунан ажыратуу маселеси атайын комиссиянын чечими менен каралган эмес. Жаңыдан бутуна туруп келе жаткан улуттук мамлекеттин бийлик органдарына жана кой терисин жамынган шайлоочулардын катарына кирген, мурдагы өз кызыкчылыгы үчүн бирөөнүн эмгегин эксплуатациялагандар, эмгектенбей туруп пайда тапкандар, жеке соодагерлер, соода комиссионерлери жана ортомчулары, монахтар жана диний ишмерлер, мурдагы полициянын агенттери, жандарм корпусунун өкүлдөрү, падышанын үй-бүлөсүнүн жакындары, карателдик органдардын өкүлдөрү, мурдагы министрлер, алардын жолдоштору жана департаменттердин директорлору, башкы командачылар, губернаторлор, вице-губернаторлор, уездиик, губерниялык дворяндардын жол башчылары, өзгөчө кызматтардын чиновниктери, Туркестан крайынын чиновниктери, мурдагы уезддердин жана полиция участокторунун башчылары, ак гвардиячылар жана алардын офицерлери, басмачылык кыймылдын башчылары, корбашылар, помещиктер, эс-акылынан ажырагандар шайлоо жана шайлануу укугунан ажыратылган.[9] Буларды атайын конституциялык комиссиянын курамындагы комиссия аныктап, конституцияга сунуш кылышкан.[10] 

Байкалып тургандай, биринчи конституциялык комиссиядан айырмаланып,  аталган комиссиянын үчүнчү курамындагы 23 мүчөсүнүн он сегизи кыргыз, титулдук улуттун өкүлдөрү болушкан. Бирок, алардын ичинен 3-4 эле жогорку билимге ээ же атайын жогорку курстарды аяктагандар болгон. Дагы бир жагдай аталган комиссия мүчөлөрүнүн арасында атайын юридикалык жогорку билими бар адистер өтө эле аз болгон. Аталган комиссиянын курамына кыргыздардан башка улуттун өкүлдөрү да киргизилгенин байкадыңыздар. Алар славян ж.б. улуттагылардын  өкүлдөрү: И.Фатьянов, К.Абрамов, Л.Авербуг, Манкиров, Зубов болушкан. Булар Кыргызстандын Конституциясын даярдоо боюнча комиссиянын курамына Орто Азия бюросунун тажрыйбалуу партиялык-мамлекеттик кызматкерлери катары РСФСРдин жана СССРдин,  ВКП (б), Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин атайын жөнөтүлгөн адистери эле. Экинчи жагынан, мындай кадам борбордук бийликтер тарабынан кыргыз элинин мамлекеттүүлүк жолундагы алгачкы жылдары адистер маселесин чечүүнүн ишенимдүү жолу катары каралганы талашсыз. Биздин өлкөгө келгенден кийин, бул адамдар “борбордун” көрсөт-мөсү боюнча тигил же бул мамлекеттик органдардын ишмердигин көзөмөлгө алып, көп учурда аларды жетектеп келишкен. Албетте, алар өз ишмердүүлүгүндө Москванын, “борбордук” бийликтердин кызыкчылыгын коргоп, алардын саясатын жүргүзүп келишкени да талашсыз. Ошондуктан алар Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясынын долбоорун иштеп чыгууда сыртта калган эмес, конституциялык комиссиянын мүчөлөрү катары өз вазыйпаларын аткарышканы да талашсыз көрүнүш. Белгилей кетчү жагдай, дал ошол республикабыздын өнүгүү жолунда “борбордун” жөнөткөн өкүлдөрүнүн айрымдары өздөрүнүн өзгөчө салымдарын кошушуту. Ошол учурда мамлекетибиз өтө муктаж болуп турган улуттук адистерди, мамлекеттик, партиялык ишмерлерди тарбиялап өстүрүүгө өз салымдарын кошушту. Ал учурдагы конституциялык комиссияга кирген мүчөлөрдүн баары ошол кездеги областтык, автономиялык, республикалык аткаруу комитетинин, областтык партиялык уюмдун, ар түрдүү элдик комиссариаттардын жетекчилери болушкан. Демек, булар биринчи конституциялык комиссиянын курамына саясий максатта киргизилгени байкалып турат. 

 Тарыхый, саясий, укутук адабияттарда биринчи Конституциянын биринчи долбоорунун кабыл алынбай калышынын эң негизги себеби катары: Баш мыйзамдын беренелеринин аздыгы, болгону 5 бөлүк, 12 бап, 60 беренеден тургандыгы, беренелерде негизги максаттардын, милдеттердин жана жоболордун начар, жеткиликтүү эмес чагылдырылганы, саясий, укуктук деңгээлинин талапка жооп бербегендиги деген шылтоо айтылган. 

