Көп учурда биз жаныбызда эле жүргөн, бирок биз баамдабаган эмгек каармандары бар экенине маани бербейбиз. Алар кээ бирөөлөргө окшоп, көкүрөк койгулап, эли-жерине кызмат кылганын даңазалабайт, айтпайт. Тек гана, унчукпастан өз вазыйпасын аткарып жүрө беришет. Андай адамдар эл жерине, Мекенине чын дилинен берилип, талыкпас эмгеги, өзгөчө аракети менен өз мамлекетине бүт дараметин жумшап кызмат кылышат. Мындай мүнөздөр, айрыкча Кеңеш доорундагы билим берүү жаатынын, медицина тармагынын өкүлдөрүнө таандык болгон. Дал ошондой эмгек адамдарынын бири, биздин каарман Бакас агай болуп эсептелет. Агайдын бейнесине кээ бир сүртүмдөрдү даярдап, анын ишмердүүлүгүнө, окуучусу, окумуштуу тарыхчы катары назар салып, изилдөөбүздүн натыйжасын калайык калкка, окурмандарга сунуш кылуудабыз. Тегин жерден атактуу жазуучу Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген эмес. Мындай адамдар ар тараптан эскерүүгө татыктуу. Ааламга жолду айылдан баштаган адамдар, дал ошол элеттик мектеп мугалимдери экени талашсыз.
Биз сөз кыла турган инсан кыргыз элинин, республикасынын билим берүү жаатына опол тоодой эмгеги сиңген, эл-жерибизде, Совет (Кара-Кулжа), Өзгөн райондору эле эмес, бүтүндөй Ош областынын аймагында (ал кездеги аты уйкаш областка азыркы Жалал-Абад, Ош, Баткен областтары кирген – автор) кадыр-барктуу, абройлуу агартуу кызматкери Кармышаков Бакас агай. Өзүнүн азан чакырып койгон аты Жапар болгон экен, бирок эл арасында көбүн эсе Бакас деген аты менен таанымал. Өзүңүздөр билгендей мурда элет жеринде, республикабыздын айыл-кыштактарында мектеп мугалимдери абдан абройлуу болушкан. Аларга өзгөчө сый, урмат менен “агай”, “эжеке” деп кайрылып, аларды кастарлап, өзгөчө сылык, аяр, маданияттуу мамиле жасашчу. Анткени алар айыл жериндеги шам чырактай болушуп, жеткинчектерди, болочок жаш муундарды, жарыкчылыкка, билимге, илимге, маданияттын туу чокусуна чакырган, жол көрсөткөн, багыт берген өзгөчө адамдар болушкан. Мына ошондой биздин айылда эле эмес, районубузда, коңшулаш Өзгөн районунда жөн гана “Бакас агай” деп урмат, сыйга бөлөнгөн адам, дал ушул биздин каарман. Бакас агай эмгектин да, Улуу Ата Мекендик согуштун да каарманы, кадыр-барктуу ардагери болгон.
Менин жеке баамымда Бакас агай өзүнүн жеке сапаттары – курч акыл-эси, бекем эрки, туруктуу максаты, көрөгөчтүгү, көпчүлүктү өзүнө тарта билүү жөндөмү, эмгек жамаатын, коомдун белгилүү бөлүгүн башкаруу шыгы, элет жеринде билим берүү жаатынын көйгөйлүү маселелерин чечүүдөгү компетенттүүлүгү, ошол маселелерди чечүү жоопкерчилигин өз мойнун алуу жөндөмү, жетекчилик касиеттери менен өз доорунун чыныгы педагогу, өз заманынын Дүйшөнү, жүздөгөн, миңдеген окуучулардын мыкты мугалими, жаш педагогдордун акылгөй насаатчысы болгон. Дал ушул таризде агайыбыз өз вазыйпасын аткарып, жарык дүйнөдө жакшы, унутулгус из калтырды десек болот.
Бакас агайды элдин баары эле Чүйлүк дешчү. Көрсө агайдын теги Нарындан экен, башкалар сыяктуу бул туурасында мен деле жакында эле билдим.
Кармышаков Бакас (Жапар) 1915-жылдын 15-февралында (аскердик документтерде туулган жылы 1917-ж. деп көрсөтүлгөн – автор) Кыргыз ССРинин Тянь-Шань областынын Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылдык кеңешинин Кара-Дөбө айылында туулган. Атасы Карагул, апасы Батыйна кадыр-барктуу, адилетүү, калыс сөзү эл менен элге алынган, бардар үй-бүлөдөн болушкан экен. Алар 10 уул, кыздын ата-энеси болушкан. Бакас агай бир туугандарынын бешинчиси болгон экен. Жаштайынан зирек, билимге жакын, жарыкчылыкка, жакшылыкка терең билим аркылуу жетүүгө болооруна көзү жеткен жаш Бакас, айылдык мектептен кийин билимин улантууну көксөйт. Ошентип, ал киши 1937-1938-жылдары Фрунзедеги мугалимдер институтунан билим алып, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, кийинчерээк 1955-60-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча жогорку билим алып, «кыргыз тили жана адабияты боюнча орто мектептин мугалими» адистигине ээ болгон.
