Menu

ТАРЫХ

Арслан Койчиев, тарыхчы: Кыргыз урууларынын жер чегин аныктоодогу ишмердиги үчүн Түлөберди баатыр Жамансарт уулунун аты бир районго берилиш керек

Түлөберди баатыр – өз заманынын эң көрүнүктүү уулдарынын бири, Совет дооруна чейинки тарыхыбыздагы чыгаан ишмер. Кыргыз урууларынын жер чегин аныктоодогу кызматы өлчөөсүз. Жер чегин аныктоодогу ишмердиги Совет жана пост-Советтик доордогу ишмерлердин аракетинен өөдө турат. Кийинки муун (жер жамандап барбасын, Абдрахманов, Орозбеков баш болуп) Түлөберди баатырдын жана анын замандаштарынын мурасын сактай алган жок. Анан калса Түлөбердинин ысмы өз урпактарынын эле көлөкөсүндө калып, эскерилбей жатканы өкүнүчтүү. Байтик баатырга жетип, андан ары ашалбай калабыз. Чындыгында, Түлөберди солто ичиндеги канат-бутактуу ири топтун эле атасы эмес, “кыргыз жерлери” деген аң-сезимдин негиздөөчүсү, коргоочусу. Ошол себептен баатырдын атын Бишкек шаарындагы райондордун бирине ыйгарууну ылайык деп санаарымды чакан жыйындарда такай айтып келем.

ТҮЛӨБЕРДИ БААТЫР Жамансарт уулу (болжол менен 1758-ж. Чүй өрөөнүнүн батыш тарабындагы конуштардын биринде туулган – өлгөн жылы белгисиз) – кыргыздын белгилүү саясий ишмерлеринин бири; дипломат, элчи; солто уруусунан чыккан ири манап.

Ата Бабалары
Тагай бийден Богорстон. Андан Эштек. Эштектен Чаа. Чаадан Талкан. Талкандан Кошой. Кошойдон Жамансарт. Жамансарттын Жакшылык деген аялынан Эсенаман, Түлөберди, Бөрүбай. Эркебек деген аялынан Сөлпү, Саркөбөн, Мамырбай, Бает, Үмөт. Сарыкүң деген аялынан Кожобек, Солтонкелди, Нусуп, Сака, Байжигит. Жамансарттын бардыгы он үч баласы болгон. Ич-ара Жамансартты эл «Эликчи аке» деп тергеген. Бири-биринен көчүрүлбөгөн Осмонаалы Сыдыков жана Насирдин Бөөмбаевдин эмгектеринде Эсенаман 1841-ж. 85 жаш курагында каза болгону эскерилет, демек ал 1756-ж. туулган. Көпчүлүк санжырачылар Эсенамандын ысымын кыргыздардын эсен-аман Чүйгө көчүп келиши менен байланыштырат. 20-кылымда түзүлгөн СССРдин географиялык топокартасында Ашмаранын сол куймасы «Эсенаман суусу», ага жакын чоку (4040 м.) «Эсенаман тоосу» деп көрсөтүлгөн. Түлөберди Эсенамандан кичүү, Бөрүбайдан улуу болгон.

Түлөберди баатырдын алгачкы элчилиги
Түлөберди баатыр алгачкы элчилиги кыргыз-казак мамилесинин кескин курчуп кетишине байланыштуу болгон. 18-кылымдын орто ченинде Жуңгар хандыгы алсырап, Иленин чыгышын карай чегинген. Натыйжада Маматкул бий, Кошой бий жана Эсенкул баатырдын демилгеси менен кыргыздар Тогуз-Торо, Кетмен-Төбөдөн Чүйдү карай көчө баштаса, орус империясынан кысым көрүп жаткан Түркстан шаарынын түндүк-батышындагы казактын Орто жүз уруулары чыгыш тарапка жылып, Улуу жүз урууларын кысып кирген. Ушундай себептер менен алар Орто жүз уруулары менен кыргыздардын ортосунда кысылып калып, эки тараптан тең катуу жабыр тарткан. Алгач 1850-жылдары башында Барак султан турган казактын 5000дей колу Кочкор-Ата мазарында (азыркы Казакстан Республикасындагы Чымкент шаарынын чыгышы) кыргыздарга кол салып, бирок жеңилип калган. Мындан кийин Улуу жүз урууларынын Кара-Тоодон чыгышка карай жылышына убактылуу бөгөт коюлган. Болжол менен ошол жылдары Эсенкул баатырдын демилгеси менен Капкада (Таластын аягы) кыргыздардын курултайы өтүп, жыйынтыгында Туума бий башындагы кушчу, саруулар жана Садыр баатыр (1780-жылдары Жайыл баатыр менен бирге өлгөн) жетектеген азыраак саяк (негизинен түнкатар) уруулары Талас – Олуя-Ата; Жайыл баатыр, Момокон башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Атадан Мерке – Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөкпайлар Кара-Балта – Ысык-Ата; андан Кеминге чейин Качыке башындагы чекир саяктар; Кеминден Илеге чейин Атаке баатыр менен Эсенкул башында турган сарыбагыштар көчүп, ата-бабалардан калган конушту коргойлу деген чечимге келишкен. Черикчи бий (туулган – өлгөн жылдары белгисиз) башында турган бугу-сарыбагыш уруулары 1760-жылдары Тогуз-Тородон Ат-Башы – Ысык-Көлгө көчкөн. 1764-ж. Орто жүз урууларына бараткан ташкенттик соодагерлердин тонолгонуна байланыштуу Абулфеиз султан Таластын аягындагы Каработо бийдин (кытай уруусу) айылын чаап, көп кишини туткунга алып кеткен. Аларга жооп катары Садыр, Жайыл баатырлар Түркстан шаарына жакын Чолок-Коргон, Сузакка жете чаба баштаган. Натыйжада кыргыз-казак мамилеси кескин курчуп чыккан. 1766-ж. Каработо бийдин уулун жана ага кошуп жети түтүн үйдү аманатка алып, мурунку туткундарды кайрып берген. 1768-ж. жаз айларында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархандын жетегиндеги казактар кайрадан кыргыздарга кол салып, бирок экөө тең ошол жактан каза болгон. Мындан тышкары бул салгылашууда казактар 5000 жылкысынан кол жууган. Ушул мезгилден баштап Абылай султан (1771-жылдан хан) кыргыздарга каршы чабуулга даярдана баштаган. Кытай жана орус империяларынан жардам сурап, бир нече жолу элчи жиберген, бирок алар жардам берүүдөн баш тарткан. Абалдын минтип курчуп баратканын көргөн кыргыздар 1773-ж. июль айынан мурун тынч турууну сунуш кылып, казактарга элчисин жиберген, бирок Абылай хансыз бул маселени чече албастыгын билдирген Абулфеиз султан аларды кайра артка кайырган. Бул окуялар орус маалыматтары менен дагы бекемделет. Абылайдын тууганы, Султанмамбеттин уулу Орус султандын 1773-ж. июль айында генерал-майор Деколонгко эки жолу кат жазып, анын биринде; «Жакында кабар алдым. Абилпейис султанга тоолук кыргыздардан бүтүм кылууга элчилер келип, таттуу бололу деп, Абылпейистин бир уулун өздөрүнө хандыкка сураптыр. Бирок, Абылпейис бул маселени чече албай турганын билгизип, элчилерди кайра кайтарыптыр» деп билдирет. Мындай кабар Үмөт молдонун санжырасында да айтылат. Анда Кебек бий солтонун атынан 17 жаштагы Түлөберди баланы казактарга элчи кылып жибергени такталат. Бирок эки элдин ортосундагы кагылышуулар токтогон эмес. 1773-жылдын башында Абылай хан кайрадан Ташкентти алып, андан соң кыргыздарга кол салып, 600дөн ашык кишисин туткундап кеткен. Мындай окуялар 1774-ж. дагы кайталанган. Натыйжада кыргыздын бийлери өз уулдарын аманатка берүүгө аргасыз болот. Алымбектин санжырасында Эсенкул баатыр менен Кебек бий акылдашып, Түлөбердини баш кылып солто-сарыбагыштан 4 адам барганы белгиленет. Үмөт молдо 19 жаштагы Түлөберди Абылай, Абылпейиз, «кулаккесер» Кудаймендеде акүйлүү болуп жүрүп, балдары – Эшкожо, Канайдын ошол жактан туулганын көрсөтөт. Абылайдын алдына барганда Түлөберди баатыр казак-кыргыздын бир тууган эл экенин, кыргыздын көнө турганын айтып; «кыргыз ичинде оң-сол дейт. Оң ичинде бугу, саяк, солто, сарыбагыш, багыш дейт. Эсенкул деген баатыр адамыбыз бар жана ар уруктун өз башчылары бар. Мындан улуу сөз ошол Эсенкул баатырдан тарайт. Сол атанган эл да, ал Эсенкулдун сөзүн угат. Ошол киши баш болуп айтар, Садырга. Садыр көнөөр. Эпке көнбөсө, жообун айтаар кыргыз. Баарыбыздын ханыбыз болдуңуз» деген сөзүн айткан. Түлөбердинин сөзү Абылайга жагып, аны жөн кетирбей, белек-бечкегине кошуп, мурун туткунга түшкөн кыргыздарды бошотуп берген.