Чындыгында биринчи долбоордо Ж.Абдрахманов сыяктуу чыгаандар “Кыргыз АССРи улуттук мамлекет боло алабы?” – деген негизги маселеге “ооба” деген жооптуу берүү менен “борбордун” – Москванын, автономиялуу республикалар улуттук мамлекет боло албайт” деген пикирине карама-каршы болуп, ошол себептүү ал долбоор кабыл алынбай калган.

Буга дагы бир мисал, дал ошол “автономиялуу республика улуттук мамлекет боло алат” деген позициясы, кийнчерээк 1938-жылдын 4-ноябрындагы СССР Жогорку Сотунун чечиминде, ачык эле ошол биринчи Конституцияны кабыл алуудагы талаш-тартышты эске салып, көптөгөн күнөөлөрдүн  олутуусу катары  “…Ж.Абдрахманов Кыргызстанды СССРден ажыратууну, буржуазиялык улутчулдук мамлекет түзүүнү максат кылган…” деген доомат коюлуп, ашкере күнөөлөнгөн.

1926-жылы даярдалган Кыргыз АССРинин Конституциясынын биринчи долбоорунун 1-бапынын 1-беренесинде “Кирг. АССР… на основании п.2 Конституции РСФСР, входить как национальная Советская Республика в состав РСФСР на федеративных началах[11] деп көрсөтүлгөн (Конституциянын долбоору орус тилинде даярдалгандыктан, кыргыз тилдеги долбоору табылган жок, шилтемелер оргиналддагы орус тилинде берилди – автор).

1927-жылкы экинчи  долбоордо кыйла өзгөртүлүп 1-баптын 2-беренесинде “Кирг. АССР является автономной республикой – государством рабочих и крестьян, и входить на началах Федерации в РСФСР, а через посредством ее в Союз ССР”. [12]  Байкасаңыз “национальной” республикой деген кошулган эмес.

1928-жылкы үчүнчү долбоордун биринчи бөлүмүнүн 2-беренесине “Кирг. АССР является национальной автономной Республикой…” деген жобо кайра пайда болуп калган.[13] 

Ошентсе да акыркы, 1929-жылы кабыл алынган Кыргыз АССРинин Конституциясынын 4-долбоорунда аталаган беренеден кайрадан “является … автономной республикой…” деп, негизги болгон “национальной деген термин алынып салынган.[14] Булардын баары, жогоруда айтылгандай Кыргыз АССРи улуттук мамлекет боло алабы же жокбу? – деген маселенин айланасындагы, катуу, келишпес  талаштардын күбөсү. 

Негизи тарых барактары тастыктагандай Жусуп Абдрахманов кыргыз элин автономиялуу республика эмес, башка республикалар менен тең ата боло алган союздук рсепублика болушуна башынан эле бүт дараметин, аракетин, аброюн жана иш аракетин жумшаган улут лидерлеринин бири болгонун баса белгилейбиз.  Муну анын бүт иш аракеттери да тастыктап турат.

Алгачкы долбоордо Кыргыз АССРинин Кеңештеринин сьездине жана Кыргыз АССРинин БАК баардык мамлекеттик маанилүү саясий, экономикалык, чарбалык, чек ара, аймактык бөлүштүрүү, мыйзам актыларын киргизүү, республикалык бюджетти бекитүү ж.б. маселелерди чечүү укуктары 1926-жылкы долбоордун 3-бапынын 23-беренесинин 2-3-бөлүктөрүндө айтылган.[15] Акыркы долбоордо булардын баары Бүткүл Россиялык Борбордук аткаруу Комитетинин уруксаты жана бекитүүсү менен ишке ашат деп жазылган.[16] Демек бул жоболор дагы Кыргыз АССРинин улуттук автономия катары укуктарынын чектелүүсүнө шарт түзгөнүн көрсөтөт.

Кыргыз АССРинин 1926-жылы даярдалган биринчи долбоорунун 1-бөлүмүнүн 16-беренесинде “Официальными языками Кирг. АССР признаются киргизский и русский…”[17] деп сунушталган. Ал эми акыркы 4-долбоордун 19-беренесинде “…Государственными языками в Кирг. АССР признаются киргизский и русский…” [18] деп берилген. Бул жагдай улуттук республиканын мамлекеттик тили тууралуу маселенин талаш-тартыш менен кабыл алынганынан кабар берет. Дагы бир жагы “Кыргыз АССРи улут маселеси боюнча жалпы директиваларды, жоболорду өз Кеңештеринин курултайында кабыл ала алат” деген берене да борборду канааттандырган эмес. Анткени ал кезде мындай маселе бир гана борбордун укугу болуп эсептелип, башка автономиялардын мындай аракеттери  мыйзам бузуу, улуттук автономиянын укугун мыйзамсыз кеңейтүүгө аракет катары каралган. Бул дагы биринчи долбоордун өтпөй калышына себеп болгон. 