Эң алгачкы эмгек жолун Кыргыз ССР Эл агартуу министирлигинин атайын жолдомосу менен Өзгөн районуна караштуу Октябрь айылдык Кеңешинин Салам-Алик орто мектебинде кыргыз тил жана адабияты мугалими болуп баштаган. Дал ошол Өзгөн районунан 1939-жылы СССР куралду күчтөрүнүн – Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Бирок агайдын аскердик кызматы эки жыл эмес, жети жылга уланган, анткени 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Бакас агай ошол согушка баштан аяк катышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун кан кечкен фронтунда куралдаш жоокерлери, командирлери ал кишинин, 1943-жылы Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын катарына кабыл алган. Агайыбыз өмүрү өткүчө КПССке, анын жаркын келечегине, коомунизмдин курулушуна абдан терең ишенип, чыныгы коммунисттерче элине эмгек өтөгөн. Агайдын согуштагы баскан жолун биз төмөндө өзүнчө баяндайбыз.
Бакас агай 1946-жылы өмүрлүк жары Курманалиева Дарика менен баш кошуп, бирге түтүн булатууну башташат. Жаш үй-бүлөлүү агайыбыз ошол кездеги Кыргыз ССР Эл агартуу министирлигинин жолдомосу менен Совет районунун Ак-Кыя орто мектебине жөнөтүлгөн. Ал жерде 1946-53-жылдары мектептин директору, кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Жолдошунун жолун жолдоп Дарика эжеке да мугалимдик кесипти тандап, Жалал-Абаддагы педагогикалык училищадан билим алып, агай иштеген мектептерде башталгыч калсстардын мугалими болуп көп жылдар бою эмгектенди. Дарика эжеке өз эмгек жолунда жүздөгөн, миңдеген болочок адистердин биринчи эжекеси, класс жетекчиси болгону азыркыга чейин маалым. Ошентип Бакас агай да, Дарика эжеке атайын жолдомо менен алыскы Совет районунда көп жыл эмгектеништи. Кадимкидей эле бир үй-бүлөөлү педагодор эле. Дал ушул агартуу, билим берүү жаатында агайыбыздын, эжекебиздин эмгеги сиңип, элге алынып, өздөрүнчө очор-бачар болуп, көп уул, кыздуу болушуп, бактылуу өмүр сүрүштү десек болот.
1953-1954-жылдары Бакас агай Совет районунун Карагуз айылдык Кенешинин Кызыл Октябрь орто мектебинин директору болуп иштеп, кыргыз тили жана адабияты, тарых сабактарынан (мугалимдин жоктугунан жетишсиздигинен, ал убакта элет жериндеги мектептерде мындай абал адаттагыдай эле көрүнүш болгон – авт.) билим берген. 1954-1957-жылдары Совет районунун Чоң-Колот айылдык Кеңешинин Ак-Кыя орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1957-1975-жылдары Совет районунун Чалма айылдык Кеңешинин “Ленинчил-Жаш” орто мектебинде алгач окуу бөлүм башчысы, кийин көп жылдр бою директор болуп эмгектеген. Негедир бизге агай өмүр бою директор болгондой сезилчү. Менин атам Капар да мектеп мугалими болгондуктан, коллега, жакшы санаалаштар катары Бакас агай менен Дарика эжеке биздин үйдө көп эле болушчу.
Агайды айрыкча сөз баккан, эмгек адамын кастарлап сыйлап, урматтаган, анын элин, жерин сыйлаган чоң атабыз Абыт да жакшы көрүп, ыңгайы келе калганда жарпы жазылып баарлашкандарын көп эле көргөнбүз. Агайга кошуп аксакалдарды чакырып алышып, кеп дүкөн курушуп, ар тараптан кеп салышчу. Бакас агай да жергиликтүү аксакалдарга өтө сый мамиле жасап, алар менен бабалардын баскан жолун, өткөн-кеткенди, саясат, жаңылыктар тууралуу баарлашып турушчу. Бакас агай да азыр баамдасам сөзгө жакын, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган, каада салтты кастарлаган, санжырадан кабары болгон, куйма кулак болгон окшойт. Менимче атпесе аксакалдар менен жакын боло албайт эле.