Түлөберди баатырдын үчүнчү жолку элчилиги
Экинчи жолку элчиликтен кайтып келгенден кийин Түлөбердинин бул ишине ыраазы болгон Эсенкул баатыр: «Абылайдын сөзүн жактырдым. Садыр тил албай, бейбаштык кылганы ырас. Казактар койсун, казак-кыргыз эсептешээр, моюнга түшсө, көптөп төлөөрбүз. Садыр койсун» деп Кебек бийди Садырга жиберген. Бирок Садыр баатыр Кебектин сөзүн укпай, Жайыл, Момокон болуп, Көшөгөнүн Көкжото деген жерди жердеген ботбай уругунун айылын чабат. Бул чабышта ботбайдын Кудайкул тукумунан чыккан Абылайдын кол башчыларынын бири каза болгон. Мындай жагдай 1780-жылдары Абылайдын Олуя-Ата – Түгүшкөн тараптан кыргыздарга кол салышына себеп болгон. Түлөбердинин Садырды качыра туралы дегенин Момокон укпай койгон. Орус архивинин маалыматтарында 1779-ж. Абылай Түркстан менен жапайы кыргыздар турган жердин орто ченине көчүп келип, же кыргыздар менен келишип, же күчкө салып багындырып келүү үчүн баласы Чынгыз султан, жакын тууганы Абулфейиз султанды аларга аттандырган. Бирок алардын жолу болбой келген. Натыйжада, Абылай өзү көп сандагы колу менен барып, кыргыздарды капысынан басып, атактуу бийлеринин балдарынан 15 үй-бүлөнү колго түшүрүп, бешөөнү өзүнө калтырып, калгандарын туугандарына бөлүштүрүп берген. «Саны алда канча көп жана жоокерчилик жөндөмү жагынан казактардан артыкчылык кылган кыргыздардын бул жеңилишинин башкы себептерин» орус бийлигине талдап берип жаткан орус тилмечи Я. Усманов биринчиден, бул чабуулдун капысынан болуп, башында эле атактуу бийлеринин балдарынын колго түшүшү; экинчиден, Абылайдын кыргыздарды амал кылып, орус жана цин империясынын бийлигинин атынан коркутуп (мисалы, Абылай өз колундагы Яков деген орус аскер качкынын согуштук аммунициясы менен кыргыздарга көрсөткөн жана Иле дарыясынын боюнда убактылуу жайгашкан циндик 500 аскерди мага жардамга келе жатат деп алдаган), жеңишке жетишкенин көргөзгөн. Кыргыздардан көп киши курман болуп, далайлары туткунга түшкөн. Үч-Алматыдан шашылыш келген Эсенкул баатыр калган кыргызды Сокулукка чогултуп, жыйын кылган. Жыйын казактар менен тынч турууну чечип, элчиликке кайрадан Түлөберди баатыр шайланган. Санжыраларда Абылайдын алдына акыркы жолу барышында жанына бир гана жолдош алып барганы айтылат. Бул жолку барышында дагы кыргыздын бийлеринин тапшырмасын так аткарып, мындан ары тынч турууга макулдашып, туткунга кеткен кыргыздардын бир тобун куткарып, кайтып келген.

Түлөберди баатырдын саясий ишмердүүлүгү
Түлөберди баатыр казак-кыргыз мамилесин жөнгө салып, эки элдин чек арасын тактоодо чоң роль ойногон. Үчүнчү жолку барышында чогулган казак бийлеринин алдында айтылган Абылайдын Ыргайтыны (Корготунун Чүй суусуна куйган жери) чек ара кылуу сунушуна жооп кылып: «Мунуңузду айтып барып, башчыларды алып келем, бирок, өз бетимден бир ооз сөз кошом. Сиз, Таластын суусу чек болсун дейсиз, Күйүктүн бели чек болсун, Кичи-Буурул, Чоң-Буурул тоосу чек болуп, аягы туптуура Түймөкенттен, Таластын суусун кечип, Абылкайырды (Казакстандагы Кара-Тоонун чыгыш тарабындагы жер) басып, Корготуну жээктеп, Түйүшкөнгө келип, Уландын учугун басып, Тескейге түшүп, Ыргайтыга чейин дейсиз. Менин кошоорум, кыргыздын каны көп төгүлгөнүн билесиз, ошол Чокмордон тартып Илеге чейин барып, Сарытокумдан (Иленин Балхашка куйган оң жээги) токтосун» деген оюн билдирген. Натыйжада Сарытокумдан башкасы кыргыздардын пайдасына чечилген. Түлөберди баатыр белгилеген бул чек ара Түндүк Кыргызстандын Кокон хандыгына карашы менен өз маанисин жоготкон

Арслан Койчиев, тарыхчы

Суу ташыгычтын уулу кантип Афганистандын королуна айланган?

Чыгыш өлкөлөрүндө, айрыкча мусулман мамлекеттеринде бийлик атадан балага калат деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок, бул бардык эле учурда мындай боло бербесин тарыхтагы айрым фактылар жокко чыгарып тургансыйт. Кээде ата-теги өтө жупуну, жана да эч кандай бийликке жакындыгы, тиешеси жоктор деле бүтүндөй мамлекетти башкарып калган учурлар арбын. Демек, биз Иракта деле америкалыктар төңкөрүш жасаганга чейин бул өлкөнү жери жок дыйкандын уулу Саддам Хусейн башкарып келгенин эстен чыгарбашыбыз керек. Анын атасы ал төрөлөрдөн мурда эле үй-бүлөсүн таштап, белгисиз жакка качып кеткен.

Ливиялык диктатор Муаммар Каддафи карапайым көчмөндүн үй-бүлөсүндө туулган, мечитте жашап жүрүп, мектептен башталгыч билимди алган.

Сириянын президенти Башар Асад жарандык согушта туруктуулук менен жеңишке жетип гана тим болбой, өз кесибинин — көз доктуру — врач-офтальмолог катары да белгилүү болгон.

Анын тукумунда эч кандай юристтер, эмирлер, ири ишкерлер жана да партия же кландардын лидерлери болгон эмес — баары тең карапайым жумушчулар, дыйкандар болушкан. Туура, атасы Асад гана «такка» олтуруп калган. Бирок, ал өзү деле, уулу деле карьераларын абдан жупуну тепкичтерден башташкан.

Исламдык дүйнөнүн эң эле чет жакасы катары каралган, жарым жапайы өлкө катары да саналган Афганистанда деле тарых адамдарды таң калтырган учурлар орун алган. 1929-жылы Хабибулла Калакани деген бирөө абдан ийгиликтүү жасалган төңкөрүштүн натыйжасында мурунку монархты бийликтен кулатып, өзүн королмун деп жарыялап, такта 10 айдан ашуун убакытка чейин олтурган.

Баарынан кызыгы, бул жаш жигиттин кличкасы «Бачаи-и сакао» – же “Суу ташыгычтын баласы” бойдон калган.

Бул профессия чыгышта абдан эле чоң талаптарга ээ болгондуктан, элдер андан көп пайдаланышкан, бирок анын ээси көп деле урматтоого ээ болчу эмес. Афганистанда азырга чейин борборлоштурулган суу түтүктөрү орнотула элек. Ал эми бул окуя али Араб халифаты доорунда болгондугун эске алсак эле, баары түшүнүктүү болуп калат. Анын үстүнө, ал кезде бул кесипти кара күчкө ээ, олбурлуу кишилер гана аткара алыша турган. Алар сууну да бардык эле каалоочуларга сата беришчү эмес.

Албетте, ушундай адамдын уулунун афган коомчулугунда эң жогорку бийликке жетиши чектен тыш окуядай кабылданган. Жаш жигит Хабибулла эч кандай билими жок болуп, багбандык менен күн өткөрүп, ошондон түшкөн каражаттарына жашай турган. Кийин ал армия катарына чакырылган. Ал жактан дезертирлик кылып, жөн гана кетпей, колуна өзүнө тийген карамылтыгын да кошо ала кеткен болчу.

Ал карапайым адамдын жашоосу өзүнө ылайык келбесин түшүнүп, бандиттерге кошулат. Бириккен шайкасы менен куралсыз кыштактарды карактай башташат. Афган бийликтеринен корккондуктан улам, дагы бир аз убакыттан кийин Пешаварга качат. Бул аймак ал кезде британиялыктрдын кол астында болчу.

Пешаварда Хабибулла чай сатып, майда ууру-кескилик менен шугулданып жүрөт. Акыры түрмөгө камалган соң, эми кайра үйгө кайтуу керек деп чечет.

Афганистанда бул кезде король Амануллахан өлкөнү эптеп модернизациялоо үчүн аракет кылып, жандалбастап айласын таппай турган. Анын душмандары көбөйүп, афгандыктарды европалыктарча кийингиле деп, жаман көрүнүп жүргөн чагы эле. Көтөрүлүш башталат, бирок козголоңчулар менен тил табыша алат. Иши эми гана оңоло баштаганда улуту тажик Хабибулла өзүнүн тажик жердештери менен жана да айрым аны колдошкон афган уруулары менен бирге Кабулга карай аттанат.