Таң калыштуусу, Ж.Абдрахманов өзүнүн декларациялык, конституциялык, ж.б. комиссиялардагы мыйзамдык, актылык ишмердүүлүгү тууралуу, өз күндөлүгүндө бир да жолу эскерген эмес. Эмне үчүн анткени бизге белгисиз. Мен күндөлүктү баштан аяк дагы бир жолу карап чыгып, бирок Конституция тууралуу баяндаган же эскерген жерин таба албадым.[19]  Бул дагы бир факт. 

Алдын ала баса белгилей кетели, атайын укуктук билимдери болбосо да дал ошолор элибиздин, кыргыз мамлекетинин келечегин ойлоп, улуттук мамлекеттин уңгусун түптөп, анын негизи болгон биринчи Конституцияны кыйынчылыктар менен иштеп чыгып, бир катар талкууларды уюштурушуп, кайра-кайра оңдоо, түзөтүүлөрдү киргизишкен. Дал ушул адамдар, кыргыз элинин 20-30-жылдардагы чыгаан уулдары, кыргыз улуттук мамлекетинин негиздөөчүлөрү, көрүнүктүү саясий, партиялык, мамлекеттик ишмерлери, ошол кайчылаш, кыйын-кезең жылдарда РСФСРдин Конституциясынын негизинде иштелип чыкккан Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясынын долбоорун даярдашып, калың элдин катмарына жеткиликтүү түшүндүрүшүп, алардын назарына коюшкан.

Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, курамы 3 жолу толукталып, түзүлгөн Кыргыз АССРинин конституциялык комиссиясы кайра-кайра иштеп, оңдоп, толуктап, өзгөртүп алгачкы Баш мыйзамыбыздын 1-2-3-4-долбоорлорун даярдашып, акыры 1929-жылы апрелде кабыл алынган Кыргызстандын биринчи Конституциясынын түзүүчүлөрү катары тарыхта калышты.

“Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын                       Конституциясынын” биринчи төрт долбоорунун мазмуну:[20]

Конституциянын1926–жылдагы долбоору Конституцияныны 1927-жылдагы долбоору Конституциянын1928-жылдагы долбоору Конституциянын 1929-жылдагы акыркы долбоору
Бөлүктөр 5 7 7 7
Баптар 12 16 16 16
Беренелер 60 103 118 97
Бөлүктөр_дүн аталышы,

Баптардын, беренелердин саны .

1. Жалпы жоболор – бир бап 17 берене;

2.Кеңеш бийлигинин түзүлүшү жөнүндө – 4 бап 33 берене; 3.Шайлоо укугу – 3 бап 4 берене;

4. Кыргыз АССРинин бюджеттик укугу – 1 бап 3 берене;

5.Кыргыз  АССРинин герби жана туусу жөнүндө – 2 бап 3 берене

1.Жалпы жоболор– бир бап 21 берене;

    1. Кеңеш бийлигинин түзүлүшү жөнүндө – 5 бап 23 берене;
    2. Жергиликтүү бийлик жөнүндө – 4 бап, 16 берене;   
    3. Кыргыз АССРинин бюджеттик укугу – 1 бап 10 берене;
    4. Кыргыз АССРинин РСФСР жана СССРдин мыйзам жана башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жөнүндө – бир бап, 17 берене;
    5. Шайлоо укугу – 3 бап 9 берене;
  • Кыргыз АССРинин герби, туусу жана Өкмөтүнүн жайгашкан орду жөнүндө – 1 бап 4 берене.
1. Жалпы жоболор – бир бап 21 берене;

  1. Кыргыз АССРинин РСФСР жана СССРдин мыйзам жана башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жөнүндө – бир бап, 21 берене;

3.Кыргыз АССРинин бюджеттик укугу – 1 бап 18 берене;

4.Кеңеш бийлигинин түзүлүшү жөнүн дө – 5 бап 29 берене;

 5. Жергиликтүү бийлик жөнүндө – 4 бап, 16 берене;   

  1.  Шайлоо укугу – 3 бап 9 берене;
  2. Кыргыз АССРинин герби, туусу жа на Өкмөтүнүн жай- гашкан орду жөнүн дө – 1 бап 4 берене.
  1. Жалпы жоболор – бир бап 21 берене;
  2. Кеңеш бийлигинин түзүлүшү жөнүндө – 5 бап 24 берене;
  3. Жергиликтүү бийлик жөнүндө – 4 бап, 16 берене;   
  4. Кыргыз АССРинин бюджеттик укугу – 1 бап 5 берене;
  5. Кыргыз АССРинин РСФСР жана СССРдин мыйзам жана башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жөнүндө – бир бап, 18 берене;
  6. Шайлоо укугу – 3 бап 9 берене;
  7. Кыргыз АССРинин герби, туусу жана Өкмөтүнүн жайгашкан орду жөнүндө – 1 бап 4 берене.