Баса, өзү башка жактан келсе да, биздин жерде элге батып, элибиздин сый-урматына жана ишенимине ээ болуп, Чалма айылдык кеңешине депутат да болгон биздин Бакас агай. Дал ошол депутатык вазыйпасын аткарып, айылыбыздын бир катар социалдык-экономикалык жана маданий маселелеин чечип берүүгө бүт дараметин жумшап, аракет кылганы бүгүн да элдин эсинде.
Мындан 52 жыл мурда, биз биринчи класска барганда, ошондогу “Ленинчил жаш” орто мектебинин директору Кармышаков Бакас агайды, биздин 1 “а” класстын жетекчиси Жолдошева Сарабү эжекени, “б” класстын жетекчиси Ражапова Баарин эжекени, “в” класстын жетекчиси Курманалиева Дарика эжекени көрүп, башка агай-эжекелерибиз сыяктуу алардан мектептеги алгачкы таалим-тарбияны ала баштадык эле.
Мен биздин райондук архивден 1969-70–окуу жылында «Ленинчил жаш» орто мектебинин 1 классында окуган окуучулардын тизмесин таап чыктым. Анда биздин “в” класстын жетекчиси, агайдын өмүрлүк жары Дарика эженин ысымы бар экен. Алар төмөндө сиздердин назарыңыздарда:
1“а” класс
1 “б” класс
1 “в” класс
Ал кезде агай-эжекелер пайгамбардай эле көрүнчү бизге, анткени бир эле кезде аларды абдан сыйлоо, урматтоо, чочулоо, коркуу, алардын тартынуу дегенде сезимдер боло турган. Мына ушул агайыбыз менен эжекебиз, өздөрү башка жактан болгону менен биздин айылдын кадыр барктуу үй-бүлөсү катары, биз 7-класста окуганга чейин иштешип, анан ардактуу эс алууга чыгышып, өз кичи мекенине кайтышкан.
Айылыбызда бүнгүнкү күнгө чейин Бакас агай менен Дарика эжекени сый-урмат менен эскеришет. Бакас агайыбыз менен Дарика эжекебиз биздин айылга келгенден кийин, 6 кыздын соңунда уулдуу болуп, атын биздин элди, жерди сыйлап Чалмаш койгон. Ал жигит, андан кийин туулган Алтымыш азыр ата конушу турган Бишкекке жакынкы Воронцовка айылында турушат экен. Быйылкы жаңы жылдын алгачкы күндөрү туз-насип буйуруп, ошол агайыбыздын уулу Чалмаш менен жүз көрүшүп, үйүнөн даам сыздык. Эл көргөн, жер көргөн ата уулу Чалмаш, анын келинчеги Гүлкайыр, иниси Алтымыш жакшы, жөнөкөй, адамгерчиликтүү адамдар экен. Алар менен чогуу агай менен эжекени эстеп, алардын рухуна куран түшүрүп кайттык. Кудай буйурса жакшылыктарда жолугалы – деп ниет кылдык. Билгенибизге караганда Бакас агайдын көп кыздары, уулдары дал ушул Чалма айылында туулушуп, ошол жерден, атасы жетектеген биздин мектептен билим алышкан экен. Алар Майрамбүбү, Анарбүбү, Салтанат, Ажарбүбү, Жаңыл – бизди классташ, Жыпар, Жылдыз, Жыргал, Чалмашбек, Алтымыш. Учурда булардын баары негизинен Чүй боорунда, Бишкек шаарында турушат экен. Баардыгы үй-бүлөөлү, бала-чакалуу болуп калышкан.
Эми Бакас агайдын жигердүү педагогикалык эмгектери жөнүндө учкай кеп кылалы. Ошол кездеги Макаренко, Ушинский сыяктуу улуу педагогдордун идеяларына сугарылган, жаш муундарга билим берип, көзүн ачып, татыктуу тарбия берүүгө өзгөчө белсенип киришкен 50-60-70-жылдардын мектеп мугалимдери иш дегенде ичкен ашын жерге коюп, чыгармачылык изденүү менен чын дилден эмгектенишкен. Ошол убакта айыл жеринде, борбордон, билим, илим, маданият чордонунан алыс жайгашкан, тоо арасындагы мектептин директору болуу абдан кыйын эле болгон.
Ал кездеги директорлор билим берүүгө өзгөчө талапты коё билген, жаш жекинчектерге сапаттуу жана таттыктуу билим берүү аракетинде мыкты уюштуруучу, азыркынын тили менен айтканда чоң менеджер, болушкан. Биздин Бакас агай да 30 жылдан ашкан педагогикалык, жетекчилик эмгегинде директор катары зор педагогикалык тажрыйба топтоп, көп учурда өзү үлгү болуп, үлгүлүү, алдыңкы катардагы мугалимдерди сүрөп, алга чыгарып, артта калгандарды жылуу сөз, жакшы үлгүлөр менен аракет кылууга үндөп келген орто мектеп жетекчилеринен.