Шаарды басып алышат. Бачаи-и сакао башына таажы кийет. Туура, дагы туура 10 айдан кийин аны бийликтен кулатышып, атып салышат.

Ал тууралуу айрым тажиктер жана да диний ишмерлер урмат менен эскеришет. Аны Кудай жолунда жүргөн адам болчу дешет. Ал модернизацияга жана Амануллаханга каршы күрөшкөн болчу деп актоого аракет кылып келишет. Арийне, анын мурунку криминалдык тарыхын эске ала турган болсок, ал кийинки иштерин деле жөн эле жасабаса керек. Кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо керек.

Хабибулла Калакани ар кандай шарттарга, кырдаалдарга тез ыңгайлаша алган жана да ошондон өзүнө пайда табууга ыктуу, шылуун адам болгон. Дал ошон үчүн ал көптөгөн жаман иштерге баруудан да эч кайра тартпай турган. Дал ошонун бийлиги тушунда батышчылдардын жана эскиче жашоону улантууну каалагандардын ортосундагы эч бүтпөс согуш башталган.

Булак: “Жаңы Ордо”

Сатыкей баатыр баяны

Кылым карыткан кыргыз эли биздин заманга чейин канчалаган мезгилдин сыноосунан өтүп, башынан кандай гана оор күндөрдү кечирбеди. Элинин биримдигин, жеринин бүтүндүгүн сактаган ал үчүн канын-жанын аябаган баатырларыбыз мекен үчүн салгылашып, чет душмандардан коргоп келген.

Кокон хандыгы кол алдындагы үч тайпа журтунун биринин да улуттук мүдөөсүн, өзүнчө өнүгүүсүн бөгөт коюп, кыңк дедирбей баш ийүүгө мажбурлап келген. Түпкү рухунда эр көкүрөк элкин тоолук кыргыз улут мүдөөсү, улут биримдигин ойлогон кыргыз эрендери Бүргө баатыр, Сатыкей баатыр, Кубат бий, Нүзүп бий, Алымбек датка, Алымкул аталык, Ажыбек датка, Тайлак баатырлар Кокон хандыгына каршы аттанышкан. Бул чакан баянынында кезегинде далай жоону кубалап эл коргогон, эл баккан баатыр Сатыкейге анын элге түркүк урпактарына арнадык.

– Биздин айыл Талас өрөөнүнүн батыш четиндеги айтылуу Маймак темир жол станциясына катарлаш жайланышкан Сатыкей бабабыздын атындагы чакан айыл,- дейт кыргыз медицинасынын зң көрүнүктүү өкүлү, академик Сабырбек Жумабеков,- айылдын күн батыш жакасында бийик өзөн аркылуу өйдөтөн Күркүрөө суусу кошулган Аша (Асса) дарыясы күркүрөп агып турат. Өзөндүү Аша дарыясы кыргыз-казак чеги болуп эсептелип дарыянын наркы бети Манастын айтылуу Кара тоосу, үч чакырымдай алыстыкта Казакстанга караштуу “Кара-Тоо” айылы жайгашкан. Айылыбыздын төш тарабында Карача тоо, андан ары касиетүү жерлерде биздин баатыр бабабыз Сатыкейдин киндик каны тамган.

Жумабай уулу Сатыкей баатыр Кетмен-Төбө тарапта XVIII- XIX кылымдарында Кокон хандыгынын баскынчылык кордугуна каршы аттанып, Кетмен-Төбө, Аксы тараптан далай жоону сүрүп, элин коргоп, элин багып, кол башчылык эрдиги менен даңкы чыккан. Кетмен-Төбө, Аксы тараптан далай жоону сүрүп, элин коргоп, элин багып, кол башчылык эрдиги менен даңкы чыккан. Кетмен-Төбөнү, Аксыны, Суусамырды Сатыкей баатыр душмандардан коргоп, Кокондун сансыз колун Эрдана бийден тарта, Нарбото бийден бери кокондуктардын кокосуна тийген тикен болуп, карапайым калкын канатууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай турган. Күтүрөгөн төрт түлүк малынын туягын санаган, сырттан жоо келсе кокту-колотко көчө качкан бай-манаптар акылман шер Сатыкейдин бийлигине, эрдигине баш ийип калышкан. Сатыкей баатыр Сарууну бийлеп жүргөн Алчикендин Ажыбек баатыры менен бир ымалага келишип, аягында жүз жигитин урук-тууган менен көчүрүп алып, айтылуу кушчу Бүргө баатыр менен достошуп, алыскы-жакынкы жоодон сактануу, эли-жерин коргоо боюнча бир бүтүмгө келишкен.

Сатыкей баатырдын урпактары Артисбек Жумабеков

Сатыкей баатырдын урпактарынын бири Артисбек Жумабеков барга топук кылган, алабарманданып жулунбаган, адамга жакшылык жасап аны колко кылбай болгону так сүйлөп, асыл ойлоп Сатыкей айылы үчүн адилет ак кызмат өтөп келген. Артисбек Жумабеков маңдай тер менен жаралган эмгеги менен темирдей тартипти, таразадай тактыкты жактырган, негизсиз, жүйөөсүз сөздү айтпаганы үчүн жалпы Сатыкейлер мыйзам катары кабыл алышчу дешет. Ак ниет эмгеги менен, адамкерчилик сапаты менен эл ишениме ээ болуп айыл башчысына шайланып, өмүрү өткүчө карапайым эли-журтуна кызматтын таза аткарып, өрнөктүү өмүр өтөгөн экен. Артисбек Жумабековдун өмүрлүк жары, жароокер жубайы Гүлайда апа Артисбек атабыз карапайым калкы үчүн канаттын каккылап жүрсө, Гүлайда апабыз үйдө жети уул, төрт кызды бапестеп багып, атабыз менен биргеликте аларды эмгекке бышырып, билимге сугарып татыктуу тарбия берип келишкен. Гүлайда апа адамдын төө көтөргүс нык, тараза менен ченей алгыз салмактуу жүгү, Артисбек атабыз менен бирге өтөгөн эмгеги эл арасында, Кара-Буура районунун эмгексилеринеде аларга карата сүймөнчүлүк жаратып, аңыз болуп тараган.

Сабырбек Жумабеков

Артисбек Жумабековдун элге түркүк уулу, кыргыз медицинасына жана дүйнөлүк медицинасынын ортопедиясына жаңы технологияларды ачып, илимий ыкмаларды киргизген, уникалдуу операцияларды жасаган, даңкы далайга, атагы алыска кеткен жүз миндеген ооруларды дарылап айыктырып бутуна тургузган, КР башкы ортопед-травматогу, КР илимине эмгек сиңирген дарыгери, илим жана техника жагындагы КР Мамлекетик сыйлыгынын БУУга караштуу интеллектуалдык менчигинин Чоң Алтын медалынын медициналык илимге киргизген салымы үчүн “Жибек жолу” медалынын “Илим жана жаңы технологиялар” номинациясында Кыргыз Республикасынын, КМШ мамлекеттеринин илим жана билим тармагындагы “Шериктештик жылдыздары” эл аралык сыйлыгынын лауреаты, “Достук” орденинин ээси, медицина илимдеринин доктору, инсандык улуулукту ыйык туткандыгы менен айырмаланган дүйнө жүзүнө таанылган белгилүү академик Сабырбек Артисбекович Жумабеков,

-Аксы, Токтогул, Кара-Буура, Манас райондорундагы Сатыкей баатырдын урпактарынын баштарын кошуп, баатырдын атындагы коомдук фонд түздүк, -дейт Сабырбек Артисбекович, фондго каражат топтолуп, натыйжада бийиктиги 10 метрлик Сатыкей баатырдын айкели жасалып, ал баатырдын далай изи калган, тээ бир кездерде өзү баш болуп, элин жерин тышкы жоолордон коргоп жүргөн Нарын дайрасынын жээгине, Бишкек-Ош жолунун боюна орнотулду.

Сабырбек Жумабеков дүйнөлүк медицинанын обосунда дагы бир жолу жанып, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Россиянын Илим-дер Академиясынын мучөсү болуп шайланды. Бул жогорку сыймык Сабырбек Артисбековичтин көп жылдардан бери көөнөрбөс илимий иштеринин, иш-тажрыйбасынын дүйнө жүзүнө кеңири тарап кетиши, ортопедия тармагында уникалдуу операцияларды, илимий чоң ачылыштарды жасап жүргөндүгү үчүн берилген.

Сатыкей баатырдын дагы бир урпагы өлкө мүдөөсүнө камкор мамиле кылган, саясий маселелерди таамай так чече билген, кара кылды как жарган калыстыгы менен айырмаланган КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Артисбекович Жумабеков, ички иштер бөлүмдөрүндө чечкиндүүлүгү, принципиалдуулугу менен талбай эмгектенип келе жаткан эки жогорку билимдүү Эстебек, Канатбек бизнес менен алектенсе, Урматбек, Алмазбек ички иштер министирлигинин белдүү кызматкерлери, Замирбек он жылдан бери Бакай-Ата прокуратурасынын прокурору кыздары, күйөө балдары илим-билимдүү мамлекеттик жооптуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.