Дал ушул биздин  биринчи Баш мыйзамыбыздын 4 башка долбооруна ошол кездин улут лидерлеринин бири, мыкты адиси, саясий, экономикалык ишмери Ж.Абдрахмановдун түздөн-түз тиешеси бар экендиги, ал биринчи Конституциянын авторлорунун бири болгону талашсыз эңкенин баса белгилейбиз.

Айрыкча улуттук мамлекеттүүлүк маселеси, автономдук республиканын саясий, экономикалык укутары тууралуу көптөгөн талаш тартыш маселелерди чечүүдө Ж.Абдрахмановдун ролу, орду зор болгону талашсыз.

Дал ошол курултайда Баш мыйзам кабыл алынып, ага удаа эле ошол биринчи Конституциянын 94-96-беренелерине ылайык Кыргыз АССРинин мамлекеттик символдору герб жана туу бекитилген. Кыргыз  АССРинин гербинин сүрөтүн биз азырынча таба албадык, тилекке каршы анын сүрөтү сакталбай калыптыр. Бирок биринчи Конституциянын 95-беренесинде Кыргыз АССРинин герби тууралуу төмөнкүлөр айтылган: “Кыргыз АССРинин герби кызыл түстүн алкагындагы алтын түстүү күндүн нуру, кайчылашкан орок жана балка, кармагычтары төмөн жагында жайгаштырылган, дан эгиндердин башы менен чырмалган, кыргыз жана орус тилиндеги а) Кыргыз Автономиялуу ССР жана б) Бүткүл дүйнөнүн пролетариаттары бириккиле” деген жазуу камтылган деп айтылат. [21]

Кыргыз АССРинин биринчи Коснтитуциясынын 96-беренесине шайкеш биздин республиканын биринчи туусу сиздердин назарыңыздарга сунушталат.[22]

Ошентип, Кыргызстандын биринчи конституциялык комиссиясы көптөгөн кыйынчылыктар, тоскоолдуктар, талаш-тартыштар менен даярдап, калктын назарына койгон Кыргыз АССРинин алгачкы Конституциясы 1929-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган. РСФСРдин Конституциясынын негизинде түзүлүп, кабыл алынган Баш мыйзам, кыргыз улуттук мамлекетинин  өткөөл мезгилдеги – феодализмден социализмге өтүүсүн камсыз кылган. Ошол Баш мыйзам аркылуу  РСФСРдин курамындагы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздери аныкталган. Аталган Баш мыйзам пролетариаттын диктатурасына таянып, социализмдин негизин куруу шартына ылайыкташтырылган.

Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясына ылайык, союздук автономиялык республика катары кыргыз эли мамлекеттик эгемендүүлүккө толук ээ болгон эмес, бирок айрым өз алдынча башкаруу укугунан пайдаланган. Кыргыз АССРи Конституциясына ылайык, өзүнүн мамлекеттик жогорку бийлиги, башкаруусу, мыйзам актылары, жарандыгы, аймактары, мамлекеттик бюджети жана сот органдары болгон. Булардын баардыгы Кыргыз АССРиниин Баш мыйзамынын өзгөчөлөнгөн артыкчылыктары менен шартталган. Кандай болсо да ал Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясы болгон.

Негизинен кыргыз эли үчүн  мамлекеттүүлүктүн  автономиялык республикалык формасы маанилүү роль ойногон. Кыргыз мамлекети өнүгүүнүн жаңы, ыкчам жолуна түшкөн. Демек дал ошол Кыргыз АССРИнин биринчи Конституциясы, анын алкагындагы өлкөбүздүн өнүгүүсү, кийинки кадамдарга барууга, тагыраагы автономиялык республикадан союздук республика болуп кайра түзүлүүгө баардык шарттарды түзгөн.

Дал ошол ири саясий, укуктук, экономикалык, маданий жана тарыхый өзгөрүүлөргө түздөн-түз тиешеси бар, Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясынын авторлорунун, түзүүчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер, ошол кездеги жаш энтузиаст, энергиялуу, зор улуттук амбициясы бар, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, 26 жашында республиканын Өкмөтүн – Эл Комиссарлар кеңешин жетектеген Жусуп Абдрахманов болгону талашсыз.  

Тегин жерден, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Садывровдун алгачкы жарлыктарынын бири Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн, негиздеген улут лидери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын кеңири белгилөөгө багытталган. Демек, биздин милдет Жусуп Абдрахмановду ХХ кылымдын 20-30-жылдардын башындагы чыныгы улуттук лидер катары анын өмүр таржымалын, ишмердүүлүгүн, кыргыз мамлекетинин саясий, социалдык, экономикалык, маданий өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымын  эл, жаштар арасында,  ММК аркылуу кеңири даңазалоо. 20-30-жылдардын башындагы чыныгы улуттук лидер Ж.Абдрахманов тууралуу кеңири иш чараларды баардык окуу жайларда, жергиликтүү башкаруу органдарында, коомчулукта кеңири масштабда уюштуруу негизги милдеттерден экенин баса белгилейбиз.