Менимче мектеп директору болуп жүргөн Бакас агай мектептин МТБ чыңдоодогу көйгөйлөрдү чечпестен, мугалимдерди да, окуучуларды да жаратман иштерге үндөй алган, үлгүлүү жана чыгармачыл педагог, акылгөй кеңешчи, алысты көрө билгген көрөгөч, мыкты ураандарды ишке ашырууга шыктуу жетекчи агайлардан болгон. Байкасам Бакас агайда, ошол кездеги мектеп мугалимдеринин көбүнө таандык болгон Ушинский айткандай “Мугалим билим алууну токтоткондо, мугалимдик сапаты жоголот” – деген ураанды бекем тутуп, дайыма өз педагогикалык, кесиптик чеберчилининин үстүнөн иштеген жетекчилерден болгон жана андай сапатка өзү менен чогуу иштегендерди дайыма үндөп келген. Ошол кездеги жана андан кийинки убактардагы мектептеги агай-эжекелердин Бакас агайды сый-урмат менен эстөөсүнү дагы бир себеби, менимче, ал киши мектептеги баардык маселелерди эмгек жамааты менен акылдашып, чогулуп кеңешип чечишкендигинде деп калдым. Дагы бир ой, менин баамымда Бакас агай да, жубайы Дарика эжеке да, дал ошол өздөрү эмгектенген мектепте окуган балдарды, кыздарды урматтап, ишеним көрсөтүп, колдоп, инсан катары тарбиялоого зор маани беришкендигинде болсо керек. Дал ушул сапаттарды карманган биздин мектептин директору Бакас агайдан, эжекебиз Дарика эжекеден биз баштапкы билимди алып калдык. Анткени алар биздин айылдын, райондун эле эмес бүткүл республикадагы эмгеги сиңген, элет жеринин абройлуу, чыгаан педагогдору эле. Дал ушул касиетте Бакас агай менен Дарика эжеке биздин эсте калды.
Учурдан пайдаланып, Бакас агайыбыз катышкан, кан кечкен Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу учкай айта кетели. Белгилүү болгондой Улуу Ата Ме-кендик согуш мезгилинде Советтер Союзунун элдери сыяктуу эле Кыргызстандын элдери да фронттордун согуш талааларына чакырылып, эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылашкан. Көп улуттуу Советтик Армиянын катарына Кыргызстандан баардыгы 363200 жоокер чакырылган. Алар Ата Мекенди баатырларча коргоп, дээрлик көбү фронт талааларында душманга каршы жан аябай согушуп, түбөлүккө калып, Мекен коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Кыргызстандын ар бир шаары, облусу, району, айыл-кыштактары өз уул, кыздарын согуш талааларына аттандырышкан. Мисалы, Бакас агай фронтко чакырылган Өзгөн району, 1941-1945-жылдарда райондон 7147 адам Ата Мекенди коргоого чакырылса, алардын 2744 кан майданда баатырларча курман болушуп, 4403 адам аман эсен, көбү ар кандай жарааттар менен эли журтуна кайтып келишкен. Өзгөн районунан согушка аттангандардын арасынан 6 адам: И.С.Решетник, М.Тешебаев, О.Жакыпов, Н.С.Калашников, Л.И.Царенко, С.Лутфиллин мамлекеттик эң жогорку сыйлык – Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан, калгандарынын басымдуу көпчүлүгү Советтер Союздун ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Баса Бакас агай согуштан кийин эмгектенген Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунан, Улуу Ата Мекендик согуш башталаары менен кандуу майданга биздин кичинекей, эң алыскы тоо арасында, Кытай менен чектеш Совет районунун баардык айыл-кыштактарынан, колхоз-совхоздорунан 4650 адам кан майданга жоокер аттанган, Улуу Жеңишке алардын 2305 жетпей, кандуу согуш талааларында баатырларча курман болушкан. Фронттордон кайтып келген 2345 жоокердин жарымына жакыны түбөлүк жаракаты, майыптыгы менен кайтып өз кичи мекендерине келген. Булардан башка миңдеген адамдар, согуштай бекем тартиптеги Урал, Сибир, Казахстанда жайгашкан оор өнөр жай, согуштук техникаларды, фронтторго керектелүүчү техникаларды чыгаруучу эмгек фронтторуна жөнөтүлгөн. Эмгек фронтуна чакырылгандардын да көбү кайтпай калганы маалым. Бул бир аз тарыхый экскурс болду.