Асан Акматов

Булак: “Факты.kg”

СССРдеги дарыяларды артка буруу аракеттери

Жакында республиканы союз учурунда чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Анын тушунда жасалган оң жана терс иштерге калыс баа берүүнүн ордуна, курулай шаңдануу, ашыра көкөлөтүп мактоо сыяктуу далалаттар орун алды. Алардын бири — Усубалиев Соң-Көлдү сактап калган деген жаңы “жомок” жаралды… Ошол эле учурда, суу ресурстарына өтө бай Кыргызстандын, ошондон берки жыйылып калган азыркы маселелери да абдан көп экендиги шексиз. Анын үстүнө, XXI кылымда суу маселеси улам алдыңкы орунга чыгууда. Бул маселеге арналган актуалдуу макаланы сунуш кылабыз.

Дүйнөнүн табигый түзүлүшү бир кылка эмес. Планетанын бир тарабында жыл бою мээ кайнаткан ыссык болсо, ал жакта ошого жараша миллиондогон тонна айыл-чарба продукцияларын өндүрүп алууга болмок. Бирок, ал аймактарда сугат суу жок болгондуктан, андай мол түшүм тууралуу куру кыял гана калат. Башка региондордо болсо аябагандай көп дарыялар бар. Ошентсе да, ал жактарда климат абдан катаал болгондуктан, эч кандай түшүм жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес.

Арийне, коммунисттер “Биз табияттын бизге мээримин күтүп олтура албайбыз, аларды өз колубуз менен жасап алабыз!” деген лозунгду чыгарышкандан тартып, жогорудагы жагдайларга карата болгон мамилелер да өзгөрө баштаган. Крым жана Каракум сугат каналдары — буга айкын күбө. Арийне, бул реализацияланган масштабдуу проекттер башка бир ишке ашпай калган проекттин алдында оюнчуктай эле туюлат. Сибирь дарыяларын — Обь, Иртыш, а балким, Енисейди артка карай буруп, кургакчыл регионго — Орто Азияга суу жеткирмекчи болушкан.

Проект тарыхы

Бул идея СССР пайда боло электе эле айтыла баштаганы кызык. Коммунисттик идеология жарала электе эле – 1714-жылы князь Черкасский Амударьяны өзүнүн эски нугуна карай буруу тууралуу жазган (бул орто азиялык улуу дарыя мурда Каспий деңизине куйчу, кийин гана Арал деңизине куюп калган). XIX кылымда барон Каульбарстын жана генерал Глуховскийдин экспедициясы Узбойду (Амударьянын эски нугу) изилдеп көргөн. Бул изилдөөлөр ошол китептин негизи болуп калган.

Проект боюнча Обь жана Иртыш дарыяларынын бир бөлүгүн Арал деңизине буруу каралган. XIX кылымдын экинчи жарымында окумуштуу жана публицист Яков Демченко бул тема менен шугулданган. Бул боюнча дипломдук иш, андан кийин китеп да жазган. Советтер Союзу тушунда Сибирь дарыяларын Аралга бурууну Сталин тирүү кезинде эле сунушташкан, таанымал окумуштуу Владимир Обручев көтөрүп чыккан. Конкреттүү изилдөөлөр жана эсептөөлөр 60-жылдардын орто ченинде башталган.

Элүүдөн ашуун изилдөө проектилери жана илимий-изилдөө институттары тарабынан элүү томдон ашуун тексттер даярдалган. Чиймелер, альбомдор, карталар жана схемалар түзүлгөн. Проектти ишке ашырууга 32,8 миллиард рубль кетет деп болжолдонгон. Бул чыгымды 6-7 жылда жабуу каралган. КПССтин XXV съезди (1976-ж.) жеринде ишти баштоого макулдук берген.

Проект башталбай жатып токтоп калган

Геодезиялык жана гидрологиялык изилдөөлөр жүргүзүлсө да, каналдарды казуу ишине чейин жеткен эмес. Кайта жасалган экспертиза реалдуу чыгым мурда каралгандан эки эсе көп болорун аныктаган.

Эбегейсиз көлөмдөгү иштер жасалышы керек болчу: 6,1 мрлд кубометр топурак казылып алынып, 15 миллион кубометр темир-бетонду коюу жана да 256 миң тонна темир конструкцияны монтаждоо зарыл болгон. 6 темир жол көпүрөсү салынып, 18 автомобилдик көпүрө курулмак. Финансылык жактан сырткары өтө татаал техникалык тоскоолдуктар да бар болчу: сууну агымга каршы бургандан сырткары дагы – “өйдөлүш жакка карай агууга мажбурлоо” маселеси жаралмак.

Андан сырткары дагы экологиялык факторду эске алуу керек болчу. Экология жөнүндө эң акырында гана эске алышса да, бул масштабдуу проект эч алдын ала болжой алгыс табигый-климаттык өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн эле. Болгондо да – эбегейсиз чоң территорияга: Каспийден баштап Түндүк Муз океанына чейин. Масштабы андан алда канча кичине Чоң Каракум каналы аралдагы экологиялык катастрофаны жараткан. Бул каналды эксплуатацияоодо ачылган башка бир проблема – ага жакын жайгашкан аймактагы жерлердин саздак жана туздуу жерлерге айланышы болгон. Суунун каналдын түбүндөгү топурак аркылуу жетиши ушуга алып келген. Ошентсе да, 80-жылдардын биринчи жарымында Сибирь дарыяларын Орто Азияга карай буруу маселеси күн тартибинде кала берген. Тескерисинче, жерлерди мелиорациялоо модага айланып, проект актуалдуу боло баштаган. ЦК КПССтин 1984-жылдагы Октябрь пленуму жаңы программаны кабыл алган. Бул проект 1986-жылы – «кайра куруу» учурунда гана биротоло жабылган.

«Кылым каналы» кандай болмок?

Каналдын узундугу 2,5 миң км болуп, туурасы 130дан 300 метрге чейин созулмак, тереңдиги – 15 метрге жетмек. Негизги вариант боюнча сууну Обь дарыясынан – Ханты-Мансийск шаарынан Иртыш куймасына транспортировкалоо каралып, андан ары Тобол дарыясынын баш жагына кетмек. Андан ары суу кургап калган Тургай дарыясынын өзөнүнө кошулмак. Ал жактан Сырдарья бассейнине жетип, акыркы пункту – маршрут боюнча Үргөнч шаарына – Амударьяга куймак. Жолду ката  канал суусу менен Курган, Челябинск, Омск областтары жана Казакстандын кургакчылык каптаган жерлери пайдаланмак. Мелиоративдик максаттан тышкары дагы канал кеме жүрүүчү милдетти аткармак.

XXI кылымда Кытай сибирь суусуна кызыга баштады

2010-жылдардын башында КНР өкүлдөрү Россия өкмөтүнө айрым дарыя сууларынын бир бөлүгүн Алтай жана Казакстан аркылуу Кытайдын кургакчыл түндүк региондоруна карай буруу тууралуу сунуш менен кайрылышкан. Сөз магистралдык суу бөлүштүрүп берүүчү суу түтүктөрүн 1,5 миң км узундукта куруу жөнүндө жүргөн. Россиянын айыл-чарба министри Александр Ткачёв 2016-жылы бул маселени талкуулоого болорун, бирок бул проект Россиянын кызыкчылыктарын толук сактоо боюнча гана ишке ашарын билдирген.

Булак: “Жаңы Ордо”

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: "Өзбекстандык окумуштуу Курманжан датканы даңазалап жатса, Кыргызстандык жаш тарыхчы эмнеге каршы чыгат?", - деп мени жек көргөндөр чыккан"

Белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентке табылга издеп кеткенин, андан тапкандарын социалдык тармактарга жазып келет. Тарыхчынын жазгандарын  окуп, билбегендерибизди билип жатабыз. Бу жолу академик Хайдарбек Бабабеков менен маектешкенин “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, сүрөттөрүн жайгаштырды.

Анда ал: “Өзбекстандын Туран академиясынын президенти, академиги Хайдарбек Бабабеков менен баарлашкан да, талашкан да сонун. Экөөбүздүн талашыбыз тээ 90-жылдары башталган. Ал: “Курманжан датка Зыйнат деген псевдоним менен ыр жазган. Анын фарс тилинде жазган ыры Омор хандын мезгилинде жыйнакка басылган”, – деп жазган макаласы 90-жылдары “Кыргызстан маданияты” гезитине басылып, кыргыз коомчулугу тарабынан шатыра-шатман кол чабуу менен кабыл алынган. Бабабеков деген фамилия окурмандар арасында дүңк эте заматта таанылган жана алкоого алынган.