Колдонулган булактар жана адабияттар:

  • Абытов Б.К. Первая  Конституция  Кыргызстана//Вестник КГЮА. Спецвыпуск. -Бишкек,2006. –С.28-34; Абытов Б.К., Акбарали  кызы Токтобүбү. Как подгатавливалась первая Конституция Кыргызстана// Наука. Новые технологии и инновации Кыргызстана. №12. –Бишкек, 2018. -С. 86-90; Абытов Б.К., Акбарали  кызы Токтобүбү.Основные этапы формирования государственности кыргызов и конституционного развития Кыргыз-ста-на//Вестник Бурятского государственного университета.  Вып. 1., -Улан-Уде, 2019. –С.38-49; Акбарали  кызы Токтобүбү. Первая комиссия по выработке Клнституции Кыргызской АССР// История и современное мировоззрение. Т.2, №2. –Москва, 2020. –С.55-61
  • Абытов Б.К. Первая Конституция … –С.28-34.
    1. ЦГА КР.  –Ф.21. -Оп.18. –Д.17. –Л.18.
  • КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 18. Д.17. –Л. 115; Ошол эле жерде.  –Л. 82.
  • Тургунбеков Р.Т. Конституционный строй Кыргызской Республики. Издание второе переработанное и дополненное. –Бишкек, 1996. –С.52 
  • Кыргызская государственность в ХХ веке (документы, история, комментарии). Учебное пособие. –Б., 2003. –С.223-225.
  • КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 18. Д.17. –Л. 1-83, 82-85, 115.
  • КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 18. Д.17. –Л. 115.
    1. КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 18. Д.17. –Л. 68-70; Там же. –Оп.3 Д.141. –Л.50-52, 72-73.
    2. КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 18. Д.17. –Л.82-85, 115.
    3.  КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 18. Д.17. –Л. 33.
    4.  КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 3. Д.141. –Л.54.
    5.  КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 3. Д.141. –Л.27.
    6.  КР БМА. -Ф. 21.Оп. 3. Д.141. –Л.75.
    7.  КР БМА. -Ф. 21.  Оп.3. Д. 141.–Л.4-5.
    8.  КР БМА. -Ф. 21.  Оп.3. Д. 141.–Л.77.
    9.  КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 18. Д.17. –Л.3.
    10.  КР БМА. -Ф. 21.  Оп. 18. Д.17. –Л. 76.
    11.  Жусуп Абдрахманов  1916. Күндөлүктөр. Сталинге каттар. –Б.,2016.
  •  КР БМА. -Ф. 21.  Оп.18. Д.17. –Л.33-71; -Оп.3. Д.141. –Л.27-53; 54-84.
  •  КР  БМА –Ф. 21. -Оп. 3. -Д.141. –83-84-б.
  •  КР  БМА –Ф. 21. -Оп. 3. -Д.141. –84-б.

Абытов Б.К. тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору

Боронтой Бедюров: "Сибирь элдеринин түпкүлүгү – кыргыз улуту"

Алтай Республикасынын Эл жазуучусу, Алтай Республикасынын жазуучулар Союзунун төрагасы, РФ жазуучулар Союзунун тең төрагасы, Россия тил академиясынын академиги, Славян академиясынын мүчө-корреспонденти, Россия табигый илимдер академиясынын мүчөсү, чыгыш таануучу, философ жана акын-жазуучу Боронтой Янгович Бедюров үстүбүздөгү жылдын 20-мартында 70 жашка толду.

Боронтой ага менен биз Бишкек шаарындагы “Талисман” чайканасында, чай үстүндө баарлаштык.

— Ата тегигиңиз жөнүндө кеп кыла кетесизби?

— Байыртадан эле ар бир алтайлык өз ата тегин жок эле дегенде жети атасына чейин билүүгө милдеттүү болгон. Ал тургай, алар ата тегин ак сөөктөргө да караганда мыкты билишкен. Менин атам Жаңа чоң атам Бөдүр сыяктуу эле Оймон өрөөнүнүн жергиликтүү тургуну болгон. Апам Теректүү тоо кыркаларынын ары жагындагы Кара-Гол өрөөнүндө туулуп, өскөн. Мен Онгудайда жарык дүйнөгө келип, 16 жашыма чейин таяке журтумда Кулады жергесинде жашап, чоңойдум. Бала чагымдан акылман карыялардын чөйрөсүндө өстүм. Бой тартканда мен аларды элдик академиктер деп атадым. Алардын аң-сезиминдеги руханий, маданий дөөлөттөрдүн молдугу, акыл чабыттарынын тереңдиги таң каларлык эле. Тилекке каршы, азыркы техникалык өнүгүүнүн заманында бир нече жогорку дипломдуулар арасында да мындай адамдар өтө сейрек кездешет.