Эми мен окумуштуу тарыхчы болгондон кийин, эмгектин эле эмес Улуу Ата Мекендик согуштун ордендүү ардагери Кармышаков Бакас агайыбыздын фронтко катышуусу, согуш талааларындагы эрдиги үчүн алган орден, медалдары тууралуу тапкан маалыматымды айта кетейин.
Азыр бир катар мурдагы СССРдин, азыркы Россия Федерациясынын аскердик, согуштук архивдери ачыкка чыгып, көптөгөн материалдардын электрондук нускасы жарыяланып, ошол Улуу Ата Мекендик согушка катышкандар тууралуу маалыматтардын көпчүлүгү элге маалым болуп калды. Биз дал ошол мурда белгисиз болгон, бирок биз үчүн абдан маанилүү болгон орус архивдеринен агайыбыз Бакас Кармышаков тууралуу маалыматтард таба алдык. Ушул жерден тактай кете турган бир маселе бар экенин эсиңиздерге сала кетейин. Тилекке каршы, дал ошол ачыкталган орус архивдеринин материалдарын карап олтуруп, басымдуу түрдө биздин Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларыбыздын, тууган-уруктарыбыздын аты-жөнү, атасынын аты, теги дээрлик баардык учурда туура эмес жазылып калганын баамдадык. Анткени бизге көндүм болгон кыргыз аттары, атасынын жана тегинин аталышы, ошол аскер комиссариаттарынын адамдарына, алардын фронттордогу аскердик, согуштагы сыйлоо документтерине жазган адамдарга көндүм болбогону, алардын кулагына анча жагымдуу болбой, ана калса алар аскерлердин аты-жөнүн кандай укса, документке ошондой жаза беришип, көп учурларда же аскердик документте, же сыйлык барактарында, кыргыз жоокерлеринин аты-жөнү, фамилиясы так же туура эмес жазылганы үчүн (мындай мүчүлүштүктөр өзбектерге, казахтарга, түркмөндөргө, тажиктерге ж.б. мусулман элдерине таандык – авт.) дагы көп документтер, сыйлыктар азыркы күнгө чейин өз ээлерин таба албай жүрөт. Дал ошол эле себептер менен көпчүлүк жоокерлер дайынсыз болуп жүргөнү да чындык. Тактоо иретинде айтып кою абзел, аскердик документтерде Бакас агайдын фамилиясы Карымшаков болуп, бир аз өзгөрүп калган, менимче буга ошол кездеги алгачкы өздүк документти жазган айылдык кеңештин катчысы (сельсоветтин – авт.) же фронтко чакырган аскер комиссариатынын катчысы күнөөлүү. Анткенибиз кыргыз элинин адамга салттуу ат коюсунда, жаңы төрөлгөн наристеге ат берүүдө Карымшак эмес Кармышак деген адам аты Кыргызстандын баардык аймактарында, жерлеринде үстөмдүк кылат.
Ошентип Россия Федерациясынын аскердик архивдериндеги расмий документтеринен, сыйлоо барактарынан агайыбыздын даректерин – Карымшаков Бакас, Карамшаков Бакас, Карамшаков Бокас – деген тектен таптык. Сыйлоо барактарында көрсөтүлгөн бул үч фамилия, ысым бир эле биздин агайыбыз Кармышаков Бакас агайга таандык. Албетте, биздин окурманда үч башка фамилия, ысымды кантип бир адамга алып келдиңиз? – деген суроо болушу ыктымал. Далил иретинде айтаарыбыз, биринчиси, Бакса агай Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарынан эки орден, бир медаль менен кайткан. Аларды агайдын көкүрөгүндөгү тагылган орден медалдары тастыктап турат. Экинчиси, Ошол сыйлоо барактарында, сыйланып жаткан адам кайсы жерде туулуп, өскөн же кайсы жерден фронтко чакырылганы ачык, так көрсөтүлгөн. Төмөндө биз бул документтердин түп нускасын көрсөтөбүз. Үчүнчүсү, жогорудагы биз айткан согуш фронтторундагы аскердик документтердеги мүчүлүштүк, өзүңүздөр байкагандай Бакас агайдын сыйлоо барактарына да тийиштүү.
Тилекке каршы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин биз өзүбүздүн эле республикадан чыккан «Книга памяти Республики Киргизия» аттуу жыйнактан да, россиялык “Электронный архив Великой Отечественной войны” каталогуна кирген адамдардын арасынан таба алган жокбуз. Албетте бул абдан өкүнүчтүү. Ошондой эле агайдын аты-жөнү акыркы жылдары бир топ ийгиликтерге жетишип, дал ошол Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Кыргызстандык жоокерлер, офицерлердин фронттук тагдырын иликтеп, тактап, аларды элге жеткирген Limon.KG интернет порталынын редакциясы чогулткан “Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын тизмеси” – “Список участников Великой Отечественной войны” аттуу атайын порталда да агайдын аты жөнү жок болгону өкүндүрдү.