Бирок, мен ага ошондо эле каршы чыккам. Ошондо “Өзбекстандык окумуштуу Курманжан датканы даңазалап жатса, эч кандай илимий даражасы жок Кыргызстандык жаш тарыхчы эмнеге каршы чыгат?”, – деп мени жек көргөндөр чыккан. Бирок тарыхый чындык мен тарапта эле. Анткени Зыйнат деген аталыштагы акындын жана башка хандыктагы акындардын ырлары жыйнак болуп, “Мажму аш-шаура” деген аталышта 1818-жылы жарык көргөн. Ал убакта Курманжан датка болгону 7 жашта эле. Фарси тили түгүл, кат тааныбаган секелек кыз эле. Кийин Бабабеков мени менен макул болуп, өз катачылыгын мойнуна алган. Биз ошондон бери жакшы таанышпыз. Талашып, анан табышып жакын да болдук. Ташкентке барган сайын жолугуп, баарлашканга аракет кылам. Бул жолу барганда да жолуктум. Мен сыйлаган окумуштуу жана журналист ташкенттик Төлөнбай акем үйүнө алып барды. Береги сүрөттөрдү тартты.

Мага көргөзүп жаткан сүрөттөгү китеп 17-кылымга таандык, наркы бир тамдык. Бабабеков бабабызда ушундай баалуу китептер өтө көп. Мен андан 17-кылымда Ташкентти башкарып турган бабабыз Көкүм бийдин Көк китеби, Молдо Исхак – Полот ханга тийешелуу маалыматтарды сурап, баарлаштым. Ташкентке кийинки жолу барганда дагы барам, баарлашам. Анткени академик Бабабеков өтө кызыктуу, мыкты окумуштуу“,-деп жазган К.Молдокасымов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Кыргызстандын көз карандысыздыгынын Декларациясы 1991-жылы 31-августта кабыл алынып калышынын башкы себепчиси Бегиш Аматов 70 жашта

Бегиш Аматов 70 жашта. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын Декларациясы 1991-жылы 31-августта кабыл алынып калышынын башкы себепчиси болуп калуусуна беттегенин бербеген көктүгү, ар-намысы менен адалдыгы түрткү берген көрүнөт…

Фильмдин авторлору Курманбек Рыспаев жана Эргеш Жусубалиев.

Белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкенттеги архивден өз бабасын тапты. Окуясы эми укмуш...

Белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентте архив карап жүргөнүнө көп болду. Бул жолу ал өзүнүн бабасын таап алганын өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди. Анда ал төмөндөгүдөй пост калтырды.

«Атам Сатар. Чоң атам Молдокасым. Бабам Мамет. Бубам Көчөр. Жотом Конокбай. Жетем Сөйкөбай, Тегим Кошон, андан ары Келдике, Култай болуп кете берет.

Ташкенттеги архивди аңтарып отуруп бабам Мамет Көчөр уулу тууралуу, айылыбыз Көлдүк жөнүндө маалыматтарга туш болдум. Чындыгында буга чейин досум Тынчтык Чоротегиндин бабасы, Чоронун атасы Айт тууралуу, Досторум Тилек, Улан Мураталиевдердин (айтылуу Турар басмасынын кожоюндары) чоң атасы Элтой, бабасы Шербото тууралуу, кыргыздын мыкты жигиттеринин бири Айбек Сарыгуловдун (стамбулдук) бабасы же бубасы Жанек баатыр жана бир топ белгилүү инсандардын чоң атасы, бабасы, бубасы тууралуу архивдик документтерди таап келсем, эми мынтип өзүмдүн айылым, бабам Мамет тууралуу архивдик документтерге туш болуп жатам. Бул болсо да архивдин керемети!

Бул архивдик документте бабам Мамет Көчөр уулу кадимки Калыгул олуянын:

Өңү сары, көзү көк
Орус чыгат деп айткан.
Миң түтүнгө бир киши,
Болуш чыгат деп айткан

Буйрук менен кондурган
Конуш чыгат деп айткан.
Узун чөптүн баарысын
Оруп чыгат деп айткан.
Кыска чөптүн баарысын
Коруп чыгат деп айткан, – деп айткандарын башынан өткөргөнүн көрдүм.

Окуя мындай болот. 1910-жылдын 9-ноябрында Мальцев деген Өзгөндөгү токой корукчусу Анжиян уездинин Өзгөн болуштугунун 1-айылына келип, Көлдүк деген жеринен бабам Мамет Көчөр уулунун үйүнөн кымыздыктын тамырын – таранды көрүп калат да олчойтуп айып пул жазып, протокол түзөт. Таранды байыртадан ата-бабаларыбыз бойокко, дарылыкка пайдаланып келгендиктен, бабам аны кайдан билсин орус келип узун чөп менен анын тамырын да коруп калганын. Чоң атам Молдокасым анда жашыраак кези экен.

Бабам Мамет сөзмөр, эч нерседен тайманбаган, куудулдугу да бар, тамашакөй адам болот. Раматылык Салижан Жигитов мени көргөндө эле Мамет чоң атабыздын жоруктарын айтып ыкшып күлүп калчу. Ал гана эмес бабам Маметтен айылыбыздан чыккан чыгаан инсан, айтылуу Жаныбек казы да “дагы эмнени сүйлөп ийет деп айбыгып турчу эле”, – деп айылдык аксакалдар эскерип калышаар эле.

Кыскасы, бабам орус токойчунун олчойтуп айып пул төлө дегенине “бул Жараткандын бизге тартуулаган байлыгы, айып пулуңу төлөбөйм, кааалаган жагыңа барып даттан!”,- деген таризде каршылыгын көргөзөт. Кашайып орус токойчу, узун чөп менен анын тамырын коручу Мальцев Мамет бабамды сотко берет. Соттун биринчи баскычы чоң атамдын күнөөсү жоктугун айтып, актап чыгат. Кашайган корукчу бабам Маметти андан өйдө турган Жаңы Маргалаң Округдук сотуна даттанып айласын кетирет. Округдук соттун отуруму Ош шаарында 1911-жылдын 28-октябрында болуп, мурдагы соттун чечимин өзгөртпөй күчүндө калтырат.

Жыйынтыгында, бабам Мамет Көчөр уулу күнөөсү жок экендиги далилденип, акталат. Бирок бир жыл бул машакаттуу окуя бабамдын мазесин алат. Оторчулуктун оор запкысын тартат. Эзели корукка алынбай, ээн-эркин пайдаланып келген кымыздыктын тамыры – тарандын айынан бабам Маметке кадимкидей кылмыш иш козголгону тууралуу маалыматты Ташкенттин архиви ошентип 118 жылдан кийин мага тартуулап жатат. Бул мактаныч эмес, тек гана Ташкенттеги, Алматыдагы архивдерде ар бирибиздин бабаларыбыз тууралуу ушундай маалымат сакталып турат дегендин дагы бир далили!

Булак: KyrgyzToday.kg

Фото - Андропов жана Черненколор же эң соңку генсектердин балдарынын кийинки тагдырлары

Мурдагы мамлекет башчыларынын балдарынын кийинки тагдырлары тууралуу тема көп адамдарды кызыктырат. Азыркы кезде эл арасында азыраак маалымат берилгени — соңку лидерлер Юрий Андропов менен Константин Черненко болууда. Себеби, алар СССРди абдан кыска убакытка гана башкарышкан. А бизде болсо адегенде адамдын өзүн жакшы билип, андан кийин гана анын балдарьп билишет эмеспи. Туугандарын жана айлана-чөйрөсүн ошондон кийин гана талкуулай башташчу. Советтик жарандар али жакшы билише электе эле Андропов дүйнөдөн кайткан. Бул окуя Черненко келгенде да кайталанган.
Юрий Владимирович Андропов эки ирет үйлөнгөн. Ар бир никесинде ал экиден балалуу болгон: бир кыз жана бир уул көргөн.

Андропов аялы Татьяна Лебедева жана балдары менен

Улуу кызы Евгения атасы менен апасы ажырашып кетишкен соң, атасын бар болгону эки ирет көргөнүн айткан. Ал атасынын даңкына жылынууну деле анча каалаган эмес. Узак жылдар бою ал поликлиникада иштеген. Юрий Владимирович мамлекеттеги жогору кызматты ээлеп калган кезде кызына ар түркүн башка адамдар келе башташкан. Кимдир бирөөсү тек гана генсектин кызын көргүсү келсе, башкалары ар кандай өтүнүчтөр менен кайрылышкан. Кыскасы, Евгения Юрьевна кыйла эле түйшүккө баткан. Атасы биринчи кызына жардам берген: анын үй-бүлөсүнө санаторийге путевка бергиле деп айтып, квартира алуу маселесинде да жардам берген. Евгенияга бир жолу абдан чоң квартира беришкен, анын кухнясынын чоңдугу ага абдан жаккан. Бирок, атасы менен кызы дээрлик байланышчу эмес.

Владимир Юрьевич Андропов – уулу – 35 жашында эле көзү өтүп кеткен. Ал начар компания менен байланышып алып, түрмөгө камалат. Андан соң, Владимир Тирасполго кетет6 тигүү фабрикасында иштей баштап, үй-бүлө күтөт. Бирок, ичкиликке берилип кетет. Ошол эле учурда, ал такай КГБ кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот. Владимир өзүн абдан эркин сезет. Тилекке каршы6 дал ушунусу анын өмүрүнүн эрте кыйылышына себепчи болот.