Алтайлыктарда бабаларын “ажа” дешет. Кыргыздардын эл башчысын “ажо” дешкени мени байыркы кыргыздар журт башчысын балким, “ажа” дешкенби деген ойго келтирет. Менин балдарымдын көпчүлүк азыркы жаштардай эле өз ата- бабаларынын тарыхына, маданиятына кызыккандыгы мени, албетте, кубандырат.

— Окумуштуулар нечен жүз жылдыктардан бери Тоолуу Алтайдын тарыхына, маданиятына, руханий мурастарына кызыгып келишет. Сиздин көз карашыңызда Тоолуу Алтайдын кайталангыс сыры эмнеде?

— Мен темадан бир аз четтесем, кечирип коёсуздар. “Тоолуу Алтай” терминин мен Алтай Республикасын атоодо эле эмес, чындыкка жатпаган аталыш, тавтология болгону үчүн чейрек кылымдан бери колдонбойм. Россиянын өзүндөгү эле Алтайдын тоолуу бөлүгү үч Швейцариянын аймагына барабар. Ал эми Алтай Республикасынын аймагы анын үчтөн экисин ээлеп турат. Бул жөнүндө XIX кылымдын экинчи жарымында сибирлик улуу публицист Н. М. Ядринцев да белгилейт. Алтай Республикасын жөн эле Алтай деп атайм, анткени Алтай “Алтын тоо” түшүнүгүн билдирерин биз баарыбыз билебиз. Тоолуу Кавказ, тоолуу Тянь-Шандар болбогондой эле, Тоолуу Алтай да болбостугун мен миң жолу жазып да, айтып да келем. Жалпысынан алганда, Алтай түшүнүгү кыйла кең мааниге ээ, кенен түшүнүк. Ал Түндүктөн Томск тайгасынан Түштүктөгү Гоби чөлүнө чейин, Эн-Эртиштен Батышка карай Чыгыштагы Байкал көлүнө чейин созулуп жатат. Ошентсе да, дал биздин Алтайды Н. К. Рерих “Сибирдин гана эмес, бүтүндөй Азиянын ажайып керемети” деп атаган.

— Алтайды дүйнөгө Н. К. Рерих ачкан дешет. Табышмактуу аймак дагы кандай сырларды катып жаткандыгы жөнүндө Сизден уккубуз келет…

— Менин оюмча Н. К. Рерих баарынан мурда Алтайды биринчи кезекте өзү үчүн ачкан. Анын Алтай алдындагы сиңирген эмгеги — ​анын Алтайдын руханий дөөлөттөрү, табышмактуу сырлары жөнүндө Америкага жана Европага айткандыгында. Ал эми Алтайды изилдөө Рерихке чейин эле Петр Биринчинин, Ломоносовдун тушунда жүргүзүлгөн. Рерих XVIII — ​XIX кылымдарда Сибирь менен Алтайды изилдеген көрүнүктүү орус саякатчылары, географ, түрколог, этнограф, тарыхчылар Пржевальский, Потанин, Певцов, Козловдордун илимий эмгектерин окуп, жакындан таанышкандан кийин гана Алтайга келип отурбайбы. Мен өзүмдүн “Алтай жөнүндө сөз” аттуу эмгегимде аталган изилдөөчүлөрдүн эмгектерине таянып, 20 жылдан ашык мезгилден бери ар түрдүү учурда изилденген материалдарды системалаштырууга аракет жасадым. Биз Алтайдын географиясы, табигый өсүмдүктөрү, жаныбарлар дүйнөсү, тарыхы, маданияты жана руханий дөөлөттөрү жөнүндө канчалык көп билсек, өзүбүздүн улуттук, маданий, руханий дөөлөттөрүбүздү ошончолук терең аңдап-сезип, алардын маани-маңызын, баалап, этияттай, барктай баштайбыз.

— Сиз дүйнөнүн булуң-бурчтарында көп болосуз. Алтайга кайрылып келгенде анын өзгөчө энергетикасын сезесизби? Же бул философтордун ойлоп тапкан нерсесиби? Алтайдын башкы байлыгы эмнеде?