Бирок биз агайдын дарегин, Улуу Жеңиштин 70, 75 жылдык мааракесин утурлай түзүлгөн, тээ алыскы орус жергесиндеги “Эл эсинде 1941-45-жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыкточу маалымттарды түзгөн электрондук сайттан таптык. Болгондо да Бакас агайдын көкүрөгүндөгү орден медалдарын качан, кайсы убакта алгандыгын жана фронттогу баскан жолун кошо тактоого мүмкүнчүлүк болду.
Архивдик маалыматтарга ылайык Карымшаков Бакас, өзү Нарындык болуп, Чүйлдө туруп калганына карабастан фронтко Ош областынын Өзгөн райондук аскер комиссариаты тарабынан 1939-жылы 1-январда аскер кызматына чакырылган экен. Демек агайыбыз, УлууАта Мекуендик согуштан эки жыл мурун аскер кызматына чакырылып, өз вазыйпасын аткарып жүргөн кезде экинчи дүйнөлүк согуш, Фин согушунун оту күйүп, акыры 1941-жылдын 22-июнунда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Дал ошол адамзаттын тарыхындагы эң апаат согуштун фронтторунда өз жолун баштаган.
Табылган документтерге ылайык фронтовик Карымшаков Бакас Батыш фронтунун 20-армиясынын аскердик абадан коргонуу полкунун 721-армиясынын катардагы жоокери, сержант, ага сержанты катары кызмат өтөп, каармандык менен салгылашкан. Агай кызмат Баыш фронтунун кылган 20-армиясынын аскердик абадан коргонуу полкунун 721-армиясы согуштук жолун 1941-жылдын 22-июнунда баштап 9-июлга чейин Беларуссияны коргоодон башталган. Аталган аскердик бөлүк, ошол эле жылдын июль-сентябрь айларында Смоленск багытындагы коргонуу согушуна катышса, сентябрь айында Борисов багытындагы Бобр районунда, Лепельск багытындагы Витебск районундагы, Смоленск багытындагы Великие луги жана Торопец районундагы контрчабуул жана коргонуу согуштарынын кан майданында от кечкен. Агай кызмат кылган, жогоруда аталган аскердик бөлүк 1945-жылдын 2-октябрынан 5-декабрына чейин Москваны, Малоярославл, Можайск, Дмитировск багыттарын коргоо согуштарына жигердүү катышкан. 5-декабрдан баштап 1942-жылдын февралына чейин агай курамында болгон Батыш фронтунун 20-армиясынын аскердик абадан коргонуу полкунун 721-армиясы Москванын алдындагы, андан кийин Клинско-Солнечногорск, Вяземск багытындагы советтик армиянын контрчабуулуна катышып, өз эрдиктерин көрсөтүшкөн. Дал ошол Москваны коргоо, Москва алдында согуштагы эрдиктери үчүн Карымшаков Бакас атайын сыйлык медаль “За оборону Москвы” – “Москваны коргоо үчүн” медалы менен сыйланган. Бирок сыйлык ээсин 1944-жылы тапкан.
Архивдеги сыйлык документтеринде биз төмөнкү малыматтарды окудук, аларды өзгөртүүсүз беребиз:
Наградной документ
дата рождения: __.__.1917
воинское звание: ст. сержант
кто наградил: Президиум ВС СССР
наименование награды: медаль «За оборону Москвы»
дата документа: 01.05.1944
информация об архиве – архив ЦАМО
картотека: картотека награждений
расположение документа: шкаф 37а, ящик 8.
Буларга кошумча “Элдин эсинде 1941-45-жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыкточу маалыматтарды түзгөн электрондук сайттан Карымшаков Бакас тууралуу төмөнкү маалыматтар табылды: Место рождения: Киргизская ССР, Тянь-Шаньская обл., Джумгальский р-н, с. Кок-Ой; Место призыва: Узгенский РВК, Киргизская ССР, Ошская обл., Узгенский р-н.; Воинское звание: ст. Сержант; Воинская часть: 721 арм. полк ПВО 20 А ЗапФ (721 арм. полк ПВО, 20 А ЗапФ, 20 А, ЗапФ); 721 зенап 14 зенад РГК (721 зенап, 14 зенад РГК).[1] Дал ушундай аскердик маалыматтар, расмий документтер агайдын сыйлыгын тастыктап турат. Тарыхый чындык үчүн биз тапкан архивдик маалыматтарды эч өзгөртүүсүз бердик.