Игорь Юрьевич Андропов – экинчи уулу, дипломаттык карьера жасаган. Ал престиждүү МГИМОну (Москвадагы Эл аралык мамилелер институтун) бүтүрүп, Грецияда элчи, андан кийин Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Өмүрүнүн сонунда Игорь Юрьевич атасы тууралуу китеп жазганды ойлогон, бирок бул максатынын өтөсүнө чыга алган эмес – ал 2006-жылы дүйнөдөн кайткан.

Ирина Юрьевна – кичүү кызы – актриса болууну самай турган. Бирок, атасы уруксат бербей койгон. Ал МГУга кирип, филолог болгон. Ирина: «ЖЗЛ», «Молодая гвардия» сыяктуу тааымал издательстволордо иштеген. Кызы атасынан дайыма артисттер үчүн суранып, алар куугунтукка кабылганда жардам бере турган.

 

Евгения жана Владимир, Андроповдун биринчи аялынан төрөлгөн балдары

Константин Устинович Черненко дагы расмий түрдө 2 жолу никеде турган. Ал балдарынын саны боюнча Юрий Владимировичтен озгон – 5: биринчи аялынан бир уул, бир кыздуу болсо, экинчи аялынан уулдуу жана эки кыздуу болгон.

Улуу баласы – Альберт Черненко таанымал окумуштуу жана саясатчы болуп, 2009-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал 2 окумуштуулук даражага: философия илимдеринин доктору жана юридикалык илимдердин доктору болгон. Альберт Константинович узак убакыт бою Томскиде горком жана обкомдо иштеген. Андан соң, Новосибирскидеги партиялык мектепти башкарган. Кыскасы, татыктуу жолду басып өткөн.

Черненконун кичүү уулу – Владимир өзүнүн аталаш агасынан 3 жыл мурда дүйнөдөн кайткан. Альберт Владимирге караганда кыйла эле жашы улуу болсо да ушундай болгон. Владимир Константинович ВГИКте окуп, Госкинодо маанилүү кызматтарда иштеген.

Кыздары Елена менен Вера агасы Альберт сыяктуу эле илим менен алектенишкен. Елена Константиновна марксизм-ленинизм институтунун архивинде иштеген. Илимдин кандидаты болгон. Вера Константиновна жогорку окуу жайлардын биринде көркөм адабият кафедрасын жетектеген. Ал эми Лидия Константиновна тууралуу маалыматтар дээрлик жок десек болот.

Черненконун үй-бүлөсү

Булак: “Жаңы Ордо”

Румынияны 24 жыл башкарган Николае Чаушескунун жашоосу жана өлүмү

Николае Чаушеску — 1965-жылдан 1989-жылга чейин Социалисттик Румыния Республикасын башкарган. Румыниялык варианттагы Иосиф Сталин сыяктуу болгон. Бийликтеги алгачкы жылдарында ал Румыния жарандарынын сүйүүсүнө чындап эле арзыган. Ал сүйүү, урматтоо сезимдери бара-бара культка айланып, андан соң аябай күчтүү жек көрүү сезимине чейин жетип, анын акыры аны атуу менен аяктаган.

Николае көп балалуу жакыр үй-бүлөдө туулган. Кичинекей бала чагында майда уурулук менен жан багып жүрүп, дал ошол учурда эле өлкөнүн болочок лидери коммунисттик идеяларга бериле баштайт. Андан аркы демейки «карьерасы» коммунисттерчесинен болуп, орус революционерлери сыяктуу эле – түрмө артынан түрмө болуп калат. Социалисттик революция ордуна Румынияга 2-Дүйнөлүк согуш келип, анын башчылары Германия тарапка кошулуп, СССРге каршы согушка чыгышат. Фашизм талкаланган соң, Румыния советтик таасир алдында калып, бийликке коммунисттер келишет. Чаушеску согуш бүткөнгө чейин түрмөдө олтурмак, бирок, 1944-жылы мамлекеттик жана антифашисттик төңкөрүштөн кийин качып чыгып, эл арасында популярдуу фигурага айланат. Чаушеску мамлекеттик номенклатурадагы биринчи кызматка олтуруп, айыл чарба министри болуп калат. Коллективизация маалында крестьяндарды өз колу менен атуудан да кайра тартпайт. 1965-жылы мурунку генсек дүйнөдөн кайткан соң, аны менен жакшы мамиледе болгон Николае Чаушеску бул постту ээлейт да, 1989-жылы атылганга чейин олтурган. Бул пост ага жөн гана берилбейт, ал башка атаандаштар менен кандайдыр бир компромисстерге барган соң гана жетишет. Болочок Румыния элинин жетекчиси 4 класс гана билимге ээ болчу да, буга абдан арданчу. Бийликке келген соң, Чаушеску да башка диктаторлордой кылган – адегенде саясий «аңызды» болжолдуу конкуренттерден тазалап чыккан. Таанымал, харизматикалуу румын саясатчыларын четке сүрүп чыгарып таштаган.

Буга ал 9 жылча убакыт короткон. Андан ары ал өлкө конституциясын өзүнө ылайыктап өзгөртөт. 1974-жылдан тартып Румынияда бийлик ээси жеке президент болуп, коллективдүү орган – Мамлекеттик кеңеш тек гана анын оозунан чыкканды кайталаган «басып чыгаргыч принтерге айланат». Жаңы конституция боюнча Румыния президенти ар бир 5 жыл сайын кайра шайланышы керек болгону менен да, Чаушеску үчүн бул эч коркунучсуз болот. Себеби,ал жалгыз кандидат катары чыгып, шайлоодон көпчүлүк добуш менен утушу көндүм көрүнүш болуп калат.

Албетте, Николае Чаушескунун бийликте тургандагы кадамдары-аракеттери баары тең толугу менен башка диктаторлордон эч айырмаланбайт. Аны төмөнкү кадамдар десек болот:

Бир нече популярдуу реформаларды жасап, популярдуулугун арттыруу;

Конкуренттерди жок кылуу, бийликке өз досторун, туугандарын алып келүү;

Конституцияны өзүнө ылайыктап өзгөртүү;

Идеология иштеп чыгуу;

Жакпагандарды куугунтуктоо, кысымды күчөтүү;

Императордук замашкалар.

Чаушеску да дал ушул жол менен кеткен. Бийликтеги алгачкы айларында Николае өлкө турмушундагы бир катар позитивдүү өзгөртүүлөрдү жасаган. Адамдар өздөрүн эркин сезишип, бактылуудай туя башташкан. Чаушеску согуштан талкаланган экономиканы көтөрүп, өзүнөн мурдагы бийликтеги жетекчинин өлкөнү индустриализациялоо саясатын ишке ашырган. Николае Чаушескуну ал тургай румыниялык Сталин деп да атай башташкан. Румыния экономикасына нефти казып алуу өтө чоң колдоо болуп калат. Анын көлөмү 1976-жылы күнүнө 300 миң баррелге жеткен. Румыния лидери алынын жетишинче СССРдин таасирин азайтууга аракет кылып, көп учурларда советтик генсектердин демилгелерине каршы чыга турган. Мисалы, советтик аскерлердин Афганистанга киргизилишине каршы чыгып, өз спортсмендерин социалисттик өлкөлөр бойкот жарыялашкан Жайкы – 1984-жылы Лос-Анжелесте өткөн Олимпиада оюндарына жөнөткөн. Ошол эле учурда ал чыгыш блогуна кирген өлкөлөр менен да, башкача айтканда СССРдин таасири астында тургандар менен да жакшы мамиледе калууга умтулган. Асыресе, 5 жыл бийликте олтурган соң, Румыния лидери азиялык социалисттик өлкөлөрдүн – тактап айтканда, Ким Ир Сен ойлоп тапкан түндүк кореялык чучхе идеясынын үлгүсүн алат. Өлкөдө тартип деп кысымды күчөтүп, идеологиялык пропаганданы кеңейте башташат. Массалык-маалымат каражаттары лидерди культ личностко айлантышат. Чаушеску румын элинин улуулугу тууралуу идеяларды өнүктүрүп, чын-чынына келгенде, Румынияда анын тушунда фашизмдин жышаандары пайда боло баштаган болчу, бир гана айрымасы – улутчулдук бул ирет марксизмге байланган эле. Румыниялык атайын кызматтар калкты толук бойдон көзөмөлгө алышып, башкача ойлогондорду (инакомыслящиелерди) камай башташат. Чаушескунун өзү болсо патологиялык коркунучту сезе баштайт. Тындым кылып салышабы деп чочулайт. Ал өзүн бүтүндөй армиядан куралган телохранителдер менен камсыздайт, алардын саны 40 миң адамга чейин жетет! 80-жылдарда Румыниянын экономикасы өспөй токтоп калат. Мурдагы нефти запастары түгөнүп, анын үстүнө баррелдин баасы да дүйнөлүк рынокто түшүп кетет. Чаушеску болсо мания величия менен ооруп калып, эбегейсиз каражаттар эпсиз чоң курулуштарга жумшалат, аларды Гиннесс рекорддор китебине киргизсе да болмок. Николае жана анын туугандары байлыкка чөмүлүп, эч нерседен кем-карчы болгонду билишпейт. Анын 21 хансарайы бар болуп, коллекциясында 100дөн ашуун автомобилдер болгон. Арийне, ошондой эбегейсиз аксарайларга корогон чыгымдардын айынан, пропагандага жана атайын кызматтарды кармоого кеткен каражаттардан улам, карапайым калк итке минип, эң эле жөнөкөй жана зарыл болгон муктаждыктарын да камсыз кыла албай калат. Бийлик элди белди бекем бууп, жокчулукка чыдаганга чакырып, товарларды карточкалар менен бөлүштүрүүгө өтөт, экономдоону электроэнергиядан баштайт. Ошол эле учурда, Чаушеску абдан чоң өлчөмдөгү мамлекеттик сырткы карыздарды Батыш өлкөлөрүнө тез арада төлөп кутулууну чечет. Муну ал абдан кыйын болсо да аткарат! 1989-жылы Румыния кредиторлору менен толук эсептешип бүтүп тарыхта карыздарынан биротоло кутулган биринчи мамлекет болуп калат. Бир гана эске алынбаганы – диктатор жыл өткөн сайын элден алыстап, реалдуулук деген эмне экенин ажырата албай, румын элинин чыдамы чексиз эмес экенин түшүнбөйт. Чыдамсыздыктын түгөнгөнү да, тагдырдын тамашасынан уламбы, дал ошол сырткы карыздардан биротоло кутулгандан кийин бир нече ай өтпөй эле башталат. 1989-жылдын декабрында революция оту жанат.