— Жер планетасындагы башкы баалуулук — ​органикалык жашоонун негизи болгон суу менен аба болуп саналат. Эгерде Алтайда кандайдыр бир кайталангыс өзгөчөлүк болсо, анда бул өзгөчөлүк Алтайдын суусу менен абасына байланыштуу. Анын үстүнө ал Евразия континентинин борборунда жайгашкан. Биздин бабалар айтчу: “суу алтындан кымбат болгон мезгил келет” деп. Ошол мезгил келип калды көрүнөт. Рухий кризиске дуушар болгон дүйнө биздин элдин акылмандыгын түшүнө баштады көрүнөт. Алтай таза, ичүүгө жарай турган суусунун молдугу боюнча дүйнөдө Байкалдан кийинки экинчи орунда турган ажайып кооз аймак болуп саналат. Дал ушул Алтай аймагында эбегейсиз ири көлөмдөгү таза суу топтолуучу табигый резервуар жайгашкан. Биз баарыбыз оп тарткан Объ дарыясынын куймаларында жашаган эл суу тазалыгына, токойлордун сакталышына жана калыбына келтирилишине жоопкербиз.

Азырынча биз таза абадан дем алып, таптаза суудан ичүүдөбүз. Биз тарапка жаратылышы аёосуз булганган аймактардан келгендерге Улалу, Майма, Чарыш, Урсул жана Көк-Суу суулары айрыкча кыш мезгилинде өмүрдү узарткан мүрөк, бейиштин сууларындай сезилери турган сөз.

Алтайдын энергетикасы, же жердин аурасы башка Сибирь аймагындай эле мага таптаза суусу жана жан-дүйнөнү жыргатып, эс-мас кылган тоонун жумшак абасы аркылуу сезилгенсийт. Чет жактарда болгондо өзүмдү: “мен келечектин моделин элестеткен шаарлары жок Алтай деген жерденмин” деп сыймыктануу менен тааныштырам.

— Алтайлыктар кыргыздардан эмнеси менен айырмаланат?

— Биз мурдагы совет доорундагы бизге жогорку бийлик тарабынан таңууланган түшүнүктөрдөн арылуубуз керек. Чын-чынына келгенде хакас, алтай, тува, чор деген элдер жок, этностор бар. Жалгыз — ​кыргыз деген байыркы эл, бүткүл адамзат тарыхы тарабынан таанылган кыргыз улуту бар. СССРдин мезгилиндеги компартиянын саясатына эрксизден жипсиз байланган советтик тарых илиминде бизди “Енисей кыргыздары” деп атап келишкен.

Ошол эле мезгилде биз хакастар, алтайлыктар, тувалыктар, шорлор ар дайым өзүбүздү “байыркы кыргыз бабаларыбыздын жайлоолорун мекендеп калган кыргыздын ажырагыс бир бөлүгү — ​Түндүк кыргыздарбыз” деп билебиз жана ырасында эле ошондой. Ал эми азыркы Кыргыз Республикасындагы ала-тоолук кыргыздарды биз “байыркы кыргыз бабаларыбыздын кыштоолорунда жашаган Түштүк кыргызстандык кандаш бир туугандарыбыз, улутташтарыбыз” деп эсептейбиз жана көөнө тарых далилдегендей, чындыгында эле ошондой.

Тагдырдын оор сыноосу менен кызыл кыргын, канавайрамда бири биринен 800 жыл мурда мажбур ажыратылган, азыр бир бөлүгү Ала-Тоодо, экинчи бөлүгү Алтай, Улуу-Кем, Енисей, Каңгайда жашап, эки башка аймакты байырлаган элдердин байыркы ата-бабасы, тамыры, түбү бир кыргыз эли экендигин илимий жактан кайра карап чыгып, таанууга мезгил жетти. Совет доорундагы бир эле улутту майда уруктарга жиктөө аркылуу ал улуттун көөнө тарыхын жокко чыгарып, чачыратып, баш көтөрө алгыс абалга жеткирип алсыратуу максатындагы коммунисттик саясаттын чыныгы жүзүн ашкерелеп, адилдикти, акыйкатты түшүнө турган кез келди.

— Сиз жогоруда бир бүтүн улуттун өкүлдөрү болгон кыргыздардын бири-биринен 800 жыл мурда, мажбур ажыратылган деген сөздү айтуу менен монголдордун кысымынан Күчлүк гүрхандын Ала-Тоого, Алайга жер которгонун айтып жатасызбы?

— Так ошондой. Ошол кездеги тарыхый жагдайдан алып караганда, Күчлүк өз эл-жерин чексиз сүйгөн элдик баатыр болгон. Анын өз элин алып, Ала-Тоо тарапка ооп, элди кызыл кыргындан сактап калгандыгы бул тарыхый факт. Эгерде ал Алтайда калып, теңдешсиз жоого каршы турганда эл биротоло кырылып, аты тарыхтан да өчүп кетет беле, ким билет. Элдин аз бөлүгү Алтайда да калган, кичинекей үч уруунун ханы монголдор басып келгенде өз ыктыярлары монголдорго кошулганга мажбур болуп, элди сактап калышкан.