Москва алдындагы зор жеңиштен кийнки башка аскер бөлүктөрүндөй эле Бакас агай кызмат кылган полк андан батышты карай жеңиштүү жолун уланткан. 1942-жылдын февраль айынан баштап алар батышыт карай шаарларды, айыл-кыштактарыды немецтик фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан. Вяземск багытындагы советтик армиянын контрчабуулунан кийин, агайдын аскердик бөлүктөрү 1942-жылдын мартынан баштап декабрына чейин Ржевско-Сычевск ж.б. багыттардагы багытындагы контрчабуул, чабуулдук операцияларга катышып, союздун чегинен башка бир катар батыш өлкөлөрүн фашисттик Геманиядан боштууга катышып, согуштук жолун, жеңиштүү 1945-жылы аяктаган.[2] ……….
Ошол даңктуу жеңиш жолунда, фронттордогу эрдиги, согуштагы каармандыгы эске алынып Бакас агай “Орден Отечественной войны II степени” – “II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени” менен сыйланган. Бул орден ге сунушталган архивдик документтерден биз төмөндөкүлөрдү окудук. Дагы эле тарыхый чындык үчүн орденге сунушталган дкументтердин маалыматын өзгөртүүсүз бердик.[3]
Наградной документ
Дата рождения: __.__.1917
Дата поступления на службу: __.__.1939
Место призыва: Узгенский РВК, Киргизская ССР, Ошская обл., Узгенский р-н
Воинское звание: ст. сержант
Воинская часть: 721 арм. полк ПВО 20 А ЗапФ (Армия Западного фронта – авт.)
Даты подвига: 26.11.1942 – 28.11.1942
Наименование награды: Орден Отечественной войны II степени; Дата документа: 27.12.1942; Приказ подразделения: №: 619 от: 27.12.1942; Издан: ВС 20А Западного фронта №:619 от: 27.12.1942; Издан: ВС 20А Западного фронта; Информация об архиве – Архив: ЦАМО; Фонд ист. Инфор-ии: 33. Опись ист. Информации: 682525. Дело ист. информации: 413. Буларга кошумча “Элдин эсинде 1941-45-жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыктоочу маалыматтарды түзгөн электрондук сайттан аталган орденге ээ болгон Карымшаков Бакас тууралуу төмөнкү маалыматтар табылды: Дата рождения: __.__.1917 г.; Дата поступления на службу: __.__.1939 г.; Место рождения: Киргизская ССР, Нарынская обл., Джумгальский р-н, с. Кок-Ой; Наименование награды: Орден Отечественной войны II степени
Бул документтерди ага сержант Карымшаков Бакас кызмат кылган Батыш фронтунун 20-армиясынын командачысы, Аскер Кеңешинин мүчөсү, генерал-майор А.Лобачев жана ошол 20-армиянын адистер бөлүмүнү башчысы подполковник Миткин кол койгон, 1944-жылдын 26-декабрында жиберилген сыйлык барагы да тастыктайт. Анда “II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени” менен сыйланууга сунушталгандардын арасында, орудиянын командири Карымшаков Бакас тууралуу мындай маалыматтар бар:
Байкасаңыз, жогоруда белгиленгендей бул документте Карамшаков Бакас деп берилген, бирок жеке маалыматтары биздин агайга толук дал келет.
Биздин кармандын дагы бир фронттогу эрдиги, кармандыгы үчүн сыйлыгы III даражадагы «Даңк ордени” – “Орден Славы” III степени болгон. Бул жолу да сыйлоо документи түп нускада кандай болсо, өзгөртүүсүз бердик:
Документы о награждении
Карамшаков Бокас
Дата рождения: __.__.1917
Воинское звание: ст. сержант
Кто наградил: 14 зенад РГК
Наименование награды: Орден Славы III степени
Номер документа: 9/н
Дата документа: 04.03.1945
Информация об архиве – Архив ЦАМО
Картотека: Картотека награждений
Расположение документа: шкаф 37а, ящик 8
Буларга кошумча “Элдин эсинде 1941-45 жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыктоочу маалыматтарды түзгөн электрондук сайттан аталган орденге ээ болгон Карымшаков Бакас тууралуу төмөнкү маалыматтар табылды: Дата рождения:_.1917; Место рождения: Киргизская ССР, Тянь-Шаньская обл., Джумгальский р-н, с. Кок-Ой; Место призыва: Узгенский РВК, Киргизская ССР, Ошская обл., Узгенский р-н; Воинское звание: ст. сержант; Воинская часть: 721 арм. полк ПВО 20 А ЗапФ (721 арм. полк ПВО, 20 А ЗапФ, 20 А, ЗапФ); 721 зенап 14 зенад РГК (721 зенап, 14 зенад РГК).[4] Бул документ жаштар, келечек муундарга так болсун, туура жетсин үчүн эч өзгөртүүсүз берилди.