Адегенде өлкөдө башаламандык тополоңдордун толкуну каптап өтөт. Муну бийлик каардуулук менен басып, миңден ашуун адам өлөт. Бирок, бул бийликтин ажалына жеткен окуялар 100 миңдеген өкмөтчүл митингден улам чыгат. Ал митингди Чаушескунун өзүнүн көрсөтмөсү менен уюштурушкан болчу. Митингге жалаң гана бийликке «ишеничтүү өз адамдары» (баягы эле уюмдар жана мекемелерге бөлүнгөн разнарядкалар боюнча) топтолгон эле. Күтүүсүздөн петарда жарылып, диктатордун сөзү үзгүлтүккө учурайт. Бул жарыядан бир нече секунд өткөн соң эле, топ ичинен тирандын бийлигин, коммунисттик режимди кулатуу чакырыгы угулат. Николае аскерлерге демонстранттарды кууп жиберүүгө буйрук берет. Бирок, бул ага жардам бербейт. Аны кийинки күнү эле колго түшүрүшөт да, дагы 3 күн өткөн соң аялы экөөнү солдаттар үчүн жасалган даараткана дубалынын жанында атып салышат. Ошентип, ушул кезге чейин “журт атасы” делип жүргөн адамдын өмүрү такыр күтүүсүздөн кыйылат. Диктатор абсолюттук бийликке жеткен соң аны бийликке алып келген элди унутуп, көздөрүн май басып калган адамдардын абдан типтүү жаңылыштыгын кайталаган.

Орусчадан которгон: Жумабек Кыдырбаев 

Булак: “Жаңы Ордо”

Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер: "Раззаковдун кызматтан кетүүсүнө Усубалиев эмес, Муканбет Исаев себепкер болгон..."

Эл алдында таза иштеген, бүткүл журтка жүзү жарык, учурда коомдогу окуяларга калыс пикирин айтып, кадыр күткөн аксакалдар саналуу. Алардын бири, чындыкты бурмалабай, жалтанбай айтып жүргөн Кемел Ашыралиевди Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы боюнча кепке тарттык. Арасында көп сөздөр козголуп кетти.

—Кемл Жакешович, коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленип, борбордо жана аймактарда иш-чаралар өткөрүлдү. Сиз аксакал катары Баткенте, Ошко, Нарынга, Көлгө барыпсыз, аймактарда кандай өттү?

—Ооба, мен бардык аймактардагы иш-чараларга катыштым. Рсспубликалык жана облустук илимий-теориялык конференцияларда Турдакун Усубалиевичтин Кыргызстанды башкарып турган мезгилиндеги болуп көрбөгөндөй өнөр жайдын, айыл чарбасынын, курулуштун, маданияттын тездик менен дүркүрөп өсүшүн, анын кадрларды туура тандаганын, таза иштегенин, карапайым адамдарга камкордугун, жекече бийик адамдык сапаттарын, кагаз менен иштөөдө эң жогорку сабаттуулугун, райондорго барганда тийип-качпай ошол өрөөндөгү көйгөйлөрдү конуп-түнөп, керек болсо жөө-жалаңдап толук өз көзү менен көрүп, изилдеп, анан аларды сөзсүз оң жагынан чечкендигин, кыскасы көсөмдүгүн, чыныгы улуу жетекчи болгондугун баса белгилеп жатышты. Негизи, Турдакун Усубалиев деген кыргыз тарыхында бүтпөгөн тема да.

—Уюштуруу иши купулуңузга толдубу?

—Бардык жерде коомчулуктун кеңири катмарлары катышты. Уюштуруу жогорку деңгээлде болду. Бардык аймактарда областтардын, шаарлардын, райондордун жетекчилеринин жоопкерчилиги сезилип турду.

—Жоопкерчиликтин бийик болгонун кандай чечмелейсиз?

—Менин баамдашымча, бул саясий иш-чара Президенттин түздөн-түз көзөмөлүндө болгонунда. Турдакун Усубалиев иш тажрыйбасы, эл үчүн жасаган ак эмгеги, бардыгыбызга үлгү, сабак болсун деген ою деп эсептейм. Эгер өлкөбүздүн биринчи лицосу анча көңүл бурбаса, бардык нерсе эптеп өттү болуп кала бермек. Президенттин дагы бир көрөңгөлүү кадамы – Султан Ибраимович менен Төрөбай Кулатовго Кыргыз Эл Баатыры наамдарын ыйгарганда көрүндү. Төрөбай Кулатов абабыз эч билими жок болсо да, далай жыл эл башкарган, Кудайдын батасы тийген киши да. Менимче мындай жакшы саясий чечимдер Казакстан жана кээ бир кошуна өлкөлөргө ыңгайлуу мисал болуп, «Кыргызстан көзү өткөн мыкты мамлекеттик жетекчилерин туура даңазалап, аттарын түбөлүккө калтырып жатат» деген пикирлерди жаратары бышык. Биздин президент бул маселелерде кыраакылык чечимдери менен утту.

—Мурунку ажого эмне үчун мындай акыл келбеди экен?

—Атамбаев аксакалдарды ардактамак турсун көрдөн алып жерге, жерден алып көргө ыргытып, «акшакалдар» дебедиби. Бакиевдин кан төгүүсүнөн кийин ушулардан көрө баланча-түкүнчө өлсө болмок деп кээ бир улгайган кишилердин аттарын атаган. Антип даректүү бир, эки кишиге таарынычын айта берсе болот. Ал эми жалпы кыргыз аксакалдарын «акшакалдар» дегени атанын баласына окшобогон абийирсиздик. Мына эми айткан сөз айланып жүрүп акыры өзүнө тийип, бармагын тиштеп отуруп калды.

—Президент Бишкектеги райондордун бирине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрдү, бул колдоого арзыйбы?

—Бул абдан туура сунуш. Бирок муну комплекстүү чечиш керек. Дегеним, жалгыз Усубалиевдин ысымын берип калганын унутсак туура болбойт. Ал кишинин атын берүү менен бирдей барабар кылып Исхак Разаковичтин атын да бир районго ыйгарыш керек. Эгер туура түшүнсөк, Турдакун Усубалиевичти Исхак Разакович өстүрдү. Усубалиевдин Москвадан Кыргызстанга жиберилиши сөзсүз Исхак Разакович менен макулдашылган иш. 6 жылдан кийин Кыргызстан КПБКсынын 1-катчылыгына Усубалиевди сөзсүз дайындайбыз деген Хрущевдун оюнда болушу да мүмкүн эмес болчу. Хрущев ал кезде Сталиндик «культ-личности» менен кармашып, өзү жандалбастап турган мезгил болчу. Ал кишинин БК КПССтин аппаратынан республикалык гезиттин редактору болуп келиши анчалык деле чоң кызмат деп эсептөөгө болбойт. Анткени партиялык цензура деген болгон. БК эмнени бас, жаз десе редакция ошону аткарчу. Эгерде Исхак Разакович кандайдыр бир ичи тардык, кара өзгөйлүк кылып, кийин менин ордумду тартып алат деген ойдо болсо, ошол алгачкы жылдарда эле Усубалиевди ар кандай шылтоо менен саясий аренадан сүрүп салмак. Ал кезде Исхак Разакович Союздук республикалардагы күчтүү катчы катары эсептелинип турган. Тескерисинче, ага ак ниети менен камкордук көрүп бат эле өз аппаратына бөлүм башчы, анан эки жылдан кийин чечүүчү кызматка, Фрунзе шааркомунун 1-катчысына чейин көтөргөн. Разаков жетим өсүп, кыйын кезеңдерди башынан өткөрүп, түз жүрүп, жаман ойдон, ар кандай интриктерден алыс болгон. Ким билет, ошол кезде республикада Исхак Разаковичтен башка жетекчи болгондо Усубалиевдин саясий тагдыры кандай болмок?! Ошого байланыштуу эки залкардын тандеми дайыма бирдей бааланыш керек. Бардык жерде, биринин сүрөтү илинген жерде, экинчисинин да сүрөтү илинип турушу керек.