— Өздөрүн “дүйнөнүн атуулдары” эсептеген адамдар “биз бир ааламда жашап, “бир камырдан жасалгандан кийин” сенде кандай кан чуркап жатканы мааниге ээ эмес” деген пикирлерди айтышат. Сиз буга кандай карайсыз?

— Алар атайылап, башты айландырып, адаштырып жатышат. Тамырсыз бак-дарак болобу? Жок, болбойт. Теги жок адам, бул эч ким эмес. Алтайлыктардай эч кайсы эл киндик кан тамган жерге, жаратылышка байланган эместир. Бизден башка эч кайсы эл өзүн “жердин балдары”, “жерликтер” деп санабайт. “Алтай” сөзүнүн биринчи мааниси “Алтын-Тоо”, экинчиси — ​Ата Мекен, Ата Журт, үчүнчүсү — ​Жер планетасы. Ошондуктан, алтайлыктар “Жер-Алтай”, же “Алтай-Жер” дешет. Бул алтайлыктар “Жер планетасынын балдары” дегенди түшүндүрөт.

Жалпысынан алганда баарында бир жалпы үй болгондуктан, адам өзүн планетанын, жердин атуулу деп атаганы туура. Ошол эле мезгилде ар бир адам өзүнүн өзгөчө улуттук, руханий, маданий баалуулуктарына ээ. Алтайдын мыйзамы — ​бул адамдардын бири-бирине, өзүнө окшогон башка адамдарга гана эмес, бардык тирүү жандыктарга, жаныбарларга жана канаттууларга, чөптөргө жана дарактарга мамиле жасоодо бир туугандыктын жана тилектештиктин, теңдиктин жана эркиндиктин кодексин сактаган жаратылыштын мыйзамы.

Жаратылышка да өз үйүңө жасагандай мамиле жасап, аны кыйратууга, бузууга жол койбоо керек. Күнгө карап боюн керген өсүмдүктөр менен, жер кезген жаныбарлар менен, көктө сызган канаттуулар менен, сойлоп, чуркап, секирип, сүзүп жүргөндөр менен эриш-аркак табигый гармонияда жашоо гана адамзаттын жаркын келечегин камсыздайт.

— Боронтой Янгович, сиздин “теги жок адам — ​бул эч ким эмес” деген сөзүңүздү угуп олтуруп, тегин унутуп, маңкуртка айланган Айтматовдун Жоламаны эске түштү…

— Дүйнөлүк адабияттагы классиканын туу чокусун багынткан Чыңгыз Айтматов менен мени залкар акын Кайсын Кулиев мындан 40 жыл мурда Москвадагы Переделкинодо, жазуучулар Үйүндө тааныштырды. Анда менин СССР ИА Чыгыш таануу институтунун аспирантурасында окуп жүргөн кезим. Ал менин Алтайдан экендигимди билгенден кийин, өзгөчө коюлган атымдын таржымалын сурап, мени өтө кунт коюп укканы мага өзгөчө таасир калтырды. Түшкү тамактан кийин биз сыртка чыгып, узакка маектештик. Мен XIII кылымдын башындагы наймандар менен Темучиндин согушу, Найман эне, маңкуртка айланган Жоламан жөнүндө көп нерселерди айттым. Мени таң калтырганы — ​улуу жазуучунун айтылган баяндын ар бир учурун терең териштиргени, орто кылымдагы тарыхый окуяларды биринчи угуп жаткандай түр көрсөткөнү болду. Жолугушуунун соңунда ал мага алкоо сөздөрүн айтып, мындан кийин да жолугушуп жүрөлү деген маанайда жылуу коштоштук. Ырасында эле, кийин биз көп жолу жолугуп жүрдүк.

Баарынан таң калыштуу окуя мени алдыда күтүп турганын мен кийин билдим. Чыңгыз Айтматовдун жаңыдан жарык көргөн “Кылым карытар бир күн” романы колума тийгенде, окуп көрсөм, мен айтып берген Найман эненин, анын маңкуртка айланган Жоламан уулунун кайгылуу тагдыры мен айтып бергенден да таамай сүрөттөлүп, жазуучу тарыхый окуяларды өзүнө сиңирип алып, окурманга жеткиликтүү, жорго тил менен бериптир. Ал гана эмес, менин Боронтой деген атым Бороондуу Эдигейге кошумча ат болуп, башкы каармандын ажарын ачып жазылыптыр. Көрсө, улуу жазуучу Айтматов биздин биринчи жолугушуубуздагы менин айткан окуяларымдан келечектеги китептин сюжеттерин алган экен.

— Кенен куруп берген маегиңиз үчүн чоң рахмат, Эр Боронтой ага!

Маектешкен: Алик Темиров, Самидин Курмушуев.

Булак: Жаны Ордо

Меню