Россия Федерациясынын Борбордук коргоо министрлигинин архивдеринин материалдарынын арасынан Карымшаков Бакасты III даражадагы «Даңк ордени” менен сыйлоого сунуш кылган, аракеттеги Кызыл Армиянын Ригалык 14 зениттик артилериялык дивизиясынын аскер командачылыгынын 1945-жылдын 4-мартындагы №9/н буйругу табылды. Анда Ригалык 14-зениттик артилериялык дивизиясынын колбашчысы, полковник Васюта (аты, атасынын аты документте жазылган эмес – автор) кол койгон атайын буйрукта III даражадагы «Даңк орденине” сунушталгандардын катарында: “От имени Президиума Верховного Совета СССР, за образцовое исполнения боевых заданий на фронте борьбы с немецко-фашистскими захватчиками и появление при этом доблести и мужества награждаю орденом “Славы” III степени … ст. сержанта Карамшакова Бокас – командира орудия 1-й батареи 721 зенит. арт. полка 14-зенит. арт. Рижской РГК” же “РГКнын Ригалык 14-зениттик артилериялык дивизиянын 721-зениттик артилериялык полкунун 1-батареясынын орудиялык командири, ага сержант Карамшаков Бокас – СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун атынан, немецтик фашисттик баскынчылар менен күрөштө согуштук тапшырмаларды үлгүлүү аткаргандыгы, фронттогу зор эрдиги жана баатырдыгы үчүн III даражадагы «Даңк ордени” менен сыйланат” – деген, буйруктун саптарын окууга болот. Төмөндө ошол буйруктун түп нускасы сиздердин назарыңыздарда.[5]
Бакас агайдын уул, кыздарынын эскерүүсүндө, ал киши Россия, Украинанын Житомир, Полтава, Харьков сыяктуу бир топ шаарларын бошотууга катышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүн 1945-жылы 9-майда Финляндияда тоскон. Жеңиштен кийин агайыбыз Кытай элин Япондук баскынчылардан бошотууга катышып, 1945-жылы миллиондогон квантун армиясынын үстүнөн советтик армия жеңишке жетишкенден киийн өз мекенине, ага-туугандары көчүп келип туруп калган Чүй өрөөнүнө караштуу Чоң-Таш айылына кайтып келген экен. Акыркы маалыматтар уул-кыздарынын эскерүүсүнөн алынды.
Ошентип биздин каарман, агайыбыз Кармышаков Бакас, эжекебиз Курманалиева Дарика өздөрү өкүнбөгөндөй байма-бай, бала-чакалуу, үлгүлүү өмүр сүргөнү баамдалат. Бир айылдын, өрөөндүн эле эмес бүткүл кыргыз журтчулугунун агартуу, билим берүү жаатында, элет жеринин бир катар мектептеринин жеткечиси, директору катары таанымал болгон биздин каарман табиятынан педагогикалык таланты, устаттык шыгы жана жөндөмү, мыкты уюштуруучу, адамгерчилик жакшы касиеттери көп чыгаан инсан болгону талашсыз. Бакас агай өзү тандаган агартуу майданына 1938-жылы келип дээрлик 40 жыл билим берүү жаатында талыкпай эмгетенип, 1975- жылы ардактуу эс алууга чыккан. Нарындын бийик тоосунан келип Кара-Кулжанын бийик тоолуу аймагында көп жыл эмгек өтөгөн. Дал ушул таризде Бакас агай биздин эсибизде калды. Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгектин ардагери Бакас Кармышаков 1994-жылы 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Баса агайыбыз көзү тирүүсүндө Дарика эжеке экөө 27 неберелүү болушкан экен. Ал эми эжекебиз 48 небере, чеберсин көрүп, батасын берип кеткен экен. Бүгүнкү күнгө Бакас агай менен Дарика эжекенин 48 небереси, 63 чебереси жана 1 кыбырасы бар экен. Көбү орун-очок алышып, үй-бүлө күтүшүп, турмуштан өз орундарын таап калышкан. Бар болушсун, алардын барына аманчылык, бакубатчылык тилейбиз!
Абытов Байболот Капарович, тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору
[1] “Элдин эсинде 1941-45-жж.” – “Память народа 1941-45 гг.” аттуу жыйынтыкточу маалыматтарды түзгөн электрондук сайт //https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-chelovek_yubileinaya_kartoteka1523015860
[2] https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-nagrada_kartoteka1375339381/
[3] https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-chelovek_yubileinaya_kartoteka1523015860
[4] Карамшаков Бокас/ https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-nagrada_kartoteka1375339380
[5] Карымшаков Бакасты башкалардын катрында сыйлоого сунуштаган буйрук// https://pamyat-naroda.ru/heroes/podvig-nagrada_kartoteka1375339380