—Сиз жаш кезиңизден саясатка аралаштыңыз, тарыхты да жакшы билесиз, айтсаңыз, И.Разаковду катчылыктан кетиргендердин башында Т.Усубалиев болгон деген да сөздөр бар, мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

—Таптакыр чындыкка туура келбейт. Исхак Разаковичтин кызматтан козголушуна башка адам себепкер болгон. Ал мындайча болгон: Хрущев Америкага барып келгенден кийин, «Американы жакынкы жылдарда кууп жана өтүп кетебиз» деген лозунг жарыялаган. Москвада КПССтин бир плденумунда Ат-Башы районунун «Пограничник» колхозунун башкармасы Акунов Такен деген адам «Биз бир жылда эттин планын 2-2,5 эсе ашык аткарабыз»-деп сүйлөгөн. Хрущев трибунадан: «Көрдүңөрбү, молодец, ушундай бийик тоолуу, катаал шартта иштеп жаткандар бир жылда 2-2,5 эсе план беребиз деп жатса, калганыңар эмнеге бере албайсыңар»-деп күпүлдөгөн. Нарын обкомунун 1-катчысы Мукамбет Исаев бул куру кыйкырык, кургак ураанын бүтүндөй Нарын областына таркаткан. Анан Исхак Разакович областтын мыкты жетекчиси катары Мукамбет Исаевди Республиканын Ички иштер министри кылып дайындаган. Эл арасында экөөнүн бажалык тууганчылыгы болгону да айтылып жүргөн. Анткени Исаевдин аялы дагы татар улутунан болгон. Ошентип Исаев Фрунзеге көчкөндө Нарын областынын, анын райондорунун чоңдору кошоматчылыктан улам көрүнгөн жерге тайларын-койлорун союп, жол боюна дасторкондорун жайып, арак-шараптарды жайнатып, шишкебектерди жасашып, деги койчу, Балыкчыга чейин шаан-шөкөт менен бир күн кечке узатышат. Анын баарын обкомдун бюро мүчөсү, Муканбет Исаевдин тууганы, «Нарын Правдасынын» редактору Эралиев Темирбек жакшы ниет менен эле эстелик үчүн деп Ботоканов деген сүрөтчүсүнө тарттыра бергенн. Исаев Муканбет Обкомдун 1-катчысы болуп иштеп турганда областтык милициясынын башчылыгынан Майрыкеев деген адамды кызматтан алып койгон экен. Ошол Майрыкеев фото корреспондент Ботокановдон тиги арак-шарап ичип майрамдап жүргөн сүрөттөрдүн бирден көчүрмөсүн алдап-соолап, эптеп жолун таап чогултуп жүргөн болот. Анан бир күнү областта болгон эт боюнча «приписканы» жалган эсепти жазып, баягы узатуудагы арак-шарап ичилип, жилик мүлжүлүп жаткан сүрөттөрдү кошуп Москвага жөнөтөт. Борбордон текшерүү келип, кемчиликтер ачылып, Муканбет Исаев кызматтан алынат да, көп жылга соттолот. Архивди көтөрсөңөр, ошол жылы өткөн КПССтин январдагы пленумунда Хрущев Разаковду: «Сиз карышкырга кой кайтартып, «очковтиратель» обкомдун катчысын ИИМ башчысы кылгансыз, силер жалаң гана шашлык менен эт гана жейт экенсиңер»-деп жекирген жери бар эмеспи. Хрущевдин ушундай бүткүл Совет эли угуп турган ачуу сынынан кийин кайсы партиялык жетекчи ордунда кала алат?! Ошентип Кыскасы, Исхак Разаковдун кетишине кимдир бирөөлөр Турдакун Усубалиевди күнөөлөгөнү тарыхты билбегени, жөн эле тамтырагандык.

—Турдакун Усубалиевичке ар кандай эстеликтер коюлуптур, сизге жактыбы?

—Ооба, Чолпон-Атадагы эстелик чалкып жаткан Ысык-Көлгө, мелтиреген тереңдикке айкалышса, Нарындагы айкели тоого, бийиктикке бап келиптир. Көлдөгү эстеликти Кочкор коомунун атынан Марат Исаков, Нарындагы эстеликти Аскар Салымбеков жасатыптыр. Буларга чоң рахмат деп айткым келет. Ошко коюла турган эстеликтин орду да, шаардын чордонундагы жакшы жерге белгилениптир.

—Турдакун Усубалиев куугунтукта жүргөндө, андан кийин да тили тийгендер уялбай теледен чыгып, ж.б. трибуналардан мактап эле атты дейт, буга кандай дейсиз?

—Ооба, ошондой деле болуп жаткансыды. Ар кимдин абийири билет да. Менимче, мактардан мурун: «Мен убагында ар түрдүү жагдайларга ылайык туура эмес пикир айтып коюптурмун, элден же Турдакун Усубалиевичтин арбагынан кечирим сурайм»-деп, анан мактап кирсе болор беле дейм да. Деги саясаттын табияты ушундайбы, же саясатчылар өзгөрүп турабы…

—Сиз «Турдакун Усубалиевич кызматтан түшкөн кезде көп бардым, көңүл бурдум»-деп жүрөсүз, эмнелер жөнүндө сүйлөштүңүз эле?

—Ооба, ошондой болгон. Кыскасы, Турдакун Усубалиев кызматтан кеткенден кийин Москвадан келген «десанттар» Усубалиевди партиядан чыгарып эле тим болбостон, бир нерсе табылса түрмөгө отургузсак деген ойдо болгон. Ошол убакта кээ бир республиканын жетекчилерин, РСФСРдын областтарынын кээ бир «герой» болгон катчыларын түрмөгө камашкан. Ушундай учурда 70 жашка жакындап калган Усубалиевдин эркинин күчтүүлүгүн айтсак болот, ак жеринен тепкиленип, күнөөсүз күнөөлүү болуп, партия деп өмүр бою ураан чакырып, анын ана башы болуп, өмүрүн бүт партияга арнаган Кыргызстандын Ленинин өзүнүн уюмунан чыгарылышы өтө оор болгон. Мындайды башка киши көтөрө алмак эмес. Усубалиевдин эрдиги мына так ушунда. Ушундай оор кездерде аксакалга моралдык жардам керек болчу. Мен ал киши менен ошол мезгилдерде көп жолуктум. Областта болуп жаткан иш-чараларга такай чакырып, катыштырып турдум. Кочкор районунун коомчулугун чогултуп, Теңдик айылына Усубалиев атындагы айыл деген наам ыйгарып, аны айылдын эки жагына тең бажырайтып жаздырып, илдирип койдум. Аңгыча 1992-жылы мурдагы депутат министр болуп кетип Нарын районунан бир округ бошоп калды. Мени ошол кездеги президент Аскар Акаев чакырып: «Ал жакка кимди көргөзүп жатасыздар» деди. Мен Турдакун Усубалиевичти көргөзөбүз дедим. Акаев: «Ал киши Жогорку Кеңешке келсе, жөн жүрбөйт. Жаңы реформаны кабыл албайт. Жетет 25 жыл башкарганы» деп абдан каршы болду. Бул маселени ошол кездеги кочкордун 1-акими Алтымыш Шаршенбаев болуп Усубалиевдин үйүндө бир нече жолу талкууладык. Кыскасы, Акаевге кайра-кайра кирип атып, мен өзүм кепил болуп, эптеп Акаевди көндүрүп, ал кишинин талапкерлигин жалгыз коюп депутаттыкка өткөрдүк. Турдакун Усубалиев депутат болуп келгенден кийин, анча-мынча убакытка чейин тынч отурду да, анан алтын, Кумтөр маселесин көтөрүп чыкты. Чыңгышевдин чыры башталды. Ал премьерден кетти. Парламентте ызы-чуу болду. «Сиз жөн жүрбөйсүзбү»-деп кээ бир депутаттардын тили да тийди. «Мына мен айтпадым беле сизге»-деп Акаев экөөбүздүн ортобузда нааразылыктар башталды. Бул өзүнчө бир чоң тема. Бирок, бара-бара Акаев Турдакун Усубалиевичти боюна тартып, экөө тил табышып кетти. Биринин саясатын бири жактап калышты. Ошентип, Усубалиев Акаев кызматтан кеткиче эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Бул кашкайган чындыкты бурмалабашыбыз керек…

(Уландысы бар)

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-факто”

Меню